Пример HTML-страницы

«КАЛЕМГЕР»

https://kyrgyzcha.site/?p=58236&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КАЛЕМГЕР»

Бир бүктөм ак кагазын делбирете жүгүргөн Бегалы, атасына жетип, колундагыны кармата калды:

-Ата, муну бир байке таштап кетти.

-Ал эмне экен?

Бегалынын колундагыны алып, ичин ачып карады да, жылмайып койду. “Бектур байке, жеңе! Үйлөнүү тоюма күбө болуп кетиңиздер! …”

-Үйгө алып барып, апаңа берип кой. Бул чакыруу кагазы турбайбы. Бизди Турсун байкең тоюна чакырып жатыптыр.

-Турсун байкем?! Аял алат бекен? Ур-раа!! !

Атасынын жообун күтпөй: “Апаа!”-деп куландай так секирип, үйгө жүгүрдү. Баласын аркасынан тигиле караган Бектур, Турсун менен кандайча таанышып, кандайча катышып калганын эстеп, оор күрсүнүп койду. Бирок, негедир,күрсүнүүнүн артынан, жүзундө билинбеген жылмаюу пайда болду.

Коюуланган капкараңгы түндө, желе-жортуп, бир караан, ээн көчөдө бара жатты. Жүрөгү бир башкача түпөйүл тартып, алда-немени сезгендей тегерегин жал-жал карап коёт. Жүргүнчү ташуучу автобустар эчак токтогон. Көздөгөн жерине жетүү үчүн такси кармоого чамасы жетпейт. “Шаар ичи болсо да, ушул көчөгө жарык жетпей койду…”- деп ичинен ойлоно, кимгедир ачууланып алды.

Бектур кичинекей көчөгө бурула берип: “Өх!”-деди үшкүрө: “Буюрса, үйгө да жакындап калдым…” Алдынан, аны көздөй утурлай баскан бир караан көрүндү. “Мендей болуп кеч калган бирөө го?”-деди ойлоно. Жанынан өтө береээрде: “Братан, тамекиң барбы?!”- деген бейтааныштын суроосуна,негедир, селт эте чоочуп кетти. “Неге эле, бүгүн башкача болуп турам?! Караңгыда көчөдө биринчи жолу калгансып… ” Коркуп турганын жашыра: “Жок эле…”-деди да, жолун улантты.

-Э-эй, братан, коё тур… Кайда шашасың?! Тамекиң жок болсо, башка нерсең бардыр?!

Бейтааныш жолун торой, омуроолоду.

-Башка эмне болуш керек эле? Тур нары, жолду тоспой!

Бектур тийишип турган жигитти көкүрөккө түртүп жиберди.

Э-эй, братан, өзүңдү герой сезип турасыңбы?! Биздин колго түшкөн киши жөн кутулбайт… Жол тосконго — беле-ек… дегенди билесиңби?!

Бейтааныштын: “Биздин…”- дегени Бектурга катуу угулду. “Дагы канчоосу бар болду экен?”- деп ойлоно,айланасына тигиле карап, алардан бир аз обочороок турган эки караанды көрдү.

-Эй, дос! Эмне, тийишип жатабы?

Кимисинен сурап турганы белгисиз, караандын бирөөсү кыйкырып койду. Бектур алы бирөөгө оңой жеткени менен, күчкө толуп, урунаарга тоо таппай турган үч эргезерге жем болуп калаарын түшүнүп, кандай да болбосун качып кетиштин айласын издеп, кайсалай түштү.

-Кечир, иничек! Менде эч нерсе жок эле! Болсо эле сенден жашырамбы?! Дагы бир жолукканда берээрмин! — Бектур коркуп турганын жашыра, бейтаанышты жооткото сүйлөдү. “Мындан бир аз жыл илгери болгондо, үчөөнү үч жерге томолото чаап басып кетпейт белем!..” Бир кезде чыгыш спортунун түрү менен машыгып жүргөнүн эстей улуттунуп алды. Көп жылдан бери үй-бүлө багуунун айласы менен базар деп жүрүп, өзүн кароого убакыт таппай калган. “Бөрү карыса бир койчолук алы бар… Буларга жөн жерден жеңилип бербестирмин…”

Бейтааныш Бектурдун жүзүнө уңүлө тигилди да, алаканы менен бетине шылдыңдай чапкылады:

-Эмне дейсиң?!“Иничек”- дедиң көрүнөт?.. Же, эмне, каңырыш угуп алдымбы?!

Өзүнүн айтканына өзү корстон боло каткыра күлдү. Бектурдун каяша айтпай турганына жини келе түштү. Какшыктуу, шылдың көз карашы бир заматта өзгөрүп, Бектурду ийни менен жөөлөп, мойнун ары-бери кыйшаңдатып, карсылдатып алды да:

-Бери карасаң, эй! “Братан,”- деп койсом, өзүңдү браттай сезип кеттиң окшойт,ээ?! . Бизге жолуккан киши, экинчи бизди көргүз болот! А, сен! Дагы жолуккуң келип турабы?! Кана, андан көрө табылгаңды ортого чыгар! Бизди ыраазы кылсаң, Кудайды сыйлаганың! –деди кекерлүү.

Нарыда экөөнүн сөздөрүнө кулак салып тургандар, жандарына басып келишти.

-Эмне, чөнтөктөрү “жыртык” бекен?! Же, жакшылыкча бергиси келбей турабы? – деди бирөөсү.

-Билбейм… Унчукпайт го… Силерди көргөндө тилин жутуп алды көрүнөт.

-Ошондой окшойт… Э-эй байкебай! Шымыңды булгап алган жоксуңбу?!

Бири- бирин коштоп, каткыра күлүштү. Бектурдун өңү бузула түштү. Жүрөгүн бийлеп турган коркунуч бир заматта кайдадыр жок боло, муштумдары өзүнөн өзү түйүлүп, жанындагысын көмөлөтө чапты да, экинчисине бут шилтеди. Көз ачып-жумганча, мындай болуп кетээрин байкабай тургандар, сөгүнө-сагына орундарынан турушуп, Бектурду курчап калышты.

-Э-эй! Энеңди! Бизден ушинтип кутулам деп турасыңбы?! “Жакшылыкча” иш бүтөт дедик эле?! Эми болбой калды го!..

Бири чөнтөгүнөн бычак алды да, “шык” эттире жалаңдаган мизин чыгарып, Бектурду көздөй шилтеди.

-Балдар! Болдугула! Анчалык катуу кетпейли! …

Балдардын бири башкаларын жооткото сүйлөп, Бектур менен алардын ортосуна түшө калды.

-Э-эй, айбан! Сенин ак жүрөктүүлүгүң калбай койду го! Эмне?! Бул селпаякка болушкуң келип турабы?!

Жемин көргөн жырткычтай көздөрү жанып, бүт денеси дирт-дирт эте, булчуң эттери түйүлүп чыкты.

Бир заматта айлананын тынчтыгын бузган кыйкырык-сүрөөн менен бирге, адамдын ачуу кыйкырыгын коштоп онтогон үн жаңырды.

ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ

Турсун кыйналып жатып көзүн араң ачты. Канчалык аракет кылбасын, тегерегин кароого шайманы келбей, тумандын арасында жапжалгыз жаткандай сезим бийлеп, денеси бир башкача оорлошуп турду. Таңдайы катып, эзели суу ичпегендей эрини кургаган. Башы өзүнүкү эместей тумандап, акырын гана: “Суу…”-деди оозун кыбыратып. Жанындагы кимдир-бирөөлөрдүн кобур үндөрү кулагына угулуп-угулбай, кайдадыр туңгуюкту көздөй учуп жөнөдү. Күлө карап кол булгалаган чоң апасынын элеси бир көрүнүп бир көрүнбөй, алыстап бара жатты. Жылаңайлак аркасынан кууп жетип: “Мен да барам!”-деп кыйкырды. “Жок! Сага али эрте! Жашсың! Убактың келгенде барасың!Сен кетсең чындык билинбей калат. Чындык! Чындык!…”- деп кесе сүйлөгөн чоң апасынын карааны караңгылыкка сиңип кеткендей тунарыктап, үнү тээ алыстан жаңырып, көрүнбөй калды..

-Турсун! Турсунтайым! Аччы көзүңдү!

Апасынын үнү… “Кайдан угулуп жатат?..”

-Эже кыйнабаңыз! Буюрса, ден соолугу ордуна келе баштады. Бүгүн болбосо, эртеңдерден эсине келиши мүмкүн.

-Жок, жок! Азыр эле көзүн ачып, оозун кыбыратып, бирдеме дегендей болду эле го… Кайрадан уктап калабы?!

Жанындагылардын сүйлөгөн сөздөрү даана угулуп, ыйлап отурган апасы экенин сезип турганы менен, жооп берүүгө дарманы жетпеди. Жадакалса көзүн ачууга да алы келген жок. “Апаке, ыйлабаңызчы! Мен ойгоном!”- деген сөздөрү ичинде кала берди да, “Мени неге ойгото албай кыйналып жатышат? Мага эмне болгон?.. Мен кайдамын?”- деген суроолорго жооп издеп, кыйналып чыкты.

ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ

Шырт эткен ар бир үнгө кулак төшөп, “дагы эмне болуп кетээр экен?”- деп жүрөгү ооруган Бектур убактылуу кармалуучу жайда… Тагдырына ушундай сыноолорду жазып койгонуна нааразы боло, дагы да болсо эртеңки күндөн үмүт үзбөй, үңүрөйүп, араң гана жарык тийген терезени ойлуу карайт. Ойдо жок жерден мындай иштердин болуп кетээрин кайдан билди. Колунан келсе, ошол каргашалуу түндү артка кайрып, баардыгын башкача кылмак эмес беле. Аттиң десең! Андай иш кимдин колунан келет дейсиң?.. Баарынан да, күнөөсүз бул жерде камалып жатканы кыйын болду.

. “Дагы бактың бар экен. Бычак жеген бала тирүү калыптыр. Өлүп калганында, таалайыма жазганы ушул экен деп кете бермексиң. Бир жаман жери — ал жигиттин “уйкудан” ойгонбой жатканы. Буйруса эсине да келээр… Ошондо билинет сенин айткандарыңдын чын-төгүнү. Ал да сенин күнөөлүү экениңе көрсөтмө берсе эле, болду… Көзүңдү жалдыраткан боюнча, эркиндик менен кош айтышып кете бересиң!” Адвокаттын ар бир сөзү кулагына жаңырып жатты. Мунун күнөөсүз экенине бир да илинчек таппай койду жактоочу . “Кыйын деле адвокат эмес көрүнөт…” Ичинен адвокатка баа берип койду. “Күнөөсүз болсом да, айтып-какшап турсам да, актай албайм деп жатканын карабайсыңбы? .. Дагы жардам берем деп койгонун кантейин! Эмне кылып жардам берет? Күнөөлүүлөрдүн баары эркиндикте. .. Мага каршы сүйлөп… Ак жерден мени күнөөлүү кылып коюшпадыбы! Менин сөзүм эч нерсеге татыбайт экен да! Баарынан да, комдо жаткан жигит эсине келсе, досторунун сөзүнөн чыга албай,мени күнөөлүү деп койсо канттим? Оо, Кудай! Баарынан да, ошол балага нысап бере көр! А мүмкүн чындыкты айттырбай, тиги дос сөрөйлөрү коркутуп коюшсачы?! ” Түрмөктөлгөн ойлор көкүрөгүн эзип, бирде акталып чыгышынан үмүтүн үзүп, бирде Жаратканга жалынып, ойлонгондон башка эч айла таба албай мээси чыналып чыкты.

. “Өөх!!! Кудайым ай… Жардамыңды аябасаңчы?! Апам ыйлай берип, көз жашы да кургап калгандыр? Балдарымчы? ! Нанды эптеп таап берип жүргөн кезимде, аларым менсиз кантишти экен? Көздөрүн жалдыратышып, жол карап, мени качан келип калаар экен деп, сагынып отурушкандыр? !”

ХХХХХХХХХХХХХ ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ

-Турсун ойгонуптур! Эртерээк барып, ага жөн-жайды “жакшылап” түшундүрүп койбосок болбочудай. .. Же, башкача жолун ойлонолубу?

-“Башкача жол?!” Аның кандай?

-Ээй, түшүнбөгөндөй болбочу! Андан кутулсак жакшы болмок да бизге… Анын текеберленип, туурасын айтып туруп алса, биздин эле шорубуз кайнайт.

-Биздин эмес… Сенин! Сенин кылган ишиңе мени аралаштырбачы эй, макулбу?!

-Эмне деп турасың?! Сен эми бөлүнө калдыңбы?! Чогуу-чаран журдүк беле! Эми да чогуу-чаран көрөбуз көрчүнү!

Турсундун эсине келиши кимдир бирөөлөр үчүн чоң сокку болуп турду.

Турсун ооруканада дубал тиктеп, иликтөө кызматкерлеринин суроолоруна берген жообун талдап жатты. “Каргашалуу түнү, эки таанышым менен түнкү жоортуулга чыкканым ырас. Түз жолдо эч кимге зыяны жок келе жаткан бир кишиге акча өндүрүп алуунун амалы менен тийиштик кылганыбызды да тана албайм. Бирок, ал адамдын колунда бычагы жок болчу. Мага өзүмдүн эле таанышым Төлөндүн колундагы бычак тийгенин билем. Ал деле атайын мени сайып жиберем деп ойлобосо керек.” Төлөндун бычакты атайын шилтегенин эмнеге жашырып койгонун өзү деле түшүнгон жок. “Чоң апамдын тушүмдөгү: “Мени менен кетсең, чындык билинбей калат,”-дегени — күнөөсүз адам сот жообуна тартылып калат дегени го? Мени кандай тагдыр күтүп турат, ким билет? Бирок да, калп айтып, бирөөнүн убалына калгым келбейт. Аны күтүп жол карап отурган ата-энеси бардыр? Балдары, үй-бүлөөсү бардыр? Алардын каргышына калгычакты күнөөмдү жууп, канча жыл беришсе да, “отуруп” келгеним туура болоор?!” Кандай болсо да, тагдырына не жазса, көтөрүүгө моюн сунуп турду. Кроваттан акырын турду да, апасы алып келип койгон нанды, каймак аралаштыра сугунду. “Кайдагы бирөөлоргө кошула калып, тагдырымды талкалап алдымбы? Ата-энемдин айткандарын укпай коюп, ушундай балээлерди башыма үйгөнгө өзүм себепкер болуп отурам. Чала болот… Ойлонушум кере болчу. Мага эмне жетпейт?.. Ичээрге тамагым, кийээрге кийимим даяр.

. Окуудан качып, жалкоолукка берилип…” Өзүн өзү күнөөлөп оор үшкүрүп алды. Кайрадан кроваттына жатайын деп кыйшая бергенде эшик ачылып, сырттан бир адам кирип келди.

-Турсун! Кандай болуп калдың?

Ким экенин тааныбай, бүшүркөй карады. “Кайдан көрдүм эле? Бул ким болуп кетти?

-Жакшы…

Ооз учунан күңк этти.

-Мени тааныбай турсаң керек… Мен — баягы сен арачалап калган жигитмин. Сен болбосоң, ким билет мен азыр кандай акыбалда болмокмун…

Кирип келген жигит Турсунга жылмайып, кол сунду. Турсун ордунан тура калды. Өң алеттен кете түштү. Жигиттин сунган колун кармоого даабай турду.

-Сиз…

Чекеси чыпылдап тер болуп чыкты. Көздөрүн алакачып жер тиктеди:

-Мени кечирип коюңуз… Мындай болуп кетет деп ойлобоптурмун. Тиги… Жанымдагынын бычагы бар экенин билбептирмин. ..

-Сени кантип кечирбей коём? “Чындыкты айтпай коёбу,”-деп корктум эле. Жигитчилик кылдың. Рахмат! Мындан нары инимдей бол! Үйүмдүн эшиги сен үчүн дайыма ачык. Айтор… Бардык жамандык артта калсын! Келе колуңду!

Бектур Турсундун колун бекем кысып, жылмая карап турду…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE