Кен пейилдик бакыт 14 болум 

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кен пейилдик бакыт 14 болум

Бирок адам баласы сүйүүгө кабылганда аны аңдабай да калат, бир гана өз жүрөгү сүйгөн адамына жетсем деп далбастайт, керек болсо кылмыш жолуна барууга даяр болот, ал эми сүйүүдөн көңүлү калган алам бүт өмүрүндө азап чегип келе жаткандай, сел алдында калып ала салган дөңгөч сымал жашоосу азан-казан түшүп өмүрдөн кечип коюуга чейин барат, Жасмин азыр сүйүүгө кабыл элек, ал Гүлинанын сөзүнөн улам ойлоно берди: «Эмнеге, ал бир көрүп эле сүйүп калдыбы, мен аны бир жылдан бери билем го, менде андай болгон эмес, кантип сүйүп калат, сүйүп калганын кантип билет», — деп ойлоно берди. Эртеси эртең менен Курман менен Акылай балдарынын ойгонушун күтүп отурушту, Кумарбек менен Жасмин турду, андан кийин Эмлис менен Данагүл туруп келишти, Курман акырын Алтынга башын ийкем койду эле ал үч кабат тортту көтөрүп келди, Акылай чөнтөгүнөн алтын чынжырчаны алып чыгып Жасминди мээрим төгө караганда Курман:— Кызым, кечээ кеч келип калдың, сенин окууңду аякташыңды куттуктайбыз, чоң энең экөөбүз өз белегибизди берсек деп күттүк, эми гана сааты чыкты, — деди.

— Мен карындашыма алтын сөйкө белек кылам, — деп Эмлис Данагүлгө караганда ал кутучаны алып чыкты, — Окууну бүтүшүң менен карындашым, — деп жанына келип өөп баары куттукташты.

— Рахмат чоң ата, чоң апа, байке сиздерге рахмат, — деп кубанычтуу жүзү томсор түштү, — Атам болгондо башкача болот беле…

— Садагаң кетейиним десе, арга жок экен да айланайын, баарыбыз аны ойлойбуз, унутпайбыз, ал азыр сенин эстеп жатканыңды билет, ушул эле айланада жүргөн болор кызым, — деп Акылай небересин чекесин өөп каңырыгы түтөй отуруп калды, андан кийин эч кимиси үндөгөн жок, Жасмин тортту кесип биринчи чоң ата, чоң энесине андан соң Эмлиске, Кумарга берип өзү ооз тийди. Баары көңүлдөрү ачыла кол чаап жиберишти:

— Куттуктайбыз, жолуң ачык болсун кызым.

Пример HTML-страницы

— Бактынын ачкычы колуңа тийсин Жасмин, — дешип куттуктап жатты, ошол учурда анын телефону чырылдап калды, бул Майрам эле, кызын куттуктап үйүнөн күтүп жатканын айтты. Анан эгер макул болсо Кумар менен Анарбекти ала келишин айтканда:

— Апа, азыр барып калабыз, — деди Жасмин.

— Апамбы, мен дагы барайынчы, — деди Анарбек.

— Бара койгула балдарым, эне деген ыйык болот, күттүрбөй баргыла, — деди Курман.

— Мен барбайм! — деп туруп кетти Кумарбек.

— Кумар, энеңди антип жазалаба, Майрамга биз уруксат бергенбиз, — деди Акылай токтоо кабак чытып, — Сен аны түшүн балам.

— Эмне күйөөгө тий дедиңер беле?

— Ким болсо дагы ошентмек, күйөөсүнөн жаш калды, атаң өлбөсө ал кетмек беле, сен чоңойдуң уулум, түшүнгөнгө аракет кыл, — деди Курман.

— Баары бир барбайм.

— Байке, — деди Жасмин, — Апам сизди келсин деди.

— Бара бергиле, мен барбайм! — деп Кумарбек чыгып кетти, Жасмин менен Анарбек жөнөгөндө алдынан чыкты, — Отургула, жеткирип коеюн.

— Өзүбүз эле кетебиз, — деди Жасмин көгөрө, агасына таарынганын билдире.

— Бол эми отургула, алып барып келем.

— Сиз барасызбы анан?

— Жүр, жүргүлө эми, — деп жылмайды Кумарбек, ал ини карындашын жанына отургузуп алып жөнөдү, машина келип токтогондо Майрам чыга калды, ал чыдамсыздык менен күтүп жаткан болчу. Анарбек жүгүрүп барып кучактап калды.

— Берекем, алтындарым менин, — Майрам ыйлап да өпкүлөп да жатты, — Жасмин окууну аякташың менен кызым.

— Рахмат апа, — Кызын кучактап өөп бооруна кысып турганда унаадан түшпөй жер карап отурган Кумарбекти көрүп селдээ туруп калды, арт жагында Муса менен төрт бала аларды карап турган, көз жашын аарчый Майрам Кумарбекти көздөй басып жөнөдү, ошол мүнөттөр токтоп калгандай болду, беш жыл ичинде ал бир топ өзгөргөн, атасына окшоп кетти, бою өсүп ээгинде жаңыдан өсүп келе жаткан кыл муруттары өзүнө жарашып Эрнисти көз алдына элестетип жиберди, ал Эрнис менен таанышканда дал ушундай жыйырмалардагы жаш жигит эле: «Эми ал жок, анын сүйүүсүн мен актай албадым, кечир мени Эрнис, арбагыңдан айланайын Эрнис», — деп ойлонуп бара жатып Кумарбекке жетип-жетпей жыгылып калды, баары жүгүрүп бүлүк түшүп калды, Кумарбек дагы коркуп кетип биринчи барып башын көтөрө калды:

— Апа, апа көзүңдү ач, эмне болуп кетти?

— Уулум, чын эле апаңды кечирдиңби? — деди анан эсине келген Майрам.

— Ооба апа, мен сизге келдим, кайгырбаңызчы апа! — деп Кумарбек кучактап алып ыйлап ийди, Жасмин дагы ыйлап турду, көптөн кийин баары чогулуп үйгө киришти, дасторконду толтуруп койгон экен, абдан жакшы жасап балдарын күтүп жатканы көрүнүп турат, Кумарбек Муса менен таанышты, ини карындашын өөп учурашты.

— Менин атым Айлин, — деди ага келип Айлин, — Сиз менин байкемсизби?

— Ооба, мен байкең болом, — Кумарбек күлүп койду.

— А сиздин атыңыз ким?

— Кумар…

— Кумайбы, мени жакшы көйөсүзбү?

— Ананчы, жакшы көрөмүн.

— Каякта жүйдүңүз эле?

— Үйүмдө.

— Эмнеге келбей койдуңуз?

— Келдим го?

— Келдиңиз беле? — Айлин аны бир аз карап туруп жүгүрүп кетип куурчак көтөрүп кайра келди, — Бел менин Маша деген куйчагым да.

— Жакшы экен, атын ким Маша деп койду?

— Жасмин эжем коюп бейген.

— Аа-а, ал ат койгонго кыйын, — деп Кумарбек күлүп койду.

— Айлин, байкеңди алаксытпай ойной кой, биз чай ичели ээ? — деп Майрам аны акырын сыртка чыгарып жиберди, анан торт алып келди, Жасминге алтын жасалга алып койгон аны берип бетинен өөп, — Бактың ачылсын, алдыңда эч кандай тоскоолдук болбосун кызым.

— Рахмат апа.

— Эчтеке эмес кызым, ар дайым жанымда болушуңарды гана тилейм…

— Биз чоңойдук апа, ар кандай тагдыр бизди күтүп турганы ачык, андан көрө алагды болбой балдарды карай бериңиз, — деди Кумарбек.

— Кумар туура айтат, туулгандан баштап адамды бешенесине жазганы бар Майрам, — деди Муса, андан көрө балдардын келечеги жакшы болушун тилегенибиз жакшы эмеспи.

— Ырас айтасың, мен үчүн булар деле жаш көрүнө берет Муса.

— Ата-эне үчүн бала эч качан картайбайт, бала бойдон калат.

— Ошондой экен, — Майрам Жасминге карады, — Экзамениң качан башталат кызым?

— Биринде.

— Апа, Жасмин эжем менен Кумар байкемди карайсыз, мени унутуп калдыңызбы? — деди Анарбек, баары күлүп калышты.

— Сенин боюң кичине болуп көрүнбөй жатсаң керек? — деп Кумарбек аны тамашалай башына чокуп койду, — Кичинекей кишилерди эч ким көрбөйт да.

— Садагаң кетейин десе, сени кантип унутам, эжеңдин эң жакшы күндөрүнүн бири ушул кез да балам, азыр ушул үчүн гана сүйлөө керек, сенин дагы окууну бүтөөр кезиң келет, ошондо сени куттуктайбыз. Эне-бала ошентип бактылуу болуп дасторкон четинде отурушту, айтылбаган сөздөр калбады, атасын эскеришти, бир сыйра ыйлап алышты, анан алар кетмек болду.

— Апа, биз кетели эми, — деди Кумарбек.

— Бүгүн калып эле калсаңар болмок, — Майрам балдарын кетиргиси келбей турду.

— Чоң атамдар таарынып калат, барышыбыз керек, — деди Жасмин.

— Мен калам, каникулга чыкпадымбы, — деди Анарбек.

 

Уландысы бар…

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️