Каргашалуу майрам.

https://kyrgyzcha.site/?p=45187&preview=true Кызыктуу окуялар.

Каргашалуу майрам.

 

Буту бутуна тийбей ары-бери басып жүргөн Асел, кийимден кийим тандап, жолугушууга эмнени кийишин билбей башы катты. Акыры тапты окшойт, бул узун кызыл көйнөгүн карап бир жылмайып алды… Шашылганынын себеби ата-энеси эми эле айылга конокко кеткен, жигити менен жолугаарын ата-энесинен жашырып койгон Асел. Алар кеткичекти шаштысы кеткен болчу… Чачын төбөгө тысырайта түйүп, узун кызыл көйнөгүн денесине чапташтыра кийип, бийик такасын кийип алып өзүнүн сулуулугуна суктана күзгүгө карап турду…»Таак бир нерсе жетпей жатат”- деп, сумкасын чукулай кызарган помадасын алып чыгып, оймоктой болгон оозун кызарта боеп кирди. Так эле куурчактын өзү болуп калды. Ийилген ичке бели, бакыракай кара көздөрү, кайраттуу узун кара чачтары… Көп эле жигиттердин көзүн кызартаар эле. Бирок, эч кимге сырын алдырбай жүрүп, эми кыздардын сүймөнчүгүнө ээ болгон, байлыгына маашырлана, кыздан кыз тандаган Алмазды сүйүп калган эле, анын ар кыз менен жүргөнүн билсе дагы, жалгыз жүрөгү «Алмазды багындырам» деген кыялда эле…

Ангыча Алмаз дагы жетип келди, кымбат баалуу машинада, музыкасын бийик чыгарып, көп кабаттуу үйдөгү элдердин баарын өзүнө каратты. Аңгыча тыкылдай баскан Асел чыкты, анын майда басып, кылыктана күлгөнү, узун кирпиктерин кайра-кайра ирмегени Алмазды суктандырып, бүт денесин дүркүрөтүп жиберди. Экөө бир-бирине андан сайын ашык болушуп, күндөгүдөн дагы бир-бирин сүйүп баратышты. Аселдин белинен имере кучактаган Алмаз, аккуунукундай узун мойнунан өөп алды, эч каршылык көрсөтпөгөн Асел, башы айлана эки колун Алмаздын мойнуна жылаандай кылып ороп алды. «Майрамың менен жаным”- деп, машинасынын арт жагынан кызыл розаларды алып чыккан Алмаз, Аселдин оозунан өбө куттуктап жатты. Жүр кеттик, достор күтүп калды, машинага олтур деп, Алмаз машинасын зуулдата шаардагы бир ресторандардын бирине айдап жөнөдү. Бул ресторанда жалаң Алмазга окшогон байдын балдары, жандарында жалаң куурчактай болгон кыздар, жигиттерден калышпай тамекиден түтөтүп олтурат…

А Асел аларды карап бир аз таң калды, себеби Асел андай чөйрөдө жүргөн эмес эле, ата -энесинин тилинен чыкпаган акылдуу эле кыз, болгону Алмазды чын жүрөгүнөн сүйөт…

Алмаз бул жерден кетеличи, деп өзүн ынгайсыз сезип олтурган Асел Алмаздын кулагына шыбырады.

— Эмне болду Жаным?

-Жок эч нерсе болбоду, жөн эле бул жерден кетели.

-Макул азыр, каалоо айтып коеюн э?

Макул достор,силердин 14-февраль сүйүшкөндөр күнүңөр менен куттуктаймын, биз барайлы Асел өзүн жаман сезип жатат, даарылап коеюн!!! Деп досторуна көзүн кыскан Алмаз Аселди жетелей чыгып кетти.

Машинасын ээн жерге алпарып токтоткон Алмаз, үн сөзсүз эле Аселди кучактай, оозунан өөп кирди… Асел каршы боло албады, жүрөгү каалаган адамынын өпкөнү, башын айландырып андан сайын ырахатка болоду. Алмаздын колуна түшкөн кыздар, оңой менен чыкпайт эле, кыздардын алсыз жерин оңой эле таап алат. Үстүндөгү курткасын чечип салып, Аселдин мойнунан өөп, андан соң кийимин чечип баштады. Колунан шап эттире кармаган Асел, кийимин оңдой «Алмаз эмне кылам деген оюң бар? Андайга жол бере албаймын, үйгө жеткизип кой» деп жини келип кетти… «Асел Жаным койчу эми, мен сени сүйөм. Кандай түшүнбөйсүң? Анын үстүнө жакында үйлөнөбүз” -деп болбой эле Аселди чечиндирип кирди… «Токтот Алмаз, мен мындайга бара албаймын, эгер чын сүйсөң андай ишке барбайсың түшүндүңбү?”- деп Алмаздын колун түртүп, машинадан түшүп басып кетти… Ичинен жини келген Алмаз, жинин Аселге билгизбестен «Асел Жаным кечирчи, кел олтур машинага, мен иттик кылдым. Жүр үйүңө жеткиремин”- деп Аселди акыры көндүрдү. Таарынычы тез эле тарап кеткен Асел кайрадан олтуруп алды.

Асел ичинен өзүнө жини келип, эмнеге келдим экен, эми Алмазга жолукпаймын деп ичинен ойлоп келе жатты, бирок кеч болуп калган болчу. Алмаз ичинен баары бир оюма жетем деп келе жаткан, машинасын шаардын чет жагына алып барып, Аселди каалаганча уйпалап алды.

Бүт денеси көк ала болуп, чачтары апсайган Асел үйүнө кирип келди, жакшы ата-энеси жок эле, душка кирип жуунуп андан соң төшөгүнө бүк түшүп, көзү ишигичекти ыйлап жатты.

Адилетсиз жашоого нааразылана, мен эмне ушул үчүн жолуктумбу? Мен өз сүйгөнүмдү көргөнү чыктым, жүрөгүмдүн ээсине жагуу үчүн эң жакшы көргөн көйнөгүмдү кийдим, ал акмактын кылганы бул… «Жазаңды алаарсың»- деп боздоп ыйлап жатты. А Алмазга баары бир эле, ичинен Аселди жакшы көргөнү менен андан дагы жакшысын, сулуусун табам деп ойлоп жүрдү.

Арадан күндөр өттү, Аселдин башы айланып, эч нерсеге табити жок эле. Аны байкаган апасы кабатырлана ооруканага алып барды, Аселдин боюнда болуп калды. Бирок, таң калычтуусу Аселдин сүйүнүчүндө чек жок эле; «демек менин ичимде кичинекей периште бар экен да, мен бул кичинекей периштени багып чоңойтом, башка эч нерсенин кереги жок”- деп, көңүлү көтөрүнкү. Апасынын зар какшап атасы ким десе дагы айтпай койду. Акыры Аселдин атасы дагы билди, кызынан мындайды күтпөгөн атасы, ачуусу келип кызын үйдөн кууп чыкты. А Асел ичиндеги баласынан башка эч кимди ойлобойт эле, дүйнөдө ишенген адамың, эң жакын деген адамың ушундай кыйынчылык кезде жок болсо, анда жашоонун кызыгы эмне? Мен эч кимге ишенбеймин деп, күбүрөнө жол бойлоп кете берди…

Жол боюнда эскилиги жеткен кийим кийген, оймо чийме жаздыктарды алдына коюп алып сатып олтурган кемпирди көрүп боору ачып кетти, себеби эшик аябай суук эле, март айы келсе дагы жер бетинде кар кете элек, аны жалдырай карап турган Асел, үстүндөгү курткасын чечип кемпирдин үстүнө жабып койду. Жүрөгү жылый, көзүнө жаш алган кемпир; «Рахмат кызым өзүң кийе бер үшүйсүң”-деди. «Эмне балдарыңыз жокпу эне?”-деди Асел. «Жок каралдым, балдарым болсо ушинтип олтурат белем, убагында жаштык кылганмын, боюмдагы баламды алдырып, андан кийин торобой калганмын, а торобосон эч кимге керегин жок экен, эми карачы, мынтип суукта мына жаздыктарды оз колум менен тигип эптеп кунумду кором. Мен бүгүнкү күнүм менен гана жашаймын, эртең эмне болоорун билбеймин, менин келечегим жок качан өлөт экенмин деп эле олтурамын. Өлсөм мени ким комот?” деп көзүндөгү жашты аарчыды. Аселдин дагы көзүнүн кыйыгынан жаш кетти: «Билесизби эне мен азыр баламды алдырганы бара жатканмын, төрөгүм келет бирок, ата-энемдин бети жер караарын билип, баш тартмакчы болгонмун. Бирок, сиздин айтканыңыз, мени ойлондуруп койду. Мен төрөймүн балада эмне күнөө”- деп жылмайды. Аселди көпкө тиктеген эне; «жүр кызым менин үйүмө жүр мен сага жардам берем, дагы да бир наристенин өмүрүн экөөлөп сактап калайлы. Качанкы бир кетирген катам үчүн өкүнөмүн, эми сага жакшылык кылгым келет. Бул балаңдын кимден, эмне болуп жаралганы маныздуу эмес азыр, эң башкысы балаң аман эсен болсун кызым. Али сага көп жакшылык алып келет мен сезип турам бул наристең ак жолтой болсун”- деди… Аселге эне эң жакын адамы болуп калды, үйүнө алып барып күйпөлөктөп болгон нерсесин дасторкон үсүтүнө койду. Үйү жупуну болгону менен аябай жайлуу, жана түрдүү оймо-чиймеден жасалган кездемелерге толтуруп коюптур. Аңгыча төркү үйдөн узун бойлуу, жашы отуздардагы жигит чыгып, Асел менен сылык гана учурашып сыртка чыгып кетти. Асел таң кала энени ал ким дегенсип суроолуу карады. А ал менин бакма балам, балалуу болбогон соң балдар үйүнөн багып алдым, окуттум аябай зирек эле, бирок аял Алды анысы оорудан каза болгон соң, ушинтип ичип кеткен, баарибир өз балаңдай боло албайт экен да. Мени деп күйбөгөнү ошол да, ушул балам бакса мен кочого чыкмак белем…

Асел кызыга аялы эмнеден каза болду?

«Келинчеги аябай ак көңүл жакшы келин эле, уулум аябай сүйөт эле. Боюнда болгондон кийин, айыкпас дартка кабылды, өзү менен кошо ичинде баласы дагы кетти, а уулума ал каттуу сокку болду, мына эки жылдан бери оңолбой жатат, а мен үмүтүмү дагы үзүп койгонмун» деди эне жашын аарчый. «Өкүнүчтүү экен эне кайгырбаңыз. Уулуңуздун сүйүүсү аябай күчтүү экен, кызык ошондой сүйүү азыр бар бекен”- деп Алмазды ойлоп жини келе түштү.

Эртеси Асел энени базарга чыгарбай койду; «эне күн жылыгыча эч жакка чыкпай эле коюңуз, менде кичине акча бар, ошону иштетебиз”- деди. «Алла ыраазы болсун кызым, болбосо тизелерим какшап турган”- деди. Ошол күнү эне Аселге өлгөн келининин халатын кийгизип койду, аны билбеген Асел эч нерседен иши жок үйдөгү жумуштарды аткарып жаткан, аңгыча артынан аярлай кучактап, «Сезим сени сагындым» деген үндү укту. Чочуп кеткен Асел артын карады, ал эненин уулу эле көзүнөн жашы мөлтүрөй агып жатты, Аселге ушунчалык мээрим менен карады; “Кесириңиз чоң кыз, өзүмдү кармай албай калдым”- деп башка бөлмөгө чуркап кирип кетти. Асел таң кала, «ушунчалык дагы мээримдңң, жылдыздуу көздөр болобу?”-деп, ичинин кыймылдаганын сезди. Түн кирген соң эненин уулун Асел чайга чакырганы кирди, терезенин түбүндө олтурган ал, колундагы сүрөткө тигиле карап, көзүнөн жашы тамып жатты. Асел анын жашын карангыда көрбөдү, жанына келип олтуруп; “Сүрөттү көрөйүнчү”- деди. Сүрөттө аккуудай болгон, бою узун көздөрү жымындаган аял турду. Анын сулуулугу мээримдүүлүгү жүзүнөн көрүнүп турду. «Аялыңыз аябай сулуу экен!!! Жаны жаннатта болсун”- деди. “Рахмат”- деп кыргылданган үнү менен жооп берип койду. Жүрүңүз тамак ичип алыңыз, муздай электе деген Асел оордунан жылайын дегенде, ал колунан тартып бооруна кыса Аселди кучактап алды.

Асел эмне деерин билбей; «сиз демимди кысып салдыныз”- деди. «Кечир Асел, сенин атың Асел го э?”- деди. “Ооба. Сиздин ысымыңызчы?”, «Менин атым Эмил. Кечирим өтүнөмүн, сен аябай Сезимге окшош экенсинң, кусалыктан жалгыздыктан тажадым. Сени көрүп аны көргөндөй болдум, мага капа болбо! Башка жакындабаймын”- деп сыртка чыгып кетти. Бирок, Эмилдин кучагы ушунчалык жылуу эле. Анын оттуу көздөрү, сени эч кимге бербейм дегендей жанып турат. Эмнегедир Эмил Аселдин ар бир кыймылын карап олтура берчү, арак дагы ичпей калды. Аселдин ичи чыккан сайын, Эмил Аселге боору ооруй жардам берип, экөө тез эле тил табышып алды. Муну көргөн эне аябай сүйүндү. Уулунун оңолгону аябай кубандырды. Асел дагы бул үйгө аябай көнүп калган, ичи чоноюп. Кээде Эмилди колтуктап сейилдеп калышат. Жаз келип жер бетине көк чыгып, күн жылып калды, бир күнү эне жаздыктарын көтөрүп базарга чыгып калды. Алдынан тосо чыккан Эмил: «АПА үйдө олтуруңуз, мен өз кесибим боюнча иш таптым, Аселди жакшы карап үйдө олтуруңуз”- деп, ишине чыгып кетти. Эмил кесиби боюнча мугалим. Аялы өлгөндөн кийин баарын таштаган болчу. Сезимдей аял таппайм деп жүргөн, бирок Аселди көрүп жашоону кайрадан баштады. Аселдин дагы көңүлү бар, Эмилдин сүйүүсүнө суктанчу, күндөр өтүп Асел уул төрөдү, эне менен Эмилдин кубанычында чек жок, ошол күнү Эмил Аселге келип үйлөнүү туралуу сунуш киргизип, колуна шакек такты. Асел мындайды күтпөгөн, «төрөөр замат ата-энеме кетем”- деп турган, бирок мындай сунуш Аселди бактылуу кылган эле. Эртеси Эмил баланы өз атына өткөрүп алды. Экөө нике кыйдырышкан соң, Аселдин үйүнө барышты. Байкуш ата-энеси кечирбегенге айла жок эле, кызынын аман-эсен келгенине кубанышып, небересин көрүп экөө тең элжиреп кетишти. Ушул кезде Алмаз машинасында карап олтурду, ичине туз куйгандай ачышып олтурду, себеби Аселдей аруу затты таба албай койду, тапса дагы Аселдин жүзү жүрөгүнөн кетпей койгон болчу. Эмиө уулун колуна алып искей албай, же “уулум» деп айта албай алыстан көзүнө жаш алып, бактылуу болгон Эмил менен Аселди карап олтурду.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️