8 — БӨЛҮМ
Умсунай келгенден кийин дагы бир уул төрөп алган. Ата-энеси дагы айылга келип, бакубат өмүр сүрүп, улуу баласын үйлөнтүп, эл катары жашап калышты. Эки уулу тең соода менен алектенип, мал күтүп ортодон жогору болуп, эл оозуна алынды. Кээси аларга суктанып жатышты.
— Сагынбекти балдары эле оңдоп койду, үрүп чыгаар ити жок эле, эми жегени эт-май болуп калды.
— Ошону айтсаң, булардын балдары сооданын көзүн таап алыптыр ай.
— Капыра-ай, жанагы кызы кыйын болчу мунун, кичинесинде эле аябай тың болчу, ошол шаарга алып барып, атасын да дарылатып, зыңкыйтып адам кылып койбодубу.
— Ооба-ооба, ушул мектепти бүткөндө Умсунайды эле келин кылып алалы десем, жанагы ары жок эрим дегеле болбойт, өзү да кирешелүү кыз болчу, ошондо бир ырыскы бар.
— Болсо болгондур, өзү дагы болпоюп жоош-момун кыз эмес беле, күйөөсү дагы жакшы чыкты окшойт бечаранын.
— Ой, ажырашып жүрүп, жакында эле кайра табышыптыр, ал ушу ата-энесин бутуна тургузмак болуп, шаарга кетип калганда күйөөсү аял алып алып, анан бат эле ажырашып кетип, кайра жарашыптыр…
— Болсо болгондур, турмуштун оош кыйышы көзгө көрүнбөгөнү менен адамды отко салып, сууга агызып, ысыкка күйгүзүп, суукка тоңдуруп, акыры бышырып бүтүрөт тура.
— Айланайын жараткан десең, тирүү пенденин баарынын тагдыры Алланын колунда турбайбы, кандай кылып кыйнайм десе өзү билет экен да. Кой, кокуй, ишимдин баары калды, барайын, — деди улгайган аял.
— Өлбөгөн адамдын дегеле иши бүтчү беле, ботом, бирин бүтсөң экинчиси башталат, андан көрө кээде мээ сергитип албаса өлүп калбайбы киши, бүтөт да иш деген, — деди ушакты улап, эл ичинде узун кулак аталган Сабира.
— Анан эмне кылайын, өлгөнчө тыңыраак жашайлы деген ой да, аралашып отурса отура берет экен кээ бирөө. Тиги Сансыздын аялы дегеле үй жыйнайын деген ою жок, жүдөгөн неме, качан барсаң олчоюп отуруп алып, жанагы сары чийкилин жумшап жатканын көрөсүң, — деп күлүп калды. — Мен дегеле бирөөнүн жасаган ишине тойбойм, өзүм жасамайын такыр ичим чыкпайт.
— Сен өзүң таза катынсың да, үй ичинен эмес эшигиңдин алдынан кыл көрчү эмес элек, анан шыбырашып калаар элек.
— Тоб-бо десең, бул эмне уктабай эле кырынып чыгабы деп таңгалаар элек.
— Ой мейли эми, өзүм жөн отурганды жактырбайм да, кой кеткиле эми, тарайлыбы ай, Сагынбектин үй-бүлөсүн да кулак ысыта ушактадык, үй-үйгө тарайлы.
— Кой эми, эртеңки чогулушка чейин, — деп тамашалаша үйлөрүнө жөнөштү.
Буларды карап, ички короосунда жүргөн Үмүтай: «Кагылайын жараткан, дегеле адам баласына кеңчилик бергенсиң да, болбосо бирөөнүн эле кыйшыгын көрүп турган адамдарды кантесиң. Жаман болсо да ушакташат, эл катары жашасаң дагы көрө албайт, деги бу пендеңе эмне гана жетпейт», — деп башын чайкай үйүнө кирди. Эң кичүү кызы Сагынай дагы бой жетип калды. Сагынбек чарбачыл болуп чыга келди, баягыдай достору менен ичип кетчү жоругу жок. Умсунай кээ-кээде келип-кетип турат. Алтынчач таятасыныкына келип турчу, ал талтөөндөй болуп, бой жетип калган. Он алтыга чыккан, керилген сулуу кыз болгон. Сагынбектин коңшусунун эң кенже баласы аны жакшы көрүп калды, экөө таанышып, телефон алышышты. Бул убакта бир үйдө такыр жок дегенде экиден телефон көтөрүп калганда Абсатар кызына атайын алып келип берген эле. Өзү ушул кызын жакшы көрөт, балдары катарынан бой жетип, Абсатар дагы кадырлуу адам болуп келе жатат. Акмат Алтынчачка такай түнкүсүн чалып, экөө көпкө сүйлөшөт, кат жазышат, бара-бара мамилелери сүйүүгө айланып баратты.
Бир жолу дагы түндөсү чалды Акмат:
— Алтынчач, уктап жатасыңбы? — деди телефондон.
— Жок, уктай элекмин.
— Менин чалышымды күттүңбү?
— Ооба…
— Бүгүн эмне иш кылдың, Алтынчач?
— Үйдө, чоң энеме жардам бердим.
— Кандай жумуш?
— Мага сеп жасап жатат. — Кыз кыткылыктап күлүп койду.
— Сеп? Ал эмне?
— Мен күйөөгө тийсем бере турган оокат.
— Сен эртелеп эле камынып жаткансың го?
— Мен эмес, үйдөгүлөр камдап жатат.
— Неге?
— Даяр болсо жакшы болот дейт.
— Кудалап койгон жериң барбы?
— Атамдын кулагына айткандар бар имиш.
— Эмне атаң берсе эле кете бересиңби?
— Күйөө жакса…
— Алтынчач.. .
— Ийи?
— Сага бир сөз айтайын дегем.
— Айта бер.
— Ой, кыз, ким менен сүйлөшүп жатасың? — деп ошол кезде Умсунай бөлмөгө башбакты эле Алтынчач телефонду өчүрүп, уктамыш болуп калды. — Түнү бою эле сүйлөшүп чыгасың, эмне акчасы көп неме бекен ыя, калп уктамыш болуп калганын.
— Апа, эмне уйкумду бузасыз? — деп уйкусураган болду.
— Укта, телефонду өчүр дагы укта.
— Макул, апа, мишайт этпечи ээ?
— Дагы эмне кылайын, тобо-о, азыркы балдарды кантесиң, — деп чыгып кетти. Алтынчач өтө ойсоңдогон кыз болду, ошондуктан Умсунай чочулап турат. «Бир жумадан кийин мектепти бүтсө окууга жөнөтүп ийбесек айылдын балдары ала качып, жашында үй күтүп жүдөп болуп калат, андан көрө окуп-чокуп алганы жакшы», — деп ойлоду.
— Эмне деп эле жатасың? — деди Абсатар.
— Күнү-түнү эле бежиреп телефон менен сүйлөшөт, жатып укта дедим.
— Эми сүйлөшсө сүйлөшөт да, жаштар азыр өз мезгилинде буйруганын көрө берсин. Илгери биз сүйлөшкөнгө эчтеке таппай балдарды ортомчу кылып кат жөнөтүп алып, жолун карап жообун күтө берип, жаман болчу элек. Кызымдын өз доору ошол болсо көрө берсин.
— Сен антсең чектен чыгып кетпейби?
— Кызым эстүү, чеги менен жүрөт.
— Апам дагы болушат, сен дагы…
— Болушкан жокмун, эркин өссүн дегеним да, эми Карачач чоңойот, кемпир, ал деле сербейип чоңоюп калбадыбы?
— Ал Алтынчачка караганда бош, бир мүнөздүү.
— Сени тарткан го?
— Жаман бекен мени тартса?
— Жок, кемпир, сени жаман деп өлө албай жүрүптүрмүнбү? — деп Абсатар күлүп калды.
— Оо-ой, Алтынчач сени айныбай тарткан, апам болбосо бул кыздар сени көрбөй өсмөк, апама рахмат, — деп Умсунай дагы күлүп калды. — Сени кудай билет, балаңды тааныбай калмаксың.
— Анын бетин ары кылсын, эми эки уулумду көзүмө басып отурбайынбы, Айдарым дагы телефон деп шыбырап жүрөт, Жайдарбегим али ойноок, — деп Абсатар кубана сүйлөп жатты. — Сага ыраазымын, байбиче, карлыгачтай кыздарды, тоо бүркүтүндөй уулдарды таап берген.
— Кудайга айт, кудай ыраазы болсун, эми ушуларды ата-эне милдетин аткарып, эл катары өз-өз жайына кондуруп койсок, көңүл тынып калат эле…
— Буйруса, байбиче, апам экөөңөр турганда менин эмне камым бар, — деп отуруп өзүнчө ойго батты. Умсунай кайненесине орун салып бергени чыккан.
— Айла-анайын десе, Алтынчач жаттыбы, Карачач эмне жатпай жүрөт?
— Балдар дагы жата элек, апа, төшөгүн салып койсом жатат да, уйкулары келбей жатса керек.
— Ийи, мейли, садагалар, ойносо ойной берсин, — деди Суусаркан жамбаштай, ал быйыл бир аз шалкы бош, карылыкка баш ийгендей. — Ийе, Умсун.
— Ийи, апа?
— Алтынчач уктадыбы?
— Ооба, жатып алган.
— Ийи каралдым десе, — деп койду да көзүн жума жатып калды.
«Ээк кудай айланайын, ушунуңа шүгүр, жалгызымдын очор-бачар болгонун көрдүм, Айнурум дагы бактылуу болду. Пендем десең эми күн жылууда, токчулук убакта оорутпай-сыркатпай алып кете гөр, келин-кесек, уул-кызга кадыр-баркым барында кете берейин», — деп ойлонуп жатып, уктап кетти. Алтынчач эми уктайын дегенде телефонуна кат түштү, шашып башын көтөрө телефонду карап көрсө Акмат: «Алтынчач, мен сени сүйөм» деп жазыптыр. Кыздын жүрөгү дүк-дүк этип, чалкасынын жатып алып, жылмая Акматты элестетип жатканда дагы кат түштү: «Алтынчач, мен сени эч кимге ыраа көрбөйм», «Сен мектепти бүтөөрүң менен сага үйлөнөм», «Таарындыңбы, Алтынчач, мен түз айтканды жакшы көрөм», «Эртең жолукпайлыбы» деп жаза берди. Улам кайталап келген каттарды окуган кыз ордунан туруп терезеге келди, сыртта ай жапжарык болуп туруптур, асманда жылт-жылт эткен жылдыздар. «Биз тээтиги кош жылдыздай болсок ээ, биринчи жолу сүйүү катын алдым, өзүм жактырган жигиттен, биз бактылуу болобуз, атам каршы болбойт», — деп ойлоп, ушул учурда мектепти тез эле бүтүп кеткиси келип кетти. Балалык оюнда бул турмуштун оор-жеңили, ачуу-таттуусу болоору али ага табышмак эле. Түнгө карап көпкө турду да, парданы жаап коюп, ордуна жатып, кайра жооп жазмак болду. «Акмат, сүйүүгө жеңил караба, балким сен жөн гана сынап жаткандырсың. Мен сенин көздөрүңдөн гана билем сүйүүнүн учкундарын, чыныгы сүйүү катка жазылбайт, сөз менен айтууга болбойт, сезимди башкарууга мүмкүн эмес. Мезгил көрсөтөөр, азыр ашыкпа, биз али жашпыз, балким өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн, жакшы жат», — деп кат жөнөтүп коюп, телефонду өчүргөндөн кийин дагы көпкө уктай албай жата берди.
Убакыт сааттын жебесиндей тынымсыз жылып, бат эле Алтынчачтын мектепти бүтөөр убактысы келип жетти. Акыркы коңгуроого чогулган жаш өспүрүмдөр жазгы ачылган кооз гүлдөй жайнап, мектептин алды опур-топур. Кыздар кызгалдактай кулпуруп, заманга жараша алынын келишинче кымбат кийимдерди кийген. Жигиттери аппак көйнөк, галстук менен кара күрмө, кара шым. Көпөлөктөй кичинекей кызды чачына барпыраган бантик тагып, ортого Алтынчач жетелеп чыкты. Окуучулар менен ата-энелердин артында жасана кийинген, чачты гелдеп оң жагына тарап, колуна роза гүлүнүн беш даанасын көтөрүп алган Акмат турат. Ал акмалап улам ортого мойнун созо коңгуроо каккан кызды жетелеп бараткан Алтынчачтан көзүн албайт. Бул күнү аны бир гана Акмат эмес дагы бир жигит күтүп жаткан. Ал Санжар, Абсатардын досунун баласы. Көптөн бери ата-энесине кулак какты кылып, айтып жүргөндүктөн бүгүн тартынбай эле Умсунай менен Абсатардын жанында. Өзүнүн ата-энеси Бекбол менен Айсалкын дагы мында келишкен. Бери жакта үч-төрт кыз сүйлөшүп турушат.
— Кыздар, Алтынчач кечеге келбей калабы? — деди бири.
— Эмнеге?
— Ой, аны бүгүн ата-энеси кечеге жибербей ала кетет экен.
— Эмне үчүн антет?
— Билбейм.
— Санжарга кудалап койгон имиш го?
— Койчу, чын элеби?
— Ооба, аталары өз ара сүйлөшүп коюптур.
— Өзү Санжарды жакшы көрөбү анан?
— Ким билет, жүргүлө тигинде Санжар турат, карап турабыз.
— Келиптирби?
— Ооба, гүл кармап турат, жүрү кантээр экен? — дешип жөөлөп элдин арасына кирип барса, Алтынчачты куттуктап жатыптыр.
— Көрбөй калбадыкпы, ана Санжар.
— Красавчик го ыя?
— Иши кылса экөө «идеальная пара».
— Койсоңчу, Алтынчач мага жакпайт, — деп бири жактырбай ары карай басып кетти.
Алтынчач эки бети кыпкызыл болуп албыра ата-энесинин курчоосунда туруп, элдин арасынан көзү кимдир бирөөнү издеп жатты. Акмат карап туруп эми гүлүн бергени баратып, Санжар кызга гүл карматып бетинен өпкөндө тык токтоп калган. Колундагы гүлү жерге түшкөн бойдон делдейип турганда жанына классташынын карындашы келе калып:
— Акмат аке, сиз кимге келдиңиз эле? — деп сурады. Ошондо гана эсине келгендей жерде, тебелендиде жаткан гүлүнө ичи сыйрыла: «Бул жакшы жышаан эмес», — деп күңгүрөнүп алды өзүнчө. — Сизге эмне болду? — деп тиги кыз такылдаганда:
— Жөн эле, — деп басып кетти. Эмне кылаарын билбей кетип жатканда телефонуна кат түштү, караса Алтынчач: «Неге келбедиң?» — деп жазыптыр. «Сенин жигитиңдин бар экенин билбепмин, кечир», — деп кайра жооп жазды. «Акмат, ал деген аяш атамдын баласы, мындайың болбойт». «Эмнеге сенин эки бетиңден өбөт?» — деп таарынып, жан дүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп: «Осолдук кылдымбы, кызганычтын чеги болуш керек го, эмнеге аныгын билбей туруп баса бердим, мен чыдамсыздык кылган экенмин» — деп ойлоп, кайра чалды эле кыз телефонун албай койду. Алтынчач атасына жини келип үйүнө келгенден кийин:
— Ата, эмнеге менин оюмду билбей туруп, башкага сөз бересиң? — деди тултуңдай. — Мага Санжар жакпайт.
