Колдон учкан махабат ❤️12 бөлүм

Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт.
12- бөлүм.
Ошол күндөн тарта экөө бир жуп болушту. Көп өтпөй Күмүштүн боюнда болду, кыйналып жумушка чыга албай калды. Эрмек өзү жалгыз иштеп жүрдү, Күмүштүн көзүнүн карегинен тең айланып турат. .
— Эрмек, мен куурулган эт жегим келип жатат.
— Кууруп же Күмүш..
— Үйдө куурулган эмес, кафенин жанагы жашылча жемиш менен куурулганды.
— Түнкү үчтө кайдан кафе табабыз?
— Билбейм, машина таап түндө иштей турган кафеге алып бар мени.
— Күмүш мына төрт саат чыдасаң таң атат, анан алып барып тойгучан алып берем.
— Мен го мейли, ичимдеги чыдабайт да. Сен мен жакшы көрбөйт экенсиң.
— Чындыкты айтса эле жакшы көрбөй калабы эмне? Жакшы көрөм Күмүш, өзүмдөн артык көрөм.
— Анда мага азыр таап бересиң, уктай албай жатам. Турчу, болбосо акча бер. Такси айдатып түндө иштеген кафе издеп таап, жеп келем.
— Кызык немесин го, түнкү үчтө такси менен шаар айланып жин тийдиби сага. Сен темселеп барбай эле кой, өзүм таап келип берем.
— Макул, мага алма дагы ала келчи анда.
— Тапсам алып келем, алма саткан жерди кайдан издейм эми.
— Мына, сен мени бакканынды милдет кылып жатасың. Мен таарындым жебейм болду.
— Мейли жебесен, эртең акча берем каалаганыңды алып келип жейсиң.
— Ошентсем эле жагып жатып аласыңбы эмне? Мени ойлобойсунбу, тур алып кел.
— Бир жейм, бир жебейм деп эмне болуп жатасың? Өзүң дагы билбейсиң эмне каалап жатканынды.
— Билем, кафенин куурулган этин жегим келип жатат. Анан алма дагы.
— Тооба, мейли азыр алып келем. Таң атпай жумушка барышым керек, уктап калбасам экен эми. Уктап калба, эшикте калбайын.
Мурун боюнда бар аялдардын бир нерсе жакшы көрүп жейт экенин уккан бирок, мынчалык чыр салат экенин билген эмес. Түнкү үчтө көчөдө кафе издеп жүргөнүнө нараазы болуп, сүйлөнүп баратты. Күмүш чындыгында анчалык деле жегиси келген эмес, Эрмек жанында жатса жини келип жаткан. Тамакка эмес, күйөөсү жанында болбогонуна талгак болуп жаткан. Эрмек кеткенден кийин жыргап катып койгон татуусун алып чыгып, жеп жата берди. Саат таңкы беште кичинекей идиште салынган, куурулган эт менен эки чооң кызыл алма алып келип берди.
— Күмүш жаным, суранам саат жетиге чейин тынч уктап алайынчы э. Чай дагы ичпейм, мени ойготпо макулбу.
— Макул, рахмат бирок сен милдет кылып алып келгичен жегим келбей калды.
— Тууй ата айтканын карап кой, эй менден бөлөк эркек болгондо алып келмек эмес. Күмүш сыйлаган ушунчалык да жаным, мейли эркелигин болсо көтөрүп койоюн. Эми тамагыңды жеп алчы.
Күмүш унчукпай алмасын жеп олтуруп калды. Таң атып, Эрмек туруп жумушка кетти. Күмүш үйдө адаттагыдай жалгыз калган. Эшик такылдап калганынан ким экен!-деп таң калып тез барып ачты. Нурлан экен.
— Кандайсың аяшка, ден-соолук жакшыбы? Эмне үйдө элесиңби?
— Эмнеге келдиң?
— Сага келген жокмун Күмүш, досум кайда.
— Досун жумушта, келгенде кел үйгө кир дей албайм түшүнөсүң да.
— Ооба, Күмүш бүгүн айылдагы достор чогулуп калышыптыр аялдары менен. Бир чогулуп эс алалы дешти, баары бар бир эле силер жок. Кечирим сурап, чакырганы келдим.
— Билбейм, Эрмек сени менен болгон мамилени үзөм деген. Барбайт менимче.
— Алдын ала барбайт дейсиң да, же эмне досум сенден сурап калды беле? Башкарып алыптырсын көрдүм, айылдын баары бекер айтпайт да.
— Айыл эмне деп жатат? Нурлан сенин биз менен ишиң канча, же көрө албай жатасыңбы?
— Келип келип Эрмекти көрө албаймбы э? Эрмекке ичим ачышат, колумдан келсе жаныңа бир мүнөт койбойт элем. Кыйын экенсиң э бирок, тийбей жатып Эрмекти алдыңа салып, ата-энесинин колунан жулуп чыктың. Сен үчүн жеңиш болгону менен, тиги жакта аяш апамдын көзүнөн ак агып жатат.
— Эрмек согушка кеткенсип, бар жоголчу башымды оорутпай. Досуңду таап айтаар сөзүңдү айта бер. Мага үйлөн деп кыйнаган эмесмин Эрмекти, ала качып кеткен мени. Тийем деген деле каалом жок болчу.
— Койчу Күмүш, экөөбүз чогу баргандан баштап эле Эрмек эле Эрмек!-деп жүрүп тийип алдың го. Эрмекти башкарса болот экен дедиң да э? А менчи мен как башмын, мени алдай албайсың. Сен өлөөрүндү гана билбейсиң, калган бардык нерсени билесиң. Сен куу адамсың, сенден абайлаш керек.
— Нурлан, эл айтса дагы ушул сөздөрдү сен айтпашын керек эле. Сени чын дилимден жакшы көрчү экенимди жакшы билесиң, же эмне ичиң күйүп айтып жатасыңбы?
— Эмнеге ичим күйөт? Сени ансыз деле албайт болчумун, жөн эле убакыт өткөрүү үчүн кээде сүйлөшүп койчумун.
— Анда жакшы экен, ошонунду улант. Менин үй-бүлөмдон алыс жүр, зыян тийгизем!-деп ойлоп да койбо. Өзүң айткандай мен жаманмын, чындасам оңбой каласың уктуңбу!!.
— Алдыгы коркутканын Эрмекке өтөт уктуңбу, эптеп эрге тийиш керек болуп, Эрмек ошол убакка туура келип, сага жөн эле буюм болуп жүргөнүн жакында өзү түшүнөт. Ошондо көчөдө каласың, энеңе окшоп эрден эрге кыдырып, сансыз эркектин башын жеп жүрө бересиң.
— Нурлан, мен сага эмне кылдым? Менин мүнөзүм такыр башкача экенин жакшы билесиң го. Сенин ар бир сөзүң жүрөгүмдү тешип өтүп жатат, мейли айта бер, каалаганыңды айта бер, болгону менден алыс барып айтчы. Ушул түндөн чыкпай калайын Нурлан, эгер досуңду колдонуп жаткан болсом. Мага деле оңой болуп жаткан жок, баары тескери бурулуп кетти. Эрмектен башка эч кимим жок, ошол учурда Эрмек жанымда болбогондо мага эмне болоорун жалгыз кудай билет. Андан көрө жакшылыкча эле бизден алыс болчу, Эрмек сенден кызганат мени. Үйгө келгениңди айтпай койгонуң туура болот.
— Күмүш, күйөөгө тийүүгө мынчалык шаштың? Ушунчалык күйөөгө тийгин келген болсо мен деле алат элем го. Эрмек кылган эрдикти менин колумдан келбейт болчу!-деп ойлойсуңбу? Жок, адашасын. Колумдан баары келмек, сени өз үйүмө эрчитип алып бармакмын. Ата-энем мага эч качан каршы болмок эмес, менин тандоомду сыйлайт ар дайым. А сенчи кайдагы кедейдин баласын тандап алдың.
— Ушул сөзүң үчүн дагы жооп бересиң Нурлан. Беш жылдан кийин мен сени издеп табам, Эрмек эч кимдин жардамы жок бутка турат көрөсүң. Ошондо Эрмектин аты сыйлуу жерде айтылчу болот. Байлык, бийлик бул убактылуу гана нерсе. Кана беш жылдан кийин кимдин ким болоорун көрөлү.
— Келиштик, сен беш жылда Эрмектин башын жеп, кара жерге тыгасын мени айтты де.
— Оозуңа кара таш, утулган эмне болот?
— Уткандын каалаган бир тилегин аткарат.
— Келиштик, бул мелдешти эч ким билбеши керек жарайбы.
«» Сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадам»-деп коюшат эмеспи, дал ошондой болду окшойт. Ичтеринен экөө тең кектенип алды, Нурландын үй-бүлөсү ансыз деле бай адамдар. Нурлан болгону диплом алып, жакшы жумушка орношуп алса эле болду мелдешти утканы ошол. Күмүштө болсо эч нерсе жок. Эрмек дагы кичине жалкоорок, өзүнүн боюнда бар. Баланы төрөп, бала бакчага бергенче эле үч жыл өтүп кетет, баланы таштап иштейин десе багып берген эч кими жок. Нурлан кеткенден кийин үйгө кирип аябай катуу ыйлап алды. Өзүн жек көрүп кетти, жүрөгү ошол адам деп согуп турса дагы, сүйүүсү үчүн күрөшпөй оңой жеңилип бергенине. Өзүнүн ички уйгу-туйгусун башкара албай, өчөшүп досуна тийип алганына өкүнүп кетти. Азыр болбосо дагы убакыттын өтүшү менен берилген убадалар дагы унутулат, эч качан эстетпейм деген Эрмек дагы кечеки эле Нурлан менен жүргөн убакыттарын бетине койот. Апасычы бүтпөгөн дастан, эң алсыз жери. Гуля кызынын эле эмес бардык туугандарынын тилин кыска кылып койгон. Агаларын аялдары карындашыңды билип алчы деп оозун жаап койот, жезделери ырдайт да эми тим эле. Азыркы мелдешичи? Эмне кылып Эрмектин кадырын беш жылдын ичинде асманга көкөлөтөт. Ушул күндөн баштап үйдө олтурууга болбойт экенин билди, кийим тигүүчү жайда болсо бутка туруу мүмкүн эмес. Тапканы тапкандай жок болот. Ойлонуп жатып айла тапкандай болду, бир аз чогулткан акчасына мал кайтарганы ат алып, элдин малын жыйнап тоого чыгып кетмей болду. Бирок, айылдын баары ушак кылып жүргөндө малдарын Эрмекке береби жокпу бул күмөн болчу. Биринчи шаарга келгенде тигүүгө үйрөткөн киши чоң камаз алып, Кытайга каттап жатканын угуп калды. Таттуу алып, мурунку иштеген жерине барып, байкенин дарегин сурап кетти. Жанын койбой жатып, Эрмекти жанына кошуп берди. Аябай жакшы акча алат экен, экөө алмашып айдайт. Кээде Россияга дагы жүк алып бара беришет . Эрмек Күмүштү кыйбай жатып араң көндү. Ичи билине элек кез, үйдөгү кичинекей жарыбаган акчага сагыз, күн карама, курут кылып алып базарга чыгып, эптеп кичинекей бир жарым метр жерге илинип олтуруп алды. Ошол курутуна муздак суу кошуп, кийин дагы бир нерселерди кошуп жатып төрт айда олтурган жайын чооң дүкөн сымалга айлантып алды.
Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️