Кош бол.

https://kyrgyzcha.site/?p=58239&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ооба,мен да баягы ишенчээк кыз.Ишенбегенге аракет кылам ,бирок мен ишенип көп эле алданып калам,зыянын тартам.Эч бул адаттан арылбадым көрсө,калыптанып калат экенсиң. Бала кезде биз жомоктор менен,оюн менен алданган болсок,бой жеткенде турмуш менен алданып калат экенбиз.Мен сага ишенгенмин болгон сырымды айтып,келечектеги ой максаттарым менен бөлүшүп турчу элем.А сенчи?

Аллахтан күнү түнү дуба кылып сурандым.

Сага айткандарымды өзүмө каршы күрал катары пайдаландың…Сага татыктуу жубай болгонго аракет кылдым.Түн бир оокумга чейин сени кирпик какпай күтчүмүн .Таң агарып калганда келчүсүң.Айласыздан курсагымдагы балаңды эркелетип мени алдап түрдүү шылтоолорду айтчусуң.Ошентсе да мен сенен жолдоштук ,аталык милдеттериңди талап кылбай аялдык вазыйпамды аткарып жүрдүм.А сенчи?..

Ай күнүм жетип дал өзүңө окшош уулдуу болдук.Өзгөрбөдүң.Аллахтан күнү түнү дуба кылып сурандым…

Үй бүлөңдөн өзгөнү артык көрдүң.Билем сенле акча ,машина ,баары бар..Бир гана эрк,намыс ариет анан уят жок эле.

Көзүң сокур эле.

Пример HTML-страницы

Төркүнүмө барып кабар алмак түгүл телефондон араң сүйлөшөм.Неге экенин билесиңби?.

Сенин мурдагы абалыңды күттүм.Өзгөрбөдүң.

Дуба кылдым.Аллахтан сурандым жалбарып ыйладым.

Баламдын келечегичи?

Ичим жалын от болуп жатты.Бир нерсе болчудай…Дуба кылдым.Ыйладым ,Истигфар айтып зикир чалдым…

Үй ичи таза,ысык тамак,жылуу мамиле болгону менен жан дүйнөбүз бири бирибизге муздап калган эле…Сенин бул адатың экөөбүз үйлөнгөнгө чейин бар экенин апаң зар какшап айтып бүтө албайт.

Неге ?Көчөдөгү айымдар башкачабы?Же сүйгөнүң беле?Же арзыганыңа жетпей калгансыңбы ?

Дуба кылдым.

Уулуңа деле алаксып арбалбайсың.

Сенсиз далай түндү жалгыз ыйлап өткөрдүм.

Балким өзүмдө деле күнөө бардыр.

Сенин бал тилиңе алданып жүргөн экенмин.Акыры экөөбүз эки жолго түштүк.Сенин каалоң менен.Кандай мамиле кылсаң да чыдадым сабыр кылдым.Мен муну оор кабыл алдым.

Үмүт үзбөй көңүлүмдү оорутсаң да кайрадан бүлө болуш үчүн дуба кылдым.

Билесиңби мен дуба кылганым үчүн Аллахтан кандай жооп алганымды мени сенден куткарган экен.Аллахым баарын билүүчү.

Азыр Кудайга миң мертебе шүгүр.Аллах мени күндөн күнгө эмес минут сайын өзгөртүп жүрөгүмө ыйман берип Аллахым Өзүн мага эстетип турат.Аллах эч качан мени жалгыз калтырбайт.Мен бир гана Аллахка ишенем.

Экөөбүздүн уулубуз дебейм эми .Менин уулум.Сага өң келбети окшогон менен мүнөзү таптакыр башкача…Акылдуу,токтоо.Билесиңби ал башка балдар сыяктуу шоктонуп ойнобойт деле.Мыйыгынан бир жылмайып коймойу бар.

Аталык да Энелик да мээрим,тарбияны татыктуу берүүгө аракет кылып жатам.Бир аз чоңойсо медреседен билим алат.Анын келечеги үчүн баарын кылып жатам.Ал чөйрөсүндөгү адамдардан таасирленип тарбияланат.Чөйрөсүн өзгөртүүгө аракет кылып жатам.Бала да Аллахтын аманаты.

Бир убакта экөөбүз Аллахтан сурап алганбыз.А биз эмне кылдык?Аманатка кыянат кылыш менин колумдан келбейт.А сенчи?Сен аялды да,баланы да эптейалбадың.

Кээ бир инсандар муктаж аманатка.А сага болсо кор болду.

Эми арадан убакыт өтүп келипсиң.

Көрдүм сени.Учурунда сенин көзүңө тике карачу эмесмин.Бүгүн карадым.Өңдөн азып ,мурдагы келбетиң,сымбатың ,далылуу салабатың жок жүдөп кетипсиң.Өз тагдырыңды баяндап менден кийин 1 айдан соң үйлөнүп ажырашып,бир тууганыңдан ажырап далай эле кыйынчылык көрүп кечирим сурап сени менен кетишимди каалап келипсиң.

Сага карата менде кек жок ,Аллахтын ыраазычылыгы үчүн сени кечиргенмин.Сени унутканбыз.Мурдагыдай менин дубаларымда жоксуң. Сен жакшы адамсың.Бир топ жаңылдың.Мындан ары сага бакыт каалайм…Жакшы күндөр алдыда.Аллахтан үмүт үзбө.Үмүтсүз бир гана шайтан!

Сага дагы ишенип адашуудан корком.Билесиң да ишенчээк экенимди.Үйрөнгөн адатың эч качан калбайт.Ушул группаларда бар экенсиң.

Мен сени менен кетпейм!!!……..Кош бол.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️