Каректин каардуу жашы 3 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=9300&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАРЕКТИН КААРДУУ ЖАШЫ.

    3-БӨЛҮМ…

Асельдин байкеси жумушун токтотуп Алматыга келди…Насир сөөктү берген клиника жеке менчик…Акчаны сапырып эле алат…

——Саламатсыңарбы?Мен силерге экспертизага баламдын сөөгүн бир ай мурун таштагам..Эки айда даяр болот деди эле мен кабар алганы келдим..Жаңылык барбы?

——Фамилиясы ким?

——Насыр уулу Тимур…1972-жылкы.

—-Азыр карайынчы..

Регстратурада турган кыз он мүнөттөй компьютерди чукулап таппады көрүнөт башчысынын кабинетин көрсөтүп,ошол жактан суроосун айтып жөнөтүп койду..

—Саламатсыңарбы…Мен Кыргызстандан келдим.Бир ай мурун баламдын сөөгүн ушул жака калтыргам экспертизага..Тиги кыз таппай жатам дейт..Билип бересизби….

——Аксакал аты-жөнүн айтсаңыз..

—-Насир уулу Тимур.1972-жылкы..

——Булда карамыш этип жок экен деди…

——Кантип жок?Качантан бери жок?

Мына документтер..Тапкыла баламды…

—-Аксакал бул документтерде балаңыздын өлгөнү тууралуу анан жолго уруксат берген эле кагаздар экен..Бизге таштады деген бирда нерсе жоккко?эмнеге?

——Ой өзүңөр айтпадыңарбы баардык кагаздар калсын деп..Таап бергиле мага бүгүн баламдын сөөгүн.Каматып чиритип жок кылам силерди..Атаң-ооозурайындар камабаса өзүм атып салам иттей кылып…

—Аксакал тынчтаныңыз,азыр кароолчуларды чакырам мынтсеңиз.Мен сизге түшүндүрүп жатам бизге эчкандай сөөк келген эмес…Темболеее Бишкектен…Жакшы барыңыз..

Насир тура калып офисти астың-үстүң кылып сапырып салды…акмактар десе ..Шашпагыла..Тиги кызыл шапкечендин үнү бул жака дери жеткен окшойт…Баламды табам мен..Жайыңарга койбойм силерди деп чыгып кетти…

Канча жерге кайрылсада тастыктоочу кагазыңыз жок деп карабай коюшту..Айласыз Кыргызстанга келип өйдө жактарга арыз жазып жүрдү.Өлкөдөн алып чыгууга уруксаты бар алып чыккан андан аркысыныкы эчнерсеси жок.

Асельдин агасы Алматыдагы креслодо олтурган досун ортого салып 1миллион акча карматып баарын жайгаштырып салган..Күнөөсүз кескиленген Тимурдун сөөгүн болсо ошо ооруканага скелет катары алып калышкан..Видиокамерасындагын өчүрүшүп,калган кагаздар отко кетти…

Байкуш эне Калбүнүн чыркыраганы ай….

—-Сен акмак баламды өлтүргөндөрдөнда сен ашкан мыкаачысың..Баламды жайына кой десем болбой каздың тоону томкорчудай,кана кыйратканың я..?Балам татыктуу гөргөда жата албады.Байкушум ий…Шорум курду шорум куруду…Ай кудай ааай баарына өзүң жаза бере көр..Өзүң гана адилет сотсуң…Баламдын күнөөлөрүн кечип бейишке алып кире көр….Жердида ыраа көрбөдүң балама эмне күнөөбүз бар эле???

Эртеден кечке ушул ый…Байкуш Калбү акылынан азып бир узун союлду колтуктап кармап,Тимур деп атап алды..Ушул күнгө чейин айыл ичинде кадыр-баркка ээ болуп,Калбүнү өз теңтуштары эмес улуу муундарда сыйлап турушчу…Насир өзүн күнөөлүү сезип,колунан эчнерсе келбешин сезип кайгыга алдырып жиберди…Үйдүн бурчуна эртең менен чыгатта кеечке чейин бир жерди теше тиктееп отурганы отурган….Тимурдун улуу байкеси аялы экөө Германияда иштечү…Мал-жайды, мынтип калган ата-энесин караган эчким жок айласыз көчүп келишти….Иштин чоо -жайын билген Ырыс кыжынып кала берди…

Күн артынан ай өтүп жатты…Россияга качып келген Асель акчасы түгөнгөнчө иштегенда жок жеп ичип жатты…Акыркы акчасы аз калганда магазинге пол жуугуч болуп кирди…Акырындап отуруп кассир болуп калды…

«Эконом» аттуу магазин…Кыргыздар көп кирет..Негизи эле куу жан тыпылдап ишин жакшы аткарат..Бирок тапкан акчасынын баарын кыздар менен түнкү клубтарга барып жок кылып таштайт..Жашоо жыргалдай сезилип жатты…Бир адамдын каны колунда экенин унуткандай..Ичет,чегет,жүрөт мындай жашоодон жакшы болушу мүмкүнбү?Кандай жакшы э?Текшерген эчким жок…Өзүм акча табам.Ушактаганда эчким жок!!—деп ойлоор эле…Күндөрдүн биринде Асельдин көзү Эрнис аттуу балага түштү…Далдуу оорду менен сүйлөгөн бала…Ардайым магазинге жалгыз келип соода кылат..Ашыкча күлбөйт,сүйлөбөйт жана кашалёгу дайым толо….Эрнис менен таанышуунун аракетин эки айдан бери кылат бирок натыйжасы жок.

Эрнис ошол жакта спорт залын иштетет жана мекендештерине жардам берет.Кыргыздын патриотторунун бири..Ошол күнү Асельдин смени бүтүп үйүнө бараткан..Машинадан түшкөн Эрнисти көрүп таанышуунун амалын кылып ыйламыш этип бурча отура калды.Мындайды көрүп кайдыгер кетпеген бала жанына барып;;—-Чоң кыз эмне болду?бирөө капа кылдыбы деп сурады…

—Жашоо,жашоо капа кылды..Өзүм жетим кызмын,эчкимим жок.Эптеп күн көрүп жүргөндө мени тоноп кетишти кече..Квартирага акча төлөй албай калдым..Эми бүгүн чыгып кет деген, кантееримди билбей жатам эми..Аванс тийишине жарым ай бар дагы..Эмне дейт экен дегенсип жалт карап коёт баланы..

—Менин квартирама бар,бир бөлмөсүндө кыздар жашайт..

—Рахмат байке,ыраазымын..Жакшылыгыңды унутпайм..Даректи алдыда квартирасына барып кожейкесине чыгып жатканын айтты..Кожойкеси таң калып калды..

—-Асель эки айга төлөп койдуң элего,эмнеге чыгып жатасың?Бирөө бирдеме дедиби?

—-Жоок эже ушундай болуп калды..

—-Мейли дечи,бирок акчаңды азыр бере албайм..

—Тим коюңуз рахмат эже жакшы калыңыз.

Эрнис берген дареке барды…Эшикти бир эже ачты…

—Эже мага Эрнис байке берди эле даректи..

—Аа ооба айткан кирегой..Бул бөлмөдө жашайсың,дагы эки кыз бар..Тил табышып кетесиң жакшы кыздар…

—-Маакул,рахмат…Бул бөлмөдө ким жашайт?

—-Мунусунда Эрнис өзү жалгыз жашайт,мунусунда мен кыздарым жолдошум менен…Негизи бизде тынч адам аз..Эрнистин өзүнүн үйү болгондуктан текшерип деле келбейт.Тынч жашай бер…

 

Асельге жол ачылгандай кубанып кетти…Бат эле жайгашып,чай ичип жатып алды..Эрнисти кееде эле көрүп учурашпаса сүйлөшө албай жүрдү…Колго түшкөн коёнду,койберген киши оңобу демекчи жагуунун аракетин кылып жатты….Он беш күндөн кийин айлыгым тийди деп квартплатасын бергени кирди.

—Саламатсызбы Эрнис байке..Сизге ырахматымды айтып коёюун дедим.Ошондо көчөдө калмакмын.Чооң рахмат.

—-Эчнерсе эмес карындаш жардамым тийгенине кубанычтамын..

—Мына жашоо акысын алып келдим..Ыраазычылык билдирейин деп бүгүн дасторкон жайсамбы дегем,каршы эмессизби?

—Жоок каршы эмесмин майрамдай бергиле ….

—Аппей мен сиз үчүн деп алып кызарып кетти…Байке жашыңыз канчада?Кайсы жактансыз?

—-Жашым 26да,Токтогулдан болом.

—Аа жакшыго…А мен кайактан экенимди билбейм…Фрунзеде балдар үйүндө өскөм…Ух мейличи сиздинда башыңызды оорутпайын деп артка чегинди эле.

