Пример HTML-страницы

Кен пейилдик бакыт 16 болум

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кен пейилдик бакыт 16 болум

Гүлхан каралуу болуп анын жанында апасы Гүлсана бар эле. Аруужаз Акбердиге келип кучактамак болду эле аны түртүп жиберди.

— Жогол, мен сени көргүм келбейт!

— Акы, мени кечирчи, — Аруужаз ыйлап турду, — Кечир мени Акы!

— Жок, сен эми кеч болгондо келдиң, азыр карааныңды жогот бул жерден.

— Акы…

— Аруужаз, — Анын жанына Тоту келди, — Ачуусун келтирбей бара бер, кийин сүйлөшөсүң.

— Апа, балдарымды көрүп алайынчы.

— Болбойт! — деп Акберди тура калды, — Балдар керек болсо ушул кезге чейин кайда жүрдүң?

— Акы, болду эми эч угат, — деди Тоту, — Бир сөз менен бүгүн эле чече койчу иш эмес.

— Балдарга жолобосун апа, менин муну көргүм келбейт.

— Ким айтты, мен сени мейманканадан таппай калдым.

— Жалган, кантип алып кеткенин билбейм, түндөп Америкада болуп калдым.

— Менин мында күнөөм жок, бирөө жасаган болуу керек.

— Ким, ким ошондой кылышы мүмкүн?

— Ашыкпа, тамактанып ал-жай сурашалы, — Осман токтоо сүйлөп алдыга келген тамакка кол жаңсады, — Кана тамакка кара Аруу.

— Рахмат, — деген Аруужаз: «Эмнеси бар экен, балдарымды болсо бербейт, Акберди эми мени карабайт, андан көрө мунун айтканына көнө берейин, жок дегенде ток жашайм, убактылуу болсо дагы жан багуу керек», — деп ойлонуп тамакка карады, Осман ага бири калп, бири чын кылып көп сөздү айтып шаардан үй алып чогуу жашайлы деген оюн айтты эле Аруужаз ойлоноюн деп өзүн көтөрүп койду. Ошентип ал жеке башынын камы менен болуп калды, Осман чындап эле андан эчтекени аябады, бирок ага кээде бир дары кошуп берип эчтеке билбей кала турган болгондо билгизбей бирөөлөргө сатып жүрдү, ойгонгондо башы ооруп жалгыз жаткан болот. Жараткандын кандай күнгө туш кылаарын ар бир пенде билбейт, анын сыңары Аруужаз өзүнүн эмне болуп жүргөнүн билбеди, акырындап ооруп калды, аны Осман ошол бойдон таштап кетти, бир жыл ичинде катуу ооруп калганына Каным менен Болотбек дагы түшүнбөй ооруканага алып барып текшертсе эч кандай дарты жок, бир гана алсыз деп витаминдерди жазып берди. Бара-бара баса албай төшөккө жатып калды, Осман дайынсыз жоголду, Каным кызынын акыбалын көрүп отуруп ыйлап-сыктап бир көзү ачыкка барып үйүнө алып келсе:

— Буга өзүн билбей турган кошулма берген, аны ичкенде ким менен болуп жатканын да сезбей калат, ал кандын жүрүшүн начарлатып табити жоголуп, акыры кан кургап калып адамдын өлүмүнө алып келет, бирок айыктырууга бир гана жол бар, — деди.

— Кандай жол, кызым сакайып эле кетсе болду эле.

— Мунун канын тазалатыш керек, — деди ал.

— Кантип, врачтар таптаза деп койбодубу.

— Өзүм дарылайм, — деди ал табып, — Болгону менин айтканымды таап берсеңер болду.

