Колдон учкан махабат ❤️ 5 бөлүм

Колдон учкан махабат«же «Үзүлбөгөн үмүт».
5-болум.
—Мени урууга кандай акың бар сенин? Сен мени төрөп койдуңбу же багып койдуңбу. Сен ойлобо атасына окшоп чыдап жүрө берет деп. Сен атама аял болчусуң, а мага болсо эч ким эмессиң. Аял экениңе карабайм азыр, оозуңду жаап, ордуңду билип кал. Ушул кезге келип сага бир жолу каяша айттымбы? Ушул кезге келип атам экөөңдүн араңарга түштүмбү? Атамды аяп, эки жака бөлүнүп айласы кетпесин деп сенин кылганыңа көз жумуп келдим. Эми чыдабайм, аябайм. Колуңдан келсе алдыгы агаңа бутумду сындырт же өлтүртүп сал. Өлүп баратсам да эми унчукпай калбайм, атамдын бутун сындыртканынды дагы уктум. Өзүңдүн бутуңду баспас кылам.

—Кыял, болду кыл. Басыл дейм, олтур.

—Эжеке карасаң мага табак ыргытканын, бетим күйүп калды. Ал мага ким экен, ансыз да тилимди тиштеп олтурам. Атама кылгандарын эстесем муунтуп салгым келет.

—Эй сен мен келгенде бешинчи класс эмес белең. Чимкиригин аккан неме элең, ак жууп, ак тарап чоңойтуп койсом рахматын ушулбу?

Гүкү Кыялдын бетин тытууга дасторконду карап да койбой, нан, боорсокту тебелеген бойдон жетип барды. Акылдын карындашы ортого түшүп, ажыратканы аракет кылып жатса Гулянын эжесине сиңдисин кошулуп уруп жаткандай көрүндүбү чуркап барып, байкуш Айгүлдүн чачынан алды. Четте тургандар аларды ажыратып, кээ бири болушуп жатып ошол жердегилердин баары мушташып жатып калышты. Шумдук эле көрүнүш, жеткен шермендечилик, уят. Акылдын карындашы чаңырып жиберди.

—Уят, бети жок акмак экенсиңер. Айланайын жалынамын болдугула. Кече көмүлгөн агамдын арбагын сыйлап койгулачы. Ушунчалык ырыссыз, ушунчалык барксыз да болосуңбу ага. Айланайын сен өлбөй мен өлсөм кана, үч балаңдын шору катпайт эле мынчалык. Боорум ушунун баарын ичиңе салбай, бул уятсыздан кутулсан балким тирүү болот белең. Бизди каратып туруп бетин тытса, таштап кетсек өзүңдөй кылып өлтүрүп тынмак экен бул. Эмне кылам? Эмне кылам эми?

Пример HTML-страницы

—Керек болсо агаң өлгүчө бир басып келген эмессиң ушул үйгө. Эми бир-тууганга күйгөн адам болбочу уктуңбу, үйдү көздөп балдарды мага каршы койдуңбу? Шуркуя, азыр териңди тескери сыйрып, туз себем уктуңбу. Бар Кыялды алгын да баарыңар жоголуп кеткиле. Нурис менен Нурмат калсын, экөөнү тең үйлөп өзүбүз жашай беребиз. Салынып жаткан үйгө Нуристи бөлүп койом үйлөнтүп, Кыял сени мендей эч ким карабайт керек болсо. Буларга үй керек, сатып жеп бүтүп силерди айдап жиберет. Чыгып кет үйдөн, жоголгула.
—Кетпейм, агамдын кыркы өтмөйүнчө кетпейм. Боз үйдө болсо да жашай берем, аза күтөм, башына кырк күн шам жагам.

Гүкү бычакты алып, баарын коркутуп баштады. Бычактын сүрү шумдук экен, бирөө калбай эшике качып чыгышты. Андан мурун уруш болуп жатканда Күмүш апамды уруп салбасын!-деп милиция чакырып койгон экен. Бычак менен кууп жаткан маалда милиция кирип келди. Гүкү бычакты ыргыта салды.
—Милицияны ким чакырды?
—Кайсы убакта чакыра койдуңар? Тим эле Гүкү силерди союп жаткандай жетишкенин кара, кимиңер чакырдыңар?-деп эжеси анкылдап чыкты. Күмүш мен!-деп араң айтты.
—Мына кызы чакырыптыр, бычак көтөргөн бул, милицияга болсо эми эмне бизди салып берген турабы?
—Туура кылат, апасын баарылап жатсаңар чакырат да анан.
Азыр эле ким чакырды деп жатты эле, эми болсо Күмүш экенин билип кайра туура деп жатпайбы түлкү.
— Эмне болду? Кимге ким тийишип жатат?
—Могулар. Тоодон келип алышып, апама бакырып жатышат.
—Ким? Эмнеге? Башынан түшүндүргүлөчу!
—Кече папам өлүп калган, анан туугандары келип алып балдарын апама каршы коюп уруштуруп жатат. Баарын камагыла.
— Күмүш апаңдын кылган жиндилигинен өзүң тажап жүрөт элең го, эмне калп айтып жатасың? Сарайда түнөп калган күндөрдү унуттуңбу? Азыр деле баары күбө, ким баштады айткылачы?
—Нурис кече эле төшөккө сийип койот элең, апам жууйт эле го. Атаңарды папа деп жүргөнүмө ыраазы болгула, силерчи жеңе дейсиңер апамды. Кеткиле баарыңар бул үйдө биз калабыз, Алиянын үйү.
— Бул аял мени тамак салынган табак менен урду, бетиме ыссык тамак чачырап күйүп калды. Мен Арыз жазам, больницага барып мага келген зыянды кагазга түшүргүлө. Эми мага баарыбир, каматам бул аялды.

Гулянын эжеси чочуп кетти, Гуля былтыр дагы кошунасы менен мушташып, байкеси араң чыгарган. Азыр дагы кармалса, бул жолкусунда оңой кутулбайт.
—Ай бери келчи Кыял, макул биз кетебиз. Мен сиңдимди алып кетем. Үй дагы силердики, Гуля келгенде үй бар болчу. Талашпайт сөз берем, сен арыз жазбасан биз азыр дароо кетебиз.
Кыял ишенип калды, арыз жазбай койду.

Бүтпөгөн сөздөр токтобостон уланып жатты, адамдын оозунан ушундай жийиркеничтүү сөздөр чыгат экен. Ушунчалык сөз уккандан көрө, бир чака ылайды куюнуп алган жакшы эле. Гулянын мынчалык доолу, сөз бербес, сөз тандабас экенин көргөн Акылдын карындашы Айгүлдүн жүрөгү кармап олтуруп калды. Эки аял жетелеп боз үйгө киргизип койду, милиция дагы эмне болуп жатканын түшүндү көрүнөт, Гуляга бул адамдардын бирөөсүнө бир нерсе болсо сен жооп бересиң!-деп кетип калышты.
Эми кетишет экен деп турса кетейин деген ойу жок бул аялдын. Кечинде балдардын өз апасынын туугандары куран окутканы келишмек, ошого деп Айгүл келиндердин бирине дасторкон даярдаткан болчу. Ошол дасторконго өтүп, Гуля колуна тийгенди жеп баштады.
—Азыр бул жака киши келет, дасторконго тийбе.
— Өзүмдүн үйүмдө өзүм билем, ишиңер болбосун. Ким келет айтчы ким?
—Балдардын таежелери.
—Менин туугандарым келсе бул үйгө киргизилет э, өлүп калган катындын туугандары сыйга киргизилеби? Мына силерге мына!-деп колуна тийгенди ыргытып жатты.
—Мен кетем, бир мүнөт да бул үйдө турбайм. Мен жашмын, мен дагы эрге тийем, эми эркек тууйм. Мен керек болсо баласы жок, жаш эр таап тийем. Акылдын сөөгүн сыздатып туруп, кыркына калбай тийем карап тургула.

Гуля үстүндөгү кече кийген көк көйнөгүн ортосунан жыртып салды. Башындагы кара жоолукту алып ыргытты дагы ич кийимчен уялбай төркү бөлмөгө кенен басып баратты. Бул учурда кошуналар дагы бүт чогулуп калган эле, эркек аял дебей баары турган. Жарым жылаңач басканы эч нерсе эмес, үстүндөгү көк көйнөктү жыртып ыргытканы аябай жаман болду. Элдин баары наалат айтты. Алысыраак жашаган кошуналар Гуляга болушалы!-деп келишкен экен. Жаман болсо да жети жылдай чогу жашап, жок дегенде тамагын бышырып, идишин жууган. Атаңар жакшы көрүп жети жыл жашаган аялды Акылдын арбагы үчүн, жок дегенде кыркы чыкканча тийбегиле дегилери келген. Гулянын бул кылганын көргөндө таң калышты.
—Ичип алып, күлүп, ырдап, биз менен жакшы учурашып жүрсө биз муну жакшы экен деп жан тартканы келиптирбиз. Сага чала болот, Акылдын башын аттап, аза туткан көк көйнөктү кырк күн кийе албаган сен адамсыңбы. Өлүп кет, сага жан тарткан биз жинди.
—Силер алыс жашап билбейсиңер да Гулянын кандай экенин, кыш, жаз дебей байкуштарды балта менен коркутуп көчөгө кууп чыкчу. Түндө сарайда түнөп калышат эле, былтыр болсо многу агасы Акылдын бутун сындырып салган. Больницага алып барбай, карабай койгондо байкуш Акыл жөргөлөп чыгып, кеч күздө муздак сууга жуунуп, тез жардам чакырып кеткен. Нурис байкуш ошондо титиреп, байкеме чалып бер деп келиптир. Телефонду берсем номурун эстей албай койгон. Ошол менен Акыл бирөөгө айтууга тыюу салды көрүнөт унчукпай калышты. Негизи туура эмес кылдыңар, Акылды текшерүү керек болчу, анткени ошол күнү жакшынакай чуркап жүргөнүн көргөм. Бир нерсе кылып койду бул.
—Ооба бир нерсе кылып койду, баягы күнү Гуля , менден Акыл өлсө үй мага дароо өтөбү !- деп сураштырып жүргөн. !-деп кошуналары Гуляга жабыла түшүштү.
—Жалаа бул, куру доомат. Акыл мени жакшы көрчү, артымдан калчу эмес. Акыл мени жанындай көрчү, азыр тирүү болгондо баарыңарды кууп чыкмак. Мага сүйлөтмөк эмес, ал мени коргойт болчу. Алия көрдүңбү сенин туугандарың кандай адамдар, ошол үчүн Акыл силер менен катышпайт экен да. Тирүү кезинде босогону бир аттап келбеген туугандары өлгөндө келебиз деп жүрүшүптүр да көрсө. Кара мүртөз акмактар..
—Гуля жап оозуңду, биз кетебиз. Жүктөрдү чогулт, жетер ушунчасы кетебиз.
Эй мен Акыл өлгөндө чуркап жүрдүм, коркконумдан эмес күйөө баламды сыйлап жүрдүм. Керек болсо сойдурбай алып калган дагы мен, эмнеге ушундайсыңар? Жок дегенде кыркы чыкканча чыдаган жоксуңарбы? Акыл ушунчалык кадырсызбы? Кызы эмне болот? Ушул дагы силердин кан керек болсо.
—Карындашыбызды бага албаса таштап кете бергиле, мен өзүм багып алам.
—Эй балакай, билесиңби мен киммин? Мен ардагермин, миңдеп учкан октон аман калган баатырмын. Силерди чекеден атып салууга да күчүм жетет, ушул сөздөрдөн кийин бул үйдө тынч жашайм деп ойлобо. Энеңе, атаңа буйрубаган үй сага буйруйт деп ойлоп жатасыңбы? Ушул үйдөн үч жыл катары менен үчөөнордүн сөөгүнөр чыксын ылайым, жакшылык көрбөгүлө. Чекеден кырылып калгыла оомин.
—Эмне деп жатасың эй, баатыр эмес мага демек министр болбойсуңбу. Мен сенден коркпойм уктуңбу.
Кыял менен Гулянын агасы мушташып кетти, туугандар араң ажыратышты. Азыр бир сөз аз, эки сөз көп болуп турганда булар таппай турушат. Бир нерсе болсо дароо милицияга салып берери анык. Абайлаш керек, Акылдын иниси аябай акылдуу экен. Өзүн колго алып, баардыгын акыл менен кароого дарманы жетти. Азыр эптеп буларды кетириш керек, булар үйдү кыйбай, эптеп жиндерине тийип, чоң чыр чыгарыш керек болуп жаткан. Ачуу душман, акыл дос дептир. Баардык сөзгө чыдашты, үн катышкан жок. Баары боз үйдөн чыкпай, кетишин күтүп олтуруп алышты. Кошуналар болсо Гуляны балдарга бир нерсе кылып койбосун!-деп боз үйдүн сыртында кооруп турушту. Келгенде кичинекей бир баштык көтөрүп келген Гуля азыр болсо үйдөгү буюмдарды чекеден салып баштады. Анда дагы өздөрүн басышты, жети жылдын ичинде айдай буюмдарды кор кылып эскилигин жеткирген эле. Чириген буюмдарга ичи күйгөн жок, балээнин баары ошол менен кетсин дешти. Кыял Россиядан атасына чоң, жалпак телевизор салган, ошону да салып алды. Апасы өз колу менен соккон гилемди, айтор бир төшөк дагы калган жок. Чоң машинага жүктөп кетип калышты. Алар кеткенде саат түнкү бир болуп кетиптир. Боз үйдөн чыгышып, үйгө киришсе үй сарай болуп калыптыр. Бир бурчта тамак, экинчи бурчта салат, үчүнчү бурчта сынык нандар төгүлүп жатат. Жерге төгүп салышыптыр. Эртеңкиге союлган торпоктун этти, гуручту, канттын баарын алып кетиптир. Ал тургай жаңы алынып келинген беш жүз нанды дагы алып кеткен. Нандын кесири урса экен ушуларды. Убалды билбеген айбандар. Айгүл ыйлап жиберди, ансыз да балити чыгып араң турган үй эми сарайдан айрымаланбай калыптыр.
—Эми эмне кылабыз? Эртеңкиге киши чакырбадык беле, эми эмне кылабыз? Уят болдук, шерменде болдук. Элдин аягы тыйылганча өздөрүн баса албаптыр дейт, жеңесин кууп салышыптыр дейт.
—Дебейт, ал өзү кетип калбадыбы.
— Түнкү бир болду, эл таң атпай келип баштайт.
— Айгүл эмне ыйлайсың? Биз турабыз, кайгырба, силер үйдү жыйнай бергиле. Биз болсо баарын алып келебиз азыр. Акылдан бир жаш улуу аталаш тууганы Айгүлдү жоошутту. Үч машина шаарды көздөй бет алды, бирөөсү үйүндөгү төшөк, гилем, дасторкондун баарын жүктөп келди. Экинчи машина идиш аяк, казан, самоор алып келди. Кыял болсо жыйырма төрт саат иштеген дүкөндөн баардык жокту алып чыкты. Саат төрттөн өткөндө үйдөгү койдун экөөсүн союп асышты. Үйдү жыйнаса үйдөн төрт кап мусор чыкты. Керек эмес жараксыз кийимдер, ар кайсы жакта жаткан кагаздар, ар бурчка тыгылган Гулянын тряпкалары да чыкты. Кусуп жиберишти, айла жок кантет анан. Бир жерди катуу кагаз менен жаап коюптур, ача койсо полдун бир тактайы сынып калыптыр. Ошол жерге шыпырынды чогулта берген экен, чыгарса жарым кап болду. Эки жылдан бери чогултканбы ким билсин. Гуля мейли ичип, жумуш кылбайт экен. Күмүшчү? Күмүш күндө үй жыйнамыш этет го, энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт деген чын окшобойбу. Эртең менен Кыял нан алып келди, эч нерсе болбогондой эл келгенде дасторкон жайылып, баардык нерсе коюлуп калды. Тууган ушундай учурда тууган экен да, булардын абийрин жаап кетишти. Бир чети сүйүнсө, экинчи чети жетим калган балдардын келечегин ойлоп, баардыгы капа болуп жүрүштү. Гуля эмне кылышты дедиби, таң атпай Күмүштү жибериптир. Жаңы чайга олтурушкан да Күмүш кирип келсе Айгүл чочуп кетти дагы келип алыптыр деп. Бир нерсени шылтоо кылып келиптир, бардык үйдү издемиш этип тинтип чыкты. Таптыбы жокпу көптөн кийин барып кетти.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️