Пример HTML-страницы

Кен пейилдик бакыт  8 болум

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кен пейилдик бакыт 8 болум

— Келдим, шаарга келүүгө түрткү болгон кызым эмес, сиздердин малыңыздар, ушундайда башка малчы алып бизди бошотуп койсоңор.

— Ийи, кардыңар тоюп, балдарыңар чоңоюп калды да ээ? — деди Акылай ага көзүнүн кыйыгынан жек көрө карап.

— Ошондой болуп калды, тезирээк малчы жибергиле, биз башка жумуш таптык, балдарды багуу үчүн дагы иштешибиз керек, — деди Гүлсана дагы ачуусун ичине катып токтоо, — Биз көз каранды эмеспиз эч кимге.

— Кызыңарды окууга киргизип койгондон кийин ушу да.

— Гүлхандын өз күчү менен өткөнүн жакшы билебиз, ал алтын медаль менен келген кайда арыздансак дагы чындыгына жетебиз.

— Мени менен айтышканы келдиң беле? — Акырая карады.

— Өзүңүзгө жараша сүйлөдүм, биз сиздин кул-күңүңүз эмеспиз, — Гүлсана артына бурулду, — Бир жума күтөбүз, барбасаңар мал-салыңарды сарайга камап кетебиз, күтө албайбыз, — деди да тез-тез басып чыгып кетти.

— Адам деген ушул да, карды тоюп, кийими бүтөлүп калгандан кийин терс бурулуп калат, карасаң мунун сөзүн, кул-күңүң эмеспиз деп, көрө-өбүз, растрата кылбасамбы силерди, — деп үй ичинде жинденип жатканда Мелис келди.

— Эмне болду апа?

— Эк, жанагы сетер кыздын азабы, жөн эле ай менен күндөн бүтсө дагы башка кыздарды тап, ал бизге туура келбейт, көргөнү жамандын көпкөнү да жаман дейт, булар биздин малды багып жүрүп мал күттү, балдарын чоңойтту, кызын окууга өткөрдү, — деп сүйлөнө бергенде Мелис унчукпай көпкө отурду, анан апасына карай?

— Апа, башкасын билбейм, Гүлхан өз күчү менен окуп жатат, анын тиешеси деле жок, ал алтын медал менен келген турбайбы, — деди жай.

— Ошондо деле атаң дайындап сүйлөштү да, өзү балакетти билмек беле?

— Баары бир ал кыздын билим күчтүү экен, аны кошпой эле койчу.

— Ай бала, ошол кызды экинчи оозуңа алчу болбо, күндөн түшсө дагы башка кызга үйлөнөсүң! — деп Акылай баласын ачуулу карады.

— Мен ал кыздан башканы албайм, эгерде ага үйлөнбөсөм өмүр бою бойдок өтөм! — деп кетип бара жатканда Курман кирип келди.

— Эмне болуп жатасыңар, кайда жөнөдүң Мелис?

— Кайдагы бир кызды үйгө алып келгенсиң, үйдөн тынчтык кетти, ар кимиң өз билгениңди кыласың, деги бул үйдө сөз укчу адам барбы? — Акылай жиндене колдорун жая албууттанды, — Жетесинде эчтеке көрбөгөн кызды үйгө алып келдиң эле үйдүн кутун учурду!

— Түшүндүрүп айткылачы деги.

— Апам түшүндүрсүн, — деп Мелис кетип калды.

— Кулубектин аялы келип кетти, — деп Акылай калп-чынды койгулаштырып учура жамандап кирди, — Кыскасы малыңды бакпай турган болуптур.

— Ошондой де, ага эмне жин тийиптир?

— Көпкөн да, бекер оокат ичип өзүнүкү катылып жатса.

— Болду! — Курман аялына ачуулана катуу айтты, — Сен барып мал багып көрчү!

— Ошол эле калды эле, эми менин койчу болгонум жетишпей жатат да.

— Ооз кесир сүйлөгөнүңдү токтот, башка бирөөнү алсаң баарын сатат да жолго түшөт, ал анте албайт, анан дагы так, башын кемитпей өстүрүп жатат, андай малчыны табуу оңой эмес, — Курман ачуулу чекесин сыйпалай отуруп калды.

— Эмне кыласың анан, алар башка жумуш таап алдык дейт.

— Өзүм барып сүйлөшүүм керек…

— Сүйлөшкөндө эмне, жанагы селпейген кызы бирдеме десе керек да.

— Бирөөнүн баласын антип айтпа, баары ошондон болуп жатат, сенин ооз кесир сөзүңдү угуп калып жеткирсе керек да, экинчи ушундай сөзүңдү угат экенмин таарынба! — деп туруп бара жатып кайрылды, — Гүлсана кайда кетти?

— Кызына кетсе керек да.

— Анда ага чалып билүүм керек, — деп телефон чалып кирди, — Алоо, Гүлсана балам, келип кетипсиң, бир аз отуруп чай-пай ичсең болбойт беле?

— Эми ага жалдырайсыңбы? — Акылай күйөөсүнө карады.

— Бас үнүңдү! Ооба-ооба мен азыр келип билдим, шаарга келип анан чай-пай ичпей кетип калба, ошол кантип болсун, биз бөлөк-бөтөн эмеспиз го, канткен менен бир уруунун балдарыбыз, көзмө-көз сүйлөшөлү, сени өзүм жеткирем балам, эртең келип кал, жарайт-жарайт, — деп телефонду өчүрүп аялына карады, — Керектүүнү бүт дайында, балдарына кийим кечени унутпа, Кулубектин айлыгын көтөрөмүн, он миң сомго, канча мал турат, күндөп-түндөп мал багуу оңой бекен, башка бирөө кемитет сатып алып жоголду дейт, бер жагы он беш жылдан бери бир башты өлүмгө учурата элек, алганын алып жатабыз, кийиз китепти даярдап кой! — деп чыгып кетти, Акылай үн дей албай калды. Ал күйөөсүнүн ачуусу келгенде кандай болоорун билгендиктен ооз ачпады, болбосо бир көзү көгөрөөрүн билет.

Мелис болсо Гүлхандын артынан жүргөнүн токтотподу, күндө айланчыктап окуу жайдын тегерегинде, кыз өз сүйгөнү Денис менен күндө ээрчишип чыгып кетет. Денистин ата-энеси ушул жайда кыздын ата-энесине барып сөйкө салмак болуп жаткан, экөө бири-биринен бөлүнбөй эгиз козудай бирге жүрүшөт.

— Гүлү, тезирээк эле баш кошуп алалычы, — деди бир күнү Денис.

— Шашпа, аз калды, буйруса үчүнчү курс болобуз, — Кыз наздана күлүп койду, — Каникул болгондо көрөбүз да.

— Атамдар даярданып жатат, буйруса төрт-беш айдан кийин бирге болобуз жаны, — Жигит кызды колтуктай басты, — Мен сени сүйөм Гүлүм.

— Мен дагы…

— Жа-аным, сени мен өзүмдөн да артык көрөм.

— Мен дагы, — Гүлхан жигитине башын жөлөй махабатка магдырап турду, аларды алыстан карап турган Мелистин муштумдары өзүнөн-өзү түйүлө, тиштерин кычыратып алды: «Мен силерди ажыратамын, сөзсүз бөлөм, сүйүүнүн кандай экенин көргөзөмүн, өзүм сүйгөн кызды бирөөнүн кучагынан көргөнгө чыдай албайм», — деп ойлонуп ачуудан жаактары карыша унаасын көздөй басып кетти. Гүлхан менен Денис китепканага бары андан соң кафеден чай ичишти, ушул кезде дүйнөдө экөөнөн бактылуу эс ким жок эле, булар бир аз күндөн кийин эки башка адамга айланып көңүл отун көкөлөтүп, бактыга магдырашкан таза сүйүүлөрү кумга сиңген суудай жок болуп кеткенине түшүнбөй кыз азапта калаарын, жигити неге тез айланаары табышмак бойдон калаары азыр аларга туңгуюк эле… Мелис кыжына үйүнө барбай мейманканадан орун алып эмне кылаарын билбей алдастап жатты. Бири кем дүйнө десеңчи, өз бактысы үчүн башканын бактысына балта чапкан пенделер көп болгон, боло берет эмеспи, анын сыңарындай эле Мелис Денисти кантип жок кылуунун амалын ойлонуп жатты. Ал үйүнө келбегенден улам Курман менен Акылай кабатырланып жатты, бирок ишин токтото албаган Курман айылга Гүлсананы жеткирип келди. Кулубек аны көңүлсүз тозуп алды, ал бир машинага толтуруп жалаң той берчүдөй печенье менен конфеттин түрүн коробкалап, банан менен анар, кактардын түрүн, апельсин, мандарин, жүзүм менен ичкиликти блоктоп түрүнөн жүктөтүп алып келди. Үйгө киргенден кийин бакылдап балдарга деген кийим-кечени өзү ар бирине берип чечекейи чеч боло, эч нерсе болбогондой сүйлөп жатты, Кулубек аялына карады эле ал ийин куушуруп тим болду. Балдардын ар биринин көлөмдөрүн билгендей чактап кымбатынан алган экен, андан соң Кулубекке карады.— Иним, биз бөлөк-бөтөн эмеспиз, түбү бирге кошулат, учу бирге жазылат, — дегендей түбүбүз бир, Атаке уулунанбыз, бири-бирибизди кечип кете албайбыз, — деди карсылдай.

— Байке, мен түшүнбөй турам, кечээ эле жеңем Гүлсанага айтпаган сөзү калбаптыр, эми сиз…

— Аялдын сөзүн укпа иним, ал сүйлөй берет, мен сени баалаймын, сенден башкага ишенип да бере албайм, — деп чөнтөгүнөн миң сомдуктан онду алып чыкты, — Мындан ары айлык акың он миң сом болот.

— Байке, ушундан көрө тынч эле болсокпу дедим эле…

— Эмнеге, кыйналып калдыңбы?

— Жо-ок, бирок биз кызды ортого албашыбыз керек эле, ошондой сөз угуп калдык, андай болсо бизди өз жайыбызга койгонуңуз оң го?

— Аа-а, — Курман калп каткырды, — Эми-и жаштарды билесиңер да, чунак баланын кызга көзү түшүптүр, сулуу кызга кимдер ашык болбойт иним, Гүлхан бул дүйнөдөгү нукура сулуулардын бири болуптур, ага көз тийбесин, биз аны тыйып койдук, — деп сөздү башкага бурмак болду, — Баса кийиз китепти алалы, быйылкы төлдү айт, койдун бала салганы жокпу?

— Жок, ириктерин бөлүп койгонмун, тубар кой өзүнчө, анын боозу кысыры да бөлүнгөн, эки жылкы бооз, жакында тууйт, жыйырма уйдун төрөөр маалы болду, — деп дептерин көрсөттү Кулубек, — букаларын өзүнчө бөлүп камап жатам, эркек малдын башы жетимиш.

— Азаматым, сенин ушундай ак дилден кылган кызматыңды кантип билбейин, быйыл бир ургаачы торпокту өзүңө энчилеп ал, — деп бакылдап жатты Курман. Кулубек кызынын сулуулугун айтып, баласын тыйдым дегенине ишенди: «Бөлөк жашап жатпайбы, эмне кыла алмак эле», — деп ойлоп эми гана агасы экөө импорт арактан бөлө тарткандан кийин жибий түштү. Ошентип кыйдылык менен көңүл таба билгенине корстон боло үйүнө кайтты. Гүлхан Денистин сабакка келбегенинен кабатырланып телефон чалса да өчүрүлгөн деп какшанып жатты. Арадан үч күн өткөндө ал сабакка келди, бирок Гүлхан тарапты карап да койбоду, дептеринен баш көтөрбөй жүзүн ала качат… Анткени аны Мелис жолдон салып кетип өзү көрүнбөй башка бирөө аркылуу коркутуп. Буту-колун байлап, кекиртегине бычак такап: «Эгерде эми Гүлханга жолой турган болсоң башыңды кесип ата-энеңе жөнөтөбүз, аны унут», — деген эки-үч сааттай кармап караңгыда жүргөн үйүнүн жанына алып келип таштап кеткен эле. Эки күн жатып абдан ойлонду, өз сүйүүсүн коргоп кала албасына көзү жеткенден кийин андан баш тартмак болгон. Гүлхан жан алы калбай аны бура бастырбай, сабакка дагы көңүл бурбай аны бучкактап алды:

— Денис сага эмне болгону айтчы, эмнеге унчукпайсың?

— Эмне демек элем, эчтеке болгон жок, — Тетири бурулду, — Гүлхан сен барчы.

— Эмне дейсиң, мени көргүң келбей калдыбы?

— Андай эмес, бүгүн-эртең мага жакындабай эле койчу.

— Эмне деп жатасың, кечээ эле бири-бирибизден айрылбайбыз дебедик беле?

— Ал эми бүттү Гүлү, сен өз бактыңды тап.

— Денис, мага түз карачы, ушул сөздү чын айтып жатасыңбы?

— Ооба, биз балалык жакшы көрүү сезимин сүйүү деп чаташтырып алыппыз, — Жер карап айтты Денис муну.

— Акмак! — Гүлхан муну жаакка чаап жиберди, ал козголбоду, аларды акмалап жүргөн Мелис көрүп мыйыгынан жымыйып алды: «Ушундай кылбасаң түбүңө жетмекмин», — деп ойлонуп аягына чейин карап туруп басып кетти. Алар экөө көпкө чейин ары тартышып, бери тартышып отуруп анан эки бөлүнүштү, кыздын көз жашы көл болуп кетип бара жатты, аялдамага барганча алыстан Мелис унаасын жай айдап узатып барып ал маршруткага түшүп кеткенде гана кала берди: «Азыр жолугууга болбойт», — деп ойлоду ал. Эч нерсеге көңүлү келбей мейманканадагы номерине келди да жатып алды. Телефонун караса атасы да, апасы да кайра-кайра чалыптыр. «Силердин башка-башка көз карашыңар мени кайда алып бараар экен, менин көңүлүм, жүрөгүм менен ишиңер дагы жок», — деп ойлонуп жата берди. Гүлхандын жүрөгү өрт болуп күйүп тынчый албай: «Неге, неге антет, балалыгыбыздан бери бири-бирибизди жакшы көрүп жүрүп акыры сүйүүгө, болгондо да эч нерседен кайткыс күчтүү да, аруу-таза сүйүүгө айланбады беле, же ал өзү мени чын сүйбөсө керек, башка бирөөнү менден дагы өтө сүйүп калса керек», — деп ойлонуп уйкусу качып, жаздыгы жашка жулуп убакыт өтө берди. Бир күнү өзүн чыйралта Денисти унутууга аракет кылып калганда Мелис атайлап жолунан чыкты.

— Гүлхан! — деди күлө каршы алып.

— Сиз…

— Ооба, көптөн бери көрүшпөй кеттик.

— Кол бошобойт байке.

— Туура, окуу деген окуу да.

— Менин убактым жок эле, — Гүлхан басып кетмек болду эле Мелис аны токтотту, ушул маалда Денис аларды талдын далдоосунда карап туруп: «Ушул болду бекен, балким экөөбүздү ажыраткысы келген ушул болуп жүрбөсүн», — деп армандуу карап туруп намысына келди: «Мен Гүлханга ачык айтамын да баарын таштап айылга кетип үйлөнөбүз дагы жай гана жашай беребиз, бул балакеттен алыс болобуз», — деп ойлонуп кетип караса алар жок, алдастап ары жүгүрүп, бери жүгүрүп таппай калды. Мелиске болбой жүгүрүп кетип калган Гүлхан бак ичине барып отура калып буркурап ыйлап жатты: «Эмнеге, эмнеге Денис мени карабай кетти, анын мага деген сүйүүсү жалган экен да, өз бактыңды тап деп коет, мен аны кандай унута алам, кантип башканы сүйө алам», — деп дилинде сыздап жаткан кыз өзү үчүн ал дагы азап чегип жүргөнүн сезбеди. Мелис ого бетер сүйүп, кыздын жамалына тойбой түнү уйкудан, күндүзү тынчынан кетти, үйүнө барбады: «Мен аны бул өмүрдөн жок кылуум керек, ошондо гана ал меники болот, унутат аны», — деген чечимге келди, аны бул жолдон эч ким кайра тарттыра албас эле, эртеси эки досуна жолугуп жетээрлик акча сунуштады да тынчы кетип мейманканада жатты. Денис сабакка келбей калды, анын келбегенине Гүлхан абдан кабатыр болуп телефонуна смс жөнөттү: «Денис, сен мени сүйбөсөң мейли сабакка келип тур, жок дегенде жакындар көрүп кубат алайын, анткени мен сенден башканы сүйө албайм», — деген. Денис муну окуп алып: «Гүлүм, мен дагы сени сүйөм, кечир мени, бирөөлөр бизди ажыраткысы келет», — деп жазып жиберди. Муну окуп алган Гүлхандын кубанычы койнуна батпай ыйлап отуруп анан: «Ким ал, бизди ажыраткысы келген ким болду экен, неге андай кылат, балким Мелис болуп жүрбөсүн», — деп көздөрүн алайта ойлонуп калды да: «Ал ким, сен мага ачык айтчы Денис, азаптан өлүп кетпейм, сенден бөлүнгөндөн бери ансыз дагы армандамын», — деп жазды. «Мен ким экенин билбеймин, болгону сага жолуксам өлтүрөөрүн айткан», «Андан неге коркосуң, чыныгы жигит деген эч качан сүйгөнү үчүн өзүнүн сөзүнөн кайтпай жигитче турат», «Мен коркконум жок, болгону сени аяп жатам», «Эмнеге, мени неге аядың», «Сени дагы өлтүрөбүз дешти», — деп жазышып жатып таң аттырышты. Акырында Денис: «Сен мен үчүн баарын таштап мени менен жөнөкөй жашоого кетет белең», деген сунушун жазды, Гүлхан көпкө ойлонуп жооп жазбай калды, Денистин тынчы кетип жатты, көптөн кийин гана: «Мен макулмун», — деген жооп келгенде кубанганынан күлүп жиберди…

Курман Мелисти үйгө келбегенинен тынчсызданып жатты, Акылай болсо анын баарына жалгыз гана Гүлханды күнөөлөп жатты, бирок аны Курман тыйып коюп өзү кабатырланып жүргөндө Мелистин бирөөнү унаасы менен уруп кеткенин угуп шашылыш прокуратурага барды, Мелис башын жерге салып атасынан сөз күтүп турду:

— Кана, эмне болгонун айтчы, — деди Курман ага карап.

— Жолдо келе жатканмын, жол чырак күйүп менин жолум келген, анан эле кайдан-жайдан бирөө пайда болду, кача албай калдым, — деп калп айтты.

— Калп айтпа!

— Калп айтканым жок.

— Отура бер анда, — деп басып кетти, Мелис айласы кетип отуруп калды, бирок ал аргасыз калп айтканын ойлонуп отурат, Гүлхан менен Денис макулдашып алып жолугушчу жерди болжошкон эле, Денис шашыла кийимдерин жыйып алып Гүлхандын өзүн күтүп турганын элестетип кетип жатып Мелис дайындагандардын эмес, Мелистин унаасына урунуп өлөөрүн ким билди. Мелистин дагы ойлогону бул эмес болчу, башка бирөө аркылуу аны өлтүрмөк болгон, бирок кокустук анын өзүн кучагына алып Денистин өлүмүнө себепкер болуп отурат. Курман аны куткарууга далбастады, тааныштарына акча сунду, бирок кокустуктан болгону далилденди, ал өлгөн адам жол жүрүү коопсуздугун сактаган эмес деген чечим менен аны адамды өлтүрүп алганы үчүн үч жылга кесип ийээрде куткарып калды. Гүлхандын боздогонун айтпа, анын сөөгүн алып кеткенде окуусун таштап айылга кетип калды, ошентип ал окуусуна карабай ата-энесинин кашында болуп калды, эч ким менен сүйлөшпөйт, тамак ичпейт, Денисти койгон күнү ал үйдөн чыкты, Гүлсанага курбусунун үйүнө бараарын айткан эле. Өлүктү коеор күнү Курман Айыптын алдынан өтүү үчүн Мелисти ала келип кокустук экенин түшүндүрүп тажиясына керектелчүнүн баарын төлөштү. Көрүстөн жол боюна жакын болчу, ызы-чуудан зорго чыгып кетип жаткан Мелис атасына карады:

— Ата, бир аз токтоңузчу, — деди да унаа токтоору менен түшүп көрүстөнгө карай жөнөдү, анткени Гүлхан жаңыдан үйүлгөн топуракты колдору менен мыжып ыйлап отурган эле:

— Денис, сен мен неге таштап кеттиң, бизди бөлгүсү келгендерди кудай жазаласын, убалың жетсин, менин ак сүйүүмө кара санагандарга кудай жеткирсин, анын ата-энеси дагы сенин ата-энеңдей боздосун, көз жашымдын кусуру урсун Денис, апаңдын ак жоолугун салынып эрке келин болбой калдым, мен сенин мүрзөңдүн үстүндөгү соолуган гүл болду-ум!, — деп буркурап жатканда Мелис аны карап туруп басып барды.— Гүлхан, мени кечир, билген жок элем, атайын жасаган жокмун…

— Жүзү кара! — деген Гүлхан ага карай топуракты алып чачып жиберди, — Ушунун баарын кылган сенсиң, ылайым жыл айланбай сенин дагы денеңди топурак бассын, менин Денисимдин кейпин кийип кал!, — деп жаңы гана үйүлгөн топурактан үч жолу үстүнө чачты, — Жүзү кара!

— Кечир, менин күнөөм жок, капысынан алдымдан чыга калып, урунуп алды.

— Калп, мындай калпты көпкөн атаңа айт, сени арбак урсун!

— Антпечи карындашым, мен күнөөлүү эмесмин, — деген Мелис көрүстөндүн топурагынын ыйык экенин, ал тийген адам каргыштын капаатына кабылаарын сезбеди, жөн гана силкип коюп улам жакындай берди, — Күнөөм жок Гүлхан.

— Жогол жүзү кара, мен бул дүйнөдө Денис менен гана бактылуу болмокмун, мен гүл элем, сен менин тамырымды үздүң, жүрөгүм сүйгөн адамымдан ажыраттың, мен эми тирүү өлүккө айландым, бактымдын таш талканын чыгардың, — деп дөбөгө өбөктөй жатып солкулдап жатты, — Денис мени таштап ушул караңгы жерди калдыңбы, кантип таштады-ың!

— Гүлхан… Гүлхан мени кечир! — деп Мелис ушул ирээт сүйүүнүн күчтүүлүгүн сезди, жаш кыздын көрүстөндөн коркпой үстүнө жатып алып боздогону анын жүрөгүн оорутуп турду, аргасыз көзүнө жаш алып кудайдан Денистин жаны жаннатта болушун тилеп куран окуп көпкө отурду, кыз соолуктап жатып эстен танып калганда көтөрүп унаага салды да Кулубектин үйүн көздөй жол тартышты. Кызынын сулк жатканын көргөн Гүлсана бакырып жиберди:

— Буга эмне болду кокуй, кайдан таптыңар?

— Көрүстөндөн, — Мелис башын жерге салды, Курман өзүнүн шоопуру менен кетип калган эле, ал Мелистин маанайын байкап: «Мейли жалгыз болгусу келгендир, өзү барат», — деп ойлогон, көрүстөндө отурган кызды көргөн эмес.

— Карангүн ай, Денистин артынан өлгүсү келген го, сен кылдыңбы ушунун баарын, билгенмин бирдеме болоорун, кызымдын жаш жүрөгүн сыздаттың, окуусун таштап келе берди, силерге кудай гана бардыр! — деген Гүлсана кызы менен карбаластап калганда Мелис кетип калды. Ал жөн гана кетип жатпады, сүйүүгө бир чети ыраазы болуп кубанса, бир эсе каргап алды, анткени өзүн сүйгөн кыз ушул убакка чейин жок эле, бир эсе сүйүүгө таазим эткиси келет, анткени Гүлхан менен Денистин сүйүүсү аны таазим эткенге мажбур кылды. Гүлхандын абалын угуп Айып улуу келинин түндөсү жөнөттү, анткени анын телефонунан экөөнүн жазган каттарын балдары көрүп айткан болчу. Гүлхан ошол бойдон эсине келбей улам көзүн ачып Денистин атын кайталай берип бир жума жатты, врачтарды чакырып көрсөтүп дарылатып жатышты. Айылда алардын сүйүүсү жөнүндө сөз болуп жатты, арадан бир ай өткөндө гана ал өзүнө келип бирок эч ким менен сүйлөшпөй дагы, сыртка чыкпай дагы телефонундагы Денистин жазган каттарын окуп отура берчү болду. Гүлсана менен Кулубек анын көңүлүн көтөрмөк болуп ар кандай кинолорду, ыр менен клиптерди алып келип берет, ага карап да койбойт. Өңүнөн азып арыктап бара жатты, бир күнү кечинде Айыптын аялы Гүлнара келип кыздын түрүн көрүп зээни кейип жанына отуруп алып ыйлап жатты:

— Кызым, буйрук эмес тура, окууга жөнөтпөй эле силерди үйлөнтүп койсок болмок экен аттиң…

— Бул менин тагдырым го, биз экөөбүз тең элди дарылап бей-бечарага жардам берген врач болобуз деген элек.

— Кантейин чырагымдан айрылып калдым.

— Сиз чырагыңыздан, менин түбөлүк маңдайымда жанып турчу шамым өчтү, эми мен өтө-энемдин төрүндө соолуган гүлмүн, Денис жок мен тирүү өлүкмүн! — дегенде Гүлсана аны кучактай калды.

— Каралдым, антип айтпа, атаң экөөбүздү, инилериңди ойлосоң боло.

— Апа, кыз бойго жетип өз элин тапса ата-эненин бактысы, мен болсо ата-эненин төрүндө тул калдым, сүйгөнүмдүн үйүн бактылуу аттап, арналган ак жоолугун салына албадым, мына бул жамалымдын Дениске кесири тийди, ал менин кесиримден өлдү, кантип өзүмдү кечире алам, кантип уйку көрүп тынч жашайм апа, ушул ишке катышы бар адамдын жыл айланбай көрүстөнү пайда болгондо гана мен сыртка чыгам, ошондо гана мен адамча жашоого аттанамын, эгерде андай болбосо жыл маалында Денис өлгөн күнү мен дагы жер жазданам! — деп мостое айтканда Гүлнара аны кучактап алып көпкө ыйлады да:

— Сен өзүңдү күнөөлөбө кызым, кудаанын буйругу экен, экөөңөрдү кошподу садага, биз сени ал үчүн күнөөлөбөйбүз, ал кудайдын сүйгөн пендеси экен, периште болуп учуп кетти, кайып болду садагаң, Айып мени сага ушуну айтуу үчүн жөнөттү, кайгырбасын жаш жанын кыйнабасын деди, акырет кеткен уулумду сүйгөн кызды кызым катары кабыл алайын, көп ыйлап кейибесин деди кызым.

— Ыраазымын апаке, бирок менин зарым, каргышым бирөөгө жетип анын ата-энеси сыздаганын көргөндө сүйүшкөн эки жаштын убалы жетээрин билсин, ошого чейин мен каш кагып күлбөйм, эшик аттап чыкпайм, азалуу аялдай жыл аягын күтөм, — деп Гүлхан көзүнөн мөлт эткен жашты сыдырып алды, анын бул түрүн көргөн Гүлнара ичинен сыздап үйүнө кетти, Кулубек менен Гүлсана кызынын кабак кашын карап турушчу болду, ал өзү айткандай эле үйдөн аттап чыкпады, кабак ачып күлбөдү, суудан башка даам татпады, кээде гана сындырым нан жеп чай ичпесе эчтеке ичпейт. Бара-бара арыктап бет сөөктөрү оркоюп жаркып турчу жамалына муз тоңгон…

Мелистин ошондон баштап уйкусу качты, көзү илинсе эле өзүнө топурак чачкан Гүлхан, анын артынан эле өзүнө чакырып колун сунган Денис көрүнүп ойгонуп кетет, жүрөгү лакылдап алкымы кургап көзүнөн тамчы суу өтүп жанталаша суу жутуп андан кийин уктай албай таң аттырып, өзүнөн-өзү өңүнөн кетип бара жатты, Акылай андан сары санаа болуп күйөөсүнө бир күнү минтти:

— Мелисти врачка көрсөтсөңчү, коркуп калганбы, өңү азып кетти го?

— Чоочуп калса керек коркпо, дем салдырып жүрөгүн көтөртүп коелу.

— Өлүгүңдү көрөйүн сетер, баары ошол Кулубектин кызынан улам болду.

— Бирөөнүн күнөөсүн көтөрө бербе, анда не айып, андан көрө алар жөнүндө кеп кылчу болбо, Мелис бир аз өзүнө келсе үйлөнтүп коебуз, — деп Курман камырабай отура кетти, — Тим кой, өзүнө келсин, аа-а тигил кыз жөнүндө ооз ашчу болбо.

— Болуптур, — Акылай кыйгачтай карады, — Дегиңкиси-и ошол бейбак келгени баламдын куту качты, күнү бою үйдөн чыкпайт, жеп ичкени начар, эчтекеге көңүлү жок, күндөн-күнгө өңдөн азып бара жатат, кадимки соолуп бара жаткан булак көзүндөй көздөрү чүңүрөйүп акыбалы кыйындап бара жатат…

— Кам санаба байбиче, бара-бара оңолуп кетет, тирүү адамды кокус өлтүрүп алуу оңойбу, коркуп калгандыр жаш неме.

— Эртелетип эмдетпесек болобу, мен корком Куке, — Акылай ыйламсырай отурду, — Балама бирдеме болобу деп корком.

— Коркпо, мен аны менен сүйлөшөйүнчү, бөлмөсүндө элеби?

— Ооба, мелтиреп шыпты тиктеп жатат балам байкуш.

— Кабатыр боло бербе, — деп коюп өйдө чыгып Мелистин бөлмөсүнө баш бакты, ал кирип барганда Мелис ыргып тура калды:

— Ата!

— Чоочуп кеттиңби уулум?

— Жок, — деп Мелис жүдөгөн түрүнөн кысына көзүн ала качты.

— Бу сен катуу коркуп калыпсың, эртең мечиттен молдо алып келип дем салдырайын, жүрөгүңдү көтөрүп да койсун.

— Кереги жок ата, анын жардамы тиет дейсизби?

— Эң сонун тиет балам, сен катуу коркуп калыпсың, кебетеңди карачы балам, чүнчүп кетипсиң, эми өзүңө кел да баарын унут, алдыда дагы далай өмүрлөр бар, сен али өмүрүңдүн бир барагын ача элексиң.

— Эми ачылбай калды го ата.

— Эмне дегениң бу, антип айтпай жүр балам, эртең дайын бол молдо келет.

— Кереги жок ата, өзүм эле…

 

Уландысы бар..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE