Пример HTML-страницы

Кара-кулжалык Нурланбек Сатыбаев сөөлжан бизнесин жолго койду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Коргон тилкесинде жашаган Нурланбек Сатыбаев 4 жылдан бери айылдаштарын табигый жер семирткич — биогумус менен камсыздап келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Нурланбек Сатыбаев 1979-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында туулган. Үч баланын атасы, бардыгы мектепте билим алышат. Ал сөөлжанды багууну балдарына да үйрөтүп койгон. Алар учурда сөөлжандарды өздөрү эле карап жаткан мезгили.

«Биз 2018-жылы Борбор Азия биримдигин түзөбүз деп, атайын Ташкенттен конокторду чакырып, профессорлор, дыйкандар менен Ош шаарында семинар өткөргөнбүз. Семинарда «Кантип органикалык өсүмдүктөрдү өндүрөбүз?» деген суроого жооп издеп, биогумус аркылуу аларыбызды аныктадык. Кийин биогумусту кайдан алсак болот деп ойлонуп, сөөлжандан аларыбызды билдик. Ошентип ошол күндөн баштап сөөлжан бакканга кызыгып калдым. Ал семинардан биринчи Талант деген бала аркылуу кадамжайлык Райхан деген эжеден сөөлжан алып, багып калдым», — деди ал

Нурланбек Сатыбаев сөөлжандардын пайдасы тууралуу айтып өттү.

«Мунун пайдасы зор, бул табигый азык болуп эсептелет. Жашылча, жер-жемиш, бак-дарак өсүмдүктөрүнө таза азык болуп саналат. Сөөлжандын курамында кальций, азот, темир, магний, калий, фосфор, жана башка элементтер бар жана адамдын ден соолугуна зыяны жок болот.

Америкадан алынып келинген Калифорния кызыл сөөлжанын багам. Сөөлжанды багуу оңой. Андай деле кыйынчылыкты талап кылбайт. Бул кирешелүү жана жеңил бизнес болуп саналат. Башкысы, туура багуунун жол-жобосун үйрөнүп алуу керек. Сөөлжанга органикалык калдыктар менен эле нымдуулук керек экен. Нымдуулугу дайыма 80 пайыз болуп туруусу абзел. Болбосо кургактан өлүп калышат. Ошондуктан жайдын күнү эки күндүн биринде малдын кыгына суу куюп туруу керек. Кышкысын албетте, азыраак куябыз. Анан сөөлжан күндүн нурунан коркот, ысык-суукка туруштук бере албайт. Ошондуктанүстүн целлофан менен жаап, багуу зарыл»,- деди ал.

Макаланыны калган бөлүгүн окуу жана фермердин телефон номурун алуу үчүн Turmush басылмасына катталыңыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE