Пример HTML-страницы

Кен пейилдик бакыт 17 Болум Аягы

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кен пейилдик бакыт 17 Болум Аягы

— А биздин атабыз өлүп калбадыбы, — деди Жаңылмырза улутуна.

— Жакин, мына Акы атаң деле силердин атаңар да, туурабы атасы? — деп Гүлхан жымыйып көзүн сүзө Акбердини караганда анын жүрөгү тыз этип алды.

— Ооба-ооба кызым, мен дагы силердин атаңармын, чоң атаңарга барып турсаңар боло, — деди башынан сылай.

— Апам бизди чоң атама жибербей жатат, — деди Жаңылмырза.

— Чоң атамды мен чакчы көйөм да, — деди Бекарстан.

— Азамат, мына атасынын баласы, — Акберди аны өөп алдына алды, — Мен силерди үйгө алып кетем уулум, — Өпкүлөп анан ордуна отургузду.

— Сиз ушул экөөнө аталык милдетин аткара аласызбы?

— Албетте, Мырзаны өз бооруна тартып бир тууган кылып алганмын, анын минтип өлүп калаарын билбедим, эми Жаңылмырза менен Бекарстандын атасы катары кам көрө алам.

— Мен сизди жакшы көрөм Акы ата, — деди бей күнөө наристе кыз ага эркелей.

— Мен теле чакчы көйөм ээ Акы ата? — деп Бекарстан ага жабышты.

— Мен дагы силерди жакшы көрөм, — деп экөөнү эки жагына алды.

— Апамдычы, апамды дагы жакшы көрөсүзбү? — деди Жаңылмырза күтүлбөгөн жерден, — Акберди Гүлханды карады, экөө бири-бирин карап калды, — Акы ата дейм, апамды дагы жакшы көрөсүзбү дейм? — деп жеңинен тарткылады.

— Кызым, атаңа антип айткан болбойт да, атаң баарыбызды жакшы көрөт, — деди күлө Гүлхан, Акберди үн деген жок, Бекарстанды кучактап эркелеткен болуп отуруп калды, кеч кирип балдарын уктаткандан кийин экөө төшөккө кулады, эки-үч саат кумардан чыгып бүткөндөн кийин кетмек болду.

— Мен барайын, — деди терең дем ала Акберди.

— Аттиң бир өзүмдүкү болгонуңузда го…

— Гүлү, этият болуубуз керек, атамдар укса экөөбүзгө тең уят.

— Билем, бирок сезим деген эч нерсеге баш ийбейт экен да.

— Сезимди уят менен жаап салууга болот.

— Мен анте албайм, балдар дагы сизди сурай берет, алар башынан сизге жакын эмеспи.

— Ал туура, ал жагынан кам санаба, жакшы кал, — деп жөнөй берди, ошентип жалган жашоонун өкүндүргөн да, кубандырган да мүнөттөрү саатка, анан күнгө, ай-жылга алмаша берди, Аруужаз бир нерседен шекигени менен кынтык таба албай кыжаалат, Акмат дагы Акбердиге айтып Гүлханга тез-тез барып каралашып тур деп табыштайт. Ан сайын Аруужаз ичинен бүкү-түкү боло берет. Акыры алардын мамилеси билинди баарына, Аруужаз дагы ыйлап-сыктап таарынып кайра жазылган кезде Аруужазды Америкадан кое берген адам телефон чалып калды. Тоту телефонду алып эле келинине карады:

— Сени Америкадан келген бирөө чакырып жатат, — деди ал.

— Ким болду экен? — деп ала койду, — Аа-а салам, жакшы-жакшы, балдар чоңоюп жатышат, өзүңүз кандайсыз, ооба күйөөм экөөбүз барабыз, — деп телефонду койду.

— Ким эле ал? — деди Тоту жактыра бербей.

— Ал бир компаниянын ээси апа, жетим балдарга жардам берет экен, — деди Аруужаз.

— Ага эмне жардам алуу үчүн барат белең?

— Жо-ок, Акы дагы ошондой иш алып барсамбы деп жаткан, пикир алышат го?

— Качантан бери? — Тоту таңгала карады.

— Көп болду, болгону тажрыйба алат го?

— Өзүңөр билесиңер да, — деп Тоту унчукпай калды, бирок ичинен келининен күмөн санап турду: «Бул Америкалык менен кайдан таанышып жүрөт, ажырашмак болуп жүргөндө таанышса керек, балама кара санаган немени мен кууп чыгамын, муну кара бир жиги билинсинчи», — деп жинденип алды. Акбердиге кечинде келгенде айтмак болуп Аруужаз күтүп жатты, бирок ал кечигип жатты: «Акмак, Гүлханга барып бетин тытып келбесемби, көрсөтөмүн ага кайнаганын ойношу болгонду», — деп жинденип телефон чалды эле ал алды:

— Эмне болду Аруу? — бул жумшак үн аны жоошутту.

— Акы, эмнеге кечиктиң, же-е…

— Азыр барам жаны, жатып эс ала бер, — деп өчүрүп койду, ал Гүлхан менен жаткан эле.

— Эмне сени сагыныптырбы? — деди Гүлхан, — Эгерде жакшылыкча сүйлөшсөк экөөбүзгө жетет элең го, сендей эркекке эки аял аздык кылат, — Бекем кучактап алды, — Кетиргим келбейт.

— Сен ошондой деп ойлойсуңбу?

— Ооба, башка улуттун эркектерине кор болгончо өзүбүздүн жигит эмессиңби?

— Бул сөзүңө кандай түшүнсө болот?

— Күйөөсүнө болоор болбоско таарынып алып чет элдиктерге азгырылып анан запкы жегендер канча? — дейт ойлуу.

— Кимдер мисалы?

— Эми аны айтуунун кандай кажети бар?

— Бирдеме билесиң го?

— Бир аз…

— Айтсаң эми.

— Кетем дебедиң беле, жеңем жинденип жаткандыр?

— Макул, мен кетейин, барбасам анын жини келет, — деп кийинип алып жөнөдү, ошол аралыкта Гүлхандын боюна болуп калып эч кимге айтпай алдырмак болуп бир акушеркага сүйлөшүп анан алдырды, кан токтобой айласы кеткен акушерка ага:

— Туугандарыңызга айтпасак болбойт корком, — деди.

— Өзүм дагы корком, телефонду карачы, Акы дегенге чалсаңыз.

— Жарайт, — деген акушерка чалып даректи айткандан саат өтпөй Акберди келип калды, Гүлхандын өңү бозоруп араң жаткан.

— Эмне болду? — деди акушеркага.

— Аборт…

— Эмне, кандай аборт?

— Ошол, өзү жалдырап келген, анан мен макул болгонмун…

— Канча айлык экен?

— Эки ай…

— Эмне жардам бере алам?

— Кан берүү керек.

— Менин каным туура келбесечи?

— Сатып алууңузга болот.

— Анда төлөйм, канча болсо дагы бергиле, — деди Акберди, анан алсыз жаткан Гүлхандын чекесин басып көрдү, — Эмнеге мага айтпадың, кокус болсоң эмне болот? — деп кейип отурду, врачтар арыдан бери кан куюшту, ошентип ал аман калды, Тоту угуп алып аны тилдеди.

— Мен сени урушпайт элем го, кудай берген балада эмне күнөө?

— Апа уялдым.

— Уят деп, ошол ишке баргандан уялбай төрөгөндөн уяласыңбы?

— Эмне кылаарымды билбей калдым.

— Эч кандай тартынба, Акы экөөңөргө нике кыйып коебуз, баарын өзүм бүтүрөм, сен мен айткандай иште, — деп кетти. Ал келип күйөөсүнө ачык айтты, Аруужазга дагы айтып көндүрдү, ошондогу ызасын айтпа, кайненесине унчукпаганы менен Гүлханга телефон чалып аны жолугууга чакырды, экөө бир жайкы пивоканада жолугушту, алдыларында шашлык менен бирден пиво:

— Гүлхан, ушуга кантип бардың? — деди Аруужаз, — Сен өзүңдүн бактыңды менин ыйымдан кургуң келеби?

— Анан мен кайдагы бир түрктү издешип керек беле? — Гүлхан аны тике карады.

— Мунуңа кандай түшүнсө болот? — Аруужаз аны таңгалгандай карады.

— Эң жакшы түшүнүп турсаңыз дагы актангыңыз келип турат.

— Жап оозуңду, сен мени калп каралап Акбердиге жагынганы турасыңбы?

— Жо-ок, мен чындыкты гана айта алам, менин курсташым сизди Түркияда көргөнүн айткан, болгондо дагы аялдарды сатып иштеген «сутенер» менен.

— Ка-алп! — Аруужаз ордунан тура калды, — Карандай жалаа бул!

— Жалаа болсо эмнеге күйүп бышып жатасыз?

— Күйгөнүм жок, жалган ушакка жиним келди, — Аруужаз кайра отурду.

— Демек калп деңизчи?

— Албетте калп.

— А бул кандайча… — Гүлхан ага Осман менен турган сүрөттү көргөздү, — Бул ошол Түркиядан тартылган сүрөт, — Болоор-болбос жылмайды, — Чындык ошондой ачуу болоорун билген жок белеңиз?

— Сен менин артымдан аңдуу жөнөткөнсүң го, бирөөнүн байлыгынан пайдаланып.

— Өзүмдүкү дагы жетишет, ата-энем жолдо калган адамдар эмес, каалаганча ала алам, анан дагы жөнөкөй жумушта эмес экенимди билесиз, жогорку билимим бар, врачмын, — деди сүрөттү кайра сумкасына салып, — Экөөбүздүн талашыбызды ушул чечет.

— Эмне дегени турасың?

— Акбердинин мага никелешүүсүнө каршылык кылбайсыз, ал тургай өзүңүз бирге келип бизге каалоо айтасыз, болбосо Америкага сатылып барганыңызды, келгенден кийин Осман менен бул жердеги шоуңарды көрсөтөмүн, — дегенде Аруужаз үнсүз бозоруп отурду да ошол бойдон туруп басып кетти, ал кеткенден кийин, ары жакта отурган Жайна анын жанына келип отурду.

— Эмне, сөзгө келдиби?

— Сенин артың менен ооз ачууга дарманы келбей калды.

— Кызык ай, мен сени бул кызды таанырыңды билбей эле кыргыз кызынын бүгүнкү жана эртеңки тагдыры деп гезитке жазсамбы дегенмин, — деди Жайна.

— Гезитиңе башкаларды жаза бер, биздин үй-бүлөөнүн аброюн түшүрөт дагы Акбердиге катуу тиет, — деди Гүлхан ойлуу, — Мунун сыры менин бир максатыма жетүүмө чоң көмөгү тиет.

— Гүлхан, сага түшүнбөйм, иштеген ишиң бар, кайнаталарың каралашып турат, балдарың багылуу, баары бар, артыңдан жүгүрүп балдарың бир экенине карабай жүгүргөндөр бар, анан аялы бар немени эмне кыласың?

— Жайна, анда менин ала турган өчүм бар, — деди Гүлхан, ал ушул азыр: «Эмнеге жолдо жүргөн жетимди өз баласынан артык бооруна тартат, бул үйдүн ханышадай жалгыз келини менмин, аларды насибибизди бөлө тарттырып тайраңдатканына жиним келет», — дегени кулагына угулуп кетти, — Аны ханышадай жалгыз кылбай мен бирге боломун! — деп муштумун түйдү.

— Ошончолук эле көкүрөгүңө көк чайдай тийгенби?

— Айтпа, эгерде мен ушуну иштебесем өлгөндө дагы оодарыла турган болом.

— Кудай ай, деги жакшынакай эле келин экен, ошончолук адамгерчилиги жок немеби?

— Жез тумшуктай бычагы жеңинде…

— Шумдук, — деп тамшанып койду Жайна, экөө андан кийин дагы көпкө сүйлөшүп отурушту, анан эки бөлүнүштү…

Майрам балдарынын бактылуу энеси болгонуна ыраазы, башынан өткөн окуялар анын экинчи жолу жаза басуусуна жол берген жок, ал күйөөсүнүн көтөрүмдүүлүгүнө, өзүнүн көңүлүн табууга аракеттенгени жүрөгүн жибитип көңүлүн көтөрдү, мурункудан дагы сыйлап балдарын өз балдарындай мээрим төгүп карап багат. Жасминди мектепти бүтөөрү менен университетке киргизип койгон, бирок ал бой жеткени мүнөзү өзгөрүп бара жатты, анысын Данагүл байкап акырын гана жымыйып тим болду. Жигиттер менен жолугуп үйгө кеч келгенде Майрамдыкына келет, үйүндө көп болбойт, Акылай анын жүрүшүнөн чоочулап бир күнү минтти:

— Кызым, атасы жок дедиртип адебиңди жоготпо, үй-бүлөөбүздүн намысына шек келтирип уулумдун арбагын ара жолдо кыйнаба кызым.

— Чоң эне, жөн эле сүйлөй бересизби, жакшы эле жүрөм, сабактан кол бошобойт.

— Ошент балам, биздин үй-бүлөө бир топтоп абройлуу турат, кир келтирбе кызым.

