7 — БОЛУМ
Айжамалдын тагдыры мындайча болгон эле, апасын айылга кетиргенден кийин үч-төрт күн жалгыз калды. Анипа кеткен бойдон кечигип жатты, дүкөндөгүлөрүн сатып түгөтүү үчүн күнү кечке зериккенинен дүкөндө отуруп, соода жасачу болду. Ал дүкөнүнө эле товарды аябай толтуруп койгонун азыр көрдү. «Демек, Анипа чекесинен урунуп, акча топтоп алган экен, биротоло кеткен го», — деп ойлоп жүргөндө бир күнү Анипа кирип келди. Кубанычтуу жадырап алган:
— Оо-ой, эжекебайым, кандайсыз?
— Жакшы-жакшы, өзүң кайда жоголуп кеттиң?
— Айтпаңыз, мен ушундай бактылуу болуп турам, сурабаңыз, эжеке! — деп айланкөчөк болуп секирип Айжамалды кучактап калды. — Мен таята-таенемди таптым!
— Анан?
— Мен бардым да, эшигине катты таштап коюп, кайра артыма кете бермек болдум. Ошол кезде ал үйгө бирөө кирип бараткан, ал мени бир карап коюп кирип кетти. Мен кайра жүгүрүп барып карасам жерден катты алып үйгө кирип кетиптир. Мен ыйлап кетип жаткамын, бир кезде артыман бирөөнүн чакырганын угуп токтоп калдым, артыма бурулгандан корктум.
— Ай, кыз, токточу бери! — деди ал аялдын үнү. Мен кайрылсам бир келин жаныма келип калыптыр. — Сен таштадың беле бул катты? — деп менден сурады, мен башымды ийкедим, анткени көз жашыма муунуп тургам. — Жүрү, сени үйдөгүлөр чакырып жатат, — деди, мен аны ээрчип үйүнө кирдим.
— Кел, кызым, — деди бир аял мен кирээрим менен. — Атың ким?
— Анипа, — дедим көз жашымды аарчый.
— Отур бери, кана, сүйлөй кой.
— Эмнени сүйлөйм, болгонун жазгам…
— Ким менен жашайсың?
— Бир эже менен.
— Баккан энең…
— Ал өлүп калган, орус кемпирдин колунда чоңойдум, — деп мен токтоно албай ыйлай бердим, билесизби ал менин таенем экен, апама окшогон аял экен, — дегенин карап отура берди Айжамал, анын сөзүн бузгусу келген жок. — Анан мен сумкамдан сүрөттү алып чыгып көрсөттүм. — Бу Нина апам берген сүрөт, качандыр бир кезде апаңды издеп калсаң кереги тийет деген, — деп солуктап жатсам, ал аял мени бооруна кысып өөп:
— Садага болоюн десе, ыйлай бербе. Апаңдын жаңылыштыгы эмес, жигити өлүп калган экен, кийин мага айтып берген. Байкуш кызым ансыз дагы азап чегип жүрөт, сени издеп бир-эки жолу барган экен, кемпирдин өлгөнүн угуптур. Сени кайдадыр кетип калган деп коюптур үйдө жашагандар дебедиби.
— Анан эмне болду?
— Ошентип дароо эле апамды чакырышты, таятам андан да сонун киши экен, чекемден өөп, — Сен эми эч качан жалгыз эмессиң, кызым, өз үйүңдөй көр, сен эми биздин колдо болосуң дебедиби!
— Куттуктайм, кел эми, сенин кубанычыңды жууйлу, — деп Айжамал серванттан вино алып келди. Тамакты алдыга коюп, — Кел, Анипа, бүгүн сенин бул дүйнөгө жаңы жаралгандай бактылуу болуп турганыңа мен дагы кубанычтамын. Ушул кубанычың кут болуп, өмүр бою мээримдин кучагында балкып гана жүрө бер, сиңдим, ал тургай кызым десем да болот, сенин бүгүнкү кубанычыңа тең ортокмун!
— Рахмат, эжекебайым, рахмат сизге, — деп Айжамалды дагы өөп-өөп алды да, винону экөө кагыштыра алып ийди.
— Да-а, демек бардык нерсенин чеги боло-от, жалгыздык дагы акыры аягына чыгат, — деди ойлуу Айжамал.
— Эжекебай, сиз дагы жакында бактылуу болосуз.
— Анипа, айтчы дагы, андан ары эмне болду, сүйлөшүп отуралычы, сен жок абдан зериктим, — деди Айжамал чарчагандай түр менен винодон стакандарга куюп жатып.
— Мени коноктоп кой союшту, аңгыча апам келип калды, ал мени көрүп эле ыйлап кучактап калды. Артынан күйөөсү менен эки баласы келди, кубанганымдан көзүмдүн жашы таптакыр токтобой солуктай бердим. Анан баары чогулуп тегеректеп отурганда апам сөз баштады, күйөөсүнө айткан эмес экен…
— Ата, апа, бул менин жаңылыштыгым деп эсептебейм, жаштыгым болду, эгерде жаштык кылып, силерден тартынбаганда кызымды таштап, силер айткан Темирге чыгат белем…
— Кызым дейсиңби? — Темир элейе карап калды.
— Ооба, мен эми эч нерсени жашыра албайм…
— Кандайча, Айнаш?
— Ошондой, эми эмне десең ошо де, мен балдарым менен өз оокатымды өткөрөм, Анипа менин кызым…
— Кыз-зык — деген Темир туруп, эшикке чыгып кетти. Таятам дагы чыкты, биз ошол жерде отурдук, апам башынан өткөндөрүн башынан эстеп кирди…
Окууга барып өтпөй калган Айнакан кыздар менен бирге фабрикага иштемек болуп калып калат. Эптеп жумушка кирип иштей баштайт. Өздөрү менен чогуу иштеген Мыктар деген бала менен жылдызы жанып, экөө жолугушуп жүрөт. Мыктар Айнаканды катуу сүйгөн эле, ал өзү эч кимиси жок детдомдо өскөндүктөн кызга үйлөнүүдөн тартынат. Акыры бир күнү:
— Айнаш, мен сени сүйөм, сени мага ата-энең бербейт го? — деди кабагы салыңкы.
— Эмнеге, менин ата-энем деле адам да, түшүнүшөт алар, балдарынын бактысын кантип ойлобосун?
— Чынбы, Айнаш, мендей тексизди теңсинбей койобу деп корком да, сенден айрылып каламбы дейм, — деди бооруна кыса.
— Эч ким ажырата албайт бизди, мен сени сүйөм, а сен мени…
— Ооба, жаным, биз бири-бирибизди сүйөбүз, тек менин сени кубантып ак жоолук салып, тосуп алчу эч кимим жогуна өкүнөм.
— Эч нерсе эмес, мага сен өзүң болсоң болду, ошол гана жетишет, — деди Айнакан наздана. — Мен эч качан сенден ажырабайм деп сөз берем!
— Ырысым менин! — деп Мыктар арыкчырай кызды жерден так көтөрүп алып, тегеретип жатты. — Ырысым менин, бактым менин.
— Акырын, Мыктар, башым айланып кетти, түшүрчү мени! — Кыз кыткылыктап күлүп, бактыга тунуп турду. Эки жаштын дал ушул мүнөттөрү айтып бүткүс дастан, тил менен безегендей сүйүү ыры сыяктанды. Таң шоокумундай жаркыраган жарык асман менен жердин ортосунда каалгып учуп жүргөндөй, сезимдер бири-бирине от чачып, махабатка мас болуп турушту. Ошол күндүн эртеси да, андан кийин дагы Мыктар жумушка келбей калды. Айнакандын жан дүйнөсү жабыркап, кыздар менен сүйлөшпөй, тамашаны көтөрө албай чыртылдаган мүнөз күтүп, өзгөрүп кетти. Курбусу Анипа аны жалгыздатып, бакка ээрчитип чыкты да:
— Сен эмне болуп жүрөсүң, же жанагы аяксыз Мыктардын сөзүнө ишенип алып, өзүңдү-өзүң жок кылганы жүрөсүңбү? — деди.
— Анипа, мен сени түшүнбөй калдым, сен Мыктарды аяксыз дедиңби? — деди Айнакан аны тикирейе карап.
— Анан эмне, ал аяксызыңдын бул дүйнөдө эч кимиси жок, ага сени ата-энең баары бир бербейт, эгер сүйсө качып жоголмок беле?
— Жок, ал менден качпайт, бир нерсе болду, мен директорго киремин да, дарегин сурайм.
— Эсиң менен болчу, Айнаш, ал сенден атайын эле качты, — деп Анипа дагы өз билгенин койо бербеди. — Андан көрө аныңды унут, унчукпай жүрө берсең бай, акыл-эстүү жигит табылат.
— Кереги жок, мага Мыктардан өткөн жигиттин кереги жок, уктуңбу? — деп Айнакан ылдам басып жатаканага кетип калды. Анипа анын артынан келди, алар келсе бөлмөсүндө беш-алты кыздар-балдар чогулуп, бөлмөлөш кыздын туулган күнүн белгилеп жатышыптыр. Келээри менен алардан бөлүнө албай отуруп калышты. Акылайдын туулган күнүнө алып келген белегин берип, жигити сүйлөдү:
— Акылай, туулган күнүң менен, күнүм!
— Рахмат, — деп Акылай жылмайып койду.
— Оо, Керез, сен Акылайды ушунчалык сүйөөрүңдү билбеппиз.
— Булардын сүйүүсү Олжобай менен Кишимжандыкындай, — дешип тамашалап калышты.
— Мен Акылайды дүйнөдө болуп көрбөгөндөй сүйөм, өмүрүм өткүчө сүйүп өтүүгө сөз берем! — деди Керез колун көтөрө.
— Азамат, Керез!
— Жигитсиң!
— Акылай кошуу Керез! — дешип кол чаап жатышты.
— Баса, Айнакан, Мыктар көрүнбөйт да? — деди Акылай.
— Ой, аны билбейсиңерби? — деди Кадыр деген жигит. — Анын эски оорусу бар, бечара балдар үйүндө ооруп калыптыр, ошол өнөкөт ооруга айланып кетиптир.
— Эмнеси ооруйт экен? — деп жиберди Айнакан Кадырга суроолуу тигиле. — Кайда жашаганын билбейсиңерби?
— Ал өзү сырттан окуйт, анын жетимдигине карап, бир мугалими бир бөлмө үйгө убактылуу жайгаштырып койгон, ал ошондо турат.
— Каерде анысы? — Айнакан үнүн катуу чыгарып сурап ийгенин өзү дагы байкабай калды.
— Ой, сага эмне болду, мындай айтканда табалбайсың, дарегин жазып берем, жарым саатта жетесиң, — деп Кадыр кагазга жазып, колуна карматаары менен Айнакан тура жөнөдү.
— Айнакан, сен кайда?
— Айнаш! — дешип кала берди. Анипа анын артынан жүгүрдү. — Айнаш, токто!
— Өзүңдүн ишиң менен бол, Анипа, мен сага баарын айтып берем, — деп жүгүрүп барып, жолдо турган так#### отуруп жөнөп кетти.
— Жинди, бул кыз соо эмес, — деп Анипа кала берди.
Айнакан колундагы даректи таксистке бере салды да:
— Тезирээк айдаңызчы, — деди.
— Жолдо эреже менен айдабасам, сенин берген сары чакаң эч нерсеге арзыбайт, чоң кыз.
— Кечиресиз, — деп унчукпай калды. Айнакан көп кабат үйдүн биринчи кабатындагы экинчи бөлмөгө келип такылдатты. Көптө барып анан:
— Ким? — деген Мыктардын үнү угулду.
— Мыктар, мен, ач эшикти.
— Аа-а, — деп ал көпкө күйшөлүп туруп, эшикти ачты. — Кел, Айнаш.
— Кандайсың, ооруп жатканыңды неге айтпадың? — Айнакан жигиттин мойнуна асылды. — Кебетең кантет, ооруканага барышың керек.
— Жок-жок, өзү калыбына келип калат, бул өнөкөт оору, Айнаш, — деп зорго сүйлөп отургучка отурду. Анын демигип жатканы кызга билинип турду, үй ичи чачкын, идиш-аягынын баары жуулбаган. Бойдок адамдын кайсы толгон буюму болмок эле, Айнакан арыдан-бери идиштерин жууп, үй ичин жыйнап, шыпырып тазалады да, тамак жасай турган бирдеме издеди, эчтекеси жок экен. Мыктарга айтпай эле чыгып кетип, дүкөндөн тамак-аш алып келди. Анан газды күйгүзүп, бат эле тамак жасап жиберди.
— Минтип жата бергениң болбойт, эртең сени өзүм ооруканага алып барам, — деди Айнакан.
— Кереги жок, Айнаш, мен көрүнгөмүн, дарыларды ичип жатам.
— Жаткырган жокпу?
— Жок, коркунуч деле жок, жакшы болуп калдым буйруса, — деп жылмайды Мыктар, бет сөөктөрү оркоюп абдан арыктап калган экен. Айнакан боору ооруп кетти. Экөө отуруп тамактанды.
— Сени мен таштап кетти деп коркподумбу?
— Айбан кыз десе, мен сени өлүп эле таштабасам эч качан таштабайм, бир мүнөт да жаныңдан чыккым келбейт, эгерде менин бир эле сүйүнүчүм болгондо атаңдын алдына өзүм бармакмын, болбосо айтпай ала качып алмакмын…
— Кел анда, өзүбүз эле үйлөнүп алабыз, — деди Айнакан ойдо жок жерден. Ал ошондо эртеңкисин ойлобостон оорулуу жигитинин көңүлүн улагысы келип, ошенткенин кийин ойлоп, далай жолу өкүнүп ыйлап да, эстеп да калчу.
— Эмне дедиң, Айнаш?
— Үйлөнүп албыз дейм, — деп күлүп койду кыз.
— Жок, андай болбойт, сенин жүзүңдү жер караткым келбейт, жаным. — Экөө жанаша отуруп кучакташып алышкан эле.
— Эмне болмок эле, биз бири-бирибизди сүйөбүз да?
— Албетте, бири-бирибизди сүйөбүз, бирок баары өз жолу менен болушу керек, — деди Мыктар. Ошол кезде ыкшып жөтөлүп калды, бир кезде Мыктардын мурду канап кетти, колу менен баскан бойдон ваннага кирип кетип, көптө келди.
— Эмне болду, токтоп калдыбы?
— Ооба, катуу жөтөлгөндүкү го, — деп кыздан көзүн ала качты. — Сен эми жатаканага бар, Айнаш. Эртең жумуштан кийин колуң бошосо келип кет, болбосо мен өзүм жумушка чыкканда жолугабыз.
— Мени эмнеге кубалайсың? — Айнакан тултуңдай таарына кетти. — Мен ушул жерде болом.
— Кой, Айнаш, кыздарың эмне деп ойлошот, андан көрө азыр бар, жумуштан кийин бир маал келип турсаң болот.
— Кетпейм!
— Айнакан! — дегенде Мыктардын мурдунан дагы кан атып кетти, ал колу менен басып, ваннаны көздөй жүгүрдү.
— Ушул абалыңды көрүп туруп, кантип кетем, тез жардам чакырыш керек, антпесе болбойт, — деп кыз чыйпылдап жатты. Мыктар көпкө суу менен жууп, кан токтогондо шалдырай чыгып келип, ордуна жатып калды. — Тез жардам чакырайын десем телефонуң иштебейт экен, көчөдөн чакырайынбы?
— Кереги жок, — деп алсыз ары карап жатып алды. Айнакан жанына отуруп, чекесин басып көрдү. — Этиңдин ысыгын карачы, дагы кереги жок дейт тура, ушунчалык дагы жанынан тойгон адам болот экен да, — деп марлини муздак сууга салып, чекесин басып кирди.
— Айнаш, сен бара койчу, садага, менин жалгыз болгум келет.
— Жарайт, сен мени таарынттың.
— Мейли, жазып алам.
— Кеттим, — деп Айнакан бөлмөдөн чыгып, көпкө коридордо турду да, тез-тез басып чыгып кетти. Жатаканага келип, көмкөрөсүнөн түшүп жатып алды, эч ким үндөгөн жок, жатып алып ыйлаган бойдон уктап калды. Эртеси эрте туруп жумушка чыгып, эрте кайтты. Мыктарга барса ал кечээгиден дурус болуп калган экен.
— Кел, Айнаш, кел, жаным, — деп жадырап тосуп алды, бирок анын кыйналганы жүзүнөн көрүнүп турду.
— Келдим, акыбалың кандай? — деди Айнакан суз.
— Жакшы элемин, мага таарынбачы, жаным. Бүгүн кет дебейм, бир аз дурусмун, анан дагы бүгүн менин туулган күнүм, жанымда бол ээ? — Ийинине колун арта секин жаагынан өөп койду. — Таарынбайсыңбы?
— Ырас элеби, бүгүн туулган күнүңбү?
— Ооба, так эмес, балдар үйүндөгүлөр жазып койгон күн, ата-энемдин ким экени белгисиз болсо туулган күнүмдү ким тактамак эле.
— Койчу эми, анда бир нерсе кылалы, — деди Айнакан Мыктарды бетинен өөп. — Куттуктайм, жаным! — деп күлүп койду.
— Ушул күн менин эң бактылуу күнүм, Айнаш, интернатта жүргөндө туулган күнүмдө воспитательдерим эркелетип өөп калчу эле. Алардан башка бир да адам маңдайымдан сылап койбоптур, ойлоп көрсөм, — деп Мыктар жылмайды.
— Сага кандай белек кылсам экен, сен туруп тур, мен дүкөнгө барып келе калайын, — деп кыз шашып калды эле, Мыктар аны жибербей койду.
— Сенин жанымда отурганың эле чоң белек, жаным.
— Койчу эми, сенин туулган күнүңдү белгилебесек болбойт.
— Айнаш, баары бар, убара болбо, даярдап койгомун.
— Мени келет деп ойлодуңбу?
— Албетте, сен мени таштабасыңды жакшы билем да.
— Алтыны, кой анда мен бирдеме жасайын.
— Мен жардам берем.
— Сен отур, — деп Айнакан болбой койду. Мыктар алып келип койгон этти туурап, тамак жасады. Ал вино алып келип койгон экен, экөө тамак менен винодон аздап ичип отурушту. Бир аздан кийин Айнакан кызып калды. Мыктар аны колтуктай керебетке алып барып жаткырып, өзү ордуна жатмак болуп бурула бергенде Айнакан анын колун кармап калды.
— Айнакан, сен уктаган жоксуңбу?
— Жаныма жатчы.
— Мен ордума эле жатайын…
— Жок, менин жаныма жатчы.
— Айнаш, сен эс ал, мен жатып турайын.
— Мени сүйбөйсүң ээ?
— Кантип эле, өзүмдүн жанымсың, — деп Мыктар эңкейип өөп алды да, бүткөн бою дүр дей түштү. Кыз илеби аны делбе кыла эндирей түштү. — Айнаш, эс алчы.
— Сен жаныма жатсаң эс алам.
— Уят го?
— Кыздардан бетер эмнеге уяласың?
— Айнаш, мени мазактаганыңбы?
— Ооба, сени сүйгөн кыз жанына чакырса келбейсиң…
— Макул анда, кана, батабызбы? — деп Мыктар аны ары түртө жанына жатып алды. Кыздын жүрөгү лакылдап чыкты, сүйүүгө да, виного да мас боло бойлошуп жаткан жигитти Айнакан өзү кармалап, сыйпалап кирди. — Мыктар, мен сендикмин, сеникимин, жаным, ар дайым жаныңда болсом дейм, сен мени кабыл аласыңбы?
— Жаным, ата-энең эмне дейт?
— Биз баары бир бирге болобуз да чынбы?
— Туура, бирок…
— Эмне бирок, сен башка бирөөнү сүйөсүңбү, Мыктар?
— Жок-жок, ата-энең мага бербей койсочу?
— Алардан кам санаба, бүгүнкү сенин туулган күнүңө өзүмдү тартуулагым келет. Бул менин сага деген сүйүүмдүн тазалыгын далилдегеним жана сенден башканы эч качан карабайм дегеним, Мыктар.
— Алтыным, асылым менин, сенин ушул акактай ак сүйүүңө эмне кылып жооп бере алам, менин болгон жашоом ушул, бир жүргөн селсаякка окшойм…
— Мага сенин дүнүйөң эмес өзүң керексиң, сени сүйөм, сен үчүн баарына даярмын, — деп жигиттин мойнуна асылды. Экөө заматта камырдай жуурулушуп төшөктө жатышты. Айнакан бул кылыгына өкүнгөн дагы жок, тек өз жүрөгүнүн падышасына эң ыйык нерсени тартуулап, сүйгөн жарын бактылуу кылдым деп кубанып турду. Мыктар көптөн кийин кызды бооруна кысып:
— Алтыным, өкүнгөн жоксуңбу? — деп сурады.
— Эч качан.
— Кокус үйлөнбөй калсакчы?
— Эмнеге, сенин оюң башкабы?
— Жо-ок, сен таптакыр башкача ойлоп жатасың…
— Анан эмнеге үйлөнбөй калат элек?
— Ким билет кандай болуп кетээрин.
— Сенин оюңда башка бирөө бар го?
— Андай ойду ойлобо, Айнаш, балким сен экөөбүз кошулбай калышыбыз мүмкүн, менин оорум катуу, качан жакшы болом белгисиз.
— Андан коркпо, мен атамдардан акча сурайм, өзүмдүн айлыгымды чогултуп, сени дарылатам, — деп кыз жигиттин чоло жерин калтырбай өпкүлөп жатты. — Эң башкысы сен жанымда болсоң болду.
— Жардам болоор бекен? — Мыктар ишенимсиз унчукпай калды. Айнакан анда адамды өлүм кайгыга салып, оору азап тарттыраарын кайдан билсин. Мыктарды өлүп калат деп ойлогон эмес, ал эми Мыктарды колкодон рак деп ооруканадан чыгарып коюшкан эле, убактылуу дары-дармек менен жашап жаткан.
— Эмнеге болбойт, баары жакшы болот, анан мен сени ата-энеме алып барамын, күйөөм деп айтам, — деп жылмайды Айнакан.
— Алтыным, сенин таптаза жан дүйнөңдүн ушул мээримине кандай гана жооп кайтара алаар экенмин.
— Сен болгону менин күйөөм болуп берсең жетет.
— Сенден айрылгым келбейт.
— Бизди эч ким бөлө албайт.
— Ошондой болсо кана-а? — деп байкуш жигит терең улутунуп алды.
Айнакан күндүзү жумушта болуп, кечкисин Мыктардын жанында, жан үрөп ысык тамак берип, кийимин жууп карап жатты. Он-он беш күндөй жакшы болуп калган, бир күнү келсе катуу жөткүрүп жатыптыр, үрпөйүп жанында отурду. Ошондон баштап Мыктардын ал-абалы өтө оорлоп бара жатты, күнү-түнү күрсүлдөп жөтөлүп, мурду түтөктөп канап кетчү болду. Канча ирет врачка алып бармак болсо дагы ал болбой койду. Айнакан анын тилин албай бир күнү врачты чакырып келди эле ал көрүп баш чайкады.
— Өтүшүп кеткен экен, бул дарыларды ичип тур…
— Ооруканага жаткырыш керек го? — деди Айнакан врачка.
— Жок, кызым, бир аз күн үйдөн дарыларды иче турсун, — деп кетип баратып, — Бул баланын оорусу айыкпас дарт экен, ооруканага жаткан менен көп узабайт, — дегенде Айнакан:
— Жо-ок! — деп бакырып жиберди, анан ичкери кирип, эшикти жаап туруп алып, ыйлап жатты. Мыктар баарын айттырбай билди, үндөбөй тиштенип, көзүн жумуп алды. «Эмне демекмин, өмүрүмдүн аягына чейин мени сүйгөн кыздын жанымда болгонуна шүгүр. Балким менин өлөөрүмдү билгенден кийин алыс качаар, каалаганын кылсын. Баары бир мен аны жүрөгүм менен сүйүп, ыраазы болуп баратам, ылайым бактылуу бол, Айнаш», — деп ойлоп жатканда Айнакан ыйлап-ыйлап сооронду. Көз жашын аарчып алып, көңүлдүү көрүнүүгө тырышып, жанына келип отуруп, колдорун кармалады.
— Врачты эмнеге чакырдың?
— Мен…
— Кереги жок болчу, Айнаш, мени төрөп, таштап кеткен кезде кыш убагы экен, ошондо катуу суук тийип калыптыр, — деп Мыктар онтоп ийди. — Аа-ай, ошондо өлбөгөнүмдү карабайсыңбы, кудайым жашаткысы келсе өзү билет тура, мынчалыкка бараарын билбепмин…
— Капаланбачы, баары жайында болот.
— Жубатуунун кереги жок, өзүм билип эле турам, Айнаш, сага эмне деп айтаарымды дагы билбейм, — дегенде Айнакан жүгүрүп ашканага чыгып, өксүп-өксүп ыйлады. Мыктардын бул кезде турууга дарманы калган эмес. Айнакан ошентип ага көрсөтпөй ыйлап, кайра жанына келип, ысык чай берип, карап жатты. Кийинчерээк ал чай да ичпей калды, кашык менен оозуна куюп жанынан чыкпайт. Оюна ал өлсө кошо өлүп калуу да келген, бирок анын жаш жүрөгү андай кадамга баралган жок. Ошентип экөө бир ай жашагандан кийин бир күнү:
— Мыктар, сени ооруканага алпаруу керек го? — деди көздөрү шишиген Айнакан ага бетин тийгизе.
— Жок, алтыным, андан көрө сен менин акыркы сөзүмдү аткарчы.
— Андай дебечи, Мыктар, мен сенден ажырабайм!
— Жок, биз баары бир биргебиз го, ушул үйдүн ээсине телефон чалып койчу, — деп онтолой зорго айтты. — Тигил жерде блокнот бар, ошондо телефон номери бар.
— Макул, азыр эле автоматтан чалып келем, — деп Айнакан көзүнөн жашын агыза эшикке чыкты.
Автоматтан чалып кайра киргенде Мыктар ага колун жаңсай чакырды.
— Айнаш, кечир мени, сага бактысыздык алып келбейин, таптаза бойдон калсын дедим эле, — деп оор дем алып, деми чыкпай кыйналып жатып айтты. — Мени кечир, мен сага абдан ыраазымын, мендей бечарага таптаза сүйүүң менен бирге болуп көрбөгөндөй бакыт тартууладың, сага мен ыраазымын!
— Антпе, Мыктар, мен өз сүйүүм үчүн күрөшө алам.
— Аман бол, бак-ты-луу бо-ол, — деп сөзүнүн акыр жагын шыбырай үзүп-үзүп айтты да, шалак этип колдорун таштап ийди.
— Мыкта-ар! — деп Айнакан аны баса калып бакырып жиберди. Мыктардын ооз жагынан жагымсыз жыт чыгып, мурдун өрдөй берди, ошол кезде анын мурдунан да, оозунан да кара кочкул кан шүүшүндөп агып, өң алеттен кетип жансыз жаткан. Эшиктен үч-төрт адам кирип келип, кыздын ыйлап жатканын көрүп, делдейе туруп калышты… Ошентип Мыктарды алып кетишти…
— Апам ушуларды айтып бүткүчө ыйлай берипмин, — деди Анипа. — Андан кийин апам кайра жатаканада жашаптыр. Качан гана ичи билине баштаганда Анипа курбусу экөө батирге чыгышат, менин боюна болуп калганын билгенде айылга барып, апасына ачык эле айтып акча алып келип, дагы төрөгүчө жашайт. Мага эки ай болгондо ал азыркы Темирбекке таанышып калат да, үйлөнөбүз деп шаштырганда мени айтпай таштап кетиптир. Эже, карасаңыз, — Анипа ыйлап отуруп, оор дем ала улутунуп алды, — менин атам дагы кандай оор абалда ата-энесин билбей чоңоюп, арман менен өтүп кетиптир, балким ал дагы мен сыяктуу ата-энесин көргүсү келген чыгаар ээ? — Жаштуу көздөрүн Айжамалга кадады.
— Балким ошенткендир, садага.
— Атам ошондой бечара болуп, бул өмүрдөн өтүп кеткенин укканымда аябай жүрөгүм сыйрылды…
— Сен бактылуу кызсың, капаланба, алтыным, эми кандай кылайын деген оюң бар?
— Сиз менен коштошоюн деп келдим, анан батирдегилердин акчасын аламын да, айылга кетем.
— Оо, ошондой де, айылга кетесиңби?
— Ооба, алар мени өздөрү менен жаша деп чакырышты.
— Ылайым тилегиңе жет, эми бир жакшы жигитке жолуксаң болду, — деп Айжамал ордунан турду. — Дагы сүйлөп берчи…
— Дагы айтсам апам жөнүндө сөз түгөнбөйт болуш керек, Анипа деген курбусу мени он-он беш күндөй багып жүрүп, акыры ал дагы кетип калыптыр…
— Ал азыр бар бекен?
— Ооба, катышып турат экен.
— Жакшы экен. — Ушул ирет Айжамал өзүн өтө бактысыздай сезип кетти, жадагалса жакын курбу да күтпөгөнүнө өкүндү. — Качан жөнөйсүң анан?
— Сиз уруксат берсеңиз…
— Кантип мен сени кармайм, Анипа, бир кездегилерди эстен чыгарып кой, көп иштерди жасадык, бирок сени мен зордоп алып келген эмесмин, көңүлүмө жагып калдың, алып калдым…
— Ооба, эже, мени кыздар азгырды да.
— Мага нааразы эмессиңби?
— Жо-жок, эже, сизге ыраазылыктан башка айтаарым жок.
— Рахмат, эс алалы анда.
— Макул, жакшы жатып, жакшы түш көрүңүз.
— Эмне?! — Айжамал чочуп кетти, түш дегенден коркуп, төшөккө баш койгусу келбей эптеп эрмекке Анипаны сүйлөтүп отурбады беле. Жатып көзү илинсе эле Акылбек көрүнөт да: «Сен мени унутуп баратасың, экөбүз бирге болушубуз керек. Кечикпе, Айжамал, мага жалгыздык катуу тийди, жүрчү кетели», — деп босогодо турган болот. Үйүн сатууга берди эле кардар чыкпай туруп алды. — Эмне дедиң, Анипа? — Бурулуп кайра сурады.
— Жакшы түш көрүңүз дедим, эжеке.
— Аа-а, — деп коюп, бөлмөсүнө карай басты. «Менин ички дартым менен мунун иши канча, ойноок неме да, кантсе дагы жаш эмеспи, жакшы каалоо айтканы да», — деп диванга жата кетти. Ошол күнү түшүнө дагы кирди Акылбек. «Сен эмнеге эле качасың, ансыз дагы канча жыл таппай убараландым, эми сени таштабай калайын», — деп жатканда бакырып тура калды. Анткени ал өзүн көздөй кучак жайып келе жаткан эле. Ошол бойдон көзү илинбеди, эртең менен Анипаны үйүнө коюп, агасына барды. Турусбектер үйлүү болгондон бери ирдене баштаган, Айжамалды көргөндө агасы кубанып кетти.
— Кел, Айжамал, кел, карындашым.
— Кандай жатасыңар, аке?
— Баары жакшы.
— Үй алмашсак кантет, аке, мага бул жактан чыгып, товар сатканыма ылайыктуу болоор…
— Ой, ошо заңгыраган үйүңдү бересиңби?
— Ооба, биротоло берейин.
— Жарайт, карындашым, качан анан?
— Өзүңөр каалаган убакта, — деди Айжамал.
— Анда эртең эле барабыз.
— Жарайт, үй ичиндегилердин керектүүсүн алам, калганы силердики, — деди да, кайра үйүнө келип, үй ичине арча түтөтүп, нан бышырып, куран окутту. Ар бир бөлмөсүнө арчанын түтүнүн толтуруп, кайра гүлүн үйлөп чачты да, эс ала түштү. «Сен эми бул үйгө келбегин, Акылбек, мени менен гана алек бол, асылсаң мага асыл», — деп ойлоп, айылдагы дүкөндөргө сүйлөшүп, оозу ачылбаган дүкөн товарларын, тоңдургучу менен муздаткычтарын сатмак болду. Мындайда ого бетер арзан алгысы келгендер тез эле келип, дүң баада алып кетишти. Эки бөлмө толгон товары өзү эле бир топ болду.
— Эже, эмнеге саттыңыз? — деди Анипа.
— Эми тынч жашоо керек.
— Баары бир, өзүңүзгө керек болмок.
— Дагы бир жыл турса ун-шекер менен рожки, вермишелдер чирип кетпейби, арактар го тура берет. Суулар эскирет.
— Аныңыз туура, склад кылып койгонсуз да.
— Акча болсо алып келе берипмин да, кызык эмнеге ошенттим экен, камаз менен ташыгандар да, — деп күлүп койду.
— Билбейм, сизден баягы сатуучу аябай эле пайда көрдү болуш керек, сиз андан отчет да алчу эмессиз.
— Мейли, аш болсун, — деп койду. — Эртең мен жолго чыгам, бирок бир аз күтөсүң го дейм, башка бир машина алсам кантет?
— Өзүңүз билиңиз.
— Эртең Турдубек акемди алып, машина базарды байкап көрөйүнчү, — деген соң үй ичин жыйнаштырды. Диван-креслолоруна тийбеди, өзү жаткан спальныйды гана алмак болду оюнда. Агасына берген үйдө деле бардыгы өзүнүкү эмеспи. Айткандай эле бирөө шаштыргандай тезинен агасына үй алмаштырды да, өзү шаардагы эки бөлмө үйгө көчүп келди. Эртеси Турдубекке барды, экөө машина базарга барышты, доллар менен евро жарышып, элдин баары еврого өтө баштаганда бир топ долларды еврого айландырып койгон эле. «Өлгөнчө каалагандай жашайын, балким түштүн мойну кылдай дегендей баары өтүп кетээр», — деп өзүн сооротуп алат. Кыдырып жүрүп капкара «Ниссан» жипти жактырды, минип жүргөн эле унаа экен, негедир арзан сатып жатыптыр, балким ал саткан адамга акча анча деле маанилүү болбосо керек. Турдубек ары-бери айдап көрүп:
— Жарайт, айныбай ала берсең болот, — деди.
— Макул анда, — деп сатуучу менен сүйлөшүп, үч күндүн ичинде документтерин бүтүрмөк болуп кол алышты.
— Карындашым, сен жарайсың, эки агаңа эркектей огожо болуп бердиң, эми бактың ачылсын, — деп келе жатканда Турдубек кубана кубаттады.
— Болсо силерден аяймбы, аке, болбосо суранып жүрмөкмүн, — деп күлүп койду Айжамал.
— Туура, болсо бири-бирибизден аямак белек?
— Аман болсоңор болду, Турусбек акеме сизден көбүрөөк кылдым, сиз таарынган жоксузбу?
— Жо-ок ай, үй-жайы жок алты-жети жыл эчтеке кыла албай жүрүштү, үч баласы да чоңоюп калды, жолу улуу анын, туура эле болду.
— Эми биротоло документин бүтүрүп берип койсом болду.
— Ошент, карындашым, эми бир атамдарга чогуу бала-чака менен барып, быйыл атамдын сексен жылдыгын өткөрүп койсок болот эле.
— Сөзсүз өткөрүш керек.
— Чогуу сүйлөшөбүз, Гүлжамалды да айтабыз, — деп кетип жатты. Айжамал өзүнчө ойго батып: «Мен кокус өлүп калсам атамдын сексен жылдыгы эмес мага аш бересиңер го», — деп ойлонуп баратканда Турдубек:
— Айжамал, сен муну өзүң алып, Ниссанды мага бербейсиңби? — деди күлө.
— Макул, өзүңүзгө биротоло каттатып алыңыз.
— Оо-ой чын айтасыңбы, Айжамал?
— Чыным менен.
— Анда болду, карындашымдын доорунда бир айдап калайын, — деп кубанычтуу жылмайды.
Агасынын кубанычын көрүп Айжамал: «Бул дүйнөдө өзүм үчүн эч нерсе кыла албадым, жок дегенде бир балам болсо болбойт беле, эми бир туугандарымды кубантып өтөйүн. Мага ыраазы болсоңор эле болду, кудайым оң көзү менен карап койсо аман калаармын» , — деген ойдо үйүнө жетти. Антип-минтип каттоо бүтүп, праваларын ордуна келтиргенче бир жумадай өтүп кетти, Анипа болсо майда-барат калган товарларын сатып бүтүрө алган жок. Ага Айжамал баарынан салып берип, машинага жүктөп, таятасынын үйүнө жеткирип берип, жылуу коштошкондон кийин үйүн көздөй жөнөдү. Жолгата ойлуу келе жатып, жуп өз айылына кире берээрде алды жагынан Акылбектин сөлөкөтү көрүндү. «Сен мени ээрчигениңди койбодуң, сени унутканым качан эле, эмнеге мага илээштиң?» — деп катуу айдап караандан өтүп кетти. Бир кезде көзүң жамандыкты көрбөсүн эмнегедир жүрөгү бир булкуп алганда артын карай берип, көргөн көзүнө ишенбей рулду башкарууга алы келбей, эсин жоготуп баратты. Акылбек жүгүрүп келип, артынан көтөрүп, машинаны түртүп жатты… Андан кийин эч нерсе билбей караңгылыкка сүңгүп кетти.
Кечке маал өтүп бараткан унаалар токтоп караса ичинде Айжамал өлүп жаткан экен, бириси аны тааный койду. Ошентип аны дагы өз жайына узатышты. Айылдын этегиндеги бозоргон топ мүрзөнүн четинде дагы бир дөбө пайда болду, ошентип Айжамал дагы бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Ата-энеси кызынын өлгөнүнө ыйлап-сыктап кала беришти…
Асылай сыр кылып бир абысынына айтты, ал дагы бирөөнө айтып, Айжамалды Акылбектин арбагы эле алып кетиптир деген кеп дуулдап барып, токтоп калды…
Уландысы бар…