Каректин каардуу жашы 11 бөлүм АЯГЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=9300&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАРЕКТИН КААРДУУ ЖАШЫ.

    11-БӨЛҮМ..

Асель менен Раяна Максаттан түңүлгөндөй отуруп калышты..

Ушул үйдү желкемдин чукуру көрсүн деген Раяна айласыз кайын-журтка кайтты…Келин кайнене ынтымакташып кетпеседа,Максатты чогуу күтүп издеп жатышты..

Айылдын башында каралбай калган теетиги советтер союзунан калган сарай бар болчу…Ары-бери өткөн адамга өлүк жыттанып кеткен..Айылдагылар мурдун жаап өтүшөт..Баары эле ий кокуй ит өлүп калса керек,ушунча сасып деп кете беришчү.Ал жактан арбактар чыгат дешип айыл эли коркуп көп барышчу эмес..

Кееде эле балдар топ ойноп калбаса ылдыйраак жагындагы ээн талаада андан башка жан жок.

Пример HTML-страницы

Бир күнү айылдын башындагы Тажыбай аванын 8жаштагы небереси ойноп жатып,тобу сарайга ыргып кирип кетти..

Бала каанча корксода топ үчүн айласыз,кыя албай эле кирип калды.

Көзүнө капкара болгон сөөк аралаш

Сөлөкөт көрүнүп баакырып ыйлап чыкты..Айылга безип жетип келип эле сулк кулап калды.

Өңү бозоргон,алы жок көзү артка кетип баражаткандай.

—-Ай эмне болду,?балам турчу айтсаң…

—-Ата,тиги сарайдан кара арбак көрдүм…

—-Жубарынбек десе барба дегем сага ал жака.Эмне кирдиң эле?

—-Тобума ата..

Бала токтоно албай ыйлап жатты.

Эмчи-домчу апаны чакырып келишип жүрөгүн көтөрүп,жети нан таратып койду..

Ошол ошол бойдон унутулуп калган.

Бир ай жашагандан кийин Раянаны дагы кууп чыгарып койду эки баласы менен.Айласыз айылына кетип калды…

Асельдин издебеген жери калбады,гезитке баардык жака жарыя берилген…Жада калса интернет аркылууда издештирип жатты..Эч майнап болбоду…

Бешинчи ай дегенде кыштын күнүндө айылда кедейиреек жашаган Алик отун издеп чыкты.Жакканга көмүрү жок,балдары үшүп жатышат..

Калың каардын астынан отун таппай,баягы эски сарайга барды.

Экинчи этажы мансарт сыяктуу жабылгандыктан кургак отун кенен болчу..Жылда ушул жактан алып барып жагып көнгөн..Караңгыда эл жокто барат..

Ошол күнүда отунга бараткан..

—Күзүндө камдаган отунум жарым кышка араң жеткенин көр…Кыш каттуу болуп жатат..Эхх кудаай бизгеда ырыскыны кенен берип,ушинтип оокатка зарыкпай калсак экен деп экинчи этажга чыгып баратты…

Эптееп жанган фанарик алып алган…

Барып эле четинен тактайларды кырчылдатып сындырып кирди..

Биртоп отун жыйнады..

Аркы бурчундада көп эле деп шарт бурулду эле бет маңдайында сассыык каттуу бирнерсе урунду..

Жүрөгү жарылып кете жаздады.

Апаааа деп каттуу кыйкырып жиберди..Жарыкты ошол жака туштады эле каапкара асылып турган сөөк даана көрүнүп турду.

Артын карабай качып баратты..

Айылдын ичине киргенде өзүн бастыда,эл чогултуп баарын айтып берди..Көөбү ишенсе көөбү ишенбей жатты..

Эртең менен караганы барабыз деп сүйлөшүшүштү..

Эртең менен багымдат намазын окуп алышып чогулуп сарайга жөнөштү..

Жерге жарык жакшы түшө элек,ызгаар суук..Экинчи кабатка чыгышканда чын эле асылып турган

сөөктү көрүштү..Бакырып жиберишти..Жипти кесип түшүрүп антип мынткенче күн чакчайып чыгып кетти…

Байкуш Максат ошондо намыстанып энеси үчүн,Раянаныда апасын эми жибербей коёт деп жинденип чыккан.Ошол кайын-журтунда эле өлүп алгысы келген,бирок өз жериме коюлайын деп түн каптап өзүнүн айылына келген.

Сарайга барып асынуу мунун башына жолдо эле келген.Жол бою кулагын энесинин жогол жоголуп кет.Сага үй-жайда жок..Эгер ушул аялың менен жашасаң эчнерсе жок,энеликтен кечтим деп кайын-журтунун алдында бакырып жатканы угулуп жатты..

Өлүп жатыпта энесин ойлогон.

Сөөктү көрүп алып,жүрөгү токтобосун деп алыс барып өлөм деген…

Сарайга кирдида,экинчи кабатка чыгып асынып алды..

Эх кудай аай өзүнө өзү кол салгандарды кудай бул дүнүйөдөда жазалайт тура..

Айылда дуу кеп,баары андан беттер сарайдан коркуп калышты..

Максат асынганда кеч күз болгондуктан,сөөгү чирип баштаганда кыш келип калып суука жарым чириген сөөк катып карарып кеткен…Курттарда жүрөт..Көргөн адам кусуп жиберет,таанылбайт..

Сөөктү ким деп тааныбай жатышты..

Ары жактан ак баракты,анын үстүндө турган бүктөлгөн кийим жана телефонду көрүп калышты..

Максаттын досу Алёк бар болгондуктан кийиминен,телефонунан тааныды..

Чак түштө барып Асельдин үйүнө экинчи баласынын сөөгү барып түштү..Мунусунда Асель чындап жаны ачышып ыйлагандай..Кылган иштерине,сүйлөгөн сөздөрүнө өкүнүп турду..Айла канча?

Айыл Максатты сыйлагандыгы үчүн гана жаназага чогулушту..

Аксакалдар карарган сөөктү дароо эле коюп салууну чечишти..

Көптөп жайды казып жерге беришти..Раянага сөөк коюлгандан кийин кабар жетти..

Угаар замат жолго чыкты..

Көчөсүнө түшкөндө эле айлана караарып көрксүз көрүнүп кетти..

—-Максатым,жашооом менин кантип мени таштап кеттиң?

Эч качан таштабайм деп сөз бергениң куру сөз беле..

Мени менен жашабасаңда жөн эле бул жарык дүйнөдө жашасаң болмок.

Билем,түшүнөм апаңа таарынып ачууң менен кылдың.Мен дагы ошондо сага каттуу сүйлөп үмүтүңдү үзүп койсом,балким жашооң жеңилиреек болмок…Бир эмес эки балаңды кантип жетимдике ыраа көрдүң?

Мен сенсиз жашай аламбы?

Мындай сөздөрдүн аягы жок..Ыйлап жатып жетип келишти..

Баары Раянаны аянычтуу көз караш менен карайт…

Машинадан секирип түшүп эчкимди көзгө илбей бооз үйгө кирип Максатты издеди..Таппай баарына суроолуу көзү менен тигилди…

—-Сабыр кыл кызым;—Деп баягы кошунасы кучактай калды..

—-Жоок кантиип?Сөөгүңдүда көрүү буйруган жокпу мага..

Ары жактан Асель келип калдыда Раянаны чачтан алды.

Бооз үй айлантып бир сүйрөгөнгө жетишти..Кишилер келип ажыратып калышты..

—-Сен сенсиң куу түлкү баламды жуткан…Энесин жаман көрсөтүп жүрүп байкушумду ушуга жеткиздиң.Эмне келдиң?Акмак жоголуп кет…

—-Апа кантип оозуңуз барат..Менда айтайын анда…Акыркы жолу баласын көргөнү барганда иттей кылып байкушту басынттыңго айылдын көзүнчө,артынан жетип барып…Үй-жайды бербейм жогол эле жогол деп..Мына өзүң калдың кара башыңа..Ушул үйлөрүңдү гөр кылып ал..Аркы дүйнөгө ала кет..Бизге тынч жашоо бербедиң..Балаңды өзүң жуттуң.Керек болсо Максат мени жакшы көрчү…Сени жек көрчү..Кетели дегенине мен болбой койгом..Жалгыз кыйналат деп.Боору ооруса бооорго тебет ушулда..

Жек көрөм сени..Максатымды өлтүрдүң….Жоооок,бул андан эмес.Бул деген каргыш..Ошол сен асынтып өлтүрүп койгон ээриңдин туугандарынын каргышы,кудайдын жазасы..Айланып келип тийди..

Кет десең кетейин,бирок билгин балаңдын арбагы сага нараазы..

—-Жаап оозуңду шуркуя жогоол..

Ошол жерден айыл аксакалдары келип сөздү бөлүштү..

—-Токтоткула…Асель биз Раяна келиндин кандай экенин мыкты билебиз,сенида билебиз..

Сен мастансың,адам өлтүргүчсүң.Каанча жыл Асанбайдын урматы деп жөн койдук.Эми бул айылдан сен жогол.Сендейлерге бизде орун жок.

Чыгып кет түнү менен болбосо Бакыт балаңдай кылып таш баранга алабыз..Максат мыкты жигит,улакчы болчу…Мага кеңеш сурап келгенде сени гана айтчу..Жашоомду бузуп жатат кетсемби деп..Кетейин десем келинчегим апамды аяп болбойт деген…Ошондо биз келинге дагыда ыйман тилеп алкыш айтканбыз.

Отуң менен кирип күлүң менен чыккан келинде эмес айып өзүңдө.

Максат балабыздыда сени өлтүрдү деп эсептейбиз..Эки үйдү тең Раянага жазып туруп таң атканда айылда жок болгун..Үйүңдү жазбасаң бербесең өрттөп салабыз.Башкагада саттырбайбыз..Айылдан сөөгүң чыгат..Көмбөйбуз дагы.Көмө турган уулуңду өлтүрдүңбү эми эчкимге керегиң жок..

Раяна сен болсо кетпе азаңды күтүп үйдө олтур..Таң атпай кайненең кетет.

—-Аксакалдар апамды анча кылбаңыздарчы…

—Сенден сураган эчким жок жым..

Асель болсо силердин ишиңер эмне деп жулунуп атырылып кирди..

Араң эле турган айыл ак барака үйлөрүн Раянага өткөрдүм деп жаздырышты зордуктап..Анан улуу эле аксакалдар наалат айтып таянган таяктары менен уруп турган кейпинде айылдан кууп чыгышты.

Мына кыйынсынган мастанда эчнерсе жок..Жадакалса калың кийимдеринда албаган..Ыйлаап бүрүшүүп олтурду..Машинада кечкиргенде анча жүрбөйт.

—Эми эмне кылам кантем..Кайра айылга барсам соо коюшпайт,эптеп өлбөстүн күнүн көрүп турайын анан өчүмдү алам деп ойлоду..

Чооң жолго чейин ызгаар суукта жөө чыкты..Бишкекр кетүүчү машиналардан бирди тосуп колундагы алтын шакегин берип борборго келди..Дароо эле ош базардан түшүп радиоузелге жумуш издеп барды…Кеч кирип кетти..Баягы көчөдө турган кыздар түнөгөн Кулиева көчөсүнө барып арзаан баатирге бир күн түнөдү айласыз…

Шаардагы үйгө барайын десе документтери ключ үйдө калган.

Экинчи шакегин сатып эки күндөй күн көрдү..

Казакстанга бала багуучу керек дегенинен барып жолукту.

Маакул жарайсың ишке алабыз дешти..

—Менин паспортумда жокта?

—-Бирөөнүкү менен өткөрөбүз маакул болсоң деп эртеси эле чыгарып кетишти..

Токой тараптагы кичинекей үйгө барышты.Тегереги ээн талаа сарай эле бар..

Билбестен кулчулука кабылып калган…Күн суукта сарайда олтуруп пияз,картошка сорттойт…Мал карайт..Суук тийип каттуу ооруп калды..Доктор даары дегендер жок..Каралбай эле суук бөлмөдө жатып калды..Иштебейт пайдасы жок деп казак киши жугунду берет..Айласыз жылымык жугундуну жутуп алат..Эптеп жаз келди..Күрсүлдөп жөтөлгөнү токтобойт..Качайын десе көп баса албайт экенине көзү жетет..Паспорту жок эчжакада бара албайт..

Күң болдуда калды..Жазында баягыы өзү кийип келген кийимде селсаяктай тамеки тигип жүрдү..

Мына баарына кылган жамандыгы өзүнө он эсе болуп кайтты…

Кийиин миштер менен Раянага кеп жетти..Кайненесин Казакстанда ооруп өлгөнү тууралуу…

Раяна айылдагы үйлөрдү сатып шаардагы үйгө көчүп келип алган.

Эрлан Кытайдан келип жардам берет.Эрлан Переводчик болуп иштейт.Айлыгы жакшы..Бишкектин жакшы жерине хансарай салып үйлөнгөн…Раяна болсо базарга оптомдон места алып идиш-аяк сатат..Эрланды урушуп жүрүп Раяна Казака барып Асельдин сөөгүн издеп таппай келишкен..

Мына аянычтуу тагдырлар,ташбоор эненин акыркы күндөрү ушундай болуп аяктады…

 

Күтүп,колдоп,жактырып окуганыңыздарга чооң рахмат..

Кечиккеним үчүн чооң кечирим сурайм…Интернетим өчүп калып азыр күйгүзүп келдим..

Бактылуу жана жөн эле жакшы адам болуңуздар..

 

Аягы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️