— Жаман ойлобоңуз, мен баарын билем, — деп Жасмин чоң энесине эркелеп тизээсине башын койду, — Баарынан дагы атамдын арбагына…

— Секелегим десе, сени капа кылып алдымбы эркем? — деп Акылай небересинин чачын сылап жыттады, Жасмин ошол учурда Мурат менен сүйлөшүп жүргөн, бирок ал аны өтө эле эрке, каалаганын жасаган кыз экенин билгенден кийин жолуккусу келбей калган. Негедир ал үй-бүлөөсүнүн жетишпестикке кайрадан туш болгонунан улам ойлуу болуп кеткен. Каным менен Болотбек Аруужазды дарылатып товарларынын калганы менен кайрадан баштаган эле. Мураттан кийинки Жанаты дагы он биринчини бүттү, Кайрат ондо окуйт. Ата-эне балдарынын үйлөнөөр маалы болуп калгандыктан сары санаа болуп эптеп Аруужаз алып берген контейнерди арендагы берип, өздөрү жөнөкөй жолдо отуруп соода кыла баштаган. Мурат аларга жардам берип товар ташып жүк көтөрүп иштей баштады, Жасминди сүйөт, бирок анын ата-энеси бардар экенин билгенден кийин ага жолукпай калды. Анын келбей, телефон чалса албаганына кыжыры келип: «Мурат, менин сүйүүм сен үчүн эч нерсеге арзыбайбы, эмнеге телефонуңду албайсың», — деп СМС жазып жиберди. Ага дагы жооп болбоду, Жасмин ыйлап өзүн-өзү коерго жер таппай жинденип улам телефон карай бергенинен Данагүл байкап:

— Сага эмне болгон, телефондун күнөөсү кайсы? — деди күлүп.

— Эмне дейсиз? — Жасмин жеңесин түшүнбөй карады.

— Кечке эле байкуш телефонду сөгүп жатасың го? — деди Данагүл.

— Аа-а, — Жасмин жарк этип күлүп жиберди, — Бирөөнү сөгүп жатам жеңе.

— Ким ал, сени ошончолук жинденткен?

— Бирөө жеңе бирөө, — деди да үйгө кирип кетти.

— Шүмшүк, апасынан бетер митаам, — деп жини келип калды, Жасмин жеңесин жаман көрчү, мурдун чүйрүп эле сөз аңдый берчү адатын жактырчу эмес. Жинденип үйгө кирген небересин көргөн Акылай.

— Эмне болду кызым? — деди.

— Тетиги жеңем эле, телефон менен да сүйлөштүрбөйт, — деди Жасмин мурчуңдай.

— Эмне деди?

— Ким ал, эмне болду, жигитиңе чалып жатасыңбы дей берет.

— Мейли балам, улуу киши сурайт да, анын үстүнө жеңең эмеспи, жеңе деген кайынсиңдисин кайтарат, — деди Акылай күлүп.

— Эмнеге кайтармак эле?

— Кызды жеңе кайтарып күйөөгө чыкканда жооп берет, жакшы жүрсө сый көрөт, кыз таза болбой калса уят болот, ошону үчүн жеңе да, — Күлүп койду.

— Эмне үчүн чоң эне?

— Ошондой, кыздын бараар жерине таза барганы ата-эне, төркүндөрү үчүн чоң намыс, кыз булганып калган болсо өтө уят, күйөө төркүндөрүнө жеткирип берет, кээ бир күйөөлөр атайын кара өзгөйлүк кылгандары дагы болгон кызым, кыргыз кызынын тагдыры ошондой эле, азыр кыз-келини билинбей эле кудай уруп жатпайбы.

— Кызык экен, байкуш кыздар эркин жүрө албаптыр да.

— Эркиндик дегенди азыркылар такыр башкача түшүнүп жатпайбы.

— Кандайча?

— Эркиндик деген биротоло эле ата-энени, улууну укпай өз каалаганын жасоо эмес, кыз уяттуу болбосо эли сыйлуу болбойт кызым.

— Ой тобо-о, анда эмне үйдөн чыкпаш керекпи?

— Чыкса дагы эби менен, эртеңкисин ойлоп жүргөн жакшы.

— Макул чоң эне, бул сөзүңүз эсимде болот, — деп чоң энесин өөп өз бөлмөсүнө кирип кайра чыкты, — Мен бүгүн апамдыкында болом чоң эне.

— Эмне? Бул эмне деген сөз?

— Менин ата-энем бечаралар, колубузда жок…

— Анын кандай тиешеси бар? — Кыз жигитин суроолуу карады.

— Эң сонун тиешеси бар, сенин чоң атаңдар кабыл албасачы, мага сени бербесечи?

— Сен ошентип ойлойсуңбу?

— Дал ошондой болот.

— Андай болушуна мен жол бербейм Мурат.

— Баары биз ойлогондой болбойт Жасмин, — Экөө ары тартышып, бери тартышып жатып бир пикирге келе алышпады, ар кимиси өзүнүкүн туура деп ойлойт.

