Пример HTML-страницы

Кеминде 9 мектеп директору кызматтан алынды. Алардын алды 31 жыл иштеген

Акыркы жанылыктар

TurmushКемин районунда жалпы 9 директор кызматтан кетти. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, азырынча кызматтан кеткен директорлордун ичинен бирөө сынакка катышпай турганын кабарлады.

  • Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат. Тактап айтканда, 5 жыл иштеген мектеп директору кызматынан четтетилет.

Тизме:

— А.Сурантаев атындагы №2 жалпы билим берүү орто мектебинин директору Өмүркулов Коммунисбек Түгөлович, директор болуп 16 жыл иштеген;

— Насыр Давлесов атындагы №3 орто мектебинин директору Асанкулова Дилбар Насердиновна, 7 жыл директор болуп иштеген (сынакка катышпайт);

— «Нур» жалпы билим берүү орто мектебинин директору Теңизбаева Эльмира Самудиновна, 6 жыл директор болуп иштеген;

— Г.П.Кудряшов атындагы Орловка №1 орто мектебинин директору Попов Павел Васильевич, 27 жыл директор болуп иштеген (азырынча сынакка катышуу тууралуу билдире элек);

— Орловка №2 орто мектебинин директору Шакун Галина Владимировна, 31 жыл директор болуп иштеген (азырынча сынакка катышуу тууралуу билдире элек);

— М.Өмүралиев атындагы Кызыл-Суу жалпы билим берүү орто мектебинин директору Ажыкулова Клара Асаналиевна, 15 жыл директор болуп иштеген (азырынча сынакка катышуу тууралуу билдире элек);

— Абдыкайыр Казакбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин директору Масылова Айнура Садыковна, 8 жыл директор болуп иштеген;

— Т.Абдымомунов атындагы Жаңы-Алыш орто мектебинин директору Касаналиева Айнагүл Казиевна, 6,5 жыл директор болуп иштеген;

— А.Койгелдиев атындагы Бейшеке жалпы билим берүү орто мектебинин директору Жакупова Күмүшай Жакишевна, 8 жыл директор болуп иштеген.

Кемин районунда жалпы 29 мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE