Коштошо албайм  11 болум

https://kyrgyzcha.site/?p=67901&preview=true Кызыктуу окуялар.

Коштошо албайм

 

11 болум

– Мейли, эмне болсо дагы көрөөрбүз, жатып уктай бер, – Аида аны токтоо карап жооткотуп койду, – Кары киши сураса сурап койгондур.

– Мейли, сен дагы капаланба, – деп экөө кучакташып жатып калышты, эртеси Алишер жумушка кеткенден кийин Сурма колуна бир кат алып алыптыр:

– Мына муну окучу балам, – деди дагы эле жумшак сүйлөп.

– Эмне экен апа? – Корккондой кагазды колуна алды, кайненесин бир карап алып окуй баштады: “Салам Айнура, кандай жүрөсүң? Мен сени сагындым, сен абдан кылыктуу элең, күйөөгө тийип кеткениң өкүнүчтүү, азыр сойкуларга барганда сени көп эстейм, азыр кайдасың Аида, мүмкүн болсо жолугушуп турбайлыбы, кылыгыңды аябай сагындым, баягыда боюңа болгон менин баламды алдырып коюпсуң, аны кийин уктум Аида. Кел кайрадан жолугуп туралы, катты алсаң жооп жаз, телефон номериңди бирге жаз, мен сага төп келип жүргөн кардарыңмын, өзүм жолугам”, – деп жазыптыр, – Муну ким берди? – деди Аида кайненесине.

– Аны Заирге бирөө берип ийиптир.

– Калп, ошонун көзүнүн кылганы!

– Ой келин, ал кантип эле өзүнүн келинине кара санасын?

– Жо-ок, ошонун эле колунан келди, – деп ыйлап үйгө кирип кетти, анан ал бир нерсени ойлоп тапты: “Сен менин тынч жашаганымды каалабасаң сенин дагы үйүңдү бузам”, – деп мисирейе көпкө отурду, анан эки-үч баракка: “Заир, мен сени сүйөм деп качанга чейин алдайсың, аялым менен ажырашам дебедиң беле? Жамийла”, – деп жазды: “Заир, балаң чоңоюп бара жатат, атаң жок деп айтып чоңойто берейинби”, ” Мени аялыңдай сүйсөң калп айтып эмдигиче аялыңдын жанында жүрбөйт элең, же биротоло келгенге даярсыңбы, баягы сен алып берген үйдөмүн, келсең ошол үйдөн табасың”, – деп жазып алып чөнтөгүнө салып алды.

– Аида, кеткиң келбесе Алишерге катты берейин, – деп Сурма баш бакты.

– Мейли, бере бериңиз апа, сиз ушунча жашап билбесеңиз мен жакшы билем, бир бузукунун эле кылган иши, – деди мостое.

– Мен деле жакшы келинге жолуктум эле деп кубанып жүрдүм эле, бул кат менин ичимди муздатты балам.

– Апа, – деди Аида туруп келип, – Сиз энесиз, менин айтканымды бирөөнүн айыпсыз кызынын зары, эненин күйгөндөгү ачуу сөзү, аялдын кордолгонуна ызаланган арманы деп билиңиз, – деди да Сурманы ичке алып кирип: “Эмне болсо ошол болсун, жок дегенде энеси эмеспи, ачык айтып кетейин”, – деп ойлонуп, – Ооба мен кетем апа, адегенде мени угуп коюңуз. Бул иш жети жыл мурун болгон эле, – деп улутунуп алды, – Мен дагы эл катары окуйм деп ата-энемди кыйнап шаарга окууга тапшырдым, өтпөй калып соода жасамак болуп калдым, ошондо Заир менен таанышып калдым…

Аида баарын айтып келип, – Заирдин иши жүрсө дагы өргө чаппасын, өмүрү узун болсо да көңүлү эчтекеге толбосун, кыздуу болсо кызы бак таппай мендей болуп калсын, ылайым үй-бүлөөсүнөн ажырап бир туугандарынын эшигин сагалап жүрүп өтсүн! – дегенде эси оой сөз таппай калган Сурма:

– Ай-ай келин, кой антпе, – деди зорго.

– Сиздерге, Алишерге ыраазымын, эми биерде кала албайм, – деди да чемоданын көтөрүп чыгып кетти, Сурма делдээ эмне болуп кеткенине көзү жетпей калдастап калды, жүгүргөн менен жетмек эмес, күйөөсүн көрүп колун жаңсай келини кетип бара жатканын билдирип:

– Алишерге айт, аялың кетип калды де, – деди да шалак этип отуруп калды.

– Ой келин кайда кетти эле? – деди Бекмурат келип.

– Билбейм, кетем деп кетти…

– Алоо Алишер, Аида кийимин көтөрүп кетип калды, тез аялдамага барчы, – деп Бекмурат уулуна чалды да кемпиринин жанына келип отурду, – Бирдеме деп койсоң керек ээ кемпир, балдардын жашоосуна киришпей койбойт белең.

– Ошондой болуп калды чал, сүйлөгөндө жаман айтпадым.

– Эми Алишерге эмне дейсиң?

– Билбейм.

– Мейли эми жетсе алып келээр…

– Балдар ай балдар, мынчалык болбосо эмне, аттиң баланын кыял жоругу өзү менен кошо төрөлүп кошо кетет экен го, тарбиялаганга болбосо кантели, – деп айласы куруй үйгө карай басты, ошол учурда Алишер Одиссейи менен келип калды:

– Эмне болду апа?

– Кетти уулум.

– Кызык, эмнеге кетет, эмне дедиңиз эле апа?

– Мааниси оо тереңде экен балам.

– Эмне, кандай мааниси?

– Сенин кимдин баласы экениңди, бир туугандарың жөнүндө сурады беле?

– Ким?

– Аида, сени менен таанышканда Заир деген агам бар дедиң беле?

– Сураган эмес, эмнеге сурадыңыз апа?

– Отур, – деп Сурма уулуна токтоо, – Мен сага айтып берейин.

– Меен Аиданын артынан барып таап келейин апа, телефонун албай жатат, – деп Алишер апасынын сөзүн укпай машинага отура бергенде Аида кат жөнөтүптүр телефонуна. Караса: “Мени кечир, мындай болоорун билгеним жок эле, бирок келгендин эртеси эле сени менен түбөлүк кала албасымды билгем, тырыштым аракет кылдым, бирок болбоду, тагдырыма ушундай жазылыптыр, жашымда тагдырымды талкалаган адам эми бактымды ажыратты, аны кудайга койдум, кош бол Алишер, сени менен бетме-бет коштошо албайм”, – деп жазыптыр. Алишер ал күнү үйүнө кеч келди. Кызуу, ата-эне аны уктабай күтүп жаткан, өз бөлмөсүнө өтүп кетип жазып алды, эртеси жумушуна барбай үйдөн чыкпай жатып алды эле Бекмурат аны ойготмок болуп кирсе көзүн ачып жатыптыр:

– Балам жумушуңдан кечиктиң, – деди ал.

– Барбайм.

– Эмнеге, иштегениңе аз эле болбодубу?

– Тынч иштеш үчүн тынч үй-бүлөө керек ата.

– Эми келин ачуусу менен кетсе кайра келет, кайда бармак эле балам.

– Кандай себеп менен кеткенин билсем болот эле жок дегенде.

– Эмне себеп болмок эле, болбогон нерсеге таарынса керек, туруп тамагыңды ич, жумушуңа бар, – деп Бекмурат чыгып кетип калды. Алишер туруп кийимин кийинип жатып чөнтөгүнөн төрт бүктөм кагаз таап алды, атайын салып койгонун дароо сезди Алишер, шашыла ачып окуп кирди: “Алишер, эгерде сенин бир тууганың Заир экенин билгенимде сенден эбак караанымды үзмөкмүн, аттиң билбей кылып көзүмдү кара басты… Сага башынан айтып берейин… Ооба ошондой болду, мен ишенип бүт тулкумду, жан дүйнөмдү арнаган адам менин мөлтүр булактай тазалыгымды булгап ылайланган чалчык сууга айландырып басып кетти, өксүдүм арман кылдым, андан кийинкисин билесиң, анда бир сындым, эмнеге эле тагдырым сенин айланаңда байланып калганын билбейм. Мени Заир агаң жактырбады, менден ала элек өчү бардай сен жокто мени кет деп опузалады, мен өзүнө жараша жооп кылым, менин айбым жок, өзүңдүкү кошо төгүлөт деп койгонмун. Эми ал башка жол менен өчүн алмак болуп ар кимге кат жаздырып апама бериптир, ал мени сени дагы сурады, бирок мени кетүүгө аргасыз кылды. Алишер мен сени менен коштошо албайм, аман бол, сени жанындай жакшы көргөн Аида”, – деп жазыптыр. Агасына жини келди, азыр эле жетип барып каалагандай жанчып салгысы келди, Аиданы күнөөлөй албады, болгону ачык айтып койбогонуна жини келди. Жумушуна барып арыз жазып коюп баса берди: “Мен бул жерде жашай албайм, Аиданы табышым керек, аны мен бактылуу кыламын”, – деп ойлонуп кайра бөлмөсүнө кирип кетти. Бекмурат менен Сурма ошонун айынан чукулдашып кетчү болду, Алишер эчтеке ичпейт, алар менен сүйлөшпөйт.

– Бу бала эмне болот эми? – деди бир күнү Бекмурат.

– Билбейм, өзүмдү күнөөлүү сезип мен дагы куурадым.

– Бирдеме ичип ал десең боло.

– Сен айтып келчи, – Кемпир чал бири-бирин көндүрө албай жатканда Заир келип калды.

– Кандайсыңар ата?

– Жакшы эле, кел балам.

– Балаң эмнеге ишине барбай жатат?

– Аны эмне кыласың, бар үйүңө, – деди Сурма ачуусу келе.

– Эмне мени кекетесиң? – деди орой Заир, ошол убакта Алишер чыга калды, анын көзүндө агасына ачуусу келип турганы сезилип турган эле, ата-эне чоочуп кетти.

– Жүрү сүйлөшөбүз, – деп Заирди ээрчитип алып сыртка алып чыгып кетти, алар ээрчишип парк жакка барды, – Биз ушундай кырдаалга туш келдик аке, – Алишер агасын карап алып Зууракандын сөзүн эстеди: “Демек мен дагы бир чечимге келишип керек, Аиданын күнөөсү жок, ал жөн гана курмандык болгон”, – деп ойлонуп, – Өзүңдөн өткөн күнөөнү сезбей, уялып калбай менин жашоомду бузганга кантип дитиң барбы? – деди оор күрсүнө.

– Эмне деп жатасың, мен эмне кылдым?

– Муну окуп көр түшүнөсүң.

– Эмне экен? – деп катты окуп анан башын жерге салып унчукпай отуруп калды.

– Буга эмне дейсиң? – деди Алишер.

– Жаңылыштык кетти иним…

– Эми биз бир тууган болсок дагы бир туугандай боло албайбыз, – деди ордунан туруп.

– Алишер кечир мени, мен билинип калабы деп анын сени менен жашаганына каршы болдум эле, кечир мени, андай кылып жазалаба иним.

– Болоор иш болуп боесу канган соң бүттү, эмнеге өз жашооң менен болуп кала бербедиң? – Алишер кайрыла калды, – Менин жашоомду ойлогон жоксуңбу?

– Кечир, мен силерге киришпейм, жаштыгымда жаңылышканмын, менин жашоомо кедерги болобу деп ойлодум…

– Эми мен шаарга кетем, Аидада эмне күнөө, жөн гана сенин курмандыгың болгон, анын дагы бактылуу болууга акысы бар, же сени ал зордоду беле?

– Жок-жок, чынында күнөө менден кеткен, – деп Заир далбастады. Алишер анын сөзүнө кулак салбай басып кетти, ал үйгө келгенде тынчы кетип санаага баткан ата-энеси жол карап: “Бир балээнин ичинен чыкпаса экен”, – деп отурушкан эле.

– Жайчылыкпы балам?

– Жай эле, коркпой эле гой, урушкан жокпуз.

– Ошондой эле болсун.

– Апа, мен эртең жумуштан эсептешип алып шаарга кетем.

– Эмне дейт кокуй, шаарга эмне бар? – Сурма үрпөңдөй карады.

– Бул жерде калуунун кажети жок, – деп ички бөлмөгө кирип кетти, андан кийин эч кимиси унчукпады, Бекмурат анын артынан кирип диванга отурду:

– Балам, бул чечимиңди туура деп ойлойсуңбу?

– Ооба ата, акыркы чечимим.

– Биз картайдык, сен шаарга кетсең кандай болот, апаң дагы картайды, келин жумшап кызмат көрсө болот эле го?

– Өзү кылды, баласына кошулбай тим койбойт беле?

– Эми карыган неме бир туугандарды урушпасын деген го…

– Мен урушмак эмесмин, туура чечим чыгарууга аракет кылат элем ата.

– Туура, ойлонуп көп, келинди деле кааласаң апаң барып алып келсин, бизди ая уулум.

– Мейли, ойлоноюн ата, силерди кантип кыймак элем.

– Ыраазымын балам, эмесе эс ала бер, – деп Бекмурат бөлмөдөн чыкты, Алишер Аидага телефон чалса албады, анан: “Аида, мында сенин айыбың жок, мен сени менен түбөлүккө бирге болууга убада берем, атаңдарга билгизбей тур, биз жолугалы Аида”, – деп кат жазды, жооп болбоду: “Эгерде мени сүйсөң жооп бер, биз бактылуу болобуз жаным, жолугууга макул бол”, – деп дагы жөнөттү. Акырында: “Суранам, мени менен жашагың келбесе ачык айт, ата-энеңе өзүм барып айтып коеюн, болбосо сени менден көрүп жүрбөсүн”, – дегенде жооп келди: “Алишер, мени менен эми кантип жашамак элең, мен сенин агаң экенин билгенде кетип калайын деп сени кыйбай туруп калганмын, болгон нерсени өткөн деп эсептей аласыңбы?”, – деп жооп келди: “Өткөн нерсени эскирген кийимдей өрттөп салууга неге болбосун, мен сени күнөөлөөгө акым жок, мен үчүн өмүрлүк жарым бойдон калышыңды каалайм, кааласаң касам ичип ант берейин”, – деди Алишер: “Мен эч жакка кеткен жокмун, акемдердин үйүндөмүн”, – деп жөнөткөндө Алишер ыргып турду, эми жатканы жатышкан ата-энеси:

– Ата, мен Аидага кеттим, – дегенде Сурма.

– Ботом караңгыдабы? – деди башын көтөрө.

– Ооба, – деп коюп чыгып кетти, Аида таксиге түшүп кеткени жатканда абысыны Гүлгаакы көрүп калып болбой үйүнө алып баса берген. Райондун четиндеги айылда турушат, машинасын айдап алып жетип барды, Закир менен Гүлгаакы аларды уруша кеткен экен деп ойлоп калган, атайын телефонун алдырбай, жооп бердирбей өздөрү да барбай сынып жаткан болчу. Инисин көргөн Закир:

– Түндөп кайдан? – деди сынай карап.

– Аидага келдим аке.

– Ал каякта эле? – Билмексен боло сурады.

– Ал ушул жерде экен го? – деп башын кашыды.

– Аялды таарынткан кандай болот экен?

– Мен таарынткан эмесмин.

– Ким таарынтты анан?

– Апам…

– Ошондойбу? – деди да үйгө ээрчитип кирди, Аиданы Алишер алып кетти, экөө ээн талаага келип токтошту.

– Аида, мага катуу таарындыңбы?

– Жок, өз тагдырыма, кайда барсам ээрчип алган азапка.

– Антпе, мен сени бактылуу кылам, ишен мага.

– Сага ишенем, атамдардын жүзүн кантип карайм.

– Алар эчтеке дебейт, сенде күнөө жок Аида.

– Анда кимде, качан болсо бет алдымдан качкан нерсем жүз берет.

– Мындан кийин эч качан көзүңдөн жаш агызбайм, – деп Алишер аялын кучактап алып көпкө отурду, – Менин бир тууганым ооруткан жүрөгүңдүн жарасын мен айыктырам, ошондой бир тууганым үчүн уялам.

– Бул сөзүң менен кайталана берчү драманы эстетип жатасың.

– Жок, мен сени өмүр бою капа кылбайм, кеттик жаным.

– Сен каалагандай болсун.

– Кеттик анда, – Унаасын ордунан жылдырды, алар келгенде кемпир чал уктай элек болчу, экөөнү көрүп кубанып кеткен Сурма далбастан чыныга суу алып чыгып аларга айлантып чачып:

– Балакеттин баары ушуну менен кетсин, киргиле балдарым, – деп шашкалактап үйгө киргизди, – Айланайындар ынтымактуу болгула, картаң кишинин сүйлөгөнүн көөнүңөргө албагыла балдар, канча күнүбүз калды ким билет?

– Апа, антип айтпаңызчы, карысы жок үйдүн калысы жок дейт эмеспи, сиздер бар биздин ырысыбыз бар, болбогонго жеңилдик кылып кетип калганыма капа болбоңуз апа, мени кечиргиле, – Аида ыйламсырай карады, – Кечириңиздер мени.

– Кой садага, кечирим сурабай эле гой, уулум менен эле бактылуу болсоңор болду.

– Мейли апа, жатып эс алгыла, – деди Алишер.

– Капырай чай-пай ичип алсаңар боло?

– Гүлгаакы жеңем келинин ачка койгон эместир, – деп күлүп Аиданы жетелеп өз бөлмөсүнө кирип кетти Алишер.

– Гүлгаакы дейби, ботом ал кайдан жүрөт? – деп өзүнчө күңкүлдөй күйөөсүнүн үстүнө кирди.

– Келиштиби кемпир?

– Ооба, алыс кеткен эмес го?

– Мейли, балаң жинди болуп кетет беле, берки аялдарына мындай карачу эмес эле, – деди Бекмурат.

– Тим кой, жашай берсин, Аида жакшы эле келин, – деп Сурма дагы ордуна жатып калды, алар эмне демек, кандай ата-эне болбосун балдарынын түтүнү чыгып, үй-бүлөөсү чайпалбай бактылуу болсун, очор-бачар болуп жашасын дешет эмеспи. Булар дагы үч баласын өз-өз турмушунда тынч жашап бактылуу болсо дешет, айрыкча Алишердин отуз бешке чыкканча балалуу боло элегине кыжаалат болуп жүрүшкөн.

Эртеси таң атканда Закир менен Гүлгаакы келип калышты, жаңы эле туруп таңкы чайын ичкени жатышкан.

– Кандай ата. Апа жатасыңарбы жакшы?

– Кудайга шүгүр, келгиле балдар.

– Келдик, – Закир апасына бурулду, – Апа, келиниңе жакшы карап жатасыңбы?

– Капырай, ал эмне дегениң, карабаганда эмне…

– Карыганда балдарга жаман көрүнбөгүлө апа, Аида эки күн биздикинде болду, кийин дагы бир сөз чыкпасын.

– Кандай сөз чыкмак эле, жакшы эле…

– Иши кылса Аида бул үйгө келдиби, кетти деп укпайын, – деди Закир.

– Кетпейт ботом, каякка бармак эле? – деп Сурма баласына сөз кайтара албай калды.

Ошентип мамыры жумуру болуп эчтеке болбогондой жашап жатышты, Заир ата-энесинин үйүнө келе албай калды, Айдана эчтекеден капарсыз келип-кетип турат, алардын үйүндө күндө уруш талаш болуп Заир ичкиликке ооп бара жатты, ишин дагы таштады, Айдана аны ичпе десе болбоду, акыры жүрүп эки баласын алып төркүнүнө кетип калды, улуусу биринчи класска окуп калган. Заир жалгыз үйүндө калганда Бекмурат барып далай жолу акыл насаат айтты, бирок ага болбоду, адам катарынан чыгып калды. Сурма ага жүрөгү ооруп Аиданын каргышын эстеп: “Бөөдө каргыш бөрүгө жетпейт дечү эле, айыпсыздын айтканы текке кетпеди, Айдананы эптеп алып келейин ал дагы кыз төрөптүр”, – деп ойлонуп күндө тамак жеткирип барып турат…

Нуржамал сакайып чыкканча Арсен тынбай барып, жайдын толук убагы болгондуктан күндө гүл көтөрүп келип жанында болот. Бара-бара Нуржамал ага көнө баштады, Арсен экөө телефондон дагы сүйлөшүп турушат, чыгаар күнү аны өзү жеткирип келди, окууга бара албай калды. Ошол жылы Арсен эч жакка барбады, Нуржамал сабакты да уланткан жок, ал үйдө жатып: “Арген өзү агасына тапшырып кеткен тура, мен жашабай жатып сүйүп да, арманга батып да көрдүм, тагдырыма жазса аргам канча, балким Арсен менен бактылуу болоормун, ал мени иниси үчүн эле аяп жүрөбү же сүйөбү, анда менчи, мен кайра аны сүйүп калышым мүмкүн эмес, аны көргөндө Аргенди көргөндөй болуп кантип жашайм”, – деп ойлонуп отурганда Акылай келип калды:

– Кандайсың Нуржамал? – Өбүшө учурашты.

– Жакшы, өзүң кандай?

– Окуп жатам, баары салам айтышты, сен эми окууну улантасыңбы?

– Бара албайм го, врач тынч жат, көп ойлонбо деди.

– Анда өзүңдү жакшы кара, – Ошол учурда Нуржамалдын телефону чырылдап калды, – Ал телефонуңду.

– Алоо, жакшы жатам, мейли, сенби макул өзүң бил, – деп өчүрдү Нуржамал.

– Ким?

– Арсен.

– Ай кудай ай, деги бири жоголсо бири табылып сени эле кыйнады…

– Эмне кылам, бул менин тагдырым…

– Чоң энедей болуп сүйлөгөнүн, сен эми гана он жетиге карадың Нуржамал, али дагы канча адамды жолуктурасың?

– Мен тагдырымдан кача аламбы, жашымда азап мени чулгап алды Акылай.

– Баары өз колуңда, жакшы нерсени ойлон, жаманды такыр жолотпо, көрөсүң го баары өз ордуна келет, – деп Акылай тызылдап курбусуна жан тартып жатты, чынында ал өзү Арсенди сүйүп калып экөөнү чогуу көргүсү келбей: “Эмнеге мындай болот, эгиз болсо эмне экен, булар бирге болуусу мүмкүн эмес, эч качан, эч качан бирге болбойт, Нуржамал аны сүйбөйт, жөн гана кайгысын унуткуча алаксып жатат, мен буларды жолуктурбоого аракет кылуум керек”, – деп ойлонуп жатты. Ошондон бир ай өтүп күркүрөгөн күз келип мал семирип, мөмөм жемиш көздүн жоосун алып бышып калганда Нуржамалга куда түшүп келип калышты, Кайдулат иниси Калмурат менен Касиет болуп келишти, Бурул эмне дээрин билбей Сагынбекти карады, ал өз бир тууганын чакыртты, ошондо Кайдулат сөз баштады:

– Сагынбек иним, кыз бар үйгө жуучу келет деген, өткөндү козгобойлу, эми Арсенге ыраазылык бергиле макул десеңер салт-санаа менен келип кызга сөйкө салып кетели.

– Азыр кыз жаш, – деди Сагынбек, – Өзүңүздөр билесиздер, кызга оңой болгон жок, көп азап чекти, али стресстен чыга элек.

– Билип турабыз, жаш немеге катуу тийди, бирок ал балам агасына тапшырып кетиптир, өзүнүн адам болбосун сезген кезде, аманатты аткарбасак арбак алдында карыздар болуп калабыз, – деди Кайдулат үнү каргылдана.

– Азырынча кое туралы, Нуржамал акыл-эсин топтоп алсын, – деди Бурул башка сөз таппай.

– Кызды көрөлү, өзүнөн сурайлы, – деди Калмурат.

– Ооба, биз Нуржамал менен дагы сүйлөшөлү, кандай дээр экен, ошого жараша иш кылалы, ата-бабанын салтынан аттап кете албайбыз, – деди Касиет.

– Мейли, кыз өзү жооп берсин, – деди Сагынбек Бурулга кайрылып, ал туруп барып Нуржамалга карады.

– Бала болуп туруп кайдагы бир сүйүү деген дартка кабылдың эле, эми өзүң жооп бер, сөйкө салалы деп жатышат, – деди капалуу.

– Апа, сүйсө болбойбу, мен ушундай сүйүүгө кабылганым үчүн бактылуумун, Арсен жаман бала эмес, мен макулмун, – дегенде Бурулдун көздөрү алайды, бирок кызы кечээ жакында эле ооруканадан чыкканын эстеп катуу айта албады:

– Кийинип чык. Өз тагдырыңды өзүң чечет экенсиң, – деди да кийимин алып берди, – Улуу кишилер бар экен, көйнөк кийип ал.

– Макул апа, – Нуржамал арыдан бери кийине калып, чечин артына түйүп апасынын артынан басты, алар отурган бөлмөнүн эшигине келгенде жүрөгү лакылдап колдору калтырап кетти, Бурул эшикти ачып ээрчитип кирди. Кайдулат аны көрүп: “Уулум сүйсө сүйгөнгө арзый турган кыз тура бечара”, – деп бир карап алып:

– Отур кызым, – деди.

– Кана кызым, – Сагынбек Нуржамалга кайрылды, – Аксакалдар жооп күтүп калышты, Арсенге макулсуңбу?

– Аке, апа, улуу кишилер айтып жатса эмне демек элем, жаштыгым менен туура эмес кылсам кечириңиздер, – деди үнүн дирилдеп колдору калтырай, – Менден кеп-кеңеш сураганыңыздар үчүн рахмат, кандай чечсеңиздер каршы эмесмин.

– Нуржамал, – деп Бурул анын түрүн байкап кармай калды, анан бөлмөдөн алып чыгып кетти.

– Эмесе кыз макул, кийинки бейшембиде келип сөйкө салып кетели, ошондо алып кетээрибизди чечбиз, силерге рахмат, Нуржамалдай кызды тарбиялап өстүргөнүңөргө, – деп Кайдулат айтканда беркилер кубаттады, дасторконго бата кылып үйдөн чыгышты. Нуржамал көптө барып дары ичкен соң эс ала түштү, андан кабатыр болгон Бурул бөлмөгө кирди.

– Эс алдыңбы кызым?

– Ооба апа, жакшы элемин.

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️