— Анда мени азыр алып кет, — деди Жасмин, Мурат таңгала карады.

— Эмнеге?

— Мен каалаганыма баруум керек, мени чоң атам башкага бергени жатат, — деп калп айта салды, — Азыр алып кетпесең анда мени сүйгөнүң жалган!

— Жасмин!

— Бүгүн азыр алып кетпесең экинчи мени көрбөйсүң.

— Жасмин, мени түшүнчү.

— Мен айттым, каалабасаң кеттим! — деп басып жөнөдү, Мурат эмне кылаарын билбей туруп калды, кыз узап бара жатты.

— Жасмин!

— Мени токтот Мурат, — Артыны карабай айтты.

— Токтосоң Жасмин.

— Жок, бул болбойт, — Кете берди.

— Жасмин! — деп Мурат жетип келди, — Токто сүйлөшөлү, — Алдын тосту.

— Айт батыраак, — Токтобой баса берди, Мурат арты менен бара жатат.

— Мен ата-энем менен сүйлөшүүм керек, бүгүн сүйлөшөйүн, мени укчу Жасмин.

— Чын айтасыңбы? — Кыз жаадырай карады, көздөрү эликтикиндей күйүп Муратты теше тиктеп турган, жигит жалтаңдай карады.

— Ооба, анан дагы камынуубуз керек.

— Жа-арайт! — деп алаканын чаап алып кучактап калды, — Мурат мени сүйөсүң ээ?

— Ооба, мен сени сүйөм Жасмин, сенин ата-энеңден корком.

— Алардан коркпо-о! — Жасмин анын мурдунун үстүн сөөмөйү менен басты, — Алар деле адам дорогой!

— Билем дечи, тоготпой койсочу?

— Жетет, бүгүн сүйлөшүп мага жообун айтпасаң мен өзүмдү-өзүм өлтүрөм.

— Ал эмне дегениң Жасмин, мен атамдарды көндүрүүм керек анан…

— Эмне анан?

— Алар камынганча…

— А сен камынтпа, мени ала качып кет, чоң атамдарга өзүм жооп берем, — Жасмин ойноок баладай күлүп койду, ошентип экөө эки бөлүнүштү, Мураттын жүрөгү түрсүл кагып үйүнө кирээрде босогодо көпкө турду: «Колдо жок болсо кантип үйлөнтөбүз, азыр кое тур дешип койсо Жасминге эмне деп айтам», — деп ойлонуп эшик ачылып атасы чыга калды.

— Келдиңби балам?

— Ооба ата.

— Жакшы, үйгө кир, — деп ары басып кетти, Мурат кирсе эки иниси, апасы болуп отурушуптур, келип ал дагы отуруп калды, улам тамагын жасап коюп бирдеме дегиси келгени менен айта албай жатты, бир аздан кийин тамак ичишти, Мурат улам атасын, бир апасын карап оозун таптап келип эле туруп калат: «Мага жообун айтпасаң өзүмдү-өзүм өлтүрөм», — деген кыздын үнү кулагына жаңырып кетти:

— Ата, — деди анан, — Мен үйлөнсөм болобу?

— Ыя?! — Каным чоочуп кетти, — Үйлөнөм дейби?

— Эмне болбойбу? — Мурат кайра атасын карады.

— Болот балам, бирок үйлөнүш үчүн иштешиң керек.

— Иштеп жатам го?

— Ал аз, — деди Болотбек ойлуу, — Катын алсаң отун, бир кучагын ашык ал деген, сен али отун ала элексиң балам, — Күлө карап уулун далыга таптады, — Туурабы апасы?

— Ошо да, эчтекебиз жок туруп келин алабыз десек туугандарың чалкасынан кетээр, ал тургай келишпейт дагы.

— Мен үйлөнбөсөм ал кыз өлүп калат, — деди Мурат башын жерге салып.

— Эмнеге кокуй? — Каным көзүн чоң ача тилин бултуйта күйөөсүн карады.

— Ошо, өлөм дейт.

— Бир балээң бар го чечек анда?

— Эчтеке деле жок, бирок үйлөнүшүм керек, — деп кесе айтты Мурат, жанагыдан ал чечкиндүү сүйлөдү. Ары кетип, бери кетип жатып Болотбек уулун үйлөнтмөк болду, ал баягыдан бери өзүнчө акча жыйнап жүргөн эле, Аруужаз ооруп калганда аздап катып калган, андан кийин дагы чогултканы бир топ бар, күндө кошкон акчасын жазып коет. Каным чырылдады:

— Азыр деген такыр башка болуп калган, биздей бечарасы деле, чириген байы деле кафе, ресторандан өткөрүп калган, ага олчойгон акча керек, аны кайдан табабыз, кийит-кечени кантебиз?

— Аны кое тур, — деди бир кезде Болотбек, — Кыздын ата-энеси барбы, кайдан болот экен билесиңби?

— Ооба, Таластан болот, өзүнүн атасы өлүп калыптыр, чоң атасынын колунда өсүптүр, апасы күйөөгө тийип кетиптир, бирок барып турат экен.

— Кандай жер экенин билдиңби?

— Колунда бар адамдар кыскасы.

— Анда мындай балам, алып келе бер, көнбөй кайда бармак эле, — деди Болотбек.

— Болот, сен баланы эмнеге кое тур дебей көкүтүп жатасың ыя?

— Болчу иштин тезирээк эле болгону дурус эмеспи, баары бир үйлөнтүү милдетибиз да.

— Ошондо деле ойлонуп иш кылыш керек да.

— Унчукпа, — деп Болотбек уулун карады, — Качан алып келесиң?

— Сиздер айткан күнү.

— Анда мындай, эки жумадан кийин алып келе бер.

— Чын элеби ата? — Мурат кубанычтуу карады.

— Сүйлөштүк уулум.

— Рахмат ата, — Мурат кубана туруп жатчу ордуна жатып калды, Каным кыжаалат болуп отуруп:

— Өз билгениңди кое бербейсиң, эл катары кыла албасак же…

— Кам санаба кемпир, менин бир оюм бар…

— Кандай ой экен ал, куру кыялдан эмне чыкмак эле? — Каным күйөөсүн жактырбагандай карады, алар унчугушпай жатып калды, айткандай эле эки күндөн кийин Канымга бир топ акча берди, аны менен үйдү даярдоо керектигин айтты, анан бир күнгө болжолдоп ини карындашы менен туугандарын, кайын журтун чакырып келинди күтүп калышты. Мурат туугандарынын унаасы менен үч-төрт жигит болуп барып жолукчу жерге өзү жетип Жасминди ээрчитип келди.

— Мурат бул эмне? — деди секелек кыз таңгала.

— Эмне болмок эле, сени алып кетем.

— Эмне дейсиң мениби? — Кыз боюн ала качты.

— Сага эмне болду, алып кет дебедиң беле?

— Корком, Мурат сен эмне болуп жатасың?

— Жасмин, жай сүйлөшөлүчү ээ? — деп бир жерге отурушту.

— Кана, эми айтчы, эмне дегени турасың? — Кыз көздөрүн жайната карады.

— Мен сени ала качамын, сен ушуну кааладың беле?

— Мурат.

— Кеттик! — Колунан алып жөнөдү, бул жолу Жасмин үндөбөдү, күлүп бара жатат.

— Мурат, чын айтып жатасыңбы?

— Ооба, азыр унаага отурабыз.

— Макул, мен бирөөгө чалып алайын.

— Кимге?

— Жеңеме.

— Азыр кое тур Жасмин, үйгө барып жайгашкандан кийин айтасың, — деди Мурат, Жасмин унчукпады, аңгыча унаага жеткенде үч төрт жигит түшө калды, Жасминди отургузгандан кийин унаа ордунан жылды, Жасминдин көзүнө жаш толу, баягы ойноок кыз азыр чындап коркуп жатты, — Жасмин ыйлабачы, — Мурат ага боору ооруп кетти.

— Тим кой Мурат, тына турган жерине кыз ыйлап берет дечү экен илгеркилер.

— Ошону айтсаң, кыз ыйлап барбаса кызыксыз болуп калбайбы.

— Жеңем эркелеп өскөн үйүн таштап кетип жатканга ыйлап жатат да, — дешип балдар айтып жатканда Жасмин өңгүрөп кое берди.

— Жасмин, — Мурат аны өзүнө тартты, — Ыйлабачы эми.

— Мурат, — дегенден башка сөз чыкпай ыйлай берди, унаа жеткенде жарданып турушкан аял-эркектер дүргүп калышты.

— Кокуй келин келди.

— Ай жеңе алып чык жоолугуңду! — дешип унаа токтоору менен эле эшигин ачып кызды алып түшүп үйгө киргизишти, Жасмин ыйлап жатты, ал ойноолугу, эркелеги менен Мурат жолукпай койгонго жинденип айткан сөздөрүн эстеп өкүнүп датты. Бирок жаш болсо дагы кеч экенин сезип ыйлагандан башка эчтеке колунан келбесин түшүнүп турду. Келинге жоолук салып жайланышкандан кийин кыздын ата-энесин сурашты, андан кийин бир союш менен беш миң сом кылып үч кишини жөнөтүшкөндө алар ызы-чуу түшүп калышты, ошондо Курман баарын токтотуп Акылайга:

— Эгерде кыз өз көңүлү менен барса тим койгула, өзүң чалып бил байбиче, — деди.

— Ой кыз али жаш го атасы, ал эми гана он сегизге караган, — Чыйпылыктап ийди.

— Кыздар үчүн он сегиз жаш жетет, — деп койду Курман. Акылай Жасминге чалды эле көптө барып алды.

— Алоо кызым абалың кандай, сени зордоп алып кеттиби, жооп бер кызым, — дегенде Жасмин өзүн кармап көз жашын токтотуп.

— Чоң эне, мен өз каалоом менен келдим, мени кечиргиле, — деди да өчүрүп койду, Акылай ичи ачыша ойлуу көпкө туруп калды да:

— Баары жайында, — деди. Ошентип күтүлбөстөн Жасмин турмушка чыгып Майрамга дагы абдан кыйын болду, ишенип-ишенбей жапжаш кызынын турмушка чыкканына кейип турду, анан дагы колунда жок адамга келин болушу Болотбектин жашоосун көргөндө Эмлис атасына айтып келди эле ал баягыдай манчыркабай: «Балам, адамдардын баары кудай алдында бирдей, эч качан бирөөнү биринен кем көрбөй жүр, өзүнөн өтсө дагы сен көтөрүмдүү болгонуң жакшы го, бул адам баласынын кудайга болгон урматы болот экен уулум, кесир сүйлөп бирөөнү кемсинтпей жүргөнүң дурус», — деп койду, Эмлис унчукпай калды. Жасмин бала кезинен эки кабат үйдө өзүнчө бөлмөдө каалаганындай өскөн неме эки бөлмө үйдө өзүн абдан жаман сезип бирок жанында сүйгөн адамы барына, аны кызганып, телефон чалып кыжаалат болбой бирге болуп калганына гана кубанат. Курман кудасы Болотбекти чакырып алып үйлөнүү той өткөрүү жөнүндө кеңешмек болду, бирок ал өзү күткөндөй болбоду, ал каткан акчасына ишенип:

— Куда, кам санабаңыз, той болот, — деди.

— Азамат, анда сүйлөштүк, Жасмин менин өлгөндөн калган неберем, анын тоюу ойдогудай болушун каалайм, — деди Курман, — Менин өлгөн баламдын арбагынын алдындагы милдетим.

— Куда, бир аз колубузда жок, бир аз шашылыш болуп калды, биз деле атайын келин алабыз деп камынып жүргөнбүз, балдар шаштырып койбодубу, — деди Болотбек.

— Кандайча? — Курман көңүл бура кулак тосту.

— Уулум эле жанды койбой мен үйлөнбөсөм болбойт, кыз өзүн-өзү өлтүрүп коет деп туруп алды, даярдык көргөнгө жетише албай калдык.

— Түшүнүктүү, — деп ойлонуп калды Курман: «Демек тентек кыз бир оюн ойлоп тапкан же…», — деп бир нерсе оюна түшкөндө өзүнөн-өзү чоочуп кетти, Болотбекти узаткандан кийин Акылайга, — Кемпир, бу Жасминди өз көзүң менен көрдүңбү? — деди.

— Ооба, эмне болуп кетти?

— Деги шойкому жок беле?

— Кандай шойкомду айтасың? — Күйөөсүн эми көрүп тургандай карады.

— Балакет болуп экөө бир жаман жолго барбады бекен?

— Бу сен эмне дегени турасың? — Акылай күйөөсүн таңгала карап калды, — Бирдеме болсо Данагүл турбайбы, неберебиз акактай таза бойдон эле барды.

— Болду, — деп койду Курман, Акылай өзүнчө ойлонгону менен эч кандай жаман нерсе жок экенине көзү жетип турду, ошол бойдон Курман дагы үндөбөй калды. Болотбек Канымга кеңешип туруп айыл ичиндеги бир кафеге сүйлөшүштү, ижараларын тактап баарына жеткизе албай жатканда Курман эки жигитти жөнөтүп баарын сүйлөшүп азыркы ырчылардан дагы жалдап койду. Ошентип той жакшы өттү, Курман небере кызы менен күйөөсүнө үч бөлмө үйдүн ачкычын тапшырды, тойдо Аруужаз менен Акберди дагы болушту, алар дагы жардам берип Мурат менен Жасминге машина белек кылышты, Майрам кызына үй ичиндеги керектүүсүн даярдап берип той шаңдуу да, шарттуу да өтүп жатты. Жасмин өзүн бактылуу сезип Мурат экөө бири-бирин карап жылмайып коет. Каным ичинен кудайга ыраазы болуп турду: «Ээ жараткан, балдарыма ырыс-бакытыңды аябадың, эми аны кут кылып тута билишсе экен, тобо кылайын жараткан», — деп кудайга ыраазылык билдирип жалынып жатты. Той болот, тойдун да арты болот дегендей той аяктап эки жашты чоң атасы белекке берген үйгө киргизип той улана берди, кыргыздыкы кырк жылда дегендей улам бири келин көрүп келет, же кыздын тууган уругу, теңтуштары келип кетип жатты…

Акберди эки оттун ортосунда жүргөндө Аруужаз көп ойлонуп өзүн-өзү кыйнап кыжаалат болуп, бирде ыйлап, бирде сооронуп жүрүп абдан жүдөп кетти, аны көрүп Акберди өзүн күнөөлүү сезип аяп жатканы менен абалды жеңилдетүү өтө кыйын болуп калган, Гүлхан боюнан алдыргандан кийин жумушун токтотуп үйүндө болуп калды. Акберди үчүн эки аялдын тең абалын ойлоо өтө оор эле, бирок өзүнүн кандай абалда жүргөнүн эч кимге билдиргиси келбейт. Аны сезген Акмат бир күнү аны ээндетип алып:

— Уулум, сага минтип жүргөн болбойт, ачык сүйлөшөлү, биздин караганыбыз сенсиң, ооруп калып жүрбө, — деди.

— Ата, мен эмне кылаарымды билбей турам.

— Бир чечимге кел, экөөнү тең көндүрүү керек.

— Аруу көнбөйт го, кайра ооруп калабы деп корком, — деди Акберди.

— Жаман эч нерсе жок, илгертеден салт бар, жеңеси же кайнисине нике кыйдыруу, Аруужаз муну түшүнүүгө тийиш.

— Ата.

— Жетет, келин менен апаң сүйлөшөт!

— Акы, — деп ошол учурда Аруужаз үстүңкү кабаттан түшүп келе жатканда ата-бала карап калды, — Мен каршы эмесмин, эгерде Гүлхан сенсиз жашай албаса мен макулмун, бирок мен бул жерден кетем, уруксат бер!

— Аруу…

— Жок, ошондой болгону жакшы.

— Балам, — деди Акмат, — Мындай болбойт, эрдин ичине эр токумдуу ат батса аялдын ичине алтын баштуу адам батат экен, таарынычтан эки баланын тагдырына оорчулук келтирип албагыла, алар чоңойду, психикалык жактан жабыркап жүрбөсүн, акыл-эстүү келинсиң балам, андайга барба, — деп Акмат айтканда Аруужаз аргасыз башын жерге салып:

— Сиз айткандай болсун ата, балдар мен үчүн өз жанымдан да артык, — деди.

— Бир сүрөттү мен го беремин, бирок түп нускасы менде эмес.

— Анан кимде?

— Капыстан гезитке чыгып кетээрде абийириңди сактап калган менмин, кокусунан бир журналистика курбум сени Туркиядагы мейманканадан көрүп калып сураштырып билип алыптыр, анан мага көрсөтүп: «Гүлхан, карачы муну кандай койкойгон сулуу кыз, өзүнүн сулуулугун кайдагы бир түрк улутундагы бир жигитке кордотуп жүрөт, анын үй-бүлөөсүнүн бар экенин да аныктадым, ал товар ташуу менен бирге кыздарды дагы сатат экен, бул дагы анын курмандыгы», — дегенде мен сенин сүрөтүңдү көрүп адегенде ишенбей турдум, анан ага гезитке чыгарбоосун өтүнүп суранып ачык айтканмын, болбосо сени Акы эбак гезиттен көрмөк, — дегенде саамга унчукпай калды да.

— Демек сактоочум да, өч алчуум да сен турбайсыңбы? — деди жылмайып, экөө дагы көпкө сүйлөшүп анан шыңкылдай күлүп жатканда Акберди көрүп: «Булар качантан бери минтип калган, тим эле курбулар сыяктуу сырдашып жаткан го», — деп таңгалып койду. Демек бул өмүрдө калыстыктын агы эки бети болот тура, адам баласы аны өз пайдасына пайдаланып өзүн адилеттүү көрсөтүүгө ашыгат, бирок чыныгы адилеттик деген чын дүйнөдө гана болсо керек.

Аягы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE