2-БӨЛҮМ.
——Мага бир ой келди.Азат мындай кылабыз сен менин колу бутумду байлап коюп кете бер…Мен жардам сурап бакырсам бирөө угуп кирет кошуналардан..Анан мен мени сабап туруп себепсиз эле байлап каратып коюп, асынып алды дейм айылга..
——Вот идея..Бул көк аласын эмне деп түшүндүрөбүз?
—-Мени сабап жатканда мушташканбыз деп коём…Бол мени бир-эки чаап сал көгөрө турган жерлерге…
Асельди тоголото беш-алты чаап туруп буту колун байлап койду…Жыйнанып туруп Асельдин бетинен өөп чыгып кетти..
Машинага жетип айдап чыгып кетип баратканда дөңдүн башында жашаган бир бала көрүп алып таңкы алтыда ким экен деп ойлоп койду…Асель кыйкырып жардамга чакырып жатты..
—-Жардам жардамгаа…
Ким баар???Жардам бериңиздер..
Арыраак жашаган кошунасы үнүн угуп калдыда жетип келип Тимурга жабышты…Столдун үстүндө турган бычакты алып жипти кесип түшүрдү жансыз денени..
—-Эмне эмне болду?Ким мынтти?Тоноп кетиштиби?
—Жоок мас болуп келип алып мени сабады..Экөөбүз мушташтык..Эркек экен мени жыга чаап байлап коюп өзүн асып алды..Мындайды көргүчө көзүм агып калса болмок..Чечиңизчи мени..
Асельди чечеер менен курткасында кийбей эшике чууркап чыгып кетти..Айылды көздөй баратты..Бирда эс албай чуркап 3саттаа айылга кирип барды..
—-Апа апааа Тимур тимур өзүн өлтүрүп алды..Мени сабап байлап каратып коюп кылды.Эчнерсе кыла албадым..Апа мени кечиргиле деп көгөрүп,титиреп ыйлап жатты.Кошуналар чогулуп калышты..Машина таап жатышты..Асельдин көгөргөн мындай акыбалын көргөндөр баары ишеништи..Чындыгында бул суукта 3саат чуркагандан болчу..Муну кайдан билишсин..
—Ай катыгүүн ай жарыгым мени таштап кеттиби?Алдап жатасың э?
Эмне себеп болду экен?Курудумго меен жакшы жашап жатпадыңар беле?Эмне болду эле ыя?
—-Апа билбейм түндө мас болуп келди..Унду түшүрүп туруп кирип эле мени токмоктоп кирди,анан мен коргонуп менда урдум..Мушташтык..Мени жыга чаптыда байлап өзү асынып алды..Мен баарын көрүп турдум..Эмне кылам эми…..Ишендириш үчүн чачын жулгулап,жерди чапкылап ыйлады…
Чооң машина таап жетип барышты баары..Тимурдун чын эле жерде денесиз жатканын көрүп көбү титиреп кетишти..Көзү көк ала болгон Асель калп эле эсин жоготумуш болуп жатты..Эне байкушка эле жаман болду..Жылкы жүктөп алышып сөөктү койгону айылга алып келишти…
Аялдардын ичинен бирөөсү чыгып;—Ай кече күнү кечке маал тиги менин камогумдун алдында ичип отурушкан достору менен..Мас болуп алып бирөөсү менен каттуу мушташып кеткен..Тиги Сапый агайдын баласычы ошолда.Аялың андай-мындай деп жаткан байкуш бала ошого намыстанганго…
—Жоок адашасың,Менин балам жеңил ойлуу эмес болчу..Баарын өз көзү менен көрбөсө ишенбейт эле..Буга бирдеме болгонда..Же чын эле мастыкпы үүүү—үүүүү…
Тимурдун атасы баласын ошол эле күнү коёбуз деп жай казДырып жатты…Айылдын баары ызы-чууу,дүрбөлөң,шыбыр сөздөр..
Асель кара көйнөгүн кийип алып ыйлап отурду сыр бербей..
Тимурду эки досу жууду..Денесиндеги көк -аланы көрүп таң калышты..Аял адам мындай көк кылып сабашы мүмкүн эмес,кече мушташканда каттуу деле болгон эмес эмне болду экен деп жатты..
Кепинге оролуп эртеси таң атпай эле жайга берилди…
Жанакы досторунун бири Тимурдун атасы Насирге Тимурду каттуу сабалган окшойт деп болжолун айтышты эле,Насир элге айтып сөөктү кайра үч күндөн кийин казып экспертизага беребиз деп көгөрүп жатты..Бул кепти уккан Асель майда-чүйдөсүн жыйнап түндө качып кетти…Эртең менен Асельди таппай калышты…Ойлоруна жаман деле эчнерсе келген жок..
Милиция келип моргдон келип гөрдү казабыз деп жатты..
Байкуш Калбү чый-пыйы чыгып баламды жөн койгула,кабырын бузбагыла,тынч жатсын деп жайды тосот..Насир болбой эле аялын нары алып барып;;—Мен баламды өлтүргөн ким экенин билгим келет..Мейли өзү болгон күндөда билсем тынчып калам..Ары тур сен..Жөн койсом баламдын арбагы нараазы болот;-деп Калбүнү үйүнө жеткизип салды..
Сөөктү казып чыгышып алып кетишти..Насир өзүнчө барып сарайга аркы беркини караштырып изилдеп жатты..Бөтөлкөдөгөгү аракты жок кылсада табакта калган жүзүмдү,куурдакты көрүп дароо түшүндү..Демек келиниңдин аягы суюк дегени чын экенда..Байкуш балам аялынын ойношун кармап алган окшойтко деп эшиктерди карап жүрдү…Ары жактан машинанын ийзин жана үч бурчтук бут кийим ийзин көрүп күмөнү калбады…Өзү барып Арыз жазып баарын ишке чаптаганга далил катары көрсөтүп Милицияларды алып келди…Милицияларгада баары анык болуп турсада унчукпай кетишти…Демек Асель ошол үчүн качкан экенда акмак..Табып өз колум менен өлтүрөм…
Асель үйүнө качып барып баягы байкесине баарын айтып берди..
—Айбан десе акмак…Ойношум деп коёт дагы..Тимур өлбөй силер өлүшүңөр керек болчу…Колуң менен жасаганды эми мойнуң менен тарт жан алгыч..Жоголуп кет акмак..
—Байке байке мен өлтүрбөдүм Азат өлтүрдү..Мен эмне кылайын байлануу элем.Ачык айтайын десем элге баарыбыз шерменде болобуз байке..Кечирчи мени жардам берчи..
Атамдын арбагы үчүнда жардам берип койчу..Азыр сөөктү казып алышып экспертизага беришиптир ошонун кагазын оңдоп койсоң эле болду..Анан мен жоголом.Тынчыңарды албайм.Түбөлүк жок болуп кетем..
—Атамдын урматы үчүн гана ошентем..Сендей бир тууганым жок менин.Жогол көзгө көрүнбөй..
—-Байке бир аз тыйын берчи..Биринчи убака Россияга качып кетейин…
—Жогол мага демек асынып ал.Бир тыйын жок..Ушул ишиңди жабыш үчүнда канча акча кетет билесиңби?
Асель байкесин бир кучактап,апасы менен коштошуп үйдөн чыгып кетти..
Шаарга келип Азаттын үйунө барды..Эшикти ачып кайра жабып алайын дегенде тартып ачып басып кирди..
—-Кыскасы мындай..Иш өлдү…Сөөктү казып текшерүүгө бериптир.Менден көрүшсө мен сени айтам..Келип алып мени зордуктады,Тимур келип калганда эшиктен киреери менен башына чаап асынтып салды деп кутулуп кетем..Сенин шоруң..Эгер билинбей калсын десең мага 300миң акча таап бер эртеңкиге…Мен кетишим керек..
—-Сен акмак өлтүр деп сен айтпадыңбы..Мен камалгым келбейт байкем ишти жабат дедиң элего..Кайдан табам бии күндө 300миң?
—-Ал менин проблемам эмес..Азыр аракетиңди кыл бар..
—-Мендагы болгон чындыкты айтам,камалсам сенида тартып кетем уктуңбу….
—Ха далилиң жок..Мени ургансың көк алам бар.Байланып турганымды көргөн кубөөда бар..Зордуктады десем билесиңби баары биригип канча жылга кетесиң..
Баарын түшүндүңда э..Давай бар таап кел…Ар ким өзүнүн очогуна от тартат азыркы заманда..
—Мен сени баарыбир түбүңө жетем шашпа.
—Ой коркутпа мени и так жүрөк жок азыр…Кийинкини айтпа азыркы маанилүү мага…
Азат базарга кымбат машинасын алып барып 300миңге эле сатып келип Асельге карматты…Алып алып Асель өлкөдөн чыгып кетти.
Асельдин байкеси Начальник Милиции..Баары менен сүйлөшүп бир аз акча берип таяк жеген эмес өзүнө кол салган деген результат чыгарып колуна карматып коюшту..Карга көзүн карга чукубайт демекчи беркилерда унчукпады..Баласынын сөөгүн жашыралы деп айыл айтсада көнбөй,сатылып алынган кагаз экенин туюп Алматыга алып бармай болду…Муну уккан Начальник жини кайнап эмне кылып болсода ишти жабыш керек болуп жатты…
Алматыга алып барып көп акча төлөп кайрадан экспертизага берди.
Уландысы бар..