Колдон учкан махабат❤️ 15 бөлүм

«Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт.»
15- бөлүм.
Экөө койгон убакыт дагы көз ачып жумганча келип калды. Мына мелдешкенине туура эки жыл болот экен эртең. Күмүш бутка турган, айылда Эрмек экөөнү жоро жолдошторунун баары сыйлайт. Туугандардын арасында дагы анча мынча өзүнөн чоң абысындарынан өйдөрөөк олтурат. Акча менен кайненесин сүйлөбөс кылып койгон, Эрмек Күмүштүн кареги менен тең айланат. Бул жашоо Күмүшкө багынып, бактылуулукка жол ачып бергендей. Бул жөн гана эл көзүнө, ошончо жыл өтсө дагы жанагы көкүрөк оту басаңдаган эмес. Ошол от жан дүйнөсүн толугу менен күйдуруп, адамдык сапатты такыр калтырган эмес. Акча дагы биринчи орунда эмес, жан дүйнөсү ачка, акча жан дүйнөсүн тойгуза албады. Ач көз.. Жакында достор чогулуп олтурганда Эрмек менен Нурлан жарашымыш эткен болчу. Жаңы -жылда баарын куттуктап убара болобуз!-деп шылтоо кылып бардык досторун үйгө чакырды. Нурлан дагы унуткан эмес мелдешти, Нурлан үчүн жөн эле өзүн сүйгөн кыздын жөндөн жөн ал үчүн жан күйдүрүп жүргөнүн көрүү кызык. Нурлан биринчи жолу келет Күмүштүн үйүнө, баардыгын болушунча көрсөтүү керек. Күмүш дагы Нурлан жашаган байдын үйүн көрө элек, көрсө оозун ачат бирок, жеңишти бербейт. Бирөөнүн үйү, бирөөнүн мээнети дейт. Бетке айта берет, Нурлан канчалык ылдый кетсе, канчалык жаман болсо Күмүш ошончолук ырахатты көбүрөөк алат. Дасторконду болуп көрбөгөндөй кеңири кылып, конокторду тосту. Нурлан чын эле Күмүшкө баа берди.
— Күмүш сөзүмдү артка алдым, сен мээнеткеч, акылдуу, күчтүү аял заты экенсиң.
— Мойнуңа алганың жакшы, демек жеңиш меники туурабы?
— Жоок, жеңиш ээсин тапкан жок. Тең болдук.
— Жеңилгенди жер көтөрөт, мойнуңа ала бил.
— Тилимди кычыштырба, сен мен жашаган үйдү көрө элек экенсиң.
— Ал үй керек болсо кайнатандыкы, ал үйгө сенин бир тыйындык дагы мээнетиң кеткен жок. Күч күйөө десе, ары жок.
— Көк мээ абийирсиз катын, тооктун мээсиндей мээ жок сенде керек болсо.
Экөө бакырып урушуп кетишти. Ары жактан эки-үч тең туш келип, урушту токтотууга аракет кылды. Болбой эле «сен эркек эмессиң»-деп бакырып жиберди. Мелдешти эч ким билбесе дагы, мурун экөө кыз-жигит болуп жүргөндөрүн билишчү. Эрмек катуу жинденип, колдору титиреп, турган боюнча эшике чыгып кетти. Тең туштардын алдында уят болуу жаман да, ызага чыдабай эмне кылууну билбей турду. Көчө каңгып жүрө берди.
-Ортобуздагы болгон ушундай нерседен кийин кантип мени элдин көзүнчө уят кылууга дити барды экен? Жок өзүм туура эмес кылдым. Үзүлгөн мамилени жаңыланбай коюшум керек эле. Нурланды алыс кармоо керек эле. Эмнеге эркек эмессиң деди экен? Бир нерсе деп намысына тийдиби же ортосунда бир мамиле барбы? А мен болсо алданып, элдин көзүнө алданган байкуш неме болуп калдымбы? Жаман ой басты да, балким жөн эле сөз талашып кетишкендир. Жок, андай болсо эркек эмессиң дебейт эле да. Сыр бар, бир болсо бирге болобуз деп сөз берип кийин сөзүнө турбай койсо керек да. Анан эмне кылат эле, алтын тордо камалып жатуу кимге жакпасын. Алтын тордон каалаганда чыгып, каалагандай сайрандап жүрбөйбү. Мындай жашоо кимге жакпасын. Болду болбоду булардын мурунку сүйүүсү ойгонуп, ортодо мени акмак кылып жүрүшөт. Мындай калтырбайм, эч качан жөн калбайт экен да. Буларга ким акмак экенин эми көрсөтөм!-деп ызырынып алды. Ары бери басып таңга жуук үйгө кайтып барса.ю, Күмүш дасторкон четинде ыйлап жатып уктап калыптыр. Барып аябастан бир тепти, бөйрөгүн үзө тепти окшойт катуу онтогон үн чыгып жатып калды сүйлөй албай.
— Иий, байкуш болосуң калп эле. Мени ортодо акмак кылып, намысым менен ойногондо баатырсың тим эле. Сениби эми шашпа, билбей жүрүптүрмүн кандай мамиле кылууну. Айтканындан чыкпай ата-энеме дагы каршы чыктым. Эссиз курган башым ай, өзүмө сооп болот. Кайактагы шуркуянын кызын адам санына кошуп үйлөнгөн мага сооп болот. Кетсең азыр турушуң боюнча чыгып кеткин, мындан ары бир дагы сөзүңдү уккум жок. Кетпесең калган жашооң тозокко айланат экенин билип кой. Балдардын тырмагына зар кылам сени. Кетесиңби? Жогол…
Араң башын чайкады.
— Жок, кетпейм. Айтчы менден эмне күнөө кетти? Сага эмне кылдым?
— «Эркек эмес экенсиң»-! деп тиги ойношуна.
— Акылдан аздыңбы? Кайдагы ойнош? Мен аны жек көрөм билесиң го.
— Эмнеге антесин анда? Болду жетишет, калп башымдан ашып кетти жетишет. Өлтүрүп таштай элегимде жогол.
— Өлтүр, өз эрим мага ишенбесе өлгөнүм ошол.
— Мага дагы калп сүйлөп жатасың.
Күмүш башын чумкуп солкулдап ыйлап жиберди. Эрмек чыгып кетти. Ошол күндөн баштап Күмүш үйдөн чыкпас болгон. Эрмектин көңүлүн карап, айтканын айткандай аткарат. Балдарын дагы айылдан алып келип алган. Айылда болсо баягы эле ушак.
— Айткам мен башында эле, Гулянын кызы жакшы эмес деп.
— Ошо да, байкуш Эрмектин бактысына балта чабылды, айдай бала куруду!-деп баягы оозуна ээ боло албагандарга кудай берип койду.
Эрмек Күмүш менен бир төшөккө жатмак түгүл, бурулуп карагысы келбей калган. Катуу сүйгөн адамын бир мүнөттө жек көрүп калуу дагы мүмкүн экен да. Ажырашпай же жакшы жашабай үй-бүлөдө түшүнүксүз жашоо өтүп жатты. Эри бар аттанып жүргөнү болбосо эркек жытын жыттабай калганы атам заман болгон.
Эрмек деле ойлонуп иш кылса болмок. Балким, Нурлан Күмүштүн намысына тийчү сөз айткандыр, ошол үчүн эркек эмессиң деп чырылдаган дыр. Эрмектин оюн бүт жаман ой басып, Күмүштү көргүсү келбей баарына кол шилтеп, алыс жака иштегени кетип калды. Күмүш айласыз, дагы сөз болуудан качып, кайненеси менен жашап баштады. Кадимки айылдын келинине айланды. Айылда эле чоңойгон кыз да, баарын жайына коюп жумуштун адебин бере жасайт. Кайнене ичинен ыраазы болсо дагы, сыртынан сындап гана турчу болду. Жакшы күн көрбөй бечара жүдөп, сынынан кете түштү. Кыштын күнүндө сайдан суу ташыды эле үйдөгү суу тоңуп калып, эртеси төшөк тартып жатып калды. Чекесинен ыссык түшпөй, дене-башы чыйрыгып ары барып келгендей болду.
— Өлүгүңдү гана көрөйүн өзүн аяган куу, чык бери. Уялсан болбойбу, атаң кар күрөп жүрөт, сен жатасың, жан сакта. Сен эми хан айымсын да. Эмне десе балаңды дагы алып чыгып кетем дейсиң да э?
— Апа, антпейм. Ооруп жатам, ооруканага алып барыңызчы суранам. Чын эле өлүп калуу оңой эле болуп жатат, балдарым жетим калбасын.
— Оорукчан экенсиң ошол үчүн балам жалгыз таштап кетиптир да э? Силерди багам деп өмүрү текке кетмей болду шордуу.
— Мейли, балаңды кайра алып кала бер. Болгону мени тез догдурга жеткирчи, өлүп калам.
— Айланайын бутуң бар кудай берген, бар жөнө. Жөө чыксаң дагы өлгүчө жетип каласың. Ошондон ары кайтпа, өз оокатынды кыла бер. Балама кыз алып берем, оорукчандын кереги жок. Кана сага ак жол.
— Апа кайда барам? Ден-соолугум мыкты, кичине эле сыркоолоп калдым апа.
— Энеңдин үйү бар эмес беле, сиңдинди интернаттан алып келип жашагыла.
— Балдар жетим калабы?
— Балдарыңдын энеси бар, энелүү жетимди эрке жетим деп койот . Бар жолуңдан калба.
Күмүштү жакасынан кармап дарбазадан чыгарып койду кайненеси. Эки баласын эки колуна жетелеп шаарга, үйүнө кайтты. Үйдө жатып оорусун жеңип чыкты, кайра баягы көнгөн соодасына аралашып кеткен. Сиңдисин алып келген, балдарын каралашып жүрөт. Өлүп кетсин дедиби Күмүш Эрмекти бир дагы эстебей койду. Бир жылдан кийин айылдагылардан Эрмек Орусияда үйлөнүп алыптыр деген сөз укту. Жинине алдырдыбы Күмүш дагы эркектерге көңүл бөлүп баштады. Мурункудай акчанын артынан куубай, өзүн карайт. Кийинип, бойонуп ачылып калган. Базарда турган тең туштары менен оюн зоок куруп кээде эс алып келет. Ошондой күндөрдүн биринде Алтын аттуу жигитке жолугуп калды. Алтын бир турмуш көргөн, калпычыраак бала болчу. Артынан калбай жүрүп Күмүш акыры берилди. Эч кимге билдирбей жолугушуп жүрүштү.
— Күмүш сендей аял заты ааламда бар экенине таң калам, кудайга рахматымды айтып бүтпөйм. Өзгөчөсүң…
— Койчу Алтын кадимки эле акмак аялмын. Сен айткандай керемет болсом күйөөм таштап кетет беле?
— Сен эмес ошол баркына жетпеген күйөөң акмак. Аттиң башында жолуксак эмне.
— Үйлөнөт белең эмне?
— Ооба, мага ким тоскоол боло алмак.
— Ошол үчүн тагдыр деп койот экен да.
— Жок, чын айтам сөзсүз үйлөнөт элем.
— Азыр ким тоскоол анда?
— Неме, эч ким. Сен мени тоготпой жатпайсыңбы, анан ишим жүрүшпөй балдарыбызды татыктуу бага аламбы?
— Менин тапканым баарына жетет чындасам, кана эр жигит айтканынан кайтпайт эле, эми сүйлөчү алтыным мен сага турмушка чыгууга макулмун.
— Макул, мен ата-энеме кабар берейин.
— Балыкчыга барып келесиңби?
— Ооба, өзүм барганым туура болотко.
— Мейли, мен дагы Балыкчыга таэжеме бармак элем сени ала кетейин.
— Эртең бошобойм да.
— Сен бошогондо, мен эч шаштырбайм.
— Азыркы акыбал сага жакпайбы эмне? Сөзсүз үйлөнүү керекпи?
— Мага баарыбир, сен алмакмын деп наалыгандан айттым.
— Баарыбир болсо анда койо туралы э жаным.
— Бала атасыз төрөлөбү?
— Кайсы баланы айтасың?
Жылмайып ичин сылап койду. Алтындын чачы туруп кетти, кызарып эмне дешти билбей Күмүштү бир өөп сыртка чыгып кетти. Алтын келгенче уктап калган экен тамаша деп айтууга жетишпей калды. Алтын болсо Күмүш тура электе биротоло кетип калыптыр. Күлкүсү келди Алтындын качып кеткенин көрүп. Бир чети ызаланды. Айла жок, дагы балдарын кучактап олтуруп калды. Жалгыздык жанына тийди, апасын сагынды, күйөөсүн алдырып койгонуна өкүндү. Олтурган жеринде бир жерди карап сааттап тура берүүнү адат кылып алды. Эмне деген адаммын?-деп өзүнө суроо берет. Ал суроого жооп таба албай, жинди болгон немедей коркунучтуу, токтобой каткырат. Кээде эч ким жок ээн талаага барып бугу чыкканча чаңырып, жер тепкилеп келет. Эч нерсе жардам бербейт, Нурландын эч нерсе болбогондой жыргап жүргөнүн көргөндө баардык нерсеге Нурланды күнөөлөйт. Жашоо токтоп калгандай, акча, дөөлөт дегендер бакыт эмес экенин түшүнгөндөй. Өз күнөөсүн сезип апасын жинди канадан чыгарып келип алды. Гуля ошончо жылдан бери жанагы даарылардын таасирине акылынан чындап азып калган. Тамакты колу менен мыжыгып жейт, кашык кармоону унутуп коюптур. Жаш баладай олтурган жеринде заара ушатып койот кээде. Сиңдиси апасынын мурунку көрсөткөн азаптарын эстеп кеткенде, кечке чейин шымын алмаштырбай койот. Неберелери менен кадимкидей кубалашып ойноп, бир нерсе туура эмес болуп калса жерге жата калып ыйлайт. Көчөгө чыгып качып кетет, кээде кийимин чечип ыргытып салат. Күмүш канчалык деңгээлде жинденбесин баарыбир эч нерсе дей албайт, эч нерсе кыла албайт. Кандай адам өз энесин жиндиканага берет? Мурун өз кылганын туура деп билчү, Гулянын кылгандарын эстегенде. Азыр эненин мээримине зарыгып турганда мага демек мыкаачы Гуляны жакшы көрүп кетти. Түндө туруп качып кетпесин деп, апасын байлап коюшат керебетине. Түндө жумуштан келсе балдары, сиңдиси, апасы баары уктап жатыптыр. Уурданып, апасынын жанына барды. Колдорун өпкүлөп, кучактап, төшүнө башын коюп, жытын кере жыттап буулугуп ыйлады. Апасын канчалык деңгээлде сагынганын эми сезди.
— Апаке, мен сени жакшы көрөм. Өзүңдү тарткан акмак кызыңды кечирип койчу. Баарын түшүндүм, сенин адамдарга деген жек көрүүндү эми түшүндүм апа. Эркектер тирүү башыңды аттап кетип жатса кантип жек көрбөй койосун туурабы?
Кантип өз небересин колуңа карматып, үйдөн кууп чыккан энени жек көрбөйсүң апа? Эми баарын түшүнүп турам, жүрөгүңдү ээлеген асыл адам теңине албай, мыскыл кылып жүрсө кантип жек көрбөйсүң? Адамдар акчаңа карап мамиле кылса кантип жек көрбөйсүн?
Баарынан чарчадым, эми мен сен тараптамын. Сен үчүн уялып жүргөн болсом мурун, азыр сенин алдыңда жанагы абийирсиз адамдар үчүн уялып турам.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️