КЕЛИН 6 — болум

https://kyrgyzcha.site/?p=102179&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЕЛИН 6 — болум…….

—-Эне болуу кандай гана бакыт. Аны бир эне болуп коргондор гана билет эмеспи. Алинанын кыялдары улам-улам жогорулап эн бир бийиктерде учуп журот. Озуну ойлобосо да, наристе кызынын амандыгын тилеп, тынбай дуба кылып жатат. Кичинекей ымыркайдын абалы кундон кунго жакшырып баратты. Алинаны да палатага которушту. Эки кишилуу болмо болгондуктан жанында бир келин жатат. —Кечиресиз ширингоо бул кичинекейиниз. Уулбу же кызбы? —Мунусу да кыз. Негизи бардык эле наристелер ширин болушатко.

—Канча кызыныз бар? —Бул учунчу кызым. Мунусун уул болсун деп кутуп жаткам, тилекке каршы кыз болуп калды, — деп кайгылуу башын тетири бурду. —Алина тан кала карап. -Атыныз ким болот, -деп суроо узатты. —Мени сиз дебей эле кой тен курдай эле корунот экенбиз. Атым Мээрим сеникичи? —Алина атым. Анда экооз танышып суйлошуп жатсак убакыт тез ототко. Менде да кыз бирок эрте торолгонуно байланыштуу жанымда эмес.

Ошентсе да кубанып турам мага уулбу же кызбы айырмасы жок. Эн негизгиси мен тородум, эне болуу бакытына жеттим. Аябай аябай бактылуумун. Мен бул наристени 6 жыл куттум. Ишенесинби торобос аялдардан окшоймун деп аябай коркчуумун. Тундору куйоомо билдирбей кудайга жалынып ыйлап да алчумун. —Кызык экен. Менде болсо андай эмес. Жаш кезимде бир жигитим бар эле. Мени чын журогунон суйчу.

Бирок ага очошуп жону жок бироого жолуктум. Ала качып алса тийип кете бериптирмин. Ошондон бери бир жакшылык корбодум, — деп оор ушкурунуп ойлорго батып кетти. —Мээрим дал ошол Бекташтын биринчи суйгону эле. Тагдыр кызык э. Айландырып келип Алина менен жолугуштуруп койду. Бекташ менен Алина жолуккан куну Мээрим Бекташка телефон чалган эле. Ага суйорун айтып, ала качып кеткен жеринен алып кетуусун айтайын деген эле. Бирок Бекташ очуруп койгонуна очошуп Мээрим ошол жерде калып калган.

Анын куйоосу Самат шаарда турат. Кыздан кызды тандап суйлошуп кете берет. Достору менен спор ойноп Мээримге уйлонуп калат. Ошол кундон бери Мээримдин жашоосу тозоктун гана озу. —Мээрим, Мээрим абалын жакшыбы, кызын ыйлап жатат. —Ой ойго батып кетиптирмин. Болду болду кызым ыйлабачы. Ансыз деле апандын ыйлап жатканы жетет. —Мээрим эмне болду эмне жонундо ойлоп жатасын? —Кызыгып жатсан мейли айтайын. Куйоом макулуктун эле озу.

Биринчи кызымды торогондо досторуна 100 мин сом берди. Кийин билсем уул болот деп спор ойноптур, кыз болгон сон топтоп жургон акчабызды берип жиберди. Бар ызасын менден чыгарып аябай сабаган. Мунусу да кыз болсо кочого кууп чыгам кыздарын менен деген., — деп ыйлап жиберди. —- Мээрим айланайын койчу ыйлабачы, наристеде эмне куноо. —Алина менин куйоомду билбейсинда. Эки кызым бар учун аран жашап журом чыдап. Озум жетим балдар уйундо чонойгом.

Кыздарымды жетим кылгым келбейт. Кыздарым менен бара турган жеримда жок. Бул кызымды балдар уйуно бербесем болбойт башка аргам жок. Берки кыздарымдын келечеги учун. —Мээрим акылын жайындабы деги. Берки кыздарынды деп башка кызындан кечесинби. Андай болсо мага бер озум багып алам. —Келиндер жакшы жатасынарбы? Абалынар кандай? — деп кирип келген медайым эконун созун болуп жиберди. —Жакшы жакшы келиниз. Мен кызымды качан корсом болот абалы жакшыбы? —Ооба абалы дурус. Бир нече кундон кийин кучагынызга беребиз. Куйоонуз менен кайын энениз келишкен. Улуу медайым бир эле кишиге уруксат бергендиктен, кайын энениз кирмей болду. Макул анда мен барайын.

—Бир аздан кийин Алинанын кайын энеси кирип келди. —Айланайын кызым, садаган болойун кандай жатасын? Абалын жакшыбы эч жерин оорубай элеби? —Ооба апа кыжалат болбонуз мен жакшымын. —Баса мен неберемди кордум. Аран уруксат албадымбы. Бул доктур деген неменер киргизбейт турбайбы. Неберем менин эле озумго сулуулугун айтпа. Атын ким койобуз? —Билбейм апа суйунгонумдон атын деле ойлобоптурмун. Мен сиз койуунузду каалап турам. —Озумдун гана келинимго менин. Перизат койолу анда. Периштедей кыз болсун, -деп келини Алинанын мандайынан ооп чыгып кетти. —Алина чынын айтсам сага аябай суктанып жатам алтындай кайын энен бар экен.

—Ооба бул кунго мен да онойчулук менен жетпедим. Айта келсе жомок эле болуп кетет. —-Алина кызымды сага тапшырсам абайлап оз кызындай карап кете аласынбы. Эртен бул жерден чыксам керек. Кыз экенин угуп куйоом бут басып келбеди. —Ммм десе озун жакшылап ойдонуп кордунбу? —-Сенде калса конулум ток болот. Балдар уйундо калса кандай адамдардын колуна тушот сарсана болуп жатам. —Алина макул болуп улуу медайым менен суйлошуп. Дакументтери менен ымыркайды озуно алып калды. Бекташ да наристенин ата энеси ким экенин билбей туруп макул болду.

—Мээримдин чыгар куну келип кичинекей наристени Алинанын койнуна берип козундо ачуу жаш менен чыгып кетти. Алина аябай бактылуу эки наристенин энеси. Оз кызы Перизатты да колуна беришти. Мээримдин кызына болсо Нурзат деген ат ыйгарышты. Эки наристени колуна алып, торот уйунон бактылуу чыгып кетти. Бири-биринен ширин эгиз козулардай наристелер чонойуп жатты. Убакыт учкан куштай учуп, бат эле чонойушуп, балдар бакчасына барып башташкан. Ширин болуп тилдери эмиле суйлоп келатышат. Алина бактылуу кайын энеси менен уй жумуштары менен алек. Куйоосу жумушуна барып келип журот. Бактылуу кундордун аягы жоктой сезилет.

Ошондой эле кундордун биринде. Алинанын каргыщ тийгир телефонуна чакыруу келди. —Алоо…. —Алло сизди угуп жатам. Ким бул? —Перизаттын апасы болоспу. Тезинен N1-ооруканага тезинен куйоонуз менен жетип келиниз. -деп очуруп койду. …туут….туут…туут

 

 

Уландысы бар…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️