Колдон учкан махабат ❤️9 бөлүм

Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт.
9- бөлүм.
—Тааныбайм, Эрмек сенин тай жагың окшойт. Сураштырчы, издеп таап алып кетчи. Суранам мени бул жерден сууруп чыкчы.
— Апаң эмне дейт болду экен, Күмүш сен апаңа каршы чыга аласыңбы? Мен сени алып кеткен күндө да апаң сөйкө салдыртып, ачык берип салуусу мүмкүн. Апаңа жакшылап түшүндүрчү.
— Эгер мени өз каалоомо каршы күйөөгө берчү болсо, анда мен өз жолум менен дагы кете берем. Апам бала кезимден багып кыйраткан эмес, азыр эле мени ойлоп коймок беле. Апам акчаны, аракты, тамакты жакшы көрөт.
— Күмүш, ыйлабачы. Мен сени куткарам, эч капаланба баары жакшы болот.
Сөзү аягына чыга электе эле колундагы телефонду жулуп алышты, кичине көңүлү тынчый түштү. Апасы калтырса да Эрмек сөзсүз алып кетерин жакшы билип турду. Баардыгы Күмүштү олтургуза албай убара болуп чарчаштыбы, акыры Күмүштү олтурган жеринен тийишпей өздөрү башка жумуш менен алек болуп кетти. Акырын терезенин түбүнө барып, эшик тарапка көз чаптырды. Бир кой байланып турат, сойбой кармап турушат. Эгер кыз олтурбай кетип калса жөн эле чыгым болушат да, шаңкылдаган бир келин машинаны короого токтоттуруп артына майда- баратын салып баштады. Жакшылап карап турса көөп кылып таттууларды салды анан бөлөк койду жыга чаап, артына жүктөдү. Арак жок экен деп, сүйүнүп олтурса, ары жактан Күмүштү алчу бала он бөтөлкөдөй таза арак алып чыгып жүктөдү. Арасында башкача түрлөрү да бар экен. Ичинен өлдү деди, аракты көргөн апасы түгөнгөнчө ичип, анан маакул болуп коймок. Өзү ойлогондой эле ачуу базарга кеткендер жок болуп кетишти. Гуля чын жүрөктөн сыйлап жатканы анык, кызы он алты жашта экени менен иши жок. Бул айылга тийсе апасы эки күндүн биринде келип, Күмүштү дагы уят кылып тажатат. Эрмектин таап келишин чын дилден тиленип, ыйлап олтурду. Көп өтпөй ачуу базарга кеткендер кирип келишти, бир жеңесин кошуп жибериптир.
— Жеңе мен олтурбайм, тааныбайм бул адамдарды. Апам эмне деди, алып кел дедиби?
—Жок Күмүш, эжем сени күйөөдөн чыгып келди болуп мени уят кылбасын деди.
—Иий катыгүн уялып калыптырбы эмне? Качантан бери? Ушул сөзүн жөн койсо болмок экен апам, көчөдө мас болуп, көйнөгү жыртылып жатып калганда уялыш керек болчу. Уят болсо уят экен, көп болсо кызы дагы өзүн тартыптыр дешет да.
— Күмүш кайын журтуңдун алдында өз абийринди өзүң төгүп жатасың, болду басыл. Ал сени тууган, сен апаңды эмес. Тайкен дагы олтурсун деди, чоң окууга окута албайбыз үй-бүлө кура берсин деп жатышат.
—Алар окутпаса мен өзүм окуп алам, аларга эч зыяным тийбейт. Иштейм, иштейм мен.
— Койчу Күмүш өзүң акылдуу кызсың, биздин абалды туура түшүнүп кой эми. Сен бактылуу болсоң биздин көңүлүбүз тынч болот.
—Качантан бери менин бактымды, биздин жашообузду ойлонуп, көңүлүнөр тынчыбай калды эле? Ээк силердей туугандарым бар экенине уялам, өлүп кеткиле. Мен баарыбир бул үйдө калбайм, Күмүш деген кыз силер учун эми өлгөн. Издебей койсоңор дагы болот.

Жеңеси менен айтышып жатканда он чакты бала үйгө бастырып киришти. Эч кимди карабай баарын түртүп, Күмүштү алып чыгып кетишти. Бул Эрмек болчу. Машинадан Эрмекти көргөндө кучактап жиберди. Кетип калышты, артынан эч ким кууган дагы жок. Туура шаарга алып барып, өзүнүн баатирине киргизип коюп кетип калды. Жекшембектин баласы Эрмек Күмүштү күйөөсүнүн колунан сууруп кетиптир деген ушак айылга дуу жайылып кетти. Ачуу базарга келгендер берген акчасын, ашкан нерселерин колдон жулуп кетишти. Кичине болсо да жыргап жашайм деп турган Гулянын оюу ишке ашпай аябай кыжыры келип, Жекшембектин үйүнө барды.
— Өлүгүңдү көрөйүн Жекшембек, балаң кана? Тукумуң кургур айбан экен, өзү албагандан кийин кызымды эмнеге жакшынакай олтурган жеринен сууруп кетет я? Же эмне сүйлөшүп жүрүштү беле?

Көптөн бери баласынын Гулянын кызы менен сүйлөшкөнүнө нараазы болуп жүргөн Нурландын апасы уух!-деп жиберди. Гуля менен куда болуууну элестеткиси дагы келбейт.

—Гуля кудай дечи, балээ болбодубу эми. Асылбаган менин балам калдыбы ыя? Ошол барган жеринен качып кеткен кызыңдын өлүгүн көрө бер уктуңбу! Жашабагыр десе тилинин заарын карап кой, керек болсо менин балам сенин кызыңды теңине албайт.
— Жеңе Нурлан айтып жүргөн Эрмек Күмүштү жактырат!-деп.
—Ай сен оозуңду жаап кал уктуңбу, сенин балаң экөө сүйлөшүп жүрүшпөйт беле. Эмнеге аралашып жатасың сен ары жок, бар балаңды башкарып алчы макулбу.
—Менин балам Күмүш менен эмнеге сүйлөшмөк эле, Күмүш баламдын жанын койбой артынан чуркайт эле.
—Эй ким кимди жакшы көрөөрү менен силердин ишиң эмне? Мага кызымды таап бергиле.
—Гуля, кызың он алты жашта болсо өтө жаш экен. Байкушту кыйнабай жайына койчу быйылча.
—Мен азыр милицияга барам, кызымды уурдап катып олтурат!-деп балаңды сотко берем. Башыңа балээ болом уктуңбу.
—Кокуууй менин балам сенин кызыңды эмне кылмак эле, барчы ай ары башымды оорутпай.
Милицияга мына мен барам, жашы жете элек кызды күйөөгө берип жатат деп арыз жазам.
— Өзүмдүн кызымды өзүм билем, кааласам өлтүрүп дагы салам. Эгер балаңдын тиешеси бар экени аныкталса таарынбагыла.
—Баламдын башына таш тийген жок, байкуш Акылга окшоп кырк жаштан араң өтүп, жүрөк кармап өлүүгө ыраазы эмес.
—Сен бир нерсе көргөн калыптырсың, менин күйөөмдүн өлгөнүн табалап жатасыңбы. Оо кудай, ушуну дагы жесир кылып, зар какшат.
— Каргышын как башыңа тийсин, тили бузук десе, жогол дедим.

Гуля шаарга жөнөп кетти, Айка менен турган баатирге барса Күмүштүн кеткенин айтты. Ал аз келгенсип жумушта чоң киши менен ойнош болгонун, Эрмек менен чогу мончого чогуу сууга түшүп келгенин ашырып айтып берди.
Кайдан издерин билбей Айканын үйүндө конуп калып калды. Айканын башын айлантып, Эрмектен Күмүштүн жаңы дарегин алдыртып алды. Күн жайынан араң көтөрүлүп жатканда, Гуля Күмүшкө жетип барды. Чоңоюп калган кызын көк алы кылып сабап, чачынан сүйрөп үйүнө алып кетти. Кудаларды кайра чакыртып, сөйкө салдыртып, кошуп жибермей болуп калды. Күмүш канчалык ыйласа дагы угуп койгон жок.
— Апаке, өмүрүмдө бир жолу бир нерсе суранайын, жок дебеңизчи. Мени күйөөгө зордоп бербеңиз суранам, жактырганым бар. Өмүр бою бактысыз болуп калам апа. Болбой берчү болсоңуз мен өзүмө кол салам, жашагым келбейт бирөө менен. Мен ал баланы тааныбайм. Апа, кызынызмын го, ичиңизден чыккан балаңызды кантип бактысыздыка, өлүмгө ыраа көрөсүз?
— Эрге тийсе бактысыз болот экенби эмне, эч андай эмес. Шаарга барып иштеп эмнени кыйраттын? Эрге тийесиң, бул акыркы сөз. Күйөөңдүн үйүнөн өлүмүн гана чыксын уктуңбу?

Үйдү ичинен жаап, ачкычты катып алды. Күмүш эшике чыга албай калды, бурчта ыйлап олтура берди. Бир маалда телефону ырдап калды, караса Эрмек экен.

Пример HTML-страницы

— Оу Эрмек, эмне болду?
—Эч нерсе, менде баары жакшы. Сени сураганы звонтетип жатам, акыбалын кандай?
— Жаман, мени бүрсүгүнү үйдөн алып кетет экен. Апам өз колу менен кошуп берет имиш.
— Жок тийбейм дебейсиңби?
—Менден ким сурап жатат дейсиң, эмне кылууну билбей калдым Эрмек.
— Өзүң жактырбаган, тааныбаган адам менен кантип жашайсың?
— Жашабайм, Эрмек өлүп берем буларга.
— Анда мен эмне болом? Сен мага керексиң да.
— Баары убактынча, сага ошондой сезилип жатса керек. Мен сенин теңиң эмесмин.
— Мага турмушка чыгат белең?
— Сен мени алмак белең?
— Мен сени жакшы көрөм, мага турмушка чыкчы.
— Качан?
— Азыр.
— Макулмун.
— Кийин өкүнбөйсүңбү?
—Эч качан, сен мени бактылуу кыласыңбы?
— Эгер мага турмушка чыксаң сен мен үчүн биринчи орунда болосуң. Сени эч кимге таарынтпай, болгон сүйүүмдү арнап, эң бактылуу кылам.
— Макулмун, мени азыр алып кетчи. Бирок, Нурлан эмне болот?
— Нурлан эми мага дос эмес. Сен үчүн баардык нерседен кечем, болгону сен эч качан өкүнбөсоң болду.
— Мен өкүнбөйм, мурункуларды эч качан эске салбайм десең, Нурлан менен достукту биротоло үздүм десең мен эптеп терезеден чыгып, сени күтүп турам..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️