Пример HTML-страницы

Кеминдин капчыгайындагы даракка калтырылган белги суроо жаратты

Акыркы жанылыктар

TurmushКемин районунун Чоң-Кемин тоолорундагы капчыгайлардын биринде бак-дарактарда белгилер табылды.

Белгилерди активдүү турист жана жаратылышты сүйүүчү Сайора Маматова көргөн.

«Бирөө дарактын сыртын сыйрып, из калтырган. Жакын барып, жабыркаган жерди карап жатып, тырмактын издерин байкадым. Дарак тик эңкейиште тургандыктан, кабыгын сыйрып алган жаныбардын бийиктигин болжолдуу түрдө аныктоого болот. Издерди чоң жырткыч калтырганы көрүнүп турат, бирок кандай жырткыч?», — деп суроо салды.

Эколог Александр Сидоренко бак-дарактардагы издер жаратылышты сүйүүчүлөр менен спорттук мергенчилердин арасында кызуу талкуу жаратканын айтат.

«Кээ бирөөлөр сүлөөсүн өз жерин ушинтип белгилеген деп айтышты. Көбүнчө сүлөөсүндүн эркектери жалгыз болушат. Алар ургаачылары менен жупташуу үчүн гана биригишет. Ошону менен өз аймагын белгилешет, ошол эле учурда тырмактарын курчутушат.

Көпчүлүк мергенчилер Тянь-Шань аюусу ушундай из калтырышы мүмкүн дешет. Себеби, кабыгы жетиштүү алынган. Чоң-Кеминде малина сезону башталып, бул жаныбарлардын аймакта топтолушуна шарт түзүүдө.

Ал эми кээ бир паранормалдык теорияларды сүйгөндөрдүн айтымында, киши кийик ушундай белгилейт», — дейт Сидоренко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE