Каректин каардуу жашы 7 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=9300&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАРЕКТИН КААРДУУ ЖАШЫ.

    7-БӨЛҮМ.

Билинбей арадан 10жыл өтүп кетти.

Он жыл ичинде үч баласы катар чоңойду…Улуусу Бакыт,ортончусу Максат,кичүүсү Эрлан…

Эрлан чалдын баласы,аны өзүнчө бөлүп турушат…Баарын баштаган ошол улуусу Бакыт,дайым бир нерсенин башын кылтыйтып турат.

Дене-мүчөсү далдуу,билеги күчтүү шок баладан бир нерсе чыгат деп Асанбай аны Бишкеке спорт мектебине киргизип койгон .Максат болсо атка кызыгат..Ат минип алып улактан калбайт..Жадакалса кичинекей улакчы атка конгон..

Пример HTML-страницы

Эрлан али жашыраак эркелегенден башканы билбейт…Бай чалга тийип алып санаасы жок кенен жашап,балдарын чоңойтуп алды.

Азыр тоону томкоргондой көчөдө асманды карап басат..Айылдын көөбүн теңине албайт, учурашпайт.

Асанбай биртоп каарып,Асельдин бергенин жеп олтуруп калган..Ошондо деле Асельге жаман сөз тийгиздирбейт…Баардык ортого түшкөн урук-тууганы менен катташпай койгон…

Асель оюнда,мен ийгиликтин туу чокусуна жеттим..Баймын,балдарым тың деп эсептечү..

 

Бул убакта Калбү ооруп жүрүп каза болуп калган..Ошондо Асельди каргап кетиптир.»Куураган куу шүмшүк,балдарыңдан көр..Беттер бол»—деп…Асель малдын көбөйгөнүн сатып борбордон үй алып койгон.Ал үйдү Бакытка десе болбой айылдагы үйдү ээлеп алган…Бакыт окууну аяктап зыңкыйган жигит болду..

Бакыт кыздардын тилегиндеги баладай кебетеси..Мамилеси,мүнөзү болсо өтө начар…

Ошол жылы Асанбай аз эле ооруп каза болуп калды 80жашында.

Баардык оокаты Асельге калды..Бакыт ошол жылы спорт мектебин аяктаган жашы 19да.

Максат айылдагы эле мектепти бүткөн.Быйыл окууга тапшырам деп жатканда өгөй атасы өлүп калып айылда кармалып калган..Кийинки жылы деле тапшырам деген ой.

Асанбай айылдын чириген байы болсода Асель эптеп эле көмүп койду…Майда-чүйдө бүткөндөн кийин Бакыт мен айылдан кетпейм,шаарда силер жашагыла деп кетпей койду.Илгерии Эрнис берген үйдү кулатып,заңгыраган үй салган..Аны Максатка берген..

Атасынын жаназасына келген чоң балдарын киргизбейда койду..

Бат эле Асель өзүнчө кенже баласы менен борборго кочүп кетип калды.

Эки баласы эки үйдө турушат..Бакыт 21жашка толуп калды,Максат 19жашта…Бакыт айылды эле эмес бүт районду колго алып алган..Мен мен деген балдарды тандап өзүнө кошуп илгери 90-жылдары рекеттердей баарына салык пул салат..Мындайынча айтканда чёрный.Эрнис атасын тарткан аябай күчтүү..Спорт мектебинде окуп бүткөндүктөн күчүнө күч кошулгандай…Үстүндөгү көйнөгүнөнда өзүнчө өзүнчө бөлүнүп билинип турат күчү..Бир жолу бир айылдын балдары чогулуп,Бакытты өзүн жалгыз жолдон кармап сабайбыз дешкен…Өзү жалгыз он балага түшсөда оноону тең каттуу сабап салган…Максат болсо атагы чыккан улакчы..Бул болсо аябай ак-көңүл жакшы бала болгон.Агасына канча кой деседа болбой койгон..

Акыркы күндөрү көпкөндөн көөп эчкимди көзгө илбей калган..Бир муштуму менен бир баланы өзүнөн кетирип койчу..Баары коркот,милицияга берейин дешсе кылмыш иле алышпайт,камалбай калса жок кылып салабы бизди деп коркушат…Бир жолу айылда чал-кемпирдин жалгыз баласы үйлөнүп калды..Бакыт эки баласы менен бардыда аксакалдарданда төргө өтүп кетти..Жиликтин чоңун жеп,сыйды көрдү..Той бүтүп эл тараганда үйлөнгөн бала көшөгөгө киреерде Бакыт келип мен биринчи кирем деди..

—-Ай балам бул эмне дегениң?Акыл эсиң жайындабы?Кайдан уктуң эле мындайды?

—-Каарыган кемпир бар чыгып кет..Үйлөнгөн бала жинденип эшиктин алдында жаткан балтаны алып келип Бакытка шилтеди эле,Бакыт колу-бутун кармап сындыра койду..Жакшылыкча көнбөсөң мындай болот деп, ошол үйлөнгөн баланы каратып туруп жаңы келинди зордуктап салды..

Айла жокта үй-бүлөө намысы деп элге жайышкан жок.Унчукпай калып кетишти..Байкуш бала түшүнүктүү экен аялын кетирген жок…

Бул көрүнүш Бакытка адат болуп калды,ким үйлөнсө ошонукуна барып аялына биринчи кирет.Бул кылыгы элгеда маалым болуп калды.Аябай кыжырланышып аксакалдар кеңешип жатты..

—Бул баланы өлтүрүп жаныбыз тынбаса балее болдуго..

—Кантип өлтүрөбүз?10баланы бир жыгып жатса.

—-Айласын табабыз..

Элдин ичинен Максат суурулуп чыгып ;—-Мына мен башында турам,биз улакчылар силерге жыгып беребиз,калганын өзүңөр билгиле…

—-Бир тууганыңго?

——Менин элиме кас чыккан бир туугандын кереги жок..

Кудай кечирет деген үмүттөмүн..

—-Туура,элдида көзүнө илбей акыркы нанын тартып алып жатат.Жаш келинчектин тагдырын талкалап жатат.Бакыттан коркуп канчасы үйлөнбөй 30дан өтүп кетти..

Улакчылар жыгып берсе биз таш-баранга алабыз…

—Анда эртең Керимбай баламды үйлөп жатам деп,той башта..Ошол жака келгенде колго түшүрөбүз..Улакчылар улак кылабыз,силерда ошол жакта болгула.Эртеси эл чогулуп жасалма той башталды..Дайымкыдай эле той кызыганда Бакыт келип төрдө бир койдун этин жеп олтурду…

Мунусунда сыртка чыктыда,шашып жатам келин кайда?-деп сурады..Элүү метр ары жакта турган бооз үйдү сөөмөй менен бир келин көрсөттү..Талтайып басат..Шашпай баратты эле ары жактан ышкырык чыкканда тапырап 10атчан келип шакылдата камчылары менен чаап кирди..Бакыттын күчү өтө көп экен аттын буттарына тееп бир-экөөнү жыга койду.Камчыларын кармап тартып улакчылардыда кулатып жатты…Бир камчы ушунча заар болуп артына тийип,учу башын жара койду..Катту жинденип бурулганда өзүнүн иниси Максатты көрдү.

—Эмне кылып жатасың?Сен акмак щенок десе..Мага кол көтөргөнү жарап калдыңбы?Өз колум менен өлтүрөм сени….Аттын башын кармап кайрып салды эле гүүпп эте жыгылды..Максатта оңбой түштү.

Ары жактан айылдын эркектери келип чооң таштар менен Бакытты уруп башташты..Бирөөсү башына тийип Бакыт жыгылып түштү..Максатты аттын астынан сууруп чыгышты..Бакытты болсо ошол жерде турган тереке чыгарышып байлап салышты.Таш-баранга алып өлтүрүштү..Өлүк эки күн турду..Анаан барып айылдын Участковыйы көрүп,райондон кошумча күч чакырды..Асельгеда кабар жетип,айылга жетип келди.

Ким өлтүрдү?-деп сураса элдин баары мен дешет..Милицияларда күнөөлүүнү таба албай калышты..Айла канча айылдын баарын камайт беле..

Алда байкуш Асель ай..Мына мунунда башына түштү..

—-Каргыш тийгир акмактар,колуңарга шал тийсин…Баламдын башын жеген кан ичкичтер силерди кудай урсун..Айылдын баарын кыдырып чачы саксайган Асель ыйлап жүрдү.Алдынан чыккан жаш балдарды,кыздарды колундагы таяк менен жыга чабат..Жини келгенинен эмне кылышын билбей чыркырап калды..Бала азабын башына салсада убагында өзү сыздаткан Калбү менен Насирди ойлогонда жок.Өз күнөөсүн эстепда койбоду.

Баласын союп өлүмүнүн себебин билишип анан сөөктү Асельге карматып койду…Айылга өлгөн кылып коёюн десе эл жай бербей койду.Максат башын шылкыйтып эле ашыкча сүйлөбөйт…Уунчукпайт.Агасын өзү жыгытып берсе анан эмне демек..Бул кабар Асельге жете элек болчу…Күндүн ыссыгында сөөктү Токтогулга алып барып коймой болду..Эрнистин үйүнө барды..Ата-журту деп жай сурады…Бул убакта Эрнис айылда болчу.Акыл айтчу ата-энеси өлүп калган ..

—Энеңди шуркуя десе,балага татыктуу тарбия бере албапсың..Аркимди сыздаткан мыкаачы болуптур сага окшоп..Баланы таштада жоголуп кет.

—Эрнис мени аячы,аяп койчу өз баламды көмбөй кантип кетем..

Суранам аячы…Анда деген баланыда алып кет…Экөөңө тең жай жок уктуңбу..

Ары жакта Эрнистин азыркы аялы турган..Төрт балалуу болушкан.Аялы баягы өзү сүйүп жүргөн кыз..Эрнис барып кечирим сурап Асельдин кылыктарын айтып берген…Бара-бара таарынычын сүйүүсү жеңип,кечирип Эрниске турмушка чыккан..Асельди дароо тааныды..

—Эрнис антпечи,кантседа балаң,кантседа балаңдын апасы…Койгончо туруп турсун анан кетсин..Маакул болчу..

Эрнис маакул болуп үйүндө жаназа башталды…Жайды даяр кылышты..Коюуп келишти. Айыл аксакалдары Бакыттын окуясын угушуп койдурбайбыз деп чыгышты..

Ээх кудай ай карасаң,жашоодо жакшылык кылбаган адамды жерда кабыл албай жатканын..Кудай пенделерин себепчи кылып эчжерден жай ыраа көрбөй жатат..

Эрнис менин урматым үчүн деп жалдырасада каршы болуп туруп алышты…Элдер барып коюлган жайынан казып чыгарып ташташты.

Эми кайда алып барабыз?-деген суроо башын жеп салды..Асель сасып,курттайын деп бараткан баласынын денесин кучактаап ыйлап жатат…Чекеден байкап турган Эрнис ичи ачышканда жок..Убагында кылганы үчүн кудай көрсөтүп жатат деп түшүндү.Айласыз Эрнис эки бала таап,сөөктү машинага салып тоо тарапка баратышты..Машина чыга турган жерге чейин жетип гөр болбосода тереең кылып каздырып көмүп келишти..Эл укса казып чыгарып салышпасын деп белги коюшпады..

Казган эки балагада көп акча берди эчкимге айтпасын деп…Асельди үйдөн кууп чыгып койду…

Мына өз башына келип өзүда баласынын жайын билбей калды.. Жасмина

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️