Пример HTML-страницы

Катаны убагында сезүү

https://kyrgyzcha.site/?p=58248&preview=true Кызыктуу окуялар.

Катаны убагында сезүү – оңдоп кетүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Ал эми катаны тоготпой жүрүп оңдоого жетишпей калуу – анык ѳкүнүч. Баарын түшүнгѳн кезде баарына кеч болуп калганы кандай жагымсыз. Айрыкча карылык келип, адамдын ѳсѳрү эмес, ѳлѳрү гана калган болсо. Бул каармандын азабы мына ушунда. «Ашыктыкка алдырдым»         – Кадыр-барктуу жогорку окуу жайдын алдыңкы мугалимдеринин бири элем. Үч балам мектепке кирип, жашоом бир нукка түшүп калган кез. Баш кошкондон бери үйдѳ отурган аялым чыгынып ишке чыкты. Мурдагыдай аны алып, муну толукташ керек деген талкуубуз түгѳнүп, кыялдангандай эс алуу менен жашап калдык. Бирок дал ушул эс алуу биздин арабызды алыстатып жиберген окшойт. Таңда балдар мектепке, аялым экѳѳбүз ишке кетебиз. Кечинде жумуштан чарчап- чаалыгып келебиз да, жатып калабыз. Ошол кезде биздин окуу жайга жаңы мугалим келди. Карлыгач атына заты жарашкан сулуу экен. Экѳѳбүз бир кафедрада болгондуктан жакындан таанышууга мүмкүн болду. Улуу катары менден кеп-кеңеш сурап калчу. Ушул нерсе бизди улам жакындатып жүрүп отуруп мен ага чындап ашык болуп калдым. Ага алгач сынай кылган сыйыма кылыктана жооп берип, тамашаларымды кебелбей кѳтѳрчү. Бара-бара экѳѳбүз кесиптештердин алдында тартынууну да койдук. Коллективдин кечелеринде бири-бирибизди толуктаган түйгѳйлѳргѳ айланып кеттик. Бийлейбиз, сыйлашып чогуу отуруп ичип-жейбиз, узатышабыз. Айрым аялдар гана акшыйган кѳздѳрү менен карашканы болбосо эркек мугалимдер менин кадамыма суктануу менен карашчу. Карлыгачтай аялды жандоо баарына эле буюра бербеген бакыт эле. «Ажырашуу менен башталган жаңы жашоо»        – Биздин мамиле курчуп кетти. Менин бир түнүм үйдѳ ѳтсѳ, эки түнүм Карлыгачтын жанында ѳтүп калды. Мунун баары аялым экѳѳбүздүн ортобузга маселе жаратпай койгон жок. Ыркыбыз кетип, урушубуз арбыды. Керек болсо балдарым да мага кыялдарын кѳргѳзүшчү болду. Мунун баары мага туш тараптан келген азап сезилип, ал сайын үйдѳн качтым. Карлыгач деле мунун баарын байкап, билип эле жүрдү. Бирок бир ооз ачып суроо салбайт. Ал анткен соң мен да ачыктап арыздангым келбейт. Ушундай баарын туюктаган шартта экѳѳбүз бактылуу болууга тырышып, бири-бирибизди бактылуу кылууга тынымсыз аракет кыла бердик. Бир күнү аялым мага Карлыгач тууралуу болгонун билерин айтып, акыркы талабын койду. Анын айтуусу боюнча, биротоло үйдѳ калуум же эч качан кайрылбас болуп үйдѳн чыгып кетүүм керек эле. Балдарымды ойлоп бир саам кылчактап калдым. Бирок аялымдын ачуу сѳздѳрүнѳ чыдабай калганда баарына кол шилтедим да, чыгып кеттим. Убакыт ѳткѳрүп «эми ачуусу тарап калгандыр, чоң киши катары бири-бирибизди түшүнүп алсак болот чыгар» деп бардым. Андан да маанилүүсү, балдарымды сагынгам. Бир эсе алардын жашоолорунан тынчсызданып, «баары удаа бой жетип, ѳткѳѳл куракка келип калган немелер апасы экѳѳбүздүн ажырашуубузду кандай кабыл алышты экен?» деп санааркап жүргѳм. Босогодон аттап эле мен аларга эч ким болбой калганымды түшүндүм. Улуу балам мени жѳѳлѳй ѳтүп бѳлмѳсүнѳ бекинип алды. Кызым менен кенже уулум таарынычтуу кѳз караштары менен салкын гана карап коюшту. Аялым экинчи кайрылып келбешим керектигин кайталап эскертти. Ошентип босогодон ары ѳтѳ албай артка кайттым. Убакыттын ѳтүшү менен мени түшүнүшѳт деген үмүт жетелеп, азырынча жаңы баштаган жашоом менен кете берүүнү чечтим. Карлыгач экѳѳбүздүн үйүбүздѳ чын эле бакыт жана тынчтык бар эле. Мамилебизди биротоло ачыктап, кесиптеш, жакын достордун арасында чакан той кылып, баш коштук.   «Жаңы бала»         – Карлыгачтын мурунку турмушунан бир кызы бар экенин билчүмүн. Аны апасы кенедейинен багып келатканын айтчу. Жашаганыбызга бир-эки жыл болгон соң ал кызын борбордон окутууну каалай турганын айтып, жаныбызга алдыруу сунуштап калды. Карлыгачка болгон берилүүм менен макул болдум. Малика бизге 7 жашында келди. Мен тургай апасына деле бир топто кѳндү. Экѳѳ эне бала катары жакын болбой, аралары алыстап калыптыр. Аны ѳзүбүзгѳ кѳндүрүү үчүн болгон аракетибизди кылып, мыкты мектепке киргизип, кийимдин жакшысын кийгизип, тамактын даамдуусун ичирип карап калдык. Бала да, бара-бара телегейи тегиз жашоого кѳнүп, жаныбыздан чыккыс болду. Мени жакшы кѳрчү. Мен да баланын кѳңүлүнѳ карап, жылуу мамилемди аяган эмесмин. Бул арада ѳз балдарымды ойлогон менен дагы барууга батына албай койдум. Баягыдай босогодон томсоруп кайтамбы деп зааркандым. Ошентип, аргасыздан караган балам Малика болуп, балдарыма жеткире албаган мээрим менен камкордугумду ага арнап жашап жаттым. Кээде мындай мамилемди бул жаңы кызымдан кызгансам да, балдарыма жете албаган аргасыз элем. Малика мыкты мектепте алдыңкы окуучу болуп мектепти аяктады. Жогорку окуу жайдын контракттык бѳлүмүнѳ тапшырып студент болду. Бул арада Карлыгач экѳѳбүз келечегибизге кам кѳрүп үй алдык. Бирок үйгѳ ээ болуп калчу мураскер таба албадык. Карлыгач эмнегедир кош бойлуу боло алган жок. «Ашыгымдан айрылуу»         – Малика 2-курска келген кезде Карлыгач катуу ооруп калды. Башын кѳтѳрѳ албай жатып калчу. Кийинки кезде мунусу оор ѳтүп, тез-тез кармачу болгон. Текшерилип жүрүп залалдуу шишик барын билдик. Күчтүү дарыгерлерге алып барып «кеч болуп калган» дегенден башка жооп укпадым. Эки жыл оору менен алышып жүрүп Карлыгач кырктын кырында дүйнѳ салып кетти. Бул жоготуу мага азап болду.  Жыйырма жылдан ашык убакыт бирге жашаган теңиңди жоготуу кантип оңой болсун. Ѳңдѳн азып, ден соолугум начарлап кетти. Карлыгачсыз окуу жай да муздак сезилип, ѳз каалоом менен арызымды жазып иштен чыгып алдым. Ушинтип бир жыл ѳтүп-ѳтпѳй жатып Маликанын мага болгон жаман мамилесине туш болум. Жѳн-жайсыз кагып, жактырбаганын ачык билдирип баштады. Энесин жоготкон неме бул да кыйналып жүрѳт го деген ойдо баарын кечирип жаттым. Бирок анын маселеси мында эмес экен. Бир күнү мен жаткан бѳлмѳ менен ашканадан башка бѳлмѳлѳрдүн баарын бекитип кеткенин байкап калдым. Кечинде эмнеге мындай кылганын сурасам «башка бѳлмѳлѳрдѳ эмне оокатыңар бар эле? Сизге керек нерселер турат го ѳз бѳлмѳңүздѳ» деди оройлоно. Бул аракети бир жаман жосун экенин астыртан туйдум. Бир күнү сейилге чыгайын деп үйдүн ачкычын таппай калдым. Жарым күн кечке издеп, чарчаганда отуруп калдым. Маликадан ачкычымды сурасам экинчи ачкычка ээ боло албасымды ачык билдирди. Мына, тамаша! Мен ѳз үйүмѳ батпай баштадым. Ушинтип башталган тиреш уланып, экѳѳбүз азык-түлүктү эки башка алып, эки башка тамактана турган болдук. Акчамды тыйынына чейин чогултуп жүрүп алган үйүмѳ карылыгым жеткен кезде батпай баратканым мени тынчсыздандырды. Бир күнү документтерди алып атайын адистерге кайрылдым. Кара баскырдыкы, мен үйдү Карлыгачка жаздыргам. Мындай шартта бул үйгѳ эч кандай ээлик кыла албасымды айтышты. Башымды муштап, айлам жоктугунан кѳзүмѳ жаш алдым. Балдарым болсо мени бир да ирет издеп келишкен эмес. Кийин мен да аларды унуткам. Мунун чындык экенин моюнга алуу мен үчүн кандай гана ѳкүнүч экенин башкалар биле албаса керек. Ал-күчкѳ толуп турган кезимде барбаган балдарыма эми алдан тайган абалда барууга дитим барбайт. Малика болсо мени кайсы күнү үйдѳн кууп чыгарын билбейм. Башыма андай күн туш келсе кайда барам, кайда батам?..

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE