Кан коё бербейт 2 бөлүм 

КАН КОЁ БЕРБЕЙТ.2-БӨЛҮМ.

Жолтоо болгон жокмунбу? — деп сурады Жаныл.
Эмнегедир аялымдын усту- башын сынай карадым — капка окшоп этек- жени шалбырап самсаалаган свитер менен ону очкон жинсы шым. Кыска кара чачы ирээтсиз сапсайып, кокулу козуно тушкон, ээгине агала болуп ун жугуп калыптыр. Жарым саат мурун эле айчурок корунуп аткан келинчегим азыр кычырай кийинип, жамбашын чайпаган Айжамалга салыштырмалуу ото жупуну жана жудонку корунду.
— Жаныл кебетен эмне болуп калган, озунду карасан боло. Мобу шымын менен свитеринди таштандыга ыргытпасан болбой калыптыр. Аялым мени тангала карап алды, анан кулуп жиберип:
— Кечирип кой, каралдым, эми уйдо жургондо боло берет да, эшик- эликке чыгып аттым беле. Жанатан бери уй жыйнап аттым, азыр кийимимди алмаштырып алам.
— Сага катуу айтайын деген эмесмин, жаным, мага таарынбачы. Озунду карап, татынакай болуп журсонбу деген эле ой.
— Кээ бир эркектер аялдары эмне кийип жургонун деле элес алышпайт. Анына рахмат….
Боз ала чан болуп мостойгон Тилек кирип келди. Мага карабай бензинди куюштуруп бутконун айтып уйуно кетмек болду. Мен ийиндеримди куушуруп, Айжамал жонундо ойлобогонго аракеттене кагаздарыма унулдум. Бирок анын мээмден чыгаар туру жок. Жолдун аркы жагында казино бар эле, анда иштеген эки кызматкер автоматтарын ийиндерине асына мушокторду чумкомо машинеге жуктоп атышты. Мен аларды кайдыгер карап отурдум, бир убакта алардын арасынан Сыргабек корунду.
Ооган согушу убагында ал менин батальонумда кызмат отогон. Экообуз чогуу согушуп, кийинчерээк чогуу жарааттарыбызды айыктырганбыз. Ошондой эле бир кундо демобилизация болуп, туулуп оскон жерибизге кайтып келгенбиз. Мен шаарга келип бу жерди сатып алып, гараж ачканда ал жолдун аркы ойузундо иштээри белгилуу болгон.
Ал адатынча жылуу кулумсуроп жаныма басып келди. Балжайган кызыл жузунон боорукер, карапайым мунозу корунуп турат. Бою жапалдаш, толмоч, кен далылуу бул жигит огуздой кучтуу, дени сак.
— Салам!
— Салам, досум! Ал мага коз кысып койду.
— Ийи, кана эмне кылып атасын? Азыр эле бу жактан жайкала учуп чыккан кополокту козум чалды. Артынан учуп кете жаздап, дагы жакшы экинчи кабатта кузотто турганымды эстеп калдым. Ал ким эле?
— Машинесин койом дейт.
— Мына сага! Жол болот деген ушу. Кунуго аны коруп, козум кубанып турат тура! Ушу убакка чейин бир да мучо бою келишкен, кер маралдай керилген аял коро албай козум катты.
— Болду Эми, Саке, балжырай бербей. Бугун эмне жалжайып эле оозун кулагына жетейин деп калган ыя? Маянан кобойгон го? Шер элесин ээ?
— Кызматтан которулдум. Эми мен кол бала эмесмин, кароолчумун. Дуйшомбу куну жумушум башталат.
— Кароолчу болом дечи, эмнени кайтарасын?
— Мурда жетекчибиз кунумдук акчаны банкка ташуу учун атайын спецназ жалдачу, эми озубуз жеткирет экенбиз. Ошо, мен балдардын устунон козомол кылам. Антпесе акча деген азгырык, кимдин болсо да ою бузулушу мумкун.
— Опурталдуу жумушка орношуп алыпсын.
— Эмне экен, билесин го, тобокелге салганды жакшы кором.
Кечээ гаражды жапкандан кийин Сыргабек майда- барат закуска, бир ботолко арак алып, кызматтан которулгонун жуумакка келип калыптыр. Жаныл тултуйуп, мени коркутуп суйлобой аткан, Айжамал менен салыштырганым учун жана ичимден аны жактырганымды сезип жини келип атты.
Сыргабек атайын жакшы ой менен келген учун гана анын конулун калтыра албай каткырымыш болуп отурдук. Мен болбой эле карыздарымды, Айдамалды унута албай, Жаныл экообуздун оз ара таарынычыбыз жонундо ойлой бердим. Акыры он экилерге жакын Сыргабек жакшы жумушка отурганына маашырлана уйуно кетти…
Айжамалдын ягуарына орун даярдадым. Ары кетип, бери кетип, акыры аны гаражда калтырмай болгом. Акчасын алып, думурчок жазып берип койбодумбу. Анын устуно ушу бийкечтин аркасы менен кыйынчылыктан чыкчудай болуп турдум. Ички туюмум ушуну айтса, ан сезимим тескерисинче ал кыз сени анга тыгат деп жатты, кандай десе да коп учурда аны эч ким укпайт эмеспи. » Айжамал менин эн чон умутум, болду- болбоду карыздарымдан ушу кутултат» деп озумду ынандырып аттым. Бир маалда велосипедин туртуп Тилек кирип келди.
— Ии, келдинби, Тилек. Мобу жерди шыпырып кой, бугун Айжамал машинесин айдап келет.
— Кечээ келген кызбы?
— Ооба. Шашылбасан келип калышы мумкун.
Тамактын жыты келгенде эртен менентен бери оозума нар албаганымды эстеп, жогору которулдум. Жаныл эчак туруп, кыбырап оокатын кылып журуптур.
— Кандайсын, жаным. Уйкун кандыбы?
Чыркыратып картошка кууруп аткан Жаныл мени караганда да жок.
— Укмуш жыттанып атат го?
— Ооба, кардын ачтыбы? Азыр бышып калды. Мен аялымды кучактап тиземе отургуздум.
— Алтыным, мага таарынбачы, кечээкини унуталы, макулбу? Урушпайлычы.
— Мен сага керек экенимди билгим келет. Азыр эмес, деги эле да. А эгер экообуз бири- бирибиздин ишеничибизден кетип калсак анда… Ал Эми жанагы ойсоке болсо экообуздун ортобузга чок салып жатат. Ал сенин мээнди таптакыр айлантып таштабайбы? Анан дагы банкрот болуп итке минип калсакчы? Анда эмне болобуз? Суранам ортобузга кыз- пыздарды аралаштырбай эле экоолоп иштейличи. Экообуз бири- бирибизге ишенип, чогуу иш кылганда гана баары жакшы болот. Тамагынды же, муздап калмай болду.
Мен кайрадан Айжамалды ойлоно баштадым.
— Чыдай тур, жаным, мен эптеп бир айласын табаармын, — дедим да, » кандай гана акылдуу, токтоо аялым бар, бу болбосо эмне кылат элем» дер ойлоно ылдый туштум. Сыргабек эшиктен кирип келатыптыр.
— Бактыяр. Мен сени менен суйлошойун дедим эле. Жаныл кандай?
— Жакшы эле, рахмат. Кечээ жакшы отурдук ээ, кубанычынды биз менен болушуп, келип- кеткенин ырас болбодубу.
— Бул шаарда силерден жакын адамым жок. Бул мени ишим эмес дечи, бирок баары бир сурайын, экоон эмне урушуп атасынарбы, мен тура таптымбы?
— Эми сен ага кабатыр болбой эле кой.
Экообуз кобурашып гараждын босогосунда жетип калганбыз, ошол учурда зымырап келаткан кара ягуар корунду. Айжамал кара чачын жайкалтып рулда отурган экен. биздин тубубузго келип тык токтотту. Сыргабек мага башын ийкемиш болуп жолдун аркы ойузуно ото жумушуна кетти.
— Машинени калтырып кетейин, макулбу? Жууп койсонор жакшы болот эле.
— Ооба, албетте.
Айжамал машиненин астынан тартайып чыгып турган Тилектин буттарын карап алып:
— Кенсенизге кирип суйлошсок болобу?
— Болот, журунуз, — дегенден башкага жарабадым. Жигитчилик, бойдокчулук кезде далай эле кыздардын козуно тигилип, далайынын караганына туруштук бердим эле, бирок ушу жалжылдаган кара каректер караган сайын таман алдымдан жер кочуп, буткон боюм чымырап кетчу болду. Айжамал артымдан кенсеге кирип, эшикти жаап алды. Шыпты жалт карап койгонун байкаган мен:
— Аялым базарга кеткен, — дедим.
— Ийи, жакшы экен. Антпесе аялдар чымындай нерсени тоого айландырганды жакшы корушот. Мен сизди бир кечеге чакырсамбы дегем, анын устуно бир керектуу адам келет эле. Ал радио аппаратуралар менен иштейт, ошону менен суйлошуп корсонузбу дегем.
— Бирок мен анын эчтекесин тушунбойм да.
— Ал ижарага жай издеп журом деген, а сиздин гаражда болсо… Анын ушундай акылдуу экенин адеп коргондо эле билгем.
— А ал макул болбой койсочу?
— Макул болот. Ал менин айтканымдан чыкпайт. Ишемби куну келиниз. Жакшыраак костюмунуз барбы?
» Жок, бирок тааныштарымдан алып тураармын» деп айтып жибере жаздап, дагы кудай жалгап убагында тилимди тишиме катып калдым.
— Аялынызды дагы алып алсаныз болот, бирок менимче иш менен бараткандан кийин анын уйдо эле калганы он болот, аялдар ар кайсыны айтып … ишти жакшы суйлоштурбой коюшу мумкун.
— Анда озум жалгыз эле барайын
— Макулдаштык, мен сизди саат сегизде кутом.
Эми кетип баратканын Жаныл коруп калбаса экен деп жаным чыкты. Айжамал баарын айттырбай тушунуп, сумкасы менен кол чатырын алып, сыртка жоноду.
— А жанагы эшик алдынан жолуккан кулкулуу, толук киши ким?
— Ал менин досум, Сыргабек.
— Ал эмне эшик кайтаргычпы?
— Ооба, азырынча ошентип иштеп атат, жакында сакчы болот.
— Казинонун эмнесин сактайт?
— Коп акча же баалуу кагаздарды ташыганда сакчылар кайтарат экен го.
— Чын элеби? Кулкулуу, бирок суйкумдуу досунуз бар экен…
Жума куну тушко маал гаражга Тилекти калтырып, » Дордой Плазага» бардым. Чонтогумдо Сыргабек берген мин сом, андан тышкары дагы бир аз акча бар болчу. Бири- бирине улай жайгашкан дукондорду кыдырып, мендеги акча костюм тургай, галстука зорго жетээрине козум жеткен сон шылкыйып сыртка чыктым. Кууш кочого тушуп, заманам куурулуп келатсам, » Уйлонуу улпот салону» деп бадырая жазылган кенсенин витринасында аппак улпот койнокчон манекен кыздын жанында кычыраган курмочон манекен жигит турду. Аларды суктана карап турдум да, капталындагы жазууну окусам » улпот кийимдери сатылат жана ижарага берилет» деп турат. » Сатып алганга акчам жетпесе да ушуга жетээр» деп озумду чекеге муштап, адырандап ичкериге кирип бардым. Илберинки кыймылдаган орус кыз арыдан- бери менин тулку боюма кынаптала жарашкан кара костюмду таап чыкты. Анын акчасын толоп, эртен алып кетем деп суйлошуп, жолума туштум. Ушунун баары мага жагып атты дер ойлобогула, айда-жылда бир киного бармак болгондо Жанылды алдап, кечеге баратканыма кыжаалат болуп келаттым, антпеске да арга жок эле. Экообуз баш кошуп, бирге тутун булаткандан бери биринчи жолу аялым менен эмес, башка аял менен кечеге баратышым.
Ишемби куну кеч абдан жылуу болду. Жаныл кечки тамагын жасап коюп, жалгыз ырыстуу койногун утуктоп атат. Жарым жылдан бери эч жакка чыкпаганга, байкушум тим эле эселек кызча кудундап кубанып алган. Тыпыйган койногун кийип алып, аппак жузунон кызыл жугуруп, коздорун жайната караганда » мен кечеге барам киного озунор баргыла» деп айтканга оозум барбады.
— Оо, кандай татынакайсын! Ушу сулуу менин аялымбы?! — деп комплимент айтымыш болдум.
— Баары жайындабы, жаным? — деп Жаныл мени кучактап, мойнумдан опту. Мен даярмын. Сыргабек келсе эле мантыдан жеп алып, чыгалы ээ?
— Манты деген созду чын уктумбу же калп уктумбу? — деп эн жакшы костюмун кийип Сыргабек кирип келди.
Биз дасторконго отурганда саат дети болуп калган, ачка болсом да азыр Айжамал телефон чалаарын ойлогондо тамак кекиртегимден отпой жатты. Уялганымдан жерге кирип кете жаздап аран отурдум. Анымды Жаныл дароо байкады.
— Сага эмне болду?
Ошол убакта телефон чырылдай баштады. Аялым трубканы алмакка ойдо болду, » Озум алам» деп мен ордумдан ыргып тура калганда отургучум артка кулады. Сыргабек тан калганынан оозун ачып эле отуруп калды, Жаныл да чочуп кетти.
— Бактыяр, бул менмин. Сиз чалып кой дебединиз беле, — деген аялдын ичке уну угулганда буттарым чалыштап, башым айланды. Ооба бул кыздын уну эле мени ушундай абалга туш кылды.
— Макул. Сегизге барып калам.
— Баары жайындабы?
— Ооба кутунуз.
Мени элейе карап турган аялыма Айжамалдын уйундо боло турган кече жонундо, иш боюнча бир кишиге жолугаарымды азыр эле айтайын деп келип, Сыргабек мени жекире карап турганын коргондо унчукпай отуруп калдым. Эркек эмеспи менин кылмышымды билип койду окшойт.
Акыры » кардарым жолдон аварияга кабылып, машинеси бузулуптур, мен ошого барбасам болбойт» дегенде экоонун тен шаабайы сууй тушту. Жаныл болсо ошол авария болгон жерге мен да барам десе болобу. Мен уйдун кожоюну катары унумду бийик чыгарып:
— Жаныл, сен барганда эмне, мага машине ондошмок белен? Мага жолтоо болгондон башка пайдан жок, — дедим.
— Болуптур, анда Сыргабек экообуз киного бара берели.
Мен дасторконго бата тилеп, жолго камынганы ордумдан турганда Сыргабек менден козун албай шектене карап турган. Ал менин жанымды жеп калп айтканымды сопсонун эле билип турду.
Мен улпот салонуна келип, кычырай кийиндим да, чечкен кийимдеримди баштыкка салып, оруз кызга дайындап, Карпинка- Московскийге жоо келдим. Кызыл кирпичтен салынган беш кабат уйдун алдында кымбат балуу машинелер турат. Экинчи кабатка которулуп, соот эшиктин алдында буйдалып туруп калдым, анан озумду колго алып, звонокту бастым.
— О, келдинизби, Бактыяр…
Кара койнокчон Айжамал жадырай эшигин ачты. Ичкериден чыккан лампочканын жарыгы мойнундагы бермет шурусуна чагылышат. Кулагындагы узун иймеги да назик, турна мойнун ого бетер узун корсотуп, жалт- жулт этип турду. Аял деп ушуну айт! Аны каалап кумарым ашып — ташып баратты.
— Кара костюм сизге тим эле сонун жарашат тура! Бу жактагылардын ичи куйот года эми.
— А сиз, озунчо эле эстрада жылдызы болуп калыпсыз.
— Журунуз, ичкери кирели.
— А сиз айткан киши келдиби?
— Аскарбековбу? Ооба келген, Кече ортолоп, элдин баары бир топ кызып, жайдары болуп калганда экоонорду тааныштырам.
Айжамал мени жасалгалуу кунурт, тамекинин тутуну толгон болмого ээрчитип кирди.
— Таанышып алгыла… бул менин жаны досум Бактыяр Кабылов.
— Ондон-солго, деп ал баарын бирден атай баштады. — Бермет, Кайыргул, Наргиза. Кыздар, бул жигиттин журогуно чок салабыз деп ойлобогула. Бугун ал толук бойдон меники.
Мен, колтуктап алган Айжамалдын жетегине баш ийип, эркектерге бурулдум. Алардын учоо кара костюм шымчан, боз кемселчени беркилерге караганда бойлуу, кен далылуу, бука моюн курсуйгон неме экен. Кыраакы коздорун улуройто мени тиктеп калды. Отуз- отуз беш жаштарда болсо керек.
— Талант, таанышып ал, бул Бактыяр.
Аскарбеков дегени ушул тура. Ал мага адеп коргондо эле жаккан жок.
— Салам! Иштер кандай? — деп менин жаныма басып келип, колумду бекем кысты.
— Жакшы озунуз кандайсыз? Талант эриндерин бир жагына кыйшайтып, ырсайып койду.
— Эн сонун! А булар менин досторум: Жаныбек, Асхат Жана Юра…
— Талант, Бактыяр менен суйлошуп алсан. Анан мындай шарт болбой калат, — дегенде ал мага бурулду.
— Айжамал сен жонундо мага айткан. Гаражын ээн турбайбы ээ? Анда кулак сал, экообуз кандай иш кылаарыбызды тушундуруп берейин: тиги Юра Туштук Кореядан аппаратуралардын тетиктерин ташыйт, аны сенин гаражындагы складга тушуруп, ошо жерден чогултабыз. Сен четинен сорттоп, канча десек ошончону жонотуп турасын. Балдар Дордойдо сата беришет. Азырынча 150 даанадай бар, кийинчерээк дагы кобойот. Жалпы сумманын он пайызын алып турасын, бара-бара кобуроок толойбуз.
А он пайызы канча болушу мумкун? Ал козун жумду.
— Эми ар кандай болуп калат. Жумасына 5 Минден кем болбойт.
Талант жанымда отурду, мен болсо 5 мин сомду чонтогумо салып алгансып кудундайм.
— Эртен барып, гаражынды королу. Жакса чогуу иштешебиз. Азырынча убада кылбай турайын. Кана, баатыр, буга кандай дейсин?
Ачуусу чукул, огуздой кучтуу неме менен чогуу иштегенден кооптонуп турдум. Негизи эле озунон оолактаткан, мага жакпаган бир нерсеси бар эле. Бирок » кайран гана кекиртек далай жерге секиртет» дегендей беш мин сомду укканда баарына чыдамак болдум.
— Макул. Мен эмне кылышым керек?
— Аракет. Аракет кылсан эле тил табышабыз.
Калгандарга келсек карта ойноп отурушуптур. Мен дубалда илинип турган саатты карадым: он бир жарым болуптур. Жаныл уйго келгендир. Убакыттын отконун кара!
— Мен кетпесем болбойт.
— Койо тур, коноктор кетсин, бирдеме ичесинби?
— Бирок мен кала албайм.
— Айжамал, бу жигиттин гулуно бирдеме куйчу. Менин стаканым толтурулгандан кийин, Талант стаканын ойдо которо:
— Баштаган ишибиз ийгиликтуу болсун. Кел, дос, алып ийели, — деди. — Ушунун баарын Айжамал ойлоп тапты, ажарлуу гана эмес. акылдуу да айымдар учун алалы.
— Мен кетейин кеч болуп кетти.
— Койчу ай, тун эми башталып атса! Биз тунку клубга барабыз, журу биз менен.
— Кой, Таке анын аялы бар, озун уйлончу анан билесин кеч келгенде кандай хай-вай болоорун. Ошондо коробуз дардактаганынды.
— Коркпогула. Мен эле болсом катынга баш ийбей калайын.
— Жур, узатып койойун, — Айжамал экообуз кире беришке чыктык. Кетээрде Талант колумду карыштыра кармады эле соокторум карсылдап кетти.
— Болуптур, жакшы бар, эртен жолугушабыз, — деп далыга таптап койду.
— Сен Талантка жактын. Ал жаккан кишисинин гана колун кысат. Сен жонундо жакшы ойдо калды окшойт. Жакшы бар, Бактыяр, тунун бейпил болсун, — деди жер карап.
Эшик акырын жабылып калды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️