Эрнис ичи ачышып кызды аяп кетти..

—Асель сен кайгырба,кааласаң мен сага ага катарында болойун..Жалгызмын дебей мага ишенип ага деп жүр…

Жаш кыздардай сүйүнүп кеткен Асель Эрнисти кучактап бетинен өөп алдыда ыңгайсыз боло түштү..Ой кечириңиз дагы бир жолу мен агам деп эле..

Эчнерсе эмес..Эми бар эсал..

Бөлмөгө кирген Асель ичинен кудуңдап жатты…Биринчи кадам жасалды,ийгиликтүү жасалды..Мен ага жакындадым эми сүйдүрүп алсам болду..Хи-хи..

Жанындагы кыздардан Эрнистин туулган күнү он күндөн кийин болот экенин угуп өзүнчө кубанып алган.

Магазинге барып кымбат фирманын саатын белеке алды..Оюна бир нерсе келип Аптекага кирип делебени козгогон даары,анан уйку даары кошуп алды.

Көөптөн күткөн туулган күнда келди.

Кафеде достору менен өткөрүп түн жарымда бирааз кызуу болуп келди үйгө..Ошол күнү Асель дем алыш алып каттуу даярданып жаткан..

Жанындагы кыздар түнкү сменге кетишкен..Эжеси болсо уктап калган.

Өзүнүн бөлмөсүнө чакан дасторкон жайып Эрнисти күтүп алды.

—-Туулан күнүңүз менен..Куттуктайын деп уктабай олтурам сиз жоксузго?

—-Аа ооба достор менен..

Мына келдим..Чооң рахмат карындашым..

—Жүрүңуз сизге белегим бар деп көнбөгөнгө койбой тартып алып кирди…Столдо шампан,жүзүм,кулпунай турган…Жана кичинекей сулуу каробкада фирменный саат…

Мурунда ыраазычылыгымды жакшы билдире албай калдым эле,мунусунда кабыл алыңыз.

Менден сизге арзыбаган белек..

Каробканы ачып саатты көрүп Эрнис Асельге эмне кереги бар эле дегендей тигилди…

—Ичинде чегида бар эгер жакпаса барып алмаштырып алсаңызда болот.

Ак кагазда 17миң рубль деген бааны көрүп жиндене түштү..

—-Сен эркектерге мындай кымбат белектерди бергенче келечегиңди ойлобойсуңбу?Окубайсыңбы?Эртең баргында тапшырып акчасын өзүңө сарптта…

——Көзүнө жаш алып ыйламсырай

Мен сизди жакын тутуп агам деп биринчи жолу бирөөгө белек берип жатсам чын жүрөктөн сиз ошентесиз.Кабыл албасаңыз мейли жакпаптырда э деп тултуя түштү…Сизге болду таарындым.Карындашым деп алып белекти кабыл албай жатасыз.Менда анда жардамыңызды кабыл албайм..Эртең көчүп кетем..

—-Асель сен туура эмес түшүнүп алдың..Мен кабыл кылам чооң рахмат…Мындан кийин мынтпей жүр маакулбу…

—-Маакул..Мен ичпейм.Сок ичем мен сиз шампан көтөрүңүз бир бокал маакулбу..Анан жайыңызга коём..

—-Маакул рахмат мени ойлоп койгонуңа…

Анда алдык…Эрниске жанакы делебе козголто турган даары кошулган шампанды ичирди..

Анан тамак жасагам деп шорпо берди..Анысында уйку даары бар болчу…Алкаголь,даарылар аралашып Эрнис ошол отурган жеринде уктап калды.Кудуңдаган Асель ак шейшеп салып туруп Эрнисти чечинтип өзү болсо кофтасын бир аз айрып арт жагын тытып жанына жатып алды..Бир бурчуна өзү даярдаган кызгылт суюктукту төгүп койду..Таңга маал суу деп ойгонгон Эрнис ары жакта ыйлап олтурган Асельди көрүп чоочуп кетти..Кийими тытылган.Тура калды эле караса жылаңач экен.Төшөктүн бурч жагы булганган.

Башын мыкчып эле—‘Асель мени кечир,кечирчи..Бул кандайча болуп кеткенин билбейм…Карындаш ий Асель кечирчи,ыйлабачы.Мен сени таштабайм…Алам сени.Убалыңа калбайм деп жатты…

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️