— Жарайт, таап бергенге аракет кылабыз, — деди Болотбек ишенимдүү. Ошентип ал табып Аруужазды дарылап жатты, арыктап шайы кетип калганга өңү бир башкача көрүнүп калган, анын ооруп жатканын угуп Акберди келди, анын акыбалын көрүп ооруканага алып баралы деди эле Каным болбоду, алар жалаң балдарын ойлоп жатып ушул болду деп наалып ыйлактап калды. Акберди ары ойлонуп, бери ойлонуп ата-энесине кеңешип эки баласын алып келип кайра алып кетип турганга Аруужаздын көңүлү көтөрүлө сакайып бара жатты. Табып аларга эмне менен дарылап жатканын айтпады, өзү укол жасап сайып, чөптүн кайнатмасын ичирип жүрүп бир күнү:

— Эми буга сүт эмген козунун шорпосун бериш керек, — деди.

— Ошондон кийин тамак ичсе болобу? — деди Каным.

— Болбойт, канын тазалаш оңой эмес, бул бир өлүмдөн кайтты, — деди.

— Иши кылып жакшы болуп кетсе болду.

— Буйруса сакайып кетти, болгону бир дагы мен айткандан жазбаса болду, эгерде өзүңөр билип бир нерсе берип койсоңор мен жооп бере албайм, — деп кесе айтты. Акберди эки-үч күндө бир келип көрүп боору ооруду, жүрөгү чыдабады, акыры келип кетип кайнатасынын каржала түшкөнүн байкады, анткени алар табыптын айтканын жасап жатып акчадан кыйнала баштаган эле, баягы Османдан алган товарларынын акчасы бүт кетти, абдан кымбат уколдорду өзү жасап, чөптүн кайнатмасы үчүн күнүнө үч-төрт миң сомдой сарп кылып эки ай өттү. Аруужаз өзү кирип чыга баштаганда Акберди анын жанына отуруп алып кечирим сурады:

— Кечир Аруу, мен ачууга жеңдирдим, сени түшүнө албадым.

— Эчтеке эмес Акы, эми балдарга өзүң көз бол, мен көрүп эле турсам болду.

— Андай болбойт, эми кайра бирге болобуз, — деди Акберди.

— Гүлхан эмне болду, ага жаман болду го, балдары кантти?

— Ал төркүнүнө кеткен.

— Эмнеге?

— Күйөөсү болбосо эмнеге жүрмөк эле, балдарын алып келип турат.

— Мен убагында түшүнбөгөнүмө өкүнөм, мени кечир Акы.

— Болду баарын унут, сакайып кетсең болду, — деп эңкейип өөп жатканда Каным кирип келе жатып кайра чыгып кетти, Аруужаз күйөөсүнө эмне дээрин билбей турду, өзүндөгү айыбын кантип айтат, бир туруп баарын айтып бергиси келсе дагы күчү жетпейт, дагы балдарынан айрылып калгандан коркту. Үнсүз ыйлап жатты, Акберди аны башкача түшүнүп өзүн күнөөлөп жатты ичинен, балдары кирип чыгып томпоңдоп ойноп кайра Аруужазга жабышат, Бакай биринчини бүтүп экинчиге көчкөн, Абай бешке карап калды. Балдарынын көңүлү, өз сүйүүсү үчүн ал кайрадан жашамак болуп чечти, ата-энеси анын оюн билбей жесир келинин алып бермек болуп өздөрүнчө кеңешип жаткан. Акберди келип эле:

— Ата, Аруу ооруп калыштыр, абалы начар, балдарды ойлонуп жүрүп ооруп калды да, — деди бир күнү эле, анын унаасына балдарын салып кайда барганын деле сурачу эмес.

— Эмнеси ооруп калыптыр? — деди Тоту.

— Акыбалы начар, врачтар таптаза деп билбей койгондо бир табып аны өзүм айыктырам деп карап жатыптыр, — деди үңкүйө.

— Мен барып көрүп келейин, кандай оору экен, жаш немеге жаман болуптур, — деди чын дилинен кейип Тоту.

— Барып көрүп коюңуз, мен биринчи барганда өтө жаман болчу, азыр өзү кирип-чыгып калды, — деди Акберди, ата-энеси бири-бирин карап калышты. Бирок эчтеке дешпеди, кокус азыр Гүлханды ал десе бакыраары шексиз эле, эртеси Тоту өзү барып көрүп чындап боору ооруду: «Байкуш ай, балдарын ойлоп санааркап жүрүп ооруп калган го, буга дагы кыйын, эми Акы мындан кетпейт, айтып убара болбой эле коелу», — деп унчукпай кете берди. Аруужаз кийинки кезде ичтейи ачылып тамак жегиси келип калды, бирок ага табып шорпонун дагы эскисин бербейт, эркек малбы, ургаачы малбы деп сурап анан бир гана чыныдан ичкенге уруксат берди. Ошол кезде муну уккан Акберди бир козу алып келип союп жалаң Аруужазга берип жатышты, бара-бара кубаттанып, балдарынын жанында болгону өзүнө бел буудурду, Акберди жанынан чыкпай карап жатты, Аруужаз ага ыраазы болуп: «Эми кайра кудай кошуп койсо арамдык кылбайын, көзүнө тике карап сүйлөбөйүн, тынч кана балдарымды боорума кысып бактылуу жашаганга аракет кылайын кудайым», — деп ойлонуп жатты. Акберди бир күнү анда, бир мында болуп өзү дагы кыйналып кетти, бир күнү үйүнө келсе Гүлхан келип калыптыр, ал кийинки кездерде Акбердиге көз кыйыгын салып калчу болгон: «Эмне экен, ата-энеси өз ата-энемдей болуп калган, мени жерибейт болуш керек, канткенде Акбердини өзүмө каратып алам», — деген ойдо болуп жүргөн. Жаңылмырза төрттө, Бекарстан экиге чыгып калган, Акберди аларды мурункудай эле көтөрүп ала коюп өөп калды.

— Оо азаматтар, конокко келдиңерби? — деди күлүп.

— Ооба-а, биз конокко келдик.

— Азамат, Бекарстан сен дагы коок болосуңбу? — деп эңкейип өзүнө тартып өпмөк болгондо Гүлхан дагы эңкейип байкамаксан боло жаагына-жаагы тийишип кетти.

— Кечириңизчи, — деп ары боло берди.

— Эчтеке эмес, — деген Акберди андан келип мурдун өрдөй берген жыпар жыт анын эсин эңгиретип койду, өзүн кармай балдарды эркелеткени менен ушул ирээт ал ага көңүл буруп мурда көрбөгөндөй таңыркай кайра көзүн тартып алып жатты, мурун бир тууган инисинин аялы катары мамиле жасап анча маани деле берген эмес, муну Гүлхан түшүндү, эркекти кандай кылып өзүнө тартып алчу жолду билип алгандай ичинен кым дей түштү, эркектин алсыз жерин дароо сезди: «Демек сен бир нерсени сездиң, менин өзүңө жетсин үчүн кандай амал ойлоп табаарымды оюңа дагы албайт болушуң керек, селпилдеген аялыңа караганда алда канча акылдуу экенимди сен кийин түшүнөсүң», — деп жылмайып ары басып кетти. Ошондон баштап Акберди отурган жерге жандай өтүп, жыттуу атырдан себинип алып балдарын жетелеп жанына келип жакындай баштады. Акберди аны менен көп убактысын бирге өткөрүп кайра Аруужазга барганда андан атыр эмес чөптөрдүн бир башкача жыты, тер аралашкан ис келгенин байкачу болду, ал ооругандан бери өзүн карамак турсун жанынын аман калышын тилеп калган. Акберди көзүн көрүп туруп аны кыя албай бир күнү базарга барып аялдардын кымбат жакшы атырын алды да Аруужазга келди:

— Аруу, бир аз жакшы болуп калдың, баняга алып барып келейинби?

— Макул, өзүм дагы барсамбы деп турдум эле.

— Жүрү анда, кийинип чык, — деп сыртка чыкты: «Менин Арзуум дагы сулуу, мен аны сүйгөнүм үчүн сулуу, мындан ары аны мындай абалга түшүрбөшүм керек», — деп ойлонуп күтүп турганда Аруужаз үйдөн жасана кийинип чыкты эле көргөн көзүнө ишенбей карап калды, бир аз арыктаганы болбосо аны эки баланын энеси деп ойлогудай эмес эле, — Кана кеттикпи? — деп унаасынын эшигин ачты, — Отур, — деп отургандан кийин айдап жөнөдү, Каным карап туруп: «Мен эси жок бул экөөнү ажыратып кызымдын бактысына балта чаап кое жаздадым, эми экөө ушул бойдон ажырабаса экен», — деп ойлоду. Банядан чыккандан кийин жүзү албырып жанына келгенде атырдан сээп туруп кучактап алып унаасында көпкө отурду.

— Акы, мени кечирдиңби? — деди Аруужаз.

— Алда качан кечиргенмин, бирок моюнума ала албай же сени унута албай жүрдүм жаным, биздин сүйүүбүз түбөлүк экенин унутпа, — деп атырды колуна берди, — Ар дайым себинип өзүңдү мурдагыдай алып жүр, көңүлүңдү чөгөрбө жаным.

— Ыраазымын жаным, мени кечиргениңе ыраазымын, силерсиз мага жашоо супсак экен, мага балдарым менен сен болбосоң мен өлүп калам Акы…

— Жок-жок, сенин жаныңда болот, эч кабатыр болбо, ар дайым жаныңда болобуз жаным, — Кучакташып көпкө отуруп анан кайтышты, — Лечение качан бүтөт?

— Буйруса дагы он беш күн бар, андан кийин деле диетада бол, мен айткан гана тамакты ич, менин көзөмөлүмдө бол, болбосо өзүңө келе электе ооруну кайтарып аласың дейт табып.

— Айтканындай бол, жашоо керек алтыным.

— Ошентпесем болбойт, врач билбегенди билип ушунун айтканындай жасап араң сакайдым, балким аны табышпаса силерди көрбөй да калат белем, — деген Аруужаздын көз алдына Осман келди: «Аттиң, адамдын ички сырын билбей ишенип алганымды кара», — деп ойлонуп кетти.

— Баары артта калды, кабатыр болбо, — деп айтып үйгө бурулду, — Үйгө кетсек болбойбу Аруу?

— Табыптан сурайын.

— Аякка деле алып барабыз да.

— Айтып көрөйүн, — деп үйдүн жанында кайнатасынын унаасы турганын байкаган, көрсө Акмат менен Тоту келип ичте отурушкан экен, Гүлхан да келген.

— Балам абалың жакшыбы? — деди Акмат.

— Жакшы болуп калдыңбы айланайын? — Тоту келип өптү.

— Жакшы элемин, убара болупсуздар, — Аруужаз урмат көрсөтө сылык үн катты.

— Ошонун убарасы бар бекен балам, сен өзүбүздүн бүлөөбүзсүң.

— Ананчы, неберелерибиз турганда сен биздин үй-бүлөөнүн бир бөлүгүсүң.

— Жакшы болуп калдыңбы жеңе? — Гүлхан өбүшө учурашты. Аркы-беркини айтып көпкө отуруп Канымдын жасаган тамагын ичип анан кайтышты, ошондон көп өтпөй эле Гүлханга Акмат үй алып берип өзүнчө бөлүп койду, аларга Акберди жардам берип мебелдерин киши жалдап киргизип айтор бир-эки күн алар менен алек болуп калды. Түшкү тамак жасаган Гүлхан көкүрөгү ачык халат кийип алып ага тамак куюп, улам анын жанынан жыты буркураган атырдын жыты келип анын көкүрөгүн карай салат, көзүн тартып алса кайра эрксиз көзүнө урунуп тамагын ичип бүтпөй туруп кетти.

