Каректин каардуу жашы 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=9300&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЧЫГАРМАДАН КЫСКАЧА ТҮШҮНҮК.

Бул чыгармада ташбоор аялдар же энелер сүрөттөлмөкчү….Жашоо бул кайтар дүнүйө эмеспи…Бул жердеда жашоонун таразалуу экенин тастыктамакчымын.

 

—-Асель Асееель чыкчаң эй чыксаң.

—Ой эмне келдиң?Мен оюмдан кайтпайм,жогол бар..

—-Сен күйөөгө тийишим керек деп талап койдуң беле?Бас чык сага күйөө таптым…

—-Жинди чалыш сага тийишим керек мен..Жакшылыкча болбосо сазайыңды берем…

—-Корктум шундук…Мен кутулуп кетет экенимди билесиңда э..

Өзүң уят болгонуң калат..Андан көрө Тимурга тийип ал..Соонун бала,жоош.Башкарасың хааха..

—-Сен акмаксың мен сени сүйөмда.

—Сүйүү пүйүүңдү жыйнап абийириңди жаап ал…Менин досум айылдагы..Барып турамда анааан түшүнүп жатасыңда э?

—-Кана ал досуң.?Шымын дурус шымдай алабы?

—Ой атта шымын айтат могул..Сарайда эки үйүр жылкысы,миңдей койлору бар..Жыргайсың бирден сатып кийинип…Эптүү үчүн көбөйтүп жататта…Чыкчыы эээк…

——-Тың дечи…Аты ким?

—Тимур…Бас экөөбүз эсептешели..Сен күйөөгө тийесиң тынчымды албайсың..Мен баарыбир албайм сени,а мындайда экөөбүз кездешип тургангада ыңгайлуу..

—-Ой куу десе..Сен мени жарытпайсың билем..Тийем маакул.

—Жарым саатта чык даярданып..Баса баягыны өзүң эптейсиңда..

Ошентип Азат өзүнүн кумар үчүн пайдаланып жүргөн кызын Тимурга алып берген жатты…Тимур айылдык жөнөкөй ак көңүл бала…Тоодогу малдарын карайт..Бай турушат..

Үйлөнөм деп кыз таппай жүргөн..Жеңелери тааныштыргандар болсо Тимурга жакса кызга жакпай,кызга жакса тимурга жакпай жаткан.Эки кыз алакачып келсе отурбай коюшту…Азат дос балдарын телефон менен чакырып Асельди алакачтырып берди…Тиги куу кыз кыздыгында эптеди…Эч нерсе билинбей калды…Калптан башталсада бир үй-бүлөө курулду..Той болуп чакан жаштар тоого көчүп кетишти…Уй жок сааганга жөн эле Тимурга тамак жасап коёт болду..Өзү кыйалдангандай жашоо..Бооз үйда эмес жашаган жерлери жакшы үй салып койгон сарайдын жанына.Бүт шарттары бар…Асельдин айтканын кылат Тимур..Каникулда бүтүп Асель акыркы курста болчу окуусун улантууга шаарга кетишти.Малдарды малчы жалдап таштады..Негизи барып акыркы курсту сырттан кылып келишмек..Эки айга деп эле баражатышты…Шаарга келет экенин укканда Азат өзүнүн үйүнө чакырды..Үч бөлмөлүү квартирасы бар болчу.Тимурда досунун сунушун четке кага албай көндү…Барып жашап калышты..Контрака деп анан турган басканга акча алып келишкен.Тимур төрт дубалды тиктеп жатмак белем деп Азат иштеген магазинге орношуп алды..Азат өзү түнкү сменде Администратор болуп иштейт…Тимур күндүзгү жумушта..Азат эртең менен келет.Асель болсо түштө окуусунан келет..Азат менен Асельге жол ачылып күндө жыргашчу.Мурункуларын эстешип,эки адам кейпин кийген айбандар Тимурдун үстүнөн күлүшүп кандай жинди ишеенчек деп күлүпда алышат.Мунун биринда байкаган жок Тимур.Ананчы бирөөсү жан досу бирөө койнундагы аялы….Адам негизи кандай болсо бирөөнүда ошондой ойлойт тура…Мындай күндөр үч айга созулду..

——Азат мен сага жагамбы?

—Ананчы жаным жакпасаң мындай аракетти эмнеге кылмак элем.

—Досуңдун аялы экени эч кыжалат кылбайбы сени?

—-Ха өзү ошондой лох болсо эмне кылайын..Мен үйлөнсөмчү аялымды жалгыз калтырбайм…Темболеее мага окшогон карышкыр досторумдун алдында деп каткыра күлдү…А баса сенин боюңда жокпу эмне?

—-Жок,тфу ээк кудай сактасын…Окуүмду бүтсөм иштейм,төрөш оюмда жок пока…

——Сен куу түлкү сактанып жүрөм дечи..Тимур неге боюңда болбой жатат дебей элеби?

——Деди,а мен айласын табамда..

——Баары жетиштүү Тимурда шаарды эмне кыласың?

——Ошончо окуп алган дипломум жөн жатсынбы?Анын үстүнө мен тоодо жапайы болуп кетейинби…Малдарын саттырам шаардан үй алдырып айдайм аны хааха…

——Сен мен ойлогондонда куу экенсиң эээ?Байкуш досум мындан кийин жашабайм деп чыкса эле..

—-А мага баарыбир…

Асель аябай деле сулуу эмес бирок амалы кырк эшеке жүк куу кыз..

Тили узуун,жеңил жашоону аңсаган кыз..Азат мененда студенттик жашоосун жеңилдетүү үчүн эле жатып жүрчү…Тымызын жакшы көрөт….

Окуусун которуп,кышкы ссесиясынада очойто акча ташташып айылга жөнөп кетишти кайра…

Бир калыпта өткөн тынч жашоо өкүм сүруп жатты…

Кайра эле тоого кетип калышкан..Малчысы мал карайт,Тимур кышкыга чөп,жемин камдап жүрдү….Кышында деле ошол сарайда кыштамай болушкан…Мал-жайын эптеп коюп үйүнө от жагат, кар күрөйт иши кылып аялына жардам берип колунан келишинче бактылуу кылуунун аракетинде…Балким Асельди чын дилден сүйөттүр..Малчыны жазга чейин үйүнө жиберип экөө эле калды.Кобурашып чай ичмей кышта эмне бекерчиликта…

——Тимош ун калбай калыптыр…Апамдарга эт жеткизгенче ун алып келбейсиңби?Бая күнү бир мешок алып койдум деген апам..

——Бүгүнбү?Кел эртең…Түш болуп калдыго…

——Ой ат менен кечке чейин жетесиң

жатып алда эртең эртең менен чык түштө келип каласың…Мен чөп жемин салып коём,суугарууга өзүң келип каласың..

—-Койчу жаным сен коркосуңда.

Эртең эрте менен чыгып кечинде келип калам…Жалгыз таштагым келбей жатат..

—-Ой мен эмне жаш кызмынбы?Коркпойм.Эшикти жаап алам..Мындай тоого эмне ууру келмек беле?Наркы өйүздө кошуналар деле туратко…Бар эми.

—-Мейличи барып келейин..Точно коркпойсуңбу?Мен ойлоном,сагынамда…

—-Эртең менен камыр жууруш керек.Бүгүн барбасаң эртең ачка калабыз…

Тимур атын минип айылга жөнөп кетти..Артынан эле ат менен телефон тартчу жерге бардыда Азатка звонтетип чакырды..Экөө ушундай убакты кармап кездешебиз деп жүргөн..Тимур кетип баратып досторуна жолугуп калып ичип кармалып калды…Азат кечке жуук жетип келди.Машинасын ылдый көрүнбөгөн жерге токтотуп Асельге барды..Экөө он жылдан бери көрүшпөй сагынышып калгандай шарт эле жабыша калышты…Асель ээринин койнунда жатсада күндө көөптөн бери эркек көрбөгөндөй акактап жатты….

Тимур ичип отуруп өзүнүн классташ досу менен мушташып кетти.Ал досу болсо мурун сенин аялыңды Азат ээрчитип жүрчү деп мас болуп айтып койгон.Ошого ызаланып мушташкан намысынан.Тимур үйүнө барып инисине жолугуп этти таштадыда унду учкаштырып кайра тоого кетип калды жатпай..Мас кейпи менен ата-энесинен тартынып турду…

Түнкү үчтөрдө,ызгаар суукта сарайына жетип барды…Кечки чөп салынбаганын айры оордунда турганынан байкады…Чөп салып анан үйгө кирейин деп жайгаштырып жатты…Унду аттан түшүрүп босогого келгенде аялынын ушунча акактаганы угулуп жатты.Өз кулагына ишенбей кетти.Масмын угулуп жатат депда ойлоп жиберди..

Унду коюп эле кирип барды…Үйү мончодой ыссык..Столдун үстүндө арак,шараптар..Кыпкызыл куурулган куурдак,мөмөлөр турат…Миң мас болсода мындайда соолуга түшөт эмеспи…Жаткан бөлмөнүн эшигин тееп кирди..Экөө жаткан төшөктө досу менен аялы энеден туума жылаңач жатышкан…Тимурдун киргенин байкашканда жок…Барып эле досун аялынын үстүнөн сыдырып түштү..Мушташып жатып калышты…

Эмнеге?—Дегенда суроо чыккан жок оозунан…

Досун өлтүрүп анан аялын өлтүрөм деген ой эле…Баарыбир мас адамды жеңиш оңой эмеспи Азат уруп байлап таштады…

—-Эми эмне кылабыз Азат?Менин туугандарымды билесиң бул уятты көтөрө албайт.Бул эртең жаят мени өлтүрүп салат…Мен коркуп жатам…

—-Асель кийинип ал биринчи айласын табабыз…

Таак эмне кылабыз?Азыр өзүнө келсе дагы атырылат бул…Ата-энелерибизда достор,туууй ата эмне кылып койдук ыя?Муну тирүү койсок экөөбүз биротоло жоголуп кетишибиз керек болот…

—-Демек тирүү калтырбайбыз..

—-Баары шекшип баарыбир экспертизага салдырышат туугандары…Каттуу сабап салдым билинип калат…

—-Айласын тап..Тиги байкем начальникко Милицияда ошол жардам берет.Мен ага баарын түшүндүрөм..Сага сөз тийбейт.Болгону тирүү койбочу..

Эси ооп жаткан Тимурдун кан жерлерин аарчыдыда жоон арканды даярдап туруп асып салышты…Өзүнөн кеткен жан деле жан кыйналганда өзүнө келет турбайбы ушунчалык тыбырчылап жатты…Көзүн чоооң коркунучтуу ачып туруп угулар угулбас кысылып чыккан үнү менен»»»» көзүңдөн кан аксын»»»—деп айтууга жетишти…Адамдын жаны чыгып жатканын камырабай карап турушту экөө…Андан аркы пландарын ойлоп жатышты….

 

Уландысы бар..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️