Колдон учкан махабат❤️ 16 бөлүм

Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт.
16- бөлүм.
Гуля акылдан азган болсо дагы сөздүн маанисин түшүнгөндөй. Күндө уктабай тыбырчылап, ызы чуу салып жаткан болсо азыр эмнегедир тынчып калды, көзүнөн билинер билинбес жаш агып кетти. Балким, адам качандыр бир убакта оңолот деген сөз туура сыяктуу. Күмүш көпкө чейин ыйлап олтуруп уктап калды. Эртең менен ойгонгондо башка адам болуп калгандай, кабагы бүркөлүп, жумушка жыйналып жатты. Коюу кара чачын артка тарап, көздөрү тартылып калганча катуу түйдү. Унчукпай үйдөн чыгып көздөгөн жагына бара жатты. Ал Нурландын үйү болчу, эмне болсо дагы жолугушкусу келди.
Ал менин жашоомду бузса болот, эмне мен бузсам болбойбу деген ой. Сырты кадимки хан сарай тосулган үйдөй тосулуп турат. Кичинекей баскыч турган экен эч ойлонбостон басты.
— Ким бул?
— Күмүш, мени тааныбай сыңар. Нурлан барбы?
— Тааныйм..
Эшик өзү ачылып калды. Эшикте камера бар окшойт, Күмүшкө телефон сыяктуу нерседен жооп берип жаткан. Замандын жетишкенин кара, үйдө олтуруп көчөдө эмне болуп жатканын, үйгө ким келгенин көрсө болот. Күмүш туура үйгө кирип барды, кире беришинде чооң стол олтургучу менен бар экен. Андан ары басууга алы жетпей ошол жерде күтүп калды. Экинчи этаждан кимдир бирөөнүн аста басканы даана угулуп турду. Башын көтөрө караса келишкен кыз экен. Нурландын аялы экени анык, карасаң бай экени түрүнөн билинип турат. Бутунун учунан чачынын учуна чейин тыкан. Келбети сулуу болгону аз болгондой дене түзүлүшү дагы мыкты экен. Күмүш өзүн жаман сезип, Нурландын аялына кызганып кетти.
Эмне үчүн кээ бирине бүт нерсе, кээ бирине эч нерсе. Жашоо эмнеге адилеттүү эмес?-деп ойлоп жиберди. Чын да, ойлоп көрсө Эрмек экөө үйлөнгөндө чөнтөктө сокур тыйын жок эле. Баардык жокту экөөлөп күнү- түнү иштеп таппады беле. Анан эмнеге акчага көпкөн немелер адал мээнет адамды тебелейт. Айка Күмүштүн жанына келгенче көп нерсени ойлоп жиберди. Көзүнөн өрт жанган кыз экен, жанатан бери төш каккан баатырлык басаңдап, кеткиси келип кетти. Баары кеч болчу.
— Мен сенин келериңди билгем, көптөн бери күтүп жүрөм десем дагы болот.
— Эмнеге?
— Сага тийешелүү нерсе менде ошого.
— Нурлан нерсеби?
— Анан эмне? Мен кайда койсом ошол жайда турат, эмне кааласам ошону кылат.
— Анда эмнеге аны кармап олтурасың?
— Мен эмес, өзү. Өзү каалап жүрөт, атам экөөнүн чечими.
— Сен бирөөнүн каалосу менен жашай бересиңби?
— Бир нерсеге жетүү үчүн бир нерседен кечүү бул адаттагы нерсе.
— Сен үчүн ошондойдур, бирок Нурлан эмес сен нерсесин го!
— Кандай айтсаң ошондой, мен Нурланга тоскоол болбойм ал мага тоскоол болбошу керек. Баш айланткан махабатынарды уктум. Нурланды сага бере албайм, ал менин афторитетимди сактоо үчүн өзүмө керек.
— Мен сенден Нурланды суроо үчүн келгеним жок, мага анын такыр кереги жок.
— Өзүңдүн сөзүңө өзүң каршы чыгып жатасың, албетте сүйүү ошондой дешет. Азыр эле менден Нурланды коргоп аттың го, кайра мага кереги жок дейсиң. Эгер кереги жок болгондо сен менин алдыма басып келбейт элең.
— Мен Нурландын чыныгы жүзүн сага ачкым келген болгону.
— Нурландын анык жүзүн көрүп бүткөм, билесиңби мени эч ким, эч нерсе таң калтыра албайт көптөн бери. Билем ал мени менен байлык үчүн жашап жатат, билем ойноштору тизилип турганын. Эң башкысы ал кете албайт.
— Сый дегенчи? Өзүн сыйлоо дегенчи? Намысчы?
— Эмне анан сен өзүңдү сыйлайсынбы?
Өзүңдү сыйлаганда мынчалык алыс барбайт элең, сени угуп жүрөм. Мойнума алам сен менден кыйын аялсың бирок, сенин алсыз жериң бар. Менде болсо жок.
— Адаштың, бар. Байлык, боштондук, Нурлан.
Нурлан болбосо атаң сенин боштондугунду алып койот. Байлык болбосо Нурланды жоготосун. Сен байлык, оюн күлкү жок жашай албайсың. Сен кыйынчылык, акча табуу, ачка калуу дегенди билбейсиң. Мына сен алсыз адамсың, мен эмес. Мен, атам, күйөөм жок дагы өз жашоомду эң жакшы уланта берем. Сен болсо өлүп каласың, керек болсо ашказанын биз жеген тамакты сиңире албайт, ачкалыктан өлөсүң. Силер эми «Элита» эмессиңерби.
— Сен мен ойлогондон дагы кыйын окшойсуң, анда мындай мени Нурландын басканы кызыктырбайт, сен дагы мени кызыктырбайсын. Дениң сак турганда кетип кал, алдыбыздан чыкпа.
— Андай кыла албайм, кеч. Менин боюмда бар.
— Эмне дейсиң? Нурландын колунан баары келет бирок, досунун аялы менен жүрүү колунан келбейт. Нурлан анчалык айбан эмес, айбандын ишин кылбайт. Эки достун төшөгүн аралаштырган ал сенин ишиң, сенин колуңдан келет. Ичиңдеги арам баланы бизге угузба.
— Өзүңдү сыйлабайсынбы? Мен каматып жиберем.
— Өзүн сыйлоо эмне экенин мага сен үйрөтөсүнбү? Ар бир эркектин астында калган сен үйрөтөсүнбү? Камат, колуңдан келгенин кыл. Үйдөн чыгып кет.
— Байкуш..
— Ким байкуш? Ак никелүү күйөөң бар туруп, досу менен байланышкан анан кармалып жолдо калган сен байкуш эмеспи. Колуңдан келсе Нурланды менден тартып ал.
— Ал сени сүйбөйт.
— Билем, ал акчаны сүйөт. Акчаны эч качан таштап кете албайт уктуңбу.
— Ары жок, айласы жок байкуш.

Экөө бири бирине жетип мушташып кетишти. Кызык көрүнөт экен, Нурлан үчүн экөөнүн тең бир тыйындай баркы жок экенин билип турушуп мушташып жаткандары. Чындыгында эки байкуш айласы кеткендер. Начар эркектин запкысын тартып, ызага чыдабай кимден ачуусун чыгарышты билбей, бирин-бири жулмалаган акылсыздар. Үйдө эч ким жок болгон үчүн экөө каалаганча мушташты. Эң артында чарчап, полго жатып калышты. Ыйлашты. Эки жакты карап ыйлашып анан эң артында кучакташып калышты. Бирин-бири түшүнүп калды окшойт.
— Менин боюмда жок, Нурлан экөөбүздүн ортобузда эч нерсе эч качан болгон эмес. Ал үчүн менин үй-бүлөм бузулду, мен дагы Нурландын үй-бүлөсүн бузгум келген. Сенде эмне күнөө? Сен дагы мага окшогон эле аялсың да, кечирип кой.
— Эч нерсе эмес, баарын түшүнөм. Мени эле жыргап жатат дейсиңби, ачык көзүмө чөп салып жүрсө дагы чыдоого мажбурмун. Нурлан мени таштаса атам сенден кечем деген. Бирок сен дагы абайла, Нурлан сага кызыгып жүрөт. Пайдаланып кетпесин.
— Сен дагы абайла, мен Нурланды көптөн бери билем, пайдаланып бүткөндө кереги жок буюмдай ыргытып басып кетет.
— Билем, сезбей жүрөт өзү таштандыга кетээрине аз калды.
— Менин келгенимди билбей эле койсун э.
— Билсе деле Нурланга баарыбир, биз ал үчүн жөн гана максатына жетүү үчүн тепкичпиз.
Күмүш үйдөн чыгып кетти, жумушка барып көңүлү эч нерсеге тартпай олтуруп кайра үйгө тез эле кайтты.
Эмнеге эркектер бизди каалагандай калчайт!-деген ой Күмүштү бузуп баштады. Көп өтпөй Мирлан деген жашы улуураак киши менен таанышып, жакшы мамиледе болуп калды. Жашоосу бир калыпта уланып, кичине күйүтү басаңдаган сыяктуу. Мирлан бойлуу, ак жуумал, көздөрү күлүңдөгөн, орду менен сүйлөгөн жагымдуу экен. Токтолуп калган адам менен жашасам жашоом бир калыпта уланат деген үмүттө, жакшы ойдо баштады эле Мирлан дагы үй-бүлөлүү экен. Мирлан жакшы коштошуп кеткен боюнча кабары билинбей кетти. Бат эле келем деген кетип баратып. Эч ким ойлобойт да, Күмүш деле күнөөлү эмес. Үй-бүлөсү бар экени чекесине жазылыптырбы, билген жок да. Эки-үч ай дайынсыз жүргөн соң Күмүштүн үмүтү үзүлүп, издегенди дагы койгон. Бир жолу машинада баратып Күмүшкө шаардын чоң көчөлөрүнүн бирин көрсөткөн болчу, үйүм ошол жакта деп. Көңүл бөлгөн эмес, Мирланды киргизип алам деген эле да. Дем алыш күнү баласын эс алдырууга алып баратып, Мирлан көрсөткөн көчөнү көрүп, эстеп кетти. Таап алгандай сүйүнүп, түшүп калды. Жүрөгү сезди окшойт, бир аз баспай бир жерде бирөөнүн көмүр алып жатканын көрүп калды. Артты карап турган экен үнүнөн тааныды. Мурунку айдаган кымбат машинасы жок, араң от алган жигулиге көмүр жүктөп жатыптыр. Ичинде ыйманы ысык бир келишимдүү келин үч баласы менен олтурат. Үй-бүлөсү бар деген ой жок, туура Мирланга барып далына колун койду эле Мирлан өзүн көздөй бурулду. Мирлан кадимкидей чочуп, көзү ойноктоп кетти.
— Мирлан, кайда жүрөсүң? Сени издедим, эмне кылып жатасың?
Күмүштүн кучактоого бараткан колун катуу силкип салды.
— Күмүш, баарын кийин түшүндүрөм. Үй-бүлөм жанымда олтурат, сураныч бузбачы, кетип калчы. Суранам.
Күмүш жанагы машинанын артында олтургандар үй-бүлөсү экенин эми түшүндү, көзүнө жаш алып аста жерди карады.
— Мен ууру эмесмин, ууру эмесмин..
— Мики, булар кимдер? Эмне туруп калдың? Балдар ушуду, бас болчу эми. Эже силерге эмне керек?
— Эч нерсе, кечирип койгула окшоштуруп алдым. Кечириңиз..
— Болуп турат, эч нерсе эмес эже.
Күнөөсүз жаркылдаган келинди аяп кетти, бечара эки калпычы, зынакоор адамдын ортосунда алданып калганын кайдан билсин. Күйөөсүн дал ушул аял менен бөлүшүп жүргөнүн кайдан билсин. Мирлан бечара болуп калыптыр эмнегедир. Мурун айдап жүргөн кымбат машинасы, кийинген кымбат кийими, кармаган калың капчыгы жок. Ошол жерден кайра эс алууга көңүл тартпай, үйүнө кетип калды. Кечке жуук Мирлан келди.
— Келдиңби? Кир үйгө.
— Башка жерге барып сүйлөшсөк кантет?
— Жок, баарын түшүндүм, ошол эле кеп да сүйлөшкөндө эмне.
— Күнөө менде, сен көргөндөй эптеп жашоодо жашап жатып кантип көөп кеткенимди билбей калдым. Үч баламды араң тойгузуп жүргөндө бир досум мага жакшы жумуш таап берди. Бай адамдын айдоочусу болдум. Жакшы адам экен, менин шартымды түшүнүп айлыгымды көбөйттү. Жумушуна аралаштырып ортодо кошумча иштеп алууга мүмкүнчүлүк берди. Акча көбөйгөндө дайым ушундай улана берчүдөй сезилди. Элита адамдар менен аралашып жүрүп үйдөгү аялымдан жийиркенип баштадым. Үйдү көргүм келбей калды, аялымды теңиме албай ойноп кетчү болдум. Ал аз болгондой табагыма аш салып берген адамдын мүлкүнө кол сала баштадым. Ошол күндөрдүн биринде сага кезиктим. Күмүш сени чын жүрөктөн жакшы көрдүм, аракетчил экениңди жактырдым. Менин аялым бала төрөп үйдө болгондуктан колунан эч нерсе келбегендей көрүндү. Экөөңдү салыштырып ара жолдо көп жүрдүм. Ишенип берген кымбат унааны өз кызыкчылыгым үчүн колдонуп баштадым. Акыркы жолу сага келе жатып кырсыкка кабылдым. Унааны жайына коюш үчүн арам акчага кол сунуп жатып кожоюнга кармалдым. Жакшы инсан экен милицияга салып бербей, жөн гана чыгарып койду. Сага баруудан уялдым, колунда жок ууру адам менен бирге болууну каалабайт дедим. Үйгө барсам аялым баарынан кабары бар экен, балдар үчүн кечирди. Азыр баягы бир күн ачка бир күн ток күн кайра келди. Өзүң көрдүң.
— Мен дагы адаммын Мирлан, мен дагы бир нерсени түшүнөм. Келип бир ооз ачык айтсаң түшүнөт элем го, сени үй-бүлөндөн эч качан тартып албайт элем. Канча жолу алданам? Канча жолу тебелендиде калам дагы, сенден сурандым эле го, мени алдаба!-деп өтүндүм эле го Мирлан. Ырыскыны көтөрө албаган пас адам экенсиң, эми алдыман чыксаң бетиңди жаап кыя өтүп кет. Ушул акыркы суранычым болсун, жок дегенде ушул суранычты аткарууга эркектик намысын жетээр. Эми чыгып кет. Жашоого, эркекке деген ишеничти өзүң кайтардын эле бир кезде, азыр өзүн толугу менен ошол ишеничти кайрадан тартып алдың.

Мирлан эшиктин аркы бетинде кирээрге жер таппай, башын мыжыгып олтуруп калды.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️