— Ичпедиңиз го? — деди Гүлхан, анын көкүрөгүнөн төшү булайып көрүнүп турган эле, бурула берип көзү көкүрөгүнө уруна түшүп башка жакты карап:

— Ичтим, мен кетейин, — деди араң зорго.

— Эми кеч болуп калды, балдардын жанына жатып алыңыз, — деп Гүлхан анын абалын билип туруп күлкүсүн зорго тыйып ага айткан болду, — Өз балдарыңыздай го?

— Жок, жакшы жаткыла, Арууга дагы бара албай калдым, — деп шарт чыгып кетти: «Акыры колго түшөсүң, кайда бармак элең», — деп Гүлхан кымылдай жылмайып алды, Акберди унаасына отуруп алып көпкө ойлонду: «Ээх Мырза, неге өлүмгө баш ийдиң, жашооңду жеңилдетип жетиммин деп кейибесин деп өз боорума тарттым эле го, бу дүнүйөлүк тууганым кылып өмүр бою сыйлап алайын дебедим беле, неге сырыңды, ооруңду айтпадың», — деп ойлонуп көзүнө жаш алып эмелеги Гүлхандын ап-пак болгон төшүнүн эки алмадай болуп көз алдында булайганы эсине келди: «Аялдар ай, эптеп азгыргысы келет го, балким жаш дене бир нерсени самап жаткандыр, ал деле жан го, жо-ок андайды башка эркектен издесин, мен бир боорумдун аялынын койнуна кире албайм, төшөгүн баса албайм», — деп унаасын катуу басып ордунан жылдырды. Бирок ал баары бир эркектик лапсисин тыя албасын билбеди, көп өтпөй Аруужазды үйүнө алып келди, түлөө өткөрүшүп анын абалына жараша тамак берип, табыптын айтканын аткарып жатышты. Арадан бир жылдай өткөндө гана табып ага:

— Эми тамырың тазаланды, бирок дагы да көп аралашпа, аз-аздап жаңы эттен кайнатма шорпо ичип тур, камыр тамак жебе, күрүчтүн суусун ич, — деди.

— Рахмат айланайын, ылайым колуң дарт көрбөсүн, — деп Тоту узатып койду, — Деги өзүңдү жакшы эле сезип калдыңбы балам? — деди анан Аруужазга бурулуп.

— Жакшы элемин апа.

— Ошент айланайын, болоор болбостон өзүңөр таарынышып кеттиңер, эми тынч жакшы жашагыла, балдар томсорбосун садага.

— Рахмат апа, ошондой болуп кетти, — деген Аруужаз: «Аттиң, сени эми бир көрсөм уу берип өлтүрөт элем, дини башка, дили башкалар баары бир жакшылык кылбайт экен го, кандай дары берди экен», — деп ойлонуп бир жолкусун көз алдына келтирип алды: Ошол күнү Осман экөө түшкү тамакты ичкен эле, анан эле экөө төшөккө жатканда башка бирөө болуп калды, бирок өзүнүн каалоосу анын Османбы же башкабы ага көңүл бурбай эле ээлигип ал адамдын каалаганын аткарып жатты, көзүн жумуп жиберди, кудай бетин ары кылсын, ойго келбегендей иштерди аткарып жатты, ошол бойдон уктаганын да билбейт, көзүн ачса алсырап калыптыр, жанында ары карап кийимчен Осман жатыптыр, өзү энеден туума эле.

— Сен качан кийиндиң, — деп аны артынан кучактап алып сурады.

— Мен эбак ойгонгонмун, — деп ал туруп кетти.

— Аябай кыйналып калыптырмын, — Аруужаз бүткөн бою оорлошуп зорго кийинди, Осман дагы ага анча көңүл бурбай акырын жүзүнөн өөп чыгып кетти. Ошондо ал өзүнө эмне дары бергенин, кантип ичиргенин байкабаптыр, болгону ага ишеничи күч эле, күйөөсү терс бурулуп кетип, балдарын көрсөткүсү келбей койгонго ызаланып ал өзүнүн кандай абалда калаарын ойлогон да эмес. Эми ойлосо адамдардын колунан баары келет тура, анын сулуулугун, баелугун пайдаланып, анан дагы акча менен акча табууну көздөгөнү анын оюна да келбептир: «Көрсө ал өзүнө бергендерин эки-үч эселеп таап жүргөн экен да», — деп ойлонуп алды. Эми күйөөсүнөн башка эркекке карабаска ант берип тажабайт, көңүлүнө көк чайдай тийген азаптуу күндөрүн эстеп селт этип алды, аны карап жанында отурган Тоту анын ыргып кеткенин көрүп:

— Аруужаз, эмне түш көрдүңбү, чоочуп кеттиң, — деди чекесин кармап көрүп.

— Көзүм илинип кетиптир, — деп дагы калп айтты, көзүн жумуп эле жаткан.

— Оорунун кээри го балам, баары артта калды шүгүр, — деп үстүн кымтылап коюп бөлмөдөн чыкты, ал чынында кийинчерээк Акбердини кайра жарашпай эле койсо деп жүргөн, кээ бир мүнөздөрүнөн улам андан ирээнжий түшкөн эле. Бирок баласынын андан көңүлү калбай жүгүрө баштаганын көрүп унчукпай калган эле: «Жалгызымдын сүйүп алган жары, балдары турат, бактысын берсинчи», — деген ойдо болгон. Аруужаз деле күнөөлүүдөй болуп жүрдү, бара-бара жумушка жарап калды, бирок алардын кызматчысы болгондуктан ал иш деле кылбайт, балдары менен бакчада сейилдейт, Акберди айткандай өзүн каранып күзгүдө отуруп жасанып, башка кылаар иши деле жок. Бир күнү түндөсү Акбердинин телефону чырылдап калды, ала койсо Гүлхан экен.

— Эмне болду Гүлхан, тынч элесиңерби? — деди да башка сүйлөбөй ордунан туруп кетип бара жатканда:

— Акы, кайда барасың, Гүлхан эмнеге чакырды? — деди Аруужаз.

— Бекарстан ооруп калыптыр, мен бары ооруканага алып барайын.

— Мен дагы барайынбы?

— Жок, сен өзүң зорго сакайып келе жатасың, жатып уктай бер, — деди да чыгып кетти, Аруужаз бир нерсе дегенден тартынып тим болду: «Ал албарсты дагы биздин ортобузга турбаса болду, деги арам ою болбосо болду», — деп жатып калды, бирок адамдын жүрөгү бир нерсени сезет эмеспи, сезди үн дей албады, аргасы жок күткөндөн башка айла жок экенин билип туруп унчукпады. Акберди жетип барганда Гүлхан ич көйнөкчөн эшик ачты.

— Кандай, бала жакшыбы? — деди кирип эле.

— Жакшы, дары бердим эле уктап калды.

— Врачка алып баралыбы? — деп балдардын бөлмөсүнө кирди, анын артынан кирген Гүлхан:

— Эс алып калды, бир аз карап көрсөмбү дейм, — деди да эңкейип уулун кымтылады, ал эңкейгенде төшү бүт көрүнүп калды, аппак болуп торсойгон эмчектери али кыздыкындай көрүнүп Акберди башын чулгуй бурулду: «Мен эмне болуп жатам, аялым турбайбы, сулуу десе сулуу, дал ушундай мүчөсүндө кемтик жок», — деп ойлоп ары караган бойдон:

— Анда мен кете берейин, эртең менен телефон чалам, — деди.

— Кетпей тура туруңузчу корком, — деп келин артынан кучактап калды, жыты буруксуп жаңы эле жуунуп чыгып себингендей, — Мен сизди жакшы көрөм, жок дебеңизчи…

— Гүлхан, кое бер мени, Мырзанын арбагынын алдында күнөөлүү болгум келбейт.

— Мен деле адаммын го, менин дагы жүрөгүм бар.

— Ошондо дагы болбойт! — деп анын колдорун бошотуп чыгып кетээрде кайра кучактап калды, — Гүлхан, эсиң менен болсоңчу.

— Мен сизди сүйөм! — деп өзү жүзүнөн сүйдү да оозуна жармашты, Акберди аны кага албай башы тумандап көзүн жумуп келинди бекем кучактаган бойдон көпкө өбүштү, келин ушул учурдан пайдаланып чечиндире баштады. Ошентип ошол күнү алар бир төшөктө болушту, таң атпай кайра үйүнө келди, Аруужаз уктап жаткан, босогодо аны карап көпкө турду да: «Мени кечир Аруум, мен сени жазгырдым», — деп жуунчу бөлмөгө кирип көпкө жуунду да кайра келип ойготуп албайын деп четке жатып калды, көз алдында периштедей келин, жумуру билектери, эки алмасы, узун чачтары келип кайрадан көргүсү келип кетти.

Ошол убакта ойгонуп кеткен Аруужаз:

— Качан келдиң? — деп кучактап алды.

— Качан эле келгенмин, сени ойготпоюн деп эле…

— Жакшыбы Бекарстан.

— Ооба, ооруканага алып барып келдик.

— Суук тийиптирби?

— Ошондой го, укол салгандан кийин алып келдик, — деп көзүн ала качып жатты.

— Кеч чакырбай күндүзү байкаганда чакырса болмок, — Аруужаз дагы Акбердинин ачуусуна тийип алуудан коркуп кызганычын ачык айта албай ал өзүнчө бушайман, Акберди өзүнчө: «Туура болбоду, анын жаман ою бар тура, экинчи барбайм, атамдарга айтып жиберип ийем, ак никеме кара санаганым, балдарымды танганым эмеспи», — деп кыжаалат болуп жатты. Убакыт деген кол менен кармачудай буюм эмес, адам баласынын алтындай убактысын билинбей уурдап күн өтө берет эмеспи, адам деген улам бир нерсени максат кылып алып ошого жетүүгө далбастап таң аткандан күн батканча түйшүктөнүп жүрүп өзүнүн жаштыгы, алтын өмүрү өтүп жатканын сезбей да калат. Качан жаш өмүрү өткөн чакта өкүнүп санын чаап кала берет, өмүрдүн гүлүн курагында ойноп күлгөндөр да бар, алар үчүн байлыктын күчү өмүрдөн күчтүүлүк кыла тургандай сезилет, өзүнөн башканы акчага сатып алчудай керсейип өзүн кудайдай сезет. Акбердинин жүрөгү экиге бөлүнгөндөй эле болду, Гүлхандын үйүн көздөй өзүнөн-өзү буту шилтенип унаасын айдап жетип барганын да сезбей калчу болду, ал барганда ал дагы жаркылдай тозуп алып жыпар жыттуу моокум кандырган атыры буркурап ак билектерин мойнуна ороочу болду:

— Келдиңизби, сизди сагынып кеттим.

— Мен дагы, — Экөө эстен тана кучакташып өбүшүп кирет, андан соң Гүлхан анын алдына даамдуу тамагын коюп наздана көздөрүн сүзөт.

— Алыңыз, сиз үчүн атайын жасадым.

— Рахмат.

— Акы ата, кетпей эле коюңузчу, — деди ошондо Жаңылмырза.

— Эмнеге кызым, Бакайчик менен Акайчик күтүп калат да.

 

Уландысы бар…

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE