Колдон учкан махабат ❤️8 бөлүм

Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт.
8- бөлүм.
Күмүш өзүн чын эле аябай жаман сезип кетти, Эрмектин сөздөрү катуу тийди окшойт. Маанайы түшүп, Нурландын койчу, калчы дегенине карабай кетип калды. Үйгө барса эч ким жок экен, майда чүйдөсун алып мончого кетти. Үйгө келгиси келбей көп кабаттуу үйлөрдүн ичиндеги олтургучта көөпкө олтурду. Түн болуп кеткендиктен гана үй жака акырын басып келе жатса, үйдүн алдынан Нурлан менен Айка көрүндү. Көңүлдөрү куунак, аябай жакшы сүйлөшүп турушуптур. Эч нерсе оюнда жок эле «келдиңерби?-деп жандарына барса Нурлан башкача карады. Бул экөөнө тоскоол болуп койгондой өзүн ыңгайсыз сезип кетти.
—Мончодон келе жаткам, кино жакшы болдубу?
—Кайсы мончодон келе жатасың?
—Тээ үйлөрдүн артында мончо бар, ошол жактан. Анча эмне болду?
—Мончого барсаң колуңда сүргү жок го?
—Бар, мына!-деп көрсөтө салайын десе жана олтурган жеринде унутуп коюптур.
—Мончондон чыгып кичине олтургам, ошол жерде калып кетиптир. Барып алып келеличи, кечинде эч ким албаса керек.
—Кантип эле унутуп койдуң олтурган жериңде?
Үчөө чогу барса, жок экен. Бирөө аңдып тургандай он мүнөттө алып кетишиптир.
—Ушул жерге койгон элем да, бирөө алып кетүүгө жетишиптир тооба.
— Бирөө алып кетпей эле сен башка жерден келдиң да туурабы?
—Жок, кайдан келмек элем? Мына ишенбесең чачым толук кургай элек, бойогум өчүп кеткен.
— Көрүп турам Күмүш, мени жаш баладай кылбачы макулбу. Чачын ным экен, сен Эрмектин артынан чуркап кеткенсиң демек чогу бир жерге бардыңар да э. Сенин мындай жеңил ойлуу экениңди билген эмесмин, Айка айтса да ишенбей койдум эле.
—Айка эмнени айтты? Айтчы ал эмнени билет экен?
— Атаңдан чоң киши менен ойнош болуп жүргөнүңдү, Күмүш жолубузду айрысак оң болчудай. Жүрөгүмдү жаралбай, апаңдын кылган иштеринен сенин кандай адам экениңди билсем болмок экен. Аттиң ишенчек жүрөгүм, эми дагы азапка батат тура.
—Нурлан мага ишенбейсиңби эмне? Чын айтам, үстүмдө кудай турат чын айтып жатам.
— Эми көзүмө көрүнбө суранам.
— Сен мага жалаа жаап жатасың, апама асылба. Биздин баскан жолду басып өт биринчи, мени урушууга акың жок.
—Бактылуу бол, тынчымды албачы.
— Айка демек бул ушакты сен чыгарган экенсиң да э? Сени шашпа чачынды тытып салам, сени аябайм карап тур.
— Күмүш, өзүңдүн кылган күнөөңдү мойнуңа ала билбейсиңби. Айканын эмне тийешеси бар, укканын айтты да бул дагы.
—Ооба, Күмүш мен дагы кыздардан уккам. Мен сенин досуңмун. Сага жамандык каалабайм, сени жакшы көрөм. Экөөбүз дайыма жакшы мамиледе эле жүрчү элек го.
—Сага окшогон достон кудай өзү сактасын. Эки жүздүү бетпак, артымдан бычак сайдын. Нурланга мени эмне жамандайсын?
— Керек болсо Нурлан сенин жашооңду толук айтып берди, ошол үчүн гана жакшылык кылып жүргөм. Болбосо сен мага ким элең, эч ким эмессиң жек көрөм сени.
—Сага эмне кылдым мен, эч ким ата-энесин тандап албайт. Энемдин ошондой экенине намыстанбайм уктуңбу, Нурлан сен болсо менден алыс жүргүн. Саткындар….

Күмүш ыйлап үй тарапка бара жатканда колунан бирөө кармап калды.

— Күмүш мындай эки жүздүү адамдар үчүн ыйлабачы, булар сенин көз жашыңа арзышпайт. Сенин тырмагындын учуна дагы тең келе алышпайт.
—Эрмек сен кайдан?
— Жана туура эмес кылып койгонумду түшүнүп, кечирим сураганы келген элем. Үйүңөрдө эч ким жок экен, эшикте күтүп турдум. Анан сени көрүп жакын келген жатсам булар келип калышты. Өз каалом менен эмес бирок, бул жагдайды көрүүгө туура келди. Нурлан сен эч качан Күмүштүн кадырына жеткен эмессиң, жалаа жаап өзүң аккуудай көрүнө бербе. Мойнуңа алчы Нурлан, Айка экөөң көптөн бери эле жашыруун кыз жигит болуп жүрөсүңөр го.
—Биз жөн эле жакшы достордонбуз.
—Кыз менен жигиттин ортосунда достук болбойт. Уруш, жакшы көрүү, билдирбей сүйүү, сүйүүдөн азап чегүү!-булардын баардыгы бир болушу мүмкүн бирок, достук эч качан болбойт. Мага ишенип кой.
—Эрмек сенин ишиң эмне? Өз жолуңда, ташынды терип жүрө бер. Бала кезден Күмүштүн артынан калбайсың, керек болсо сен мени көрө албайсың.
—Туура, мен Күмүштү бала кезден сүйөм. Мен бул нерсени жашырган эмесмин, азыр да жашырбайм. Мен аны, ал сени, сен Айканы сүйөбүз. Бул деген жылуу сезим, бири-бирин туура түшүнүп, жакшы көргөндөр бир болуусу керек.
— Мен аны кармаган жокмун, ортоңордо чок салган адам болуп калбоо үчүн тактап да кете алам. Мен Күмүштү сүйбөйм, сүйгөн дагы эмесмин. Мен дагы сага окшоп бир-эки жолу мончого чогуу барып, эс алып алгым келген. Мен бирөөдөн калганды жаратпайм, ошол үчүн байланышты дароо үзүп жатам. Эми мага демек аял кылып ал.
— Оозуңа карап сүйлө, мен сага көчөдө калган неме эмесмин. Ортодо оюнчук кылып, жер менен жексен кылууга силерге ким укук берди. Экөөңөр тең өз жолуңарга түшкүлө, Айка сен болсо адам эмессиң. Ушул күндөн баштап сени адам санына кошпойм уктуңбу.!-деп ыйлаган боюнча үйгө кирип кетти. Эртеси дагы жумушка чыга албай калды, кожойкеси уруксаатсыз келбей койгонуна жумуштан чыгарып салды. Бир күндө ошончо нерсени көтөрө албай Күмүш ооруп жатып калды. Жаздыгын кучактап алып, боздоп ыйлайт. Жумуш таап алмак, Нурландын арттан бычак сайганы Күмүшкө катуу тийди. Бул күндөрү Эрмек Күмүштөн кабар алып турду, баатирден да чыгып кеткен. Башка баатир таап алган бирок, эч бир буюм ала элек. Бош бир бөлмөдө жаш кыздын ыйлаганы эле угулат. Ушул учурда аябай апасын көргүсү келди, баарыбир энеси да. Кичине жыйнаган акчасын алып, жөнөп кетти. Күмүштү айылга жеткире коюшпай, жолдо бара жатканда бир көрүп эле үч бала машинага салып ала качып кетишти.
—Олтурбайм, баарыбир олтурбайм. Мени түшүрүп койгула, уят болосуңар. Сотко берем, эмне болгон немесинер. Кызды койдой баса калып салып кеткендей.
—Кыздын бараар жери күйөө дейт, олтурасың. Мен сени жактырып калдым, атың ким?
—Атымды билбей туруп алып бара жатасың, кантип үй-бүлө курабыз? Эмнеге ушундайсыңар? Адамдын көңүлүн карабайсыңар, өз кызыкчылыгынар менен гана жашайсыңар? Түшүрүп кой дедим, баарыбир олтурбайм, сотко берем.
Күмүштү өздөрү тараптагы айылдардын бирине алып барышты. Машина токтоор замат чоң аялдар алтын көргөндөй жулунуп келе жатышты. Бирөөнүн колунда жоолук бар экен. Машинанын бир эшигин ачса экинчи тарабына качып, олтургучту бекем карманып, машинадан түшпөөгө аракет кылып жатты. Карап олтурушмак беле, бир чоң бала келип каардуу колдору менен сууруп чыкты. Жоонуна узунунан таштап, Күмүштү алып кирип кетти. Калганы силердин ишиңер дегенсип, жерге таштап чыгып кетти. Беш аял менен бирдей алышып акыры алы келбей олтуруп калды. Апасына ачуу базар барса, апасы аракты көрсө дароо макул болоорун түшүнүп, дарегин айтпай тырышып олтурду. Колуна телефон эле тийсе милиция чакырып болсо да кетмек.
— Атың ким кызым?
— Күмүш.
— Күмүш күйөөң жакшы бала, сени бактылуу кылат. Жакшылап ойлончу кызым, сен кетип калсан өлөм деп жатат. Сени жакшы көрүп калыптыр. Же эмне жигитиң барбы?
—Ооба сүйгөнүм бар, мен олтура албайм. Суранам мени туура түшүнгүлөчү, азыр жашмын.
—Биз деле он алты жашыбызда келгенбиз, эч нерсе болбойт. Жигитиңди бат эле унутасын, айланайын кайсы жерге барыш керек колуңду сурап? Дарегинди айтып койчу.!
—Дарегимди айтам эгер мага телефон берип турсаңар, бир эле жолу коңгуроо кылып алайынчы.
—Кокуууй, жигитиңди чакырба. Телефон бере албайбыз, ата-энең кабатыр болуп жаткандыр, кана дарегинди берчи Күмүш.

Ичинен;—ооба сага, апам кызы бар экенин унутуп деле койсо керек!-деп алды. Күйөөгө тийсе дагы тээ алыс жака тийем!-деп өзүнө сөз берген. Жакын болуп калса, энеси эки күндүн биринде бөтөлкөсүн көтөрүп алып жетип келе берип тажатат. Кайра энесинен качып жатканына уялып, арданып кетет. Айка экөө базарда жүрүп бир жолу Гуляга кезигип калышкан, Күмүш Айкадан уялып энесин тааженем!-деп алдап койгон болчу. Арака тоюп талтандап калса дагы Гуля соо адамдай сүйлөп, башка адамдын ичине кирип кетчу. Айка жеңеси жакшы экен!-деп калган. Тааныбаган адамдын көзүнө жакшы болуп көрүнүүгө аракет кылат. Балким ошол үчүнбү көбү кандай алданып калгандарын билбей калышат. Кечке чейин алышып, акыры жанагы аялдардын башчысы дарекке телефон алмашууга көндү. Күмүш өзүнүн телефонун алып кимди чакыраарын билбей жаман болду. Сакталгандардын ичинен ылайыктуу эч кимди тапкан жок, караса Эрмек » кандайсың»-деп жазып коюптур. Акыркы үмүт Эрмек болду, күнөөлү адамдай айласыз араң Эрмекке коңгуроо кылды.
—Ало, Эрмек кандайсың.
—Жакшы өзүң кандайсың? Тынчсынбы деги, эмнеге дайынсыз болуп кеттиң?
—Эрмек мени ала качып кетишти, мен олтурбайм. Алып кеткен эч ким жок болуп жатат, апамды билесиң го кичине акча карматса өзү келип жолук салып кетет. Менден кутулса сүйүнөт ал, суранам мени алып кетчи. Бир жолу мага жардам берип койчу, эмне десең кылайын.
— Ала качкан баланы тааныйсыңбы? Албетте алып кетем Күмүш.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️