Пример HTML-страницы

Кен пейилдик бакыт 15 болум

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кен пейилдик бакыт 15 болум

— Анда сен кал, — деди Кумарбек күлүп. Ошентип алар кетишти, Анарбек калып калды, балдарын узатып ойлуу турган Майрамдын жанына Муса келди:

— Жүр эми үйгө, көп ойлоно бербесең, балдар менен мага да керексиң, — деп колтуктай ичкери алып кирди. Кубат менен Самат Анарбек болуп ноутбук ойноп кирди, Айлин куурчагы менен алек, кичинекейи Жамалбек али там-туң басып калган, эч нерсе менен иши да жок эле. Майрамдын көңүлү тынып калды, уулунун аны кечиргени гана жетиштүү болчу. Өзүнчө кубанып ишин улантып кетти, негедир Мусаны балдарынын атасы катары сыйлаганы болбосо аны менен жакшы деле сүйлөшпөйт, болгону аны менен аялы катары гана түндө койнунда жатканы болбосо экөөнүн мамилеси чектелүүдөй, күнүмдүк тиричилик жөнүндө гана сүйлөшүшөт, Муса көп ойлонот: «Мен аял алып балдарыма караса болду дечи элем, бирок жашоодо бири-бирине сезим болбосо болбойт экен да, алты жыл болуп бара жатат, түнкүсүн төшөктө бир болгонубуз менен жылуу мамилебиз жок, бир үйдө эки башка адамдайбыз, жылуу сүйлөп балдар үчүн гана кайрылат болбосо мени менен иши да жоктой, баягыда Турусбекке жолуга баштаганда жүзүнүн да өзүнүн да кулпуруп кеткенин байкадым эле, демек ортодо сүйүү болбосо кыйын экен да», — деп ичтен сызып алып Майрамдын өзүнө көңүл буруусу үчүн аракет кылып көргүсү келди. Бир нерсе кылайын десе Майрамдын ар түркүн алтын жасалгалары толтура, эмне кылуу керек дей берди ички туюму. Анан жайдын толук кезинде ал балдары менен чогуу Ысык-Көлгө бармак болуп калышты, муну Муса ойлоп тапты, анткени Майрамдын туулган күнү июлдун он бешинде эле, ал ошол туулган күнүн көлдөн өткөрмөк болуп ага айтпай досторун чакырып койду да эки күн мурун көлгө барып пансионаттардын биринен орун алышты. Кумарбек менен Жасмин дагы келмек болгон, Муса өзүнчө телефон менен сүйлөшүп убаралана берди, Майрам болсо беш бала менен көл жээгинде, ал мындан он жыл мурун отуз жашын Эрнис бир башкача өткөргөнүн эстеп улутуна балдары менен алек. Муса барын даярдап коюп конокторду күтүп калды, адегенде эле Кумарбек менен Жасмин келди, андан кийин Мусанын үч досу аялдары менен келип ал күнү көрүнбөй эле жатаканалардан орун алышты. Эртеси Муса азандан анын бетинен өөп:

— Туулган күнүң менен! — деди.

— Рахмат, кантип билдиң? — Майрам күлө карады.

— Алты жыл бирге жашап, уул-кыз төрөп берген аялымдын туулган күнүн билбесем анда мен адам эмесмин го?

— Рахмат сага, аябай ыраазымын.

— Эчтеке эмес, мага сенин көңүлүңдүн ачыгы, күлүп турганың керек, — Кучактап алды.

— Ыраазымын, — Майрам анын көкүрөгүнө башын жөлөй көзүнөн жаш мөлт этти.

— Жүр эми чай-пай ичели, балдарды тойгузуп көлгө жөнөтүп экөөбүз бүгүн бир майрам кылалы, — деди Муса көңүлдүү жылмая. Айткандай эле балдарын тойгузуп көлгө жөнөтүп эки кичирээгин алып калышты, экөө бир үстөлдө отурушканда ары жактан конок жайларды даярдап жатты, заказ боюнча үстөл үстү даяр болгон кезде кафеге Кумарбек менен Жасмин кирип келишти.

— Туулган күнүңүз менен апа!

— Көп жашаңыз апа!

— Силер кайдан, качан келдиңер? — Майрам аларга түшүнбөй турганда ары жактан Мусанын үч досу менен Майрамдын эки курбусу чыгып келип бир ооздон:

— Майрам, туулган күнүң менен! — деп бажырайган гүлдөрдү кучактатып өөп жатышты, — Туулган күнүң кут болсун!

— Муса-а, сен чакырдың беле? — деп Майрам кубанганынан эчтеке дей албай калды.

— Ооба, сага сюрприз кылайын дегем Майрам, — Муса башын кашылап койду, анан тургандарга карай, — Кана коноктор орун алгыла, — деди. Ошол күнү Майрам укмуштай бактылуу болуп турду. Муса анын көңүлүн көтөрүп туулган күнүнө күмүш саат менен күмүш билерик тартуулады, алардын баалары абдан кымбат эле. Бир жумадан кийин көлдөн кайтып келишти, мурункудан Майрам Мусага берилип, тамашалай сүйлөп калды, негизи толук кандуу үй-бүлөө болгондой болуп калды. Өзүнө мамилеси өзгөргөнү үчүн жубайына ыраазы, өзүн бактылуу сезип бара жатты, өзү дагы аны улам жаңы сюрприз жасап таңгалдырып өзүн сүйдүргүсү келет. Балдарына сүйүктүү ата-энеси болуу гана үй-бүлөөгө жетишсиздик кылаарын экөө тең сезди, жана бири-бирин түбөлүк сүйүп өтүүгө өз-өзүнө милдет катары жана үй-бүлөөнүн ишенимдүү тиреги болууга ант берип турушту. Балдары бири-бирин багып бөлөк-бөтөн эненин тарбиясында өсүп жатканын билбей бактылуу, бир энеден туулган баладай эле. Майрам бар күчүн салып Кубат менен Саматка өз энесиндей мээримин төгүп, эркелетип чоңойтуп жаткан чексиз мээримдүүлүгүнө Муса абдан ыраазы болуп калды. Балдарынын бактылуу жүзүн көрүү Муса үчүн абдан бакыт эле…

Мырза ата-энесинин айтканынан чыкпайт, сыйлап турат, Гүлхан андан бетер өз ата-энесиндей карап сыйлайт, Жаңылмырзасы үчкө чыгып калганда уул төрөп Мырзаны чексиз бакытка бөлөдү. Акмат менен Тоту дагы жетине албай Мырзага куттук айтып мээримге бөлөп кубанып жатышты.

— Уулум, адам болот деген ушул, эки баланын атасы болдуң, — деди Акмат бооруна кыса далыга таптады.

— Садагаң болоюн, ылайым бала-чакаң көбөйүп өзүңөрчө чоң шаар болгула. Акым бир айыл, сен бир айыл болсоң кандай бакыт, кудайым оң көзү менен карасын, — Тоту кучактап чекесинен өптү, — Кут болсун балам.

— Ыраазымын ата, апа сиздерге көзүм өткөнчө барктап өтөм сиздерди.

— Биз ыраазыбыз балам, кеттик анда келинге баралы, — Акмат алдыга түштү, ал ар дайым Мырзаны айдатып алат, мурун өз унаасын өзү айдачу эле, — Баса, кудаларга сүйүнчүлөп кой Мырза.

— Макул ата, — деп унаага отурду, алар адегенде Акбердинин үйүнө барышты, алар үйүндө жок экен. Анан төрөтканага жөнөштү, Гүлхан төрөгөндөн кийин бир аз эс алганга уктап кеткен экен, тапырап кирип келишкенде ойгонуп кетти, Тоту жетип келип бетинен өптү:

— Аман-эсен көз жарып алдың, кут болсун балам.

— Рахмат апа, — Ызаат кыла өйдө болду.

— Жата бер кызым, уулуңар кут болсун, өмүрлүү болсун, — деди Акмат.

— Рахмат ата.

— Уулумдун башын көбөйтүп өзүң дагы аман жүр кызым, — Акмат эки жагын карады, — Неберем кайда экен байбиче.

— Азыр ата, өздөрү алып келишет, — деди Гүлхан кымырыла, аңгыча сестра наристени көтөрүп кирди:

— Мына уулуңуз.

— Айла-анайын десе, барбайган гана кысталак эй, ушу бир кызыл эт үчүн адамдар кандай гана азапка түшөт ээ, үнүн укпаганы арман кылып, бар болсо бага алба-ай… — Акмат ууз жыттанган наристени жыттап-жыттап, алды, — Өмүрлүү бол садага, кол жеткис бийиктикке жеткен кезде дагы өзүңдүн адам экениңди унутпай турган адам бол! — деп Тотуга берди, ал баланы алып өөп жыттап анан:

— Атасы, бу жаңы көзгө ат коебуз? — деди.

— Мырза, уулум кандай дейсиң, атын Гүлү экөөңөр даярдап койдуңар беле?

— Жо-ок ата, сиздер эмне дейсиздер?

— Эмне дейсиң байбиче? — Акмат Тотуга кайрылды.

— Сен айт анда.

— Анда, — Акмат наристени кайра колуна алды, — Уулумдун аты Бекарстан болсун, Арстандай айбаттуу, сөзгө бек анык адам болуп өссүн!

— Айтканыңыз келсин ата, — Мырза менен Гүлхан жарыша айтты.

— Бекарстан деген абдан жакшы ат экен, мага жакты, — деп Тоту кайра небересин күйөөсүнүн колунан алды, — Айла-анайын десе, ак жолтой уул бол, ылайым маңдайыңда ата-энең, жек-жаатың болсун, ыймандуу бол Бекарстан.

— Буйруса балбан болчудай, — деп Акмат мурдунан чымчый сыртка карай жөнөдү, ал келинин маңдайында турганда ал тартынып жатканын сезди.

Алар тамак-ашын берип кайра жөнөштү. Акберди үйүнө келсе Аруужаз жок экен, атасыныкына кеткендир деп ойлоп телефон чалса өчүк, анан кайненесине чалды эле аныкы да өчүк, бул учурда Аруужаз менен Каным соода кылган жайында сүйлөшүп отурушкан.

— Деги силердин соодадан жолуңар болбоду да, акчаны эмне кылып жатасыңар?

— Эмне кылмак элек, жеп жатат дейсиңби, өзүнөн-өзү артка кетип жатат.

— Эми кредит алба апа, эми Акыга эмне деп айтам, ансыз дагы жөө калды ал, дагы силерге бердим десем эмне деп ойлойт, бул отуз миң сомду товарыңа кошуп ал, — деп сумкасынан алып берди.

— Бул жетпейт да кызым, күнүнө берчү акча алып алганмын.

— Эмне кыл дейсиң апа, бул Акынын мага сепичка алып ал деп берген акчасы болчу, мени да ойлосоңор боло, — деп Аруужаз ыйлап жатты, баласы ыйлай баштаганда үйүнө жөнөдү, Каным кызынан алган акчасын күнүмдүк төлөөчү жайга алып барып берип кайра сураса бербей койду, аргасы жок кайра келип соода кылмак болду эле такыр соодасы болбоду, анан кайрадан акча берчү жерге жөнөп бирөөлөр аркылуу акча алмак болуп контейнерин залогко коюп элүү миң алды, аны эртеси эле товар таратчу балага берип кайрадан бир топ товар алып калды.

Ошентип кайрадан иштей баштады, күндө түштөнгөнү кымбат тамак, ар кайсы жемиштерден алып жей берип соодасынын көбү кетет, кечинде үйүнө толтура тамак-аш көтөрүп келет.

— Каным, мынча тамак ашты эмне кыласың, бир жылдай этсиз тамак жесең болот эле го? — деди Болотбек капа боло, — Тартып ичсең тай артат деди эле апам, кыйналсак дагы сооданы кеңейтип алсак болот эле го?

— Сары суу ичип, жанымды кыйнап күнү-түнү манты жасап жашап келдим, кандай кылсам дагы эл катары боло албадым, — Каным ыйламсырап отуруп калды.

— Пешене тер менен тапкан тамак татымдуу дейт, бизге мындай чоң соода жарашпайт окшойт, тынч өмүр сүрүү керек Каным.

— Мен деле эл катары бардар болгум келет, заңгыраган үйдө, кызматчы жалдап чоюлуп каалагандай буйрук берип турсам жарашпайбы, же эркектей болуп сен иштебейсиң, — деп наалып жатып тамак жасап жатты.

— Апа, кейибеңизчи, мен силерди багамын, машинама отургузуп алып дүйнө жүзүн кыдыртам, — деди кичүү баласы Кайрат.

— Азамат балам, жаштын тилегин берет, уулум бизди багат, — деп Болотбек уулун башынан сылады, — көрдүңбү кемпир, балдарыбыз чоңоюп калды.

— Алар чоңойсо эмне кылайын, үңкүрдөй үйдө отурсак балдар элден уялат го, Муратың зоңкоюп бой жетти, Жанат быйыл бүтөт, деги балдарга эмне бере алабыз, мен тажап кеттим Болот, — Каным үшкүрүп алды, — Болот, үйдү дагы күрөөгө коюп акча алалы, акча-акчаны табат дешет го, балким ушунда бир кудай бизге берип кеңейтип алаарбыз.

— Этият болсоңчу, акчаны азыр алыш оңой болуп калды, бирок иштетүү өтө кыйын, үйдөн чыгып калбас бекенбиз?

— Чыкпайбыз, мындан ары баарын үнөмдөйм.

— Баягыдай марттыгыңды кой, дос-курбуну күтпөй чыда, анан алса алабыз, андан көрө береби?

— Берет, бул жолу сенин паспортуң менен алалы, — деп Каным күйөөсүн көндүргөнгө кубанып калды, — Кредит алганыбызды Аруужаз билбесин.

— Болуптур, кудай жар болсун деп алса алалы да эч кимге билгизбей төлөп сооданы кеңейтели, — деп макул болду Болотбек. Каным кубанып эртеси эле кредит берчү банкка барып келди, алар үйүн текшерип көрүп болгону жүз миң сом бермек болду, анткени үйдүн бүтө электиги, ремонту жоктугун эске алышты, бир жумадан кийин жүз миң сом алган Каным күйөөсүнө арендага орун алды да өзүнчө отургузуп койду, өзүнө дагы товар көбөйтүп алып чындап киришти. Көп өтпөй эле потент келди, анысын төлөдү, анан аренда акысы келди аны берди, ошентип айдын аягында кредиттин ай сайын төкчү он бир миңин топтой албай күнүмдүк акча берчү аялга барып жалдырап паспортун коюп алды да төгүп койду. Кыйын абал эми туулду, күнүнө алты жүз сомду төгөт, андан калганы ичкен жегенине кетет, мектептеги балдарына акча берет дагы ай сайын төкчү акчасын топтой албай ай сайын күнүмдүк акча ала берип жугуму болбоду, билинбей эле товарлары азайып калды. Ага караганда Болотбек жакшы соода кылат, анан аны Каным тигиге, буга деп алып кете берчү болду. Акыры Болотбек өзүнүн соодасынан ага билгизбей акча ката баштады, бир күнү Каным:

— Болот, күнүмдүк акчадан сенин паспортуң менен дагы албайлыбы, — деди.

— Эмнеге?

— Кредитти төгүп бияктагы сооданы өзүнө жумшайбыз да.

— Жок, мен күндө төгө албайм, чыкпай калса эмне кылабыз, сенин алганың жетишет, — деп болбой койду Болотбек. Каным күйөөсүн көндүрө албай ордуна келсе Аруужаз күтүп туруптур, анын жанында аларга товар берчү түрк турган экен, экөө сүйлөшүп туруптур: «Демек мындан пайдалануу керек, ал үчүн Аруужазды көндүрүүм керек», — деген ойдо жетип келди.

— Апа, кайда жүрөсүз, келсем товарыңыз жабылуу, — Аруужаз ачуулуу тултуңдады.

— Чоң кыз, энеге мындай мамиле кылган болбойт, — деди кыргыз тилин суудай сүйлөөнү өздөштүргөн Осман.

— Эми эчтеке эмес, эрке өскөн да, — деген болду Каным, — Сизге эртең берейин.

— Мейли-мейли, шашылбай бересиз, — деди Осман көзүн Аруужаздан албай, — Кызыңыз сулуу экен.

— Көз тийбесин.

— Атыңызды ким дедиңиз? — Осман Аруужазга кайрылды.

— Аты Аруужаз, — деди Каным, — Жаздын аруулугун, тазасын билдирген сөз, атасы атайын Аруужаз деп койгон.

— Оо жакшы экен, чынында сулуу да назик да кыз экен.

— Апа, мен кеттим, — деп Аруужаз Осман көзүн албай карай бергенинен кетмек болду, — Анан телефон чалам, Абайды кайненеме таштап келгенмин.

— Турмушка чыктыңыз беле Аруужаз? — Осман ээрчий басты, Каным кубана карап турду: «Экөө мамиле кылып калса мага жакшы», — деп ичинен кымылдай келген кардарга карады. Осман Аруужазды бура бастырбай ээрчип алды, ал шашыла автобус күтүп калганда жанына келип сүйлөй бергенде:

— Менин күйөөм, эки балам бар, убара болбоңуз, — деди Аруужаз.

— Жок дегенде телефонуңузду бере аласызбы?

— Анын сизге эмне кереги бар?

— Жөн гана…

— Болуптур, — Аруужаз кара муруту өзүнө жарашкан жигитти бир карап алып телефон номерин айтты да келип калган автобуска түшүп кете берди. Аруужаз апасынын дагы кредит алганын билип калып урушмак болуп келген, бирок анын көзүнчө айта албай кетти. Ал келгенде Абай ыйлап жаткан эле, аны Гүлхан көтөрүп сооротуп жатканда кирип ала койду, анын оюнда баласын ал чымчылап ыйлаткандай сезилди:

— Эмнеге ыйлады, мынча ыйлачы эмес эле, жа-аным менин, Абай-Абай ыйлабачы балам, мен келдим, — деп силкилдетип жатып Гүлханды жаман көзү менен карады, — Апам бир жакка кетти беле?

— Апам соорото албай койгонунан мен алгам.

— Сага барса эле менин балдарым ыйлай берет, — деп чыртылдай ары барып отуруп эмгизмек болду эле ага да болбой ыйлай берди, шымын чечип денесин карап жатты, — Бирөө катуу чоочуткан го?

— Ким чоочутсун Аруужаз, — Тоту үстүңкү кабаттан Бакайды ээрчитип келе жатып үн катты, — Чоңоюп калганга бизден чоочуркадыбы сүт берсем да болбоду.

— Мага деле болбой жатпайбы апа.

— Ичи ооруп калдыбы, алып кел көрөйүнчү, — деп өзүнө чакырды, Тотоу ичин көрүп анан, — Компрес кылалы спирт алып келчи, — деди, Абай ага да болбой ыйлай берди эле дароо ооруканага алып барышты. Ичи ооруптур, укол салып анан дары жазып беришти, бала сооронуп калганда аны үйүнө жеткирип коюшту, Акберди келгенде үйдө отурган эле.

— Абай ооруп калыптыр, азыр ооруканадан келдик, — деди Аруужаз.

— Эмне болуп ооруптур?

— Суук тийиптир дейт.

— Этият кылсаңчы, көтөрүп алып эле кете бересиң.

— Мен каякка барып жатыптырмын? — Жактырбай карады.

— Мен кайдан билем, качан болсо келсем үйдө жоксуң, атамдыкында жүрдүм дейсиң, жаш баланы жолдо көтөрүп жүргөнгө болмок беле?

— Анда бала бакчуну жалда, ата-энеме каттаба дегиң келеби?

— Болду Аруу, болоор болбоско урушпайлы, кыскасы жакшы болуп калса болду, — деп өзүн карап турган эки жаштан өткөн уулун колуна алды, — Келе гой уулум, сага эмне болду?

— Апа, ата, — деп колун серпип койду Абай.

— Бирдеме барбы, кардым ачты?

— Эми жасайм да.

— Мейли жаса, — деп уулун көтөрүп чыгып кетти Акберди. Аруужаз ичинен кимдир бирөөгө ачуусу келгенин чыгара албай турду: «Министрдей гана жашап жатпайбы, колу эчтекеге тийбейт, белен тамак, кири жуулуу, баласы багылуу, ошол сыйды мен көрүшүм керек эле го, ал үйдүн жалгыз келини менмин, ал болсо керсейет тим эле», — деп астындагы ашын тартып алгандай Гүлхан менен Мырзаны жек көрүп жатты. Акберди уулун жетелеп бактын ичинде жүрдү:

— Ата-ата, амма бейчи-и, — деди Абай колунан тартып.

— Алма жейсиңби уулум? — Акберди кыпкызыл болуп шагы ийилген алмадан үзүп колуна карматты, — Быша элек тура уулум.

— Не, бычалекпи?

— Ооба, жүрү кесип берейин, — Үйүнө жетелеп кирди, — Апасы, биз келдик.

— Апа-а, мен амма жем.

— Тантык десе, качан так сүйлөйсүң? — деп Аруужаз жылмая карады.

— Тийишпе, уулум так эле сүйлөйт.

— Чычалап кеттиңерби, балаңды тантык болсо тантык дейм да.

— Ошондойбу, кана биздин намыска тийген апасын азыр жазалайбыз, — деп Акберди Аруужазды кучактап алып моюнунан өөп киргенде:

— Ата-а, апамды уйба-ачы, — деп экөөнү этектен тарткылады Абай.

— Абай, атаң мени уруп жатат! — деп Аруужаз күлүп качып калды.

— Карма Абай, апаңды мага кармап бер, — деп күлүп кубалаганда Абай Аруужазды этектеп калды:

— Ата-а каймадым! — Экөө тең күлүп калды, кечки тамак ичип отурушканда Аруужаз:

— Акы, Гүлхан жөн эле ханышадай керсейет, атамдар аны жөн эле бөпөлөп калышты го? — деди жактыра бербегенин билдире.

— Мейли, ал дагы келини да.

— Акы, алардын жалгыз өз баласы сенсиң, жалгыз келини мен көрүшүм керек ошону.

— Сен айтпадың беле бөлүнөбүз деп, эми кайра баралыбы?

— Эгерде алар кетсе мен бармакмын, айрыкча Гүлхан менен бирге тургум келбейт, көргүм да келбейт.

— Аруу, сен антпе, мен Мырзаны өзүмө бир тууган бол деп алып келгенмин, сага алар жөнүндө жаман ой ойлобо дебедим беле? — Кашыгын үстөлгө ыргыта жини келе карады, — Ал менин бир тууганым уктуңбу! — Үстөлдү бир муштады.

— Эмнеге анчалык ачууланасың, ал силерди баш үйрүтмө кылып алган го?

— Болду, мен сенин былжыраган сөзүңдү уккум келбейт!

Акберди ал келбегенинен улам баласын кучактап жатып калды, эртеси Аруужаз апасына барды, анын такыр көңүлү тынбай жаткан, качан барса Каным ордунда жок болот, товары ачык-чачык калат, жанаша соода кылгандар өз арбайын согуп аныкын кайдан карамак эле, барып эми эки жагын карап турса үстөлдүн алдына контейнер тараптан бир бейтааныш жигит чоң таңылчакты көтөрүп чыгып келе жатканын көрүп жетип келди:

— Сиз кимсиз? — деди ачуусу келе.

— Мен адаммын, эмне көрбөй турасыңбы? — деди ал местанын ээсин тааныгандыктан кам санабай, — Менин кимдигимдин сага кандай кереги бар?

— Бул жерде эмне кылып жүрөсүң дейм! — деп Аруужаз кыйкырып колундагыны жулуп алганда гана коркуп кетип элди аралай качып кетти, чоң таңылчак жалаң кымбат кийимдерди упаковкасы менен таңып алыптыр, Аруужаз ар жагына өтүп отургучка отуруп жинденип отурганда орто кызуу болуп Каным келди:

— Качан келдиң? — деди ал жай баракат.

— Каякта жүрөсүз, баарын ачык таштап коюп жүрө бересизби?

— Эмне болуп кетти кудай ай…

— Мына, муну бирөө көтөрүп кетип жатыптыр, алып калдым.

— Койчу кызым, ушул карыш-карыш турган коңшулар турбайбы, көрөт эле да, мени эч жакка чыкпасын дегениң го, — деп ишенбей койду, чынында Каным бир кетсе үч-төрт саат бою жүрө берчү, анан келип бир аз отуруп соода болгон жок деп кетип калат, ал товарынын кемип жатканы менен дагы иши жок болчу, эсептөөчү эмес. Күндө аны байкаган бирөө ал кетээри менен товарларын алып кетип жүргөн эле, Аруужаз көрүп калгандан кийин келбей калды. Ал дагы эртеден кечке апасынын ордунда отуруп соода кылып кечинде барып жатып алып жүрүп он беш күндөй өтүп кетти. Бири-бирине өчөшүп жүрүп аралары алыстай баштаганда Тоту бир күнү базарга келди, ал Канымга жолукмак болгон эле, Аруужаз кайненесин көрүп уялып кетти.

— Келиңиз апа.

— Келдим, кудагый жок беле?

— Ал үйгө кетти эле…

— Балам, үйгө кайт, минтип жүргөнүңөр болбойт.

— Апа, мен үйдө элемин, Акы өзү келбей жатат го?

— Ал сени жок экен деп барды го?

— Жо-ок, күндүзү апама жардам берим кечинде үйдөмүн, атамдар билбейт апа.

— Болуптур, кечинде Акыны жиберем, — деп эми кетмек болуп бурулганда алдынан кызымтал болуп Каным чыкты.

— Жакшысызбы кудагый?

— Жакшы, кудайга шүгүр, мен кетип жаттым эле, — деп басып кетти.

— Каадаланган кайненең араң эле учурашат да, — деп Аруужазга карады, — Бизди тоготпогону да, өлүгүңдү көрөйүн десе чоңдугуна чокоюм! — дегенде Аруужаздын ачуусу келип товарын бүт жыйнап кулпулады да ачкычын да бербей кетип калды, ага Осман дагы чалды, ага жолугууга макулдашып бара жатып: «Мен киши эмес бекенмин, жетим жесирди багып жүрө берсин, мени дагы сүйчү адам чыгат, балапандай кезимде алдап алышты эле эки уулду төрөп бердим, эми мен дагы ойноп күлүшүм керек», — деген чечимге келди. Акберди сүйүп алган келинчегин бекер таарынтып алганына капаланып ошол күнү үйүнө келди, Абайды таштап келген, түнү бою күтүп эртең менен базарга жөнөдү. Аруужаз атайын өч алгысы келип өз турмушун бузуп алаарын сезбеди, жөн гана ызасын ошентип чыгармак болгон. Акберди базарга келсе эл бирин-серин келе баштаптыр, Аруужазды бир сааттан кийин көрдү ал, келе жатканда эле алдынан чыкты:

— Аруу, эмнеге кечинде барбадың?

— Эмне мени апам алган дегени турасыңбы?

— Койчу эми, таарынбачы жаным.

— Ооба, мени үйүңө алып келген апаң болчу, менин жаштыгымдан колубузда жоктугунан пайдаланды, а сен мени алган эмессиң!

— Аруу, мени кечирчи.

— Болду, экинчи жаныма жолобо, балдарды сенден талашпайм! — деп Аруужаз жиндене басып кетип товарларын жайып жатты, көптөн кийин Каным келди.

— Кандайсыз апа?

— Жакшы балам, Аруу бизге жардам берип жатат.

— Мейли-мейли, — деп ары-бери басып тура бергенинен Аруужаз аны менен сыртка чыгып сүйлөшмөк болду.

— Акберди, менден кеттиби билбейм, жанагы жетимдер ошол жерден кетмейинче, мен сени менен жашабайм! — деди.

— Сен антпе Аруу, адам боорукер болгон жакшы, — деп Акберди түшүндүрмөк болду эле ага тигил болбоду, тил табыша албай эки жакка бөлүнүштү. Аруужаз Осман менен жүрүп алды, анын берген баалуу белектери, апасына толтуруп товарды санабай таштап коюп ал башкаларга оптом берчү болгон, ошонун баары аны азгырып ойноп күлгөн ушул тура деп жүрө берди, арадан алты ай өтүп кетти, балдарын сагынып көргүсү келип бир күнү барса Тоту көрсөтпөй койду, Акберди келгенде өзү уруксат берет деп. Ошентип көрө албай кайтты, анткени Осман аны күтүп кайра-кайра чала берди, жүрөгүндө байкап көрсө Акбердиге деген сүйүү деле жок экен. Осман аны Түркияга алып барып келди, чынында сүйүп калган эле, андан кийин балдарын да унутту. Каным аны билбеди, жөн гана кызым аны пайдаланып мага жардам берип жатат деп ойлоду, качан гана Тоту келип айтканда билди. Тоту ага келип:

— Аруужаздын бул кылганы туура эмес, менин балдарымды ал ажыраткысы келеби, уяты, намысы болсо дагы да кечиребиз, балдары турат, үйгө барсын, — дегенде:

— Кудагый ал каякта жашап жатат анан, бизге айткан эмес, — деп таңгалды.

— Мен кайдан билем, тууп тарбиялаган сенсиң, — деди да басып кетти, ошол күнү кечке маал Аруужаз апасына келди:

— Соодаңыз болуп жатабы?

— Сооданы кой, өзүң эмне кылып жүрөсүң?

— Эмне кылыпмын? — Кайра өзүнө суроолуу карады.

— Сен куруп кал!

— Эмне Акберди келдиби?

— Кайненең келдиби?

— Кайненең келди.

— Келсе келе берсин.

— Балдарыңчы?

— Аман болсо таап алат, — деп кенебей койду, Каным унчукпай калды, ал өзүн кармай албай ичип алчу болгон, бирок соодасы жакшы болуп, товары Османдын арты менен байый баштаганын тана албайт эле, кредиттеринен кутулуп баягыдай күнүмдүк акча дагы албай калды, Болотбек болсо өзүнүн соодасын өзү кармап товар алганды билип алып акча катып жүрө берди, Мурат менен Жанаты да акчаны жакшы көргөн балдар болду, улам телефон которуп, кийимдин кымбатын кийип обу жок болуп бара жатты.

Бир күнү Болотбек кечинде чарчап келгенде Канымга:

— Каным, эми товарың жакшы эле, кредитибиз жок, мага күндө пайдадан акча берип тур, антпесек үйдү бүтө албайбыз, балдар чоңойду, үйлөнтүү да керек, — деди.

— Макул, кудайга шүгүр эле…

— Бир аз катканың барбы?

— Жо-ок ай, эми кичине бутка туруп келе жатабыз го?

— Мейли, бүгүндөн ары бир күндүк сооданы бүт бересиң, бир күндүкү товарга, потентке жетет, — деди Болотбек бүтүм чыгара, — Бу мен оорукчан болсом, сен ичип жүрсөң кантип болсун, ушундайда токтот.

— Ичпейм мындан ары.

— Сени бирөө кыстап ичирген жок да, балдарды ойлосоң боло, кызың дагы күйөөсүнөн ажырашып алды, сен деги балдарга жакшы жагыңды көрсөтөсүңбү ыя?

— Ичпейм дедим го, — Каным жини келе тултуңдай туруп кетти.

— Өзүңө жаман, ичкиликти таштай албай калсаң жолдо каласың.

— Жолдо калбай этпейм, — деди кайра кирип.

— Иши кылып адам болуу кыйын, бузулсаң өз убалың өзүңдө, — деп Болотбек ойлуу отуруп калды, Каным дагы ойго чөмүлдү: «Ырас эле өзүмө жаман да, балдарым чоңойгондо мени кудай урдубу, ичкиликтен пайда тапкан кимди көрдүм, тууган-урукка төркүндөрүмө уят болбой тынч жүрөйүн, сый көрөөрдө сыйрылып калбай», — деп ойлоду да өзүнө бекем болууну чечти. Ошондон баштап акчаны сарптаганга үйрөнүп күнүнкү сооданы Болотбекке берип үйгө кетчү чыгымды өзү алып калып үнөмдөгөнгө көнүп бара жатты, кийин Осман товарынын акчасынын жарымын алып кайра толтура товар таштап кетти, контейнери толуп эле калды. Осман Аруужазды өзү катуу сүйүп калган бирок ал дагы пайда табууну ойлонуп даярдай баштады, тил үйрөтүп, чет элдиктер менен сүйлөшүү маданиятын үйрөтө баштады. Анткени Аруужаз чырайлуу болуп абдан баралына келген кез болчу, кийимдин адемисин кийгизип чачын жасатып койгондо атайлап жасалган куурчактай болуп калчу, акыры ал эки-үч тилди эркин сүйлөп калганда Түркияга алып кетти, анын өз үй-бүлөөсү бар эле бирок ал билгизбей Аруужазды мейманканага жайгаштырып коюп барып келди да Америкадагы таанышына чалып сүйлөштү. Андан жооп алгандан соң үч күндөй жок болуп кетти, Аруужаз мейманканада зеригип балкондо турса улгайган ак чачтуу адам жанына келип:

— Бу чүрөк мейманканага кандай пайда болду экен? — деди түркчө.

— Эмне бул жакта андайлар жокпу?

— Болсо дагы кыргыздын нукура чүрөктөрүнө жетпейт, — деди күлүп.

— Ошондойбу? — Аруужаз наздана көзүн сүзүп койду, — Мен андай деп ойлобойм.

— Бизде сулуулар көп, бирок сизге жетпейт.

— Рахмат, мактап турганыңызга.

— Ооба, күйөөмдү күтүп жатам.

— Күйөөңүз кыргызбы?

— Жок түрк улутунан.

— Оо биздин жигиттер кыргыздын чанда жаралчу карлыгачтарынан илген экен го, азамат экен, — деп күлдү тигил, — Сулуу атыңыз ким?

— Аруужаз.

— Немине-е?

— Аруужаз, — Кыткылыктап күлдү.

— Ар-уу-жа-аз өтө кыйын экен.

— Тилиңиз келбей жатабы? — Ого бетер күлүп кирди.

— Күйөөңүз эмнеде иштейт?

— Кыргызстанга ар кайсы жактан товар ташыйт.

— Азамат экен, — деп тигиле карап туруп, — Мен өзүмдү тааныштырганды унутупмун го, атым Ражап, — деди.

— Кубанычтуумун.

— Болуптур эмесе, мен кирейин, — деп кирип кетти, ошонун эртеси Аруужаз көзүн ачса таптакыр башка бөлмөдө жатыптыр, чоочуп кетип караса деңиз жээгиндеги үй экен, эшикти какты эле бир аял босогодон тозду.

— Сизге эмне кере айым?

— Мени бул жерге ким алып келди?

— Мен айта албайм, — Жер карады ал аял, Аруужаз аны түртүп сыртка чыгып кетмек болуп жулкунуп бара жатканда алдынан кычыраган адам чыкты:

— Тынчтаныңыз, бүгүн бул жерде эс аласыз, — деди англисче.

— Мени бул жерге ким алып келди?

— Аны кийин сүйлөшөбүз, азыр сиз эс алууңуз керек, эртең врачтын кароосунан өтөсүз, — деп жай басып терезеге барды, — Кандай керемет жер, бур жерден карап отурган адамдын көңүлүн көтөрөт, — Бери бурулду, — Ушундай эмеспи айым?

— Мага ким алып келгенин айтыңызчы бай болгур! — Аруужаз ыйлап ийди.

— Кабатыр болбоңуз, көп узабай билесиз, бул жерден чыгам деп убара болбой эле коюңуз, сизге тынчтык каалайм, — деди да башын ийе күлүмсүрөп коюп чыгып кетти, аңгыча ага тамактын түрлөрүн алып келип суусундукту өзүнчө койду, Аруужаз көз жашын көлдөтүп отура берди, качан гана ачка болгондо бир нерсе ичкиси келди. Кызматчылар эртең мененки ичилбеген тамакты алып кетип кайра жаңысын алып келди. Аргасыз ичип кардын тойгузду, анан телефонун издеп баары жайында экенин көрүп кубанып кетти, дароо апасына чалды. Бирок негедир нидоступен болуп туруп алды. Эртеси аны үч-төрт врачтар келип текшерип анализ да алып кетти, улам түрдүү тамак аштарды алып келишет, ичкенин ичет да калганына тийбейт, арадан бир жумадай өткөндө ага үч киши келип ар түрдүү кийимдерди таштап кетти, бир аял аны жуунчу бөлмөгө киргизди, андан чыккандан кийин:

— Жаккан кийимиңизди кийип даяр болуңуз, — деди бир аял сылык сыпаа гана.

— Эмнеге, эмнеге даяр болушум керек, мен эч кайда барбайм.

— Сиз менин эмес урматтуу Уиллдин буйругун угууга тийишсиз, — деп чыгып кетти, Аруужаз эмне кылаарын билбей көпкө турду да чет элдиктердин кийимдерин карап көрүп күзгүгө карана өзүнүн келбетине өзү суктанып алды: «Менин ушундай сулуулугумдун баркына Акберди жете албады, а Османчы, ал мени таппай калды го, эмнеге апамдын телефону албай жатат», — деп ойлонуп Османга чалды эле аныкы өчүрүлүү экен, айласы куруп кийинип турганда эшик ачылып үч аял кирди да анын чачын жасалгалап өздөрүнчө сүйлөшүп кирди:

— Абдан сулуу экен, бетине косметиканын кереги жок го, — деди бири.

— Уилл муну аялдыкка алат имиш, ошол үчүн сатып алыптыр, балким бала төрөгөн соң кетирип жиберет, — деди бири аны тил билбейт дегендей.

— Ал Уилл дегениңиз ким? — деп Аруужаз сураганда тигилер көздөрүн алайта бири-бирин карап калышты, — Айткылачы, ал ким?

— Кечиресиз, аны биз айта албайбыз, — деди бири.

— Эмнеге, ага мени саткан ким?

— Биз билбейбиз, биздин жумушубуз ушул гана, — деди бир ийин күйшөп.

— Мени эмнеге аялдыкка алат, менин күйөөм бар болчу! — деп ыйлап жатканда эшик ачылып кырк-элүүлөрдүн ортосундагы адам кирди эле тигилер ийиле чыгып кетишти.

— Салам, — деди ал жылмая, — Менин атым Уилл Пак.

— Салам, — Аруужаз дагы Осман үйрөткөндөй саал ийиле таазим кылды да, — Мени сизге ким сатты? — деди.

— Ачууланбаңыз айым, мен сиздин капаланышыңызды каалабайм.

— Эмнеге мени бур жерге алып келди, менин балдарым күйөөм бар эле, — деп ыйлап турганда Уилл Пак аны саамга карап туруп боору оорудубу:

— Сиздин балдарыңыз бары чынбы? — деди.

— Ооба, эки балам бар, Бакай, Абай деген, күйөөм өкмөттө иштейт.

— Да ну, — деп бөйрөгүн таянган Уилл, — Жаман, мен мындайга жол бербейм! — деди да бөлмөдөн чыгып кетти, бирок көп өтпөй кайра келип аны ээрчитип чыгып унаага салып бир жакка жөнөттү.

— Кайда барабыз? — деди Аруужаз.

— Сени Кыргызстанга жөнөтөм.

— Не ужели? — Аруужаз ишенбей көздөрүн бакырайтты.

— Чын айтам, мен балдарды жакшы көрөм, энесинен ажыраткым келбейт, өзүм көп жылдардан бери баардык өлкөлөргө барып жетим балдарга жардам берип жүрөм, анан сенин балдарыңды энесиз калтыргым келбейт, — деди. Мына сага, эми кайрылып өз жеримди, балдарымды көрө албайм деп баарынан үмүтүн үзүп калган Аруужаздын көздөрүнө жаш толуп чыкты, бир жагы тил үйрөткөн Османга да ыраазы болуп өзүнүн кубанганынан тартипти сактабай Уиллди кучактап өөп жиберди.

— Сизге чоң-чоң рахмат, дүйнө жүзүндөгү бардык балдардын сизге деген урматы арта берсин, ыраазымын сизге, чексиз рахмат!

— Эч нерсе, — деп күлүп калды Уилл, — Мен абдан маданияттуу анан адилеттүү адаммын, эч качан адилетсиздик жасагым келбейт, өтө боорукермин.

— Ыраазымын сизге, эгерде Кыргызстанга барсаңыз бул телефонго чалыңыз, — деп Аруужаз үй телеонун бере салды. Ал ошентип пешенесине жакшы адам туш келип өз элине кайтты, бирок ал Османды же ата-энесин ойлобостон дароо эле Акматтын үйүнө келди, ошол учурда алардын үйүндө аза күтүп отурушкан, аны эч кимиси жакшы тозуп албады, анткени Мырза кээ-кээде ооруп калып эч кимге сырын айтпаган, ал өзүнүн мындай болоорун сезбесе керек акыркы ооруп чыдай албай калганда ооруканага алып барышканда анын башында шишик жарылып кеткенин айтышты, ошентип ал бу дүйнө менен коштошуп кете берди.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE