Колдон учкан махабат❤️ 17 бөлүм

Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт 
17-болум.
Күмүш ошол окуядан кийин эркекке эле эмес бардык адамдарга болгон ишенимин жоготту. Эч ким менен иши болбой, өзү менен өзү болуп калган. Бир жылдай эч ким менен сүйлөшпөй жүрдү, баласына, сиңдисинине, апасына дагы. Коёндой окшош күндөр өтүп, жашоосун боз булут каптады. Эмне болуп жатканын түшүнбөгөн наристелер дагы апасы менен кошо соолуп бараткандай. Ар качан ойлуу жүрөт, мындан ары кандай жашоо улантууну билбейт. Көзүнөн жаш чыга элек ошол Мирланды кетиргенден бери. Акыры ооруп калды. Тамакка табити тартпай, башы айланып, ичи башкача кызыйт. Баардыгын күйүткө жооруп догдурга көрүнгөн жок. Башын төшөктөн араң көтөрүп, күнүмдүк жашоосун жүргүзүү үчүн гана жумушка барат. Бара албай калды, жолдо бара жатып эс учун жоготуп кулады. Жолдогу жакшы адамдар ооруканага жеткирди, өздүгү такталбай үч күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Издеген эч ким жок. Мурун дагы айтпай эки-үч күндөп товар алып келүүгө кетип калчу. Сиңдиси товарга кетти деп издеген эмес. Качан өзүнө келип, аты жөнүн айтканда сиңдисине кабар жетти. Баласын алып ооруканага жетти. Күмүш артты карап жаткан, баласынын үнүн укса дагы бери бурулуп карабай койду.
— Эжеке балдарың келди, биз сени убайымдадык.
— Келсе келиптир да, бул дагы өз алдынча болгондо мени эстебей кетишет. Баарына убакытынча эле керекмин, сага дагы. Эч кимди көргүм келбейт.
— Сени ушунчалык алсыз деп ойлобогон элем эжеке. Мейли ыйла апамдын акыбалы үчүн, балдарың үчүн бирок, эркек үчүн ыйлабачы. Эркек деген сенин бир тамчы көз жашына татыктуу эмес. Эркек үчүн балаңды көрбөй калган кандай эне элең?
— Сен мени уруша турган деңгээлге жетип калдыңбы? Сен кимсиң? Кечеги биттеп, ачка көчөдө качып жүргөн кыз эмес белең. Жуунтуп, кийинтип, ичирип, адам кылып койсо мени көздөй таш ыргытчу болуп калдыңбы? Мага акыл үйрөтпө, акылдуу болуп кетет.
— Эжеке сен азыр ачуулусун, мейли мен таарынбайм. Мен сени бул акыбалдан чыгып кетишиңди каалайм, жардам бергим келет.
— Жардамга муктаж эмесмин.
— Айтчы эмне болуп жатасың? Түшүндүрчү. Өзүң мага күчтүү болууну үйрөткөн жок белең. Дагы апамды күнөөлөп койот, өзүңчү? Кайдагы эркектер үчүн ыйлап жатасың.
— Мен ичип, балдарымды көчөгө кууган жайым жок. Мен ар кимге тийип, өлтүрүп кара жаздык аталган жайым жок. Мен жетимдердин үйүн талашкан жерим жок, мен баламды, ошол акмак аялды кошуп багып жүрөм. Айрымасын билип ал уктуңбу.
— Апам аракты сүйчү, арак үчүн баарынан кечип кетчү. Сен болсо ошол Нурланды апам аракты сүйгөндөй сүйөсүң. Нурлан үчүн баарынан кечип жатасың, балаң бул жакта турсун өзүңдөн дагы кечип жатасың. Эми айтчы айрымасы канчалык экен?
— Жоголуп кетчи, эч кимди көргүм келбейт.
— Мейли мен кетем, баланы дагы алып кетем. Сен болсо ошол камалган жериңде өзүңдү жеп жата бер. Өзүңдү жеп бүтүр. Нурлан ошондо сага бата кылганы келгенин көрөм, ал сени эстебейт дагы керек болсо. Ал жыргап жашоонун даамын татып жүрөт.
— Мен Нурлан үчүн өлүп жаткан жерим жок, мен мени курчаган адамдардын баары мени буюм катары колдонуп, анан керексиздей ыргытып кеткенине жаман болуп жүрөм. Мейли башкасын айтпаганда Эрмекчи? Эрмектин кылганы туурабы? Адал болуп турсам бузукуга чыгарып кетип калды, башымды аттап бирөөгө үйлөнүп алыптыр.
— Сен үчүн баары күнөөлү, өзүң сүттөй аксын тим эле. Эжеке мен кечеги бала эмесмин, мен баарын түшүнүп калдым. Эрмек жездем сен деп турса, сенин көзүңдү Нурланга деген сүйүү басып, көр кылды. Жездемди керексиз буюмдай байкабай, Нурлан менен мелдештин. Жездемдин намысын тебелеп ойнодун, Жездем чыныгы эркек экен унчукпай басып кетти, башка эркек болгондо сен эчак жердин түбүндө жатмаксын.
Сага ысык тамак алып келдим, мени көргүң келбесе макул кетейин. Бирок, азыркы айтылган сөздөрдү жакшылап ойлон. Куру намыска алдырбай, жездемди көздөй биринчи кадам ташта. Жездемди таап кечирим сура, үй-бүлөнү кайрадан бириктир. Чоңдор эмнеге өзүңөрдү гана ойлойсуңар? Атасынын эмнеге жок болуп кеткенин түшүнбөгөн балдар кусаланып сыркоолоп калышты, сенин акыбалын бул болсо бечара сурагандан дагы айбыгып жүрөт. Мейли жата бер, самаганын жалгыздык болсо биз кеттик.

Үн каткан жок. Турмушту көрө элек кыз өзүнөн акылдуу экен. Эмнеге кечирим суроо оюна келген жок, эмнеге Эрмекти бир издеп барган жок. Чын эле Эрмек өзү үчүн баалуу экенин эми түшүнүп жатабы? Жаткан керебетин ургулап, үнүнүн чыгышынча ыйлап алды. Колунда сайылып турган ийнени сууруп чыгып колдорун ошол ийне менен тыткылай берди. Эки медайым араң токтотуп калды. Канчалык көп даарыланбасын айыгаар түрү жок, врачтар диагноз коё албай көп кармады. Оорусу өтө олуттуу экен, күйөөдөн ажыраган аялдар эркек жок жүрө бергенден көбүнчөсү ушул оору менен ооруйт имиш. Күмүшкө кайгысы кошумча болуп аты жаман ооруга айлануусуна аз калган экен. Операция болду, Күмүш жатындан ажырап, эми төрөй албайт болчу. Сиңдисин ошондон кийин көргөн жок. Үч ай бир жерден турбай жатып жашап өткөн жашоосун баштан аяк көз алдынан өткөрүп чыкты. Чын эле бүт нерсеге өзү күнөөлү экен. Нурланга өчөшүп Эрмекке тийген, Эрмек бечара Күмүш үчүн ата-энесине каршы чыгып Күмүш менен үйдөн чыгып кеткен. Кийин деле Күмүштүн чийген сызыгынан чыкпай жүрбөдүбү. Өзү акыркы күндөрү өзүн бий сезип эч кимди тоготпой калган. Тырмактай кадыры жок Нурланга теңелип мелдеш ойноду. Акыры барып Эрмекти жоготуп алды. Эрмек алсыз эмес эң күчтүү эркек экен көрсө. Сүйүүсү үчүн баарына туруштук бериптир, сүйүүсүн кадырлап, барктаптыр. Алсыздык деп эсептеген кылыгы накта эркектин иши болчу тура. Чыныгы эркек намыстуу болот, намысы тебеленсе баарын кечип, кылчайбай басып кетет. Ал го туура иш бирок, болгон жагдайды толук териштирбей басып кеткени кандай иш? Ал үчүн дагы Эрмек күнөөлү эмес экен көрсө, алыс жака кеткенче эки башка болсо дагы канча убак бирге бир үйдө жашашты. Ошол мезгилде баарын түшүндүрсө болот беле? Албетте болмок, өзү баягы куру намыска алдырып унчукпай койгон. Өзүн сүйгөндү барктабай башкаларга тебеленди болду, аттиң. —Апамчы? Колу дайым титиреп, жаш балача чулдурап, тамакты өзү жей албай, ажатканага бара албай жатканычы. Апам көрүп турган кордукту мен өз колум менен жасап бердим эмеспи. Дагы өзүмдү апам менен салыштырып койом. Мен арсызмын, апакем мендей эмес. Менчелик мыкаачы эмес апам. Бөтөн эркектерге зыяны тийсе дагы апам өз энесин жиндиканага тыккан эмес. Апам мага окшоп өз энесинен уялган эмес, апам жок дегенде эркек үчүн эч качан ыйлаган эмес!-деп ойлоду. Айыгып эле алсам баардык кылган каталарымды оңдойм деп өзүнө сөз берди. Айыгып, ооруканадан чыгуучу күнү келди. Жарым жылдай күн көрбөй эшике чыкканга көзү кадимкидей сокур боло түшүптүр. Жарыкка көзү чагылышып алдында турган адамдардын жүзүн тааный албай койду. Эки баласы, сиңдиси экен. Экинчи келбейм деп басып кеткени менен бир боор кантип чыдасын. Күндө тамагын жасап келип, эшиктен киргизип жиберчү. Жаткан бөлмөсүнүн терезесинен көпкө карап, сагынычын жазып кетчү. Сиңдиси мерез эмес, сиңдиси акылсыз эмес. Сиңдиси Акылды тарткан, боорукер, акылдуу, мээнеткеч. Басканды жаңы үйрөнүп жаткан жаш баладай титиреген буттарын араң шилтеп, баласын барып кучактап алды. Баласы кадимкидей чоңоюп калыптыр. Эжеси жумушка кеткенде тайэнесин карап жүргөн. Сагыныптыр баласын, жашоодон түңүлүп калган жаны баласын жыттап өпкөндө жаңы нур кирди. Жашагысы келип кетти, арсыз эркектер үчүн балдарын байкабай калганы үчүн уялып кетти. Баласына эчактан бери күтүп жүргөн жоопту берди.
— Атаң сени жакшы көрөт, жакында келет. Мен дагы жаныңарда болом.
Көп убакыт өтпөй, тең туштарынын берген дареги боюнча Эрмекти издеп кетти. Орусияда экен, оңой эле тапты. Жалынды, жалбарды, суранды, тизелеп өтүндү, кечирим сурады Эрмек кечирген жок. Жок, кеп анда деле эмес. Эрмек бул жашоого көнүп алыптыр, жоопкерчиликсиз, кайгыруусуз, сүйүүсүз жашоого. Үйлөндү деген ушак дагы калп экен. Күмүшкө караганда Эрмек туруктуу экен, жашоосуна, жүрөгүнө бөтөн бирөөнү жолотпоптур. Таптаза. Бирок, Күмүштү түңүлүп кетсин дедиби бир жаш келинди алып келип тааныштырды. Колунда ымыркай бар экен, балам деди, аялым деди.
— Эрмек, мени кечирбей турган иш кылган жокмун. Эмне үчүн баарын түшүндүрүп бер!-деп талап кылган жоксуң? Эмнеге таштап кеттиң? Балаң үчүн кайтып келчи суранам. Мен сени жакшы көрөм.
— Сүйбөйсүң.. Кептин баары ошондо болуп жатпайбы, жакшы көрөсүң, эмнеге сүйбөйсүң? Эмнеге сүйө албадың.
— Сүйөм, артындан издеп келгеним далил.
— Сен бала үчүн келдиң, баладан баш тартпайм, жардам берем. Бирок менин баламбы көзүм жеткен соң.
— Кантип ушул сөз оозуңдан чыкты? Кантип күмөн санайсын? Сенде башкага этегимди ачкан эмесмин, бала өзүңдүку, кудай турат үстүмдө. Жөндөн жөн эле үй-бүлөнү буздун, баланы тирүү жетим кылдың. Эрмек акыркы жолу айтам, жүрү кеттик. Эртеби кечпи баарыбир кайтасың, чыныгы үй-бүлө бул башка нерсе.
— Күмүш сага кантип ишенем? Сен тууралуу угуп жүрөм, улуу кишини киргизип алыптырсын. Дагы этегимди ачкан эмесмин деп кудайды күбөө кыласың, кудай уруп кетпесин.
— Экөөбүз жашап жүргөндө дедим, түшүнүп койчу мен дагы бактылуу болууга аракет кылдым. Сен ойлогондой Нурлан менен байланыш болсо сен кеткенден кийин ачыкка чыгып албайт белек.
— Ал сени дайымкыдай ойнотту, бай аялын сен үчүн таштап коймок беле. Мени акмак көрөсүң, кичинекей сыйын барда кетип калчы.

Күмүш өзүнө сөз берген, жер менен жексен болуп тебеленсе дагы Эрмектин кечиримин алып, баласына чогуу кайтам деп. Колунан келбейт окшойт, бир ай көз жашын көлдөтүп, көзүн ак баскычка жалдырады. Эрмек түртүп эшикке чыгарып коюп жатты, аргасы калбай бир күнү акылана келер деп кайра кайтып келе берди. Баласынын көзүндөгү үмүттү сындырып кантип атаң келбей койду!-деп айтат? Таппай койдум деди, дагы издейм деп сөз берди. Гулянын акыбалы жакшырып баратат күндөн күнгө, жок дегенде ажатканага өзү барып келүүнү билип калды. Алия болсо аталаш агалары Кыял, Нурис менен катышкысы келип жүргөн. Эжеси менен сүйлөшүп, апасын алып кечирим суроого барууну көздөп жүрөт. Оюн Күмүшкө айтса Күмүш колдоду. Апасына айтса тили чулдурап, жакшы суйлой албай башын шылкыйтып туруп берди. Макул болгондун белгиси деп эртеси базардан койдун семизин алып, дасторконду кенен кылып айылга барышты. Өздөрү чоңойгон үйгө кирип, эшигин какса чурулдап кичинекей балдар чыкты. Бешөө окшойт, баары эркек балдар экен. Артынан Күмүштүн курбусу кичинекей кызын көтөрүп чыкты.
— Кандайсың, конок келди. Кыял менен Нурис үйдөбү?
— Нурис эки баласын таштап аялы экөө жумушта, шаарда иштешет. Биз айылда, балдар менен эле олтурам. Кыял малдар менен кечинде келет. Кыялдын душманы менин дагы душманым, кечирип койгула өз карындашы Алиядан башкасын үйгө кир дей албайм. Кыял келгиче күтүп тургула.
— Азамат, күйөөңдү урматтаган мыкты аял болуптурсун. Туура кыласың, биз атабызга Куран окуталы деп келгенбиз. Эрте күндү кеч кылбай Кыялды чакырып келсек жакшы болмок.
— Жүрү жеңе агамдын кайда экенин көрсөт, чакырып келип кечирим сурап, анан көчөгө Куран окуталы.
— Мейли Алия, балдарчы?
— Күмүш эжекем карап турат, босогодон ары аттабайт агам келип кечирип, уруксат бергиче.
Кыял анча алыс эмес жерде экен, машинадан аялы түшүп барса таң калып калды. Артынан Алия түшсө тааныган жок.
— Кыял карачы сага кимди алып келдим, карындашым эмне болду экен деп көп ойлончу элең. Мына мен айткандай акылы бар экен таап келиптир.
— Алия ушунча чоң кыз болдуңбу? Кел карындашым.
— Мен жалгыз эмесмин, апам менен эжекем дагы бар. Жеңем уруксатысыз үйгө киргизе албайм деп босогого коюп келди. Жеңемдин сени ушунчалык урмат кылганына ыраазы болдум. Кечирим суроого келдик ага.
— Сенин жазыгын жок, сен үчүн үйдүн эшиги ар качан ачык.
— Жок, апам кечирим сурагысы келди, албетте андай нерселер кечирилбейт. Бирок, кудай кечирип жаткан кудайдын алдында биз эч ким эмеспиз го э байке? Кудай үчүн кечирип койчу, апам үчүн мен кечирим сурайм. Апам ошондон бери катуу ооруйт, апам жазасын толугу менен алды. Балким силер кечирсенер жакшы болуп кетет беле.
— Алия Гуля эжеге каргыш тийген, элдин, кудайдын каргышы тийген. Биздин таарыныч себеп эмес.
— Жетимдин акысын талашкан апама кудайдын каргышы тийди да, балким силер кечирсенер кудай дагы кечирет. Суранам..
Унчукпай малдарды аркандап, келген машинасында үйгө чогу кайтышты. Гуля Кыялды көрүп кучактап ыйлады, эптеп бир нерселерди айткандай болду бирок, Кыял түшүнө албады. Чулдурап калган, кечирим сурап жатат деп «мейли, кудай өзү кечирсин»-деп койду. Жарашып, арыдан бери дасторкон жайылып, койдун эти бышып, Акылга Куран окутулуп жатты. Кетишкенден кийин элдин баары таң калды, кээ бири табаласа, кээ бири тоболоп кала беришти.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️