КОРПОРАТИВКЕ БАРАСЫЗБЫ? (болгон окуя)

https://kyrgyzcha.site/?p=44100&preview=true Кызыктуу окуялар.

КОРПОРАТИВКЕ БАРАСЫЗБЫ?

 

 

 

 

Жаңы жыл жакындаган сайын, былтыркы жылкы «корпоратив» эсиме түшө берет. Дал 31-декабрь күнү коллектив болуп жыйналдык. Мурда кийин «корпоратив» дегенге ким барып көрдү дейсиң, чынында сонун болот экен. Жумуштагы кыз-келинчектер күйөөлөрүн ээрчитпей, өздөрү гана келишиптир. Тартип ошондой көрүнөт. Мен да «бойдок» болуп баргамын. Ошо менен жаңы жылды укмуш кылып тостук. Баарынан кызыгы, мен карышкыр болуп, директордун жардамчысы шыпылдаган Сулуубийке коён болуп кийинип, экөөбүз куушуп ойноп жүрүп, элден бөлүнүп кетиппиз… Кийин бирок бул кылыгым үчүн директорубуздан катуу сөгүш алдым…

 

 

 

 

Жарайт, анын баары өз алдынча. «Корпоративтен» соң үй-үйүбүзгө тарамакчы болуп сыртка чыктык. Жөнөкөйдө баштары бир казанга батпаган биздин коллектив эми кайра көрүшпөчүдөй болуп, бири-бири менен кайра-кайра өбүшүп, араң дегенде коштошконубуз эсимде. Азыр деле көз алдымда, жапалактап калың кар жаап аткан. Капысынан акындыгым кармап кеткен мен тепкичтин үстүнө чыга калып, бир-эки куплет сүйүү тууралуу ыр окудум го деймин. Андан кийин кыңылдап үйгө кетип бара жатканымы бир билемин. Бирок, карбаластап жолдогу парктын тушунан өтө бергенде, аппак болуп үйүлгөн кардын бир четине отура калып, бир аз каалгып кетипмин. Анан мени карга кошуп, үстү башын аппак кар баскан көчө тазалагыч машинага кар менен бирге салып жиберсе керек. Айтор,шопур жигит Кудай деген адам экен, шаардын сыртына чыгып, үстүндөгү карды оодарганда, селейип жаткан мени көрүп, өлгөн адам деп ойлоп өлүкканага (моргго) алып келип тапшырып кетиптир. Жаңы жылды тособуз деп топурап жүргөн өлүкканадагылар дагы менин өлүү-тирүү экениме карабастан, бир бурчка таштап салышкан окшойт.

 

 

 

 

Канча убакыт өттү билбейм, айтор, иттей сууктан калчылдап ойгондум. Айлана таштай караңгы. Тигиндейрээктеги бир эшиктин жылчыгынан жарык бир аз билинет. Ошол жакты карап темселеп жетип, акырындап эшикти ачтым эле, ар жакта эки эркек менен бир аял дасторкон башында өздөрүнчө гүүлдөшүп, жаңы жылды тосуп отурушуптур.

 

 

 

 

Керек болсо жандарына келип, калчылдап турган мени байкашаар эмес. Мындай тура берсем, алардын таң аткыча байкабаарын сезген соң, өзүмчө: «Кутман кеч!» деп үн чыгардым. Дегеним ошо болсун, жаңы жылды куттуктап сүйлөп аткан келинчек ошо отурган жеринен «тарс» этип кулап, эсин жоготту. Ак халат кийген эркектин бири терезени ачып, сыртка секире качты. Стол башында отурган биринин качууга чамасы келбеди окшойт, коркунучтан ээги титиреп, колундагы рюмкасын мага суна калганы эсимде.

 

 

 

 

Тигил жактан калтырап, титиреп тоңуп чыккан да мага кереги ошол эле, тартып жибердим. Менин арак ичээр «арбак» экенимди билген соң тиги жигит даже кубанып кеттиби, дагы экини катар куйду. 2-3 рюмканы катар алган соң, дагы эле коркунучтан эсин жыя албай турган жигитке эч кандай арбак эмес экеними, өздөрүндөй эле тирүү адам экенимди божурап түшүндүрдүм.

 

 

 

 

Ушу кезде эсиме үйдогү Мыктыгүл түшүп, кабарымы билдирейин деп телефон сурасам, бир топ кызып калган баягы жигит:

 

– Телефон номерин айтыңызчы, жеңеден сүйүнчүнү өзүм сураймын, – деп жабышты. Анан биздин үйдүн телефонун терип, «өлүкканадан звандап атам» дээри менен, ар жактан бирдеме «тарс» этип кулагандай болду.

 

 

 

 

Дароо такси чакырып, бардыгыбыз шашып-бушуп биздин үйгө жөнөдүк. Келсек, чынында эле Мыктыгүл байкуш телефондун жанында эси ооп талып жатыптыр. Окуя мындай болуптур. Мен кечиккен соң ачууланган байбичем шаардагы больница менен милиция бөлүмчөлөрүнүн баары менен кабарлашып чыгат. Эч бир жерде телефон жооп бербейт. Эми не кыламын деп эси ооп отурса, телефон чырылдап, ар жагындагы адам «өлүкканадан кабарлашып атам» дегенде эле, Мыктыгүлүм канча мыкты болсо да, эсинен танып кеткен экен…

 

 

 

 

Ошентип, ошол түнү баарыбыз жаңы жылды биздин үйдө тосуп, менин о дүйнөдөн аман- соо келгенимди таң аткыча «жууганбыз.»

 

 

 

 

Мына, быйыл да жаңы жыл майрамы жакындап келатат. «Чиркин, коллектив менен «корпоративке» барып, көңүл ачканга не жетсин!» деймин ичимен. Бирок былтыркы жылкы жагдайдан кийин, Мыктыгүл мени кишен салып кармаса да «корпоративке» өлсө жибербесе керек…

 

(болгон окуя)

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️