Кан коё бербейт 10 бөлүм 

КАН КОЁ БЕРБЕЙТ.10-БӨЛҮМ.

Шыпылдай басып кетип баратам, улам артымдан келаткан кадамдар угулбайбы деп тыншап койом. Дагы бир аз бассам жеткени калдым. Буйруса тиги далдайган немеден кутулдум окшойт. Мени таппай делдиреп ары чуркап бери чуркап кала бергендир деп кудундай чонтогумдон тамеки алып чыгып эми жандырайын дегенде артымдан талп-талп эткен дабыштарды кулагым чалды. Жарым жартылай кылчайып арткы бурчта бышылдап чуркап келип демин басып турган коз айнекчен жигитти байкадым. Баштагы басыгымдан жазбай кийинки косого тушуп, тамеки тутото кетип бараттым. Ал да менден калбай элуу кадамдай артта келатат. Машинени откоруп, жолду кесип оттум да, аялдаманын тушундагы дуконго кирдим. Жигит дароо токтоп, витриналарды карамыш болуп улам дукондун эшигин козунун кыйыгы менен карап койот. Анын баары мага дукондун ичинен даана корунду. Бир убакта витринадагы жарым жыланач манекенди унуло карап атканда шарт чыктым да, бутум бутума тийбей чуркап жонодум. Тогуз кабат уйдун бурчуна жетип, биринчи подьездге кире качтым. Экинчи кабатка чуркап чыктым да, терезеден шыкаалай баштадым. Эки мунотко жетпей тиги байкуш калдандап чуркап келип дал мен кирген подьездге кирсе болобу. Жон эле болду болбоду ушу уйго кирди деп боолгоп келди окшойт чамасы. Лифтке тушпой тепкич менен которулгонум ырас болгон тура. Болбосо лифттин курулдогун угуп накта билип калмак экен. Тепкич менен ойдо келаткан дабыштар угулганда мусор токкон трубага жашынып калдым. Чыгып келсе тумшукка бир коюп уктатайын деп турсам, жок, кадамдар жакындабай эле алыстап барып, угулбай калды. Кайра терезеден шыкааладым. Менин бактыма терезенин сыртында чырмалышкан чырмоок гул осот экен. Мени андыган жигит сыртка чыгып, кире бериште кежигесин кашый терин аарчып турганын коруп аттым. Ал канча каркаса да ылдый жактан мени кормок эмес. Калган уч подьездге да кирип бат эле кайра чыкты.
Бир аз буйдалып турду да, короодо кумдан уй жасап ойноп аткан балдардын жанына барды. Алардан сурап ончулуктуу жооп ала албады окшойт, баары эле баштарын чайкап атышты. Ошол бойдон дуконду коздой басып, корунбой калды. Мен дагы эле сыртка чыккандан чочулап турдум. Артынан анды деп атайын жонотушкон сон ушул теребелди айланчыктап бир топко журоору бышык. Же рациясы менен жардам чакыраар, анда эле эки же уч машине болуп келишет да, бул районду тинтип киришет.
Жыйырма муноттой туруп, анан эки жагыма элендей жашырынган жайымдан чыктым. Шектуу эч ким корунбойт. Балким кара коз айнек бир буйткага жашынып алып, мени акмалап тургандыр. Ылдамдай басып, мага керектуу кочого туштум.
Тааныш кара коз айнекти дароо байкадым! Ал менден жыйырма кадамдай алдыда кетип баратты. Артына кылчайса эле мени кормок. Мен ошол замат тушумдагы уйдун номурун карадым: номер 7 деп турат. Мага кийинки уй керек. Кыбырай басып артынан келатам. Коркконумдан тим эле калтырайм. Ошентип акыры мага керектуу подьездге да жеттим. Лып эле кирип кеттим. Кушулдой учунчу кабатына которулуп, адатымча терезеге унулдум. Кирип кеткеним ырас болгон тура, элуу метрдей арыга милициянын машинеси токтоду. Кара коз айнек эдирендей ага жетип барды.
Мен эшиктердин номурларын карап, бешинчи кабатка келдим. 32-батир дал тепкичтен чыга бериште экен. Каалгасына кулагымды тыншасам тымтырс. Ылдый жактан бироо которулуп келаткансыйт. Эшиктин кармагычын силкилдеттим, анан шашкалактай бурап жиберсем ачылып кетти. Ичкери кирип, былк этпей туруп калдым. Кире бериште эки чон чемодан турат, устуно плащ арта салынган. Уйдун кожоюну уйдо го. Каап, бир да куралым жогун карачы, эч болбоду дегенде бычагым болсо эмне.
Мен сырткы эшикти акырын жаап, бутумдун учу менен баса кийинкисине жакындадым. Кайрадан кулак тошодум: дагы эле баары жымжырт. Кармагычын бурай ары турттум эле кичине кынкая ачылды. Болмо кенен жана жарык экен. Тордо кызыл диван, эки кресло, алардын устулорундо жаздыктар корунду. Терезе тушта ботолколор салынган шкаф турат. Ууга чыккан илбирстен бетер аярлай кадам таштап, болмого баш бактым. Эч ким жок экенине козум жеткенде шырп алдырбай аркы болмонун каалгасына жеттим. Уктоочу болмо болсо керек, кулагымды такап, тыншадым да, акырын ачып, баш бактым. Далдайган чон керебетте Асхат уктап жатат. Кийимин да чечпептир. Бети каралжын тартып, коздору жумулуу. Дем алган албаганы билинбейт. Жанында тапанчасы жатат, колун сунса эле жетчудой..
Мен дабыш чыгарбай басып, дивандын тубуно жетип калганда Асхат козун ача коюп, тапанчага жуткунду бирок мен андан озуп ала калдым. Ал кармагычынан кармаганда мен дурмотуно чап жабыштым. Тапанчаны жулуп ала коюп, артка кетенчиктедим.
— Салам, Асхатбай. Мени сагындынбы?
Ал мени жеп жиберчудой акырая карады. Ал жаткан жердеги жаздык бозала чан болуп калыптыр. Жакшылап карасам кийим-кечеси суу, кара терге тушуп алган.
— Бактыяр, — деди ал каргылдана, — сен белен, жанагы жан алгыч менттер келип калган экен деп коркуп кетсемчи.
— Азырынча мен элемин, бирок жакында алар да келет. Туро кыдырып шимшилеп журушот.
— Келгенин жакшы болду. Бироо жарым келсе экен деп кудайдан тилеп жаттым эле. Суу берчи. Каным катып, олойун деп жатам.
— Сага эмне болгон? — деп сурадым креслого отуруп жатып.
— Омурткам сынган окшойт. Локуйгон шумшук бир койгондо онкомон сайылдым.
— Болду Эми, ызырынба. Сен айткан локуйгон шумшукту Талант чекеге атып салыптыр.
Асхат жан кейиткен ооруга чыдабай кунгуроно онтоп алды.
— Анын олуу-тируусун урганым жок. А сен эмне кылып журосун бул жерде?
— Мени милиция издеп атат. Алар мени карактоого катышкан деп шек санашууда. Шериктерин 300000 долларды чонтокко салып алып, компоюп жатышат, а мен милициядан качып журом. Кармаса эле турмого тыгышаары турган иш.
— Анте алышпайт, — деп шыбырады Асхат. — Мени да камаганга акылары жок, анткени тиги жигитти мен олтургон эмесмин.
— Шериктерин сени сызга отургузуп кетишкен го, ыя, Асхат?
— Мени жайыма койчу. Андан коро ичкенге бирдеме алып келчи, догдур чакырчы. Эмне элейесин? Ооба, догдур чакыр. Мен бу жерде жата берип олуп калмай болдум. — Анын уну аран чыкты. — Эки бутумдун бары-жогу билинбейт, эч нерсе сезбей жатам.
— А Сыргабек силердин айынардан эми таптакыр эчтеке сезбей турган болду.
— Эмне деп атасын? Мага суу берчи, бай болгур. Ашканага барып, бир стаканга суу алып келсен бир жерин кемип калабы?
— Керекпи озун барып ич, эмне кыймылдай албай калдынбы?
Асхат жооп ордуна аянычтуу онтоду:
— А мен сага жанатан бери эмне деп какшап атам? Кыр аркама доо кетсе керек, эки бутум жансыз! Кекейбей догдур чакырчы, суранам, адамсынбы же эмнесин?
— Досторун догдур чакырганга да жараган жокпу?
— Жаныбек чакырам деп аткан. Таппай койгон го… ошентсе да… догдур чакырып койчу…
— Таппай калып эле эмне болуптур, Бишкекте догдурлар кырылып калыптырбы? Жомок айтасын да!
— Эмне дегени турасын?
— Алар сени олсо олуп калсын деп таштап кетишкен тура.
— Жок, андай эмес. Жок! — деп бышактады Ал. — Антишмек эмес, алар сендей ташбоор эмес. Балким менттерге кабылып, качып кетишке аргасыз болушкандыр. Эми сен барсын го. Тез жардам чакырчы. Тигине телефон.
— Турмого тушуп калаарына да кайылсынбы?
— Былжырабачы. Фургон тоногон деп чекеме жазып коюптурбу? Талдан же чатырдан куладым деп койом. Эне-енди, чаласынбы же жокпу?!
— Талант кайда?
Асхат эриндерин аран кыбыратты:
— Аны итим билеби. Суранам сенден, мындан ары Бактыяр байке деп журойун догдур чакырчы? Мен чонтогумдон тамеки алып чыгып, куйгуздум, тиги болсо ыйлактап атат:
— Ай кудай ай! Кыйналып атканымды корбой турасынбы? Ооз чайкап алганга бирдеме берчи! Тиги барда жарым ботолко арак бар эле, ошону ичсем эле онолгону турам. Алып келип берчи!
— Талант кайда?
Асхаттын коздору капканга тушкон жырткычтыкынан бетер жылтырайт.
— Бактыяр, азыр догдур чакырбасан коргулукту корсотом сага. Айжамал экоондун апакай денелеринер тартылган сурот менде да бар… ошону аялына…
Энкейип Асхатты тумшукка бир соктум. Башы жаздыкка шалак эте кулап тушту. Ал бакырып ийди да, коздору антарыла эси ооп жатып калды. Билегин кармасам кан тамыры алсыз согуп атат. Чын эле абалы оор окшойт. Таланттын кайда экенин билип алганча узулуп кетпесе экен. Билбесе канттим.
Барга келип, стаканга арактан куйдум да, терезеден ылдый жакты карадым. Милициянын машинеси кетип калыптыр, кочодо эч ким корунбойт.
Кайта уктоочу болмого кирип, Асхаттын жагын карыштыра кармай аракты оозуна куюп жибердим. Ал дароо жандана тушуп, тунарган коздорун ачты.
— Ич! Ич, какшанып аттын эле, жут!
Ал баарын аптыга жутуп, коздорун жуумп жатып калды. Узул-кесил оор дем алат. Ага азырынча тийбей койо турайын дедим да, тордогу шифонерге бардым. Ичинде илинип турган курмолордун арасынан агыш шым костюм тандап алдым. Курмосу бир аз чонураак келет экен, бирок эч нерсе эмес. Анча-мынча чон болсо эмне болмок эле. Анан ак койноктун устунон буларды кийдим да, кузгуго карандым. Эми коркпой эле койсом болот, бир коргон киши дароо тааныбайт. Кычырай кийинип, кенседе иштеген кызматкерге окшоп калдым. Алапаев озу алдымдан чыкса да эми таанып корсун. Тартмаларды тинтип атып, кара коз айнек таап алдым. Аны да тагынып, чий калпакты тобомо кондуруп, озумду суктана карадым. Адамдын корку чупурок деген ушу да, кычырап кийинип алсам эле, карала май болуп машине ондоп иштейт деп мени ким айтат.
— Талант кайда? — деп суроомду кайталадым. Асхат коздорун жумган бойдон:
— Аман калам десен айт, болбосо догдур эмес бок да жок сага.
— Билбесем эмнени айтам.
— Кантип эле билбей каласын? Кай жерден жолугабыз деп макулдаштынар эле?
Асхаттын коздору жандана тушту:
— Ушу жерден.
— Жанынды жебе. Биерге Талант олуп баратса да келмек эмес. Жакадан тырыштыра кармадым: — Анын кайда экенин баары бир айтасын. Же азыр керебеттен конторуп жиберем.
— Жок, жок! Анте корбо суранам! — деп жалдырап жиберди.
— Талант кайда деп атам?
Асхат менин жениме ач кенедей жабышты, тырмактарын териме матыра ченгээлимден бошонууга далбастады. Бир аз кыйшайта бир капталына оодарымыш эттим… Коздору чанагынан чыгып кетчудой чакчайып, союп аткан чочкочо чынырды.
— Токто-от!. . Жан соога… мен баарын айтам… деп бакырганда колумду бошоттум:
— Кана, Талант кайда жашынып жатат?
— Токмок жакта бир сарайда.
— Токмокко жетпей онго бурулгандабы?
— Ооба.
— Айт, андан аркысын да айт, Асхат! Кордун го, алар сени эмне болсо Ошо болсун деп таштап кетишти. Оздору болсо чет олкого качып кетишет. Кайрылып келет экен деп ойлобо. Эми аларга керегин жок. Арабасы суудан откондон кийин артык баш болуп калдын да. Кайда кетебиз деп жатышты эле?
Асхат андан ары каршылык корсотпой калды:
— Карангы кирээри менен вертолет келет. Сарайдын артында ээн талаа бар. Алар Парижге учуп кетебиз деп атышкан.
— Айжамал экообуздун суротторубуз кайда?
— Догдур чакыр… — деп Асхат аран эле онтой шыбырады. Мен аны кайра жакадан алып силкилдете:
— Кайда деп атам? — деп бакырдым.
— Тийбе мага, шумшук! Тиги болмодо, столдун тартмасында. Кандай жан кечтисин, тез жардам чакыр деп атам!
— Жинди болбочу, мени милиция издеп атканын унутуп калдынбы? Тез жардам чакырып келесоо белем. Куто тур, кетип баратып чалып койом.
Ал айткан столдун тартмаларын конторуп атып, суротторду, пленкасы менен таап алдым. Карагым да келбей тутамдап алып барып, ашканадан темир табакка салып орт коюп жибердим. Алар бырышып-тырышып орттонгон сайын бир абдан кир, ыплас нерседен арылгансып, женилдеп бараттым. Ушу алоолонгон орт баарын жууп кетсинчи, жан дуйном тазарып, экинчи мындай арам ишке барбай журойунчу. Канчалаган адамдар бир жолу жаза басып, омур бою жууса кеткис уятка калышкан. Болгону ушу болду бекен, калса дагы келээрмин. Аялыма баарын ачык айтканым менен бул кир суротторду колуна кармашын же корушун каалабайм. Жерде чачылып жаткан майда-бараттын арасынан эки жуз сомго жакын тыйын-тыпыр таптым. Аны да ойлонбостон чонтогумо шыкадым. Андан тышкары биркасында гараж 64 деген жазуусу бар ачкыч менен машиненин ачкычын таптым. Ашкананын терезесинен катар-катар тизилген гараждар корунду. Уктоочу болмого келип, шылкыйып жаткан Асхаттан:
— Машинен гараждабы? — деп сурадым.
— Мени калтырбайсын да ээ? — Асхат энтиге сурады. — Мага жардам бересинби?
— Машинан гараждабы дейм?
— Ооба. Кетип баратып созсуз догдур чакырасын ээ? Мени таштап кетпе, суранам!
Каамарабай машинени жай айдап Толстой кочосу менен бараттым. Кочонун этегинде милициянын ак машинеси туруптур. Баягы менин артымдан акмалаган кара коз айнекчен жигит ошол жерде турат. Милиционерди шынаарлап, бирдеме деп бежиреп атат. Менин машинем алардын тушунан отуп баратканда экоо тен акыйып карап калышты. Чий калпакты козумо тушуро кийип алгам, шек алдырбай рулду бурап баратам.
Айткандай эле жол боюнда чакан кафе бар экен. Токтоорум менен сары жоолук салынган улгайган аял чыкты сыртка:
— Кел, айланайын, колго баратасынбы? Тамак ичип Ал.
— Амансызбы, Эже? Ушу жерге машинемди кое турсам болобу? Мобу жакка бир аз сейилдеп келейин дедим эле. Ал жылмая мени карап:
— Ал жактын эмнесине сейилдейсин? Же токою, же бак-шагы болбосо. Бут эле эгин талаа, дунгандар коон-дарбыз айдашат.
— Бишкектен чыкпаган мен байкушка талаа деле боло берет, Эже, — мен кууш жолду жансай. — Бу жол кайда барат? — деп сурадым.
— Бир ээн сарай бар, мурда ошого трактор-практор отуп калчу, азыр арабадан башка эчтеке каттабайт.
— Рахмат, — мен чонтогумдон жыйырма сом алып чыктым. — Машинеге коз сала турунуз, ээ? — деп аялга сундум.
— Коз салбай анан. Сейилин буткондо кирип тамак ич, суу-пуу албайт Белен?
Мен жок дегендей башымды чайкадым да, жолго туштум. Бурулуштан бир топ узап кеткенде койнумдагы тапанчаны алып, текшерип кордум. Он алты заряддуу, 33-калибрдеги тапанча экен. Предохранителин алып, шымымдын куруна кыстардым. Жарым сааттай жоо баскан сон эски узатасынан салынган сарайга келдим, жанында жепирейген уй турат. Уй сокмо дубал менен курчата королонуптур. Ага тырмышып чыгып, короого коз салдым. Уч же торт болмолуу болсо керек, сол жагындагы бак да коптон бери каралбай чоп-чар басып турат. Жашынганга ынгайлуу жер экен.
Дубалдан ашып тулуп, уйго жылып жонодум. Шырп эткен дабыш чыкса токтой калып, айланама коз жугуртом. Акыры жарым-жартылай сыры кеткен кок эшиги да корунду. Согушка барганымдын пайдасы дагы тийип, жормологон бойдон тапчанга жеттим. Анын астына сойлоп кирип, полго урулган тактайлардын жылчыктарынан шыкааламак болдум.
Ошо жерде чалкаман тушо жарым саатка жакын жаттым, кыбыр эткен жан корунбойт. Асхат имени алдап койгон тура деген ой кетти. Балким Талант пландарын кескин озгортуп, башка жакка кетип калгандыр. Сарайдын артында чын эле вертолёт кого турган ээн талаа бар экен. А балким ал учуп келип, Таланттар эбак ошону менен кетип калышкандыр? Жок, кундуз андай болушу мумкун эмес. Милиция издеп атканын билип туруп, чакалайын чак тушундо килтейген вертолёт чакырып жинди болушуптурбу. Уйго жакыныраак барып, терезелеринен андысам болмок экен. Мен жаны тапчандын астынан чыгайын деп камынып калганда эшик кы-ыйч этип ачыла Жаныбек чыкты.
Журогум туйлап-туйлап кетти. Жаныбек курон спорттук курмо кийип алыптыр. Он ийининде автоматы саландайт.Ал ынгырана басып барып, дарбазаны ачып, сыртка баш бакты. Анан кол саатын карап, кежигеси кашый кайра жол жакка унулду. Кимдир бироону кутуп аткандай. Кимди кутуп атты экен? Анан кайра уйго келатканда Юра чыгып калды. Анын да жайкы койногунун колтугунда мултуюп тапанчасы байкалат.
— Корунбойбу? — деп сурады, кунго уялган козун жулжуйто.
— Жок. Алардын тияктан эмне болгонун ит билеби, — Жаныбек бушайман боло чыйт тукурду. Теребел жымжырт болгондуктан, алардын ар бир созу мага даана угулуп турду.
— Кармалып калышты дейсинби? — Юра урпойо суроолу карады.
— Мен кайдан билейин? — Жаныбек аны кагып койду. — Бир саат мурун эле келишмек, кыйынсынып атышып кайда журушот десен?
— Тамак иче бербейлиби, муздап калмай болду, — деп экоо уйго кирип кетишти.Мен тапчандын астынан сойлоп чыгып, ордумдан турдум. Демек уйдо бул эки эргулдан башка киши жок, Талант менен Асхатты кутуп атышкан экен. Тизеден бурала оскон чоптун арасы менен жормолоп тамдын тубуно жеттим. Арт жагында бир терезе ачык экен. Эшик тараптан байкалбай отуп, ошол терезеге жетишим керек. Энкейип отуп баратып, тамак жеп отурган Жаныбек менен Юраны кордум. Болмонун ичинде эчтеке жок, пол боппоз чан, дубалдарда желе саландайт. Тамактан ашыга сугунган немелер мени байкабай калганына ичимден кудундай тамдын артына отуп, ачык терезеден ашып ичкери кирдим. Ээн болмонун каалгасын кыйчылдап кетпесе экен деп акырын ачтым. Ортодо узун коридор бар экен. Каалганын артында тиги экоонун ундору чала-була угулганы менен эмне деп суйлошуп атканы белгисиз. Чатырга кетчу тепкичти байкап калып, ошол жакка чыгып алганым он го деген ойдо бутумдун учу менен которулуп бараттым. Ортосуна жеткенде бир тепкичи кырч эте тушту эле заара кылып аткан иттен бетер бир бутумду которуп катып калдым. Эки тепкичти бир аттай шыпка жетип калганда томон жактан эшик шарт ачылды.
— Бирдеме уктунбу? — деп Юранын калтыраган уну угулду. — Уйдо дагы бироо жургондой сезилип атат мага…
— Калчылдаба эми, штанына сийип аласын. Бок журок десе. Килейген келемиштер жойлоп журот Эмеле бироону коргом.
— Ооба сага, озун келемишсин!
— Жаагынды бас! Ишенбесен карап келбейсинби.
— Улам эле Асхатты ойлоп кетем.
— Эмне ошонун арбагы келди дейсинби? Ойду-тоону келжиребей жон отурчу.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️