Пример HTML-страницы

Кен пейилдик бакыт 9 болум

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кен пейилдик бакыт 9 болум

— Болду, тамакты бата-бата ичип, өзүңө кел, — деп өктөм айтты да бөлмөдөн чыгып кетти, Мелис өзүнөн-өзү селт этип каалганын карс этип жабылышынан дагы коркуп кетти: «Баары ошондон башталды, сулуу аял жан азабы, сүйүүнүн жыргалы да азабы да бар, жыргалын татам десең азабына чыдай бил дегендей мен жыргалын татам деп өз башымды азапка салдым, эми оңолуу кыйын го, кыздын убалы мага жетет го, мен сүйүшкөндөрдүн ортосуна бөгөт койдум, аны өлтүрөм деп ойлодум эле өзүм өлтүрдүм, алардын убал-сообу мени тынч жашата койбос», — деп ойлуу эндиреп туруп анан жатып калды. Ал кээде өзүнөн-өзү сүйлөп да калчу болду, бир жолу түндө анын бөлмөсүнөн катуу үн чыкканынан Курман менен Акылай келип карашты, аларга эчтеке болбогондой түр көрсөтүп суроолору жоопсуз калды. Молдону алып келип дем салдырды, жүрөгүн көтөрттү, бирок эч натыйжа чыкпады, сүлдөрү эле калды, Акылайдын чырылдаганын тоготпой жүргөн Курман кийин чоочуп калды, арадан сегиз ай өтүп кеткен эле.

— Жогол дейм, жоголчу ары, сени мен өлтүргөнүм жок, күнөө менде эмес, кет деп жатам, ке-ет! — деп бакырганын угушуп дагы кирип келди.

— Мелис, сага эмне болду уулум? — Акылай үрпөйө кармап калды.

— Эчтеке! — деп диванга отуруп алып терс бурулду, — Эмнеге эле мени аңдып калдыңар, мен тирүүмүн уктуңарбы, өлгөн жокмун!

— Кой балам, андай дебечи садага.

— Анан эмне дешим керек эле апа, мени өлгөн баланын арбагы ээрчип алганына көп болду, азыр дагы мени өзүнө чакырып артымда турат, — Аргасы кете апасына бой урду, — Эмне кылам апа, мени өзү менен өзү сүйлөшүп жинди болуп калды деп ойлойсуңарбы, мени бура бастырбайт.

— Садагаң кетейин коркпо, ал сенин катуу чоочуп калганың эле, сени врачка көрсөтөлүчү, өзүңдү бас, тобо келтир балам, — деп Акылай Мелисти тынчтандырды, анан машина менен врачка көрсөткөнү жөнөштү, бул жолу Мелис макул болду, бир балээден кутулгусу келди, жолдо бара жатканда көздөрү чакчая түштү:

— Апа, ана карагылачы, жолдо турат, токтоткула машинаны, токтоткула! — Бетин басып бакырып жатты.

— Алда кудай ай, кайдан дагы балээге калдың эле? — деп башын кучактап көзүн жаап алып шоопуруна айдай бер деген белги берди. Ошол күнү аны ооруканага жаткырышты, укол алып дарыланганга бир аз сакая түштү, Курман айылга барып жылкыдан сатып келгенге Кулубектикине келип Гүлхандын түрүн көрүп чоочуп кетти: «Бул дагы катуу ооруп калган окшойт, деги эмне болуп жатат», — деп ойлоп алды, ал Мелистин уруп кеткен баласы Гүлхандын жигити экенин уккан эмес.

— Кызым, бир жериң ооруйбу? — деди үңүлө карап.

— Жүрөгүм…

— Эмне дейт, врачтарга көрүнүшүң кере да кызым.

— Менин жүрөгүмдүн оорусу арман, күйүттүн оорусу байке, — деп Гүлхан ички бөлмөгө кирип кетти, Гүлсана үшкүрүп болгон окуяны айтып берди, Кулубек үндөгөн жок, Курман ойлонуп отуруп калды.

— Жаман иш болгон экен да, Мелис аны кокустан уруп кетиптир, ажал шаштырып алдынан чыга калган тура, — деди анан.

— Кантейин, үйүбүзгө чанда өсчү гүл бактык эле, минтип кайгыдан азап чегип көз алдыбызда соолуп бара жатат, баары унутулаар деп күтүп отурабыз, — деди Гүлсана эмшиңдей, — Жалгыз кызыбызга чымын кондурбай үлпүлдөтүп бактык эле, тилеги каткан бир шумпай экөөнү бөлмөк болгон экен, окууларын таштап айылга келебиз деп жөнөгөн учурда коюп кетиптир…

— Ким ажыратмак экен? — Курман шекий сурады.

— Аны билбейм, телефондон кат жазып айтыптыр, кыскасы баланы коркуткан экен, ким экенин билбей калыптыр.

— Ата-аңдын гөрү, заман эмне болуп бара жатат деги, жаштар ай жаштар, бирөөнүн ыйынан бакыт кургусу келгендер бар да.

— Эмнеси болсо дагы кызыбыздын келечеги жакшы болсо болду, аманчылыгын тилеп отурабыз, — деп Гүлсана ички үй тарапты карап шуу үшкүрүнүп алды.

— Кызымдын өмүрү узун болсо бул күндөр деле өтөт, — деди Кулубек салмактуу, — Жамандык кылгандарды кудай жазалаар, гүлдөй кызымдын бактысына балта чапкандар оңбосун да.

— Ооба-ооба, кызым сакайып кетсин, убакыт өзү эмчи дегендей баары унутулуп кетет, — Кутман андан аркы сөздү укпай Кулубекке кайрылды, — Эми эки айдан бери келе албай калдым, бул жыйырма миң сом айлыгың, азыркыда белек-бечкек алып келе албадым, Мелис дагы бир аз ооруп жүрөт, санаабыз тынбай турат, бир жылкыны сатып кетейин, — деп келгенмин, врачка берүүм керек.

— Макул байке, эртеңки базарга чыгара коелу.

— Ошентели, — Курман унчукпай кыңкайып калды, Гүлхан ошол бойдон көрүнгөн жок, ал күнү-түнү ойлонуп жүрө берет, бирок апасынын жардамчысы, кирип чыгып жумуш жасап жүрө берет, отуруп алып көпкө куран окуйт, атайын куран китеп алдырып үйрөнүп алган. Курман айылдан катуу ойлонуп келди, Гүлхандын түрүн көрүп боору ооруганы менен өзүнүн баласын ойлогондо чоочуп алат: «Кудай жазасын берет», — дегенди угуп коркуп калды: «Эмне болоор экен, каргыш жаман болчу эле, кан куткарбайт деген чын болуп жүрбөсүн, кой бир көзү ачыктарга көрсөтүп бир айла табалы», — деп ойлонуп ооруканага барса, Мелис шыпты тиктеп ойлуу жаткан экен, сүлдөрү эле калган, жүзүндө тирүүлүктүн бир дагы жышааны жок жаткан эле. Каңырыгы түтөй сыртка чыгып кетти: «Демек баары ошол кыздын айынан болду, көрсө аны коркуткан экен да, кызды тартып алам деген го курган бала, эми кандай айла кылам», — деп улуу баласын, кызы менен кичүү баласын чакырып алды. Алар деле барып көргөн сайын зээни кейип кайтчу болгон, колдон келбегенге чара барбы, аны айтып муну айтып бир пикирге келе албай жатышты:

— Коркконунан оору калды, психический ооруга кабылган да, муну врачтар гана айыктыра алат, — деди улуу баласы Эрнис.

— Жо-ок, кыргызча көрсөтүш керек, корккон болсо врач жардам бербейт, — деди кызы Гүлжазы.

— Врач эле жакшы го? — деди кичүүсү Эмлис.

— Силерден акыл чыгат экен десе дурус акыл чыкпады, — Курман терең дем алып алды, — Көз алдыбызда бала куурап бара жатат балдарым.

— Эмне кыл дейсиз, өзүңөр билгиле анда, — деди Эрнис.

— Болду анда, көзү ачыкка бир көрсөтүп көрөлү, — деп Курман чечти, эртеси эле Мелисти үйүнө чыгарып келип мен деген айтып берчү аялды алдырып келди, ал эшиктен аттабай туруп эле:

— Жок, мен көрө албайм, башканы алып келип көргүлө, — деди да кайрылып кеткиче шашты, Акылай ыйлап-сыктап дагы бирөөнү алдырды, ал кирип келип эле:

— Ай-ай, өтүшүп кетиптир, мойнунда адам каны бир тура, болбойт-болбойт, өтүшүп кетиптир, эч арга жок, ары кетсе бир ай, бери болсо он беш күн, — деп келген жолуна түштү, ошол ошо болду, ал күн өтпөй түндөсү жаткан бойдон кете бериптир, күндө эрте туруп бир көрүп акыбалын сурачу Акылай кирип келип эле чучуктай чыңырып калды. Ошентип Мелистин дагы ичээр суу көрөөр күнү бүтүп оо дүйнөгө аттанды. Ошол түнү түшүнөн аян берди Гүлханга, ал Денис экөө кетип бара жатыптыр, эки айрылыш жолго келгенде Денис: «Мен бул жол менен кетем, сен бул жолго түш, сени бул жол бийиктикке жеткирет, кош бол эми», — деп шарт бурулуп басып кетет, ошондо анын артынан жүгүрмөк болду эле. Мелис келип: «Сен кал, анын атынан мен барам», — деп жетип Денис менен катарлашып кетип бара жатты: «Дени-ис», — деген бойдон Гүлхан көзүн ачты. Эч кимиси билген да жок, түнкү кызуу уйкуда жаткан ата-энесин бир карап алып терең дем алып алды: «Тобо, менин дагы көрөөр күнүм бар экен да, эгерде кошо кетсем мен өлмөкмүн», — деп туруп муздак суу ичип кайра жатты. Эртеси Кулубекке телефон чалып Мелистин дүйнөдөн өткөнүн айтышты, Гүлсана экөө шашылыш жөнөп кетишти, Гүлхан үйдө инилери менен калды: «Демек мени Денис кое берди, эми ага мен куран окутушум керек», — деп ойлонуп тамак жасап, жаңылап токоч жасап атайын конок келчүдөй дасторкон жайды да четине инилерин отургузуп алып узакка куран окуп бата кылды да:

— Жаның жанатта болсун, эми жаның тынчыгандыр, тигил дүйнөңдү берсин, — деп ичинен күңгүрөнө сыйынып отурду.

— Эже, сиз кимге куран окудуңуз? — деди улуу иниси Темир.

— Арбактарга. Алар куран окуганда тоюнушат, тирүүлөр ошол үчүн өздөрүн жеңил сезип арбактардын алдындагы милдетинен кутулгандай болот, — деди ойлуу Гүлхан.

— Аа-а, ошол үчүн атамдар көп куран окушат экен ээ?

— Ооба, чоң атамдар колдоп турушат да.— Өлгөн киши кантип колдомок эле?

— Антип айтпа, өлгөндөр кудайдын сүйгөн пендеси болот, күнөөлүүлөрүн тозокко, ал эми күнөөсүздөрдү бейишке жиберет имиш, аларга шек келтирүүгө болбойт, — деп Гүлхан жылмайды. Кулубек менен Гүлсана эки күндөн кийин келди, алар кызынын көңүлү ачылып жүзүнө кызыл жүгүрүп калганын көрүп купуя кубанып калышты. Гүлхан ошол күнү үстүнө аппак көйнөгүн кийинип, чачын түйүп алыптыр.

— Кызым, көрүнүшүң жакшы, — деди жылмайган Гүлсана.

— Ооба апа, мен Денистен кечирим алдым, ал мени кое берди.

— Капырай, мындай шумдукту укпаптырмын, көз тийбесин деги, аман болсоң экен.

— Коркпо апа, мен эми өлбөйм, кандай барып келдиңер, ата-энеси кандай абалда болуп жатат?

— Эмнесин сурайсың кызым, баланын жамандыгын ата-энеге көрсөтпөсүнчү.

