КОРПЕНДЕ 3 бөлүм (Аягы)

https://kyrgyzcha.site/?p=49702&preview=true Кызыктуу окуялар.

КОРПЕНДЕ.

3-БОЛУМ.(АЯГЫ)

 

Жапар жандын ушунча таттук экенин,тируулуктун даамын ушу куну биринчи билди.Буту абада каалгыры менен кекиртектен тарткан жип демин кысып,колун кайра которуп жипке асылып тартынууга дарманы келбей,бутун гана тыбыратып бултактаганга жарады.Андан аркысы эсинде жок.Козун ачса чалкасынан жатыптыр.Копкок чексиз асманда узум-узум ак кебездей булайган булуттар каалгып жургон экен.Терекке конгон чымчыктардын сайраган ундору дегеле жагымдуу угулуп,кыймылдабай магдырап жата бергиси келди.Алгач, чындыгында тигил дуйнодо болсом керек деп ойлоду.Магдайында илмекке туйун кылган жеринен узулуп,саландап турган жипти коргондо гана тушунду.Корсо, ным жерде коп жатып чирип калган жип Жапар жандалбас кылып тыбвраганда чарт узулуп,эсинен танган неме чалкасынан тушуптур.

Тируу экенине толук ишенгенде кубанганынан козуно жаш толуп кетти.Ордунан суйроло жылып,чарпаянын усткно чыкты.Жанакы башын дуулдаткан арактын кайда кеткени белгисиз.Сопсоо болуп калыптыр.Тизелери калчылдап,колунун манжалары ордунда турбай титирейт.Уркуйган устундун башында салбырап турган жипти коргусу келбеди.Кичинеден кийин журогу айланып чыкты да окшуп-окшуп жиберди.Ичеги карды бут антарылып ,оозунан чыгып бараткандай болду.Кусуп буткондон кийин жаш баладан бетер унулдоп ыйлап кирди.Кочодон ары-бери откондор жеконшулары угат деген ойго да келбеди.Анан ошол чарпаяда комкоросунон тушуп уктап калыптыр.Тээ тун бир оокум болгондо чыйрыкканынан ойгонду.

Эртесинен баштап оз уйуно жакыныраак чойродон сатылуучу уй издештире баштады.Арзаныраак эле ушул уй болду.Бир нече кочо алысыраак болгону менен кызын кун ара коруп турууга мумкундугу болчудай.

* * *

Уйдун ээси кемпир алкымын бузбады, „бешти бер да калган документ толтурганды оз мойнуна ал”,-деди.Жапар Мунардын куйоосунон ашык-кеми жок алты мин сом алды да ашыкча берем деген мин сомун албай койду.Бир суранычы „Сотко кызымды ала келгиле.Сагындым”, -деди.

Сотто кызы Мунардын жанында келаткан экен.Жапарды корору менен „Папа!”-деп бакырып жиберди да жугуруп келип кучактап калды.-Папа, папочка сени таенем олду деген .Мен ыйлагам.Алдаган тура,-деп божурап жатты.

Жапар болсо:„Бакым, менин Бакытайым”, -дегенден башкага жарабай мунканат.Кызы аны биркарап алып „Папочка ыйлабачы.Эмнеге ыйлайсын?Сынган жерлеринооруп жатабы?”-деп быйтыйган колжору менен Жапардын коз жашын арчыйтМнар экоону карап тура албай тескери бурулуп басып кетти.„Мына „кызымды жолуктур” дедин эле убадама турдум”дегенсип Мунардын азыркы куйоосу гана ырсайып тиктеп турду.Бахтыхан Жапардын кулагына :„Мени мамам мобул кишини „папа деп жур”деп дайым урушат.Мен макул болбойм”,-деп шыбырады.Тигини козунун кыйыгы менен корсотуп.Жпар болсо „Баарын сонойсон тушуносун кызым”,-дегенден башка соз айта албады.Ары жакта турган Мунарга кайрылып:

-Мунар,кызымды озумо эле бербейсинби? -деди эле.Мунар уйкудан ойгонгонсуп сестейе тушуп,ылдам басып келип,Бахтыханды колунан силке тарта,азыркы куйоосун бир карап алып-„Кыз бакканды коюп,оз кара жанынды эле туздоп багып алчы!”-деди да Бахтыханды дегдендетип жетелеген бойдон барып апы жакта турган „Жигулинин”ичине кирип олтуруп алды.Ошол боюнча кызын да чыгарган жок,озу да машинадан чыкпады.Соттун иши буткондон кийин зуу деп журуп кете беришти.Жапардын коз алдында капталдары чамбылала кир болгон кызыл „Жигулинин„элеси али турат.Арадан он чакты кун откондон кийин эмдигиче кочуп келишип,жайгашып алышкандып деп уй жакка барса такыр чоочун кишилер кирип-чыгып журушот.Корсо, уйдун документи бутоору менен баштатан суйлошуп койгон бироого 40 минге сатып жиберип кете бериптир.Ошондо билди.Коз коруно алдатканын. Кайындарына барса,алар да дареган айтпай коюшту.Темтендеп кызын сурамыш болуп бара берип алардын да ортосуна от жакпасын дешсе керек. Анан кучун арактан чыгарды.Алгач уч айча бир дукондо кароолчу болуп иштемиш болду.Ичип алып эки-уч жолу барбай калып,андан да чыгып калды.Андан кийин жумуш издеген да жок.Майыптыгына чыккан 200 сом акчасы ичкилигине да,оп-чап тамагына да жетип жатты.

Анан баягы бала кезден аркалап келаткан онорун таштабай,темирге, турлук жыгачтын бетине сурот салып сатууга отту.Болгое жыргалчылыгы ичкилик гана болуп калды.

Озуно ылайык досторду да таап алды.Анан калса бул ичкиликке жакындардын бир артыкчылыгы бир-биринен чонтогундогу болгонду аяшмайлары жок.Анча-мынча тапкандарын бут ортого салышат.

Жапарга нечен сонун жалтырак калай темирлердин турлорун,сурот салгаега ылайыктуу калын-калын фонерлерди, лактарды да ошол достору кайдан -жайдан таап келип берип турушат.Жасаган сувенирлерин копчулугун саткан да ошолор.Балким, достору конуп-тунощуп уйунон чыкпай коюшат беле эгер тиги кемпир болбосо.Кемпир андайларды короого киргизбей „милиция чакырам” деп коркутуп кубалайт.„Ушу сенин кемпирин олбос болду”,-дешип, нараазы болушкан достору анда-санда келбесе жолошпойт.Алгач „Уй менин озумдуку.Мага келген киши менен ишин болбосун”,- деп Жапар кемпир менен урушуп журсо,кициниреек аныкы туура экенин туюп унчукпай калды.Кемпир Жапардын соо кезинде келип „Сага каалаганым эле жакшылык.Эгер минтип какус-кукус кылып турбасам,уйун мастардын жатаканасына айланып кетпейби байкушум.Туура тушунсон”,- дей турган. Кемпир да жалгыз,Жапар да жалгыз турганданбы алгачкы кундон эле экоо жакшы болуп кетишти.Жапардан алган уйдун акчасчн кемпир чыпчыргасын коротпой туруп жарымысын кызына,жарымысын Сибирде жургон уулуна жонотуп жиберген.Кай бир кундору Жапар соо болуп калганда экоо болуп калганда экоо олтуруп алышып,айылдагы кепкор аялдарчасынан аябай ангеме дукон курушат.Акыркы жылдары антип сырдаашуулары да сээлдеп кеткен.Анткени, Жапар баш которбой ичип,соо болгон кундору дээрлик болбой калган эле.Эсинде калганы козун ачканда озун курчаган торт дубалдын тунжураган муздактыгы, жалгыздык.Оз уйу озуно мурзодой сезилип,кандайдыр бир жакка качып жоголгусу келип ичкилик менен алаксууга шашчу.

Бугун биринчи жолу уйу уйдой корунуп,тируулуктун деми уруп турат.Балким, бул тигил быш-быш деп уктап жаткан наристенин кудуретинендир. Ушул наристенин сыйкырдуу кучу муздак дубалдардын музун эритип,мурзодой болгон уйдун ичиндеги уройду учурган суукту кубалап чыгып,белгисиз тируулуктун таттуулугун алып киргенсийт. Шыптарынын,дубалынын беттерин караган Жапар эртен тураары менен уйду бир сыйра тазалап,акилеп чыгууну ниет кылып жатты.

Эшик калдырап ачылып кемпир кирип келди.

-Кандай энесиз ата?Уулун кыйнаган жокпу?Тан атпай ойгонуп алыпсын го?-босогону аттай элек жатып,суроо жадырып кирди.

-Ыйлаган жок,кейпи жоош болот окшойт.Энеке, сиз да жарык кире элек туруп алыпсыз да.Демейде чон шашкеге чейин уктачу элениз.

-Кайдагы уйку.Тан аткыча сени жоругуна башымды катырып чыктым.

-Анын эмнесине башты катырасыз?

-Баш катырбвй койчу белк.Бугун кечээки ичкен арагындын уусу тарап акылына келгендирсин. Жакшылап ойлонуп кордунбу эмне иш кылганы жатканынды.

-Кызыксыз чонс эне.Мен кечээ деле соо элем.Олоно турган эч нерсеси жок.Багып алаа дедиби,багып алам.

Даана ажымуулук турбайсынбы. Сага бул баланын тагдыры оюнчукпу?Аял болсон да бир жон.Эркек кичинин „бала багып алам ”деп чыкканын биринчи корушум да угушум.Кой, созду коботопой бул ооруп кала элегинде жанакы ушундай балдарды багуучу жеерге алып барып,бер.Озун алып баргын келбесе мага бер,мен алып барып откозуп келейин. Жапар кемпирди кичинеге тиктеп турду да:

-Кечее сизге жардам бериниз десем „бул мени кайдагы бир баланы багыш деп кыйнай турган болду”,-деп ойлосонуз керек.Жардам бергиниз келбесе,жон эле коюнуз чон эне.Озубуз деле эптеп кун коробуз.Деги биздин уйго кирбей деле койсонуз болот.Экинчи сизден жардам сурабайбыз. ..

-Бул мени чынып кет дегенинби?

-Ошондой тушунсонуз да болот.

-Мейли,мен чынып эле кетейин.Эртен сен винонун аркасынан кубалап кетсен,тигил жарык дуйного жарык келген куноосуз наристенин тагдыры,убалы кимге?Ушуну ойлосон боло?

-Мен сизге тундо эле айтпадым беле.Мындан ары ичмек тугул жыттабайм дагы,-деп.

-Ай,кайдан.Сенин абалына жетип калган алкаштар таштай алчу эмес эле.

-Мен алкаш эмесмин.Таштайм дедимби,болду таштайм.Буга чейин деле ичпей токтотуп койсом кучум жетмек.

-Ишенбейм,ишенбейм. Раматылыгы болгон менин куйоом „болду таштадым” деп коюп эле,бир жума отпой кайра ылжып мас болуп келчу.Ошентип журуп алтымышка жашы жетпей топурак жамынды кургурум.

-Мени озунуздун куйоонузго окшотпон да.

-Ким билет.Наристенин убалы эртен экообузду тен уктатпай журбосун.Кемпир айласы кеткендей шыпшынды.

-Болуптур,убадалашалы эне.Эгер мындан ары кичине эле кызыганыиды корсонуз „ит экенсин”деп коюнуз.

-Мен сени ит экенсин дегенде,сен ит болмок белен?Же андан бир нерсе озгормокпу?

-Анда ошол эле куну жанакы озунуз айткан балдар уйуно жеткириниз.

-Мунун кичине жондуу кеп.Бирок,менин жашым канча калды ким билет?Кийинки кундору журок оорум бат-бат кармай турган болду.

-Ой чон эне,сиздин ден-соолугунуз огуздукундой. Коросуз го Бактыбектин колукту алган тоюна да катышасыз.

-А кокуй,кайдагыны айтпачы.Жок дегенде оз тамагын озу алып ичкенге жарап,мектепке киргичекти тируу журсом да шугур десен.

-Ой, эне,ал эртен боло турган иш да.

Ангыча бала чукуранып ойгонуп калды.Жапар ордунан тура калып,баланы колуна ала койду.

-Кана,берчи. Бугун бир жакшылап коройун.Кемпир баланы алып жузун карады да,-Оо,батыр болчу туру бар го ыя?Жапар атан сени жоош деп макта жатат го.Тфу-тфу,коз тийбесин.Аман эле бол,-деп ырымдап жузун кайра жапты.Жапардын жамакайы кулагына жетип ырсайып кемпирдин колундагы наристени элжиреп карап турду.Кемпир наристенин оромолун ачып,буттарын которуп,чатын карап,моюндарын, колтуктарын карап чыкты.

-Жапар, сен олтура бербей суу жылыт.Бакытты жуунтпасак коптон бери жууна элек окшойт,-деди эле.Жапар калдандап жоноду.

Кемпир экоолоп баланы жакшылап жуунтуп,таза оромолго рорп сут ичиргенден кийин бала магдырап уйкуга кетти.Кемпир Жапарга кайрылды.

-Акчан барбы,балага керектуу кийим-кече,дары- дармек дегендей майдабараттарды алыш керек.Жапар жаш балача мурдун тартып:

-Азыр жок эне.Уч кундон кийин пенсиям тиет,-деди шыпшына.Кемпир жанынан кызыл он сомдуктарды сууруп чыкты да Жапарга сунуп;

-Ме,бугу керектуулорду алып кел.Жанында сокур тыйынын жок дагы уялбай „бала багам” деп ко ёсун.Жапар акчаны алып жатып;

-Пенсиям тиери менен кайра берем,-деди.

Бербей деле кой.Андан коро эмне алышты билесинби.

Жапар ийинин куушой кемпирди тиктеп калды.

-Унутуп каласын жазып ал.

-Айта бериниз.Кагаз, калем алып келген Жапар столго олтура кетти.Экоо балага эмне керек экенин тизмелеп чыгышты. Арадан уч ай отпой Жапар кадимкидей озгоруп, баякыдай кара шири болбой, бетине кызыл журуп, баскан турганы шайдоот тартып майып экенин унутуп калгансып кынылдап ырдап жургонуно кемпир бир кубанып, бир тан калыпда журду. Бала кадимкидей торолуп колго алганга жарап калды. Кемпир менен Жапар балага ушунчалык чырмалышып кечке анын жанынан чыкпай айланчыкташат. Жапардын алкаш досторунун аягы тыйылып, бул уйго каттабай калышты. Анан келсе Жапар иштерман да болуп чыгып келди. Бир аз эле тункусун уктаганы болбосо, жыгачка, темирге нечен турдуу суротторду чекмелеп, лактап койсо магазиндегидей болбосо да андан калышчу эмес. Аларды базарда отурган кемпирлерге алып барса , сатышып Жапарга тийиштуусун беришет. Мындай иш туйшуктуу болгону менен, кирешелуу болот. Кунуно 20-30сомдон кем эмес акча тушуп турат. Уйунун ичи тышын жакшынакай кылып ондоп чыкты .озу да бир сыйра кийинип, таза карманып журду. Жапардын тааныштары кунонун барын кемпирге жуктошуп, башын айландырып, бала бактырган ошо мастан. Болбосо Жапар кайдан бала багууну ойлосун деп журушту. Жапар тактага тушургон айкелин аягына чыгып, лактаган сон, чарчагыча иштеген сон, баласын айланчыктап, колу бутун бошотуп, сербендетип элжирей тиктеп отурмай адаты бар.

— Деги баланы кыйын багат экенсин. Эркектерден сени кордум ушунча баласаак экенсин. Деп кемпир да жан алы калбай мактайт. Чын чынында баланы Жапар багып атабы же кемпирби тушунуш кыйын. Баягы онтоп, он турлуу оорусун айтып, олоорум калды деген адатын кемпир да койду. Эртели кечке Бактыбектин жанынан чыкпай алектенет. Бактыбектин келиши менен ушу кичинекей короодо жаны турмуш, жаны жашоо жаралды. Али жарык дуйного жаралганын туйбаган ушу пенде, эки короодогу тээ качантан бери уюган томсоргонду, жалгыздыкты кууп чыгып, мандай жарган бака шаканы алып келгенин сезбей курсагы тойсо бир билгени уйку. Анан колу бутун сербендетип оз жыргалына батмай. Жапар кароосуз калган короонун ичин да иретке келтирип, бир канча жылдан бери конторулбаган уйдун жанындагы тепкедей жерге ар турдуу гул отургузуп койгон. Кемпир экоо азыр эч кимге кошулгусу келбей озунчо кудун-кудун. Кошуна колондор менен да анча коп байланыштары жок. Жат жатка келишкенде гана болушпосо ичкен тамактары да бир. кемпир Бактыбекти алып жаткысы келсе да Жапар бербейт.

-кемпир олсом уйумду Бактыбекке ээнчилеп таштайм. Жанагы оз жанымдан жаралса да бир жылда бир алымды сурап келгенге жарабаган кызым менен балама калтырганда эмне, деп келет.

— Жапар, жок озунуздун балдарынызга эле калтырыныз, Бактыбектин омуруно жеткидей тамак ашты даярдап бергенге озумдун кудуретим жетет, деп болбойт. Анда кемпир кадимкидей тарынгансып,

— мени чоочунсунуп болгонун койбойсун, акыры олсом Бактыбек экоонор комосунор деп калат. Бактыбекке тиешелуу документти алууну кемпир экоо кенешип кийинкиге калтырышкан. Уч тортко чыгып аталап калганда алалы деген ойго келишти. Деги параласак да бир нерсе кылабыз деп коюшкан. Жапар Бактыбектин келечегин кыялдангандан тажабайт. Баласын ойлогон сайын жаны тынбай калды.кыял бирикмесинин чондорунун эшигин тытып журуп эптеп уйдо иштоого отуп алды. Улуттук кол онорчулуктун ордосу болгон «кыял»усталарынын колунан чыккан сувенирлер тансык. Кудайа шугур ишке орношкондон бери тапканы арбын. Эми материал издеп, жасаганын саттырам деп ойлобойт. Жапардын манжалары Бактыбек учун дегенде мурункудан да чебер болуп кетти . ушундай талант берген Кудайга да рахмат дейт ичинен. болгон аракети Бактыбек эс тарткыча каражат топтоп, келишкен бир чон там сатып алууну максат кылууда. Ишинин узурун корсо бат эле болчудай. анан Бактыбек чонойсо элден кем болбой минип журсун деп машинесине топтосо. Чон окуу жайга откоруу да азыр акча. Кудай буюруп Бактыбек эстуу болуп чоноюп, жакшы окуса кайсы окуу жайга болсо да акчасын аябас. Эх Бактыбектин атасы (озун айтат) тируу болуп ушу манжалары кыймылдап турса кор кылбайт. Жон эле министрдин баласындай кийиндирип, менмин деген балдарынан артык кылбаса… Пенсияга тие турган бут акчасын сактык китепке которуп койду. Озу жалан онорчулугу менен иштеп тапканына жашап анын да ашыганын коротпой сактык китепчесине салууга отту. Оо баласы чонойуп жугуруп калса, жай келген сайын Ысык-колго барып дем алышып, тиги Кара денизге чейин барышар. Кудай боодо кырсыктан тынч коюп, ден солукта эле болушсунчу. Баласынын келечеги, ден солугу дегенде динчил да болуп кетти. Басса турса бисимилласы оозунан тушпой кубуронуп, кудай откон куноомду кечир деп жалбарчу болду. Мунар экоо ажырашкандан кийин отурса турса кудайды тилдей бергенин эстесе, муундары шалдырап жанын коерго жер таппай, «мендей кордун кесепети учун Бактыбегим куноолой корбо» деп мунканып жиберет. Бул кундор тириликке умтулган кундору экенин кийин эч кимге айтып береалбас аттин..

 

Бактыбеги менен алышып отурганда кун шашке болуп калганын билбеди. Баласы козуно ырсаландап тургандай корунду. Баягы алгачкы кундой олдоксон болбой, колдору деле эпчил. Бактыбек атасынын бактына ыйлаак болбой жоош. курсагы тойсо болду, мойтоюп уктап жата берет. Ойгонгондо колу бутун бо ш койсо озунчо оюн салат. Атасы баласы экоо кундо конугуу жасашат. Атасы журналдардан кесип алган жаш баланы багуу жонундо китептерден чогулткан конугуулорун турлорун кундо узбой жасашат. Демейде кундо конугуу жасагандан кийин курсагын тойгозуп койсо кошулуп уктап калчу. Бугун уктабады Жапар ары бери басса ээрчий карайт.

-Бакын, Бакын Бакынтай атасын тааный баштаган бала экенго, кулгонго жарап калган бала экенго. Ата бала ээн уйдо эзилип жатышты. Ата менен баланын ортосунда гана болуучу улуу ысыктын кутуна магдырап экоо тен мас болуп жатышты. Эшик шарт ачылды. Жапардын журогу эмнегедир кабынан чыгып кете жаздады. Бул демейдегинин эшиктин башкача тааныш эмес ачылышы эле . Баласын колуна ала коюп Жапар каяка жашынарын билбей тар уйдо курулуп кетти. Нечен жолу тилинген журок бул жолу да кырсык келетканын сезди. Мупмуздак шамал эрчитип кемпирдин бир жылда бир басып келбес мерез кызы жапандап кирип келди.

-силер баккан кандай бала? Мага корууго болобу? Деп Жапардын колундагы балага умтулду. Аркасынан кемпир кирди бужурондоп, Жапардын козун карай албай.

-койсончу жай бироонун турмушуна киришип эмне кыласын, жон болчу. Жапар эмне дешин билбей далдырап калганда, Таня колундагы баласын ала коюп,

-оо Кудай алда немедей турбайбы, кой бул бакканынар болбойт, наристенин убал собу дегенди ойлош керек. Жапар ичинен козуно кор топурак тыгылгырдын козу тийбесе экен деп Танянын колунан баланы алганга шашты. Таня ошол бойдон эшикке жулунуп жоноду. Алардын сырттан канк кунк суйлогондору жакшы угулган жок. Болгону кемпирдин койсончу Таня бироонун жашоосуна кийгилишпей, жон болчу дегени кайта кайта мээсине жанырып жатты. Жапардын башы дынылдап ооруп чыкты. Баланы колунан тушурбой бооруна кысып ары бери басат. бооругуп тердеп кеткен бала ыйлап баштады. Ансайын Жапар баласын колунан бироо жула каччудай титирейт. Убакыт канча отту ким билсин. Сырттан дункулдоп баскан кишилердин добушу угулуп, онбогон эшик дагы тааныш эмес ачылды. Тагдыр ушу пендеге эмнеге мынтип кастарын тигип жабышып калды экен. Бул жолу чачы былжыгый тармал, бети жалжайган сары, кок коз милициянын лейтенанты Таня менен кирип келди.

-Урматтуу боорукер ушул жерде жашайбы? Деп босогодон кире элек кекете баштады. -оо озубуздун эски тааныш туура. Лейтенант ушул районду тейлеген болумдо иштечу. Жапар соолуктуруучу жайдын кундолук коногу болгондо нечен жуздошкон. Ал тугул бул Жапардан тажашып, эптеп уйуно жетууго дарманы болсо, кочукко тээп козго корунбой жогол деп кубалашчу. Камаган менен акча салса толобойт, орулуу себебинен сот кеспейт. Анан уйго кубалашпаганда эмне кылышмак.

— коптон бери корунбой калганын тиги дуйного кетсе керек десек, боорукер болуп чыккан тура.

Пагондуудан журогу калган Жапар баласын кучактап бурчка тыгылды. Коздору алайып чыкты. Баланы кысып койдубу Бактыбек чыркырап ыйлап кирди. Таня алдакыны олтуросун деп колунан жулуп алды. бооругуп тердеп кеткен бала ыйлап баштады. Ансайын Жапар баласын колунан бироо жула каччудай титирейт. Убакыт канча отту ким билсин. Сырттан дункулдоп баскан кишилердин добушу угулуп, онбогон эшик дагы тааныш эмес ачылды. Тагдыр ушу пендеге эмнеге мынтип кастарын тигип жабышып калды экен. Бул жолу чачы былжыгый тармал, бети жалжайган сары, кок коз милициянын лейтенанты Таня менен кирип келди.

-Урматтуу боорукер ушул жерде жашайбы? Деп босогодон кире элек кекете баштады. -оо озубуздун эски тааныш туура. Лейтенант ушул районду тейлеген болумдо иштечу. Жапар соолуктуруучу жайдын кундолук коногу болгондо нечен жуздошкон. Ал тугул бул Жапардан тажашып, эптеп уйуно жетууго дарманы болсо, кочукко тээп козго корунбой жогол деп кубалашчу. Камаган менен акча салса толобойт, орулуу себебинен сот кеспейт. Анан уйго кубалашпаганда эмне кылышмак.

— коптон бери корунбой калганын тиги дуйного кетсе керек десек, боорукер болуп чыккан тура.

Пагондуудан журогу калган Жапар баласын кучактап бурчка тыгылды. Коздору алайып чыкты. Баланы кысып койдубу Бактыбек чыркырап ыйлап кирди. Таня алдакыны олтуросун деп колунан жулуп алды. дагы бала багат имиш, бооругуп олойун деп калыптыр, баланы лейтенатка корсотту.

— айланайындар баламды алып кете корбогуло,. Жапар чок тушуп буркурап ыйлап жиберди. Так лейтенант жан сумкасынан кагаздарын алып-баланы кайдан , качан таптын башынан айтып бер?

Жапар ордунан тура калып Танянын колундагы балага жулунду.

-апкел бала менин озумдуку, Таня лейтенанттын артына буйтай качты. Экоонун ортосуна тура калган тигил Жапарга карап.

-тынчтанасынбы же азыр сени тынчытып коёюнбу?

-бала меники дейм алууга акынар жок.

-ме сага сеники! Деп колунун кыры менен Жапарды моюнга урду эле, чок тушо кулады. Лейтенат бойрогун таянып Таняга дагы бала багат имиш, бооругуп олойун деп калыптыр, баланы лейтенатка корсотту.

— айланайындар баламды алып кете корбогуло,. Жапар чок тушуп буркурап ыйлап жиберди. Так лейтенант жан сумкасынан кагаздарын алып-баланы кайдан , качан таптын башынан айтып бер?

Жапар ордунан тура калып Танянын колундагы балага жулунду.

-апкел бала менин озумдуку, Таня лейтенанттын артына буйтай качты. Экоонун ортосуна тура калган тигил Жапарга карап.

-тынчтанасынбы же азыр сени тынчытып коёюнбу?

-бала меники дейм алууга акынар жок.

-ме сага сеники! Деп колунун кыры менен Жапарды моюнга урду эле, чок тушо кулады. Лейтенат бойрогун таянып Таняга буларды ушинтип эле жөнгө салып коебуз, дегенсип эдирейип карап койду.

— Кичине эс алсын. Анан бөлүмгө алып барып, ошол жерден сүйлөшпөсөк болчудай эмес. Жамандын өз жанын араң сүйрөп жүрүп бала баккыч болуп чыкканын кантейин. Күйгөндө да ушундай келесоолордон күйөсүң.

— Ошону айтсаң. Алы, күчү толук биз балалуу болууга батынбай жүрсөк, бул болсо менин мамама таянып бала баккыч болуп кетиптир. Өлө-сөлүү кемпир экөөнүн дымагын кантесиң. Келсем, мамам деле маңдайы жарыла кубанып мактанып коет. Биз татынакай кылып багып жатабыз деп. Карылыктан алжый баштады. Танянын тили-тилине тийбей өз ишин эрдикке баалап жатты.

— Кудай айдап дагы келипмин да. Болбосо бул байкуш жарык дүйнөгө келгенин туя элек жатып, кайра коштошмок экен.

Аңгыча Жапар кыймылдай баштады эле лейтенант кежигесинен мыкчый кармап тургузуп, оң колун аркасын кайырган бойдон эшикке дегдеңдетип сүйрөп жөнөдү.

— Бала меники, эч кимге бербеймин. Өлсөм да бербейм деп кыйкырган Жапардын бут жерге бирде тийсе, бирде тийбей баратты.

Боорунда «милиция» деген жазуусу бар машина жүрүп кеткенден кийин, үйдөн чыгууга кудурети жетпей, терезенин тушунда сыртты тыңшап бөгүп жаткан кемпир жөрмөлөп өзү жатчу диванга араң жетти да жүрөгүн мыкчыган боюнча бүк түштү. Кемпирдин чырагы ушул кечте күйбөдү. Кийинки кечтерде да күйгөн жок. Кызы Таня баланы кучактаган бойдон лейтенантка ыктап отурганда, жан дүйнөсү тартылыша түшкөн эле үйүнө кайрылып келбеди.

Капталында «милиция» деген жазуусу бар машина шардагы акылынан айныгандар жатуучу оорукананын короосунун ичине келип токтоп, бирөөнү күч менен түшүрүштү. Ал түшүп-түшпөй жатып, жерди буза «Бала меники эч кимге бербейм» деп бакырып, оозунан ак көбүгүн куюлтуп, тиши жеткен жерин тиштөөгө жанталашып бир башкача жулунат. Үч формачан милиция кызматкери дегдеңдетип ичкери алып кийришти.

Ушул оорукананын жанынан агылып өткөн миң сандаган пенделердин айрымдары таң кеч терезеде казыктай какайып турган ак кийимчен адамды көрүшкөндөрү менен анын түптүз ачык асмандын мейкиндигин карап «Бакытай, Бакытбегим кайдасың, сен менин баламсың, сени эч кимге бербейм» — деп акырын сыздап ыйлап жатканын угушчу эмес.

Бул адам бүт сөгү эзилип, чучугу солуп каны жүрбөй калгыча ушул гана сөздү кайталай берип, көз жумганына доктурлар күбө болушса да көпчүлүк акылы айныгандардын бир катары маани беришпеген көрпенделик болду.

 

Аягы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️