Пример HTML-страницы

Кен пейилдик бакыт 10 болум

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кен пейилдик бакыт 10 болум

— Келиңиздер, — Гүлсана утурлай басты, чоочун адамдарды көрүп чоочуп алды.

— Келип калдык, үй ээси сиздерби?

— Ооба, күйөөм мал көздөп жүрдү эле…

— Жакшы, жай отуруп сүйлөшсөк дедик эле, — деп керсейе эки жакты карап турганда Кулубек келип калды, ал телевизордон кээде гезиттерден көрүп жүргөн өкмөттүн кишиси келип турганына таңгала:

— Ас-саало-ому Алейкум! — деп кош колдой учурашты.

— Алеким Салам, кандай турасыңар?

— Жакшы-жакшы, үйгө кириңиздер, — Кол жаңсай үйгө жол баштады, үйгө кирип орун алган соң экөөнүн тең көзү Гүлханда болду, ал чачын кое берип дасторкон жайып арыдан бери баарын даярдап жиберди: «Атасы, периштедей сулуу келиндерди буйруган экен», — деп акырын шыбырап койду.

— Алыңыздар, нанга караңыздар, — деди Гүлсана, Гүлхан баарын даярдап коюп сыртка чыгып кеткен.

— Рахмат, — деп Тоту нандан алып ооз тийди.

— Келген экенсиздер, таңгалып турам, — Кулубек күлдү, — Ушундай өкмөт адамы эшигибизге келгенине таңмын таксыр.

— Да-а, демек бир себеби бар, — деди Акмат күлө, — Силерде бой жеткен кыз бар экен, бизде уул бар, кадыр көңүл жарашса куда-сөөк болсокпу дедик эле.

— Туура таксыр, сизге эмне дешимди билбей турам, сиздей адамдарга мен эмес кыз өзү жооп берсин, кызды көңүлү жокко таңуулап берген болбойт го?

— Туура, биз Мырзаны алып келбедик, өзүбүз көрүп келмек болгонбуз, — деди Тоту.

— Балдар сүйлөшүп анан көрбөсө… — Гүлсана күңкүлдөп күйөөсүн карады.

— Апа, ата мен сүйлөшкөндө эмне, тоодой-таштай адамдар кадырын салып келген экен, өз оюңарды айта бергиле, — деди Гүлхан кирип келип, баары аны карап калышты, Акмат кызды көрүп таңгалды: «Бул бир периште го, Мырзаны делбе тап кылган жамалында кеп жок экен, акылы тунук жан экен», — деп ойлонуп алды. Гүлхан ошентти дагы чыгып кетти, Кулубек ойлонуп туруп аялын бир карап алды да:

— Биз макулбуз, кымызды ичкенге, кызды сураганга бер деген, кызыбыз бактылуу болсо болду, — деди.

— Биз ыраазыбыз бай, эки күндөн кийин кыргызча келип куда түшөбүз, — Акмат ыраазы боло бакылдады, — Эмесе байбиче жолго чыгалы.

— Кетели, кыздын жообун алдык, ыраазыбыз сиздерге, энесин көрүп кызын ал дегендей ата-энеси жакшы кыз жакшы эмеспи, тарбияңарга кулдук, — деди Тоту салабаттуу сүйлөп. Аларды узаткандан кийин Кулубек Гүлханга кайрылды.

— Кызым өкүнбөйсүңбү кийин?

— Ата, менде өкүнгөндөй акыбал калдыбы, эмки жашоону эл катары жашагым келет, жаман адамдар эмес экен го? — деди Гүлхан жер карай ойлуу.

— Ошондо дагы тагдырыңды тобокелге салганың дурус болбоду.

— Кам санабаңыз ата, мен бактылуу болом.

— Айтканыңдай орундалсын кызым, — деп ары көздөй басты Кулубек, алар эми конок күтүүгө камына башташты. Сойчу коюн даярдап, туугандарын чакырып, Гүлханга бир-эки сыйра кийчү кийим даярдашты, дасторконго койчуну бүт камдап ошол күнү бүт туугандары келип күтүп калышты. Түшкө жакын үч машина келип токтоду, Акберди аялы менен Акмат Тоту экөө, Сайра менен Тотунун агасы, Мырза болуп келишти, мырзанын колунда бажырайган гвоздика гүлү бар, ал Гүлханды издеп жатты, көзүнө ал чалдыкпады, ошентип конок бөлмөгө киришти, орун алышкан соң кызды чакырышты эле аны бир жеңеси колтуктап кирди. Ошондо Мырза ага гүлүн сунду. Каада боюнча Кулубектин туугандары конокторду тейлеп чай куюп ал-ал дешип жатты, акыры Сайра кызга сөйкө салды, сөйкөнүн баасы жыйырма сегиз миң сомдук набор экен, алкасын, билеригин кошо салып Мырза экөөнү катар отургузуп ак баталарын беришти. Кулубек менен Гүлсана мырзаны көргөндөн кийин купулуна толду бейм унчукпай калышты, купуя кубанып кызынын бактылуу болушун тилеп турушту. Аларды коноктоп, сыйлашты. Акмат келинди бир айдан кийин түз эле үлпөт тоюн өткөрүп алып кетмек болгонун билдирди, аларды узатып анан өздөрүнчө бака-шака түшүп жатышты, Кулубектин бир тууган иниси, карындашы менен ага эжеси абдан кубанып турушту:

— Ай Кулубек, ушинтип сен министрге куда болуп калдың ээ? — деди мындайраак туугандарын бири,

— Насип болсо айла жок экен да.

— Ой бул киши жеп ичкенди жакшы билген алкымы чоң киши эле.

— Эмнеси болсо дагы бийликтен-бийликке умтулган киши, — дешип сүйлөшүп жатты.

— Эй койгулачы, башкысы кызыбыз бактылуу болсо болду, — деди бири.

— Ооба-ооба, Гүлхан бактылуу болсун садага.

— Айтканыңар келсин, — деп Кулубек дагы кубанып отуруп туугандарын узатты. Эки күн өткөндөн кийин Мырза келип алыстан телефон чалып Гүлханды чакырды, ал апасына айтып коюп жолугууга жөнөдү, алар учурашкан соң гүлүн сунду.

— Мен сени ушул гүлгө окшотом Гүлхан.

— Ыраспы? — Кыз жылмая бажырайды.

— Албетте, мен сени көргөн сааттан сүйдүм Гүлхан.

— Таңгалаарлык экен, сүйүп калууну ошончолук оңой дейсиңби?

— Оңой, бирок сүйөм деп айтуу өтө кыйын.

— Мунуң туура, — Ойлуу карады, — Сен сүйүүнү кандай баалайсың?

— Мен сүйүүнү адамдарга бир берилген бакыт катары көрөм.

— Мүмкүн, силер эки бир туугансыңарбы?

— Ооба.

— Жакшы экен, бирок агаң экөөң эки башкадай туюласыңар…

— Кандайча?

— Сен такыр ага окшобойсуң.

— Окшобогон бир туугандар толтура.

— Андай боло берет.

— Гүлхан, сен өзүңдү бактылуу сезесиңби?

— Кээде.

— Эмне үчүн?— Мен соолуган гүл элем, тамырымды куурай электе суу жүргүзгөн нерсе бар.

— Ошондой деп ойлойсуңбу?

— Ошондой…

— Эмнеге өзүңдү андай деп ойлойсуң?

— Мен бир адамды сүйгөнмүн, — Гүлхан болгонун айтып берди, — Ошентип мен бүт өмүрүмдү сүйүүсүз жай турмушта жашап өтүүнү чечкенмин.

— Мелис дедиңби?

— Ооба, ал биздин бактыбызга балта чапты.

— Ал уруп кеткенде өлгөн экен, кокустук болгон турбайбы?

— Жо-ок, — Гүлхан Мелистин өзү айтканын эстеди: «Мен сени сүйдүм Гүлхан, бирок Денисти өз колум менен өлтүрөм деп ойлогон эмесмин, киши жалдаганмын, алар жетишпей калды, менин көз алдымда өлгөнү өкүнүчтүү», — деген эле, — Ал аны өлтүрмөк болгон, өлтүрдү өзү да өлдү…

— Кызык, сени Мелис дагы сүйгөн экен да.

— Ооба, бирок мен аны сүйүү деп эсептебейм.

— Туура, сүйгөн адамыңды бактысыз кылууга дилиң чыдабайт.

— Сен мурда сүйүп көрдүң беле?

— Жок, биринчи акыркысы да өзүң болосуң, — Мырза ойлуу саамга унчукпай калды, — Гүлхан, менин дагы сага айтаарым бар.

— Айта бер.

— Мына, буйруса экөөбүз турмуштун табышмактуу да, татаал дагы босогосун бирге аттаганы турабыз, жашыруун сыр ортобузда болушун каалабайм, мен бакма баламын, — деп Мырза баарын айтып берди, — Демек мен алардын алдында милдеттүүмүн, өз баласынан артык кабыл алышты, өмүрүмдүн аягына чейин бул ата-энем үчүн кызмат кылам.

— Туура ойлогонсуң, тапкан эмес баккан ата-эне дешет го.

— Акберди эрке бала эле, анын айтканы ата-энесине мыйзам болду, ал каалагандай ага бир тууган болдум, ошол күндөн тартып алар мени эч бир бөлөксүнткөн жок, эми сенден бир нерсе өтүнөм.

— Кандай өтүнүч?

— Мен сыйлаган адамдарды менден да артык сыйлашыңды каалайм, анткени алар мага бул жашоодогу эң жакшы жашоо тартуулады, иштетпей өз боорунан чыккан баладай карап окутуп адам катарына кошту, эч кимим жок эле, ата-энелүү болдум, бир тууган агалуу болдум, ал мага бир тууганындай мамиле кылат.

— Жарайт, мен ата-энени сыйлаган адамды жактырам.

— Рахмат, менин оюмдагы кыз экенсиң.

— Менин башымдан көп нерсе өттү, сен кийин ал жөнүндө козгобойсуңбу?

— Эмнеге, мен андай эмесмин, сени маңдайыма буйруп кудай кошсо сенин айтканын менен гана болом, өмүр бою сени, ата-энем менен агамды сыйлап өтсөм болот, бул өмүрдөн алаарым ушул гана болсо башка эмне керек, ата-энелүү болууну самадым, бир туугандуу болууну кааладым, сүйгөн адамыма жетүүнү самадым, мына баары орундалды, эмки тилегим бала-чакалуу болуп бактылуу өмүр сүрүү…

— Тилегиңдин орундалышына күмөн кылбайм, — Гүлхан күлүп койду.

— Рахмат.

— Эмесе мен барайын.

— Болуптур, көрүшкөнчө, — Экөө коштошушту, Мырза абдан бактылуу, ойлогон ою ишке ашып өзүн бактылуу сезип кетип жатат…

— Бакай, Бакайчик — Аруужаз уулу менен ойноп отурат, Бакайчик, карачы муну, кана-кана карачы, — деген сайын борсулдап күлүп колун сунуп улам ары тартып кайра жакындаткан оюнчукту кармаганга аракет кылып жатты, — Бакайчик, уулум кана ала гой.

— Эмне кылып жатасың, Бакай менен ойноп жатасыңбы? — деп Акберди кирди.

— Ооба, уулумдун жөндөмдүүлүгүн текшерип жатам, — Аруужаз наздана эркелей карады, Акберди келип аны кучактап калды.

— Сен менин эркемсиң Аруу, — деп бактылуусуңбу? — Кучактап аймалай баштаганда наристе аларды карап:

— Ап-па, ат-та-та-та-а! — деп колдорун серелеп жатты.

— Уялбайсыңбы.

— Кимден?

— Бакайчиктен.

— Ал бизден уялсын.

— Жинди, ошол уялганды билеби? — Аруужаз барсылдай күлүп жатты, ага болбой Акберди келинчегин кое бербей кучактап өпкүлөп экөө кыса кучакташып турганда Мырза акырын баш бакты:

— Мүмкүнбү?

— Албетте, — деп Аруужаз боюн тарта берди, — Келин бала кандай?

— Жакшы, жолугуп келдим.

— Сулуунун чуусу көп, — деп койду Мырза.

— Бул эмне деген сөзүң? — Акберди түшүнбөй кайра сурады.

— Жөн гана айтканмын го, — Мырза Бакайга алаксып көтөрүп алып сыртка чыгып кетти.

— Буга эмне болгон? — Аруужаз Акбердиге карады.— Ким билсин, эмне болсо дагы өзү чечет да.

— Акы.

— Ийи.

— Мырзаны сен эч бөлөктөй карабайсың ээ?

— Эмнеге, мен аны атайын бир тууган кылып алганмын, ал жөнүндө башка сөз кылчы болбо Аруу.

— Жарайт, — Аруужаз саамга ойлуу туруп анан, — Атамдар өз баласындай эле кылды билсе, менин ата-энемдин колунда жоктугунанбы, мага андай кымбат набор берген эмес эле…

— Аруужаз, мен өз баласымын, баары меники каалаганымды кыла алам, Мырзанын эч кимиси жок, биз барбыз уктуңбу мени, ага эмне керек десе беребиз!

— Болду эми калчылдабай, жөн айтып койдум да, чынында аны аябай жакшы көргөнүңөр мага жакпайт, — деп чыгып кетти: «Катын жаманы кагыштырып чабыштырып бир бүтүмдү да экиге бөлөт, жакшысы бүлүнгөндү бүтөйт, ажырашканды бириктирет деген ушул да, эмнеге аялдар мындай болушат, бул Мырзанын бөлөктүгүн тактагысы келеби, көңүл бурбай койсо эмне болот», — деп ойлонуп кабак чытый отуруп калды. Булардын сөзүн бөлмөдөн чыгып бара жаткан Тоту угуп: «Кой, Мырзаны үйлөнтүп эле бөлүп ийгенибиз жакшы болоор, эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт дегендей аялдары бирдеменин ичинен чыгып экөөнү уруштуруп жүрбөсүн, — деп ойлонуп Аруужаз чыкканда ылдый түшүп бара жаткан, ал анын угуп койгонун сезип уялып калды. Бирок үн дебеди.

— Кайда барасың кызым? — деди ага Тоту.

— Ашканага апа.

— Бакай уктап жатабы?

— Жок, Мырза көтөрүп жүрөт.

— Ийи, Мырза келди беле?

— Ооба келди.

— Кыз менен сүйлөшүптүрбү?

— Сүйлөшсө керек.

— Ээ мейли, ал дагы үйлөнөт, аны үй алып бөлүп коюшубуз керек, — деди сынай карап, — Өз-өзүңөрчө болгонуңар дурус ко?

— Эмнеге, аны бөлүп коесуздарбы?

— Ооба, окуусун бүттү, иштеп алса биз көз салып турабыз да.

— Апа, — деди Аруужаз шынаарлай.

— Эмне кызым?

— Ал үйдүн кенжеси го, кенжеси үйдө калышы керек да?

— Силерди бөлсө дейсиңби?

— Деги айтам да апа, бирок Акы айтканымды укса өлтүрөт, — деп ашкананы көздөй басып кетти.

— Укмушуң кургур… — Тоту анын артынан карап туруп калды: «Жез кемпир, акырын гана өз максатын ишке ашыргысы келет, мен Акмат менен кеңешип көрөйүн, кимисин бөлөбүз ал чечет», — деген ойго токтоду. Тойго камынып жатышты, ресторанга сүйлөшүп билеттерди жаздырып, тойдун толгон машакаттарын бүтүрүүдө. Гүлхан көп ойлонду, ал Мырзанын баккан бала экенин ата-энесине айткан жок, бирок ал өзүнө жагып калды, бой келбети келишкен сылык, мүнөзү жумшак жигитти ал жан дүйнөсүнө жакын сезип ар бир жолугушкан сайын ага билинбеген бир нерсе байлап тургандай болуп бара жатты. Ал келген сайын жолдун алыстыгына карабай гүл алып келгенин койбойт, анан да ар убак таттуу шоколад ала келет. Тойго үч күн калганда келип аны алып кетти, анткени чакыруу билеттерге сүрөткө түшүү керек болчу.

— Гүлхан, — деди Мырза жолдо бара жатып.

— Угуп жатам.

— Сен мага чын дилиң менен макул болдуңбу?

— Кандайын уккуң келет?

— Чындыгын.

— Эмесе жүрөгүм менен макулмун, — деди Гүлхан күлө карап.

— Чын элеби?

— Калп айткым келбейт, турмуш босогосун алгач аттаганда калп менен баштагым келбейт Мырза.

— Рахмат, чын сүйүүнүн кадырына жетебиз буйруса.

— Мен дагы ошондой ойлойм.

— Эртең кайра алып келемин, арадан күн өткөндө сен биротоло мендик болосуң, анан жашоо башталат туурабы?

— Ооба, аны экөөбүз баштайбыз.

— Атаңдарга менин бакма экенимди айттыңбы?

— Жо-ок, алар билбей койгону дурус.

— Туура кыласың, кийин эбин келтирип экөөбүз айтабыз ээ?

— Ооба.

— Мен бактылуумун Гүлхан, абдан бактылуумун! — Мырза унаасынан башын чыгарып алып кыйкырып кетип жатты, — Бакыттан башым айланып канаты жок учуп бара жаткан сыяктуумун:

— Акырын Мырза, жолду кара.

— Ооба, эч коркпо гүлүм, — Мырза ага карады, — Бакыттан эмне кылганымды билбей турам Гүлү!

— Анчалык делөөрүбө, бакытка дагы токтоолук керек, көтөрүмдүү салмактуу болуу керек Мырза, биздин бакыт али алдыда, — деп Гүлхан анын колунан кармады, — Жолго карап айда, — Ошондо Мырза унааны бийик жерге токтотуп алып Гүлханды колунан алып жерге түшүрдү:

— Гүлү, менин бактылуу болушумду эч ким каалабаса керек, жадагалса мени жарыктыкка алып келген ата-энем дагы жашашымды каалабаптыр, өлсүн деп мүшөккө салып таштап салганда ажалым жок экен таап алып балдар үйүнө таштаптыр, көрдүңбү Гүлү мен канча жыл бою аларды күттүм, келип алып кетишет, менин дагы ата-энем болот деп үмүт менен он жети жыл өткөрдүм…

— Болду Мырза, эми сен чоң адамсың да.

— Ооба, он жети жыл дегенде мага кудай ата-эне берди, көрчү эми менде баары бар, чоң окуу жайын бүттүм, алдымда машина, жанымда өзүм сүйгөн колуктум бар, бирок мен өзүмдү жарыктыкка алып келген адамдардын жүзүн көргүм келет Гүлү, кийинки кездери көп ойлончу болдум, алар кандай адамдар болду экен деген сезим мени тынчытпай келет, — Мырза ушул жолу көзүнөн жаш куюла Гүлханга карады, — Сен мени таштап кетпейсиңби Гүлү, ушул улуу тоолордун алдында, ак мөңгүлүү аска зоонун алдында айтчы, түбөлүк мени менен бирге болосуңбу?

— Ооба, түбөлүк бирге болом, жаман күн болобу, жакшы күн болобу бирге болом Мырза, капаланбачы, эки күндөн кийин турмуш босогосун аттайбыз, бирге түтүн булатабыз.

— Рахмат Гүлү, — деп Мырза кызды бекем кучактар калды, экөө ашууда күн кылкылдап батканы калганда эч нерсеге карабай кучакташып тура беришти, көптөн кийин гана, — Мен эми бактылуумун, эки ата-энем бар, — деди ый аралаш күлүп, — Бир кезде менде бирөө дагы жок эле…

— Капаланба, биз бактылуу болобуз.

— Ооба, биз бактылуу болобуз, — деп Мырза кызды колтуктай унаага алып келди, аны отургузуп ууртунан өөп рулга отуруп айдап жөнөдү, кыздын жүзү чоктой кызарып, албырып биринчи жолу жигит өпкөнгө жүрөгү лакылдап кетти, анысын билгизбей кете берди, алар шаарга киргенде айлананы күүгүм каптап калган, Мырза менен Гүлхан түнү бою шаар кыдырып жүрө беришти, аларга азыр дүйнөнү өрт каптап, суу ташкындар, же тоо урап келе жатса дагы баары бир эле. Гүлхан жаралуу кийикти аягандай Мырзага аяр мамиле кылат, аны таарынтып капа кылып албасам экен дейт. Кафеден тамактанышты, аянтка барып сүрөткө түшүштү, анан таң ата кайра жолго чыгып түш оой келип калышты. Кулубек Мырзаны сый тозуп алып чай-пай берип узатты, Мырзаны алып берген көйнөгүн көрүп туугандары чогулуп эки-үч унаа менен күтүп калышты, алар таң атпай жетип келишти, союшун союп кыз узатуу шаанисин кылып айыл апасын чакырып той өткөрүп анан бир машинага кыздын себин жүктөп жөнөп калганда Айып менен Гүлнара келип кошулушту, аны Кулубек чакырткан, күйөө балага өкүл ата коймок. Ошентип алар ал күнү Акматтын үйүндө болушту, коноктоп алдына акча коюп кийит кийгизип, септин көрүндүгүн, көшөгөнүн ырым-жырымын жасап түнү бою музыка жаңырып шаңдуу отурушту, кыргызча нике кыйылып Мырзага Айыпты өкүл ата коюшту, Гүлханга Акмат өзүнүн туугандарынын ичинен барктуусу да, малдуу алдуусу да болгон Жоомарт инисин өкүл ата койду. Эртеси жаштар үч машина менен, кыз-жигит лимузин менен загска барып, андан ары өчпөс отко барып сыйынышты, андан соң ресторанга келип мен деген кызматчылардын башын кошкон үлпөт той өтүп жатты. Акматка жагынганы да, өз марттыгын көрсөткүсү келгени дагы калың конверттерди берип куттуктап жатышты. Той бүтүп кыздын төркүндөрүн узатуу кайрадан үйдөн өттү, бул тойдо Курман менен Акылай дагы болду, Аруужаздын ата-энеси да чакырылган, алар бир аз өздөрүн төмөн сезип тартынышат, анткени Гүлхандын ата-энеси септи аябай жакшы алып келген эле. Аруужаз дагы ичинен өзүнчө жаман болуп жатты, бирок сыр билгизбей эл арасында ары бери жүгүрүп өзүнө тиешелүү кызматты кылып жүргөн. Төркүндөрү кетээрде Гүлхан коштошуп ыйлап калды:

— Гүлхан, кой ыйлаба, тынаар жериңе келди, кыздын өз эл-журтун тапканы жакшы экен, канткен менен бактылуу экенсиң, кайнатамдар өзүнүн баласынан артык кылып той берди, — деп чымчый өттү.

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE