Керим………

КЕРИМ

 

Күндөгүдөй эле иш оордумда, улам жумуш издегендерге телефон аркылуу дарегин айтып олтургам. Бир адам чалып, калды үнү кандайдыр сыгынычтуу да ызалуудай туюлду. Себеби:- көп адамдын угуп атып, үнүнөн ажыратып калган кезим эле.

Мындай жумушта бирөөнүн сырына, ыйына күбө болуп, узак сапар жүргөндөй ар кандай тагдырга күбө болгон күндөр аз эмес эле. Анда менин телефондо ресепшсин, кардардын суроосуна жооп берип иштечимин.

Кыздар-балдар, орто жаштан каалаган жашка чейин кабыл алына турган Тянь-Ши компаниясы эле.

Көпчүлүгү жумуштун акчасы күнүмдүк төлөнөбү деп чалышат. Ошончо чалуудан бир адамдын тагдыры мени ойлонтуп санаага салса, же өзүнүн кыйналганын бөлүштүргүсү келдиби мен сиз менен жолуксам болобу деди.

Пример HTML-страницы

Мен мындай суроого көнүп калгам.

-Болуптур келиңиз деп, жумуштун дарегин айтып, көнүмүш жумушумду улай бердим.

Бир кезде эшикти тыкылдатып, бир жигит кирип айланасынан кимди издегени билинбей эки жакты карап, улам таанышын издегендей боло берди.

-Келиңиз сиз Баратов Керимсизби жумуш сурадыңыз го деп, сөзгө тарттым.

-Мен сиз менен сүйлөштүмбү деп, уялгандай туруп калды.

-Ооба мени менен сүйлөштүңүз айта бериңиз уламдан-улам суроо бердим.

Көпкө чейин кирип, чыккандарды карап, менин сөзүмдү укпаган немедей чочуп кетип,:- Ой эже кечирип, коюңуз мен эмнеге алаксып кеттим?

-Биздин жумуш ушул офисте документ менен иштей турган жумуш. Товарларды келген кардар менен канча товар аларын, баасы канча болорун, ар кайсы товарды кайсы складдан аларын так маалымат берип, товар ала турган накладнойду компютерден өткөрүп, товарга жөнөтөсүз жумуш ушундай, толук айтып, -Керим сен мурда кандай жумуштарды иштедиңиз эле десем.

-Эже мен мындай эле жумуштарды иштечимин. Эч кандай окуу жайын бүткөн эмесмин.

-Сен эмне колундагы анкета толтурбайсын десем колум ооруп, жазууга болбойт жатат. Мындай эле жооп берейин эже деди.

-Болбойт келген адам сөзсүз анкета толтуруш керек.

-Кел мен жардам берем деп, колума калем алып, жардам берүүгө аргасыз болуп, кайрылдым.

-Керим өзүң жөнүндө толук айт мен анкетаңды толтурам, суроо бере баштадым.

-Керим каяктан болосун?

-Таластан.

-Канчанчы жылы төрөлгөнсүз?

-Бир миң тогуз жүз алтымыш үч.

-Толук аты-жөнүн паспортто жазылуубу?

-Үй-бүлөөлүк абалын кандай?

-Жок.

-Кайда жашайсыз?

-Агамдыкында.

-Иштегенсизби?

-Ар кандай жумуштарды.

-Ичкилик менен кандайсын?

-Ичпейм, ичкем бир убакта, азыр ичпейм.

Керимден жообун анын ким экенин бир көргөндө сезип, сиз бул офисте иштей аласызбы?- анан ушул жашка келип, үй-бүлөө жок болсо, агаңдыкында жашап, жашоо үчүн женеңдин көзүн караш сага оор эмеспи?-балдарынын катарында болушун кыйын го дедим. Көзү кирип-чыккандардан өтүп, турду. Кыз-келиндер дагы өз жумуштарды менен кирсе улам бирөөнү карап,-Эже мен деле элдей иштесем дейм мен чыныгы жашоого мукташмын, бул жерден иштеп, калсам өзүмө теңдүү табылып калаар бекен деп чалгам, сиз алганда үнүңүздөн жаш эледир деп, кайрылдым эле. Эже деп, өзүнүн оюн толук айтып, эгер бул жерде жашоого ылайыктуу жери болсо кандай жумуш болсо иштейт элем.

-Андай эмес бул дүйнөлүк чоң компания. Бул жерде иштегенднр тандоо менен кабыл алынат.Каалаган киши баардык талабына жооп, берсе иштей алат.

Себеби:- бул жумуш жашоонун эң туу чокусун ойлондуруп, жалаң өйдөлөш үчүн бири-бири менен билинбей ат салышкан жумуш. Сыртынан баары бир туугандай, сылык эч кандай орой сүйлөбөгөн тартиптүү балдар-кыздар иштешет.Адамдын улуулугуна, жаштыгына карабай бериле турган бирдей жумуш. Өзүңө берилген анкетаны толтура албай койдун сен бул жерде иштешин кыйын. Керим таарынба үйүңө барып, аябай ойлонуп, иштейм десен биринчи күнү кел деп, узаттым.

Офистен чыга албай кылчак-кылчак карап, ушул жерде өзүнүн кымбат буюмун калтыргандай эшик аттады.

Ай, жашоо билинбей Керимди телефондун бир жооп, бергени ушул жерге келтирип, кайра-кайра карап, негедир таанышы жолугуп калчыдай каратты. Мен дагы жашоонун ой чуңкурун басып өткөн жылдарымды, жаштыгымды ойлоп, ушул күнү менин оордумда жашоону түшүнгөн, оор басырыктуу, турмуш курууну ойлогон келин олтурса, бой десе бою бар, сымбаттуу, өңдүү десе өңдүү жигит Керим өкүнүп эшик аттабас бе


Керим………

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️