Колдон учкан махабат ❤️11 бөлүм

Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт. 

11- бөлүм.
— Шаарга барасыңарбы?
— Ким? Ой, ооба барабыз ала кетиңизчи.
— Отургула, жанатан бери бакырсам дагы укпайсынар да.
Шопурдун күрүлдөп чыккан үнүнөн селт эте кетишти, анан кайжака баратканын эстегендей шарт олтуруп алышты. Шопур ар кандай суроо берсе дагы жоопсуз калып жатты. Эрди катын урушуп калган го деп түшүнүп, шопур дагы унчукпай жолун улады. Шаарга жеткенде жол кире берүү дагы эсине келбей түшүп кетишиптир. Жолдо шерик болуп кетсин деп эле салып алган, унчуккан жок.
— Эми эмне кылабыз?
— Биринчи мечитке барабыз.
— Мен жана милициядан сактап калуу үчүн гана айттым. Эми шаарга келдик, чогу болуубуздун зарылчылыгы деле жок. Ушул жерден жолубуз айрылсынчы.
— Сени эч качан жалгыз калтырбайм, мейли тескери карап турсаң дагы жаныңдан чыкпайм. Менин жардамымдан баш тартпа Күмүш.
— Жардам дейсиңби? Сага ким жардам берет экен эми байкуш. Кеч боло электе ата-энеңдин алдына барып кечирим сура. Адашканынды айт, мени сактап калганың үчүн ыраазымын, сенин тагдырыңды талкалагым келбейт.
— Мени таштап басып кетсең ошондо тагдырымды талкалайсын Күмүш. Сени менен гана бактылуу болом, ата-эне баласына бактылуулук кааласа тандоосуна каршы чыкпаш керек да туурабы.
— Ата-эне баласына кандай жол туура экенин жакшыраак билет Эрмек. Суранам артка кайтчы.
— Анда сен дагы апаңдын айтканын кылып, ошол балага турмушка чыгып кете бербейт белең. Азыр мечитке барабыз, элге жарыя болдук. Ушунча нерседен кийин эки жолго түшсөк накта шылдың болобуз.
— Менин энемди жакшы билесиң Эрмек, ал тууралуу ооз ачпачы. Шылдыңдан коркуп жатасыңбы? Андай болсо Күмүш менен жашап жатам деп айта бер, ким текшерет дейсиң.
— Элдин сөзү кызыктырбайт, мен сени менен болгум келет.
— Эмне кыл дейсиң эми айтчы? Өзүңдүн бараар жериң жок мени башыңа балээ, ашыңа жүк кылып эмне кыласың?
— Араба туртсом дагы эптейм.
— Сабагын эмне болот?
— Мага сен болсоң болду, бизде баары жакшы болот буйруса. Болгону азыр мени сындырып кетпечи, бир эле жолу колумду кармап, мага ишенип чогу басып койчу. Баардыгын мага койсоң колумдан келгенин кылам.
— Акмаксын, жамансын, менин сөзүмө кирген жиндисин.
— Өзүм каалап жатам, баарына өзүм ыраазы болуп жатам. Акмак болгум келет, мени алдачы, баары жакшы болот дечи.
— Сүйүүчү? Сезимчи?
— Менин сүйүүм экөөбүзгө кенен жетет.
— Жек көрөм, баарын жек көрөм. Жашоону жек көрөм, ооо кудай, мен нараазымын. Мени бактысыз кылып койгонуңа, энемди кем акыл кылып койгонуңа нараазымын.
— Басыл, оозуңду жап болду. Кудай көтөрө ала турган адамга сыноо берет. Кудайга нараазы болбо, эч качан. Эч ким ата-энени, баланы тандап албайт. Сен бактысыз эмессиң, сени сүйгөн, өзүнөн артык көргөн жан бар Күмүш.
— Макул, сага бир эле жолу мүмкүнчүлүк берем. Баардыгын сенин колуңа тапшырам. Мени бардык жамандыктан коргоп калчы, мени коргоп алчы кана. Эгер колуңдан келсе айтканыңды эки кылбай, сага түбөлүк мойун сунуп өтөйүн. Кудайымдай сыйлап алайын, болгону мени коргочу, эч кимге капа кылдырбачы. Башымды жөлөп турчу күчтүү болчу, мени эч ким сүйбөгөндөй сүйчү. Сенин сүйүүңө мас болуп, башка кайгыларымды унутуп салайынчы.
— Сөз берем, болгон сүйүүмдү сага көрсөтүүгө, өзүңдү түбөлүк коргоого сөз берем.

Экөө көөпкө кучакташып ыйлап турушту, тагдырым сенин колуңда дедиби Эрмек ээрчиткен жака кете берди. Эрмек мечитке барып нике кыйдыртты. Анан Күмүштү эрчитип мурунку балдар менен жашаган окуу жайдын жата канасына барды. Башка бараар жери жок болчу. Эшиктен кирип барганда эле Нурландын төрдө жатканын көрүштү. Нурландын бардык жоктон кабары бар болчу. Мыскылдагансып мыйыгы менен күлүп, кайсы жагынан чабуулга өтүүнү билбей турду. Азыр Эрмек учурашса эле октой тешкен ачуу сөздөрүн жаадырмак.
— Бүт нерседен кабарың бар экенин билем, ооз ачпа. Эмнени уксаң ошондой болду, ооба мен Күмүштү сүйөм. Сен аны мурунтан билесиң, эми ооз ачпа, эгер заар сөзүң оозуңдан чыкса талкалап салам сени. Оңбой каласың, унчукпаганын өзүнө пайда.
— Эмне деп жатам тооба, өлүп кеткиле мага демек. Мурундан соо эмес экениңерди жакшы билем.
— Бир болду Нурлан, экинчисинде аябайм.
Муштуму түйүлүп калганын байкап унчукпай калды. Бир бөлмө болгону да жаман болду, Күмүш Нурланды сүйөт экенин жакшы билет, эми кызганычтан дагы жаман болот. Күмүш үн каткан жок, Эрмек көрсөткөн жайга тескери карап жатып алды. Нурлан эшике чыгып кеткенде Эрмек дагы бир жака кетти. Жумуш издеп кеткен, далай жерге барды. Жакшы жумуш жок, баардыгы эле майанасы саналуу экен. Эртең эле жатаканадан кууп чыкса батир табыш керек, баатирге очойто акча төлөйт. Төрт күн дегенде базардан араба түрткөн бала менен таанышып калып, Эрмек дагы араба туртмой болду. Араба түртөт деген аты эле болбосо акчасы аябай жакшы калат экен. Жатаканадан кууп чыгуусун күтпөй эле бир жумадан кийин батир алып чыгып кетсе болмок. Күмүш дегенде уятын жыйып базарга араба түртүп чыгып кетти. Баш кийимди баса кийип иштеп жүрө берди, айылдаштар көрүп окшотуп калып кетишет. Эч ким менен учурашпайт дагы, достору канча мыскыл кылды. Ал арсыздар чын сүйүү, чыныгы махабат, аруу сезим, бир адамды чын жүрөктөн жакшы көрүү эмне экенин билишпейт да. Күмүштүн жанында экени бардык нерсени заматта жууп салат. Күмүш ошол күндөн баштап дудука айланган, эч кимге, эч нерсеге көңүл бурбайт. Кечке бир ордунда жата берет. Ким кирди, ким чыкты экени менен дагы иши жок. Бир гана Нурландын дем алганынан тааныйт, жүрөгү жаман болуп, Нурландын бетин кароодон айбыгып өлүктөй жатып берет. Канча күн өтсө да Эрмек Күмүшкө кол тийгизген жок, Эрмек өзүнө күтөм деп сөз берген. Качан гана Күмүш Эрмекти жакшы көрүп, каалоосу ойгонгондо бир болобуз деген. Күмүштү бир мүнөт дагы ыйлаткысы келбейт. Күмүш Эрмектин сүйүүсү ушундай күчтүү экенин сезип турса да билмексенге салат. Баардык нерсени өз убагында болсо деп ойлойт. Эптеп батир таап, Нурландан алыс болуусун каалайт. Кечке жата бербей кичине болсо дагы Эрмекке жардам бергиси келип Күмүш дагы жумуш издеп чыкты. Тигүүчү цех көп болгондуктан тез эле жумушка орношуп алды. Эрмектин араба туртуусун каалабай өзүнүн жанына киргизип алды. Өзүнчө бөлүнүп кетишти, баягы жашоо. Төшөктөрү бөлөк, жада калса тамактанганда дагы биринчи Эрмекти тойгузуп, качан туруп кеткенде өзү чай ичет. Эрмек унчукпайт, бара-бара көнөт деп өзүн алаксытат. Айткандай эле экөөнөн бир дагы адам кабар алып келген жок, ушул турушу боюнча эле жаралып калгандай. Кошуналары түк тегин сурап жанын коюшпайт, акыркы күндөрү кайын-журтум Россияда деп кутулчу болду. Өзүн болсо жетим кызмын деп айтат. Арадан айлар өтүп экөө ынак боло баштады, биринин сөзүн экинчиси колдоп, кеңешип, чогуу тамактанып, тамашалап, жүздөрүнөн күлкү кетпей калды. Күмүш чын эле Эрмектин сүйүүсүнө бөлөнүп, кайгыны унутуп баратты. Жаманы экөөнүн төшөгү алиге чейин кошула элек, Күмүш өзүн коргоп турат. Бир күнү чогу эс алып калышты. Эрмек өзү таттуу даам даярдап, Күмүштү чакырып курсагын тойгузду. Анан эшикке сейилдеп, киного барып келели деп жаткан. Киного дагы барышты, тасма сүйүү тууралуу экен. Күмүштүн ичи эзилип көзүнөн жаш чыгарып алды. Эрмек жылмайып гана карап берди. Анткени Күмүш ыйлаганда андан бетер сулуу болуп кетет экен, эки бети кызарып, көздөрү үлпүлдөп. Күмүштү аста өзүнө тартып, чекесинен өөп койду. Күмүшкө жакты көрүнөт каршылык көрсөткөн жок, кайра башын Эрмектин ийнине коюп жатып алды. Акырын колдоруна колдорун коюп, жылмайып карап койду. Эрмектин жүрөгү жылып, тез согуп кирди. Сүйгөнү өзүнө биринчи жолу көңүл буруп жатышы эле. Жашоо бара-бара ордуна келип жаткандай, эки жаш жубайга башка адамдардын кереги жок, айылда экөөнү ушактап жатканы дагы кызыктырган жок. Өткөн ишти козгобойбуз деп сүйлөшкөн. Эрмекти жумушта өзү менен тең кыз жактырып калган. Күмүш Эрмекке күйөөсүндөй мамиле кылбагандыктан экөөнүн аял күйөөсү экенин билишкен деле эмес. Салтанат күндө Эрмекке тамак бышырып келип берет, Эрмек аны жөн эле достук катары кабыл алып берген тамагын ала берет. Күмүш дагы биринчи көңүл бөлгөн жок, жөн эле тамак алып келип бергени эми болсо телефонго күндү күн, түндү түн дебей коңгуроо кылып тынчын алуусуна өттү. Эрмек эркек эмеспи баарыбир баарын дароо сезет. Салатанаттын өзүнүн артынан чуркоосуно каршылык кылбаганынын себеби Күмүштүн кызганыч сезимин ойготойун деген. Эми учурашканда дагы бетинен өөп учурашчу болду. Күмүш баарыбир Эрмекке көнүп калган, кантсе дагы күйөөсү, чогу жашайт эмеспи. Кызгануу сезими ойгонуп баштады, Салтанат Эрмектин жанына жакындаса жини келип кетет. Эрмекке ачык айта албайт же. Ызырынып жүрүп, айласын тапты окшойт. Элдин баарына Эрмек күйөөсү экенин айтып салды. Салтанатты бул жаңылык чочуткан жок, мурунку аракетинен кайтпай уланта берди. Ошондо уруш чыгарбай эле башкача жол менен Эрмекти өзүнө каратмай болду. Күндө өзү тамак жасап алып келип берет, Эрмек болсо экөөнүн тең тамагын жарымдан жеп жиндерине тийет. Эрмекке Салтанат кызык эмес, жөн эле Күмүштүн өзүнө болгон сезимин ойготкусу келет. Өзүн сүйдүрүп алгысы келет, Күмүштүн кызганганы аябай жагат. Эрмек өзүнө гана көңүл бөлүп жүргөнүнө көнүп калган экен, кызганычка чыдабай кетти. Бөлүшкүсү келген жок. Бир күнү эле Салтанат Эрмектин жанында жымыңдап олтурган, Күмүш аябай жинденип жандарына жетип барды.
— Салтанат бирөөнүн ээрине жабышканынды койсоң кантет, мындан кийин алыс жүр Эрмектен.
— Жүрбөсөм эмне болот?
— Жүрбөсөн мага таарынбагын, мен бир эле жолу айтам уктуңбу!!..
— Аял бул дубал эмес, жылдырса болот. Анан ортодо чыркырайт деген деле балдарыңар жок. Колуңдан келгенин кылып ал, Эрмек мени тандаса ойлонбостон колум сунуп, бирге басып кетем. Эриңди эптей албаган өзүңдө күнөө.
— Ким эптей албайт экен?
— Сен, дайыма эле Эрмек байкуш артыңдан чыйпылыктап жүрөт. Сен тим эле асмандан түшкөнсүп өзүңдү көтөрөсүң, мына мен Эрмекке бактылуу жашоо бере алам. Чыныгы аял боло алам, сен болсо мурдуң жеткен жерге көтөрүлүп жүрө бер.
— Хы, Эрмек мени сүйөт.
— Эркек, ыңгайлуу жашоо үчүн сүйүүсүнөн оңой кечип кетет. Ошол үчүн үмүтүнду үз байкуш.
— Эй эмне болуп жатасыңар? Салтанат тамашаны кой, Күмүш чын көрүп таарынып калат.
— Эрмек, бул ташама эмес. Мен сен үчүн баарына даярмын, сага жетүү үчүн баарын кылам. Мен күтүүнү билем, күтө алам. Ар дайым жаныңда болом, макул эле десең сени эң бактылуу кылып алам.
Эрмек бул сөздөр чын экенин түшүнгөндө Күмүштүн алдында жаман болуп кетти. Акылсыздык кылып Салтанатты өзүн сүйдүрүп алганын түшүндү. Жоопсуз сүйүү өзүнүн башында бар, баарын жакшы түшүнөт. Жоопсуз сүйүү кандай азап экенин жаттап бүткөн. Кантип жүрөгүн жаралап албоонун айласын издеп жиберди. Ойлонгуча болбой экөө чачташып кетти. Эр бермек жан бермек деген чын да. Экөөнү ажыратып, кожойкеси Салтанатты жумуштан чыгарып жиберди. Эки-үч күн Күмүш таарынып жүрүп бирок, төртүнчү күнү Эрмек жумуштан келсе экөөнө чогуу төшөк салып коюптур. Дасторкон дагы толо. Мээнети жемишин берип жатканына кубанып кетти.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️