— Кызым, Санжардын эмнеси жакпайт?
— Жакпайт, өз мамилеңерди кыла бергиле, бирок менин тагдырыма киришпегиле.
— Эмне дегениң, ой кыз, атасына ошондой дейт бекен? — Умсунай кызына ачууланып калды. — Уят эмеспи?
— Анан эмне дешим керек, апа, унчукпай койсо дөдөй немече жетелетип ийе тургансыңар, мен окууга барам.
— Садага болоюн десе, — Суусаркан Алтынчачты өзүнө чакырды, — кел менин жаныма.
— Чоң эне, ушунусу туурабы? Мен мектептин босогосун жаңы гана аттап чыкканы жатам, алдыда экзамендерим бар, а булар мени күйөөгө бергенге шашат.
— Садагаң кетейин, сен бой жеттиң, атаңдар сени бактылуу болсун деп ойлошот, окуйм десең окуп да ал.
— Чоң эне, түшүнсөң мени, классташтарым мени башкача карап жатышат, шылдың болдум, — деп ыйлап жиберди. Анын ызасы ушунчалык эле, Акматтын сөзүнө бук болуп ыйлады. Чынында ал кыздардан андай деле сөз уккан эмес, жигитине жолукпай калганга ыза болду.
— Эчтеке дебейт, кыздар сенин жаныңда сомодой созулган жигиттин жүргөнүнө ичи күйүп жаткандыр, бул сендей кезде боло берчү нерсе, кызым. Мен картайдым, небере күйөө баламды, анан чүрпө көрсөм дегенде эки көзүм төрт, — деп эне сырдуу жылмайып, небересин эркелетип чачынан жыттап койду.
— Чоң эне, мен даярданышым керек, классташтарым күтүп калат, бүгүн кечеге бармакпыз.
— Бара гой, көлөкөм, теңтуштарың менен болгонуң жакшы, жаштык деген жаздын кулпурган назик гүлүндөй болот, кызым. Эгер аны аздектеп алган адам болсо кадимкидей табында сакталат, жок, гүл кадырын билбегенге жолукса, гүл бечара мезгилинен мурда соолугандай кыз бечарага да кыйын болот, кызым. Ошол үчүн өзүңдүн жаштыгыңды татыктуу өткөрө бер, айланайын, ата-энеңдин доорунда бактылуу балалыктын күнүн көрө бер, садага.
— Чоң эне-е, алтын чоң энем менин, сиз гана түшүнөсүз го мени, — деп Алтынчач энени эки бетинен өөп коюп, өз бөлмөсүнө кирди. Чачын түйүп, көкүлүн тармалдатып, эки күн мурун шаардан Айнур салып ийген көйнөктү кийди. Күзгүгө кайра-кайра көрүнүп, саатын карап жатканда телефону чырылдаганынан караса, Акмат экен. Өчүрүп коюп, көпкө отуруп калды, анан бутуна туфлисин кийди да, үйдөн чыкты. Эшиктин алдында турган Абсатар кызын көрүп:
— Ой менин кызым периштедей болуп кеткен го? — деп басып келип маңдайынан өөп, — бактылуу бол, кызым, — деп бир саамга бооруна кысып, анан койо берди.
— Көзүң тийет, тү-ү-тү-тү де! — деди Суусаркан чыгып келе жатып.
— Түү-ү-түү-ү, апам кызык, кантип эле өзүмдүн кызыма көзүм тийип кетсин, апа, күлкүнү келтиресиң да? — деп каткырды Абсатар.
— Азыр бул кыз ошондой куракта, бой жеткен кыз ар кимдин көз алдында, анан дагы Алтынчачым башкача кыз, — деп эне мээримдүү жылмайып, небересин чекесинен өптү. — Кудай ак жолуңду ачып, ар балээден сактасын!
— Айтканыңыз келсин, чоң эне.
— Жолуң болсун, кызым, эртерээк кел, садагам, — деп Умсунай дагы кызын өөп, эшикке чейин узатып койду.
— Мени аскерге жөнөткөндөй болдуңар да, — деп кыткылыктай күлгөн Алтынчач шашыла жөнөп кетти. Ал келгенде классташтары чогулуп калышкан экен, Алтынчачты көрүп баары таңгалып калышты. Кээ балдар ага суктана карап, сүйлөшүп турганда кыздардын арасынан көрө албагандары өздөрүнчө сүйлөшүп калды:
— Жигити кантип койо берди экен?
— Кызыксың, жөн эле кызгана бермек беле, сүйүү болбосо муну эмне кылмак эле, өзү көтөрүлгөндү жакшы көрөт го?
— Ооба, башканы өзүнө теңебеген мүнөзү менен кимге жакмак.
— Кыздар, — деди алардын сөзүн угуп калган Нурсултан деген бала, — аяк-биягы бир ай калды, ар кимибиз ар жакка чилдей тарайбыз, он жыл бирге окуган классташ курбуңар менен жакшы маанайда коштошконуңар оң болоор?
— Аа-а, биз жөн эле сүйлөшүп жатабыз, — деп кызаңдай беркилер басып кетишти.
Шаңдуу кече уланып, жаштар бийге түшүп жатты. Көп жыл парталаш болгон Нурсултан Алтынчачты бийге чакырып, экөө жагымдуу музыканын ыргагына шайкеш тегеренип бийлеп жатканда бир топ кыздар кызганып, кээси суктанып карап турушту. Кече аяктагандан кийин бир үйгө отурушмак, сыртка жапырт чыкканда алардын чыгышын күтүп турган Акмат Алтынчачтын кетээр жагын акмалап калды. Бир кезде жөн гана сүйлөшүп, күлүп келе жаткандардын арасынан ашыгынын үнүн тааный коюп, Акмат алды жактан чыкты.
— Бүтүрүү кечеңер менен куттуктайм! — деди эле жанындагы Нурсултан:
— Сиз кимсиз? — деди караңгыда ким экенин тааныбай бүшүркөй карап.
— Алтынчач, кеттикпи? — деди ага жооп бербей эле Акмат.
— Бул кетпейт, өзүбүздүн кечебиз бүтө элек.
— Нурсултан, кечирип кой, мен үйгө кайтышым керек, үйдөгүлөр эрте кел дешкен эле, — деди Алтынчач. — Эрте кеткеним үчүн кечирип койгула, кечени көңүлдүү уланткыла, — деп ал Акматты көздөй басканда Нурсултан:
— Алтынчач, мен деле жеткирип койом, — деди топтон суурула.
— Кечир, Нурсултан!
— Ай мейличи, сен болбогондо алдагыны ийлеп салмакмын, — деди да, ары карай басып кетти.
— Кандайсың, Алтынчач, кечир, жана туура эмес түшүнүп алыпмын.
— Эчтеке эмес, боло берет, бирок мындан кийин абайла.
— Жарайт, экинчи кызганбайм. — Экөө тең күлүп калышты.
Түн жарымында кол кармашкан эки жаш бактылуу болуп кетип баратышты.
— Алтынчач, сен окууга барам деп жаттың беле?
— Ооба.
— Анда мен дагы бара турган болдум, атамдар окуп ал, үйлөнгөн эч жакка качпайт, билим алганың дурус дешти.
— Туура айтат, окушуң керек.
— Сен кайсыга тапшырасың?
— Улуттук Университетке, азырынча факультетин тандай элекмин.
— Мен дагы ошого тапшырам, экөөбүз чогуу окуп, чогуу бүтөбүз, — дешип, келечектен үмүт тилеп келатышты.
Ушул учурда короодо малын жайгарып жүргөн Абсатар келаткан эки жаштын сөздөрүн капысынан кулагы чалып, бир кездеги өзү бала дебей чанып жүргөн кызынын кулпуруп бой жеткенине жетине албай, ошондогу аялы, эки кызына көрсөткөн кордуктарын эстеп уялып турду…
АЯГЫ…………………..