Пример HTML-страницы

Кен пейилдик бакыт 13 болум 

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кен пейилдик бакыт 13 болум

— Рахмат байке, ыраазымын сизге, эт бышып калды, ооз тийип кетсеңер болот эле, — деди Кулубек, — Жээнтек тойдун асты эле…

— Кийин жейбиз, биз шашып жаттык эле, — деп болбой кете берди, алар шашып кетип бара жатып аварияга учурап Эрнис ошол эле жерден жан берип Курман эс учун билбей ооруканага түшүптүр: «Ак койдун этин таштаба, бышып жаткан тамактан ооз тийип чык», — деген кыргыздын сөздөрүнө ушул жерден дагы бир ишенсек болоор, балким бышып жаткан койдун этин жеп даам сызып чыкканда андай болбойт беле? Ошол бойдон Курман Эрнистин өлгөнүн дагы билбей комада жатып калды, Акылай менен Эмлис, Гүлхазы ыйлап-сыктап аны жерге беришти, эми бул үйдүн жүгү Эмлиске жүктөлдү, Кулубектер батага келип кетти, башынан катуу тийген Курман эчтеке билбей өлүү менен тирүүнүн ортосунда жатканда ал оо дүйнөнү көрдү. Мелисти көрдү, ал бир чел кабыктай нерсенин ичинде туруптур: «Балам, бул жерде эмне кылып турасың», — десе: «Ата, менин күнөөм үчүн жети жылга ушул камакка камап койду», — дейт ал. Аңгыча анын жанына Эрнис барып калат, Курман эки баласына жетүү үчүн колдорун сунса ортону бөлүп турган айнек сындуу нерсе турат, бирок жумшак, түртсө чоюлуп кленка сыяктуу жумшак, бирок тешилбейт, канчалык аракет кылса дагы өтө албады: «Сен эмнеге аякта турасың», — деп Эрнистен сураса: «Ата, мен дагы Мелисти көрөйүн деп келгенмин, бирок ал бул дүйнөнүн жазасын тартып жатыптыр, менин ордум тигинде», — деп колун созо көрсөткөн жакты караса аппак кийинген адамдар жүрөт, бирок абдан жарык, күндү издеди Курман: «Күн кайдан тийип жатат», — десе Эрнис: «Бул бейиштин жайы ата, мен төрүнө өтө албай турам, анткени менин дагы күнөөлөрүм тазалана элек, ушул босогосуна келгеним да жакшы болду», — дейт: «Мен дагы сени менен барайын балам», — дегенде кайдан жайдан бир добуш чыгып: «Сен тирүү тозоктон чыкмайынча келбейсиң, бияктын жазасы өзүнчө», — деген дабыш угулуп барып дирт эте түштү. Жанында карап отурган Акылай кубанып кетти:

— Сестра, сестра ал эсине келди окшойт!

— Кана, мындай туруңуз, — Сестра пульсун текшерип көрүп жатканда Курман:

— Мели-ис, Эрни-ис кайда кеттиңер? — деди үнү угулаар угулмаксан болуп.

— Курман, мен жаныңдамын, көзүңдү ашчы, — Акыла эңиле калды, — Эмлис менен Жазы дагы бул жерде.

— Мелис кайда кетти, эми эле ушул жерде эмес беле, ал Эрнис менен бир жакка кетти окшойт, — дегенде кызы менен уулу ыйлап карап турушту.

— Курман, сен өзүңдү кармачы, көзүңдү ачып бизди карачы бай болгур. — Акылай ыйлап анын бети-башын сылады, — Сенин амандыгыңды тилеп биз турабыз го?

— Көп сүйлөтпөңүздөр, мындайлар комада жаткан адамдарда кездеше бере, бу киши азыр өлүм менен өмүрдүн ортосунда, тынч болуңуздар, — деди врач көрүп, — бул көнүмүш көрүнүш боло берет.

— Деги өзүнө келеби? — деди ыйлаган Гүлжазы.

— Күтүңүздөр, биз эчтеке деп айта албайбыз.

— Деги үмүт барбы? — деди Эмлис.

— Сыйынгыла, күткүлө, — врач чыгып кетти, Курман ошондон кийин аздап өзүнө келе баштады, арадан бир ай өтүп кеткен эле, туугандары келип-кетип абалын сурап турушат, Эрнистин аялы үч баласы менен кайнатасынын үйүндө, улуусу онунчу класста окуйт, эң кичүүсү окуй элек, ортончусу кыз, сегизде окуп чоңоюп калган, Эмлис эрте үйлөнгөнгө улуусу окуп калган, анын дагы үч баласы бар. Баш көз болууга ал дагы агасы өлгөндөн кийин көчүп келген, аялы тикилдеген тилдүү неме, ал мурун эле: «Сен ата-энеңден энчи албайсыңбы, үч бала турат, сенин чеке жарытпаган кызматыңдын акысы ушуларды бакканга жетеби», — деп жүргөн. Эми ого бетер абысынынын балдарынан кызганып кетчү болду, бирок агасы өлүп кайгырып жүргөн күйөөсүнөн айбыгып оюн айтпай ичинен кыжаалат. Ошентип ич арадан бир жарака кете берди, Курман сүйлөгөнү менен буту кыймылга келбей үч айдан соң үйүнө чыгып келди. Эрнистин өлгөнүн билип отурган жеринде өкүрүп өксөп ыйлап жатты, мурда бирге иштешкендери, көңүлү жакын адамдар анын акыбалын сурап, куран окутуп кетип жатышты. Курмандын ооруканадан чыкканын угуп Кулубектер дагы көрүп келишти, ошондо ал ага ыраазылыгын айтып отурду, анан сойгон жылкыларын эсептешип кийиз китебин Эмлиске берди.

— Эми агаң менен өзүң эсептеш балам, мага эми эчтекенин кереги жок, Кулубекти эч качан нааразы кылба, ак эмгегиң менен оокатыңды кыл.

— Ата, мага мал-сал эмес сиз керексиз.

— Мен картайдым уулум, дүнүйөнү баккан ата-энем үчүн эмес силер үчүн жыйдым, эми сен жашсың, балдарың турат, Мелистен тукум калбады, Эрнистин балдарына, карындашыңа бөлүп бер дагы өз билгениңди кыл, — деди Курман, — Аттиң, күркүрөп кызматта турганымда дагы ата-энемден кабар алган эмесмин, ата-энем үчүн эч нерсе кыла албадым, өлгөндө бардым, алар мага абдан нааразы болушкан экен…

— Ата, өзүңдү кыйнабаңызчы, ошол малды бүт сатсам дагы сизди дарылатам, — деп Эмлис ыйлап жиберди, — Мага байлыктын кереги жок, апам экөөңөрдүн гана амандыгыңар керек.

— Садага кетейин, атаң оорусунун айынан айтып койду да, — деп Акылай ичинен өкүнүп турганын сездирбеди, анткени ал Курманды ата-энесине жибербей, өзү дагы барбай, ал тургай неберелерин көргүсү келген карыларды жийиркене карап жаман көрүп жолотчу эмес. Курмандын өзүн күнөөлөп жатканы ага ок болуп тийди, чиркин жаш кезде сезсечи ушуну, күйөөсүнүн тапканын төркүндөрүнө мактаныч менен ташып, ага-инилерин кызматка тургузуп өз өкүмүн жүргүздү. Курман анын тилинен бир дагы чыкчу эмес, эки бир тууганы келсе босогодон кетирчү, кийин атасы өлгөндө эң кичүү иниси Ормон:

— Байке, ушул атамдын өлгөнүнө кантип келип кантип ыйлап жатасыз, аларды тирүүсүндө сыйлай албадыңыз, алар үчүн сиз жок элеңиз, бирок өлөөр өлгөнчө сизди ойлоп жүрүп көздөрү өттү, — деп терс бурулуп кеткен.

— Ормон! — деген бойдон умтулуп кала берген, анан атасын койгончо кара жер араң көтөрүп чыдаган, келгенден кийин Акылайды өлөөрчө сабап үйдөн чыгып да кеткен, ошондо эки жыл бою башка бирөө менен жашап анан кайра келди, андан кийин эч үндөбөдү, жашоолору ойдогудай болуп калган. Ормон менен Жуман көп жылдап катышпай жүрүшүп эми гана каттап калышты, тээ илгерки өзүнүн кемчилигин ушул бүгүн айтканы менен Акылайдын кемчилиги экенин айткан жок, чынында аны эмес өзүн күнөөлөп жүргөн, алпештеп багып адам болуусуна түрткү берген ата-энесине бир аялдын кеп-сөзү менен каттабай койгону, түгөнгүс байлыгы дал ошолор экенин, алардын ак сүтүн актоону оюна албаганын эми түшүнүп отурат. Акылай өзүн күнөөлүүдөй сезип үндөбөй отура берди. Эмлис чындап эле малын сатып, атасын Америкага жолдомо алып учуп кетти, бир айдан кийин кунандан соо болуп үйүнө кайтты. Ал эми карылыкка моюн сунуп алтымыш беш жаштан өткөндө намазга жыгылды, эч кимге айтпаганы менен комада жаткан кездеги көргөндөрү оюнан кетпей чын дүйнөнүн бар экенин, ал дүйнөдө дагы жазага тартылаарын сезип кудайга жалынып беш маал намаз окуп кечирим сурачу болду. Майрам кийин өз үйүнө кетип өз жашоосун өзү өткөрмөк болду, ал мугалим болуп иштөөчү, карасы алынгандан кийин ишине киришти. Майрам Эрнистин өлгөнүнө анча деле кейибеди, анткени анын жашыруун жүргөн адамы бар эле, ал үйүнө келгенден эле кайрадан келе баштады, Майрам балдары уктаган кезде астыңкы кабаттагы балконго үстөл даярдап, үстүн толтуруп шампанский менен винону коюп күтүп жатты:

— Кандайсың жаным? — деп телефон чалды Турусбек дарбазага келип.

— Келдиңби, азыр чыгам, — деп Майрам жүгүрүп чыгып кучактап калды, кадимки сагынышкан жаштардай эле, балдарынын атасы өлгөнү оюна да келбеди, — Акырын, балдар ойгонуп кетпесин, — деп колунан ала ичкери киришти.

— Сагынып кеттим, — Турусбек аны кучактап аймалап кирди, — Аябай сагындым, сенчи, сенчи жаным?

— Мен дагы, — Майрам көзүн жума магдырай кучактаган Турусбекти өзү аймалап жатты, — Мен сени сүйөм Турус.

— Мен дагы, мен дагы сени сүйөм Майрам.

— Кел эми, тамактанып алалы, баары даяр, — Күлүмсүрөй карады.

— Ичели, ансыз дагы сенин колуңдан тамак ичпегениме көп болду, — Экөө үстөлгө отурушту, ортолорунда тамак, койкойгон бөтөлкөнү, хрустал рюмкалар, — Эрнистен бир топ эле байлык калгандыр…

— Бар, кудайга шүгүр, кайнатам дагы өз энчисин балдарга бөлүп берген.

— Канча бөлүп берди? — Турусбек чакчая жооп күтүп калды.

— Эки жылкы, эки кулундуу бээ менен жыйырма кой эки уй бөлмөк болду, Эрнис өлгөн жок, балдары турат, баарын даярдап койду, андан көрө айтчы экөөбүз кантип бирге болобуз? — Эркелей көзүн сүздү, — Ушул күндү кандай күтпөдүк эле, ээн-эркин калууну самачу элек, Эрнисти өзүбүз жок кылабыз деп жүргөндө кудай тилегибизди өзү берди.

— Ооба-ооба, — Турусбек жалтаңдай көзүн ала качты, — Биз бул жерден кетишибиз керек жаным.

— Кайда балдарымды кантем?

— Балдардын чоң аталары турбайбы, кел Америкага кетип калабыз.

— Аякка экөөбүз кантип бармак элек?

— Акча болсо каякка болсо кетип калса болот го?

— Балдарымды таштай албайм да.

— Кайнатаң бул жерге жашатпайт да, кандай кылуу керек анда.

— Билбейм, — Майрам ойлонуп отуруп калды.

— Аны да ойлонуштурабыз, кел жаталычы алтыным, — имере кучактап алып диванды көздөй басты, — Сагынуудан өлүп бара жатам, — Экөө өбүшүп диванга кулашты, бир оокумга чейин «ойноп» анан кумарлары таркаган соң чалкасынан түшүп жатып калышты, Турусбек үйлөнүп ажырашкан, азыр сүйлөшкөнү бар, Майрамды акчасы үчүн эле сүйөм деп жүрөт, анткени Эрнис барда эле акча сурап алып жүргөн. Аялдын акылы артында дегендей ал аны ойлогон жок, өзүн сүйөт деп ойлойт. Ал түнү бирге болуп таң ата уурданып эшиктен чыгып кетти. Улуусу Кумарбек окууга тапшырмак болуп жатат, кызы али мектепте, кенжеси быйыл окуйт, Майрам жеңил ойлуулукка барып айылдан бир жылкы саттырып келди, анан үйүн сатыкка коюп балдарына айтпай кайнатасыныкына алып барып коюп өзү кардар издеп жүрүп тапты, эки кабат, он беш сотукта бак-шагы ийилген үйдү чөнтөгү калыңдар гана алуусу мүмкүн, көпкө созулуп акыры аны сатып алуучу дагы чыкты. Майрам аны кубана тозуп алды да каалаган баасына кол алышып бир жумадан соң документи бүткөндө Турусбекке жолукту:

— Сен билетти ала бер, мен Жасминди алып келе коеюн, — деди ашыгына демиге.

— Бар жаным, таңкы алтыда учуп кетишибиз керек, тез кел, — деп бетинен өпкөн Турусбек арыта өзүн күтүп турган Тамараны көздөй басты, ага бирөөдөн аласамын деп койгон болчу. Ошентип алар эртеси саат он экидеги поездге отурушту да Россияга жөнөп кетти, Майрам шашыла кайнатасына жетип балдарын өөп, кызын ээрчитип жөнөп Турусбекке чалса телефону өчүрүлгөн, чый-пыйы чыгып аэропорттон ары бери издеди, бирок таппады, акыры ыйлаган бойдон үй жайсыз кала берди, кайната-кайненесине калп айтып Эрнистин карыздары алып койду дегенден башка аргасы калган жок. Коркконунан үйдү сатып алган адамдардын телефон номерин издеп алардан суранды, күйөөсү Эрнис алган дегенди тастыктаган жоопту айткыла болбосо кайнатам үйдү алып коет деп безилдеди. Ал Курмандын сүрүштүрөөрүн сезген эле, дал ошондой болду ал атайын барып сурады, Эрнистин үстөк акча алганын билди, ал тургай кол катын аялына бергенин айтып кутулушту. Майрам шашыла Эрнистин атынан саргайган кагазга түшүнүк кат жазып сумкасына салып койду, бирок Курман аны көргүсү келген жок, болоор иш болуптур деп отуруп калды. Майрам терең дем алып эс ала түштү, ансыз дагы өзүн алдап кеткенине жини келип өзүн-өзү тилдеп жаткан. Дагы жакшы Турусбекке үйдүн бир жарым миллионун берип жылкынын акчасы өзүндө болчу. Ошондон кийин ал эч кимге ишенбей калды, ар убак Турусбекке алданганын ойлосо ичи туз куйгандай ачышат. Күндөр өтүп ал ызасы тарагандан кийин ишине чыга баштады, арадан бир жылдай өткөндө анын телефонуна СМС түштү, карай салса: «Сага чоң рахмат, мен сени алдаганым үчүн кечирим сурайм, азыр мен өз сүйгөнүм менен бактылуумун, сенин акчаңды салып жиберем», — дептир: «Өлүп кет, менин акчам менен өз сүйгөнүн бактылуу кылгысы келген тура», — деп жинденип ызаланып аябай ыйлады. Бир жумадан соң ал банктан бир миллион сомду алды, бирок ал акчага эмес өзүнүн алданып калганына жинденип жатты. Ал кайнатасынын үйүндө жашап жүрө берди, акчасын жок кылбай банкка салып койду, өзү бара-бара жүрүш турушу башкача болуп жумуштан кеч келип, кээде ичип келип көрүнбөй бөлмөсүнө киргенин байкаган Акылай:

— Майрам, сен азыр жашсың, болгону отуз бештесиң, өзүңдү кыйнабай турмушка чыгып ал, балдардан кам санаба, Курман экөөбүз аларды кор кылбайбыз, — деди.

— Апа коюңузчу, мен турмушка чыкпайм, — деди жер карап.

— Бул жүрүшүң жакпайт, атаң билип калса эмне дейт, андан көрө сага биз жооп берели, сен дагы өз бактыңды тап.

— Жок апа, мен эч жакка кетпейм, — деди Майрам ыйлап, ал каталыгын сезип каникулда ата-энесиникине кетип калды, балдарын ойлогону менен өзүнүн дагы жаштыгы өтүп кете электе бирөөнүн этегин кармабаса болбосун сезди. Ата-энеси кызынын абалына боору ооруду, акыры ага өз айылынан эле аялы өлгөн бирөө чыгып ага тийип кетти. Муса жакшы жигит, карапайым иштемчил, эки баласы бар, Майрам аны менен жашап калды, Кумарбек анын турмушка чыгып кеткенин угуп таарынып жүрдү, Жасмин менен Анарбек анча билген жок. Бир жылдан кийин Майрам кыз төрөп алды, өзүнүн тынып-тынчып калаарына көзү жеткен соң күйөөсүн шаарга кетели деп көндүрө баштады. Ал ата-энесине айтты эле макул болушту, Майрам балдарына учурушмак болуп барып келди да банктагы акчасын алып үй издешти Муса экөө. Акыры жакшы үй алып жашап калышты, Кумарбек келбейт, Жасмин менен Анарбек келип кетип турат. Эмлистин аялы Данагүл, өтө митаам да куу да эле, Майрам күйөөгө тийип Жасмин менен Анарбек барып келип жүргөндө бир күнү кайненесине минтти:

— Апа, Жасмин деле чоңоюп калды, же апасына биротоло барсын, же бул жерде болсун, — деди жыландын башын чыгарып.

— Эмне болду? — Акылай келинин тикчие карады.

— Балдар жаман өсүп калат, орто жолдо жүргөн бала ээн баш болуп калат апа, чоңойгон сайын сиз аякта жүрөт деп ойлойсуз, ал бул жакта деп ойлойт, анын кайда, эмне кылып жүргөнүн билесиз?- деди куулана, — Айрыкча азыр кыздарды-кыздар бузат, ээнбаш кыздарга кошулуп баш бербей калса кантесиз?

— Кой кайдагыны айтпа, колдорунда телефону бар билип алабыз, — Акылай келинин жактырбагандай туруп кетти, бирок ойлонуп калды: «Айтса айтпаса төгүнбү, ырас эле кыз баланын жүрүшү башкача болуп бара жатат, эмне кылуу керек, өгөй атанын колуна берүүгө да болбойт», — деп ойлонуп турганда Жасмин келип чоң-энесин өөп эркелей кетти:

— Чоң эне эмнеге ойлонуп отурасыз?

— Силерди берекем, чоңойгонуңарды атаң көрсө болбойт беле…

— Атамды аябай көргүм келет, эмнеге өлүп калды? — Жасмин араң эле турганбы ыйлап аны кучактап калды, — Мен атамды сагындым чоң эне!

— Каралдым ай, эстетпейин дедим эле…

— Мен дагы сизди капа болот деп айтчу эмесмин.

— Апаң жакшы жүрөбү кызым?

— Ооба, кызы чоңоюп калыптыр.

— Ал эми сенин сиңдиң да кызым, күйөөсү дурус элеби?

— Жакшы эле го…

— Мейли, жаш неме өмүр бою биздин эшигибизде жүрө бермек беле?

— Биз менен жүрө берсе болмок, — Жасмин мурчуңдады.

— Кызым, сен эми чоңоюп калбадыңбы, эмдиги жылы мектепти бүтөсүң, эки жакка көп чыга бербе ээ кызым? — деп ойлуу чачынан сылап жыттап коюп оор үшкүрүп алды, Жасмин жаш эмеспи чоң энесинин оюн түшүнбөдү, эмнеге анткенин деле билбеди. Болгону өзүн жамандыктан коргогусу келгенин түшүндү. Акылай үндөбөгөнү менен келин Данагүлдүн айтканы көңүлүнөн кетпей туруп алды, бирок балалыгы кете элек эрке небересин жаман жолго ыраа көрбөй тим болуп турду. Курман сакайып кеткенден кийин да эч ким менен сүйлөшпөй эрмеги эле намаз болуп теспеси колунан түшпөй турса дагы «алла» оозунан чыгып күңгүрөнүп сүйлөп калчу болгон. Акылайдын эрмеги неберелери, чурулдап бири менен бири урушуп талашып кайра заматта ойноп кетип ортодо далдалчы, ошондон кубат алып кудайга ыраазы… Майрам кызынан кийин дагы бир уул төрөп алып иштегенге убактысы келбей үйдө болуп калды, Муса кудайы момун адам, Майрамдын балдарына да, өз балдарына да бирдей карап мээримин төгүп турат, ынтымактуу үй-бүлөөлөрдөн болуп жашап жатышты. Кызы Жасминге аябай окшош, атын Айлин койгон, уулу бир жаштан өтүп бактылуу эне, ата-энеси тез-тез келип кабар алып турушат, Мусанын ата-энеси келинине ыраазы болуп неберелерин алып келип берген, төрт бала менен эч жакка чыга албай жүргөндө анын телефонуна бир СМС түштү, Майрам эшикте жүргөн, Муса баласын алып отурган, эч нерсе оюнда жок эле ачып окуп кирди: «Майрам, мени кечир, сени сүйөт экенмин, сенсиз бактылуу боло албадым, кааласаң барам да жаңыча жашоо баштайбыз, акчаларыңдан калганын дагы салып жиберем, сенин ишеничиңди өчүргөнүм үчүн өкүнөм», — дегенди окуп алып кайра билмексен болуп отуруп калды. Майрам эч нерсе капарсыз оокат менен алек, Муса базарда соода кылат, контейнери бар, албетте баарын Майрам өзү алып берген. Эки-үч күндөн кийин билгизбей анын телефонун карады эле Майрамдын жөнөткөнүн окуду: «Мен сендей арсыз эркекти сүйгөнүмө өкүнөм, эми сени көрмөк турсун атыңды уккум келбейт», — дептир. Андан келген кат: «Таарынычың күч экенин билем, бирок жаңылыштык кимден кетпейт, кечир мени Майрам», — жок, эми менин тынчымды алба, мен турмушка чыгып татыктуу адамдын жары болуп эки балалуу болгонун, менин бактымды эми талкалабаса, суранам, акчанын да кереги жок», — деген бойдон жооп келбептир. Ошондон бир жума өткөндө Майрам:

— Муса, сен балдарга көз болуп тур, менин Москвада курбум бар эле, акча карыз алып кеткен, салып жибериптир, алып келе коеюн, — деп жөнөп калды.

— Канча акча эле?

— Беш миң доллар.

— Көп го?

— Алганын берет да, — деп кете берди, Муса унчуккан жок, акчаны ким салганын билип эле турду, бирок унчукпады, бул телефондогу каттар ошону менен бүткөн жок, бара-бара тез-тезден келчү болду, анын окуганын Майрам билбеди, балдары менен Муса экөөнө кийим-кече алып берип, Жасминге каалагандай кымбат сотка, Анарбек менен Мусанын эки баласына ноутбук алып берди Майрам. Жаңы жыл болуп калган Майрам телефонуна СМС келгенин билгизбей карап окуп отуруп калды.

— СМС келди го, бителден бекен? — деди Муса.

— Ооба, бирдемени эле жөнөтө берет.

— Ийи, — деп тим болду, бир аздан кийин Майрам тамак жасамак болуп чыгып кеткенде дароо окуса: «Мен шаардамын, эртең саат үчтө музейдин алдынан күтөм Турус», — дептир. Эчтеке билбегендей отуруп калды. Бирок базарга чыгып кетти, кечинде келсе Жасмин балдар менен отуруптур.

— Майрам кайда кетти? — деди Муса.

— Апамды бир курбусу чакырып кеткен, келип калат, — деди Жасмин.

— Аа-а, — деп коюп телевизор көрүп отуруп калды, көп өтпөй эле Майрам келди.

— Кечигип калдым, бир курбум экөөбүз көптөн бери жолуга элек болчубуз, — деп кашкайган калпты айтып кирип келди, ал Мусанын СМСтерин окуп жүргөнүнөн кабары жок эле.— Үйгө эле ала келсең болмок, — деди Муса.

— Кийин келет, — деп койду, Муса унчукпай калды: «Мунусу качан токтоор экен, бир иши бар, анысы кечирим сураса кечирип басып кетээр бекен, же жашыруун жолугууну уланта берээр бекен, дагы байкайын, кандай мамилеге өтөөр экен, же балдарды таштап басып кетеби», — деп ойлонуп жатты. Майрам эчтеке болбогондой жаркылдап маанайы күндөгүдөн башкача көрүндү ага. Ошондон баштап ал күндө бир жакка кетчү болду, базарла отуруп телефон чалды эле үйдөмүн деп койду, ал аны билүү үчүн эрте келди, келсе жок, төртөө ойноп отуруптур, өзүнүн улуусу окуудан калып кичинекейин көтөрүп жүрүптүр. Ошол бойдон кечинде келди, жүзү албырып ичкилик ичкени көрүнүп турду.

— Кайда жүрөсүң? — деди Муса ачуулана.

— Эмне болду, жанараак эле кеткем.

— Мен сага качан чалдым эле?

— Саат экиде, эмне болуп кетти?

— Мен үйгө эки жарымда келдим, Кубат окууга барбай калыптыр!

— Ой ка-алп, мен ал келгенден кийин эле кеткем, — Майрам моюнуна алаар эмес, Мусанын ачуусу келип кетти:

— Жетишет, артист болбой эле гой, мен баарын билем!

— Эмнени билесиң, кызыксың го? — Майрам делдээ карап чоочугандай түр көрсөттү.

— Турусбекти билем, анын кечирим сураганын, акча салганын баарын билем!

— Муса-а…

— Ооба, мен сени өзү айтаар деп жүрдүм, мени көк мээ деп ойлодуңбу, анын Москвадан келгенмин, жолугушууга чакырганмын да билем, курбуңа жолукпай эле ошого жолукканыңды билип туруп унчукпадым, ачык айт кетсең, мен сени кармабайм, калп айтып мени да өзүңдү дагы алдабай ачык сүйлө! — дегенде Майрам бир бозоруп бир кызарып же ыйлай албай же күлө албай туруп калды, — Мен сени менен кызыл чеке болуп урушкум келбейт, эми баарын угуп билип туруп кантип жашайбыз, — деп сыртка чыкмак болгондо:

— Муса, мени кечир, мен аны менен жаман жолго барганым жок, ал мени коркутуп алып кетем дегенинен эптеп жолугуп түшүндүрүп айттым, үйүңө барам деп жатат, — деп ыйламсырап алдын тосту, — Эми чалса милицияга берем деп келдим, ишен мага.

— Кантип ишенем, мен базарда болом, сенин эмне кылып жүргөнүңдү билем?

— Эми СМС жазса сен барып сүйлөш ишенбесең.

— Ал мурдагы сүйгөнүң беле? — дегенде Майрам унчуга албай калды, — Болуптур, бул жолу мен сени кечирдим, бирок кайталана турган болсоң төрт баланы аламын да бул үйдөн кетемин, — деди да чыгып кетти, Майрам балдарынын орунун салып жаткырып анан төшөгүн даярдап күтүп отуруп үргүлөп кетти, ошол көз ирмемдик мүнөттө анын көзүнө Эрнис кирип: «Ак никени аттаганыңды койбосоң жаман акыбалда каласың, балдардан уялсаң боло, мени да убагында жазгырып жүргөнүңдү эми билдим, артыңды ойлобойсуңбу», — деп жинденип кадимки тирүүсүндөгүдөй ачууланып жатыптыр, чоочуп ойгонуп кетсе Муса кирип келе жатыптыр.

— Келдиңби? — деди күнөөлүүдөй акырын.

— Келдим, — деп чечинип ордуна жатып калды.

— Муса, мага ишенбей калдыңбы?

— Билбейм, мен өзүмө дагы ишенбей турам, адаммынбы же айбанмынбы деп, — дегенде Майрамдын жүрөгү зырп этип кетти, ал эми эле Эрнистин арбагы өзүнө ачууланып жатканын эстеп коркуп кетти:

— Муса, мени кечир, сага айтпаганым үчүн.

— Баары өттү, эми түз жүрбөсөң, мен сени менен урушуп отурбайм…

— Эч кандай кайталанбайт, балдарымдын кусуру урсун.

— Карган карганба өзүңдүн жүрүшүңө байланыштуу, — деди да ары карап жатып алды, Майрам унчукпай жатып: «Кудайым мени кечире гөр, ак никелүү күйөөмө экинчи кара санабайын, балдарым үчүн тынч жашайын, кечир жаратканым», — деп кудайга жалынып жатты. Ошол түнү ал экинчи арамдыкка барбас үчүн өзүнө-өзү ант берди, таң атканча уйку бетин көргөн жок, эртең менен эрте дагы Турусбек СМС жөнөтүптүр Мусага көрсөттү: «Эгерде бүгүн келбесең күйөөңө барып баарын айтамын, сени сүйөөрүмдү айтып жетелеп кетемин», — деген экен, Муса телефондун номерин чыгарды да сындырып ыргытып жиберди.

— Эмнеге анттиң, атамдар чала албай калат да.

— Өзүбүз чалабыз, сен эми аның жоголгуча телефон көтөрбө!

— Макул, — деп унчукпай калды Майрам, Муса базарга кетип калды. Ал бирок өзү базарга кетмек болгону менен үйдү айланчыктап Майрамды акмалады, бирок ал чыккан жок, саат ондордо Кубатты кийинтип сабакка жөнөттү, андан кийин акырын базарга кетти, анткени Самат бала карай албайт, кызы да жаш көңүлү тынып үч-төрт саат соода кылып кечинде келсе тамак жасап күтүп отуруптур.

— Кубат келе элекпи? — деди кирип эле.

— Келген, үйдө китеп окуп жатат.

— Ийи, — деп коюп отура кетти, эч кимиси сөз жаңыртпады, Майрам ичинен бүкү-түкү болуп жатты, ал Турусбекти өзү дагы сүйчү, болгондо дагы ал сөздүн берметин терип кооздоп ыр менен айтып сүйүүсүн жеткире албай жүрөт. Аны кыя албай Майрам дагы билгизбей жүрө берем деп ойлогон, бирок ал Мусадан эмес Эрнистин түшүнө киргенинен коркту. Андан кийин Турусбектен дайын чыкпай калды, Муса дагы Майрамга унчукпай мурдагыдай болуп калышкан эле, арадан бир айдай өткөндө дарбаза такылдаганынан чыга калча Турусбек турат.

— Эмнеге келдиң, менин турмушумду бузгуң келеби? — деп Майрам эшикти жаап илип алаарда күч менен кирип келди.

— Мен сенсиз жашай албайм дедим го?

— Эми кеч, мен сага ишенген кезде сен таштап кеткенсиң.

— Ал үчүн миң ирээт кечирим сурайм Майраш.

— Кереги жок, карачы эки балам бар, күйөөм билсе эмне кылам?

— Көзүнчө жетелеп кетем.

— Кете албайсың, мен сага бир ишенгенмин, эми ишене албайм.

— Азгырыкка кирдим Майраш, менин күнөөмдү кечирип мага жубай болчу, кааласаң күйөөңдөн уруксат сурайын, — деп жалдырап жатты Турусбек, ошол учурда Кубаттын агайы телефон чалганынан ага барып кайра үйгө келген Муса дарбазанын сыртына келгенде туруп калды.

— Кереги жок дедим го, турмушумду бузба Турусбек.

— Сени алып кетмейинче бул жерден кетпейм.

— Эмнеге, мени өлтүрөсүңбү?

— Сени неге өлтүрмөк элем, сенсиз мага жашоо жок, — Турусбек кучактамак болуп жатканда Муса кирип келди:

— Эмне болуп жатат бул жерде? — Каштарын жыйыра карады.

— Муса-а, — Майрам коркуп кетти.

— Тууган, бирөөнүн аялында эмне жумушуң бар?

— Акеси, бул менин сүйгөнүм болчу.

— Эми менин аялым, эки баламдын энеси.

— Сизден кечирим сурайм, Майрашка жооп бериңиз.

— Майрашка жооп бере албайм, анткени мен анын ата-энесинин колунан алганмын.

— Баары бир сени сүйбөйт, кое берсеңчи старик, — деп мылжыйды Турусбек.

— Турусбек, сен акмак экенсиң, менин үйүмдү бузгуң келеби, анда мени өлтүр! — Майрам аны жинди болгон эмедей сүзгүлөп кирди, — Мени тынч кой, болбосо өлтүр! — Ошол учурда коңшулары жолго чыгып алардын үйүн жардана карап калышкан, бирөөсү чалып койдубу заматта милиция келип алып кетти, аны менен бирге Майрам менен Муса дагы кошо барды, Майрам арызын жазды, Турусбек бөлүмдө калды. Муса үйүнө келгенде да үн катпады, ошондон кийин эле Турусбектин психикалык жактан оорусу бар деп далилденип жиндиканага кеткенин угушту. Майрам бир туруп боору ооруп кетет, бир туруп аны өзү жактырганын мойнуна алып сүйгөнүн коргогусу келип чечкиндүүлүк кылгысы бар, аргасыз колундагы эки баласын, кайнатасында калган үч баласын ойлоп Муса менен биротоло калмак болду. Муса ага унчуккан жок, бирок Турусбекти анын сүйөөрүн билди, ичтен тынып тим болду, Турусбекти тааныш аркылуу жиндиканага жаткырып туруп чыгарып жиберишти. Ал эми андан үмүт үзүп өз бетинче жашамак болуп өз жолуна түштү. Майрамга ишенип калды Муса, андан кийин эч кандай шек билинбеди. Жасмин бой жетип бир жылдан кийин мектепти бүттү, акыркы коңгуроосуна бармак болуп жатканда Жасмин телефондон: «Чоң атамдар бармак болду, сиз убара болбой эле коюңуз», — деди эле отуруп калды. Ошол күнү Жасмин алгачкы жолу жигит менен сүйлөштү, анткени көптөн бери анын артынан калбай жүргөн жигит бар болчу. Ынтымак жөнөкөй эле базарда соода кылган адамдардын баласы эле, Жасминди көрүп ашык болуп жүргөн, ал ошол Курмандын жашаган үйүнө жакын жерден үй сатып алып көчүп келишкен. Акыркы коңгуроо болуп жатканда Курман менен Акылай гүл берип куттуктаган соң үйлөрүнө кетишкен, Жасмин кыздар менен турган, кечки вечеринкага даярданмак, Ынтымак жакын басып келип гүл берди:

— Жасмин, бүгүнкү майрамың менен куттуктайм!

— Рахмат, — Кыз жылмая гүлдү алып жыттап койду.

— Бүгүн бир аз жолуксак болобу?

— Убактым жок, вечеринка болот бизде.

— Ошого чейин бир аз эле…

— Эмне жумушуңуз бар?

— Эми, сиз менен жолугуп сүйлөшкүм келет.

— Жарайт, жарым саатка.

— Рахмат Жасмин, мен бул арада болом, — деп ары көздөй басты, Жасминди жанындагы кыздар тегеректеп калды:

— Жасмин, бул красавчик ким?

— Жигитиң го ээ?

— Ай койгулачы, Жасминди сүйгөн ушул эле бекен, толуп жатат, — деп Гүлина колтуктай ары басып кетти, — Сен эмне аларга отчет бермек белең?

— Сураса сурай берсин, бул жөн эле коңшу болот.

— Сени сүйбөсө келбейт эле го чынбы, а сен сүйбөйсүңбү?

— Жо-ок ай, сүйүү жок бизде, кошуналык эле мамиле го.

— Анда сен билбейт экенсиң Жасмин, ал сени сүйөт экен.

— Күлкүмдү келтирбечи Гүлина, элестет менин Ынтымакты сүйөөрүмдү, — деп Жасмин күлүп жатты, — Мен жөн эле аны кошуна катары көрөм.

— Сен сүйбөсөң мен чаап алам анда.

— Чаба бер.

— Сүйө турган жигит экен, мага жагып калды.

— Менде ага деген эч кандай сезим жок, аны билбейм.

— Болуптур анда, аны менен жолугушууга мен барам макулбу?

— Жарайт, сен бара бер, — деди Жасмин чын дилинен, андан кийин балдар-кыздар чогулуп вечеринкага даярданып жатышты, Жасминге Майрам вечеринкага кие турган көйнөк алып берген болчу, жарашыктуу кийинип алган кыздар оюн-зоок уюштуруп жатканда Жасминдин телефону чыр этип караса Ынтымак экен, ал Гүлинага акырын шыбырады эле ал ошол кийими менен чыгып күтүп турган Ынтымакка келди:

— Салам, менин атым Гүлина, — Колун сунду Гүлина.

— Салам, менин атым Ынтымак, аа-а Жасмин келген жокпу?

— Кечириңиз, Жасмин болбосо мен турамын го? — Гүлина жылдыздуу жылмайды, — Балким сиз өзүңүздү сүйбөгөн адамга убара болуп жүрбөңүз?

— Не дегиңиз келет?

— Ал сизди сүйбөйт дегим келет.

— Муну ал сизге өзү айттыбы?

— Өзү айтпаса мен кайдан билем, бирок сизди жактырган кыз жаныңызда турганын байкасаңыз болмок.

— Жаңыласыз, жүрөктү алдаганга болбойт эмеспи.

— Башкарса болот, куру сүйүүгө жетелегенден көрө жүрөктү башкарып өзүңдү сүйүп турганды көрө билишиңиз керек, — деп Гүлина ага жагынмак болуп жылмая карап көйнөгүн улам-улам серпип наз көрсөтүп жатты, — Биздин кечеге кирип бийлебейсизби?

— Чакырылбаган конок болом го.

— Мен чакырам, жүрүңүз кирели.

— Жарайт, — Ынтымак Жасминди көрүү үчүн кирди, ошол учурда Жасмин классташы Жаныш менен бийлеп жаткан, көйнөгү делбиреп бир башкача көркөм көрүнөт, Ынтымак аны көрүп эле туруп калды, анын алдында мойну койкойгон аккуу учуп келип конгондой көйнөгү делбиреп жеңи желпилдеп түйүп алган чачы өзүнө жарашып жигиттин колунда жеңил бийлеген балеринадай учуп жүргөн эле, аны колтуктап алган Гүлина аны силкти:

— Ээ-эй, кайда карап жатасың, жүрү бийле.

— Аа-а, мен бийлей албайм го?

— Эмнеге?

— Силердин классташыңар болсо уят, мен мында күтүп карап турам.

— Ынтымак, койчу эми кыздарга назданбай жүр бийлейбиз, — Гүлина аны болбой бийлеп жаткандарды көздөй жетеледи, акыры экөө бийлеп жатты, Ынтымак кыздын кыймылы менен эптеп бийлеп жатканы менен эки көзү Жасминде болуп жатты, — Сүйлөбөйсүңбү, — деди аны байкаган Гүлина.

— Эмнени сүйлөйүн, — Ынтымак кайра эле Жасмин жактан көз албай айтты, — Сөз деле жок…

— Эми-и сүйүү жөнүндө сүйлөсөң, — Гүлина аны колу менен өзүнө каратты, — Азыр илгерки заман эмес да, мисалы мен сени сүйөм десем кандай кабыл алат элең?

— Сенби? Мениби? — Ынтымак аны эми көрүп тургандай таңгала карады.

— Ооба, эмне экен? — Гүлина анын ийнине башын жөлөп алды, ошол кезде музыка токтоп калды, Жасминди бийлеп жаткан жигит колунан жетелеп ары барып сүйлөшүп туруп калды, Ынтымак ага ичи күйүп, жолугушууга өзү чыкпай койгонуна ыза болуп турду. Кече аяктап баары тараганда Ынтымак аны үйгө кетчү жактан тозуп турганда Жасминди Кумарбек машинасы менен алып кетип калды. Ынтымак ыза болгон бойдон үйүнө кетти. Ал Гүлинаны ойлоду, анын оюу боюнча кыз кишинин сүйүүсүн өзү айтканы өрөөн учурады, кыргыз кызы назик жана өз сүйүүсүн эч качан айтпаган, назик жана аруу болушу керек эле: «Чектен чыккан адепсиз кыз окшойт, неге Жасмин өзү чыкпай аны жөнөттү, демек ал мени сүйбөйт, көңүл үчүн болсо дагы жолуккусу келбегени жигити бар экен да, ошол жигит кандай гана бактылуу, озунуп кеткен экен, бактылуу бол Жасмин», — деп ойлонуп улутуна үйүнө жетип капалуу жатып калды. Жасмин болсо аны ойлонуп: «Кандай ойдо калды экен, Гүлина эмне деп айтты экен, чаап алам дегени кызык, ал эмне чаап алгыдай чөп же отун беле, ал адам го, анын дагы өз каалаганы бар», — деп өзүнүн бөлмөсүндө ойлонуп жатты. Бирге бийлеп жаткан классташы Азамат эле, ал дагы көптөн бери сүйүүсүн айтып жүргөн, бирок Жасмин аны анча жактырбайт. Сүйүү бул адам өмүрүндөгү бир жаңы жашоонун өзөгүн ачкан даңгыр жол, жашоосун шаңга бөлөгөн ыйык сезим, өмүрүн бакытка бөлөөчү да, кирген суудай ала салдырып ылайга салчу нерсе.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE