( 2-болук)
Айдай болгон аялымды уйумо алып келет экенмин анын абалын коруп бир ичим ачышып сай соогум сыздайт бир озумду ойлоп бошошуп кетем бирок менден коро кобуроок боломду жабыркады деп билип ар кадамында анын конулун сындырбоого арекет кылдым бир жастыкка баш койгон инсандардын жаныда бир болуп калат турбайбы акыркы кундору боломдун эмнени ойлоп эмне деп сыздап жатканын айтпасада тушунуп турдум ооо тагдырдын канчалык таш боордугун кор эч эстебеймин десем дагы дарыгерлердин акыркы айткан создорун эсиме салат дарыгер эже бизге -биз силерге эстеткен болчубуз бизге кулак салбадынар бир кудайдан болуп аялынды сактап калдык эгер аялын биринчи баланар курбан болгондон сон биз айткандай кылып сен менен ажырашып башкага турмушка чыкканында онду торосода болмок бактылуу эне болмок энди баары кеч энди куйоосу ким болушуда кызыксыз эгер аялын торосо дуйнодон коз жумушу мункун озунор ойлонуп иш кылгыла биз силере мындан ары жардам бере албайбыз капа болбогула чындыкты силерден жашырыпда албайбыз акыл менен иш кылгыла деп боломо карап -жашагын келсе тороймун деп эч ойлобо биз сенинда баландында омурун сактап калалбайбыз деди болом мени деп ушул абалга тушту бала деп мени таштап кеткени менен ал да менсиз менда ансыз жашай албадык энди эмне кылабыз деп окобуз тен бири бирибизге билдирбегенге арекет кылганыбыз менен туну куну ойлонобуз бирок мен эч качан мени бактылуу ата кылалбастыгын билип турсамда журогумдо бир жолуда ажырашуу ойу келген жок тескерисинче боломо азыр мен мурдагыданда кобуроок керекмин деп чечтим биз болом окобуз ажырашуу же келечегибиз жонундо орууканадан келгенден бери бир жолуда суйлошконубуз жок бирок кутулбогондо бир куну уйго ата энелерибиз келип калышты ал жайды сурашып чай ичип олтурганбыз бир учурда кайненем -балдарым биз ата энелеринер кооп ойлондук ото кучтуу дарыгерлер менен суйлошуп кордук коп жерге бардык акыры бир жыйындыкка келдик деди кайненемдин созунон сон чымындын учканы угулуп баарыбыз кайненемдин оозун карап калдык кайненем чонтогунон жуз арчуусун алып жашын арчып созун улады -оо балдарым тагдырга баш ийуудон башка айлабыз жок сен окооунордун турмушунардын келечеги жок экен ажырашуудан башка жол жок бала болбогон сон байлыктында не кереги бар ажырашкыла уй жайды сатып тен экиге болуп алабыз кызым сен болондун бактысын байлаба ал башкага баш кошуп балалуу болсун деди болом шолоктоп ыйлап болмодон чыгып кетти мен кайненеме карап -апа байлык деп бизди ушул жолго баштаган сиздер биздин коз жашыбыздын убалына да жооп бере турган да сиздер эми минтип болор иш болуп бойогуна кангандан сон кайсы жуз менен ажыраш деп айтып жатастар эгер ажырашпасак дагы берген сутунусторду ортого саластарбы бизди ар куну бир олтургондон коро оз колунуздар менен олтуруп кетиниздер бизди олум кана ажыратышы мункун олумдон болок эч ким бизди ажырата албайт бул жолдор бизди азап менен кайгыга баштасада шагыбыз кырк жеринен сынсада биз эч качан ажырашпайбыз эч качан байлык бутундой мыйзам турундо бизге тийиштуу эч качан сиздерге кайтарбайбыз эч камтама болбонуздар биз баласыздагы бактылуу жашайбыз оз балдарынын кандар аккан жарасын коруп жашаган энеден коро баласыз эне бактылуу жашайт дедимда боломдун аркасынан менда эч ким менен коштошпой кирип кеттим бул менин биринчи жолу ата энелерибиздин жузуно карап кайаша айтышым болучу алар бизди тубу жок жарга итерген болсода аларга каттуу тийгеним учун окундум бирок ошол кезде менде башка жол жок болучу мен бир гана боломду ойлоп калдым ооба менинда бардык мырзалардай балалуу болгум келет бала ыйын уккум келет бирок кантейин кантип мен учун оз тагдырын тобогелге салган боломду таштап басып кетем балким убакыт керектир бир кун бары жакшы болот деген умут менен боломду кучактап козумду жумдум боломдун журогу тез тез согуп жатканы мага сезилип турду журок соккондон токтогонго чейин жашоо учун бирге курошобуз деген ой конулумдон отту,,,,
Ата энелерибиз келип кеткенден сон болом мурдагыданда коп ойлонуп калды мен аны алаксытып конулун которгону канча арекет кылбайын баары пайдасыз акыры боломо -Гулнара биз ото коп кайгыга батып ото коп ойлонуп сыгылып жатабыз эгер ушул жолдон кетсек анда биздин жашоодон эмне максатыбыз калат эгер билсен баардык оору коп кайгыргандан пайда болот кел ачык суйлошуп алалы баардык конулсуз окуяларды унутайык арта калган кундой жашообузду жаны барактан баштайык дедим ал биразга ун катпай калдыда -аке канча жолу жаны баштоо мункун кана колумдан келсе омур дептеримден откон кундорумду бутундой айрып салмакмын колумдан келбейт анын устуно менин келечегим башка аялдардын келечегиндей нурдуу жол эмес бир башы аягы жок тунгуюк чытырман токой ошондой тунгуюктан келечекти корсо болобу аке? айтын мен ошондой чытырман токойдон жол таба аламбы аке?деп ыйлап жиберди -асылым эгер сенин келечегин тунгуюк болсо анда менинда келечегим тунгуюк эгер сенин келечегин нурлуу жол болсо анда менинда келечегим нурдуу жол сенин келечегин бул менин келечегим тагдыр биздин башыбызга кандай гана сыноолорду салбасын мен ар дайым сени менен бирге болом сонку дем алышыма чейин сени жалгыз калтырбаймын сураныч мени эч качан таштап кетпегин дедим. -Жок мага эч качан соз бербен сеники болом деп мен сизге бала тороп бере албагандан сон сизди кармап туралбаймын биздин жашоодон негизги максатыбыз бул наристе сиз оз козунуз менен коруп оз кулагыныз менен уктунузго мындан ары мага тороо мункун эмес болгондугу учун сиздин ата энениз сизди таштап кетишимди талап кылып келди алар бир кун сиздида мажбур кылат жашыбыз улгайган сайын балага болгон сезим бизде куч алып бара берет экен убакыт откон сайын кочодогу ар кимдин балдарын коруп конулунуз бузулуп,коздорунуздон мин олуп мин тирилгенинизди коргондон коро сизди таштап кеткеним дурус эмеспи мен сизди бактылуу ата кылалбаймын бирок сиз меримдуу бактылуу ата болушунуз мункун кимдир сизди бактылуу ата кылышы мункун деди мен -жок алтыным деп ойумду айта электе болом колу менен менин оозумду бекитип -шашылбан чечим чыгарганы мен сиздин боорукер адам экенинизди билемин ошол учун сизге жакшы умуттор менен кайтып келген болчумун бирок мен куткондой болгон жок мен сизге кайтканыма бир омур ыйлап отсомда эч качан окунбоймун эч качан сиз дей мени эч ким эч качан суйоо албайт бирок ортодо бала болбосо мин алоолонуп жанган суйуу болбосун мин журоктордун кылдан ничке сагынуу кутуу сабыр кылуу сезимдери чертилбесин бири бирибизге болгон ишенчибиз денизди термеппесин анын баары шамдай болуп барган сайын жарыгы улбуроп акыры барып очот деди анын ачуу жаштары жузун жууп жатты мен боломдун ыраты менен ар кандай адамдын журогуно жетип баруучу бул создорун уккандан сон башымды мыжыгып жооп табалбай олтуруп калдым бирок барибир андан умут узгонум жок башымды которуп анын жашын арчыдымда -асылым биз бала багып алабыз биздин коп балдарыбыз болот аларды жакшылап тарбиялайбыз мына коросун ошондо баары эстен чыгат бала менен алек болуп кайгы эмне экенинда унутабыз болгону сен жанымда болсон эле болгону дедим -аке менда бул жонундо ойлонуп кордум бирок биздин ата энелерибиз буга конушпойт алар бироодун баласын бир кунда бул уйдо жашатпайт аке биз де аз болсода убакыт бар ойлонуп коргонго капа болбон сиз менен каламын деп сизге соз бере албаймын деди ал окунучтуу ун менен келечекке кандай кадам таштап кайсы жол менен баруугада акылым жетпей калды балким болом айткандай эркек киши кочодон уйундо жок нерсени издер балким биз бири бирибизсиз эч качан жашай албастырбыз ким билет баары табышмак кана келечегинди алдын айтар жан болсо баш кошкон бололор биргана биз эмеспизго канчалаган бололор баш кошуп бактылуу жашап жатат балдары бир жакшынакай мотурайган неге биздин тагдырыбыз мындай болуп калды кайсы кунообуз учун бул кандай каргыш бизге тийген боор этибизди эзип сай соогубузду сыздаткан оо бир кем дуйно сенин жарымын бакыт жарымын кайгы жарымын арзуу умут жарымын айрылуу азап жарымы суйуу махабат жарымы кутуу саргайуу ыйлоо окунуу сарсана болуу турбайбы кантип эле журок сени деп согуп турса конулум сага карай алып учса ар бир минутум сени эстетип турса эки жарты бир бутун болалбасак……..
Биз омур дайрабыз ар кимдин ар турлуу создору менен оз агымында агып жатты эгер тынч акан ара сырдуу ары табышмактуу омур дайрасына эч ким тосколдук кылбаса ал оз агымын озгортпой ага берет экен эгер эн жакын эн асыл адамдарын омур дайрана копуро салгандын ордуна таш ыргытып жолун тоссо омур дайранда оз агымын жогото турат турбайбы кундон кунго бардык туугандарыбыз ата энелерибиз баш болуп бизди ажыраштыруу жолун издей башташты коптогон туугандарыбыз -эмне учун маазмуну жок нурсуз жол менен бара жатасынар силерди ак жууп ак тарап эч нерседен кем кылбай остургон ата эненерге рахматынар ушулбу оз ата энесине каршы баруу кудайга каршы баруу менен барабар деп айта башташты бирок эч ким бизди ата энебиздин калоосу менен баш кошуп тагдыр тузагына тушконубузду айтышпайт бироо уйго келсе безилдеп калдык болом окобуз келген конок баары биздин жашообузга аралашат эч бир конок жакшы ой максат менен биздин астанабызды аттаган жок кыйалымда бутун дуйно бизге каршы чыгып жаткандай бардык бороон чапкын бизди карай согуп жаткандай башым катып кимге кулак салышымдыда билбей калдым ооба туугандарым айткандай ата энем мен учун дуйнодогу эн ыйык асылдарым алар учун мен ушул эн ачуу заардуу ичкен адамды тируулой олтуро турганын билип туруп турмуш уусун ичтим озумдуу да боломдуда бактысыз кылдым эми кантип эч качан торой албайтурган боломду таштап кетем ушул абалында ал менден болок кимге керек бул кылганым балким кудайгада жакпастыр,,,