— Байлыкка көөп өздөрүнүн көп адам катары экенин унутуп калгандары жаман болгон апа, алар колундагы байлык барда өлбөйбүз деп ойлошкон да, өлсө бир адам катары эле эч нерсе албай жылаңач кетээрин эсине албай калган экен…

— Кой антпе кызым, баары бир байлыгы бар адамдын колу узун да, каалаганына жете алат, — деп Гүлсана үшкүрүнө отура кетти, — Жолдо чарчап кеттим.

— Атам кайда кетип калды?

— Ал сенин жүзүңдүн жарык экенин көрүп эле кубанып малды көздөп келүүгө кетти окшойт, — деди Гүлсана, — Бечара сөөк эле болуп калыптыр, кудайым андай өлүмдү башка салбасын.

— Өз жазасын алды, мени жашымда канатымды кайрып бактысыз кылды, Денисти күлгүнүндө жерге көмдү, ага кейибей эле кой, — деп мостое чыгып кетти. Ошол күнү ал үйдөн чыгып жолдон жоогазын гүлүн терип алып көрүстөнгө барды, көпкө отуруп куран окуду, анан бир топто артына кайрылып жөнөмөк болуп мүрзөдөн күңгүрөнүп үн угулгандан селт этип алды: «Эмне болуп кетти, эмне жаңылыш уктумбу», — деп кайрылып келди. Эч нерсе болбогондой айлана тыптынч гана мемиреп турган эле: «Демек арбак ыраазы болгондо бир оодарылып алат деп уктум эле, деп кайрадан куран окуду да бата кылып ордунан туруп жөнөдү, бул жолу эч кандай үн угулбады: «Мен Денис менен бактылуу болом деп кыялданчу элем, ал да бүттү, эми мен эч кимди сендей сүйө албайм, тагдырыма буйруганын көрөмүн, кандай болсо дагы баш ийип жашайм, адегенде окуумду бүтүүм керек», — деп чечкиндүү кетип бара жатты. Денистин жылдыгына Кулубек аялы менен Гүлхан болуп барып куран окутуп келишти, Денистин атасы Айыптын бир тууган агасы Жакып Айып менен бир жолу сүйлөшүп отурганда Гүлхан тууралуу сүйлөшүшкөн эле, эми жылдык өткөндөн кийин Жакып өзүнүн бир аял кетирген баласына алып бермек болуп Кулубекке бармак болуп кеңешти. Бирок Гүлнара каршы болуп туруп алды, ал Гүлханды кайнагасынын бир балалуу, аял кетирген баласына ыраа көрбөдү.

— Сен билбейсиң ал кызды, ал бир аруу кыз, жадагалса балалык сүйүүсүн арнаган Денисим дагы колун тийгизбегендир, бирок ал кыз жыл бою аза күтүп отурду го Айып, качан гана Денисти уруп кеткен бала өлгөндө серпилип үйүнөн чыгып отурат, мен аны Артурга ыраа көрбөйм, аны кор кылып коет.

— Кайдан билесиң, бактылуу болуп кетишээр.

— Жок Айып, ал анын кадырына жетпейт.

— Мейли, өздөрү билсин, кыздын макул болушуна карайт да.

— Ошондо да болбойт, мен Гүлханга айтамын, макул болбо дейм, — деп экөө көпкө талашып тартышты, бирок эч нерсе чечилбеди. Жакып болсо баласына алып бермек болуп Кулубектикине барганга камынып жатты, аны угуп алган Гүлхан акырын шаарга кетип калды, жаңы гана өзүнө келип кабагы ачылып калган кызынын көңүлүн кыйбай жөнөтүштү. Гүлхан дароо эле өзү окуган окуу жайга келип өзүнүн ооруп калганы тууралуу справкаларды көрсөтүп окуу башталганда кайрадан экинчи курска кире турган болуп документтерин дайындап койду, али окуу башталаарына эки ай бар болчу. Бир жумадай жүрүп жатакана иликтеп, батирге сүйлөшүп анан кетмек болуп жаткан. Ошол күнү Мырза бирөөнү тозуп алмакка вокзалга барган болчу, ал койкойгон узун бойлуу кызды көрүп эсинен тана жаздады. «Кайда барат болду экен», — деп ойлонуп дароо эле таксист болуп клиент издеген болуп Гүлхандын жанына барды:

— Чоң кыз кайда барасыз?

— Таласка барам.

— Анда ала кетейин, мен дагы ошол жакка бара жаттым эле.

— Канча аласыз?

— Бергениңиз боло берет, — Күлүп койду.

— Макул, канча киши бар?— Сиз эле, эми табабыз, — деп ары басты, — Талас, Талас ким кетет?

— Эй сен кимсиң, сендей таксист жок эле го? — деп бирөө ага орой карады.

— Жөн гана ала кетейин дегенмин тууган, майга чыгып калабы деп…

— Бир экини алсам болду, — Мырза ага көзүн кысып койду, ал Акматтын айтканын эсинен чыгарып жиберди, ал дагы Таластан келмек, аны Мырза тозуп алып үйгө алып кетмек болгон. Бир кезде дагы бир клиент чыкты эле кыз чоочубасын деп аны салды да, — Болду, кете берели, — деп айдап жөнөдү. Улам кызды маңдайындагы күзгүдөн карап коет, жанындагы неме жаагы тынбаган неме экен ар кайсыны сурап бара жатат, бирине жооп берсе, бирине жооп бербей кете берди, жете бергенде ал үйүнө жеткирип коюну суранды, дал ошол кезде Акберди чалып калды:

— Кайда жүрөсүң, конокту тозуп албапсың го?

— Ай ата-а, такыр унуткан турбайынбы, дос барып калам, — деп дарооөчүрө салды, тиги кишини жеткирди да, — Кайда айдайын чоң кыз? — деди.

— Айдай бериңиз, мен да жетип калдым, — Гүлхан саал жылмайган болду.

— Менин атым Мырза, Кочкордон болом, шаарда турабыз, — деди Мырза кызды күзгүдөн карап.

— Менин атым Гүлхан.

— Жакшы экен, окуйсузбу же иштейсизби?

— Мединститутта окуйм.

— Оо дарыгер болот экенсиз да.

— Ошондой.

— Сиздей кыздын колунан дарылануу үчүн далай жигит ооруйт го? — Күлө карап тамашалады, — Буга чейин канчасы ооруду экен.

— Алды дабаасы табылбай оо дүйнөгө аттанды.

— Койчу? — Мырза кызды таңгала карады.

— Ооба…

— Туура, сиздей кыздын сүйүүсүнө арзыса кандай бакыт.

— Сулуулук бакыт эмес.

— Неге?

— Мага арман гана тартуулады, — Гүлхан улутунуп алды.

— Түшүнүктүү, бирок жашоо улана берет.

— Туура, улана берет, бирөөлөргө сезилбеген сезимдерде армандын күүсү чертилип жүрөктө азанын күүсү чалына бергенин эч ким билбесе керек.

— Балким.

— Сизге рахмат, мен келип калдым.

— Гүлхан, мүмкүн болсо сүйлөшүп туралы, телефонуңду…

— Жарайт, бирок сак болуңуз, — Гүлхан жылмая телефонун жазып берди да акча сунду, — Рахмат сизге.

— Жок-жок, тим коюңуз, — деп Мырза акчаны албай унаасын айдап жөнөп кетти. Гүлхан өзүнчө жылмайып алды: «Дурус жигит экен, маданияттуу адамгерчиликтүү болсо керек, деги көздөрүндө сыр бар, бул дагы сүйөм деп бучкактабаса болду», — деп ойлонуп турганда Гүлсана басып келди.

— Гүлү, келдиңби кызым?

— Ооба апа, неге мени көп кыздардай эле кылып төрөбөйсүңбү?

— Эмне болду кызым?

— Мени көргөн адам өзүнө дагы мага дагы азап алып келип жатпайбы…

— Кой антпе, бактың али алдыда, кызды көргөндө ким деле болсо көз арта берет кызым, — Гүлсана кызынын артынан ичкери кирди.

— Билбейм, көргөн эле адам жалт карап карысы да жашы да тийише берчү болду апа, деги эч кимге көрүнбөй үйдө эле отурсамбы?

— Бул учур да өтөт кызым, андан көрө окууңа кайрылдыңбы?

— Экинчи курстан баштай турган болдум.

— Жакшы болуптур, атаңа айтайын кубанып калсын, — деп кубана өз ишине киришти, алар ошентип өз жай турмушу менен алектенгени менен Гүлсана өз ичинен Гүлханды акыры турмушка чыгат бой жеткен кызга кимдер сөз салбайт, кимдер көз агытпайт, «кыз оорудай бир күнү ала качып кетсе уят болбоюн», — деген ойдо тымызын камынып жүргөн, колунан келгендей төшөктөрдү жасап, баарын даярдап койгон эле…

Акмат алгачкы жолу Мырзага капа болду, бирок Мырза ошол күнү башкача бактылуу болуп келип Тотуну өөп, Акматка жаадырай карап чест бере кечирим сураганда анын ички нааразычылыгы тарап кетти. Аруужаз керилген келин болгон, уулу жөрмөлөп ата-апа деп талпынып эбедейин эзген сүйкүмдүү наристе. Баары аны жакшы көрүшөт, айрыкча Мырза үйдө болсо колунан түшүрбөйт, ал дал ушул кезде өзүнүн бөлөк экенин унутуп ушул үй-бүлөөдө төрөлүп өскөндөй сезет өзүн, анткени ага Тоту дагы көнүп алган. Акберди катары эле кечиксе кабатыр болуп улам эшикти карап анын кирип келишин күтүп калат, качан гана ал кирип келгенде көңүлү жайланып алдына тамагын коюп мынчалык кеч калбасын суранып жалынып жалбарып отурат. Акмат дагы аны жакшы көрөт, азыр коноктору отурган бөлмөдөн чыгып келип:

— Сен кайда жүрөсүң ыя? — деди.

— Ата, мен бир укмуш сыр көрдүм, адамдан башка жан көрдүм, унутуп баарын заматта Манастын жерин бир көрдүм! — деп монолог кыла тегерене айтканда Акмат каткырып жиберди:

— Уулум, сен сыр көрбөй эле бир кыз көрүп ашык болуп калгансың го?

— Билбейм сүйүү аппак ууз сүттөйбү, балким сүйүү капкара коюу түндөйбү, азапты да, бакытты да таттырган, же ал сүйүү жаркып тийген күндөйбү ата? — деди Мырза эки колун жая суроолуу тигиле.

— Болду-болду уулум, сенин жан дүйнөңдү бүт кыздын келбети ээлеп алыптыр, эртең сүйлөшөлү, бүгүнчө өз кыялың менен жашай тур, — деп Акмат күлүп кирип кетти. Мырза өз бөлмөсүнө кирип барып дароо эле Гүлханды көз алдына келтирип алды, анын көз карашы, бой келбети, чачын жарашыктуу кылып түйүп алганы, сүйлөгөндө өзүнө жарашкан турпаты… «Кандай адеми кыз, бирок ал мени сүйөбү, атамдарды алып барсам макул болобу», — деп мостое түштү: «Алды дабаасы табылбай оо дүйнө аттанды», — дегенин эстеп: «Кызык табышмактуу сүйлөйт, же сүйгөнү өлүп калды бекен же сүйүүдөн көңүлү калганбы», — деп ойлонуп алды. Ошол учурда Мелистин өлгөнүн угуп Акмат менен Акберди болуп батага бармак болуп калышты, Мырза машина айдап бармак, Тоту дагы бар, кеч угуп батага келген Акмат Курман менен сүйлөшүп отуруп эмне болгонун укту, бирок ал кыз Мырзанын айткан кызы экенин билген жок. Убакыт билинбей өтүп айлана чөйрөнү жапжашыл болуп кооздукка бөлөгөн дарактардын бариктери саргайып, чөптөр куурап күз белгиси башталган. Акмат Мырзанын айткан кызын көрүп келүү үчүн Тотуну жанына алып жөнөп кетти, Кулубек үйдө жок эле, Гүлсана кир жууп, Гүлхан үйүн жыйнап жаткан, эшиктин алдына одессей токтоп калды эле, кырдан мал көздөгөн дүрбү менен көрүп түшүп келди.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE