Пример HTML-страницы

Кен пейилдик бакыт 12 болум

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кен пейилдик бакыт 12 болум

— Кудай ай, алып калсак болбойт беле, — деген Гүлсана унчукпай калды, ошентип аны узатып кала беришти, бою узун болгондуктан аны улуттук гвардияга алды, Темир адеп барганда абдан кыйналды, анан бир айдан кийин ант беришти, ошондо Гүлхан барып үйүнө жооп сурап бир күнгө алып келди да эртеси жеткирип келди. Ошондон баштап Темирге жума сайын барып жолугуп турат, бирөөнүн телефону менен чалат да бирдик жүктөөнү сурайт ал, Гүлхан анын айткандарын бүт аткарып жүрдү, бир күнү күүгүмдө качып келди, эмнеге качканын сураса такыр айтпады, аны түшүнгөн Мырза эртеси өзү ээрчитип барып сүрүштүрдү эле старшинасы аны уруп коюптур. Аны билген соң ал арызданмак болду эле ротанын командири эч кимге айтпасын суранып аны өзү жазалаарын айтты. Темирди күндөп-түндөп сурап командиринен билип турушту, ошентип Темир алты айдан кийин көнүп калды, бир жылдын өтүшү өтө кыйын болуп акыры аскердик мөөнөтү дагы бүтүп үйүнө келди, Кулубек менен Гүлсана кубанып аны ээрчитип келген кыз күйөөсүнө сүйүнчү берип кой-эчкисин союп эл чакырып бата алышты, көп өтпөй эле айылдан өздөрүнө жаккан кызды алып беришти, той берип элдин алдында көрүнүү үчүн өз айлындагы чоң кафеде үлпөт тоюн өткөрүштү. Алина жоош момун жакшы кыз эле, кайната-кайненесин сыйлап турат, жыл айлана алар балалуу болушту, Кулубектин кубанганын айтпа, кудасы Айтбек экөө бөтөлкөнү алдыга коюп алып оңуп калышты, Гүлсана келини менен алек, Салима дагы небересин көрүп абысындары болуп келишкен, бака-шака болуп жатышты.

— Куда, — деди Кулубек сөөмөйүн чычайта, — Менин жалгыз кызым бар, эми Алина дагы менин кызым, эң биринчи небере жыттаткан келиниме мен бир белек камдап койгонмун, — деп Гүлсанага карады, — Гүлсана, алып келчи Алинага деген белекти.

— Азыр, — Гүлсана күлүп калды, — Бул эбак эле алып келип койгон, неберемди көргөндө өзүм берем деп, — Туруп барып алтын чынжырчаны алып келди, — Мына, өз колуң менен бер эми.

— Бере-ем, — Кулубек бир аз кызый түшкөн, туруп барып баласын алып отурган келинине сунду, — Ала гой балам, бул сенин балама уул, мага небере тартуулаганың үчүн.

— Рахмат ата, — деп Алина тартына алды.

— Тагынып ал балам, — деди Гүлсана.

— Келгиле эмесе, небереңер үчүн, биздин жээнибиз үйүн алып коелу, — деди Айтбек.

— Алалы, менин эң тун неберем, — деди Кулубек, — Силерге дагы ыраазыбыз кудаа-кудагый, бизге ушундай кызды тарбиялап өстүрүп бүлөө кылып бердиңер, — Баары алып жиберишти, алар антип отурушканда Темир мал көздөп жүрдү, ал ата-энесинин кубанычын туура кабыл алып тим койду. Ошол күнү алардыкына Курман келди, бул жолу ал улуу баласын ала келген, өзү Мелистен кийин бир топ картая түшүптүр, чачтары купкуу болуп арыктап да кеткени көрүнүп турат. Кулубектин неберелүү болгонун көрүп бакылдаган адатын карматып миң сом көрүндүк берди, Эрниске малын тапшырганы келген экен, баары менен тааныштырып анан бир жылдан бери жакшы каттабай айлык акысын бере электигин эске алып бир жылкыны берди.

Эсептешип анан кетип жатып:

— Куке, небереңе бергеним болсун, бир тайды жылкыңа кошуп бөлүп ал, — деди.

 

Уландысы бар…

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE