Колдон учкан махабат❤️ 18,19 бөлүм

Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт.
18- 19-бөлүм.
Шаарга келген соң, желкесинен үч тонна жүк түшкөндөй ;»Уф»-деп олтуруп калышты. Эч качан апасынын кылганын туура эмес!-деп ачык айта алышкан эмес экен. Алиянын апасына болгон көз карашы жумшара түшүптүр, апасын караганда баягы жек көрүү жок азыр эмнегедир.
— Алия, туугандарынды таап жыргап калдыңбы? Бизди чанып кетпесең анан.
— Силерди чана турган оюм болгондо тээ апам кууп чыгып, көчө тентип жүргөндө эле үйүнө кирип албайт белем эжеке. Эки тарап мага бирдей бирок, тилекке каршы ал жакта атам жок эми.
— Кой антип маанайыңды түшүрбө Алюш, байкадынбы Кыял Акыл папама окшошуп кетиптир э?
— Койсоңчу, атамдай адам жок болсо керек эх.
— Жок, мен пейилин айтып жатам, биз үчүн көрбөгөн күндү көрдү бечара. Ошондо дагы кыңк этпей эшигин ачып берди э, папа дагы ушундай эле. Апам канча ичип, жаңжал кылбасын дайым кечирип койчу го.
— Анысы туура дечи, жакшы бала болуптур. Эжеке, катташабызбы эми?
— Катташпай эмне, бир тууган болсоңор.
— Мен сени дагы айтып жатам, элестет кандай соонун болмок. Эсиңдеби, бир жылдары баарыбыз чогулуп көлгө барып жүгөрү бышырып сатканыбыз?
— Эсимде, сен менин жанымдан чыкпайт элең. Алия, эске сактоон күчтүү экен э? Анда сен төрт-беш жашар бала болсоң керек менимче.
— Жок, иштеп келип мени атам мектепке биринчи класска алып барган. Чоңоюп калган кезим экен, атамдан андан башка элес калган жок менде.
— Кайран киши өгөйлөгөн эмне экенин билбеген жан эле чындыгында. Апам ичип туруп албадыбы, тынч жашоо болгондо балким, алиге чейин кашыбызда жаркылдап жүрмөк.
— Ооба эжеке, атам тирүү болгондо биз көргөн азаптардын бирин көрмөк эмеспиз. Жакшы адамды эрте алат экен да кудай.
— Ошондо баары апамдан көргөн э?
— Чынын айтсам мен азыр деле апамдан көрөм.
— Эмне деп жатасың Алия?
— Эжеке, апам экөөбүзгө тең бирдей. Мен өз апамды айтып жатам, сенин эле апаң болгонсуп жинденбе. Ошондогу эжекемдердин ыйлаганы, апамды каргаганы кулагымда дагы деле жаңырып турат.
— Ооба сага эжекендер өздөрү тажаал экен да.
— Апам уктай элек, өткөн иш өттү эми, баарын унуталы. Апам түшүнүп таарынып калбасын.
— Мен дагы ошондон корком Алия, өзүнө келе баштады, кылган күнөөлөрүн эстеп, өкүнүп өзүнө кол жумшайбы деп кооруй берем.
— Кой антпе, апам өзүн катуу сүйөт. Бизден көп жашайт керек болсо.
— Эжеке мен деле эч нерсеге карабай кетип калгым келет кээде.
— Эмне токтотот анан?
— Силер, ойлоп көрсөм бизде башка тууган жок экен. Сен мага, мен сага төркүн болот экенбиз.
— Сага мына төркүн чоңоюп жатпайбы.!-деп уктап жаткан баласын ыктады.
— Ошону айтам да, кетип калсаң анан бир жерден бир күнү өлүп калсаң.
— Кудай сактасын дечи, оозуң мынчалык бузуку.
— Жок эжеке болгон кепти айтып жатам, жерге берген эч ким жок жанагы студенттерге кескилеп ойноого оюнчук болосуң да.
— Ооба, туура айтасың. Өлүмдү дагы эскерип жүрүү керек. Өлүмдү секунд сайын эскерип туруу керек экен, азыр эмне болушуңду билбейсиң. Кой сөздү аяктап эс алалы.
— Эжеке, жездем менен болду бүттүбү?
— Билбейм, жаш бала кучактаган келин менен тааныштырды. Аялы экен, балалуу болушуптур. Жарашуудан баш тартты, күчтөп алып келе албайсың да.
— Өзүң башында туура эмес кылгансың.
— Билем, ошонун азабын мына тартып жатам.
— «Ат казыгын табат». Бир күнү өзү эле жарк этип кирип келет.
— Койчу, биз көнүп калдык. Анан мен баарыбир төрөй албайм башка. Көп балалуу болсун, келбей койгону дагы туура болду, бактысын байлабай. Оюмча жакшы жашоо жок болчу жарашкан күндө дагы.
— Мейли, азыр деле кудайга шүгүр. Ач калган жокпуз, ден-соолугун калыбына келди.
— Ооба туура. Эң жакшысы Кыялдан кечирим сурап туура кылдык э, жүрөгүмдө жүк болуп турат эле, жеңилдеп калдым.
— Таарыныч дагы жаман да, жүгү өтө оор.
— Мейли жакшы жат алтыным.
Эже сиңди бирин-бири карай жылуу жылмайып алып, уйкуга кетишти.
Жылмаюу баардык ооруга дабаа, жан дүйнө урайын деп турганда бейтааныш адамдын жылуу жылмаюусу куткарып калышы мүмкүн. Гуля бул учурда уктабай жаткан, мурункудай кыздары, жатаарда байлабай дагы калышкан. Тилин жуткан баладай чулдурап сүйлөгөнү болбосо, акыл эси жайына келген сымал. Жана деле айылга барганда баарын билип турду, чын дилден кечирим сурагысы келди бирок, кудай урганда дагы ушул каргыш тийгир заар тилин урганбы эч сүйлөй албай койгон. Ыйды ичине жутуп ыйлап жатат.
Эй, адамдар карасаңар. Бир убакта эч кимди теңине албаган ажаан аял ыйлап жатат. Ыйлаганда дагы чын жүрөктөн, өзүн жек көрүп ыйлап жатат. Ыйлагын келген кезде ыйлаш керек, туура ыйга кыйанаттык кылбаш керек.
Гуля өзүн ыйлаганы акысы жоктой сезип, ыйын ичине жутуп, жутуп ыйлап жатат. Эң жаманы ушул тура, жүрөгүңдүн астында тогуз ай жашап, анан жарык дүйнөгө келген өз кыздарыңа айта албай ичке жутсан кандай адам болдуң?. Өз балаң түшүнбөгөн кандай арман эле? «Ырас»-болуптур деген мазактан коркуп турасыңбы? Дагы деле өзүңдү ойлоп жатасыңбы? Эстедим, эстедим. Сен кудайдын каарына калган немесин да, ушул тилиңдин, тамагыңдын артынан сүйлөй албай тилден калган байкушсун да. Кыздарыңа эмне болуп жатканын айта албайсың да. Мен сүйүнгөн жокмун. Четте карап турган адам болсом дагы табалаган жокмун. Мен тобо кылдым. Сени көрүп, өзүнүн кимдигин унутуп баражаткан аялдар эсине келсе экен деп жатам. Эң жаманы аял үчүн, жашоонун эң кызык жерине келгенде, ушундай абак сымал бир бөлмөдө жалгыз калуу. Жакындары, өз канынан жаралган балдары бар туруп, башында баш калкалоочу үйү туруп жападан жалгыз калуу. Жаш ордуна көзүнөн кан агып калуу. Күнөөсүз запкы жеп, көзүн ак басканча ыйлаган энелердин убалын тартып калуу. Же боорукерлик, сабырдуулук, акылдуулук, кең пейилдик, ар намысын бек кармоо эмне экенин билбей туруп жараткандын алдына кетүү болуп саналат. «Аркы дүйнөдө эсептешем»-деп сыздабай «кудайга салдым»-деп гана койуу жетиштүү экен. Өз кызы жинди канага тыгып, душманга ыраа көрбөгөн азап тартуулады. Бул себеп. Күмүш жөн гана себеп болду, кудай берген жазага.

— Күмүш, кандайсың. Акыбал жакшы элеби?
— Жакшы Нури, өзүң кандайсың. Акыбал мыкты, тынчылыкпы?
— Апей, сен уккан жоксуңбу?
— Эмнени? Эмне болду? Нури түшүндүрүп айтчы, Кыял, Нурис жакшыбы?
— Алар жакшы, сен тынчтан. Мен сени билет экен деп акыбал сураганы коңгуроо кылып жатса.
Эрмек тиги Орусиядан кырсыктап келиптир деп жатышат. Сени аябай сураган имиш, кабар берсе керек дегем, кечир.
— Эмне кырсык? Тирүүбү?
— Туут.. тууут……
Андан ары сөз улай албай Нури телефонду коюп салды. Кыялдын аялы, Күмүштүн бала кездеги жан курбусу атайын кылган жок. Чын эле акыбал сурайын деген балким, коңгуроо кылганы деле туура болду. Эч ким кабар бербептир, бир нерсе болуп кетсе кабарсыз калып кетмек экен.
—Кабар келди, жаман кабар келди. Эрмек кырсыктаптыр. Эмне болгонун жакшы түшүнбөй калдым. Алия ооруканаларга коңгуроо кылчы, бири калбасын, табуу керек.
Мейли дейт элем эгер мени көргүсү келбей жатса. Бирок мени издегенине карабай мага кабар беришпептир. Ушунусу туурабы? Кантсе да ортодо бала бар го, баламдын ата-журту го. Жалгыз туяк болот эмеспи. Балага зар болгурлар, шашпа шашпагыла.
— Эжеке тынчтан, азыр билебиз. Таптым окшойт, жүрү кеттик. Баланы алайынбы?
— Жок, атасы кандай акыбалда экени белгисиз. Балага травма болбосун, баары жакшы болсо эртең деле алып барабыз.
Ооруканага тез жетип барышты. Кире беришинде оорулуулардын аты жөнүн кагазга жазып, илип коюптур.
— Эрмек, үч жүз тогузунчу палата экен.
Эшикти какпай кирип барды. Өзүнө такыр тааныш эмес адам жаткандай. Өңү бозоруп, бетинен кан жүрбөй калыптыр. Араң жан, арыктап кеткенби?. Буга эмне болгон?
— Эрмек, жакшысыңбы? Сага эмне болду? Эрмек мени кечирип койчу, баарына ыраазымын, кандай акыбалда болбо бизге кайрадан кайтчы. Сен жакшы болуп кетесиң, мен сени өзүм айыктырып алам. Мен сени жакшы көрөм Эрмек, мен сени сүйөм.
— Күмүш, кайда жүрдүң? Канча күндөн бери сени күтөм, жоксуң. Мен дагы сени жанымдан артык көрөм, сен аны жакшы билесиң. Сени бош жерден күнөөлүү кылып, экөөбүздү тең азапка салдым. Же ортобуздагы сезим бул сүйүү экенин түшүнүү үчүн кылгандарым туура болдубу? Өзүм билбейм. Сага көз каранды болгум келбейт, мына кара!-деп үстүнө жабылып турган жуурканды ачып жибергенде Күмүш бакырган бойдон жерге олтуруп калды. Бир буту тизесине чейин жок экен.
— Эмне болду? Бутуң кайда?
— Кудайдын буйругу экен, дагы бир жолу айтам. Сага жүк болууну каалабайм, эгер ушул акыбалыма ыраазы болсоң мен, дагы бир жолу ата-энеме каршы чыгып, сени менен бирге кетем. Эгер жок десең азыр бөлмөдөн чыгып кет, экинчи кайтпа. Атыңды угузба, карааныңды көрсөтпө экинчи.
— Ыраазымын, ушул турушундан айланайын. Сен мени кабыл аласыңбы? Мен сага татыктуу боло аламбы? Сөз берем, сага башымды көтөрүп сүйлөбөйм. Үйгө кеттик, убагында баалап, сактап кала албай колдон чыгарган бакыттын даамын эми таталы.
— Эрмек эч жакка барбайт!-деп Эрмектин апасы Күмүшкө сөөмөй кезеп бакырды.
— Сен мастан, шуркуя, келесоо, аягы суюк үчүн балам ушул акыбалга жетти. Баламды дагы салып берчү акмак жок, сен баламды бул жолу өлтүрүп койосун. Жогол, чыгып кет. Өз бутуң менен чыгып кетпейт экенсиң мен сени терезеден учуруп кууп чыгам. Керек болсо өлтүрүп салам, күмөн санаба балам үчүн сени өлтүрүү мага кеп эмес.
Кайненесинин кызарган көздөрү Күмүштүн жүрөгүн шуу эттире койду. Тизелеп бутуна жыгылды.
— Айланайын жан апа, мени кечирип койгула. Мага бир мүмкүнчүлүк бериңиз, суранам.
— Жок, баламдын жаны мага баарынан артык.
— Силер менен барбайм, менин өз үй-бүлөм бар, өз үйүмө барам апа.
— Эрмек дайыма сени угуп келем, эми мына мени угасың. Бербейм, бербейм. Ажалдын колуна өз колум менен тапшырып берейинби эмне? Жок балам, бербейм.
— Апа, мени бир күн болсо дагы узагыраак жашасын десең бизге тийишпе. Жакшы билесиң мен адашып, Күмүштү таштап кеткенимди.
— Андан кийин күйөөдөн күйөөгө тийип, атагы чыккан бизнесмен болуп кеткен аялың.
— Доктур, жалгыз калгым келет сураныч, апамды узатып койгулачы. Аялым артынан чыгат.
— Ушунун көргөндө башың айланып, апаңды чанып кетесиң дайым балам. Бул сенин башыңды айлантып алган, арам канын ичирип койгон, кудай күбөө. Балам, суранам өзүңө келчи.
Унчукпай койду. Баласынан жооп кайткан жок. Эрмек көзүн жумуп, тескери кара жатып алды. Апасы чыгып кеткенден кийин Күмүш эмне деп сүйлөөнү дагы билбей калды. Жанына жетип, кучактайын дегенде Эрмек колу менен «токто»-деп белги берди. Ордунан жыла албай ыйлап, туруп калды, колдору титирейт, буттары азыр кулайбыз дегендей алын жоготуп, кандайдыр түбү жок чуңкурга түшүп баражаткансыды.
— Эртең саат үчтө кел, майып араба издеп убара болбо алып койгом.
Болду башка сөз чыккан жок, сүйлөөгө сөз таппай үйүнө кетти.

Уландысы бар…..
Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт.
19- бөлүм.
— Күмүш, сен деги айнып кеттиң акыркы күндөрү. Жездемди кайтар дегенде, соо, жумушка жарай турган, эл көзүнө уялбай чыга ала турган кейипте кайтар дегем. Үйдө апамдын жатканы аз келгенсип эми дагы бир майып кошулабы? Аны ким багат? Баягы эле Алия багат да э, апамдын төшөгүн кургата албай жатканда башыма дагы бир балээ үйүп жатасың. Эгер мага бактырам деп жатсаң анда азыр айтып койоюн, мен кетем, бакпайм.
— Алия, болду тынчтан. Кудай көрсөткөн күндү көрөрбүз сен кетсең, качан кетесиң?
— Кече сени карабай койгон күйөөңдү менден өйдө коюп жатасыңбы? Эркек табылат, бир тууган табылбайт эсиңде болсун. Мени кууганына дагы өкүнөсүң.
— Эмне кыл дейсиң? Кууганым жок, өзүң кетем деп жатпайсыңбы. Өзүм дагы жашоодон тоюп кеттим, эч кимди көргүм келбейт. Кээде өз баламдын үнүн дагы жээрип жатам, кете бергилечи, мени жалгыз таштагыла. Тажадым. Сен бир тууган болуп туруп мени түшүнбөйсүң, колдоо көрсөтүү эмне экенин билбейсиң. Апамды дагы алып кеткин.
— Ал сенин апаң, мен аны кечирген эмесмин, мага анын кереги жок. Өзүң жинди калдыңбы эми чыда, же карылар үйүнө алып барып сал мага демек.
— Ушундай дагы таш боор болосуңбу? Сен Алия эмессиң, сен Алия болууга татыктуу эмессиң.
— Жиндиканага караганда карылар үйү абийирдүү.
Жашоо бир муштумдап олтургузуп койсо жанарак, азыр Алия экинчи муштум менен жыгыта сала кетип калды. Үйгө барып дагы Алияны көргөн жок, чын кетиптир.
Эртеси машина таап ооруканага барды, палатага кирсе Эрмек эчак жыйналып, керебеттин четинде Күмүштү күтүп олтуруптур.
— Эрмек, көп күтүп калдың э? Үчтө кел десең мен шашпай…
Өзүнчө актангысы келгенде Эрмек кош көңүлдүк кылды, сөздү улай албай жанына жылды. Майып арабаны алып келип коюшуптур. Күмүш өзү көтөрүп олтургузганы жатканда Эрмек болгон күчү менен түртүп салды. «»Мен алсыз эмесмин, мага жардам кереги жок»!- дегендин биринчи айтылышы эле. Сөз сыртка чыкканы жок бирок, Күмүш дал ушундай мааниде түшүндү. Карышылыгына карабай колунан жөлөп, жардам берди. Артын салып олтурган Эрмекти Күмүш асталап сүйрөп баратты. Майып араба деле эски экен, үйгө барып май куйбаса кыйчылдаган үнү мээни жеп салды. Лифтке түшүп, биринчи кабатты басып күтүп турду. Эмнеге экөө бирин-бири карай албай жатты экен? Ыңгайсыз акыбал, эмне сөз сүйлөөнү дагы билбей үнсүз ылдый түшүп барышты. Арабаны артынан түртүп жатып жерди караса эки тамчы суу болуп калыптыр. Эмнеге көзүн алып качат десе Эрмек ыйлап жаткан тура. Эр адамдын сынышы ушундай бат беле?
Унаага жеткенде артынан каргыш үн чыкты.
— Балаңдын жакшылыгын көрбөй кал сен дагы, өзүңдү тартып арам болсун. Сени кууратып, менден беттер бол, көчөдө темселеп калгыр.
— Апа, өз балаң ушул акыбалда жатканда эмнеге жалгыз баласын каргап жатасың? Андан бөлөк баласы жок, болбойт дагы. Карабай эле кой, каргыш тийбейт. Менин каргышым тийген эчак.
Жооп болгон жок, үйгө кетип калышты.
Эми Эрмекти даарылоо үчүн Күмүш катуу иштеши керек, апасын каратуу үчүн дагы адам табыш керек. Дагы жакшы баласы мектепти өзү эптеп барып келип калган, баласына түшкөн түйшүк болду. Эки оорулуу адамды кароодо чоң адам дагы тажап кетет, жаш бала эмне болоор экен. Мектептен келип тайэнеси менен атасына чай берет, үй жыйнайт. Күндөр өтүп Гуля менен Эрмек бир үйгө батышпай калды. Эрмекти Гулянын турушу кыжырын кайнатып, буту болсо туруп уруп жибергиси келет. Анысы деле бир күнү Гуляны карай чыны ыргыткан экен, Гулянын колуна тийип кесип кетиптир. Күмүштүн жаман кыял болуп калганын ушул аялдан көрүп жек көрөт, чогу жашагысы келбейт. Мына кайтар дүнүйө, баягыда Кыялды чыны менен урган. Бүгүн күйөө баласынан өзү таяк жеп олтурат. Күмүш келгенде Гуля ыйлап жаткан, жаткан жуурканы бир аз кан.
— Апа, эмне болду? Эмне ыйлап жатасың? Бир жериң оорудубу? Апа эмне болгон кан бул? Апа колуңа эмне болду? Кестинби? Бычак кармаба дедим эле го, апа карачы дагы деле кан жакшы токтобоптур. Бас ооруканага, тиктирүү керек дароо.
Гуля дагы деле жакшы сүйлөй албайт болчу, ыйлап Эрмекти көрсөттү.
— Байкуш апам Эрмекке тамак жасайын деп колуңду кесип алдыңбы? Өзүм кылат элем .
Башын чайкап, ызырынып дагы ыйлады. Сүйлөөгө аракет кылса дагы түшүндүрө алган жок.
— Эрмек, апама эмне болду? Карап койсоң болмок экен, апам толук жакшы боло элек да.
— Кайдан билейин? Өзүмдү араң эптеп жатканда башты оорутпачы, жетишпей жатсаң Алияга айт алып кетсин.
— Ал кайда алып бармак эле, жаш болсо. Койчу кайдагыны айтпачы.
Ошентип Гуля күндө таяк жечү болду Эрмектен. Акысы өтүп калган аялындай урат, бечара бөлмөсүнөн чыга албай калган.
— Апаа, бас чайга. Тамак бышты апа, болчу.
— Апам жана өзү эт кууруп жеп алды, чыкпаса керек тоюп алган.!-деп калп айтты.
— Апей баарыбызга эле кууруса жакшы болмок экен анда мени убара кылбай.
— Апаң өзүн эле ойлойт унуттуңбу?
— Койчу Эрмек жок сөздү айтпай, же сага оорчулугу тийип жатабы?
— Ооба, менин баса албаганымдан пайдаланып уруп жатат. Тамак бербейт кечке.
— Апам андай кылбай калган Эрмек.
— Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы.
— Эмне кыл дейсиң? Эмне кылайын дагы? Эки оттун ортосунда калдым, суранам туура түшүнчү. Башка арга жок, апамдын же эркек баласы болбосо кайда барат?
— Карылар үйүнө барсын, ал жерде жакшы багышат имиш.
— Ооба, имиш. Иштин баары имиште болуп жатпайбы. Ал жака дагы акча алат керек болсо, мен кайдан табам араң курсакты тойгузуп жатсам. Кайдагыны айтпачы суранам Эрмек, көрөсүң эртең эле жакшы болсо экөөбүзгө көп жардамы тийет. Чыдап койчу суранам, апама айтам күндүз сенин көзүңө көрүнбөйт эми.
— Сен билбейсиң, ал мени урат. Эгер апаңдан мени коргой албасаң мен кетем.
— Кайда? Апамдар айтат дагы, өзүң үй-бүлөнү тандап алдың го, кантип барасың?
— Ал жака барбайм, эч ким таппаган жайга кетем.
— Жетишет Эрмек, сен отуздан өткөн кишисин. Өзүңдү колго алсаң боло, бутуңдун жоктугу болбосо ден-соолугун аттай. Жаның азап чегип оорутпаган соң шүгүр деп олтура бер да.
— Ашка жүк, башка балээ дегиң барбы?
— Жок, жок. Эрмек мени качан түшүнөсүңөр? Тажап бүттүм, силердин көңүлүңдү карайм деп өзүмдүкү эчак тебеленип жок болду. Эркектей болчу, апамдын бараар жери жок, түшүнчү.
Сен менин ордумда болсоң апаңды кантип каарылар үйүнө бермек элең?
— Жиндиканага берген каарылар үйү эмне экен Күмүш, колуңдан келет. Мен деле сенден өткөн таш боормун, энемди эле эмес бүт үй-бүлөмдү кечип кеткем.
— Бербесем эмне болот?
— Менин өлүмүмө сен күнөөлүү болосуң.
— Өз жанымды кыям деп коркутуп жатасыңбы? Эрмек, эсиңе кел. Менин эмне күнөөм бар? Кыздык намысым менен алдың, тең тайлашып иштеп үй алууга жардам бердим. Досуң келип менин намысыма тийчү сөз айтса, коргоонун ордуна бизди биротоло таштап кеттиң. Кайгыдан өлөйүн дедим, түшүнөсүңбу? Барып үйлөнүп алыпсың, мен ооруп калганда дагы басып келгениң жок. Араң калдым, аты жаман оору жабышып, бычак алдында жан талашып жаттым. Дайым жалгыз болдум, эмне күнөөм үчүн бул тагдырга татыктуу болдум?
— Сени менен айтышып олтургум келбейт, жок дегенде апаңды көрбөй турган болоюнчу.
— Мейли, рахмат.
Апасына бөлгөн бөлмөгө идиш аяк, ток печка дагы ушуга окшогон буюмдардын баарын алып кирип берди. Ал тургай кирген эшигин сыртынан мыктап, эшикке чыкчу эшикти ары жактан жасатты. Гулянын ыйлагандан башка аргасы жок, кордуктан тажаганда башына бир ой келди. Ак кагазга болгон иштин чоо-жайын жызып, кызы келгенде карматты. Окуп алып асманы аңтарылып кеткендей, жерге таянып олтуруп калды. Кимге ишенерин билбей башы катты. Урганы мейли, бир жолу төшөккө чакырды, каршы болсом күч колдонууга аракет кылды. Араң колунан жулунуп чыктым, буту жок болгону үчүн гана аман калдым!-дептир. Мындай иш Эрмектин колунан келбейт дейин десе, ошончо жылдан бери кыялы кайсы тарапка өзгөргөнүн өзү да билбейт. Ишенейин десе, Эрмектин андай иттике барбайт экенин жүрөгү менен ишенет. Бул жерде жылуу жай үчүн согуш болуп жаткан жокпу!-деп ойлоп калды. Эч кимге унчукпастан, экөөнүн артынан көз салып баштады. Эч нерсе байкалбайт, сезип калгандай экөө тең тынч. Бирок, бир күнү товардын эсебин тактап жатып баласынын бөлмөсүндө уктап калыптыр. Өздөрүнүн бөлмөсүндө олтурса Эрмек жарыкты өчүрүп кой!-деп мурду менен катуу тийет. Жумушка кетти деп ойлогонбу Эрмек, Гуля өзүнүн эшигинен акырын чыгып ажаткана тарапка баратса, Эрмек артынан чыгып өзү тийишип баштады. Ызы-чуудан ойгонуп кетип эшикке чыкса, Эрмек колундагы таштарды Гуля тарапка ыргытып, уруп жинине тийип жатыптыр. Эркектин ыргыткан ташы катуу тийет да, эгер талдуу жерине тийсе өлүп калуусу толук мүмкүн.
— Кайненем менин, батыраак чык сени чыдамсыздык менен күтүп жатам.
Күмүш андан ары эмне болот деп, чыкпай карап тура берди. Гуля Эрмектен коркуп ажатканада жарым саат олтурду. Эрмек ажатканын эшигин тарткылап, талкалаган жатканда Күмүш чыгып келди. Эрмек токтогону менен коркуу, уялуу деген сезим болгон жок. Арабанын дөңгөлөгүн айлантып, үй тарапка жүрүп кетти. Апасын чыгарып, кучактап көпкө ыйлады. Бүгүн апасынын биринчи жолу чындыкты айтып жатканына ыраазы болду. Бөлмөсүнө жетелеп алып барып, кийимдерин жыйнап, документтерди алып үйдөн чыгып кетти. Каарылар үйүнө алып барды, унаадан түшкөндө эле Гулянын өңү өзгөрүп, көзүнөн жаш кетти. Күмүш дагы жаман акыбалда болчу, эми кеч дегенсип Күмүштүн алдына түшүп, биринчи Гуля өзү кирип барды. Кабылдамада жаш кыз олтуруптур, Күмүштү жилкинте бир карап алды.
— Чоң кыз, кайсыл жерге кайрылсам болот?
— Мага, арыз толтуруп, башчыга кирсенер кабыл алат.
— Мен, мен.. Убакытынча эле таштайм, арыз жазбай жөн эле калтырып турса болобу?
— Баары эле ушинтип алып келишет, бизди арыз жазып берип койчу деп артыңдан чуркатпай азыр эле жазып кет. Баарыбир алып кетпейсиң.
Күмүш тик карай албай жерди карап туруп берди. Жанагы кыздын көздөрү өрт, сөздөрү жалын экен. Бир карап куйкалап жиберди, жооп кайтарайын десе кайсы арына кайтармак эле. Берген кагазын толтуруп, башчыга кире албай койду. Эшиктин оозундагы кыз ушунча кылса башчысы тирүүлөй жеп салса керек. Апасына карматып, башчыга киргизип жиберди да, буюмдарын эшиктин оозуна коюп кетип калды. Чыгып эмне кылууну, кайда бараарын билбей кете берди. Күйүттөн арак алып ичти, жарымын кусуп, жарымын эптеп жутуп жатып тез эле мас болуп калыптыр. Арактын берген күчү менен Нурланды чакырды, мас экенин көргөн Нурлан ашыкча суроо берген жок. Айткан жагына айдап жүрө берди. Апасын карылар үйүнө берүүгө мажбур кылган Эрмектен өч алгысы келип, үйгө келишти. Апасын камап баккан бөлмөгө Эрмектин өзүн алып кирип, сыртынан жаап койду. Андан кийин Нурланды үйгө киргизип алды. Дубалдар жука, аябай жука. Адамдын дем алганы дагы угулат. Муздаткычтагы кызыл винону алып чыгып, эки хрусталь идишке куюп, кагыштыра ичип олтурушту. Досун үнүнөн дароо тааныган Эрмек дубалды болгон күчү менен ургулап, бакырып, ыйлап, чыга албай турду. Тоскоол болбочу!-дегендей музыканы катуу чыгарып койду. Эмне кылганын билбей калган Күмүш, Нурлан менен бир төшөккө кулаган. Эртең менен турганда гана Нурландын койнунда, өз үйүндө жатканын көрүп, ордунан секирип турду. Баласы дагы жок экен, эшике чыкса атасы камалган бөлмөнүн эшигинин алдында уктап калыптыр. Атасын бошотууга аракет кылып ача албай коюптур, эшикти ачса Эрмек көмкөрөсүнөн жатат. Кыймыл жок, чалкасынан жаткырып тыңшаса араң дем алып жатыптыр. Тез жардам менен Эрмекти ооруканага салып жиберди, өзү барган жок. Ата-энесине кабар айтып койду. Эмне кылып койгону айтпаса дагы көрүнүп турбайбы, бети чыдабайт барууга.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️