Аракечтин кызы               5-болум

https://kyrgyzcha.site/?p=69021&preview=true Кызыктуу окуялар.

Аракечтин кызы

5-болум

Канчалык инимди жаныма чакырайын деп аракет кылганым менен иним Сирияга келүүгө такыр көнбөй койду.Биз алгач жашаган эки жылда, Сирияда жакшы жашадык.Эч кандай уруш,согуш биз жашаган жакта жок эле.Куйоом маал маалы менен машыгууга барып жүрдү.Махмуд дайым машыгуудан келгенде акча,алтын буюмдарды алып келип,бекитип койчу.Бирок мен ата энеме акча котором десем каршы болчу,кантип,каерден которуну дагы билбейт элем.Жашаганыбызга эки жылдан ашык убакыт өтсө дагы,Махмуд экөөбүз балалуу боло алган жокпуз.Бир күнү Махмуд мага дагы башка аялга үйлөнүп көрөйүн,мен дагы балалуу болгум келип атат деген сунушун айтып калды.Мен каршы болгон жокмун.Ошол убакта менин динден түшүнүгүм бар,туура жолдо баратам деп ойлогонмун.Тилекке каршы ислам дин деген такыр башка экенин,эми билип отурам.Махмуд экинчи аял алам дегенден көп өтпөй,өзбек улутундагы,бир баласы бар келинге жуучу болуп барып,аны экинчи аял кылып үйгө алып келди.Ал аялынын аты Максуда эле.Максуда келгенден кийин менин Махмудка болгон кызганычым күчөдү,бирок билдирбегенге аракет кылат элем.Максуданын баласы Жахонгир дагы биз менен бирге жашап жатты, жашы эми үчтөн ашкан баласын жетелеп,инисинин азыгыруусунан улам ата энеси менен жакшы жашоо издеп Сирияга келген экен.Махмуд Максудага үйлөнгөндөн көп өтпөй,башка шаарга согушка кетип,ошол боюнча кайткан жок.Корсо бомба Махмуддун үстүнө түшүп,ошол жерден жан бериптир.Сирияда күйөөсү өлгөн аялдарды атайы бир үйгө алып келет.Ал үйдө жалаң күйөөсү жок аялдар турушат,жесирлер үйү деп атап коюшат.Жесирлер үйүндө жашоо аябай кыйын,себеби күйөөсү өлгөн аялдар балдары менен көп эле.Сирияда күйөөсү жок жашоо кыйын,менин балам дагы жок эле,жалгыз калгандан көрө деп мага жуучу болуп келген оштук өзбек балага турмушка чыктым.Биздин Сириядагы тынч жашообуз 2017-жылы оорлошуп кетти.Себеби ошол убакта согуш күчөп,ачкачылык аябай күчөду.Мен өзбек балага турмушка чыккандан көп өтпөй, кош бойлуу болуп калдым.Экинчи күйөөм дагы бир күнү риватка кеттим деп,бир бутунан ажырап келди.

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️