Колдон учкан махабат ❤️ 2 бөлүм

«Колдон учкан махабат«же «Үзүлбөгөн үмүт»

2- бөлүм.
Гүкүнүн жакшы жери Акылдын балдарына эч кол көтөрбөйт болчу, өзү дагы өгөйдун колунда өсүп калганынабы ким билсин балдарды каргайт, урушат бирок эч кол көтөрбөйт. Акыл бирок ишенчү эмес, балта көтөргөн неме бир күнү кызыл кандуулукка алдырып койобу!-деп санаасы тынч албайт эле. Талаада жүрүп ою үйдө, үйгө келгенде эптеп ишке качуу жолу. Айтор акыркы күндөрү Акылга жашоо кызыксыз эле болуп калган. Чоң баласы быйыл мектепти аяктап калды, «балам, кайсы окууга окуйсуң же мындан ары эмне кылган жатасың «!-деп сурай албайт. Баласы окуйм десе акыбал жетпейт окутууга, иштейм десе ишке да кыйбайт. Бейиши болгур балдарынын апасы балдарды окутуп, кызматтарда иштеген жигит кылгысы келчү. Аялынын аманатын аткара албаганына бушайман, өлгөн өзү менен дечи бул жакта баласынын келечегин өз колу менен бузуп салгандай болуп жатат. Аялы үч жылдай төшөктө жатты, ал кезде Кыял үчүнчү класста окуса керек. Акыл жумушка кеткенде бөбөктөрүн кароого киши жок болуп, мектептен чыгып кеткен. Үйдө окумуш этет бирок, эч нерсе түшүнбөйт. Кыял эптеп кошуп окуганды анан санаганды эле билчү. Эки инисин карап, апасына тамак берип олтурчу. Акыл келип балдарын эшике чыгарып, аялынын астын тазалачу. Ошол кезде аялы боздоп ыйлап жиберет эле. Эртеден бери баласына котортпой жатып асты муздап дагы кетчү. Бечараны же кудай албай, же айыгып кетпей катуу кыйналышты. Кийин Акылдын балдызы келип, балдарды, эжесин карап жүрдү. Эки жыл мектепке барбай калган Кыял тырышчаак экен, классташтарын кууп жетип алган. Же Акыл тыйын берип классына коштубу, эч ким билбейт. Бирок Кыял сабатсыз болуп өсүп калды. Балдызы келгенден туура бир жылдан кийин аялы оо дүйнө салды. Кыркын бергенден кийин эле балдызы да кетип калды. Кайын-журту балдарды багышалы да деген жок, десе деле бир дагы баласын бермек эмес. Болгону Акыл балдызын бир жылдай кетпесе деген эле. Тагдырына айла жок баш ийип, өлбөстүн күнүн көрүп жүргөндө тетиги алкаш жолугуп жатпайбы. Мындайда адам башын койчу ийин издеп калат эмеспи, Гүкүнүн ийни жакшы көрүндүбү же башка ийин жок болдубу Гүкүнү эрчитип келе берген. Акыл деле аялынан башка аялдын кыялын билбесе баардык аялдар бирдей деп ойлоду да. Өлүп көрүптүрмүнбү дегендей, аял тандап көрүптүрбү. Акылдын атасы могуга үйлөнөсүң деп досунун кызын алып келип берип койгон, болгону ошол. Дагы жакшы биринчи аялы жакшы болчу, ооба жакшыны кудай эрте алат экен да. Ойлоп көрсө жакшы деле күн көрбөптүр, бала кезинде улуусу болгондуктан малдан башы чыккан эмес. Атасы достору менен кетип калганда жайлоодо үч- төрт күндөп өзү жалгыз калып калчу. Ал кезде элдин коюн кайтарып беришчү, баарынан да жаңы жайлоого чыкканда жаман. Күн суук, койлор кышы менен сарайда туруп жапайы тартып калышкан. Анан төлдөп баштаганда түнү менен уктабай чыгат, кээде бир түндө ондон ашык кой тууйт. Эмне кылат башка, ал убакта бул жумушту кыла албайм, кылгым келбейт деген нерсе жок болчу. Ата-энеңдин көз карашынан титиреп турасың, камчы денеге тийгенде жан чыгып кетчүдөй көзүн карарып барып өзүңө келесиң. Азыр бөлмөнү жыйна, акча жок!-дегенге балдар аркан кармап сарайга чуркап жатышпайбы. Ата-энеси дагы балдарынын кыйтыр амалына алдырып, айтканын эки кылбай аткарышат. Негизи балдардын начар тарбиясына биз күнөөлүбүз. Үйгө камап алып, курсагы жарылганча тойгузуп, жыртык шымдарды кийдирип үйрөтүп койгонбуз. Же жакшы билим албай, же колунан бир иш келбей акыры барып, ата-энесинин пенсиясына жашап калып жатышпайбы.

Гүкүнү үйгө кароол кылып, Акыл үч бала эки кызы менен көлгө иштеп келүүгө кетип калууну ойлоп жүрдү. Гүкү өзү калаарына кайра сүйүнүп жүрөт, өйдөкү дүкөндү иштеткен кишиден каалаганча алып ичет. Түрү суук, топтомолок болсо да эркектер карай берет экен муну. Ошол магазинчи менен мамиле түзүп алганбы, айтор ары өтүп бир күлүп, бери өтүп бир жыртайып болбой калды. Гүкүнүн курбусу арака тойбой калып нараазы болуп жатканбы, Акыл эшике чыкса жолдо сүйлөнүп келе жатыптыр. Акылды көрө калып андан бешбетер бакырып кирди.
— «эй эркесинби? Аялыңды карабайсыңбы, Төлөк менен жатат бактын түбүндө мас болуп».
—Бар дөөдүрөбөй кирип кетчи үйүңө, мага бир алкаш аз болуп жаткансып. Сен эле жетишпей турасың мага. Жатса өлүп кетсин ары.
—Ал өлбөйт, ал сени өлтүрүп анан дагы бир-эки эрге тийип, үйлөрүн тартып алып, элүү жылды жөн эле жыргап жашайт керек болсо.
—Кучакташып ичип келип эми артына суу куюп жатасыңбы? Окшошкон башы жоктор.
—Сенин башың жок уктуңбу, аялың ачык ойноп жүргөнүн көрбөйсүң. Аялыңды тыя албайсың, ал кече тиги милицияда иштеген Артурдун аялынан бир нерсе сурап жүргөн.
—Эмне сурап жүрдү эле?
—Акыл өлсө үй мага дароо өтүп калабы!-деп.
—Ал эмне деди?
—Жарымы өтөт деди, жарымы берки эки баласына өтөт деди.
— Оюңдан чыгарбачы көп, ким биринчи өлөөрүн кудай билет.
—Кудай билет, бирок Гүкүнүн мурунку эки күйөөсү жаш кезинде, түштө чуркап жүрүп кечинде жүрөк кармап турбай калышкан. Жанагы квартирасы ошол экинчи эринен калган да, биринчи эриникин жеп бүткөн.
— Өзүңдүн башыңдагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөсүң да. Жогол бар.
Жанагы аял кол шилтеп басып кетти, Акыл аябай ойлонуп калды. Артында Кыял турганын да байкабай калыптыр. Кыял баарын укту албетте, чын эле атасы үчүн коркуп кетти.
— Ата, мен бир досум менен Россияга барып иштеп келейин. Жеңеме үйдү калтырып, башка үй алып эле көчүп кетеличи.
—Кыял эмнеге антесин? Гүкү силерди кичине болсо да карады го, эне ордун басып келет.
—Андай эмес экенин жакшы билесиз го, канчага чейин чыдайбыз.? Мен го өзүнчө кетип калам эртеби кечпи бирок, бир-туугандарыма, сизге ичим ачышат.
—Кыял мени капа кылып жатасын.
—Ата эмнеге болушасыз? Аялга окшоп сиздин байпагынызды жууп бердиби же?
— Идишинди болсо да жууп жатпайбы?
—Качан? Кичинекей кезимде, жаңы келгенде кичине тамак кылганы эсимде, андан кийин тескерисинче биз артынан жыйнап, арагын алып берип олтурабыз го.
—Кудайдан ыйман тилейли балам.
—Элдин көзүнчө абийринди төккөнүнө чыдап жүрө бериңиз анда, мен Россияга кетем.
—Мейли балам, иштесең иштеп кел.
Аялына болушпайын десе да болбойт. Гукуну жамандады дегиче балдары андан бешбетер жинденишип, дароо жарылышат. Акыл жыргаганынан болушпайт, үйдө чоң жаңжал чыгып кетпесин!-деп болушкан кейип кийет. Өзү деле кутулуунун жолун издеп келет.

Кыялды Россияга жиберип, өздөрү көлгө кетишти. Кичинекей үйдү жалга алып, көлдүн жээгине жүгөрү, май токоч, муздак суу сатып иштеп башташты. Күмүш май токоч бышырат, Акыл жүгөрү бышырып, дүң баада суусундук алып келет. Эки кичинекей баласы болсо көл жээгине сатып келет, Алияны Күмүш карайт кечке. Гуляга анча-мынча акча салып турат, кулактары тынчып калганына сүйүнүшөт. Августка чейин иштеп, акчаларын чогултуп кайтышты. Келер замат кичинекей сарай салып, эки уй, беш алты кой алып койду. Уйду саап, сүтүн сатып аз да болсо тирилике жардам болуп калды. Кыял дагы Россияга барып орношуп, иши оңолуп акча салып баштады. Дунгандардын талаасына иштебей машина минип алыңыз деп Кыял акча топтоп берип, сөзүнө катуу туруп алды. Арзан болсо да тыкан гана машина алды. Тиги алкаштын туугандары Гүкү сени байытты!-деп мурдуларын өйдө чүйрүп алган. Кыял кридит алып, берки инисине үй салып баштаңыз, кридитти мен төлөйм деген. Анча алыс эмес жерде балдардын үлүш жери бар болчу. Кридит алганы барса үйдү өз наамына өткөр деп бербей коюшту. Акыл ойлонуп, айласыз үйдү өз атына өткөрүп келди. Балдарына өткөрөйүн десе жашы жете элек, банк анда да акча бербейт. Кыял болсо Россияда. Айла жок өзүнүн атына өткөрдү. Гүкү кичине тынчымыш этти, анткени үйдү өз атына өткөрүүсүн күтүп жүргөн. Банктан насыя алып, цемент менен тактай, кирпич алды. Кыш келгенче көтөрүп салайын деген, устага акча жок эки баласы менен үйдү өзү куруп баштады. Гүкү аябай жинденип, акча жок деп алып үй салып жатат деп эмне кылып жибериштин айласын таппай куурады. Бул куу немеден айла качып кутулбайт, түндө барып айылдагы эле бирөөгө тактайларды арзан баада сатып жиберди. Фундамент бүтүп, кирпичин көтөрүп үстүн жаба албай калды тактай жок. Такта алууга акчасы жок, Кыял араңдан зорго кридитти жаап жаткан. Акыл кечинде шаар тарапка барып иштеп келет такси кылып, ошол акчага курсак тойгузушат. Ата кандай гана кыйынчылыкка туруштук берет э баласы үчүн, күндүз ылайда, кеч уктабастан такси айдайт. Эптеп үч-төрт саат уктап кайра стройкага түшөт. Шыйфырды үйгө жыйып, жазында жапмай болду. Акыл жумуштан келсе бир күнү, Гүкү чара толо эт жеп олтуруптур.

— Гүкүш эт кайдан? Бирөө той берип жатыптырбы?
— Атаң башынан, короодогу эле кой.
—Эмнеге сойдун? Көбөйтүп, жазында сатабыз дебедик беле.
— Сен менден акча катып балдарыңа үй салсаң, мен ачка олтурушум керекпи?
—Кридитти Кыял төлөп жатканын билесиң го, ошол балам машина алып берип оокат өтүп жатат, байкасаң. Сен болсо балдардын ырыскысын жеп жатасың уялбай.
—Кандайча балдардын ырыскысы? Менчи мен? Силер көлдө жүргөндө үйдү карап, жалгыз жашаганымчы? Койлорунду бакканымчы?
—Балдар эле карап жатпайбы? Мейли аш болсун эми, бир тоюп жешсин балдар.
— Балдарың балээ жешсин, мен бир-туугандарымды чайга чакырдым. Бар базардан таттуу алып кел, менин дагы туугандарым жесин. Баарын эле балдарыңдын оозуна тыгып олтурасың, сага тийип жыргабадым го ушу.
— Гүкүш бүгүн кеч болуп калды, эртең чакырсаң кантет. Базар да жабылды, эртең баарын алып келип берем.
— Балдарың бир нерсе десе таап келмексин ээ? Азыр таап келбесең бардык малдарынды балталап, шыйфырындын да тантыгын чыгарам. Керек болсо үйдү өрттөп салам, уктуңбу. Тап, тап дейм. Таап кел эшек.

-Ой тообо эрин эшек дегенди ушундан көрүп жатам, оңолбой койду го ушул. Өлүп кутулбасам кутала албайм көрүнөт. Кудай өзүң жардам бер, мен муну же бул мени өлтүрүп тынбасак болду. Эмне кылам?
Ичинен кыбыранып эшике чыгып кетти, эртеңкиге деп куюп келген майын бүт коротуп шаарга барып араң таттуу таап келди. Эртең кайсы май менен иштерин билбей башы катты, кайнежеси да шумдук неме экен. Былчылдатып жеп да жатат, кускуну келтирчү сөздөрдү сүйлөп да жатат. Күйөө баласын улам чага сүйлөп куддум буларга бир чөйчөк үн өткөрүп койгондой. Чындыкты билип турса да, арсыз сөздөрдү сүйлөйт. Эптеп эринин алдында сиңдисин абийрин көтөрүү максаты. Күйөөсү аялын жаман карап койду, аялынын пейилин билет да. Бажасынын желкесин таптап койду, сага сабыр берсин дегенсип. Бажасы деле Акылдын сабырдуу, жоош экенине сүйүнөт. Акыл жаман болгондо балдызы кайра ушунун үйүнө барып, жылдап олтуруп алат да. Тойгончо жеп, калганын салып да кетишти. Балдарына бир куурдакчалык эт калбаганына жинденди, бирок тынч уктайын дедиби аялына сүйлөгөн жок. Гүкү чоң уруш чыгара албай жүргөн, эптеп чукуланып баштайын десе Акыл кыңк этпей коңурук тартып уктап калды. Күмүштү туругузуп ага бир тийди, анда да ойгонбой койду эле Алияны өкүртө сабады. Акылга чын эле баарыбир болуп калганбы турган жок. Эшике чыгып ыйлап, бир-эки идиш сындырып кирип уктап калды. Аябай мас экен ошого тез уктады, бир аз эле соо болгондо уктамак эмес. Акыл таң атпай туруп, тамдагы жүгөрүдөн түшүрүп чыгарып баштады. Балдары жардам берип тез эле бир капты толтуруп салышты. Эптеп жакынкы базарга жетип жүгөрүнү сатып, майга акча кылды. Дагы ырыскысы бар экен, кичинекей талаа иштетип болсо да малга жем кылып алат. Гүкү болсо кечеки койдун этинен катып койгон, ошону алып чыгып куурдак кууруп курбуларын чакырып кайра майрамын баштап алды.

Пример HTML-страницы

Уландысы бар..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️