Пример HTML-страницы

Кен пейилдик бакыт  7 болум

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кен пейилдик бакыт

7 болум

 

— Ырас эле, сүйлөшкөнү бар бекен?

— Билбейм, сыр билгизбейт.

— Өзүм сүйлөшөм, аны үйлөнтпөсөк болбойт байбиче.

— Ошону айтам да, сени айтабы десем үндөбөйсүң.

— Оюм келбептир, таарынып жүргөн жокпу?

— Мырзам андай эмес, өз балабыздай ак дилден аралашып кетти, Акыны ага дегенинен жазбайт, бул да болсо бизге келген бир дөөлөт атасы, аны бала кылып алгандан кийин назарын сындырбайлы.

— Албетте, эгерде сүйлөшкөн кызы болбосо өзүм алып берем, сен өз даярдыгыңды көрө бер байбиче, — деп Акмат ойлуу Бакайды Тотуга берди. Тоту небереси менен алышып отуруп калды, Акмат Мырза менен кеңешип анын сүйлөшкөн кызы жок эле, ар кайсы кыз менен азилдешип сүйлөшкөнү менен ал чын жүрөгүнөн сүйө элек эле, ага Акмат өз каалаганын алып бермек болуп кыз караштыра баштады…

Мелистин атасы мурда кызматтарда иштеп кайра куруу башталган кезде короо сарайларды приватташтырып алып, бөлүнгөн уй-жылкы, койлордон алып эптеп жашаган мындайраак иниси Кулубекти бала-чакасы менен алып барып бактырып койгон. Эбин тапкан эки жемек тургай эки колун тең салган ошол учурда кимди-ким көрдү, быржыбайды там басты деп чак-челекей түшүп калышпадыбы. Ал жадагалса Кулубектин үлүшүнө тийгенин дагы бөлүп алып аларга беш кой гана берген болчу. Караңгы бечаралар, кантмек эле колуна тийгенине топук кылып, анан дагы эл ичиндеги: «Кийин бул берип жаткан малдын эсебин алат экен, болбосо бала-чакасы эмес укум-тукумуна чейин кутула албай моюнга карыз болот экен», — деген сөздөргө ишенип Кулубек анча деле кызыкпады. Ошол Курман берген беш-алты койду багып төлүн алып өстүрүп жатты, Курмандын жүздөгөн койу менен отуздай уй, жыйырмадай жылкысын багып өз күнүн көрө берди. Ал абдан ак ниет, адамдарга жамандык кылуу оюнда жок, тескерисинче кээде өзү бирөөлөрдөн катуу капа болуп кагуу жеп калган учурлары көп эле болот, ал тургай өзүнүн айтайын деген оюн дагы ачык айта албай тартынчаактык кылганы өзүнө жакпайт. Курман ага мал баккан акысы үчүн ай сайын уну менен кант чайын, беш миң сом алып келип берип турат. Ал тургай кээде өлгөн койдун этин өзүнө таштап кетет. Анткени так жүргөнүнө ыраазы, качан болсо өлгөн койдун этин кургатып катып койчу, ошондуктан ага ыраазы болуп балдарына дагы кийим-кече алып келип берип турат. Беш баласынын алды кыз, төрт уулу бар, Гүлсана өңдүү-түстүү аял. Акыл-эстүү Гүлсана менен Кулубек экөө беш баланы тарбиялап жайы-кышы төштөгү сарайда жашашат. Кызы Гүлхан жаңыдан он биринчи класска окуп калган, Темири сегизинчи, Эмир алтынчы, Замири төртүнчүдө, ал эми Дамир болсо биринчи класста окуйт, кенжеси Бабур али торсоңдоп мектепке бара элек. баары катарынан өсүп келе жаткан балдарынын камын ойлоп Кулубек малын көбөйтүү менен алек, койлорунун башын ондон ашырып, бир уй, бир минги аттуу болуп калган кези. Бир күнү Курман келип малын көздөп эсеп алганы келген эле, бирок куру келбестен белек-бечкекти мол алып унаасынан түшүрүп жатты, жанында дагы эки адам менен бир аял бар эле. Артынан дагы бир унаа келип андан үч аял менен шопур түштү, көрсө Курман өйдөлөп бара жаткан өмүрүнө жаштык тартуулап жан жарасын айыктырмакка жаш аял менен ойноп, күлүп жүргөн экен. Бүгүн өзүнө окшогон достору менен көңүл ачканы келиптир, Кулубекке союш сойгонго буйрук берди да тоо кыдырып чыгып кетишти. Курман өз сүйүктүүсү менен өзүнчө бирге суу боюнда отурду.

— Качанкыга алдап жүрө бересиң, же тийген эрим жок, же тууган балам жок, менин тагдырымды талкаладың, — деп бышактап жатты Эрке.

— Болду эми ыйлаба, биз биякка көңүл көтөрүү үчүн келдик го?

— Ушул абалым менен кантип көңүл ачмак элем, ата-энем билип калышса менин көз алды-да союп коет, алардын эл караган жүзүн жер караттым.

— Не керек болуп калса берип жатам го?

— Менин жашым зорго эле жыйырма экиде, менден алар мындайды күтпөгөндүр…

— Алтыным, гүлүм менин, капа болбочу эми, баарын жайгарабыз, керек болсо нике кыйдырып аламын, — Курман кызды кучактап өөп өзүнө тартты.

— Алар ошого макул болот дейсиңби?

— Анан эмне кылышым керек анан?

— Мага миллион сом керек, аны ата-энеме алып барып өзүм түшүндүрүп келем, анан эмне кылуу керек экенин айтам.

— Ошол элеби, андай болсо шаарга бараарыбыз менен беремин, сен барып келесиң, жарайбы күнүм? — Мурдунан чымчып эркелетти.

— Жарайт, — Эрке кытмыр жылмая анын төшүнө башын жөлөдү.

— Болду, баары чечилди, эми жарк этип койчу эркем, — деп кыздын жүзүн өзүнө карата ээгинен өйдө көтөрдү. Турмушуң эшек араба дегендей муздаган денесине жылуулук тартуулап жүрөгүнө тынчтык издеген, жаштыгынын өтүп кеткенине өкүнгөнүнөн улам өмүрдүн кыскалыгын унуткусу келип жаш кыздын көзүнүн агы менен тең айланып анын кай жерлик экени, ата-энеси жөнүндө кызыгып сурабаган. Кечке бака-шака болуп шорпо сунуп, үч аял, үч эркек отурушту, Гүлсана аларга улам ысык чайын берип, чарчашты Кулубек экөө тең. Эртеси түштө гана Курман Кулубекке беш миң сом берип анан жөнөп кетишти, Гүлханды шаарга окутканга сүйлөшүштү, аны өзү көзөмөлгө алып окута турган болду. Кулубек жалгыз кызын окууга киргизээрин ойлоп кубанып калды, көңүлү тынып камына баштады алдын ала. Гүлхан абдан татынакай кыз эле, көздөрү ботонукундай жайнап кирпиктери узун, мурду кырдач, кашы жаңы чыккан айдай иймейген жука ак кагаздай жүзүнүн тең ортосунда тарам-тарам кызылы бар, оозу оймоктой, чачы узун сулуу кыз. Кээде Кулубек өз кызына суктана карап алып: «Эмне болуп жатам, көзүмө таш тыгылгыр десе, өз баласына дагы көз арткан болот бекен, бул менин жалгыз гана кымбатым го, жалгыз кымбатым ушул кыз эмеспи, башка байлыгым болбогону менен менин эчтекеге алмаштыргыс кымбат, асыл байлыгым ушул, көзүм тийип калбаса экен», — деп ойлонуп калат. чынында Курмандар менен кыз алышкан тууган болуп кетет, атасы менен бир туугандын кызын Курмандын агасы келин кылып алган. Дал ушул учурда Мелис кыздан-кыз жактырбай ата-энеси үйлөн десе дагы болбой өзүнөн кийинки иниси үйлөнүп балалуу болуп калган. Жашы жыйырма бешке келди, жумушу менен алек болуп өзүнө жагаар кыз таппай жүрө берди. Гүлхан сабакты жакшы окугандыктан мединститутка тапшырмак болуп кубанып жатты, анын тагдыры такыр башкача болоорун сезбеди, анткени анын сүйлөшкөн жигит бар, Денис айыл өкмөтүнүн баласы экөө бирге окуп анан үйлөнгөнгө убадалашкан эле.

— Денис, мени окууга Курман агабыз киргизмек болду, — деп бир күнү өзүнө узатып келе жаткан жигитине.

— Жакшы болду, мен дагы атамдын таанышы аркылуу тапшыра турган болдум, — деди Денис жылмая карап, — Экөөбүз шаарда дагы сагынышпай жолугушуп турабыз ээ?

— Ошондой, — Кыз наздана күлүп карап туруп, — А мен сени сагынтып көрүнбөй койсомчу? — деди.

— Анда мен сени менен бирге ошол үйгө кирип алам.— Киргизбей койсочу?

— Неге киргизбейт, мен сенин жигитиңмин го?

— Бирок сен мени энчилеп алган жоксуң да.

— Кандай?

— Эгерде сөйкө салып кудалап койсоң жолугуп турууга болмок.

— Анда атамдарга айтам бүгүн эле.

— Денис, мен тамашаладым, айтууга болбойт, — Гүлхан кабак чытый коркуп кетти, — Менин атамдар билсе капа болушат.

— Мектепти бүтөөрүбүз менен кудалап сага сөйкө салып коебуз, — Денис ишенимдүү айтты.

— Денис.

— Оюн жок айттым, эмесе коштошолу Гүлүм, мен үйгө кайтайын, — Экөө эки бөлүнүштү. Кулубекке кызын келин алам дегендер көп, бирок анын оюнда кызына тең айылда жигит жоктой сезилет. Биринин баласы жакпасы биринин ата-энеси жакпайт, кээсинин үй-бүлөөсү жакпай бирөөнө дагы сөз бере элек. керимселдей керилген кыздын бир төштүн түбүндөгүсарайда өсүп жатканын кээ бирөөлөр билбейт деле, бирок көргөндөр кайыптан келген үр кызындай аны көргөндө сүйлөөр сөзүн унутуп, эстен тана жаздап көргөндөргө аңыз кыла турган. Бул сөз айыл өкмөтү Айып менен Гүлнарага эбак угулган, Денис ошол күнү кабагы салыңкы келди. Аны көргөн Гүлмира чыйпылыктай:

— Балам. Бир жериң ооруп турабы? — деп чекесин колу менен басты.

— Апа, жүрөгүм ооруп жатат.

— Эмне дейт, врачка көрсөтөйүнбү?

— Жок апа, меники башкача…

— Обу жок десе, эмитен жүрөгүң башкача ооруп эмне, — Гүлнара күлүп калды.

— Апа, мен айтканды кыласызбы?

— Эмне болду?

— Бир кызга сөйкө салыш керек.

— Эмне, ал кайсы кыз экен? — Гүлнара элээ баласын карады.

— Мен аны сүйөм апа.

— Сүйүүң менен куруп калгыр, муну атаң укпасын, сен адегенде оку, андан кийин көрөбүз, мен дагы эмне болуп кетти деп чоочуп кетсе…

— Ал кызга сөйкө салбасаңар аны ала качып кетет.

— Ким экен ал, деги айтчы ачыгын.

— Ал Гүлхан деген кыз.

— Ата-энеси ким?

— Кулубек дегендин кызы, — Денис тултуя жер карады, Гүлнара унчукпай туруп калды: «Демек эл аңыз кылган кыз экен да, андай болсо Айыпка айтпай туруп өзүм бир көрүп келейин, ошончолук эстен тандырган сулуу болсо баламдын жүрөгү ооруганынча бардыр», — деп ойлонгуча, — Апа, атама айтып кеңешесизби? — деди Денис.

— Ии-ий ооба балам, кам санаба, али мектепте окуйт эмеспи, үлгүрөбүз балам.

— Апа, сөзсүз айтыңыз, — Денис ичкери кирип кетти, Айыптын төрт уул үч кызы бар, Денис төртүнчүсү, үч уул-келини шаарда турат, эки кызы турмушта, эки карындашы мектепте окуйт. Гүлнара эртеси мектепке барып теңтушу Самарга жолукту, пенсияга чыкканына карабай иштеп жүргөн ал. Самар аны күлүп жайнап тосуп алды, көптөн бери көрүшпөй калган.

— Сени да көрө турган күн бар экен да, башыңа чөп сындырып коеюн курбум.

— Өзүң каттабай кеттиң го? — Экөө кучакташып көрүшүштү.

— Келген экенсиң, зарыл ишиң чыктыбы курбум?

— Бир иш менен эле келгенмин.

— Ошо, айыл өкмөтүнүн аялы жөн келбейт эле дейм да, — Самар тамаша сүйлөп ага карады, — Кана Күкүш эмне жумуш?

— Мектепте аңыз кеп болгон сулуу кыз бар экен Самар.

— Аа-а, сен Гүлханды айтып жатсаң керек, — Самар ойлуу балдар жүргөн жакты карады, — Бечарага кудай башкача жамал берген, бактысын берсин.

— Ошол кызды көрүүм керек Самар.

— Анчалык эмне болду?

— Адегенде көрөлү, анан атайын.

— Жарайт, — Самар өйдө болду, аны менен кошо Гүлнара жанаша басып мектепти көздөй кирип бара жатканда үч-төрт кыз чыгып келе жатып салам берип өттү эле Самар Гүлнараны нукуп койду, — Четки узун кыз.

— Көрдүм, — деп шыбыраган Гүлнара кызды көрүп эле байкаганын айтты, анын оозуна сөз кирбей калган эле, боюна жараша юбка менен жарашыктуу кофта кийип чачын өрүп артына таштап түбүнө заголка тагып алыптыр, — Тооба, ушундай дагы сулуулук болот экен да, муну алган неме музейге койгондой эле карап отурабы? — дегенде Самар күлүп жиберди:

— Эркек эмес аялдын эсин тандыра турган кыз биздин айылда Гүлнара.

— Туура, ошондой экен, кудай багын ачсын.

— Кызга уулуң ашык болуп калган го курбум?

— Ошондой десе да болот.— Кыйын экен, кыздын окуусу абдан жакшы, врач болом деп жүрөт Гүлнара.

— Бул кыз шаарга барса андагы ач карышкырларга окшогон окутуучулардын курмандыгы болуп калбас бекен? — деген Гүлнара бир кездеги студент болгон күнү көз алдына тартыла түштү. Жаңыдан мединститутка өтүп окуп калган эле. Аны эки айдан кийин декан чакырып жибериптир, кабинетине кирген кызды көргөн декан: «Гүлнара, сен эки сабактан жаман баа алып калдың, эгерде менин айтканыма көнсөң, окууну эч кам санабай бүтүп кетесиң, анткени беш жыл бою сен мени менен жашыруун жолугушуп турасың», — дегенде артын карабай чыгып кетип кийин училищаны бүтүп бала бакчада иштеп жүрдү.

— Андай болушу да мүмкүн, андан да-а бул айылдыктар кызды шаарга кетире коеор бекен? — деп Самар анын оюн бузуп жиберди.

— Эми өз багынан көрөөр, анда мен кетейин Самар, сен дагы жумуштан калба, — деди да Гүлнара жөнөй берди. Үйүнө келгичекти кызды улам көз алдына келтире берип: «Уулум ай, сен сулуулуктун кулу болупсуң да, аны алганда сен сүрөттөй карап отура бермексиңби, мындай кыздар тек сулуулугуна чиренген текебер болчу эле. Кантип айтам муну балама, айтканда мени угабы, көзү сүйүүдөн тумандап калган баламды эч нерсе кайтара албастыр», — деп ойлонуп келди. Бирок ал Айыпка эч нерсе дебеди, Денис сураганда: «Учуру келбеди белем, атаңдын иши чачтан көп, убактысы келгенде айтам», — деп коюп жүрө берди. Жаз келип бүтүрүүчүлөрдүн кечеси болуп жатты, Кулубек менен Гүлсана өздөрү кайтарып акыркы коңгуроодон кийин эле алып кеткен. Экзаменге келгенде ар дайым жанында Кулубектин иниси Жусупбектин аялы Жайна кошо жүрчү болду, эки экзамени калганда Кулубек сүйлөшүп койду да анын аттестатын күтүп калышты, бактыга жараша Гүлхан алтын медал менен бүттү, ошол кезде Курман келип аны даярдатып шаарга алып кетти. Кыз бечара өз бактысын калаадан издеп, илим-билимдин артынан түшмөк болуп ата-энесинен бата алып анан жөнөдү. Гүлханды алып келгенде Мелис үйдө жок эле, эки күндөн кийин кыз душта жуунуп жатканда келип бош эмесин көрүп күтүп калды, бир кезде ал чыга калганда көзү токтоп калгандай турган ордунан жылбай жалдырап тура берди.

— Мелис, бул Гүлхан Кулубек агаңдын кызы, таанышып алгыла, — деди Акылай басып келип, — А бул Мелис байкең.

— Таанышканыма кубанычтамын байке, — деп кыз жадырай караганда деле Мелис тилдеп калгандай тура берди: «Мынчалык сулуу кызы бар экенин билбегенимди кара, кызык бул өзү адам баласыбы же периштеби», — деп ойлонуп турган эле.

— Мелис, жуунуп чыгып тамакка кел балам, — деп Акылай айтканда гана ордунан жылды ал. Ошол күндөн баштап Мелистин күн-түнү оюнан Гүлхан чыкпай кыйналчу болду, бир күнү атасынын кабинетине барды атайын, ал аны таңгала тозуп алды:

— Уулум, келчү эмес элең?

— Иш бар ата.

— Айта бер.

— Кулубек байке бизге жакынбы?

— Эмне демексиң?

— Деги да, өтө жакын тууганбызбы?

— Анча эмес, кыз алышкан тууган болобуз уулум, эмнеге сурадың?

— Гүлхан…

— Демек ага ашыксың.

— Болобу үйлөнсөм?

— Неге болбойт, албетте болот, жактырып калсаң сеники уулум.

— Рахмат ата, ошону билейин дегенмин.

— Кызды кантесиң, анын көңүлү барбы жокпу…

— Ал мааниге ээ эмес ата, туугандыгыбыз каршы болбосо болду.

— Андан коркпо уулум.

— Кеттим анда, — Мелис шашыла чыгып кетти, Курман күлүп кала берди: «Мен муну Кулубекке айтышып керек, ал жок дей койбос, мендей кайда булгаса колу жетээр адам менен куда болуу ага дагы жагаар, күйөө баласы чоң кызматкер, билимдүү жигит, баш тартпа-айт», — деп ойлонуп алды. Гүлхан эч нерседен бейкапар окууну гана ойлонуп китептен башы чыкпайт, бир күнү ал үстүңкү кабаттагы өз бөлмөсүнөн чыгып келе жатып Курман менен Акылайдын өздөрүнчө сүйлөшкөн сөзүн угуп токтой калды.

— Мелис Гүлханды жактырып калыптыр, ушул кезге чейин кыз жакпай жүрдү эле, эми үйлөнүүгө макул болуп жатат, — деди Курман.

— Жакшы болгон экен, уулумдун жактырганын алып берүү керек.

— Акыл, сен бир нерсени ойлобой жатасың, кыз макул болбосочу?

— Куке, болгону өзүбүздүн малчынын кызы го, макул болбой кайда бармак эле, Мелистен артык күйөө табылат бекен, — деп Акылай чоюштай жактырбаганын билдирди, — Сенин малыңды бакпаса беш баласын жылаңач этине ороп бага беле, кудай дешсинчи.

— Кой Акыл, баары бир тууганбыз, уруубуз бир да.

— Гүлхан макул болбосо зордоп алып беребиз, тай туйлап такка конобу дейт, акыры окуп жатат го, крамай турганы казан го, өз теңин билбесе өз убалы өзүнө!

— Ай-ай Акыл, ал дагы бирөөнүн айдай кылып баккан кызы, Кыргызстанда эки сулуу болсо анын бири ушул Гүлхан деп эсептеймин, жанагы акча төлөп коюп дүйнөнүн сулуусу болгондор анык сулуу эмес, нукура сулуу деп ушуну айт, балаң тандоодо жаңылган жок, табити жакшы болуп чыкты.

— Сулуусунун кереги эмне, балама жакса болду, акыры ургаачы го эрге тийбегенде жерге тиймек беле, — деп Акылай чоюштаганда Гүлхан артка чегине берди: «Мен эмне буларга буюм бекенмин, баласына жакса эмне экен, менин оюм сезимим эмне буларга кеп эмеспи, мен бул жерден кетишим керек», — деп кийимдерин чогултуп жатты. Курман кеткенден кийин Акылай анын бөлмөсүнө баш бакты, — Гүлхан, сабагыңа барасыңбы кызым?

— Ооба, азыр чыгам.

— Макул, мен жумуштарым менен кетип жатам, кечинде жолугабыз, — деди да Акылайдын ылдый көздөй кетип жаткан дабышы угулуп аздан соң унаанын короодон чыккан дабышы чыкты. Гүлхан дароо чемоданын көтөрүп жөнөдү, астыңкы кабатка түшө бергенде кызматчы аял:

— Гүлхан, кайда барасың? — деди чемоданын көрүп,

— Мен башка жакка жашайм, — деп коюп чыгып кетти, анын бирге окуган курбусу Адинай жалгыз тураарын айткан, ага телефон чалды эле ал окууда экенин айтты, ал жетип чемоданын коюп сабакка катышып анан түштөн кийин Адинай менен чогуу кетип калды. Адинайдын таежесинин бир бөлмөлүү үйүндө турчу, экөө ээн-эркин оңуп эле калды, Гүлхан ага өзү жөнүндө айтпады, болгону ага өз сунушун туура көргөнүн айтты. Гүлханга окуу башталгандан эле Арип деген бала артынан калбай жармашып жүргөн, кат дагы жазды, кыз андан качпай атайын жолугуп жигити бар экенин, андан башканы сүйбөй турганын айткан, ага карабай эле артынан жүрө берет. Ошол эле күнү кечинде Курман Гүлханга чалды эле ал телефонун көтөрбөдү, анан Кулубекке чалып үйдөн кетип калганын айтканда алар кабатыр болуп Гүлханга чалышты. Гүлхан атасынын чалганын көрүп ала койду:

— Ата, кабатыр болбогула, мен курбум менен чыгып алдым, — деди эле Гүлсана телефондон кабатырлана сүйлөдү.

— Кызым, эмнеге агаңдын үйүнөн кетип калдың, ошол жерде эле жүрө бербейт белең кызым, туура эмес кылыпсың.

— Апа, менин окуганымды каалайсыңарбы же Курман деген көпөскө келиндикке бересиңерби? — деди Гүлхан ызалуу.

— Эмне дейт, ким айтат аны?

— Силер алар үчүн болгону мал бакчу кулу катарысыңар апа, атама айт малын бүт өткөрүп берип өзүңөрчө оокат кылгыла, мен булардын жардамысыз эле кызыл аттестат менен бюджетке киргенмин, өз күчүм менен окуйм, — деп ыйлагысы келип бирок ата-энеси кыжаалат болбосун деген ойдо кайраттана сүйлөдү, — Калган сөздү жолукканда сүйлөшөбүз апа.

— Жакшы жүр кызым, сак боло гөр… — деген бойдон телефон өчүрүлдү, Гүлхан ызадан ыйлагысы келип ээрдин тиштене көзүн жумуп туруп калды. Ошондон кийин окуу жайга Мелис келип калчу болду, бир жолу Денис экөө турганда келип:

— Гүлхан, экөөбүз сүйлөшүүбүз керек, — деди ары туруп алып.

— Менин сиз менен сүйлөшчү сөзүм жок.

— Жок, сен мага капа болуп жүрөсүң, кечирим сурайм.

— Кереги жок, менден кечирим сурабай эле коюңуз, — Гүлхан Денисти колтуктап ары басып кетти. Мелис ага кекенип унчукпай басып кетти. Гүлхан аларды көргүсү жок эле, Акылайдын айткан сөздөрү анын кулагында, атасына сүйлөшкөн сайын телефондон: «Малын өткөрүп бергиле, ал силерге тууган эмес болбойт дагы, алар малчы же жалданма кулу катары көрөт экен деп айта берчү болду. Көп өтпөй Гүлсана көңүлү түтпөй өзү келип адегенде кызына жолугуп уккандарын бүт айтып бергенде ачуусу менен Курмандын үйүнө келди, аны Акылай сүйүңкүрөбөй тозуп алды:

— Кел Гүлсана, кандай шамал айдап келди?

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE