Пример HTML-страницы

Кен пейилдик бакыт 11 болум 

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кен пейилдик бакыт 11 болум

— Эмне Мырза өгөй балабы? — деди Гүлхан билсе да билмексен сала абысынын сынай карап.

— Өгөй кайда, анда бири өзүнүкү болбойбу, — Аруужаз күлүмсүрөп өзүн башкалардан сулуу сезине кашын керип койду, — Бул сөз ичиңде калсын, ооздон чыгып кетти. Мырза укса капа болуп жүрбөсүн, — деп жайкай колтуктап ичкери киришти. Гүлхан дароо түшүндү, анын баары бир оозу ачык, көргөнүн жаткырбаган жеңилдигин. Аруужаз мурун салмактуу да көп сүйлөбөгөн акыл-эстүү эле кыз эле, негедир барчылыкка келгени бир нерсени кызгангандай, жалаң эле Акберди экөөбүздүкү, ага кайдагы бирөө шериктеш болуп жатат деген кызгануудан ичи тарый баштаган. Мырза менен Гүлханга өз бөлмөсүн мурункудан дагы кооздоп көшөгөнү тартып анан киргизишти…

Курман ичинен өкүнүп калды: «Эгерде эртелетип Кулубектин алдына барсам ал баш тартмак эмес, ал берген жүз миң сомду мен дагы бермекмин, Мелисим тирүү калат эле, кылмышка кириптер болбойт эле, Акылай болбогондо баары ойдогудай болмок», — деп ойлонуп түнөрүп: «Болгону сенин малчыңдын кызы да, балаңдын башы адашып жатса керек, оюма койсо ошол кызды келин эмес шыпыргыч кылып албайт элем», — деген сөзүн эстеп аялын жек көрүп кетти: «Акылы кем аялга байлык артыкчылык кылат, мындай аялдарды куур тон менен гана коюп койсо ооз кесир сөз сүйлөбөй калмак», — деп ойлонуп жатты. Мырза абдан бактылуу, ал өздөрүнчө калганда Гүлханды кучактап алып оор дем алып алды:

— Менин өмүрлөшүм дагы, сырдашым дагы сенсиң, — деди.

— Менин дагы, бизди бактылуу кылган ата-энебиз Мырза.

— Тура айтасың, муну унутуу акылсыздык деп ойлоймун.

— Мен дагы, биз үчүн алар баарына даяр, үмүтүн эмгегин актообуз керек.

— Акылкарачачым, кудайым сулуулукту гана эмес акылды да берген экен сага, аман болуп маанайымды жаркылдаган жүзүң менен көңүлүмдү көтөрүп жүрсөң болду.

— Өзүң дагы аман бол, — Ошол учурда мурда эшикти какпастан кирип келип көнүп калган Акберди кирип келди, экөө тура калышты:

— Оой кечиргиле, — Акберди уялып кетти, — Такылдатып киришти эсимден чыгарыпмын.

— Эчтеке эмес ага, көнүп калгандыкы го? — деп Мырза күлө жанына барды, — Бизден кечирим сураганга акың жок, уялтпа бизди агатай, — Ийинине колун койду.

— Ошентсе да…

— Антпе ага, биз сага карыздарбыз, — деди Гүлхан, бул эмне деп жатат дегендей Акберди Мырзага каш кага көзүн өйдө көтөрдү.

— Неге Гүлхан?

— Өз бир тууганыңыздан кечирим суроого болбосун айткым келди ага.

— Аа-а, керек жерде суроого туура келет, — деп Мырзага кайрылды, — Старик, жүрү экөөбүз бакка чыгып келбейлиби, кеңешчү иштер бар.

— Жарайт, мына даярмын, — Мырза күлүп аны ээрчий чыкты, — Кандай иш?

— Иним, эми сен үйлөндүң, кичүү болгон соң сен бул үйдө калууң керек, демек атам менен апамдын жанында сен каласың.

— Ишеним артканың мен үчүн абдан чоң сыймык, атамдар эмне дешээр экен?

— Алар кеңешкени жатат, биз бөлүнүүбүз керек, ата-энебизди сен карооң керек иним, буга каршы болбоссуң?

— Жаным менен макулмун, — Мырза саамга ойлоно түштү, — Неге бөлүнөсүң, чогуу жашасак болбойт беле?

— Ээ иним, жеңең өзүбүзчө жашайбыз деп жатат.

— Атамдар ошого көнөбү анан?

— Мен көндүрөм, сен калсаң болду, аларга бирибиз маңдайында болгонубуз жетет, — деп Акберди күлүп койду.

— Мен ата-энебизди колумдан келишинче көзүмдүн карегиндей карайм.

— Рахмат, мен сага ишенем, — деп андан кийин экөө көпкө сүйлөшүштү. Акмат менен Тоту дагы кеңешип жатышты, Тоту Мырзаны бөлүп жиберели десе Акмат Акбердини бөлүш керек, — деп экөө бир пикирге келе албай эртеси чогуу отурганда Акмат аларга сөз баштады.

— Балдар, мына эр жетип үй-бүлөө күттүңөр, эми салт боюнча ата-эне балдарын бөлүүгө тийиш, кимиңер бөлүнгүңөр келет, бул жерде кимиңер каласыңар?

— Ата, — деди Акберди жалтаңдай, — Салт боюнча деп атасыз демек салт боюнча болсо улуусун бөлүү керек го дейм? — деди күлгөн болуп, — Же калп айтамбы?

— Сен эмне дейсиң Мырза? — Акмат Мырзага кайрылды.

— Аким акем туура айтат ата, мен кичүү болгондон кийин силердин колуңарда калуум керек.

— Эмесе кандай чечтик? — Акмат Тотуну карады, — Балдардын оюна кандай карайсың байбиче?

— Өздөрү кандай чечсе ошондой болсун.

— Болду анда, Акбердини бөлөбүз, эртең Аруужаз экөөңөр өзүңөргө жаккандай үй издегиле, жарнамадан карагыла, — деди Акмат.

— Жарайт ата, — деди Акберди, ошентип аларды бөлүштү, заңгыраган особняты алып берип баарын даярдап берди, Мырза менен Гүлхан ал жерде калды, бирок ашынган жумуш деле жок, баарын кызматчы даярдайт, жадагалса кирлерин дагы алар жууп Гүлхан окуусуна барып келүү менен алек, мырзаны жумушка орноштуруп койгон, архитектурада иштейт, анын болгон иши Гүлханды окуусуна эртең менен жеткирип түштө алып кетет. Тоту небересин алып калган, Акберди менен Аруужаз тез-тез келип турат. Болот баягыдан кийин кээ-кээде ооруп калганы болбосо Канымга жардам берип ирдене баштаганда кредит ала коюп банкрот болуп калышты, үйү дагы жарым жартылай бүтө элек, Каным бир күнү Аруужазды чакырып алып:

— Мен банкрот болуп калдым кызым, сен мага кредит алып бер, өзүм төлөп жаап коем, — деди.

— Апа, Акы менен кайнатамдар билип калса эмне дейм?

— Аларга билгизбей бүтүрөм.

— Кандай кылып алып берем?

— Үйүңдү коюп ала бер, мен төлөп коем дедим го?

— Ооба, сен алып берсең аны жабам дагы кайра соода кылып сеникин төлөй баштайм.

— Апа корком, ошончо акчаны эмне кылып жок кылып алдыңар?

— Той-топурага кошумча кошуп, эл катары кийинсин деп инилериңди кийинтип эле ушул болду, — Каным күнөөлүүдөй унчукту.

— Бутка турганча той топураны эмне кыласыңар, кенен ичип-жеп калгандан артканын жыйып кишидей жашаганга аракет кылсаңар боло, — деп Аруужаз апасына капа болуп кетти, ал ошол учурда дагы кош бойлуу эле, Акберди жокто үйүн залогко коюп бир жуманын ичинде текшертип анан жүз элүү миң сом кредит алып берди.

— Кам санаба кызым, өзүм билгизбей төлөп коем, — деп Каным кубанып акчаны солой салып жөнөдү, бирок ал кайра эле инисине он миңин, сиңдисине он миң кылып берип мактанып товар алып соода кылып, иштешкендери менен отурушка барып, оюн-күлкү менен болуп жүрүп дагы эки-үч айдан кийин эле төлөөгө келгенде акчанын изин таппай эптеп беш ай төлөгөн соң төлөй алай калды, анысын айта албай жүргөндө банктан Аруужазга чалды. Ал барып төлөнбөй калган кредитти Акбердиге айтпай төлөп апасын урушуп жатты:

— Мени уятка калтыра турган болдуңар, кайда кетти акча, эмне кылып жатасыз деги? — Ачуусу келе карады.

— Соода жакшы болбой артка кетип жатат, эми төлөйм кызым.

— Каным, — деди Болотбек, — Сен жанагы отуруш анан касса ойногонуңду токтот.— Анын зыяны тиймек беле, кайра эле чогулуп келет, — деп Каным күйөөсүн жаман көрө карады, — Сен деле көрүп турбайсыңбы, соода жакшы болбой жатат го?

— Эми ай сайын төлөгөнгө чыгарсаң болот да.

— Ичпей-жебей койгула анда.

— Апа-а, карандай чай менен деле жүрдүк эле го, манты менен оромо сатып күн көрчү эмес белек, кичине артыңарды ойлосоңор боло, мен эки балам менен эмне болом, эгерде алар билсе мага баламды да карматпай өзүмдү чыгарып коет, ошол керекпи силерге? — деп Аруужаз ыйлап кетти. Ошентип кредит төлөнбөй калды, Аруужаз болсо айы күнүнө жетип төрөй турган болуп калган , Акберди ошол күнү үйдө болчу, Аруужаздын телефону жаны калбай чырылдай берди.

— Ало угуп жатам, ооба-ооба төлөйбүз, дагы бир аз күтсөңүздөр, ооба төлөп беребиз, — деп айтып Акберди кирип келе жатканда өчүрө салды.

— Ким чалды? — деди ал жай сурап.

— Аа-а апам эле келип кет дейт.

— Алып барып келейинби?

— Жо-ок өзүм эле барам, сен эс ала бер, — Аруужаз көздөрүн ала качып кийине салып сыртка чыкты, Акберди: «Апасы менен сөзү болсо керек, барса барып келсин», — деп ойлонуп жатып калды. Ал күнү кеч келди, ыйлагандай түрүн көрүп:

— Эмне болду? — деди Акберди, — Ыйлагансың го?

— Ата ооруп жатам дейт, — деп калп айтты.

— Анда врачка көрсөтөлү.

— Силерге жүк болгондон уялып жатышат, эртең өзү барып көрүнмөк болду, — деп жайгарып койду.

— Капаланба алтыным, балага зыян болот, — деп Акберди келинчегин имере тартып кучактап алды, — Көңүлүңдү чөктүрбөсөң.

— Чөктүрбөйм деле.

— Бакайчиктин инисинин ден-соолугу таза төрөлсүн жаным.

— Буйруса жакшы эле, врачтарга көрүнүп жатам.

— Атын ким коебуз Аруу?

— Атамдар коет чыгар.

— Гүлхан дагы төрөйүн деп калды, алар анын атын Манас коебуз деп алыптыр, эмитен эле, — Акберди күлүп койду.

— Анда биз Алманбет коербуз.

— Аман-эсен көз жарып алчы анан көрөбүз, — Эки жаш аймалаша жатып калды, эки күндөн кийин Аруужаз уул төрөдү, Акмат менен Тотунун кубанычында чек жок эле, жалгыз уулунун башы эки болгонго кудайга ыраазы, Акмат кийинки убактарда ден-соолугу начарлап кеткенине байланыштуу жумушунан бошонуп алып Бакайды эрмек кылып үйдө болуп калган. Аруужаз төрөгөндүн эртеси Акберди эми жумушуна жөнөмөк болуп жатканда эки жигит менен бир кыз алдынан чыкты.

— Саламатсызбы, Болотбекова Аруужаз бар бекен?

— Жок эле…

— Кайда кеткенин айта албайсызбы?

— Ал төрөтканада, мага айта бергиле.

— Кредит алган эле, төлөнбөй жатат, мыйзам боюнча үйдү бошотууңарга туура келет, — деди узун шыйрак, көзүн капкара, оозу кызыл кылып боенгон кыз.

— Эмне, кандай кредит, жаңылып жаткан жоксуңарбы?

— Болотбекова Аруужаз, 1988-жылы туулган, сиздин келинчегиңизби? — Жигит кагазын карап окуп кайра Акбердиге тике кайрылды, — Сиздин аты жөнүңүз Исманов Акберди Акматович, жаңылган жокпуз го дейм?

— Ооба, баары туура, бирок кредит алганын билбепмин, мен эртең өзүм байланышам, — деп Акберди телефонун алып калып аларды узатып Аруужазга чалды, — Аруу, сыртка чык, жаныңда эч ким жокпу, эчтеке болгон жок, ооба качан алып жүрөсүң, эмне кылдың эле акчаны, ачык айтсаң болмок, үйдү бошоткула деп келишиптир, койчу эми ыйлаба, эптеп бир айласын табаармын, — деп өчүрдү: «Эми атамдарга кантип айтамын, азыраак акча болсо бир жөн, Аруужазды урушканда ордуна келмек беле, кой машинаны сатайын, машина алты-жети миң доллар болот, демек кутулабыз, атама бир шылтоо айтам да», — деп ойлоп эртеси унаасын сатыкка коймок болду. «Тойото камрисин», базарга алып чыгып алты миң долларга сатты да дароо кредит банкка барып төлөп үйүнүн документтин алып келип үйгө коюп эми төрөтканага жөнөмөк болуп жатканда Акмат, Мырза менен Тоту болуп келип калышты, алар чогуу барып Аруужазды төрөтканадан чыгарып келишти, Болот менен Каным да келген, Аруужаз күйөөсүнөн тарткынчыктап жатты. Бакылдашып отуруп наристеге Абай деген ат коюшту. Бул ат баарына жакты, ошентип ал күнү алар кеч кетишти, Акберди эчтеке болбогондой уулун колуна алып:

— Аруу, бул сага куюп койгондой окшош болот го? — деди.

— Чын элеби, Бакай кимге окшош?

— Ал өзүмө окшош, тун балабыз да.

— Мен муну деле сага окшошот го деп ойлойм, — Үңүлө карап туруп айтты, ал оюнда качан кредит жөнүндө айтат деп коркуп турду.

— Эмнеге, сага эле түспөлдөшүп турат го, же чоңойсо Бакайга окшоп калабы?

— Эмнеси болсо да аман болсунчу.

— Туура, туулганына эмес турганына сүйүн дешет го?

— Сен дагы ошону билесиңби ээ? — Аруужаз күлө карады.

— Билем, мен кыргыздын баласымын да, — Акберди дагы күлдү.

— Акы…

— Эмне болду жаным?

— Кредит…

— Эми кредит жок, коркпой эле кой, машинаны саттым, калган акча мына, — деп калган акчаны алдына койду, — Мындан ары кеңешпей иш кылчу болбо жарайбы?

— Атамдар укса эмне дейт?

— Кам санаба, өзүм жооп берем.

— Рахмат Акы, атамдар менен ансыз да уруштум.

— Неге, аларды урушпай эле кой, эми баары жайында болот.

— Ыраазымын сага, — Аруужаз кубанычтуу күйөөсүн өөп алды.

— Эки уулумдун апасын кантип жер каратайын, сен менин бактымсың, — Экөө эзилише өбүшүп жатканда наристе чукуранып баркырап ыйлап кое берди.

— Кара, мен сенден кызганып жатканын, — Аруужаз наздана уулун колуна алды.

— Ууз жыттанасың, жаш төрөгөн аял кандай аруу да таза дагы болот экен.

— Ошондойбу? — Көзүнүн кыйыгы менен карап эркелеп уулун эмгизип жатты, жаштыктын өзү бакыт эмеспи, жаштыгың өткөн соң аралда адашып калган жандыктай өткөн жакшы күндөрдүн элеси менен жашап калат эмеспи адам баласы, азыр бул эки жаш да жеткен бактылуулардан, барчылыктын жемишинен татып, уул десе уулдуу болуп бакыт дегенди толук түшүнө билбесе дагы рахатын көрүп жаткан учур. Дегеним кээ бирөө бакыттын көлүнө чумкуп, бейиштегидей жашап жатса да бакыт эмне экенине маани беришпейт эмеспи. Абай үч ай болуп күлүшүп калганда Гүлхан кыз төрөдү, ата-энеси жетине албай көрүндүгүн көтөрүп, бирди союп алып, боорсок менен таттууну алып жетип келишти, алар менен өкүл атасы Айып, Гүлнара экөө дагы келишкен. Чогулуп наристени көрүп атын Жаңылмырза коюшту. Акмат менен Тоту кубанып өз небересиндей эле сүйүнүп дасторконун кең жайып бака-шака болуп жатышты. Эки иштен бир иш деп Айып Акматка атайын сүйлөшкөнү келген, анын кызматтан кеткенин угуп кабагы түшө калганын байкаган ал ээндетип сурап билди. Көрсө Айыпты кодулап айыл өкмөтүнөн алганы жатыптыр. Акмат эртеси эле чалчу жерге чалып дайындап койду, Айып ыраазы болуп анан кетти, Мырза абдан кубанды, ал кызды жакшы көрчү, Акмат менен Тоту андан бетер кубанып түндөсү дагы үшүтүп коесуңар, — деп өзү алып жатат, качан ыйлаганда гана бербесе өзү карайт, Бакай экиден өтүп чулдурап сүйлөп калган, экөөнү эрмек кылып бактылуу жашоонун кучагында. Бир жолу Тоту Акматка:

— Атасы, мени көптөн бери бир нерсе кыйнап жүрөт, сенден сурасам болобу? — деди.

— Ошо да кеппи байбиче, сура оюңдагыны.

— Бирге жашаганыбызга отуз жыл болуптур, мени жазгырдыңбы айтчы?

— Эмне дейсиң байбиче, мени жарга такаганыңбы же айт деген буйругуңбу? — Акмат карсылдай күлдү, — Эсимде жок…

— Үйгө түнөбөгөн күнүң көп эле болду, кызматыңа шылтоолоп жүрдүң, кийинки кездерде сенин мени жазгырганыңды ойлосом жаман болуп кетчү болдум.

— Койсоңчу байбиче, сени жазгырганым эсимде жок.

— Эми мен эс токтото элек жаш келин эмесмин, урушуп басып кетпейм, жөн гана билгим келет, жакында бир имиш уктум.

— Кандай имиш? — Акмат чоочугандай карап калды.

— Сен бир балаң менен таанышыпсың.

— Койчу байбиче, ким айтып жүрөт? — Акмат алдастай түштү, — Ким айтса да калп айтат, жөн эле айтып койгон го же сени сынагандыр? — Чекесинен тер чыга алдастап ишендирүүгө ашыкты.

— Акма-ат, менден жашырба-а, өзүң айтаар деп көрсөм айтпайсың, эми мен айтайын, — дегенде Акмат ордунан тура качты.

— Эмнени айтасың Тоту? — Жаны кашая айтты.

— Гүлчаханды менден артык сүйүпсүң, ага тардыгым жок, бирок Артыкты балдарга тааныштыр, Акы деле жалгыз, минтип эмгегибиз кайтып Мырза бизге бала болуп калды, ага-ини болуп катышсын, — деп Тоту айтканда Акмат үн дей албай көпкө туруп калды, Тоту да унчукпады, көптөн кийин:

— Байбиче, мени кечир, бирок сенден артык сүйгөн эмесмин, бир жаңылып калганда боюнда болуп калыптыр, балага кам көрүп, өз атыма жаздырып карап келгеним чын, — деди үңкүйө.

— Менимче ал бала он алтыда болсо керек?

— Ооба, эмдиги жылы он биринчи классты бүтөт.

— Ушундайда балдарга айтып тааныштыр.

— Кантип, Акы менден терс бурулуп кетет го?

— Аны мага кой, кааласаң Гүлчаханды бирге чакыр.

— Кой болбойт.

— Болот атасы, баары бир болгон ишти жашыра албайсың, башкадан укканча өзүңдөн укканы жакшы эмеспи, — деди Тоту.

— Кечир байбиче, сенин жакшы аял экениңди билип туруп азгырылдым.

— Эчтеке эмес, сендей адамга бул жарашат, жаман жашаган жокпуз…

— Сенин акылдуулугу менен Акынын тежиктиги мени бир окуядан сактап калды, болбогондо азыр түрмөдө болот белем? — деди анан Акмат, — Пара алганымды Акы жаман көрчү эмес беле, ошол күнү мени атайын сынап бирөөнү жөнөтүшүптүр, милиция менен журналисттерди атайын бөлмөгө коюп күтүп калышкан экен, ал мага кызмат керек деп жан-алы калбай сунуштап жатты, оюма Акынын: «Арам акчасыз өз эмгегим менен оокат кыламын», — дегени келип үнү кулагыма угулуп ага: «Кой иним, мен сенден эчтеке албайм, ушул отурушта кылган жакшы иштериңди айтып ошол өзүң каалаган орунга сунуштап көрөйүн», убара болбо», — деп болбой койдум. Ошондо бир кудай сактаган. Мен акылдуу аялым, ак жүрөк баламдын арты менен жумуштан таза чыктым, болбосо ким билет, — деп ойлуу отуруп калды.

— Мырзам дагы жакшы адам болду атасы, бизге кандай сый урмат кылып турат, Гүлхан андан бетер жакшы келин болду, кыскасы жашоомо нааразы эмесмин, сенин ачык айтпаганың гана жүрөгүмдү оорутту.

— Кечир байбиче, — Акмат чукуранып калган наристеге карады, — Жаман кыздын карды ачтыбы же алды суу болдубу байбиче?

— Памперси бар, бала керилип чоюлуп кыймылдабаса болобу? — Тоту эңкейип наристени жыттап койду, — Ууз жыттанган жаңы кыз десе.

— Байбиче, Акы менен Мырзага энчилерин бөлүп коелубу?

— Шашылба атасы, алар азыр жаш, ой келди жумшап ийбесин.

— Туура, бирок акчаны банктан албай эле коелу, мен пенсияга чыксам кереги тиет.

— Ооба, пенсияга жакшы эле чыгаарсың?

— Дурус эле болот, бер жагы он миңдей болот го, — дешип сүйлөшүп отурушту, Акмат Артыктын алып келем же алып келбейм деп айтпады, Тоту дагы жаңыртпады, айттым өзү чечсин деген ойдо тим болду. Гүлчахан анын секретаршасы болчу, кийин экөө махабаты жалындап күйүп көпкө чейин жүрүшкөн эле, чынында Акмат аны сүйгөн, бирок бир жолку кылыгынан кийин аны жаман көрүп жумуштан да кетирип жиберген. Бир жолу Акмат окууга бир кызды өткөрүп анын атасынан он миң сом алган, жаңыдан акчалар алмашкан жыл, костюмун чечип коюп ажатканага барып кайра кирип келе жатса кийим илгичтин жанынан жүгүрүп келип ордуна отура калды.

— Эмне телефон чалдыбы? — десе мукактана.

— Ооба, бирок жооп берген жок, — деп жер карады, Акмат эч нерседен кабатыр болбой кийинип алып кабинеттен чыгып бара жатып төш чөнтөгүн караса акча жок.

— Гүчахан, акча кана? — деди Акмат өктөм.

— Мен… мен жөн эле тамашалайын дегем…

— Келе! — деп колунан жулуп алды да, — Арызыңды жазда кет! — деди.

— Неге, кайда барам?

— Кайда барсаң бар, бүгүндөн ары көрбөйүн! — деп кетип калды, эртеси келсе арызы үстөл үстүндө турат, арадан эки-үч ай өткөндө боюнда бар экенин, арызданаарын айтты телефондон. Кызматынан ыргыгандан коркуп ага сураган акчасын берип азыркыга чейин карап келе жатат. Бала үчүн үй да алып берген үч бөлмөлүү, окуусуна жардам берип кичинесинен өзүн таанып өстү Артык. Акмат көп ойлонду, бирок Акбердиден айбыгат, мүнөзү оор неме карабай кетет деп коркот, Тоту Акбердикине кеткенде Акмат уулуна чалып сүйлөштү, Гүлчаханга айтты эле ал каршы болду, анан эмне кылаарын билбей отуруп калды.

— Ата, эмне болду? — деп Мырза басып келди жанына.

— Эчтеке балам, эмне үйдөсүңбү?

— Ооба, барган жокмун, ооруп турам.

— Кай жериң ооруйт?

— Бүткөн боюм салмактанат, барбай калдым жумушка.

— Мейли, жумуш курусун, өзүңдү кара уулум.

— Карап турсам ойго батып отурасыз, — Мырза күлө карады, — Кабинетиңизди сагынгансыз го дейм?

— Ээ балам — Акмат оор күрсүнө Мырзаны далыга таптады, — Жаш кезде оңду солду камчыланып кылган ишиңдин кандай экенине маани бербей жүрө бересиң, анан минтип арыган аттай чидеренип калган кезде ошонун жообун сурачуга жооп таба албай калганың жаман экен, — деп Акмат Мырзага болгонун айтып берди, — Эми мен Акыга айта албай турам, апасы айт деп жатат.

— Ата, Акыга өзүм айтам, — деди Мырза күлүп, — Аны мага коюңуз.

— Ал мага таарынып карабай кетсечи?

— Акы андай эмес, ал боорукер ата, ал сизди карабай басып кетпейт.

— Эмнеси болсо дагы этияттап айт ээ?

— Жарайт ата, мен түшүндүрүп айтам.

— Айла-анайын десе, сага ыраазымын уулум, — Экөө көпкө сүйлөшүштү, аларды терезеден карап турган Гүлхан: «Булар эмнени сүйлөшүп жатты экен, Мырзаны өз баласындай караган адамдарга рахмат, кандай жакшы адамдар эле, мындайлар көп болбосо керек», — деп ойлонуп кызын өөп коюп бөлмөсүнөн чыкты:

— Рая эже, сүт ысытып бериңизчи.

— Жарайт, азыр даярдай коем, — деп элүүлөрдөн өткөн аял шыпылдай ашканага кирип бат эле чыкты, — Тойгузбай жатасыңбы кызым?

— Тойбой жатат окшойт.

— Аман болсун, — деп Рая ары басып кетти, Гүлхан кызына сүт берип жатканда Тоту келип калды.

— Окшошкон арамдар десе, кызың экөөңөр эмнеге чыктыңар? — деп күлө карады, — Бул жер балага сууктук кылат, киргиле бөлмөңөргө.

— Мен, мен өөп алайынчы, — деп Бакай ороодогу наристеге жармашты.

— Кана, өбө гой Бакайчик, — Гүлхан ага ылдый кылып тырышып-бырышып чукуранган наристенин бетин тосту.

— Ии-ий, бул эмне?

— Аллай да.

— Кайачы, ыйлаганы атат.

— Ыйлабайт, сени өпсүн деп жатат, өбөм дедиң го? — Гүлхан күлүп калды.

— Өппөйм эк, тыйышын атат, — Бакай торсоңдоп жүгүрүп ашканага кирди, — Чуу-чуу бейчи.

— Мынакей, — Рая ага суу ичирип эркелетип калды.

— Апа, Аруужаздар жатышабы?

— Жатышат садага, Абай тоголонуп калыптыр, тим эле сүйкүмдүү балакетиңди алайын, — Тоту кубанычын жашыра албай божурап жатты, — Аман болсоңор эле болду, өзүңөр менен өзүңөр көбөйө бергиле балам, — деп ары кеткенде Гүлхан: «Не деген тегиз адамдар эле, ушундай адамдардын тукуму аз болот деген чын экен го, тегиздиги деңиздей кенен айкөлдүгү башкача жан, Аруужаздын ичинде арамдык ойноп турат экен, ошол эле Акбердини бузбаса», — деп ойлонуп отура берди. Кулубек эки жеңеси менен агасынын кызы Бейшегүлдү Гүлсанага кошуп бешик берип жиберди, бешик менен бирге жайкы коляска дагы алып келди, эки жеңеси Айжан менен Тумаркан алгач келиши болгондуктан аябай суктанып эки жагын карап тамшанып жатканда Гүлхан:

— Бирдеме көрдүңөр беле, кишини уят кылбай жөн отурсаңар, — деди акырын.

— Аа-ай Гүлү, акең жакшы болсо көрөт элек да, кардыбыз зорго тоюп жашап жатсак таң калабыз да, — деди Айжан дагы акырын.

— Бактыңды кудай кут кылсын Гүлү, бакыт деп ушуну айт, — деп Тумар тамшанып койду. Аруужаз дагы уулун көтөрүп келген, ал анын ата-энеси келгенде аябай чычалаган адат таап алган, анткени анын ата-энеси бардар болуп Гүлханча эл катары кылып келет, өзүнүкү себин эптеп бергени эсинде эмеспи, ошондо дагы туугандарын чакырып жатып зорго даярдаганын кантип билбесин. Кээ адамдар өзүнүн жетпеген жашоосуна ошол бардар адам же дагы башка бирөө күнөөлүүдөн бетер турмуштун ачуулугун көтөрө албай өч алгысы келет, бирок ал жаңылганын кеч түшүнүп өкүнгөндө пайда жок да. Гүлхан анын сырын билип калган, ал келгенде атайлап төркүндөрүн өнтөлөп, кайра-кайра чайды ысыктап куйдуруп. Тамакты түрлөп алдына койдуруп калат. Өзү төркүндөрү менен отуруп кызматчы алып келип жатканын көрүп билип ичи күйөт, ал азыр өзү тамак-аш жасап, бир жагынан баласы ыйлап түйшүктүн үстүндө, Акбердиге кызматчы алалы деп айтайын дейт, унаасын саттыргандан кийин сүйлөй албай калган. Оңой унаа болсо экен, аны Акмат азыр биле элек, билсе эмне дейт деп Аруужаз өзү коркуп жүргөн, ал азыр Гүлхандын жанына отуруп кудагыйларга «алыңыздар, ичиңиздер», — деп Тотунун көңүлүн алууга аракет кылып отурду. Анан калса Тотунун дагы аларга өтө эле ызаат кылганы ичин өрттөйт, бирок айласы жок, Гүлсананын небереси менен кызына жалынып жалбарганы, бешикти абдан кооздоп кышкы-жайкы жабууларын адеми маталардан жасап келгени ага катуу тиет. Анын Бакайына Каным арзан маталардан эптеп жасап келгенине уялып турат, аны соороткон: «Баары бир биз өз баласыбыз, муну ким тоготмок эле, Мырзаны атамдарга каршы коюп жаман көрсөтүү керек», — деген ойдо эле. Акмат менен Тоту Гүлсаналарга жакшылап сый көрсөтүп, кийимдин кымбатын кийгизип абдан сыйлап узатты. Алар кете электе эле туугандарын чакырып койгон, келип калышты, Гүлханга жаркылдай карап алар дагы ызаат менен мактап кирди:

— Гүлү, кудалар абдан билгиликтүү экен, апаң жакшы аял тура, — деп кешик ооз тийип отуруп Акматтын инисинин аялы Айсалкын шакылдай карады, — Карачы бешикти кандай кооз жасаганын, себиң дагы хандын кызындай эле болду.

— Бергенге жараша болот да, — деди Аруужаз ичи тарый.

— Ой кокуй десе, кээ бирөөлөр миллиондоп берсе дагы арзан маталардан эптеп-септеп эле алып келип коет, — дегенде өзүнө тийгендей болду.

— Жеңе, меникин айтып жатасызбы, атамдар мага жүз миңдеп калың берген эмес, — деди Аруужаз териге, — Мырзага өз баласынан артык кылды го?

— Аруужаз! — деди сырттан келе жаткан Тоту, — Бас бери келчи! — дегенде Аруужаз кызарып кетти да туруп кайненесине жөнөдү, ал аны бөлмөгө киргизип алып, — Балам ал эмне деп сүйлөгөнүң, өз бар өзгө бар дегендей Мырзанын бөлөк экенин сен тастыктагың келдиби? — деди ачуулу карап, — Келген коноктордун көзүнчө ар кайсыны айтпай жүр, ал эмес башка жерде дагы аларды оозуңа алчу болбо, атаң укса капа болот уктуңбу?

— Макул апа, мени кечириңиз…

— Жакшы болсоң ал силерге канат бутак, Акымдын акылдашаар досу да, кыйынчылык менен жакшылыкта тиреги болот, экинчи Мырза жөнүндө сөз болбосун, — деди да чыгып кетти: «Кыз экенинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат дегендей кыз экенинде чоюлган неме эле, карасаң эми биздин ички сырыбызды чыгарып дос-душмандын көзүнчө пастыгын көрсөтүп отурганын», — деп жинденип жатып анан көптө барып абысындарына кирип отурду.

— Жеңе, эки келин алып канатың жайылды, акем экөөңөр эми айылдап гана жүрө турган курагыңар, — деди Айсалкын.

— Ооба десең, биз абысындар отурушун уюштуруп касса ойноп жатабыз. Жеңе, кошулбайсыздарбы бизге, — деди Гүлай дагы Айсалкынды сүрөй.

— Макул-макул, силерден кантип чыгайын, — Тоту күлүп калды.

— Ошентсеңиз, мурун дагы чоңдун аялы болуп бизди тоготпой жүрдүңүз, — деди Гүлай ого бетер ачыла, — Бир мактанып калалы, министр акемдер келет деп күтүп калабыз да.

— Гүлай, биз деле адамбыз да, болгону кызмат деген кызмат экен, колу бошобой айылга дагы аз барып калдык, эми эс алууга чыкты, чакырсаңар да чакырбасаңар да тез-тез барып турабыз.

— Жеңе, анда эми жаңы эле отурушту сиздерден баштайлы, улуу эмессиздерби, кассаны беш миңден ойномок болдук, — деди өз абысыны Айсалкын он беш болдук, сиз кандай дейсиз жеңе?

— Башкалар макул десе каршылыгым жок.

— Ким каршы болмок эле, баштадык анда, — деди Гүлай, — Кайсы күндү айтсаңыз биз келип калабыз, — деди Гүлай.

— Мен акеңе кеңешип анан телефон чалып коем, — деди Тоту, ал күнү кечке кешик менен бирге көңүл көтөрчү ак молдодон аз-аздап ичип отуруп анан кеч кетишти, Аруужаз баласын шылтоо кылып кетип калган, аны тим койду: «Ушул каапыр бир чагым кылып эки баланы эки жакка каратпагандай эле, бир туугандарды эки бөлгөн аял эмеспи, мунун шойкуму жаман, уулумдун жанагы эки неберемдин көңүлү да, болбосо кетирип жиберет элем, ырысына чычкан жарыбагыр», — деп жини келип жатты. Акберди кечке маал келип бешикте быйпыйып уктап жаткан наристени эңкейип өөп:

— Кут болсун кызым ак үйүң, — деди жылмая.

— Рахмат аке, — деди Гүлхан.

— Аруужаз кетти беле? — деди анан.

— Ооба, эрте эле кеткен.

— Отур балам, тамак ич биз менен Мырза менен атаң дагы келип калаар, — деди Тоту, — Кудагыйлардын алып келгенинен ооз тий.

— Макул апа, — деп отуруп калды, — Жаңылмырза деген сулуу бешикке жыргап калган го апа.

— Кудай кут кылсын балам, экөөңөрдүн балдарыңар атаң экөөбүзгө бакыт тартуулап жашартып койду садагам, аман болсоңор болду.

— Атамдар кайда кетти эле?

— Бирөө конокко чакырган экен келип калышат.

— Аа-а сиз бошобой калдыңыз да.

— Ооба, үйдө конок турса конокко кетмек белем уулум.

— Апа, — деп Гүлхан бөлмөсүнөн чыга келди, — Памперс алып келип алайынчы.

— Бара гой кызым, бара бер, — дегенде Гүлхан чыгып кетти, — Акы, Аруужаздын кээ бир сөздөрү мени капа кылды, урушпай түшүндүрүп кой, Мырзаны сага, ага сени кайрап жүрбөсүн, биз аны сага өйдөдө-өбөк, ылдыйда-жөлөк болсун деп бала кылып, чын дилибизден мээримибизди төгүп барыбызды чачып отурабыз, ошого түшүнгөндөй болсун, — деди Тоту ал чыгып кетээри менен.

— Ал бирдеме дедиби?

— Ачууланба балам, акырын айтып түшүндүр, саал күнүлүк кылып жатат окшойт, сен анын сөзүнө кирбе, аял киши ич күйдүлүк кыла берет, Гүлханга атаандашчудай көрүнөт, — деди акырын, — Байка жаман сөзгө өтпө.

— Мен аны ал жөнүндө ооз ачпа дебедим беле? — деп ачуусу менен айтып алды, — Анын ою жаман экенин сезгенмин.

— Ботом сага дагы бирдеме деди беле?

— Ооба, бирдемени кылтыйткан, — деп Акберди ачык айтпай түнөрүп калды, Акмат менен мырза ээрчишип киргенде гана кабагы ачыла жаркылдай учурашты.

— Иштер кандай Макс, — деди ал кээде айта койчу адатынча.

— Баары жакшы, өзүң кандай, Акай чоңоюп калдыбы?

— Ой ал чоңоюп жатат, бүгүн Жаңылмырзанын ак үйүн көрдүм, созулуп уктап жатат го, балдардын дал ушул бейкапар дүйнөсү мени кызыктырат да суктандырат, кандай бактылуу жандар ээ?

— Ананчы уулум, балалык кез адамдын эң бактылуу да, ары таза да кези болот экен, эми балдарыңарга татыктуу ата болуу моюнуңардагы чоң милдет, — деди Акмат.

— Кудай буйруса ал милдетти аткарабыз ээ Макс? — деди Акберди күлө карап.

— Ал парз да, — деди Мырза, андан кийин тамактанып отурушту, Гүлхан аларды карап отуруп абдан ыраазы болот. Ал окуусун уланта берди, кызы абдан жоош, Тоту аны өзү алып калат, Гүлхан өткөн өмүрүнө кайрылгысы келбейт, азыр өзүн абдан бактылуу деп сезет, Мырзаны сүйбөгөнү менен сыйлайт, анын жетимдигин аяйт, ошол жылы Гүлхан менен Мырза айылга барып жүрүп келмек болуп кетишти. Мырза отпускага чыккан эле, Кулубек менен Гүлсана берээрге эчтекесин таппай коюп союп күндө чүйгүндөп оокатын жасап түрлөп салат менен жер жемиштерди алып келип берет. Темир бойго жетип калган, Эмир он биринчи класста окуйт, Дамир болсо Жаңылмырзаны ойнотуп көтөрүп оңуп калды, Кулубек күйөө баласын ээрчитип тоо башына чыгып, мал көздөп жүрүп өзүнүн акыл-насаатын айтат, Мырза ага терең баа берип уккан сайын уккусу келип турчу болду, ан сайын андан рахат алат, ата-энем жок деген сезимден кутулган, Гүлхандын ата-энесин өзүнүн ата-энесиндей көрүп сыйлап турат. Бир ай ал үчүн бат эле өтүп кеткендей болду, Кулубек аларга бирди союп, боорсок жасап салып берип узатты, кеткенден кийин оңкулдап калышты.

— Жаңыл кызга көнө түшүптүрмүн, оңкулдап калдым, — деди Кулубек ойлуу.

— Кыз бирөөнүн бүлөөсү деген ырас тура, эмнеси болсо дагы аман болуп бактылуу болсунчу, кабагына кир жолобосо болду, — деди Гүлсана.

— Туура байбиче, — Кулубек башын ийкеди, — Темишти үйлөнтүп неберелүү болбосок болбойт, ал өзүбүздүкү да, — деди күлүп.

— Темишиң окуйм деп жатат го?

— Окуса окусун, бизге баласын берип коюп экөө кете берсин, — деди Кулубек, ал Жаңылмырзаны алып кеткенине ичи ачыша тез эле неберелүү болгусу келип турду, аны сезген Гүлсана күлүп калды:

— Шашпа, кудай аман койсо ал дагы болот.

— Ырас, аманчылык болсунчу, балдарыбыз эми көзгө көрүнүп калбадыбы ээ кемпир? — деди жылмая күлүп, — Азыр кудайга шүгүрбүз, балдарымдын эл катары кийинип ичип, колдорунда өз-өзүнчө телефону бар, бир кезде абдан кыйналдык эле, чыдап жеңип бара жатабыз, бу да болсо кудайдын колдоосу да.

— Шүгүр дейлик, ушул күнүбүзгө тобо кылалык Куке, минтип министр болуп эл бийлеп жүргөн адам менен табакташ, насиптеш болуп отурабыз, — деп Гүлсана кыялдана ойлонуп калды. Гүлхан ага Мырзага айтып алтын алка менен сөйкө, шакек Кулубекке кымбат баалуу чөнтөк саат ала келип берген эле, аны көргөн айылдагы теңтуштары, абысындары суктанып калганын байкаган. Ого бетер көрсөтмөккө айылчылап Гүлхандар кеткенче курбу-курдаштарына барып бугун чыгарып алды. Аңгыча Темирди аскерге чакырып калды, аны Кулубек жибербей коймок болгондо:

— Ата, ар бир эркек мекенин коргоо үчүн даяр болушу керек да, баарыбыз эле качып барбай койсок, кийин бир нерсе болсо мылтык кармай албай туруп беребиз, мен барам аскерге, — деди.

— Балам, азыр илгеркидей эмес дейт, биз коркобуз да, — деди Гүлсана ыйлактап.

— Коркпой эле койгула, бир жыл бат эле өтүп кетет.

— Мейли уулум, — деди Кулубек, — Менин уулум чыныгы жоокер болот экен апасы, барса барсын, ак батабызды берели, — дегенде ыйлактаганын токтотуп күйөөсүн карады.

— Азыр аскерге баргандарды угуп-көрүп жатабыз го, кантип жиберебиз?

— Кудай колдосун.

— Кудай колдосун деп баланы отко жиберебизби?

— Коркпоңуз апа, Гүлү эжем барып турат, — деди Темир.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE