КЕКЧИЛ ЖЫЛАН (болгон окуя)

https://kyrgyzcha.site/?p=50430&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЕКЧИЛ ЖЫЛАН

 

(болгон окуя)

 

Автобус..узак сапар..жай баратам

Жанымда сапарлашым сырдуу адам

Жузундо эки элидей тырыгы бар

Журокто эмнегедир сырын каткан.

 

Суйлоштук ар кайсыны жолду катып

Суйлоштук ат жалына казан асып

А бирок эч чечилип айтпай койду

Мен куткон жузундогу сырын катып.

 

Ойлопмун алтымышты ашканбы деп

Жашоонун даамын далай татканбы деп

А корсо менден он жаш улуу тура

Аппак чач аксакалдай айтканы эп.

 

Айтынчы,эмне болгон,кептин чынын

Сурадым чыдай албай жуздун сырын

Автобус улам алга жыла берди

Акырын бир калыпта ырдап ырын.

 

Эх,иним,сурап калдын айт деп чынын

Эч кимге айткан эмесмин сырын мунун

Кузгудон мен озумду коргон кезде

Корунот ошондогу кайгы-мунум.

 

Угуп тур болбой эле сурап калдын

Унутулуп калса дегем ушул дартым

Айыкпас журоктогу эски такты

Айттырып кайра баштан эске салдын.

 

Ал кезде жаны буткон боз уланмын

Болбоду мен энсеген окуу жайым

Жайлоого чыгып кеттим тобокел деп

Совхоздун коюн багып,козу-улагын.

 

Эх,чиркин,ошол кундор кайда калды,

Тан эрте бодононун сайраганы!

Чатырдан ойгончу элем бойду керип

Суктанып улам тиктеп айланамды.

 

Бир куну назар албай мен эч кимди

Алдыма салып алып кой-эчкимди

Жонодум биз барбаган жайыттарга

Жоготуп алган ондуу мен энчимди.

 

Максатымды эч кимге айткан жокмун

Кайрылып келишимди ойлобопмун

Койлорду жыйнап артка кайткычакты

Коюлуп боло калды тун жолдошум.

 

Кеч кирди коз байланып бир заматта

Койлорду топтоп журом анда-мында

Капилет жаза басып жыгылдым да

Куладым бир чункурга,жаракага.

 

Ойлосом,акыл калчап мен ойлосом

Оорудан эс жоготуп койгон экем

Коз ачып кайра озумо келген кезде

Корунду кокто жылдыз сан жетпеген.

 

Кайсыл жер,саат канча,кайсыл убак

Тушунбойм ой жугуртуп акыл чубап

Бутумду кокустатып алыптырмын

Бир буттап аран турдум тыбырчылап.

 

Чыгууга далбас урдум,чыга албадым

Бутумдун оорусуна чыдабадым

Айла жок сабыр кылып кутуу керек

Айланама жер жарып тан атканын.

 

Адатта жайдын туну кыска болот

А бирок ошол тунум бутпос жомок

Кылымга тете болчу сыяктанып

Кыйнабай тан да эрте атса болмок.

 

Тан атты,эми кептин кызыгын ук

Жан жагым карай салсам мен бурулуп

Жанымда жылан жатат эки кулач

Жумулуп эки козу, туру суук.

 

Ойлодум албасын деп мени чагып

Коркомун козголуудан ун чыгарып

Баягы жылан копко жатты дагы

Чункурдан чыгып кетти багыт алып.

 

Бутумдун ооруганы кучой берди

Бакырып,кыйкырганым текке кетти

Бугунку кунум дагы батып барат..

Бир пенде келбей койду издеп мени.

 

Ачкалык ойго салды,качан тоем?

Ажалым жеткенби деп ойлоп коем

Келечек туманданып бараткансыйт

Калам деп бир чункурда ойлобогом.

 

Кеч кирди,куугум кирип коз байланды

Табалбай шаштым кетет мен айламды

Ангыча жылан тушуп баягы орго

Токочтой оролду да жатып алды.

 

Корбогом омурумдо жылан мындай

Карасам мага конул бурбачуудай

Талаадан тентип журуп тоюп келип

Кечинде мында тушуп уктачуудай.

 

Уйку жок,коюу тунду кузотомун

Коктогу жылдыз болду суйлошконум

Тан атып жерге жарык кирген кезде

Табышса кетем деген умуттомун.

 

Тан да атты,эч ким мени табалбады

Таарындым жек коруп мен адамдарды

Чыгалбай ошол бойдон терен ордо

Чыркырап соогум чирип мен каламбы?

 

Ойгонуп жылан ордон чыгып кетет

Олжолуу кеч киргенде кайтып келет

Когучкон,коен сымал жандыктарды

Боору ооруп же дегенсип мага берет.

 

Ошентип жылан мени багып жатты

Убакыт билинбестен агып жатты

Бутумдун ооруганы бир аз кайтып

Бул ордон чыга аламбы,башым катты?

 

Чочулап муздай тушуп буткул денем

Мен алгач ал жыландан коркчу элем

А азыр андан жакын тируу жан жок

Тапканын тен болушуп мени менен.

 

Бир куну тан агарып,жер жарыды

Козголуп жылан жардан чыгып жатты

Жарымдап калган кезде токтой калып

Бергенсийт мага белги,ишаратты.

 

Баш жагы тегиздикке чыгып калган

Куйругу тушуп турат бийик жардан

Жогортон кол шилтеген адам сымал

Жолдошум кел дегенсийт берип жардам

 

Ойлонбой атып туруп жетип бардым

Жармаштым куйругуна ал жыландын

Тырмышып улам орлоп чыга бердим

Тубунон ойдо карай бийик жардын.

 

Жылан да сарптап мага бардык кучун

Чыйралат оролошуп чоптун тубун

Коргондо тегиздеги кок шиберди

Корунду коз алдыма бут омурум.

 

Толуктап тируулукто адам санын

Ошентип ажал жетпей аман калдым

Тез эле унуткардым мушкул ишти

Тобунда бирге журуп адамдардын.

 

Билинбей ошол кундон жыл айланды

Билбеймин май айыбы,май майрамы..?

Совхоздун клубуна цирк келиптир

Когучкон,жыланы бар,маймылдары..

 

Оюн-зоок шанга болоп ошол кечти

Ойлогон,куткондон да кызык отту

Аттин ай жыландарын коргон кезде

Азгырып бир арам ой келип кетти.

 

Ойлосом мен ошондо акмак болдум

Опоной арам акча тапмак болдум

Баягы мага жолдош чон жыланды

Баалашып ошолорго сатмак болдум.

 

Жакты бейм аларга да айткан кебим

Жайлоого эртеси эле жете келдим

Омурумо себепчи ал жыланды

Онуп жатып тез эле кармап бердим.

 

Жаштыкта жанылдымбы,билбейм десен

Жакшылыкка жамандык кылган экем

Адамдык сапатымдан кечкениме

Азыр да аттин кылып кейип кетем.

 

Арадан мезгил отуп нечендеген

Ишке ашып ой-максатым окуйм деген

Айылдын бут туйшугун жыйыштырып

Шаарга окуш учун келген элем.

 

Бир куну келе жатып уй тарапка

Тигилдим жол боюнда чон жарнакка

Баягы мага тааныш цирктегилер

Оюн коймок болуптур биздин шаарга.

 

Эсимде кармап берген ал жыланым

Эртелеп ошол учун жетип бардым

Чыдабай мен туз эле кирип барып

Чакыруу билетин да бекер алдым.

 

Жыланды колго багып уйротуптур

Акча учун анда-мында суйрошуптур

Талаада эркин жургон байкуш жылан

Капаста мендей болуп кун коруптур.

 

Арена…алды жактан орун алдым

Жыланды коруу менин эси-дартым

Ангыча аларга да кезек келди

Аябай озгоруптур ал жыланым.

 

Баалаштыбы «эрдикти» кылганымды

Мойнуна асып алып ал жыланды

Чакырды баатырлардай эл алдына

Барк албай элден сурдоп турганымды.

 

Дуркуроп кол чабуулар туш тарабым

Кубанам,кээде сурдоп кысыламын

Жанаша турган кезде жылан жылып

Мойнума оролгонун сезбей калдым.

 

Бир билем ызы-чууну тушуп жаткан

Бир билем он жак бетим ысып жаткан

Мойнуман муунтканда жыгылыпмын

Доктурда жатыптырмын козум ачсам.

 

Азабын кылганымдын далай тарттым

Айыга албай тошокто уч ай жаттым

Бетимдин жараттары бутсо дагы

Басалбай калч-калч этет муундарым.

 

Тунулбой жылан жандап журчуу болду

Тункусун тушумо да кирчуу болду

Туру суук кебетемди коргон жандар

Тан калып,кээ бириси кулчуу болду.

 

Ушундай журогумо каткан жарам

Кузгудон коргон сайын эске салам

Жыландын жакшылыгын унуткарып

Жаштыкта тагдырымды талкалагам.

 

Эч кимди куноолобойм,куноо менде

Жылан да ээн-эркин журо берсе

Болмок эмес кейиштуу бул окуя

Болмок эмес агандай кесир пенде.

 

Ушкуруп сапарлашым ойго чокту

Айтканы кино сымал коздон отту

Анчалык маани бербей жургон экем

Жакшылыкка жамандык деген созду.

 

Кеп кызып сапарында узун жолдун

Жазам дедим,агатай макул болгун

Жылмайып жок дей албай сапарлашым

Жазгын дейт,башкаларга сабак болсун..!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️