Пример HTML-страницы

Кан коё бербейт 5 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=5205&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАН КОЁ БЕРБЕЙТ.5-БӨЛҮМ.

Жарым сааттай отургандан кийин кабат уйдун аркы башынан такси токтоду, андан Айжамал тушту. Баягыдай эле жарашыктуу кийинген, жамбашын чайпай койколо басып келатканын карачы, колдо сузгон аккуунун эле озу.
Подьездин алдына келип, ачкычын издеп баштаганда шырп алдырбай жете келип:
— Айжамал, бул менмин, — дедим, толкундаганымдан унум каргылданып аран чыкты. Ал мени алая карады:
— Оо кудай, тун оокумда бул жерде эмне кылып журосун?
— Кеч келгеним учун кечир, бирок зарыл жумушум бар. Бир мунотко кирсем болобу, суйлошчу соз бар эле?
— Кайдагы соз, саат эки болоюн деп калды, — деп ал каршы болду, — жалгыз бой кыз келиндерге ушу маалда барып жаман конгонсуз го? — ал узун кирпиктеринин арасынан кылыктана карады.
-Жо-ок, андай деле эмес, — мен апкаарый жер тиктедим. Айжамал кыткылыктап кулду:
— Болуптур Эми, Бактыяр. Уялчактыгын жагат да. Журу.
Эшигин ачып, кир дегендей башын ийкеди, кире беришке туфлимди чечип, залга оттум. Айжамал жарыкты жандырып, дивидинин кнопкасын басты, жай музыка сыбызгый баштады. Айжамал ыргала басып барып, дивандын жанынан таттуу керилип алды.
— Чарчадым… Бирдеме ичесинби?
— Ж-жок, — дедим мукактана, мандайымда суйкайып турган сулууну самап олуп бараткам.
— Сени менен эмнеге суйлошуп жатам, — деп кобуранды, — озум да билбейм. Откондогу кылыгынды эстесем жон элечи…
— Суранам, кечирип койчу аялым…
— Аялым дечи, — ал кергиштей суйлоду. — Кызык ай, ушу аялдар, кайдан билип алат дейм да. Козу ачыктай эле кычаштанып, эрлерин кадам жылдырбай кайтарып калганын кантесин.
— Мен сага бир нерсени айтышым керек, Айжамал…
— Койо турчу. Кийимимди алмаштырып алайын. Жур тиги болмого, койногумду эле чечем.
Менин журогум опкоолжуп, оозум кургап кетти.
— Мен… ушу жерде эле туруп турайын.
— Эмне менден коркосунбу? — Айжамал шынк эте кулуп алды.
— Мумкун. Бир балээ болуп кетпесин дегеним да.
Айжамал ун дебей уктоочу болмосуно кирип кетти.
— Мынча кеч бу маалээде эмне кылып журдун эле? — деп сурады Айжамал бар тосмосунун жанындагы отургучка отуруп жатып. Анын жыпар жыты мурдумду ордогондо аябай кымбат атыр болсо керек деп койдум.
— Аялым апасыныкына кеткен.
— Анан дароо эле маанилуу созум бар деп бул жакка келип калдым дечи, — ал мыскылдай кулду.
— Ооба.
Айжамал мени уккан деле жок, озунчо бир чекитти теше тиктеп ойлуу.
— Мен сени менен Аскарбеков жонундо суйлошойун дегем.
— Аскарбеков? Сен чын эле Талантты суйлошойун деп келдин беле?
— Ал жонундо эмне билесин? Анын шылуун экенин билчу белен? Айжамал кериле басып, так тубумо келди. Коздорунон от жанып, арбап барат. Кызыл халатына капкара чачы жайыла суттой аппак денесин баса белгилейт, мен ушул убакка чейин бир да аялды азыр ушу тапта Айжамалды энсегендей энсеген эмесмин.
— Чынынды айт, Айжамал, билчу белен? — деп кубурогонум менен эмне деп жатканымды озум да тушунбодум. Айжамалдын колу колума тийгенде калчылдап кеттим.
— Журу, тиги болмого, — деп шыбырады. Андан ары каршылык корсото албадым, ээрчише уктоочу болмосуно келдик.Айжамал болгон жарыктын баарын жандыра баштады, болмонун ичи чакчайып эле калды.
— Ушундай жарык болгонун жакшы кором, — деди Ал кузгунун мандайына туруп алып, озун суктана карай. — Эмнеге элдин баары карангыда жатышат? Мен жарык болушун каалайм! Сенин ар бир кыймылынды коруп тургум келет, сенчи? — Ал мага бурулуп, чачын сылай башын кейкете:
— Мен сулуумун ээ, Бактыяр? — деди наздана.
— Сен дуйнодогу эн керемет аялсын! — унум калтырап каалоом ашып-ташып турганын билгизип койду.
— Туура айтасын. Анда эмесе менин сулуулугума суктанып Ал!
Айжамал халатынын курун чечти эле анысы ийиндеринен шыпырыла полго кулады. Айжамал аны кармап калууга аракет кылган да жок. Люстранын жарыгына аппак денеси чагылыша бир нече секунд кыймылдабай турду. Мени жакшылап карап алсын деди окшойт. Мен болсо анын алдында озумду жыланач аялды адеп коргондо апкаарыган боз улан сезип кеттим. Айжамалды так которуп керебетке жаткырдым, аппак колдору мойнума ороло тушсо, муундарым калчылдап бутум чалыштайт. Аркы болмодон акырын кубулжуган мукам куу мени шыктандырып аткансыды….
— Ох, ата, сонун болду! Баракелде, экоон тен азаматсынар!
Таланттын какшыктаган уну жакын эле жерден угулду, ал эмне коншу болмодо беле? Айжамал дароо мени ары туртуп, керебеттен ыргып турду да, жерде жаткан халатын устуно жаба салды.
Мен шал тийгенсип кыбыр этууго алым келбей керебетте жата бердим. Ун кайдан чыгып атат деп жан жагыма элендейм.
— Бул эмне? — деп шыбыраганга зорго жарадым.
— Жап жаагынды! — Айжамал кузгунун алдына тура калып, саксайган чачтарын ирээтке келтирип, мурдун чуйруй жийиркене оозун алаканы менен аарчып алды.
— Ким болмок эле, келесоо, акмак. Эми мен ыргып турдум.
— Бул эмне Талантпы?
Айжамал мага конул бурбай кузгунун жанында эриндерин сургулоп атты. Мен калч-калч эте эмне кылаарымды билбей элейдим.
— Айжамал, ал кайда?
— Жаагынды жабасынбы деги сен?
Мен анын жанына келип билектен алдым да, силкилдете:
— Арсыз канчык, ал уйдобу? — деп бакырдым.
Айжамал колун тартып алып, уч жолу жаактан ары чаап жиберди. Муну ушунчалык шамдагайлык менен коз ачып жумганча кылганынан коргонгонго да жарабай дендароо болуп тура бердим.
— Жолобо мага, сасыган чочко! — деп чанырганда ону купкуу болуп кетти. Ошол учурда кы-ыйч этип эшик ачылганы угулду.
— Болду эми, анчалыкка барбагыла, — деп мылжыя Талант кирип келди. — Айжамал, тез чыгып кет, жакшы эле конул ачтын, мен бу жигиттин гулу менен суйлошуп алайын.
Ал кара асты-усту окшош спорттук курмо кийип алыптыр, бутунда ак кроссовка.
Эки бети кызарып, тердеп алган.
— Ой, дос, сен тим эле сексти катырат турбайсынбы! Карап отуруп моокумум канды, бир жакшы порнотасма коргондой эле болдум.
Жаным кашайып, ачуум келгенинен муштумумду туйуп, тиштенип алдым. Кекиртегин кырча тиштеп, кыркырата муунтуп таштагым келди. Аны коздой кадам таштаганда Талант жай колун которо:
— Кереги жок, дос… — деп козунун кыйыгынан карады.
Мен аны капталга муштап, жыга согоюн деп болгон кучум менен алдыга умтулдум, ал менин муштумумдан буйтап келип, тошко сокту. Ат тээп жибергендей эле болду, озоро чалыштап барып, комкоромон куп туштум. Ушул абалымда бир нече секунд жаттым да, ордумдан турдум. Талант мыскылдай ырсайып жанымда турган.
— Сендей доопайларды груша ордуна муштагылап машыкчумун. Конулуно алба, суйлошо турган соз бар.
Бул сокку эсимди энгиретип, алсыраткансыган, бирок ачуум тарай элек мен жатып олгончо бир муштап олойун деп кайра атырылдым. Талант мен жакын барганча былк этпей турду да, сороктой секирип соккудан буйтап барып, кулак тупко муштап калды. Козумдон от чагылыша тушту, полдо чалкаман тартайып жатып калдым, жаагым сынып кеткендей сыздайт. Эсимди жыйып, тизелеп турдум, ойдо турганга ал жок. Аскарбековдун алдында жон эле бир мажуроо шолпукко айландым, оозум менен энтиге аба жутуп зорго турдум. Айжамалдын айтканы чын экен да Талант дасыккан мушкер тура.
Талант азыр эле Айжамал экообуз жыландардай оролошуп оонаган керебеттин кырына кочук баса тамекисин тутотту.
— Муну конулуно жакын алба. Убакыт али коп, баарына жетишебиз. Мен чоголоп отургучка жеттим да, ага таянып турганга аракет жасадым. Бир колум менен жаагымды сыйпалап, экинчиси менен ичимди кармадым, колумду койо берсем эле ичеги-карыным чубалып, сыртка чыкчудай сезилди.
— Мен сага ичкенге бирдеме ала келейинчи, — деген Талант ордунан жай туруп, жайбаракат болмодон чыгып кетти.
Мунун баары жон эле бир жаман туш го деген ой кетти. Жанатан берки ачуум кайда кеткени белгисиз, эми керт башым учун чочулай баштадым.
Ал кайра келип, колума стаканды карматты.
— Эй, дос, сен бизди бир аз коркутуп койдун го? Биз ойлогондон да акылдуу болуп чыктын. Канча айдан бери катуу даярданган ишибизди аз жерден булгунго учуратып койо жаздадын. Ушул убакка чейин эч ким шек алган эмес, эчтеке эмес сенин да тилинди табабыз.
Кол-шал тердеп Асхат кирди.
— Мына, Таке. Азырынча бир аз ным, бирок баары сонун, дапданаа чыкты. Ал Талантка жайпак табакты берип, мени ункуйо карап койду да, кетип калды.
Талант табактагыларды карап:
— Эн сонун чыгыптыр. Карачы, тим эле шилекейин агат, чиркин!
Талант мага табакты жакындатты, анда жаны чыгарылган суусу кургай элек уч чон сурот бар экен.
Аларды жалт карап алып, жинди болуп кетээриме аз калды. Суроттогу жыланач эркек мен элем! Табакты чаап жиберип, Таланттын жексур жузуно чап салдым, ал илгиртпей колумду кармап, чекеге бир сузду. Кайрадан картошка салган мушоктой эле куп куладым. Эх, азыр тапанчам болгондо эмне!
— Тээтиги кузгунун чок ортосундагы кара такты кордунбу? Ошо жерге он алты миллиметрлик камера орнотулган. Тасмасын эки мин долларга сатып алгам. Муну интернетке жайгаштырсак атагын алыска кетет. Дароо жылдызга айланасын, кабарчылар артындан чуркап, интервью алат элек деп чебелектешет, мойнуна асылган аялдарды айтпай эле койойун, ха-ха-ха! Ушул муноттон тарта сен биздин адамсын, айтканыбызды кын дебей кылбасан бул суроттор жанагы таза алжапкыч тагынып тыпыйган аялына жетет. Сурот эмне болуп калыптыр, сен башкы ролду аткарган порнофильмди колуна тапшырабыз.
Ооба, баарын кылдат уюштурушкан экен. Бул суротторду Жаныл корбошу учун баарына даяр элем.
— Сен, балакай, жанатан бери чер жаздын, бекер оокат жок экенин жакшы билесин. Мен эмненин артынан ан уулап жургонумду билесинби? Билбесен айтып берейин. Ушул жуманын аягында казинодон чон суммада акча чыкканы жатат. Биз адегенде казиного кол салсакпы дегенбиз. Анан акчаны спецотряд эмес озулорунун кызматкерлери ташый турган болду деген маалымат алдык. Банкка жеткенче басып калабыз, буйруса акчага туйтунат экенбиз деп турсак » Амалдуу жигитке ажалдуу кийик жолугат» демекчи арасында алмаз да болот деп кабарлашты. Буйруса эртен же бурсугуну жолго чыгышат. Сенин гаражындагы склад биздин штаб. Айжамалдын «ягуары» эн бат жургон машинабыз. Акча жуктолгон фургон казинодон жылганда Жоки бизге телефон чалат. Бирок чечилбеген бир маселе бар, ошону сага тапшыралы деп чечтик. Бизге караганда техниканы билген неме эмессинби, жума куну казинонун складына барасын да, фургондун ичиндеги сигнализацияны жарактан чыгарасын. Кантип кыласын ал оз ишин. Аткарбасан катуу жазалайбыз. Аялынды да аябайбыз. Юраны сыртынан андай деп ойлобойсун го, бирок ал жеткен зоокур неме, татынакай келинчегиндин бакыракай коздоруно кукурт кычкылын жаба чачат. Ошенткен аялдардын жузун кордун беле? Бирок адегенде анын суротторду корот. Бугун шаршемби болуп калды, жумага чейин жакшылап ойлон. Эртен мен барганда сигнализацияны кантип очуроорунду айтып бересин. Суротторду, кинотасманы ала барам, не бар, не жок, башын жакшы иштебей баратса жардамы тийер, — Талант эшикти ачты. — Эми козумо корунбой жогол!
Кадам таштаган сайын буткон боюм зыркырап ооруп жатты. Унчукпай чыгып бараттым: баары айтпаса да тушунуктуу. Залга келсем Асхат менен Юра колдоруна стакан кармап отурушуптур, Айжамал шуркуя болсо чылым чегип диванда отурат. Сыртка чыгып баратсам, ал мен жакты карап да койгон жок.
— Асхат, бу жигитти иттен чыгарып кой! — артымдан келаткан Талант окум суйлоду. — Мындан ары бу да биздин адамыбыз, урмат-сый менен узатып кой.
Асхат ордунан туруп, эшикти ачты да:
— Жолуна туш, салпаяк. Жакшы эле конулубузду ачтын. Тепкичтен кулап кетпе, — деди.
Босогодон аттап калганда ал мени кайра чакырды:
— Эй, бери карачы.
Атрка бурулсам, мени коздой туйулгон муштум келаткан экен, коргонууга улгурбой калдым. Барскандай болгон муштум ээгиме катуу кадалды.
— Бул Айжамалдан, макоо, бетинден ооп кой деди! — деп эшикти тарс жаап алды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE