Кан коё бербейт 3 бөлүм 

КАН КОЁ БЕРБЕЙТ.3-БӨЛҮМ.

Айжамал экообуздун ортобузга чок сала албайт, аны менен арыдан-бери жата коюш керек да, баары бутту деп жолго салыш керек.
Уктоочу болмодо жарык очо элек экен. Жаныл чачын жайып керебетте отурат, коздору кызарып, ыйлагандай туру бар.
— Мына мен да келдим. Уктай элексинби жаным?
— Жо-ок, сени кутуп отурам.
— Кино жактыбы?
— Анча кызыктуу эмес экен.
Мен озумду тоону томкоруп, ойду омкоруп келгендей сездим. Кое тур, жаным, азыр сен мени алдагинтип жаман козун менен карабай каласын.
— Мен сага бирдемени айтышым керек, Жаку.
— Эртен айтчы. Чарчагандырсын.
— Мага жана кардарым чалган эмес. Мен сага калп айтып койдум. Жаныл башын ийкеп койду.
— Мен аны билем, Бактыяр.
-Билесинби?!
Мен шылкыя туштум, ага сюрприз кылайын десем болбой калбадыбы.
— Сен жаман ойлобо, Жаку, уктунбу? Мен коз тийип кетпесин деп алдын ала айтпай койо турайынчы дебедимби. Болбой калса да капа болосунбу деп…
— Эмнени айтып атасын?
— Эсиндеби, карыздардан кутулуштун бир айласын табам дечу эмес белем. Мына таптым. Телевизор жасап жаткан бир фирма бар экен. Откондо бироонун тормозун жасап берсем мага жардам берем деген. Кечээ запчасть алайын деп Кудайбергенде журуп ошого кезигип калдым. Адегенде унчукпай аткан анан ошо фирма менен суйлошуп берейин деп калды. Бугун чалган Ошо киши болчу, — арактын кучун карачы эч бир такалбай тим эле куюлуштура калп айтып аттым. — Ошо фирманын жетекчиси менен таанышып келдим, эми макул деп калса аптасына беш мин сомдон алабыз! Беш мин сом! Сен каалаган кийимди алып киесин, карыздардан кутулуп, акчаны кенен-чонон кармап калабыз.
Жаныл жаш балача суйунуп:
— Ах, Бакы, сен кечиккен сайын оюм ар кайсыга кетип, ойлобогонум калган жок. Эми баары жакшы болсо эле болду. Ушундай акылдуу куйоом бар эле дейм да! Экообуз бири-бирибизди тушунуп, дайым бирге болсок эле баары ойдогудай болот.
Келбей калды го деп умутум узулуп калганда гараждын оозунан акырын жылып келаткан жашыл » мерсти» байкадым. Эртеден бери жанымды койорго жер таппай , чыйпыйым чыгып турган. Алдастап эмне кылаарымды билбей калдым. Артка чалкалай рулду буруп-бурмаксан болуп Талант корунду. Анын жанында тамекисин тиштей Асхат отурат.
Бул экоону карап туруп, Ысык-Колго дем алганы келген туристтер эсиме тушту, кара коз айнек тагып, жондоруна рюкзак асып койсо ошолордун озу болуп калмак. Экоо удаа эшикти кенен ачып, шарт машинеден тушушту да, Асхат чыйт тукуро жан жагын каранды, Талант козун жулжуйто мага кайрылып:
— Эй, салам, дос! — деп кыйкырды, колдорун жинсы шымынын чонтокторуно салган бойдон ары-бери басып. — А биерде розеткалар барбы?
— Ооба, он чактысы бар.
— Карангы го.
— Машине ондогондо переносный лампаларды колдонобуз, бирок аябай жарык кылыш керек болсо аны деле жасаса болот.
— Мейли, биз эки жакты байкап, анан кенсеге киребиз, макулбу?
Макул дегендей башымды ийкеп кенсеме кирдим да, столго отуруп калдым. Ошол маалда Жаныл эн жакшы деген халатын кийип, озунчо эле жайдарылана баш бакты.
— Айткан кишилерин келиштиби?
— Ооба, тиги «мерс» ошолордуку. Укмуш бекен? Жаныл тиги экоону карап турду да:
— Буларын ишкер адамдарга окшобойт го? — деди.
— Ишкер эле кишилер, эмне костюм шым кийбесе эле ишкер болбой калабы?
— Кычыраган бироо келет экен десе. А тиги жанындагысы ким экен?
— Досу болсо керек. Аты Асхат, калганын билбейм.
Жаныл эшикти коомай жаап, бери басты. Тиги экоо анын ойлогонундай болбой калганы коз карашынан байкалып турат.
— Деги жон жургон немелер бекен?
— Ал эмне дегенин?
— Билбейм, кебетелери эле бир башкача экен.
— Койчу алтыным. Эркектердин ишине кийлигишпе деп канча айтам. Булар менен жон гана иштешем, достошкону атат дейсинби.
Мен аны ийинден алып, сыртка туртуп чыгардым.
— Бар уйго барчы. Жон койсо азыр буларды бандиттер дегени турасынбы.
— Бирок, Бакы, ушулар менен байланышпай эле койсончу, суранам? Дагы бир балээнин ичинен чыгып журбо…
Мен Жанылды ай-буйга келтирбей кенседен туртуп чыгып эшикти жаап алдым. Озум терезенин жанына келип, гараждын босогосунда турган тиги экооно коз салдым.
Айжамалдын уйундогу селкилер деле жон кыздар эмес го. Кочодо турган сойкулар болбосо да, ошого жакын эмелер. Айжамал андай кыздарды кайдан таап алган? Мумкун аларды Талант алып келгендир?
Эшик ачылганынан артыма бурулсам мыйыгынан кулуп, Талант кирип келатыптыр. Ал озун-озу билип, отургучка куп эте отурду да:
— От, дос, гаражын тим эле сонун жерде турбайбы, — деди.
-Сонун болбой курусун.
— Болду эми, жинденбе. Ал чонтогунон бир пачка вест алып чыгып, бир сигаретти озу тиштеп, бироону мага сунду.
— Эмне кылалы деп чечтинер?
— Отур, дос, мандай- тескей отуруп кенешели. Кенешип кескен бармак оорубайт дейт. Менин журогум дукулдой баштады. Беш мин сом! Заматта бул акчага биринчи кезекте эмне алаарымды, кайсынысы куто тураарын ойлоп жибердим.
— Мен айтпадым беле, склад кылганга ижарага ээн жай караштырып атам деп. Гаражынды склад кылып жасаш учун эн кеминде эле жарым жыл кетет окшойт, мен карап кордум, коп нерсесин озгортуш керек экен.
— Мен жарым жыл куто албайм. Акча зарыл керек. Андай болбой калды деп эсептей берели да.
— Мен болбой калды дегеним жок. Гараждын жарымын ижарага алып, жумасына эки мин толойун, ошого макулсунбу?
Мен анын айтканын анча тушуно бербей суроолуу тигилдим:
— Склад бир жылдан кийин гана даяр болсо анан бу жерди ижарага алып эмне кыласынар?
— Мындай да, дос, биздин башкы кенсебиз Алматыда. Ал жактан улам ташып туруш ынгайсыз болуп жатат. Бу жерде акырын иштеп байкап корсокпу дегем. Ушу жерден чогултуп, Дордойго алпарган мага женилирээк, менин убактым уномдолот, сен да карыздарындан аз-аздан кутула бересин. Жумасына эки мин сом жакшы эле акча го, жоктон коро жогору дегендей.
— — Ооба, анын чын дечи. Силерге канча жер керек?
— Жур корсотойун. Мага терезенин тушунан жер берсен дурус болот эле.
— Онтойсуз болуп калат. Гараждын тор жагына жайгашкыла, антпесе машинелер кирип-чыккан сайын силерге жолтоо болот.
— Мага мумкун болушунча кочого жакын болгону жакшы эле да.
— Талант башын чайкады. — Телевизорду чогултуп алып, даана корсотобу, жокпу текшериш керек. Кире бериштен машинеге жуктоп кетиш да оной. Эки жуз толой турган жерине эки мин толоп атам, жакшылап ойлончу.
Анын айтканы да туура болчу. Бош турган жер учун деле салык, жарык дегендин баарына олчойгон акча толоп атпаймынбы. Чын эле эки мин болсо да жоктон коро жогору да. Ушуга шугур дейинчи.
— Чогултканга менин жардамым керекпи?
— Жок, аны билгендер жасасын. Биерде Асхат менен Юра экоо иштейт.
Мен бир кызык болуп кеттим да, Талантты шекшине карадым. Ал да ашыкча суйлоп алганын дароо тушунду окшойт, кабагын буркоп:
— Сунушум жакпаса макул болбой эле кой дос. Жумасына эки мин толойм да эмне кылам оз ишим. Бул менин бизнесим, туурабы? Макулмун же макул эмесмин деп ачыгын айт, башка гараждар деле толуп жатат.
Мен ыргылжын болуп турдум. Жума сайын эки мин алсам Сыргабектин акчасын берип, жанды койбогон карыздарга майдалап чачып, ооздорун баса турат элем. Асхат менен Юра огеле чектен чыгып баратышса, баарын токтотуп койом. Кожоюн менмин го.
Мен макул экенимди айтканда Таланттын ону озгоруп, бир башкача болуп кетти: коздору кымындап, ууру мышыкча мылжыйып алды.
— Ий дагы бир нерсе: бу жерде мага рекламанын кереги жок. Ижарага алганымды да, эмне кылып атканымды да оозундан чыгарба. Машинесин ондоткондоруна да, койгондорго да айтып кой, кийлигишпесин. Жакын жолосо озунон корсун. Башын жулуп таштайм! Электр шаймандарым менен калган майда-чуйдону кечинде алып келем.
— Электроэнергия коп керектелеби? Талант дагы мыйыгынан кулуп:
— Канча келсе да толомунду мага корсот. Озум толойм. Акчанды азыр берейинби? — деди.
— Мейли, жуманын аягында берсен деле болот.
— Мына муну чонтогуно салып кой да, кошумча салык толобой жата бер.
— Рахмат.
Мен Таланттын артынан ээрчий кире беришке келдим, Асхат аларга керектуу жерди бор менен чийип атыптыр. Экообуз жакындаганда «ушу болобу?» дегенсип Талантты суролуу карап туруп калды.
— Болот, болот. Таланттын ууртунда баягы эле мылжыйган жылмаюсу.
— Жума кункуго ушу жерди бошотуп кой. Ой, мобу Айжамалдын машинеси го. Машине эмей эле накта жырткыч.
— Ооба, жолборс, — деп кункулдодум мен. Талант ууру тишин корсото жалжайып:
— Шашпа, бир жылга жетпей сенин да ушундан кем калышпаган машинен болот, а мобу гаражына машине батпай быкылдабаса мага кел.
— Оозуна май, айтканын келсин.
— Болуптур, дос, жакшы кал!
Алар жашыл мерске шап отуруп жоноп кетишти. Мен кенсеме келип, кул тушургучту тиктеп ойлуу отурдум. Олуп кетейин бул тортоонун бир балээси бар, радиоаппаратура дегени жон эле шылтоо. Анда мунун баарынын эмне кереги бар? Таланттын «Жакын жологондордун башын жулам!» деп корулдаганы кулагыма жанырды. Мен кызыгып, кийлигишейин дедим эле, аман-соондо ары тур дегенчелик кылышты. Эх, эмне болсо ошо болсунчу, мага убагында айткан акчасын толоп турса болду, калганы менин ишим эмес.
Кечки алтылар чамасында гаражды жабайын деп атсам адатынча:
— Досум, кандайсын? — деп Сыргабек кирип келди.
— Жакшы, озун кандай? Иштер болуп атабы?
Ал кошо кармашып, мага эки кабат эшиктерди жапканга жардамдашты.
— Жумуш деле жок, ошондуктан сага баш бактым. Келерки жумада бир иш болгону турат, бирок оозундан чыкпасын!
— Жур, кенсеге кирели, акчанды кайтарып берейин.
— Аны койо тур, Баке, мен шаштырбайм деле.
— Сага бересе болуп журо бермек белем, бугун бир аз тыйын болуп калды. Болгондо берип салайын. Керек болуп калып келе десен таппай журбойун.
— Жолун болгонго го! Жакшы болгон тура, кудай берээрин унутпасын.
— Бир фирма гараждын бир болугун ижарага алмак болду, аптасына эки мин толойт. Сыргабек ышкырып жиберди:
— Чын эле колуна карга чычкан экен, досум. Мен койо турбаймынбы?
— Жок, Ал, — деп ага акчасын сундум. Ал мага энкейе:
— Аны коюп, ишемби куну эмне болдун ошону айтчы, — деди.
— Аа, кечээби? Жанылга алдын ала айтпай турайынчы дегем. Ушу фирма менен макулдашканы кеткем. Келгенде ага баарын айтып тушундурдум.
Сыргабек ишенсемби, ишенбесемби дегенсип козунун тобосу менен карады.
— Бизди таштап эле шашып кетип калдын, Жанылга эмне дээримди билбей жаман болдум. Баары ордуна келсе жакшы болуптур. Дагы жакшы ал фирман тиги бурчтагы ээн дуконду корбой калыптыр.
Ал дуконду дагы укканда кыжаалат болуп кеттим.
— Билем, Жаныл айткан. Эми кай жакты ижарага алат оз иши да. Менин жинденип атканымды байкаган неме дароо созду башкага бурду.
— Ооба, жолдуу экенсин. А ал фирма кандай аталат экен? Эмне болгон адамдар экен? Кайсы жаатта иш алып барышат?
Мен алар жонундо эч нерсе билбегенимди ошондо тушундум.
— Жетекчиси Аскарбеков деген жигит экен, Аскарбеков Талант. Жанагы Ала ТВ, Долог ТВ деген сыяктуу бирдеме кылганы атышыптыр, бирок анысы азырынча жашыруун экен, даяр боло элек окшойт.
— Фирманын атын билбейсинби? Мен эки бетим ысып, кызарып кеткенин сездим.
— Алар чакан фирма экен, жаныдан иш башташкан го, сыягы.
— Гаражга ушунча акча толой беришсе жакында банкрот болушат аларын. Эми, аны оздору билээр. Мумкун салык тологулору келбей ошентип атышкандыр.
— Мен да ошондойбу дедим.
Сыргабек кежигесин кашып, кунолуу немедей жылмайды.
— Кечээ Жаныл сага аябай кабатыр болду. Баке, аны мындан ары алдабай журчу?
Мен кайрадан кыжаалат болуп чыктым.
— Дагы баштадынбы? Жаныл экообуз баарын суйлошуп, чечишип алдык дебедимби, бизге сарсанаа болбочу.
Сыргабек Эми чындап уялып кетти:
— Эми аны озун билесин да, досум. Кой мен кеттим, дагы жолугушабыз, жакшы жат!
Гараждан чыгып баратып, ягуарды коро:
— Ого! Ушу жерде тура турган болдубу? Аял деп ушуну айт! Любой эркекти онкосунан тушурот. Мен озум деле баш тартмак эмесмин мындай сулуудан.
— Чын элеби?
— Мындай селкинин артынан коз салып журбосо болбойт. Кабатыр болбо, мен аны лично озум кайтарам.
Аны тумшукка бир согуп жибере жаздап, муштумум кычышып аран турдум, бирок озумду колго алып, сыр бербедим.
— А мага ушу гаражым менен Жакум болсо болду.
— Аскарбеков менен ушу чурок тааныштырдыбы?
— Эмнени айтып атасын? Жиним келип, жаным кашайды.
— Аны айтпасан да тушунуктуу да, Баке. Мени алдайм деп ойлобо, Жанылды го эптеп алдадын, эми жанагы шойтондогон неме сени сызга отургузуп кетпесе болду.
— Уксан, Саке! Же болгонун болгондой айт же келжиребей кетип кал.
— Кечээ бу бийкечин сага чалды, анан экоонор жолуктунар, ал сени жанагы киши менен тааныштырды. Ошондойбу? Ошондой болгону айдан ачык болуп турбайбы. Анан сен акылындан адашып, бу чурокту суйуп калдын. Бирок кеч болуп кала электе эсине кел. Жанылды ойло. Бу кочугун чайпаган неме анын чыпалагына да тен келбейт. Катыны бар сага ал кыздын эмне кереги бар? Айтсан, ашыкча баш оорунун эмне кереги бар сага?
Мен Сыргабекти тошко бир койдум. Ал да жон калган жок. Биздин батальондогу оз салмагындагылар арасында чемпион экени эсимден чыгып кетиптир. Ээкке туштап бир сокту эле козумдон от чагылыша тушту, жерге куладым. Сыргабек мага энкейе:
— Кечир, досум, бирок озун баштадын, — деп колумдан тартып тургузмак болгондо ары турттум:
— Кетчи ары!!!
— Баке, кечирип кой дедим го… Мен ойдо туруп, тенселе кенсе жакка бастым.
— Баке, токтосон…
Мен аны карабай эшикти тарс жаап алдым.
Эртеси эртен менен саат жетилерде уч жумушчуну ээрчитип Асхат кирип келди. Аларга ачуум келгенинен оолак болгонго тырыштым. Жаныл менен Сыргабектин акыл уйроткондору тажатты. Анын устуно Айжамал келип калабы деп чыдамсыздык менен кутуп жаткам. Машинесин алганы келеби? Бугун коро аламбы? Анын кумарлуу коздоруно тигилип, жыпар жытын искегим келди.
Албетте, жумушчулардын дарылдатып араалап, кескилеп, тык-тык эткизе мык каккандары нервимди ого бетер оорутту, бирок оз ишин мыкты билген немелер экен, кечке жуук баары даяр болду. Тосмо азыр жаны орнотулбай эле омур бою ушу жерде тургансып калды. Саат алтыларда Асхат менен суйлошойун десем, ал да менден бетер бирдемеге кыжаалат болуп турганбы, тим эле зиркилдейт.
— Талант бир деме кылам десе созсуз кылат. Коздогонун койо бербейт. Буйурса жуманын аягына баары даяр болот.
— Улгуросунорбу?
— Ананчы!
— Фирманар кандай аталаарын билбей башым ман.
— Аны Таланттын озунон сура, — деп кутулду. — Мен бул жерде кичинекей адаммын… эч нерсени чечпейм, болуптур анда, мен кеттим.
— Айжамал азыр кайда?
— Ким?
— Айжамалчы.
— Аа, баягунку кечедегиби. Ал эмне болуптур?
— Эч нерсе. Ал машинесине анда-санда бир келет экен.
— А сен эмне ага бензин сатайын дедин беле? Мен аргасыз каткырдым:
— Жакшынакай машине айдалбай туруп чирип кетмек болду дегеним да.
— Ал менин ишим эмес. Давай корушкончо! — деди да, машинесин жулкунта айдап кетип калды. Мен жиним келип кала бердим. акмак болдум го, Айжамалды андан эмне сурайм десен. Телефон номурлар жазылган журналды барактап, Айжамалдыкын таап алдым. Эшиктин тушуна келип тыншасам, Жаныл ашканада бирдеме кылып жаткансыды. Номурду тере баштаганда тепкич менен бироо тушуп келаткандай болду. Шашып кетип, трубканы ыргытып, отуруп калдым. Жаныл баш бакты.
— Журналды берсен, куурдак бышканча карап чыгайын.
— Тигине кагаздардын астында жатат, мен анын козуно тик карай албадым. — Болду окшойт, жур уйго.
— Баса бер, эшикти озум кулпулайм.
Мен тепкичтин жарымына жетип калганда телефон шынгырады. Артыма кескин бурула койом деп мойнум кайрылып кала жаздады, мен аттап- буттап артка жонодум.
— Угуп атам?
Жаныл кабагын чытып, трубканы кулагына такай:
— Алло, алло… — деп кыйкырды.
Трубканы ордуна коюп ийиндерин куушуруп койду. Кайдан да келе калды эле, дал ушу маалда келгенин карасан! Отура бербей эмне келди дейм да! Аны карабай гараждын эшигин коздой бастым. Жаныл артымдан келатты.
Айжамал чалган болсочу? Жанылдын унун таанып унчукпай койгон го. Гаражды жаап атсам Жаныл мени жалооруй карап туруптур. Анан жаныма келип акырын:
— Бактыяр, эмне болуп баратабыз? Баары мурдагыдай эле болсунчу, макулбу? Кечээ сага айтайын дегеним…
— Болду, Жаныл! Бул созунду токтот! Баары жайында, уктунбу!
Ал бутунун учуна туруп, эриндерин тосуп калган. Дал ошол маалда телефон дагы чырр этти. Мен трубканы алганга ашыгып, аны жоолоп кеткенимди да байкабай калдым. Жанталаша кенсеге чуркап келип, устолдун кырына тиземди Уруп, трубканы ала койдум.
— Алло.
— Бактыяр… Бактыярсызбы? Жалгызсызбы?
— Ооба…. бирок мен…
— Мен сиз жок аябай зеригип кеттим. Бугун жолугушуп киного барбайлыбы. Жаныл жанымдан отуп, тепкич менен которулуп баратты, коп отпой эшикти тарс жаап алды. Кайрадан Айжамалдын мукам доошуна кулак тошодум:
— Сегиздерде сааттын жанынан жолугалы? Макулбу?
— Болуптур, мен барып калам.
— А аялынызчы? — Ал зымдын аркы учунда кыткылыктай трубканы коюп койду.
Тамеки чегип турсам колдорум калтырайт. Барбашым керек…
Бирок Айжамалдын алчадай кыпкызыл эриндери эсиме тушкондо улутунуп алдым, эртеден бери энсегеним ошол болчу.
Жетиден он мунот отту. Бир сыйра сууга чайынып, кийинип алып, саат сегизге ЦУМга барып калышым керек. Мен Жанылдын жанына бардым.
— Жаныл, Аскарбеков чалды. Сегизде жолугалы дейт, башка балдар да келишет экен, ишти суйлошот окшойбуз. — Соо болгонумдан улам аялыма шатырата калп айта албай мукактандым. — Жаку угуп атасынбы? — аны карабаганга аракеттендим. Койногумду чечип атып, унумду бийик чыгара: — Тамак ичип алып барып келейин, — дедим.
— Угуп атам, — деп шыбырады Жаныл ордунан жылбай. Ваннага кирип жуунуп чыктым да, кийинип келип столго отурдум. Тамак жебей эле кете бербей, кекиртегимден отпой кыйналдым.
— Аябай даамдуу болуптур, жаным. Мурчуйбачы эми, алтыным! Бул балдар чанда гана чогулушат экен, Талант ошондуктан чалган тура. Тез эле келем. — Кана кулуп койчу. Айтчы, барбай эле койойунбу?
Жаныл башын ойдо кылып, мени караганда жерге кирип кете жаздадым, ал мени ушунчалык жек коро, жекире карады.
— Калп эле анткорлонбой бара берчи, барба десем эле барбай калчудай болбой. мени алдайм деп ойлойсун го? Жо-ок, Бактыяр, мен сен ойлогондой келесоо эмесмин!
— Койчу, Жаку! Дайыма эле ушинтип шек санай бересин. Качантан бери аргам кетип журуп, эми бир шанс пайда болсо, ошондо да Таланттын койногуно асыласын. Мен жеке озум учун эмес, экообуз учун жан далбастап атам го!
— А сени ошо Талант менен тааныштырган жанагы шуркуябы? Айжамал эмес дечи!
— Айжамалды жон жайына койчу. Анын бу жерде кандай тиешеси бар?
— Эмеле Талант эмей эле Ошо чалбадыбы. Жанынды жебечи калп айтканды билбегенден кийин мени алдайм деп убара болбой эле койсон болмок!
» Тууй ата, билип калган тура!» деп чабуулга отууго камындым.
— Алтыным, уксан…
— Ошол кызды анчалык эле каалап-самап атсан кете бер, бир мунот да кармабайм. Башка аялга тансык болуп турсан кантип чогуу жашамак элем?! — дегенде жаным чыгып кете жаздады.
— Эсине кел, Жаныл! Эмне деп атасын! Сенден артык коргон эч кимим жок! Анын устуно сен баарын туура эмес тушунуп албадынбы… . озун деле ойлосон. Мен… эми сага кантип тушундурсом. …
— Бактыяр, коркпой эле кой. Бактылуу болсон болду, мага ошонун гана керек. Мумкун Айжамал дейсинби, сенин бактын ошолдур.
— Болду, Жаныл, ойду-тоону суйлой бербечи. Ошончолук эле болуп баратса баары бир мен учун сен биринчи орунда турасын. Мен сенден эч жакка кетпейм. Сенин конулунду ооруткум келбейт, Жаку, жаным!
— Мен сени коркутайын деген жокмун, Бактыяр. Мени суйосунбу же суйбой калдынбы ошону гана билейин дедим. Сууп калсан ачык айт да, кете бер. Оз жанымды озум эле багам. Бирок сени башка аял менен болушуп отура албайм, уктунбу?
— Айжамал менен эчтекем жок. Ооба, ал татынакай кыз, бир-эки жолу карасам карап койгондурмун. Бирок экинчи аным кайталанбайт эч качан!
Эртеси куну кенсемде отуруп, мен накта келесоо болгонумду тушундум. Кайдагы бир чала тааныш кыз учун уй-буломду бузуп ала жаздадым. Эч ким эч нерсе билбейт деп озумду жооткотконум менен Сыргабек менен Жаныл чу дегенде эле баарын билип алышпадыбы. Ооба, акылымдан айныбаганда эмне болдум.
Болуптур эми, ушуну менен баары бутту! Дагы жакшы Жаныл кеч болуп кала электе эсиме келтирди. Антпей койсо, ачык айтууга эрки жетпесе арабыз алыстагандан алыстай бермек.
Кечээ мен барбай койгондо Айжамал эмне ойлоду экен? Катыны жибербей койгондур дедиби же озунун келгиси келбеди деди бекен? Эми эмне десе ошо десин. Озунон корсун. Мага десе машинесин айдап кетсин, анан Талантка барабы же дагы башкасына барабы озу билсин, мага баары бир.
Асхаттын кол астындагы жумушчулар тынбай иштеп атышты. Каалгасын орнотуп бутушкондо жандарына басып бардым.
— Бугун бутуп койосунар го ээ? Асхат ийиндерин куушуруп:
— Ичинде дагы майда-барат жумуш калды, — деп керсейе ары басты.
Бир маалда эки оор чемодан жуктоп Жаныбек келди, жанында шыйпандап Юра журот. Кушулдоп- бышылдап экоо эки чемоданды которую, ичкери кирип, дароо эшикти ичинен бекитип алышты.
Айжамал келип калабы деген умут менен ары-бери басып журдум, ойлогон сайын журогум ооруйт.
Кечки бештер чамасында кенседе отурсам Асхат кирди.
— Биз бугун кечке чейин иштесекпи деп атабыз, ондорго чейин.
— Макул. Мен сырткы эшикти жаап койом, кетээрде такылдатсанар ачып берем. Иштеринер кандай журуп атат?
— Ойдогудай, — деп кунк этти да, складына кирип кетти. Уйго кирсем Жаныл мени жадырай тосуп алды:
— Кел, жаным. Азыр тамак ичебиз.
— Анда душка тушуп чыгайын.
Шарылдаган жылуу агымдын алдында туруп, тиги учоо кирээр менен шарактап кулпуланган эшиктин ары жагында эмне болуп жатканын боолгой баштадым. Алар телеаппаратура менен иштебегени айдан ачык эле. Талант менен кайдан да байланыштым эле деп окунуп жаттым, Туштук Кореядан телевизордун тетиктерин ташып келип, бу жактан чогултабыз дегени апыртма экен да. Мага жакшы толоп берди, бирок эмне учун Талантка дал ушу менин ангыраган гаражым керек болду экен? Бурчтагы ээн дуконду алган жок, демек буларга гаражым эмес, дал ушул жер керек. А эгер куралданып алып бироону тоногону жатышсачы? Бирок бул жерде тоной турган эмне бар? Аркы кочодогу тигуучу цех заказ жок деп жабылып калган, аялдамадагы гул саткан курко менен чачтарач жарытылуу деле киреше таппайт. Ой кулук дегени сын, ойго эмнелер гана келбейт! Эмнеси болсо да бугун кечинде складды ачып, эмне кылып атышканын корбосом.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️