Кан коё бербейт 8 бөлүм

КАН КОЁ БЕРБЕЙТ.8-БӨЛҮМ.

Мен кабарчыны тиктеп копко отурдум. Таяк менен чокуга бир койгондой эле болдум. Суйлоого же кыймылдоого алым келбеди.
— Уккан эмес белениз? — деп сурады Макенов. — Анда кечирип коюнуз, мен билбей эле, сизди уккан экен деп балп эттире айта салбадымбы. Сизди тушунуп турам, жакын достон айрылуу абдан оор. Мен ордумдан жай турдум:
— Эмне дединиз?
— Кандай? — деп мени бушуркой караган кабарчынын кебетесинен мени акылынан айнып калды окшойт деп ойлогону корунуп турду. — Мен сизди билет го деп ойлогом. Аргынбаев Сыргабек казинодо кароолчу болуп иштечу, тундогу кол салууда ок тийип каза болду.
Мен анын так тубуно келип, курмосунун женинен тырыштыра кармадым да, катуу силкий:
— Калп айтпа, Сыргабек жумушка чыккан эмес, — дедим ызырына.
— Эй, эсинизге келиниз! — Макеновдун эки козу чакчайып, беттери кызарып кетти. — Бактыяр, сизге эмне болду?
— Калп! — Мен кайра бакырып, кабарчынын жени силкилдеттим. — Сыргабек айылына кеткен. Ишемби куну озум автобуска салгам. Ал олгон жок, силер жанылышып атасынар!
— Тартынызчы колунузду! — Макенов кызандай тушту.
— Кетиниз бул жерден, экинчи босогомду аттабаныз! Келжиреп ар кайсыны суйлойт мага!
Мен Макеновду жакадан алып, катуу туртуп жибердим, ал темтендеп барып тосмонун кырын сузду.
— Ой накта эле келесоо го мобу?!
— Жогол дейм! Козумо корунбой жогол!
— Макул, макул, ал Аргынбаев эмес, башка бироо болсо керек. Болду эми ачууланбаныз, жанылыш угуп алгандырмын, — деп кункулдой артын карабай сыртка жоноду.
Менин журогум кабынан чыгып кетчудой жулкунат, калч-калч эте кабарчыны артынан карап тура бердим. Ишенбейм, бул Сыргабек болушу мумкун эмес! Ал ата-энесиникине кетпеди беле, жок эле дегенде эки кун журмок, кантип эле келип калсын. Мобу шолпойгон кабарчы жон эле канырыш угуп Алды. Бироо бул фургонду Аргынбаев деген кароолчу кайтармак десе ошол олуптур деп угуп Алды да, акмак десе…
Ошол маалда дубалдын тубундо турган «ягуарга» козум тушту. Анын ичинде чемодандар бар эмес беле. Таптакыр унуткан турбаймынбы. Милиция келип буларды таап алса камап койору турган иш. Уурдалган буюмдарды гаражында катып отурган сон киши олтурууго да катышын бар деп мойнума аны да дароо иле салышат. Жаныбек аны Айжамал айдап кетет деди эле. Милиция, кабарчылар толтура журсо балээни келдиби. Чемодандарды кантип жоготсом?
Тезинен жоготуш керек экенин билдим, бирок кайсы машинеге салсам, ягуаргабы же озумдукунобу? Ягуар дароо эле козго урунат, андан коро калдыраган жигулиме салып чыгайын. Гараждын эшигин ылдам жаба салып, багажникти ачтым да, чемодандардын бироосун алдым. Салмагы сайдын ташындай олчойгон немени которуп, арандан зорго машинеге жеттим. Аны катып коюп, экинчисин алып келмек болдум. Мунусу тигинден да оор экен, белим бекчейип, козум чекчейип эптеп которуп келдим. Былчылдап тердеп, бышылдап аран дем алам, бирок эс алганга убакыт жок.
Тепкичтин жанына келип, аялыма кыйкырдым:
— Жаныл, мен кечээ жасалган тормузду текшерип келейинчи. Кварталды айланып кайра келем. Эшиктерди бекитип койдум.
— Макул.
Чемодандарды эски одеял менен кымтылап жаап жоноп кеттим. Чогулган эл сээлдей тушуптур, бирок эки милиционер дагы эле дарбазанын эки жагынан кайтарып турушат. Мен чыгып баратканда узата карап турушту. Бурчтан ары бурулуп кеткиче кенен дем алган жокмун. Совет кочосунон Горькийге тушуп, ойдо карай айдап бараттым. Вефадан откондон кийин эл да, машине да аз экен, артымдан деле андыган машине корунбойт. Инфекциялык оорукана тарапта таштанды токкон контейнерлер бар эле. Бул маалда, жекшемби кундору киши аз болот деп ошол жакты коздой рулду бурдум.
Ойлогондой эле эч ким жок экен, ошентсе да сактанып, эки квартал айланып кайра келдим. Чемодандарды алып чыгып, кармагычтарын бет аарчы менен сурттум. Анан аз боксо контейнердин ичине туртуп жибердим. Таштанды казган бомждор эмеле табаары бышык дечи, бирок негизгиси менин гаражымда табылбаса болду, мага байланыштыра алышпайт. Шайтан алгыр чемодандардан арылам деп бир саатка жакын журуптурмун. Гаражга кирип келатканда милиционерлердин бироо мени коро коюп ичкери кеткенин баамдадым. Гараждын эшигин жаап атсам Жаныл тепкичтин жанында туруптур.
— Бактыяр, бол бери келсен!
Анын уну калтырагандай угулду. Акыркы бураманы бурай салып, ойдо чыгып бараткан Жанылдын артынан бастым. Ал ыйлаганбы, коздору кызарып калыптыр. Журогум шуу дей тушту.
— Эмне болуп кетти?
— Сыргабекти уктунбу?
— Сыргабек! .. — тизелерим титиреп, буттарым чалыштайт. — Ал эмне болуптур?
— Ал… ал каза болуптур, Бакы.
— Жок, андай болушу мумкун эмес. Жанагы келжиреген кабарчы дагы келдиби? — буттарым титирегенине чыдай албай отургучка отура кеттим. — Ага ишенбей эле кой. Ал калп айтат, канырыш угуп алып эле…
— Мага милиционерлер айтышты.
Журогум токтоп калгансып барып, анан кайра турсулдоп катуу сого баштады.
— Милиция? Алар эмне биякка келиштиби?
— Келишти, — Жаныл чарчанкы ун катты. — Сен чыгып кетээрин менен келишти. Сени менен суйлошолу дешиптир, Сыргабек жонундо сурайлы дешсе керек.
— Бирок Сыргабек шаарда жок да. Мен аны озум автобуска салып келгем. Бул калп.
— Эх, Бакы! Ошондой болуп калса кана. Сыргабек жок, эми кайтпас жакка кетти.
Мен делдейе Жанылга тигилдим. Коздорум карангылап баратты. Чыкыйым тушту манжаларым менен ушалап жиберсем жер кочуп баратып ордуна келгенсиди.
— Бактыяр, чынынды айтчы. Кол салууга кандай катыштыгын бар? Мен билишим керек, Бакы!
Сыргабек набыт болду. Ага башында эле баарын ачык айтсам аман калат беле. Жаныл бирдеме деп суйлоп жатты, мен аны уккан жокмун. Кулактарым чунулдап, кокурогум сайгылашып кетти. Сыргабекти олтурушту! Канча алакчыласам да болбой олтуруп тынышты.
Бактыяр!! !
Мен селт эте Жанылды карадым.
— Мени жайыма койчу. Анан суйлошобуз, унчукпай ары бара турчу.
— Экообуз азыр суйлошушубуз керек! — деп кыйкырып жиберди. — Сен эмне дагы эле тушунгон жоксунбу? Биякка милиция келди. Мага суроолорду беришти, мен аларга болгонун болгондой айттым, анткени сага ишенгем. Бирок азыр айткандарындын кобу жалган экенине козум жетип турат. Сага зыяны тие турган соз айтып койдумбу билбейм. Мени уксан.
— Аларга эмне дедин? — аялымдын коздору алайып жузу кубара тушту. — Эмне дедин деп атам?
— Кечээ тундо Дооронго чай алпарганынды айттым. Алар адегенде Сыргабек жонундо сурап атышкан, догдурдун телефон чалганы тууралуу. Анан сени казино жакка барган эмес беле деп сураганда мен…
Мен козумду ирмебей Жанылды жалдырай карадым.
— Бакы, чай алпардым деп озун айтпадын беле? Аркы ойузго отконунду мен да коргом.
— Жок, кайдагы чай? Чай алпармак тургай аны коргон да эмесмин.
— Жолдун ары жагына эмнеге оттун десем озун ошентпединби?
— Койчу? Эсимде жок. Аа, ооба, чай которуп барып Дооронду таппай кайра келгем.
Эмне деп атканымды озум билбейм. «Сыргабек олду, анын олумуно мен гана куноолумун» деген ой мээмди козоп баратты. Оз жанымды ойлой бербей башында сак бол деп койсом эмне. Жаныл ачуулана муштумдарын туйуп:
— Бактыяр! Сен мени алдап атасын! Жок дегенде мага чындыкты айтсан боло! Мен сени суйом, сен учун баарына даярмын. Айтчы, тундо кенсеге эмнеге бардын?
Дендароо болгон абалдан эми чыктым корунот, Талантка кыжырым кайнап чыкты. Ушу азыр колума тийсе эки чайнап, бир жутмакмын. Анын бандасын жерден чукуп болсо да табам, табам да, бирден атып олтуром!
— Бактыяр!
Мен караганда Жаныл артка тайсалдай тушту.
— Алдыгинтип карабачы. Сага эмне болду? Эмнени ойлоп кеттин? Айтчы мага, бай болгур!
Мен жай гана мындай дедим:
— Ооба, сага чындыкты айта турган кез келди окшойт. Кечээ мен кенсеге сигнализацияны иштен чыгарыш учун бардым. Ооба, дал ошол Сыргабек кайтарган машиненикин.
Жаныл алаканы менен бетин басып, былк этпей туруп калды. Анан мени биринчи жолу коруп аткансып бир башкача карады.
— Эмнеге анттин?
— Анткени жок деп так кесе айтууга эрким жетпеди, Жаныл. Ошон учун.
— Демек фургонду Таланттар тоногон экен да.
— Ооба.
— Жанагы шуркуя да барбы арасында?
— Ооба.
— Кантип ушуга бардын!
— Мен созумо турган жокмун. Сен айылга кетээрин менен Айжамалдыкына бардым. Талант артымдан андып туруп кармап алды. Сигнализацияны бузасын деп талап койду, болбосо сага далилдерди корсотмок. Менин сени алдаганымдын далилдери. Аларды корсон кантип козуно тике карайт элем. Ошон учун анын айтканын аткардым.
Жаныл устолдун кырын таянып келип, бурушуп отуруп калды.
— Сыргабекти айылга кетирип коркунучтан алыстаттым го деп ойлогом. Ага зыяны тиерин билгенде мындайга бармак эмесмин, чын.
— Апасы ооруганы да калппы?
— Ооба. Сыргабек Бишкектен кетсин деп жалган айтып койгом. Аны озум бекетке узатып барып, автобуска салсам, анан кантип келип калганына мээм жетпей жатат.
— Корсо, келип калыптыр.
— Жаныл, билем мени кечириш кыйын, бирок мага ишенчи. Акыркы ирет ишенип койчу. Айжамал мен учун эч ким эмес. Ошондо шайтанга азгырылып, балээ баспадыбы.
Жаныл ордунан туруп, терезеге барды, айнекке чекесин такап:
— Эми эмне кылайын деп атасын? — деп сурады.
— Талантты издеп табам. Сен апамдыкына барып турсан жакшы болот эле…
Мен ушинткенде ал селт эте тушуп бери бурулду.
— Аны издеп эмне кыласын? Милиция издей берсин. Андан коро озунду ойлосон. Ушунун баары оной бутот деп турасынбы?
— Мени камашаарын айтып атасынбы? Аны билип турам, бирок адегенде Талантты издеп табышым керек.
Ошол маалда кобур-собур ундор угулду, Жаныл терезени карай салып:
— Милиционерлер биякка келатышат, — деди. Мен да терезеге жабышып, гаражга кирип келаткан эки милицияны гана чала-була коруп калдым.
— Кам санаба, жаным, — Жанылды кучактагым келди, бирок тартындым. — Коркпо. Мен ылдый тушуп алар менен суйлошуп келейин.
Мен артымды карабай ашканадан чыга жонодум. Тепкичтен тушуп, эшикти ачсам алар босогодо турган экен.
— Кабылов Бактыяр, сизби?
— Ооба, дал озумун.
— Мен сержант Суракматовмун, бул старший уполномоченный Дегембаев. Биз тундо болгон казиного тиешелуу жук ташуучу машинеге кол салуу иши боюнча тергоо жургузуп жатабыз. Тергоого жардамыныз тиеби деген ойдо келдик. Каза болгон кароолчу Аргынбаевдин жакын жолдошу болгон экенсиз.
— Ооба, мен досу болчумун.
— Бактыяр Кабылович, биз менен участокко барышыныз керек. Ошол жактан маектешели.
— Гаражды таштап кете албайм. Ушу жерден эле суйлошсок кантет?
— Жардамчыныз барбы?
Баргым келбей турду, бирок барбайм десем, олбурлуу немелер суйроп деле кетчудой. Кой, жиндерине тийбей барса барайын.
— Макул, келинчегим карап турар.
— Машинеге отурунуз, бат эле келесиз, кайра жеткирип койобуз.
Участокко коз ачып жумганча жетип келдик.
— Журунуз бул жакка кириниз, — деп машинеден тушкондон кийин сержант колун жансай алдыга басты.
Ал мени узун коридор менен эрчитип барып, » Ага тергоочу майор Алапаев Р.Б.» деген жазуусу бар эшикти ачып, кириниз дегендей ишаарат кылды.
— Руслан Бекешович, Кабылов келди.
Мен чакан кабинетке кирдим. Дал мандайымда устундо кагаздар уйулгон тегерек устол турат. Андан башка терезенин жанында эскилиги жеткен кресло менен эки отургуч бар экен. Калган болмону дубалга такай коюлган текчелер ээлейт, аларда ар кандай папкалар жык жыйма. Устолдо жашы кырктар чамасындагы кен далылуу, кашка баш киши отуруптур. Коюу каштарынын астындагы кой коздору менен сынай карап алды. Бирок мен жакындаганда ордунан тура калып, жылмая саламдашканда жузу жумшара тушту.
— Кабылов мырза, убакыт болуп келгенинизге рахмат. Ишинизге жолтоо болсок кечирип коюнуз. Бирок азыр биз тергеп аткан иш да абдан олуттуу болуп атат, ошондуктан сизди комок корсото алабы деп чакырып калдык.
— Колумдан келген жардамымды аябайм.
— Олтурунуз! — ал отургучту колу менен жансай сержантка кайрылды.
— Самат, чай аодырсан жакшы болгону турат.
— Азыр, Руслан Бекешович.
Суракматов кабинеттен чыгып кеткенден кийин Алапаев тамеки тиштеп, мага да бирди сунду. Чонтокторун сыйпалап:
— А иттики десе, зажигалкамды Жана бироо Алды эле. Сизде ширенке барбы? — деп мага суроолуу тигилди.
— Ооба, азыр, — мен ширенкемди алып чыгып тамекилерибизди куйгуздум да, куйуп буткон чийди кул тушургучко таштадым.
— Мага бир-эки чий бересизби? Тушко чейин тышка чыга албайм, жок дегенде тамеки чегип отурайын.
— Албетте алыныз, — кутучасы менен кармата салдым.
— Чо-он рахмат.
Негедир бул адамдын жанында озумду ишенимдуу сезип, эч нерседен кооптонбой кенен-чонон отурдум.
— Демек, Бактыяр, Сыргабек Аргынбаев сиздин досунуз болчу, ошондойбу?
— Эн жакын досум эле. Ооганда чогуу согушканбыз. Анын каза болгонун жаны гана уктум. Кандайча каза болуптур?
Ошол учурда Суракматов эки чыны чай которуп келип, устолго койду да, кайра чыгып кетти.
Алапаев бироону мага жылдырып:
— Азыр баарын тушундуруп берем. Фургон Манас кочосу менен кетип баратып, Боконбаев кочосу менен кесилишкен жерден кызыл жарыкка токтогондо алдынан бир машине тороптур. Ичинен кара чумботчон учоо автомат которо чыгышат да, баарынар фургондон чыккыла деп буюрат. Аргынбаев тревога сигналын басат, бирок ал иштеген эмес. Кылмышкерлердин бироо автомат такап турат, экинчиси машинени артка айдап барат. Учунчусу фургондун артына секирип чыгып, акча салынган мушокту ыргытат. Ошол маалда берки бандиттер иш менен алек болуп калганда Аргынбаев автомат такап турганына каршылык корсотот. Сргабек капыстан чабуул жасаганда берки автоматчан неме эмне кылаарын билбей калды дейт айдоочу. Аргынбаев дзю-до ыкмасына салып, аны чалып жыгыптыр. Бандит жыгылганда тротуардын кырына башы тийип оор жаракат алса керек. Фургонго секиргени чыга калып, Аргынбаевге атырылат, аны да чалып жыгыптыр.
Ушунун баары болуп атканда экинчи кароолчу жардам чакырганы ары чуркап кетиптир. Айдоочу эки колун которгон бойдон тура бериптир. Ал жардамга келсе, беркиниси чуркап кетпегенде учоолоп кылмышкерлерди колго тушурмок экен. Тилекке каршы Аргынбаев озу жалгыз учоо менен кармашыптыр. Эки бандит жерде оонап жатканда машинедеги бандит куралчан экенине карабай Аргынбаев аны коздой чуркайт. Анын колунда атканда жууса да кеткис бойогу бар пистолет бар экен. Ошону менен атып калат, а тиги бандит болсо Сыргабекти так чекеге атыптыр. Бандиттин усту-башынын баары когала бойок болуп калды дейт айдоочу. Андан ары эмне болгонун билбейт, эси ооп жыгылыптыр. Сиздин эр журок досунуз мына ушинтип карман болду. Ага Данк орденин ыйгарса да жарашат.
Мен туйулгон муштумумду карап тунжурап отурдум.
— Сыргабекти аткан кылмышкердин суроттолушу барбы сиздерде?
— Бою узун, кара спорттук курмочон, башында ак кепка. Аргынбаевге рахмат айтыш керекпиз, эми аны табыш Алда канча оной болот. Талант!! !
— Биздин божолубуз боюнча, — деп созун улады Алапаев, — кылмыштуу топ казинодон чыккан акча кайсы убакта, кандайча ташылаары жонундо же маалымат алып турушкан же коз салып журушкон. Акыркы убакта ошол чолкомдо шектуу кишилер же машинелер жургонун байкаган эмес белениз?
— Эч кимди байкаганым жок. Эми Ал туштан машина да, эл да узулбойт.
— А, мумкун ок аткан кылмышкерге окшош бироо жарымды коргондурсуз? Узун бойлуу, олбурлуу.
— Жок, корсом да элес албасам керек.
— Болуптур. Анда эмесе Ат- Башыдан болгон телефон чалуу туурасында айтсаныз. Тан калыштуу, бирок андай телефон чалуу болгону эч жерде катталбаптыр.
— Чын элеби?
— Ооба, Бактыяр. Мумкун телефонистка бирдеме дегендир, эмнеден улам Нарындан чалып атышат деп ойлодунуз дейм да?
— Башка жактан чалып атышат деген ой келген жок мага. Чалган киши айылдык дарыгермин деди, фамилиясы ким эле? Матраимов, ооба ошондой деген. Ат-Башыдан чалып Атам десе эле ишенгем.
— Тушунуктуу. Кимдир бироо Аргынбаевди иштен четтетууго аракет жасаган экен. Бирок эмнеге Антти? Шопурдун жанында башка кароолчу болгондо эмне болот эле?
— Сыргабек аскерде жургондо бокс боюнча чемпион болчу, — дедим мен. — Бандиттер ошону билип калып, андан башка алсызыраак кароолчу болсун дешкендир.
— Балким, — Алапаев башын ийкеди. — Бирок анын кыйын мушкер экенин алар кайдан билсин? Сиз кандай деп ойлойсуз?
— Билбейм.
Экообуз тен унчукпай отуруп калдык.
— Ат-Башыдан келген телефон чалуу боюнча кошумчаныз барбы?
Мен Алапаевди алая карадым. Ал мага калпын чыгып калды, чынынды айт деп айткандай сезилди.
— Жок башка эч нерсе билбейм. Баса, Сыргабекти батыш автобекетине алпарып автобуска озум салгам. Кайра келип калганы тан калыштуу.
— Автобустагылар Боомдон тамак ичкени токтогондо Аргынбаев Матраимовго кезигип калат. Ал уулунун машинеси менен Бишкекке келаткан экен. Эс алып, тамактанып алалы деп алар да дал ошол кафеге токтошуптур. Ата-энен сопсоо, мен эртен менен эле учурашып келгем дегенин укканда иштен калбай артка кете берейин деп ошолордун машинесине отуруп келе бериптир. Тамашалап коюшкан тура деп ойлоптур.
Каап, кайра келгенин билбей калганымды карачы. Фургонго тушконун коруп калсам эмне, дароо милицияга барып, Таланттын айыбын ачмакмын.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️