Пример HTML-страницы

Каргыш тийди бизге

https://kyrgyzcha.site/?p=44946&preview=true Кызыктуу окуялар.

Каргыш тийди бизге, кагылайын кулунум, каргыш тийди. Бизди каргыш жеңди

 

– Таене, эмне дейсиз?

 

– Эч нерсе, секетиң кетейин, өзүмчө эле…

 

– Айтсаңыз, айттыңыз эми эле бир нерсе деп. Ал эмне?

 

– Кайсы?

 

– Жанагычы, сиз айттыңыз го?

 

– Каргышпы?

 

– Ии.

 

– Кой, алдыңа кетейин, сен аны билбей эле кой. Кудай сени андан сактасын. Биздин көргөнүбүз эле жетет.

 

Кичинекей Айзирек эч нерседен бейкапар оюнга алаксып кетти. Аз убакта чачын ак баскан Жумаш узун санаасын андан ары улады. Ою тереңдеген сайын колдорун калтырак басып, денесинен муздак тер чыгып, көзү алактап, жүзү кубарып жатты.

 

***

 

Жумаш анда өзүн билимдүүнүн билимдүүсү, сулуунун сулуусу сезчү. Сезгенчелик бар эле. Ырасында ушул артыкчылыктары менен бир райондун элин башкарып турган бүлөгө келин болуп келген. Буга чейин анын сыймыгы, мактанычы ата-энесинин мартабасы, кадыры болсо, эми ага кайын журтунун ак сөөктүгү, билимдүүлүктөрү кошулуп жатып калды. Ал үчүн баары жетиштүү, баары жомоктогудай эле. Ырас, Кудай берип кылыктуу кыз, уучун улар уул тапты. Күйөөсү экөө балдарынын оозунан чыкканын орундатып, эч нерседен кем кылышкан жок. Айрыкча үч кыздын арасындагы жалгыз уул дешип Саматты укмуш эркелетишти. Бирок ал кезде баласына берген бул артык баш мээрим кийин баштарына муш болуп, баласынын тагдырын тайкы кыларын ойлошкон да эмес.

 

***

 

Жылдар учуп бат эле Саматтын жогорку окуу жайын аяктай турган жылы келди. Баласынын өздөрүндөгү кадыр-барктын арты менен гана ийгиликке жетип аткандыгын аңдабаган ата-энеси анын бүтүрүү кечесине жаз алды менен кам көрүп, уулунан өтүп желпилдеп, өрөпкүп жүрүшкөн. Андан калса экөө тең шаан-шөкөттүү салтанатта сылаң короздой койкоңдой басып, учурашкандарга каадалуу ийилип, анча-мынча мактоо болсо ошондон ырахат алганды укмуштай сүйүшөт. Баласынын бүтүрүү кечесин уюштуруп берип ушул кыялдарына дагы бир кез келүүнү самап жүрүшкөн. Балакеттин башы ошол күндөрдөн башталды.

 

***

 

Убакыт чак түш болуп калса да Жумаш уктоочу бөлмөсүнөн чыга элек эле. Дагы далайга жата берет беле, дарбазанын улам сайын басылып тынчты алган коңгуроосу турууга аргасыз кылды. Кабагы карыш салынып халатын кымтыланып келип эшикти ачты да, алдында тарткынчыктап турган карапайым аялды көрүп ачуусун бүркүп алды:

 

– Ии, ким керек?

 

– Кубат Усеновдун үйү бекен?

 

– Ооба, – күйөөсүнүн аты аталганга азыраак жибий түшкөнсүдү, – келипсиз?

 

– Ии, – аял дагы эле бүшүркөп турду. Бир колу менен дарбазанын темирин, бир колу менен кызынын колун эзе кармалай бергенин өзү байкабады.

 

– Анан, эмне сурооңуз бар эле?

 

https://accounts.binance.me/ru/register?ref=556102233

Пример HTML-страницы


– Эже, Кубат Усеновдун уулу Самат балалык кылып… Кызым да жаштык кылып…

 

– Эч нерсе түшүнө албай турам. Самат эмне болуптур? – Жумаш таң калуу менен аялды дагы бир карады да, анын жанында турган кызга эми гана көз салды. Арык кыздын бойтоюп чыгып турган курсагын көрүп чочуп кетти. Заматта баарын түшүнө калгандай болгону менен ошол замат эч нерсени мойнуна алгысы келбей кетти, – деги эмнеге келдиңер? Эмне керек, айткылачы?

 

– Эже, сүйлөшүшүбүз керек. Унчукпаганыңардан өзүм келип олтурам, – келин эми чыйрала түшкөндөй болду.

 

Жумаш аларды деги эле жактырбай турса дагы иштин жөн эместигин байкап унчукпай үйгө жол баштады.

 

***

 

– Мен баарын түшүндүрүп бергендей болдум окшойт. Менин уулум мындай ишке барбайт. Эгер ушул айткандарымды түшүнбөсөңөр, каалаганыңарды кылгыла, – Жумаш кеп бүттү дегендей ордунан турду.

 

– Эже, убалдан коркуңуз. Менин кызым али мектеп жашында. Уулуңуздун убадасы бар болгон үчүн кызым алданып олтурат. Кыз меники болгону менен андагы бала силердики.

 

– Биздики эмес. Аны заматта аныктап койсо болот азыркы заманда.

 

Жанатан кепке кошулбай башын салып олтурган кыз шашып кетти:

 

– Кааласаңыздар азыр деле баралы, аныктоого. Чын эле Саматтан.

 

– Сенин ким экениңди, кимден экениңди билбейм, кызым, – Жумаш мыскыл күлүп кекээр сүйлөдү, – “тууганы калдым” десең эле бала биздики дей калбайбыз. Балам аман болсо, бала табылат. Сенин балаңа зар эмеспиз.

 

Кыздын бетин басып буркурап ийгенине келин чыдабай кетти. Ордунан атып туруп:

 

– Ылайым балага зар болуп калгыла. Тукумуңар уланбай калсын. Балаңыздан күткөн жакшылыктар жаман менен бүтүп, менден да ызалуу болуп калыңыз.

 

Келин кызын колдон ала чыгып кетти. Аларды артынан караган Жумаш келиндин азыркы айткан сөздөрүнө теригип турса да “бир байкуштун аргасы түгөнүп коркуткан сөзү” деп өзүн алдап койду. Бул жөн сөз эмес, жабыркаган жандын каргыш сөзү экенин ал капарга алган жок.

 

***

 

Жумаш тасмадай көз алдына тартылган бул элестерден кийинки окуяларды эстегиси келбей, азыр болсо алдында эркелеп жаткан жетим жээнин дагы бир балээ келип жула каччудай коркуп кетти. Жаман ой оролгон чырмооктой эмеспи. Каалабаса дагы жанагы тасма көз алдына кайра тартылып, жай түрүлө баштады.

 

***

 

Чындыгында Саматтын азабын тартып ыйлап келген кыз бул эле эмес эле. Буга чейин да бир канча жолу Саматтан жабыркаган кыздарды алдап-соолап, айрымын коркутуп жолго салган. Анын ар биринде күйөөсү экөө бири-бирине кине коюп, жакшы-жаман көрүнүшкөн. Ошондуктан алардын келип кеткенин корккону үчүн күйөөсүнө, абдан жакшы көрүп, жаманга ыроо көрбөгөнү үчүн уулуна да айткан жок. Баарын ичине сактап, унутулуп кетет деген. Чын эле эми гана унутула баштаган маалда баягы кыз кайра пайда болду. Босогосун аттап, баягысындай ыйлап турган жок, бирок.

 

Көптөн бери тилеген жакшылыгы эртең болот деген күнү баласынын бөлмөсүн жыйнап жатып анын сүрөттөр салынган альбомуна кызыгып калды. Жаңы гана барактай баштаганында атайын ордуна салынбаган топ сүрөт шыпырылып түшүп жерге жайнады. Эңкее берип эле нес болду. Жер жайнаган сүрөттө кубанычка баткан уулу менен эми гана эсинен чыгып бараткан баягы кош бойлуу кыз турат. Тим эле күлкүсү жарашып, уулуна кыналат. Эки жаштын жарашкан сулуу сүрөтүн чын эле кызыгуу менен колуна алып суктанып карады. Сүрөттү жакындан карай берип өңү кумсарып кетти. Кыздын көзүнүн агында карегине шерик болгондой кара кал турат. Дароо эстеди, ошондо бетин басып ыйлаган кыз чыга береринде аны жек көрө карап кеткен. Көзүндө калы бар болчу. Элден уккан “тилинде мөөрү, карегинде калы бар жандын каргышы кайтпайт” дегенди эстеп алапайын таппай кетти. Анан ал сүрөттөрдү көздөн далдоо коё салып, жеңилдегиси келди. Шашкалактай жыйнап жатып өрттөп салууну ойлоду. Бирок жетишпей калды. Альбомду дагы кагып-силкип карап жатканында телефон шыңгырады. Ою чачырап турган аял альбомду таштай салып аңтаңдай телефонго жетти да, бакырып калды. Телефондо кенже кызынын ыйга муунуп сыздаган үнү жаңырып жатты:

 

– Апааа, апаа, атамсыз кантип жашайбыз, апаа, Самат байкемсиз кантип жашайбыз, апаа. Эжекемсиз Айзирек жетим калабы, апаа.

 

***

 

Жолдун сол тарабын бербеген машинелер Саматтын, анын атасы менен бир боор бир тууган эжесинин сөөгүн салып алып муздак көрүстөндөргө бет алып баратты. Ал эми жолдун оң тарабында зуулдап бараткан машинеде наристенин үнү жаңырды.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы