Ким жинди, мен жинди, мени түшүнбөгөн сен жинди. 

https://kyrgyzcha.site/?p=53446&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ким жинди, мен жинди, мени түшүнбөгөн сен жинди.

Сөз башынан болсун. Окууну бүткөндөн кийин турмуштун оордугунан чоң окууга тапшыра албадым. Борборго келип тигүүчүлүктү аркалап он жылдай иштеп калдым. Арасында сиңдилеримди да үйрөтүүгө үлгүргөм. Жылдар өтүп, элдердин көпчүлүгү Москвага агыла баштаган. Атамдан уруксат болбогону менен мүнөзүмдүн көктүгү жеңип мен да 2008-жылдын аягы Москвага жол тарттым. Тууган уруктан дарек жок тутунганым чогуу иштеген эки эже эле. Азыр да аларга ыраазычылык билдирип кетмекмин.

Ошентип Москва жашоосу башталды. Алгач эки эженин биринин колуна бардым. Эртеси эле Кыргыз посольствосуна алып барышты. Ал жерден кичинекей китепче алып алдым. Үйгө келип Москвада жүрүүнүн эрежелерин окуп чыктым. Регистрация жаратып, эки жарым миң болду десе китепчени көтөрүп чыгып, «кана үч айлык регистрация 118р экен го» деп айтканым бар. Иий бетим, ал акча кожоюнга берилээрин кайдан билдим. Ошентип, китеп окуган кызга атыктым.

Кабагым кашым дебестен күнүгө жумуштан кийин магазинден соода кылып келип, жездең менден башка адамдын тамагын жебейт деп өзү баарын жасап жүрдү. Бир бөлмөдө үчөөбүз. Кыйынчылык жок. Арадан күндөр өтүп, эжекем гражданство алыш керек болуп, Кыргызстанга паспортун алмаштыруу үчүн сапар алганы калды. Телефон чалып экинчи эжеге дайындап, мени жездем экөөбүздү бир бөлмөгө жалгыз калтырууну туура көрбөгөнүн айтып калды. Тиги эже макул болуп, кийимдеримди топтоп, айтылган дарек боюнча алып келди. Мынааа сага жашоо. Кичинекей бөлмөдө (башта жашагандан кичирээк) сегиз тогуз адам. Алардын арасында балдар да бар?. Чыдап тур мен келгиче, кааласаң кийин алып кетем деп таштап кетти. Айла канча ээң чекеден жай сурап жатып калдым. Аида эже жанымда. Баары терең уйкуга кетишет, менде кайдагы уйку? Жатып алып ыйламай, сагындым Мекенимди. Телефон жок ал учурда, Аида эже иштен келип телефонун берет, С.Бейшекеевдин «Айжамалын» сыздатып өзүм да ыйлай берчү адат таап алдым. Эки-үч күндөн кийин Аида эже бир магазинге ээрчитип барып, дайындап таштап ишине кетти. Кечинде кайтканда алып кетмек өзү менен. Ишке киридим, же орусча жооп бере алсамчы. Семиз тажик улутундагы аял мени ээрчитип тааныштырып жүрөт. Жиним келип ээрчип алгам. Швабра менен арабасын карматып «кирише бер, ушул сенин кызматың» деп чайпала басып кетти. Намыстанып алганмын «Кыргызстандан ушул ишти энчилөө үчүн келдим беле» деп. Такыр эле эп келбейт, тердеп да алгам. Ары-бери өткөндөр мени эле карагансып, сүйлөнгөнсүп кысынып жаман абалда калдым. Иштебеймин кетем деп кирип барсам, азыр чыгарбайт кечке чыдап кой деп калды. Аида эже кеч келип алып жөнөдү, бирдеме деп койсо керек жолдо кулагымды жеп урушуп барды. Көгөрүп эртеси ишке барбай койдум. Жаныбыздагы дагы бир эже үйдүн жанында базарда иштечү. Ал эже мени базарга келүүмдү суранды, барсам армян улутундагы адамга сатуучу керек экен. Күнүнө үч жүз рубль , жеген ичкеним анын мойнунда. Алгач жөн эле таанышып жарым күн иштегениме деле акча берип калды. Бир айдай жардамчы болдум, андан кийин өзүм ачып , өзүм жаап иштей баштадым. Жашоо жакшы, акчаны күндө алам. Көнүп да калдым. Бир күнү Сулико (мени ушинтип атап алган), диниңди алмаштырганга кандайсың дейт. Түшүндүрүп убара болбодум, ыйлап алгам, катуу тийген болуш керек. Кечирим сурап кетип калды. Ошол күнү кечинде ачкычын коңшу сатуучуга таштап эртеси чыкпай койдум. Эжекем Кыргызстандан келип, документтерди тапшырганга үлгүргөн ал учурда. Кечинде телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, бүгүнкү болгон окуяны айтсам күлүп күйөөсүнөн жумуш сурап калды. Телефон номер берип сүйлөшүп көр, магазинге товар коё турган иш (мерчендайзер) деп калды. Эртеси телефон чалып, айткан дарегин жазып алдым. Жездем айтып калды телефонго акча салып койчу, элден алган миң рубль дебейин деп. Жиним келип телефондон эле урушуп кеттим. Шашпа, эртең сени кабыл албай турган кылам, кыйынсынасың ээ деп кекенип алган. Эртеси айтылган дарекке барсам тизмеде атым жок экен. Жаман болуп кеттим да эгер силерден албасам бул даректи кайдан тапмак элем деп көгөрүп туруп алдым. Бир жакка звонок кылып, мени өткөрүп жиберди. Кудайга шүгүр экзаменден да өттүм. Мен үчүн процент чыгаруу кыйынга турбады, бирок сүйлөй албай аябай кыйналдым. Кабыл алган айым күлүп эле жашаган жериме жакын үч магазиндин дарегин жана супервайзердин номерин карматып, ишиме ийгилик каалап, жолго салды. Кубанычым көпкө узаган жок, жумушка жакыныраак жерге квартирага чыкканым менен ичип жегениме эч нерсе жок. Айлык тийгиче дагы бир ай бар. Алысыраак тууганымды таап квартира акчасын алдым эки айга алты миң. Жумушка барып, ал жердегилерге үйдөн тамактанам, үйгө келип жумуштан тамактандым деп жүрө бердим. Мурунку квартирада чогуу жашаган Наргиза аттуу кыз бар эле Ысык-Көлдөн. Бир күнү чакырып, абалымды айттырбай түшүндү. Жүрү магазинге чыгып келели деп , аны деле муну деле салып жатат. Ушунча да продукты кыласыңбы деп таң калып коём. Кассага келип, эки баштык толо майда чүйдө алып чыктык. Кызыгы үйү тарапка баспастан, туура мен кетчү трамвайдын аялдамасына алып барды. Ошондо түшүндүм, мен үчүн кам көргөнүн. Алтыным Наргиза сага үй бүлөөлүк бакыт каалайм. Ошондой күндөрдүн биринде магазинде илинип турган жумушчулардын тизмегине көзүм түштү. Эң кенже инимдин атына окшош атты көзүм чалды.

— Бул ким? деп бирөөсүнөн сурасам ал картондорду престеп иштейт. Көрбөдүң беле деп күлдү. Жүрү тааныштырып коёюн деп ээрчитип жөнөдү. Өзүм теңдүү, кең далылуу жигит экен. Тааныштык. Номер алышып, мен кеттим, ал жумуштан чыккандан кийин чалаарын айтты. Сүйлөшүп жүрдүк дос деп бири бирибизди.

Өкүнөм таанышканыма.

Ал өзүн алып качканы менен мен ага тартылып бараткандаймын. Менин апамдын кылыгынын бирөөсүнө чыдабайсың дечү. Баарына баш байлап, үйдөгүлөрдүн жашың өтүп бара жатат турмушка чык дегенин туу тутуп жашоону Москвада эле баштап алдык. Ак болсом да, туугандары күмөн санап сын көз карашта. Же күйөөм чечкиндүү эмес. Чакчаңдап жүрүп, кызыбыз бир жаштан өткөндө кайнене менен айтышып басып кеттим. Убактылуу жашап жаткан квартира да калды. Билет алып бер Кыргызстанга кетем дедим. Эки аялзаттын ортосунда калган балдарымдын атасы ойлонбой туруп «талагын» берди. Жашоо улана берет окшобойбу. Ортодо түйүлдүк болуп кеткен балам жарык дүйнөгө келди. Жашоо сындырды. Кичине болсо да оор тартып калдым.

Канчалык алыс болсок да байланыш үзүлбөдү. Балдарына жардам бербесе да телефон аркылуу сурап турду. Экинчим жети айга толгондо жашоомду Бишкекте улантмай болуп, балдарымды алып баса бердим.

Байланыш үзүлүп калды. Санааркап ал чалган бүт номерге чалып отуруп, бирөөсү иштейт экен чакыруу кетти. Ал дагы досу экен. Сүйлөшүп отуруп анын үйлөнгөнүн жана жакында балалуу болоорун, өзү баарын таштап Москвага кеткенин саймердеп жатты. Калган сөздөрүн укпадым. Катуу стресске кабылдым да калдым. Ошондой болуусу керек болчу. Бирок мен эмнеге ыйлайм, мага ким? Кичине өзүмө келип калганда кайрадан кабарлашты. Кичинекейибиз бирге чыккан күнү келиптир Москвадан. Бизге жолугуп, балдары менен күн өткөрдү. Мечитке барууну сунуштаганы менен мен белгилүү себептер менен баралбашымды айттым. Айылга барыш керек, анткени ал жакта да уулу төрөлгөн. Кийинчерээк келип, бир болоорун айтып кетти. Бирок апасы жөнөткөн жок. Катуу турду. Кайрадан эле Москвага кетип калды жолукпастан. Балдардын сүрөтүн күндө жөнөтүп турам «агент» аркылуу.

Билинбей экинчи балам эки жашка чыкканы аз калган. Агенттен бир эже кошулду. Экөөбүз аябай ынак сырдаштардан болдук. Эки балаң болсо , эмдигиче турмушка чыкпасаң жолдошуң менен жарашып жаша деген кеңешин берип турчу. Ал аркылуу үчүнчү үйлөнгөнүн да уктум. Ооба, акыркы убактарда кабар албай калган болчу.

Тагдыр экен кичинекейим эки жарым жаш болгондо келдим Москвага. Туугандарым менен бирге туруп калдым. Агенттен сүйлөшүп жүрөм баягы эже менен. Москвага келгеними айтып жолугалы десем баш тартып койгон. Биринчи убактарда үйдө отуруп каласың го , одноклассник ачып биринчи жанагы эжени издеп кошоюн дедим. Кудай бетин салбасын, тообоо ушунчалык эки жүздүү адам болобу? Ичиме кирип , сырымды билип чогуу жашап алган өзү экен да. Балдарымды деп атасын чогуу жашоого үндөгөнүм оңойго турбады. Канчалаган токмогун жеп, алданып акчаларымды алдырдым. Дүнүйөнү биринчи орунга койбогонумду билип көп пайдаланды. Анын бир жеңеси бар, терең ыраазымын. Кыйын кезеңде көп жардам берди. Аллахым буюруп койгон экен, балдарымды колума алгам. Азыр жанымда. Балдарга тартылаар бекен деп атасына кабар берип , чогуу туруп калдык. Бирок үчүнчүсүнөн кол үзө албады. Кызганыч жеп , күндө жаңжал. Кол көтөрмөй. Эс тартканы балдарым атасы менен чогуу эми гана болду эле. Мен да күнөөлүүмүн жөн койсом болмок. Балдарымды атасыз өстүрбөйүн деген далалатым , кайра аны жек көрүүгө түртүп жаткансыдым. Акыры чыгып кетип бара жатып эки бала менен сени ким алат? Кааласаң да, каалабасаң да ушундай тагдырда өтөсүң. Өзүң күнөөлүүсүң тагдырыңдын тайкылыгына деп чыгып кетти. Жарылган оозумдун канын тазалап жатып, шашпа он күндө турмушка чыкпасам атымды башка коём деп кыйкырып кала бердим. Убакыт өтүп экинчи жолу турмушка чыктым. Беш жаштагы балам «Апа, биз эми бактылуу болдук ээ» дейт. Өрттөнүп кеттим. Өз атасы тартууласа болбойт беле ушул бакытты деп. Бактылуу күндөрдүм жарым жылга араң жетти. Кызганчаак эле. Сүйгөнүнөн го деп тим болчумун. Телефонго башка чалуулар келсе өзү текшерип калчу. Бир күнү да башка номерден чалуу келди. Жанаша отурган жолдошум алып туруп сүйлөшө баштады. Күндө ызы чуу болуп калды. Атасы келсе бер балдарын, калп эле бетиңе балдарын кармап сүйлөшпөй деп. Отуруп жай сүйлөшсөк, чалган аял «тиги» экен. Көрсө бир айдан ашык убакыттан бери үйүнө барбай жатыптыр. Кудай турат, мага келген да, сүйлөшкөн да эмес. Ортобузга от жагып туруп алды. Канчалык аракет кылбайын жашоом солгундай түштү. Кайненем менен(экинчиси) жакшы сырдаш болгондуктан кеңеш сурасам,

-Келиним эмес кызымсың. Кете бер де, күйгүзүп түгөтмөй болду сени. Кечээ мен да урушкам. Сүйсө баарына чыдап жашайт. Бирок укчу түрү жок деп калды. Какаганга муштаган белем балдарымдан кабар алайын деп келдим деп атасы да пайда болду. Чиеленишкен тагдырдын торуна чалындым да калдым. Азыр бир жыл болгону калды балдардын атасы чогуу турат. Кудайга шүгүр чоңум окуп, кичинекейимди азыр окууга даярдап жатам. Балдарына мээримдүү ата, бирок тигинисинен кол үзбөдү. «Сени менен эч качан бир болбойм, сенин ишиң болбосун мен ким менен байланышаарымды» дейт. Сабырым түгөндү, күчтүү аялзаты болгум келбей калды чарчадым, алсыз болуп, бирөөгө таянып жашагым келип калды. Бирок кантип??? Бири бирибизден жаман сөздөрдү таптакыр аябай калдык. Ажаансың дейт. Туура… Башкалар жакшысың дейт. Көз көрбөгөн жакка качып кетким келет, өзүңдөн өзүң качып кутула албайт экенсиң. Абалым оор дебеймин, Аллахка шүгүр. Болгону сабырымдын күчү калбай баратат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️